Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оторго үлгү көрсөткөн койчулар

Оторго үлгү көрсөткөн койчулар

Оторго үлгү көрсөткөн койчулар

«Кудайдын силерге тапшырган үйүрүн [«оторун», СК]... чын көңүлдөн... ынталуулук менен... үлгү болуу менен кайтаргыла» (1 Петир 5:2, 3).

1, 2. а) Ыйса Петирге кантип ишеним көрсөткөн жана эмне үчүн бул куру бекер болгон эмес? б) Жахаба дайындалган койчуларга кандай мамиле кылат?

БИЗДИН замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамына аз калганда Петир жана дагы башка алты шакирт эртең менен Галилея деңизинин жээгинен Ыйсаны жолуктуруп, ал даярдаган тамакты жеп отурушат. Петир Ыйсаны тирилгенден бери биринчи жолу көрүп жатпаса да, албетте, анын тирүү экенине абдан кубанычта. Ошол эле учурда Петирдин жүрөгүн бир нерсе өйүп жатышы мүмкүн. Себеп дегенде бир нече эле күн мурун ал эл алдында Ыйсаны тааныбай турганын айтып, андан баш тартып кетпеди беле (Лука 22:55—60; 24:34; Жакан 18:25—27; 21:1—14). Ыйса өкүнгөн Петирди ишениминин жетишсиздиги үчүн жемелегенби? Жок. Тескерисинче, Петирге ишеним көрсөтүп, аны койлорун азыктандырууга, кайтарууга дайындаган (Жакан 21:15—17). I кылымдагы жыйналыштын тарыхы тастыктап тургандай, Ыйсанын Петирге ишеним көрсөткөнү куру бекер болгон эмес. Башка элчилер жана Иерусалимдеги аксакалдар менен бирге Петир жыйналышты катуу сыноолордун, тез өсүштүн убагында кайтарган (Элчилер 1:15—26; 2:14; 15:6—9).

2 Бүгүнкү күндө Жахаба талаптарга жооп берген эркектерди Ыйса Машайак аркылуу рухий койчулар кылып дайындап, адамзат тарыхындагы эң оор убакта аларга Өзүнүн койлорун кайтартууда (Эфестиктерге 4:12, 13; 2 Тиметейге 3:1). Алар Жахабанын ишеничин актап жатышабы? Ооба. Муну бүткүл дүйнөлүк биртуугандыктын ынтымагы ырастап турат. Албетте, бул койчулар деле, Петирге окшоп, ката кетиришет, жаңылышат (Галатиялыктарга 2:11—14; Жакып 3:2). Ошентсе да Жахаба аларга «Уулунун каны менен сатып алган» койлорун ишенип тапшырган (Элчилер 20:28, «ЖД»). Кудай бул эркектерди абдан жакшы көрөт жана аларга «эки эсе урмат көрсөтүлүшүн» каалайт (1 Тиметейге 5:17).

3. Рухий койчулар ынталуулугун жана даярдуулугун кантип сакташат?

3 Рухий койчулар оторго үлгү көрсөтүү менен ынталуулугун жана даярдуулугун кантип сакташат? Петирге жана I кылымдагы башка койчуларга окшоп, алар Кудайдын ыйык рухуна таянышат. Ыйык рух аларга өз жоопкерчиликтерин аткарууга күч берет (2 Корунттуктарга 4:7). Ошондой эле аларга рухтун жемишин: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү сапаттарын өрчүтүүгө көмөк кылат (Галатиялыктарга 5:22, 23). Келгиле, Кудайдын оторун кайтарууда койчулар рухтун жемишин чагылдыруу менен кантип башкаларга үлгү көрсөтө аларынын айрым жолдорун карап көрөлү.

Оторду жана анын ар бир мүчөсүн сүйүшөт

4, 5. а) Жахаба менен Ыйса оторго кантип сүйүү көрсөтүшөт? б) Рухий койчулар оторго кандай жолдор менен сүйүү көрсөтүшөт?

4 Кудайдын рухунун жемиши болгон сапаттардын эң негизгиси — бул сүйүү. Жахаба бүт оторго рухий тамакты мол берүү менен сүйүүсүн көрсөтөт (Ышайа 65:13, 14; Матай 24:45—47). Бирок ал оторду азыктандыруу менен эле чектелбейт. Кудай койлордун ар бирине ынактык менен кам көрөт (1 Петир 5:6, 7). Ыйса да оторду сүйөт. Ал койлору үчүн өз жанын берген жана алардын ар бирин «атынан» билет (Жакан 10:3, 14—16).

5 Рухий койчулар Жахаба менен Ыйсаны туурашат. Алар жыйналышты окутуп-үйрөтүп, Кудайдын бүтүндөй оторуна сүйүү көрсөтүшөт. Аксакалдардын Ыйык Китепке негизделген баяндамалары оторду азыктандырат, коргойт жана алардын бул жагынан көрсөткөн тырышчаактыгы баарына айкын көрүнүп турат (1 Тиметейге 4:13, 16). Жыйналыш жолугушуулары жана башка иш-чаралар «өз орду, өз тартиби менен» өткөрүлүшү үчүн, рухий койчулар жыйналышка тиешелүү ишкагаздарды, кат-кабарларды иштетүүгө, графиктерди түзүүгө жана башка иштерди аткарууга көп убакыт жумшашат (1 Корунттуктарга 14:40). Бирок бул иштердин көбүн башкалар байкабашы, капарга албашы мүмкүн. Буга карабастан алар өздөрүнүн кызматын сүйүү менен аткарышат (Галатиялыктарга 5:13).

6, 7. а) Койчулар жарчылар менен канткенде жакшыраак тааныша алышат? б) Сезимдерибизди аксакалдар менен бөлүшкөнүбүз эмне үчүн пайдалуу?

6 Ыйсаны жолдогон мээримдүү койчулар жыйналыштагы койлордун ар бирине кызыгуу көрсөтүүгө умтулушат (Филипиликтерге 2:4). Жарчылар менен жакшыраак таанышуунун бир жолу — кабар айтуу ишинде алар менен тыгыз кызматташуу. Ыйса кабар айтуу ишинде өзүнүн шакирттери менен көп кызматташкан жана андай учурларды аларды бекемдөө максатында пайдаланган (Лука 8:1). Бир тажрыйбалуу рухий койчу: «Менин байкашымча, биртуугандар менен таанышуунун жана аларды бекемдөөнүн мыкты жолдорунун бири — алар менен кабар айтуу ишинде кызматташуу»,— дейт. Көптөн бери аксакалдарыңар менен кабар айта элек болсоңор, алар менен жакын арада кызматташууга макулдашып алсаңар кандай?

7 Сүйүү Ыйсага жолдоочуларынын кубаныч-кайгысын тең бөлүшүүгө түрткү берген. Мисалы, 70 шакирти кабар айтуу кызматынан кубаныч менен кайтып келгенде, Ыйса алар менен кошо кубанган (Лука 10:17—21). Ал эми Лазардын өлүмү Мариямга, ошондой эле анын жакындары менен досторуна кандай катуу таасир эткенин көргөндө, «Ыйса көзүнө жаш алган» (Жакан 11:33—35). Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө камкор койчулар койлордун сезимдерине кошкөңүл карашпайт. Сүйүү аларга «кубангандар менен кубанууга, ыйлагандар менен ыйлоого» түрткү берет (Римдиктерге 12:15). Жашооңордо кубанычтуу же кайгылуу окуялар болгондо, сезимдериңерди аксакалдар менен бөлүшкүлө. Кубанычыңар жөнүндө укканда алар бекемделет (Римдиктерге 1:11, 12). Кыйынчылыктарыңар жөнүндө укканда силерди кубаттоого жана жубатууга аракеттенишет (1 Тесалоникалыктарга 1:6; 3:1—3).

8, 9. а) Бир аксакал аялына кантип сүйүү көрсөткөн? б) Койчунун өз үйбүлөсүнө сүйүү көрсөткөнү канчалык маанилүү?

8 Койчунун оторго болгон сүйүүсү өзүнүн үйбүлөсүнө жасаган мамилесинен өзгөчө айкын көрүнөт (1 Тиметейге 3:1, 4). Ал аялына сүйүү, урмат-сый менен мамиле кылып, жыйналыштагы башка күйөөлөргө үлгү көрсөтөт (Эфестиктерге 5:25; 1 Петир 3:7). Каза болгонго чейин 20 жылдан ашык аксакал болуп кызмат кылган күйөөсү жөнүндө Линда аттуу биртууган мындай дейт: «Күйөөм дайыма жыйналыштагы жоопкерчиликтерин аткаруу менен алек болчу. Ошентсе да менин ага берген жардамым чоң экенин билдирип турчу. Колдоо көрсөткөнүм үчүн ал мага көп жолу ыраазычылык айтып, бош убактысын мени менен өткөрчү. Ошондуктан анын сүйүүсүн сезип, жыйналышка көп убакыт жумшаганына ичим тарычу эмес».

9 Балдары бар болсо, рухий койчу аларды мээримдүүлүк менен тарбиялап, дайыма мактап турат. Муну менен ал башка ата-энелерге үлгү көрсөтөт (Эфестиктерге 6:4). Ошондой эле үйбүлөсүнө сүйүү көрсөтүү менен ал ыйык рух тарабынан дайындалгандагы ишеничти актап жатканын далилдейт (1 Тиметейге 3:4, 5).

Пикирлешүү аркылуу кубанычыбызды, тынчтыгыбызды арттырышат

10. а) Жыйналыштын кубанычы менен тынчтыгына эмне терс таасир тийгизиши мүмкүн? б) Кайсы маселеден улам I кылымдагы жыйналыштын тынчтыгына коркунуч туулган жана ал кантип чечилген?

10 Ыйык рухтун таасири астында ар бир Күбөнүн жүрөгүндө, аксакалдар кеңешинде жана бүтүндөй жыйналышта кубаныч менен тынчтык өкүм сүрөт. Бирок, ортодо ачык пикирлешүү болбосо, бул кубанычыбыз менен тынчтыгыбызга терс таасир тийгизиши мүмкүн. Сулайман падыша: «Кеңешпей кылган иштер бузулат»,— деп айткан (Накыл сөздөр 15:22). Ал эми урмат көрсөтүү менен ачык-айрым пикирлешүү кубанычыбызды жана тынчтыгыбызды арттырат. Мисалы, I кылымда сүннөткө отургузууга байланышкан маселеден улам жыйналыштын тынчтыгына коркунуч туулганда, Иерусалимдеги жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү ыйык рухтун жетекчилигин издешкен. Ошондой эле бул маселеге карата ар кандай пикирлерин айтышкан. Узакка созулган курч талкуудан кийин алар бир бүтүмгө келип, бир добуштан чыгарган чечимин жыйналыштарга билдиришкенде, биртуугандар «бул акыл-насаатка кубанышкан» (Элчилер 15:6—23, 25, 26, 31; 16:4, 5). Бул алардын кубанычын, тынчтыгын арттырган.

11. Аксакалдар жыйналыштын кубанычы менен тынчтыгын кантип арттыра алышат?

11 Бүгүнкү күндө да койчулар ачык пикир алышуу аркылуу жыйналыштын кубанычын жана тынчтыгын арттырышат. Кайсы бир кыйынчылык жыйналыштын тынчтыгына коркунуч туудурганда, алар чогулуп, өздөрүнүн ойлорун ачык айтып талкуулашат, бири-биринин пикирин урматтоо менен угушат (Накыл сөздөр 13:10; 18:13). Ыйык рух сурап тиленгенден кийин алар чечим чыгарууда ыйык китептик принциптерге, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» көрсөтмөлөрүнө таянышат (Матай 24:45—47; 1 Корунттуктарга 4:6). Аксакалдар кеңеши Ыйык Жазманын негизинде чечим чыгарган соң, ар бири ыйык рухтун жетекчилигине баш ийип, өзүнүн оюн көпчүлүк макул таппаганына карабастан, чыгарылган чечимди колдойт. Мындай момундук жыйналыштын кубанычын, тынчтыгын арттырып, Кудайдын алдында кандай жүрүү керектигине байланыштуу башкаларга сонун үлгү болот (Михей 6:8, «Мукаддас»). Жыйналыш аксакалдарынын Ыйык Китептин негизинде чыгарган чечимдерин момундук менен колдоп жатасыңарбы?

Чыдамдуулук жана боорукердик көрсөтүшөт

12. Элчилерине жасаган мамилесинде Ыйсага эмне үчүн чыдамдуулук жана боорукердик көрсөтүү зарыл болгон?

12 Элчилери кайра-кайра ката кетиргенине карабастан, Ыйса аларга чыдамдуулук жана боорукердик менен мамиле кылган. Маселен, аларга момун болуунун зарылдыгын көп жолу баса белгилеп айткан (Матай 18:1—4; 20:25—27). Бирок, жердеги жашоосунун акыркы күнүндө Ыйса шакирттеринин бутун жууп, аларды момундукка үйрөтсө да, «шакирттер өз ара: „Кимибиз чоңбуз?“ — деп... талаша кетишкен» (Лука 22:24; Жакан 13:1—5). Ыйса аларды жемелеп-урушканбы? Жок. Тескерисинче, шакирттерине боорукердик менен кайрылып: «Кимиси чоң: дасторкондо отурган адамбы же кызмат кылган адамбы? Албетте, дасторкондо отурган адам чоң. Мен болсо силердин араңарда кызмат кылган адам сыяктуумун»,— деген (Лука 22:27). Ыйсанын чыдамдуулугу, боорукердиги жана үлгүсү акыр-түбү элчилеринин жүрөгүн козгогон.

13, 14. Аксакалдар өзгөчө качан боорукердик көрсөтүшү керек?

13 Анын сыңарындай, рухий койчуга кайсы бир жагынан оңолуу жөнүндө кимдир бирөөгө кайра-кайра кеңеш берүүгө туура келиши мүмкүн. Мунун айынан аксакал кыжырданышы да ыктымал. Бирок «ээнбаштык кылгандарды эскертүүдө» өзү да жеткилеңсиз адам экенин унутпаса, бул ага биртууганына чыдамдуулук жана боорукердик менен мамиле кылууга жардам берет. Муну менен ал жыйналыштагылардын баарына, анын ичинде аксакалдарга да ошондой мамиле кылган Ыйсаны жана Жахабаны туурайт (1 Тесалоникалыктарга 5:14; Жакып 2:13).

14 Кээде аксакалдарга олуттуу күнөө кылган адамды катуу насааттоого туура келиши мүмкүн. Эгер өкүнбөсө, аксакалдар аны жыйналыштан чыгарышы керек (1 Корунттуктарга 5:11—13). Ошондо да алар күнөөкөргө мамиле жасоодо, аны эмес, күнөөнү жек көрөрүн айгинелешет (Жүйүт 23). Аксакалдардын боорукер мамилеси адамдын кайрадан бир күнү жыйналышка кайтып келишин шартташы ыктымал (Лука 15:11—24).

Жакшы иштерди аткарууга ишеним түрткү берет

15. Аксакалдар Жахабанын жакшылыкчылдыгын кантип чагылдыра алышат жана аларга эмне түрткү берет?

15 «Теңир бардык адамдарга жакшылык кылат», атүгүл анын жакшылыктарын баалабагандарга да кеңпейилдик менен мамиле кылат (Забур 144:9; Матай 5:45). Жахаба өзүнүн эли аркылуу «асман Падышачылыгы жөнүндөгү» жакшы кабарды башкаларга угузуп, жакшылыгын өзгөчө көрсөтүүдө (Матай 24:14). Рухий койчулар кабар айтуу ишинде демилгени колго алуу менен Кудайдын жакшылыкчылдыгын чагылдырышат. Аларга талыкпай күч-аракет жумшоого эмне түрткү берет? Жахабага жана анын убадаларына болгон бекем ишеним (Римдиктерге 10:10, 13, 14).

16. Аксакалдар кантип ишенимдештерине жакшылык кыла алышат?

16 Койчулар кабар айтуу менен «бардыгына... жакшылык кылгандан» тышкары, ишенимдештерине да жакшылык кылууга умтулушат (Галатиялыктарга 6:10). Мисалы, алар биртуугандарын кайтаруучулук барыштар аркылуу бекемдешет. «Кайтаруучулук барыштар мага абдан жагат,— дейт бир аксакал.— Алардын аркасында биртуугандарды жасап жаткан аракеттери үчүн мактоого жана алардын мээнети жогору бааланарын сездирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт». Кээде койчулар биртууганга кызматын кантип жакшырта аларын айтып кеңеш бериши мүмкүн. Бул жагынан алардын элчи Пабылды туураганы жөндүү. Ал Тесалоникадагы биртуугандарга минтип кайрылган: «Теңир жолунда силер тууралуу биздин мындай бекем ишенимибиз бар: силер биздин буйруктарыбызды аткарып жатасыңар жана аткарасыңар» (2 Тесалоникалыктарга 3:4). Биртуугандарыбызга бекем ишенерибизди билдиргенибиз аларга жакшы таасир тийгизип, жыйналыш «жетекчилерине баш ийүүгө» түрткү берет (Эврейлерге 13:17). Аксакалдарыңар силерди кайтаруучулук барыш аркылуу бекемдегенде, бул үчүн аларга ыраазычылык билдирүүгө эмнеге болбосун?

Момундук өзүбүздү кармай билүүнү талап кылат

17. Петир өзүнө кандай сабак алган?

17 Ыйса кээ бирөөлөр ачуусуна тийген учурларда да момун болгон (Матай 11:29). Чыккынчылык менен камакка алынганда, ал момундук көрсөтүп, өзүн өзү кармай билген. Ал эми ачууга алдырган Петир өч алуу үчүн кылыч көтөрүп чыккан. Ошондо Ыйса ага: «Эмне, Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер»,— деген (Матай 26:51—53; Жакан 18:10). Мындан Петир өзүнө чоң сабак алып, кийинчерээк ишенимдештерине мындай деп жазган: «Машайак биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен... Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес» (1 Петир 2:21—23).

18, 19. а) Койчулар момундук жана өзүн өзү кармай билүү сапаттарын айрыкча качан чагылдырышы керек? б) Эмки макалада кайсы суроолор каралат?

18 Ошо сыяктуу эле, жакшы койчулар адилетсиз мамилеге дуушар болгондо да момундук көрсөтүшөт. Мисалы, алар жыйналыштан кээ бирөөлөргө жардам берүүгө аракеттенгенде, берилген кеңештери оң кабыл алынбашы мүмкүн. Жардамга муктаж болгон адам рухий жактан алсыз же оорулуу болсо, «маңызсыз сүйлөп», аксакалдарды «кылыч менен жаралагандай жаралашы» ыктымал (Накыл сөздөр 12:18). Бирок Ыйсаны туураган койчулар курч сөздөр менен жооп кайтарууга же өч алууга аракеттенишпейт. Тескерисинче, өздөрүн кармай билип, боорукердик чагылдырышат. Бул болсо жардамга муктаж адам үчүн бата болушу мүмкүн (1 Петир 3:8, 9). Силерге кеңеш айтылганда, аксакалдардан үлгү алып, момундук көрсөтөсүңөрбү жана өзүңөрдү кармай билесиңерби?

19 Жахаба менен Ыйса дүйнө жүзүндөгү оторду даярдуулук менен кайтарып жаткан миңдеген койчулардын мээнетин, албетте, жогору баалайт. Ошондой эле Жахаба жана анын Уулу биртуугандарга кызмат кылуу менен аксакалдарга колдоо көрсөтүп жаткан миңдеген кызмат жардамчыларын сүйүшөт (Эврейлерге 6:10). Анда эмне үчүн кээ бир чөмүлтүлгөн эркек биртуугандар андай «жакшы ишке» умтулбашы мүмкүн? (1 Тиметейге 3:1). Жахаба Өзү койчу кылып дайындагандарды кантип окутуп-үйрөтөт? Бул суроолор кийинки макалада каралат.

Эсиңердеби?

• Койчулар оторго кандай жолдор менен сүйүү көрсөтүшөт?

• Канткенде ар бирибиз жыйналыштын кубанычын жана тынчтыгын арттыра алабыз?

• Эмне үчүн койчулар кеңеш бергенде чыдамдуулук жана боорукердик көрсөтүшөт?

• Аксакалдар кантип жакшылык кылышат жана ишеним көрсөтүшөт?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Аксакалдарга жыйналышка кызмат кылууга сүйүү түрткү берет

Алар үйбүлөлөрүнө убакыт бөлүп, чогуу эс алышат...

...чогуу кызмат кылышат

[21-беттеги сүрөт]

Аксакалдардын ортосундагы жакшы пикир алышуу жыйналыштын кубанычын, тынчтыгын арттырат