Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Падышабыз Ыйсага берилгендик менен кызмат кылабыз

Падышабыз Ыйсага берилгендик менен кызмат кылабыз

Падышабыз Ыйсага берилгендик менен кызмат кылабыз

«Бардык элдер, уруулар жана улуттар Ага кызмат кылышы үчүн, Ага бийлик, даңк жана падышачылык берилди» (Даниел 7:14).

1, 2. Б.з. 33-жылы Падышалык бийлик Машайакка толугу менен берилбегенин кайдан билебиз?

КАЙСЫ башкаруучу бийлиги астындагылар үчүн өмүрүн берип, кайрадан бийлик жүргүзүү үчүн жашай алган? Жердеги падышалардын кимиси элинин ишеничине, берилгендик көрсөтүшүнө татып, кийин асмандан бийлик жүргүзө алган? Ушул жана башка көптөгөн нерселер бир гана Ыйса Машайактын колунан келген (Лука 1:32, 33). Ыйса өлүп, кайра тирилип, асманга көтөрүлгөндөн кийин б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында Кудай аны «бардыгынын үстүнөн Жыйындын Башчысы кылып койгон» (Эфестиктерге 1:20—22; Элчилер 2:32—36). Ошентип, Ыйса бийлик жүргүзө баштаган, бирок чектелүү гана деңгээлде. Алгач анын бийлигине баш ийгендер рухий Ысрайылды, «Кудайдын Ысрайылын», түзгөн рух менен майланган жолдоочулары болушкан (Галатиялыктарга 6:16; Колосалыктарга 1:13).

2 Ошол Элүүнчү күн майрамынан 30 жылдай өткөндөн кийин, элчи Пабыл Машайактын Падышалык бийликти толугу менен ала электигин ырастап: «Түбөлүккө Кудайдын оң жагына отурду. Ал бардык душмандарынын Өзүнүн бут алдына жыгылышын күтүп жатат»,— деп жазган (Эврейлерге 10:12, 13). Ал эми б.з. I кылымынын аяк ченинде улгайган элчи Жакан Ааламдын Эгедери Жахабанын Машайак Ыйсаны жаңы төрөлгөн асман Падышалыгына Падыша кылып дайындаганын аян аркылуу алдын ала көргөн (Аян 11:15; 12:1—5). Биз тарыхка көз чаптырып, Машайактын 1914-жылы асманда Мессиялык Падыша катары бийлик жүргүзө баштаганына төгүндөлгүс далилдерди көрө алабыз *.

3. а) Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар 1914-жылдан тартып кандайча жарыяланып келет? б) Өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрсөк болот?

3 Ошентип, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар 1914-жылдан тартып өзгөчө түрдө жарыялана баштаган. Ошондон бери Ыйса Кудайдын асман Падышалыгынын Падышасы катары «душмандарынын арасында» бийлик жүргүзүп келет (Забур 109:1, 2; Матай 24:14; Аян 12:7—12). Андан тышкары, ага ишенимдүү адамдар жер жүзү боюнча ыйык китептик окутуу программасына — адамзат тарыхында теңдеши жок ишке — катышып, анын бийлигине жан-дилден баш ийип жатышат (Даниел 7:13, 14; Матай 28:18). Ыйсанын рух менен майланган жолдоочулары, «Асман Падышачылыгынын уулдары», «Машайактын атынан келген элчилер» катары кызмат кылышат. Аларды Машайактын көп сандаган «башка койлору», Кудайдын Падышалыгынын өкүлдөрү, берилгендик менен колдоп жатышат (Матай 13:38; 2 Корунттуктарга 5:20; Жакан 10:16). Ошентсе да ар бирибиз Ыйсанын бийлигин канчалык чындап таанып жатканыбызды текшерип көрүшүбүз керек. Ага толук берилгендик көрсөтүп жатабызбы? Асманда бийлик кылып жаткан Падышага кантип берилгендик көрсөтө алабыз? Келгиле, адегенде Машайакка берилгендик менен кызмат кылууга кандай себептер бар экенин карап чыгалы.

Берилгендик көрсөтүүбүзгө татыктуу Падыша

4. Жерде кызмат кылып жүргөндө Ыйса болочок Падыша катары эмне кылган?

4 Машайакка карата берилгендигибиз анын көрүнүктүү иштерине жана сапаттарына болгон ыраазычылыгыбызга негизделет (1 Петир 1:8). Жерде жүргөндө Ыйса келечекте, Кудай белгилеген убакта, такка отурган Падыша катары дүйнө жүзү боюнча эмнелерди кыларын кичине деңгээлде көрсөткөн. Мисалы, ал ачка болгондорду тоюндурган, оорулууларды, сокурларды, майыптарды, дүлөйлөрдү, дудуктарды айыктырган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен (Матай 15:30, 31; Лука 7:11—16; Жакан 6:5—13). Андан тышкары, Ыйсанын жердеги жашоосу жөнүндө билүү менен биз анын келечекте жердин Башкаруучусу катары кандай сапаттарды чагылдырарын элестете алабыз. Ал сапаттардын эң негизгиси — жанаябастык сүйүү (Марк 1:40—45). Кээ бирөөлөрдүн айтымында, Наполеон Бонапарт буга байланыштуу мындай деген: «Искендер Зулкарнайн, Цезарь, Улуу Карл жана мен империяларды жараттык, бирок биздин укмуштай жетишкендиктерибиз эмнеге негизделди? Күчкө. Бир гана Ыйса Машайак өзүнүн падышалыгын сүйүүгө негиздеген жана ал үчүн азыр да миллиондогон адамдар өлүүгө даяр».

5. Эмне үчүн Ыйсанын инсандыгы башкаларды өзүнө тартып турган?

5 Ыйса момун, жоош болгон. Анын бекемдээрлик окуулары жана боорукердиги түйшүк тарткандарды, кыйналгандарды сергиткен (Матай 11:28—30). Ыйсанын жанында болууну балдар да жакшы көрчү. Момун, эстүү эркектер анын жолун дилгирлик менен жолдошкон (Матай 4:18—22; Марк 10:13—16). Кудайдан корккон көптөгөн аялдар Ыйсанын камкор, сый мамилесин көрүп, ага берилгендик көрсөтүшкөн. Бир канчасы ага кызматында кол кабыш кылуу үчүн өздөрүнүн убактысын, күчүн жана каражатын аяган эмес (Лука 8:1—3).

6. Лазар өлгөндө, Ыйсанын кандай назик сезимдери ачык көрсөтүлгөн?

6 Ыйсанын эң назик сезимдери жакын досу Лазар каза болгондо ачык көрүнгөн. Ал Мариям менен Мартанын кайгысын көрүп, ушунчалык жаны ачыгандыктан, «каңырыгы түтөп», кармана албай «көзүнө жаш алган». Ыйса бир аздан кийин Лазарды тирилтерин билсе да, кайгыдан өзөгү өрттөнүп, «жүрөгү сыздаган». Анан боор ооругандыктын жана сүйүүнүн түрткүсү менен ал, Кудай берген күчтү колдонуп, Лазарды тирилткен (Жакан 11:11—15, 33—35, 38—44).

7. Эмне үчүн Ыйса берилгендик көрсөтүшүбүзгө татыктуу? (31-беттеги кутучаны да карагыла.)

7 Ыйсанын адилдикти бүт жүрөгү менен сүйүп, экижүздүүлүк менен мыйзамсыздыкты жек көргөнү бизде ага карата ардактоо сезимин пайда кылат. Ал эки жолу ачкөз соодагерлерди ийбадатканадан тайманбастык менен кууп чыккан (Матай 21:12, 13; Жакан 2:14—17). Андан тышкары, жерде жүргөндө башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүп, биздикиндей көйгөйлөргө, оор жагдайларга дуушар болгон (Эврейлерге 5:7—9). Ошондой эле ал жек көрүндү болуп, адилетсиз мамилеге кабылуу деген эмне экенин жакшы билген (Жакан 5:15—18; 11:53, 54; 18:38—19:16). Акырында Ыйса Атасынын эркин аткарып, өзүнүн жолдоочуларына түбөлүк өмүр тартуулоо үчүн, эржүрөктүк менен азаптуу өлүмгө бой сунган (Жакан 3:16). Анын ушундай сапаттары силерге мындан ары да ага берилгендик менен кызмат кылууга түрткү бербейби? (Эврейлерге 13:8; Аян 5:6—10). Бирок Падышабыз Ыйсанын бийлигине баш ийгендердин арасында болуу үчүн эмне талап кылынат?

Ыйсага баш ийгендердин арасында болуу үчүн эмне талап кылынат?

8. Ыйсанын бийлигине баш ийгендерден эмне талап кылынат?

8 Башка өлкөнүн жараны болууну каалаган адам, адатта, белгилүү бир талаптарга төп келиши керек. Мисалы, андан жакшы абройго ээ болуу жана айрым медициналык чен-өлчөмдөргө жооп берүү талап кылынышы мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, Ыйсанын бийлигине баш ийгендер адеп-ахлактык бийик нормаларга карманып, рухий саламаттыгын чың сакташы керек (1 Корунттуктарга 6:9—11; Галатиялыктарга 5:19—23).

9. Ыйсага ишенимдүү экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

9 Андан тышкары, Ыйса Машайак бийлиги астындагылардан өзүнө жана Падышалыгына ишенимдүү болууну талап кылууга укуктуу. Алар Ыйсанын окууларына ылайык жашоо менен берилгендик көрсөтүшөт. Мисалы, Падышалыктын ишин жана Кудайдын эркин материалдык кызыкчылыктардан жогору коюшат (Матай 6:31—34). Ошондой эле алар эң оор жагдайларда да Ыйсаныкындай сапаттарды чагылдырууга аракеттенишет (1 Петир 2:21—23). Ошону менен бирге Машайактын үлгүсү боюнча башкаларга жакшылык кылууга умтулушат (Матай 7:12; Жакан 13:3—17).

10. Ыйсага болгон берилгендигибизди а) үйбүлөдө жана б) жыйналышта кантип көрсөтө алабыз?

10 Ыйсанын жолдоочулары анын сапаттарын үйбүлөлөрүндө чагылдыруу менен да берилгендик көрсөтүшөт. Алсак, күйөөлөр асмандагы Падышасына болгон берилгендигин аялдарына жана балдарына Ыйсадай мамиле жасоо менен айгинелешет (Эфестиктерге 5:25, 28—30; 6:4; 1 Петир 3:7). Аялдар өздөрүнүн Машайакка болгон берилгендигин таза жүрүм-туруму, «момун жана жоош руху» аркылуу көрсөтүшөт (1 Петир 3:1—4; Эфестиктерге 5:22—24). Балдар болсо тил алчаактыгы менен Ыйсага ишенимдүү боло алышат. Кичинекей кезинде Ыйса, ата-энеси жеткилең эмес болгонуна карабастан, дайыма тил алчаак болгон (Лука 2:51, 52; Эфестиктерге 6:1). Ыйсанын жолдоочулары аны берилгендик менен туурап, «кайрымдуу болууга, бир туугандарын сүйүүгө, боорукер жана момун болууга» умтулушат. Машайакка окшоп, алар «жамандыкка жамандык менен, жаман сөзгө жаман сөз менен жооп кайтарышпайт» (1 Петир 3:8, 9; 1 Корунттуктарга 11:1).

«Машайактын мыйзамына» баш ийгендер

11. Ыйсанын бийлиги астындагылар кайсы мыйзамдарга баш ийишет?

11 Кайсы бир өлкөнүн жараны болууну каалагандар ошол өлкөнүн мыйзамдарына баш ийгендей эле, Ыйсанын бийлиги астындагылар «Машайактын мыйзамына» баш ийип, анын окууларына жана осуяттарына ылайык жашашат (Галатиялыктарга 6:2). Айрыкча, алар сүйүү мыйзамын берилгендик менен сакташат (Жакып 2:8). Бул мыйзамдар өз ичине эмнелерди камтыйт?

12, 13. Биз «Машайактын мыйзамын» кантип берилгендик менен сактайбыз?

12 Ыйсанын жолдоочулары жеткилең эмес жана ар биринин кемчиликтери бар (Римдиктерге 3:23). Ошондуктан алар «бир туугандык таза сүйүүгө ээ болуу үчүн... бири-бирин дайыма чын жүрөктөн сүйүүгө» умтулушат (1 Петир 1:22). «Эгерде бири-бирине нааразычылыгы бар болсо», Ыйсанын жолдоочулары Машайактын мыйзамын берилгендик менен сактап, «көтөрүмдүү болушат, бири-бирин кечиришет». Бул мыйзамга баш ийүүнүн аркасында алар бири-биринин жеткилеңсиздигине көп маани бербей, тескерисинче, сүйүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк издешет. Мээримдүү Падышабызга берилгендик көрсөткөндүктөн, сүйүүнү — «жеткилеңдиктин курун» — курчанган биртуугандарыбыз менен кызмат кылып жатканыбыз үчүн ыраазы эмеспизби? (Колосалыктарга 3:13, 14).

13 Мындан сырткары, Ыйса өзү көрсөткөн сүйүү адамдардын демейде бири-бирине көрсөткөн сүйүүсүнөн жогору турарын түшүндүргөн (Жакан 13:34, 35). Эгерде биз өзүбүздү жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөк, анда өзгөчө деле эч нерсе кылып жаткан жокпуз. Мындай учурда сүйүүбүз бүтүн эмес, кемтиктүү болмок. Ыйса бизди принциптерге негизделген Атасыныкындай сүйүүгө ээ болууга, бизди жек көргөн жана куугунтуктаган душмандарыбызды да сүйүүгө үндөгөн (Матай 5:46—48). Ошондой эле бул сапат негизги ишибизди берилгендик менен уланта берүүгө жардам берет. Ал эмне болгон иш?

Берилгендигибиз сыналат

14. Кабар айтуу эмне үчүн өтө маанилүү?

14 Ыйсанын жолдоочулары азыр «Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө күбөлөндүрүүгө» байланышкан өтө зарыл ишти аткарып жатышат (Элчилер 28:23). Бул абдан маанилүү, анткени Мессиялык Падышалык аркылуу Жахабанын ааламдагы башкаруусунун мыйзамдуулугу далилденет (1 Корунттуктарга 15:24—28). Жакшы кабар айтуу менен биз башкаларга Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында болууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Андан тышкары, Падышабыз Ыйса адамдарды ошол кабарга жасаган мамилесинин негизинде соттойт (Матай 24:14; 2 Тесалоникалыктарга 1:6—10). Ошондуктан Машайакка болгон берилгендигибизди баарынан мурда башкаларга Падышалык тууралуу кабар айтуу буйругун аткаруу менен көрсөтөбүз (Матай 28:18—20).

15. Ыйсанын жолдоочуларынын берилгендиги эмне үчүн сыналып жатат?

15 Албетте, Шайтан кабар айтуу ишине ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтөт, ал эми адамзат башкаруучулары Ыйсанын Кудайдан алган бийлигин таанышпайт (Забур 2:1—3, 6—8). Ошол себептен Ыйса шакирттерин: «„Кул өз кожоюнунан жогору эмес“ деген сөзүм эсиңерде болсун. Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат»,— деп эскерткен (Жакан 15:20). Чын эле, анын жолдоочулары азыр рухий согушка катышып жатышат жана алардын берилгендиги сыналууда (2 Корунттуктарга 10:3—5; Эфестиктерге 6:10—12).

16. Падышалыктын бийлиги астындагылар кандайча «Кудайга тиешелүүнү Кудайга» беришет?

16 Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астындагылар өздөрүнүн көзгө көрүнбөгөн Падышасына берилгендигин сакташат, ошол эле учурда адамзат бийликтерине урмат көрсөтүшөт (Титке 3:1, 2). Ыйса: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деп айткан (Марк 12:13—17). Ошондуктан Машайактын жолдоочулары Кудайдын мыйзамдарына карама-каршы келбеген мамлекеттик мыйзамдарга баш ийишет (Римдиктерге 13:1—7). Бирок жүйүттөрдүн жогорку соту Ыйсанын шакирттерине кабар айтууну токтотууга буйрук берип, Кудайдын мыйзамдарына каршы чыгышканда, шакирттер чечкиндүү, ошол эле учурда урмат көрсөтүү менен: «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек»,— деп айтышкан (Элчилер 1:8; 5:27—32, «ҮН»).

17. Эмне үчүн сыноолорду кайраттуулук менен жеңе алабыз?

17 Куугунтуктоолорго карабай өздөрүнүн Падышасына берилгендигин сакташ үчүн Ыйсанын жолдоочуларынан кайраттуулук талап кылынат. Анткен менен Ыйса мындай деген: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» (Матай 5:11, 12). Бул сөздөрдүн чындыгына Машайактын алгачкы жолдоочулары өз тажрыйбасынан ынанышкан. Алар Падышалык жөнүндө кабар айтууну улантышканы үчүн сабатылганда да, Ыйсанын ысымы үчүн кордук көрүүгө татыктуу болушканына кубанышкан. «Ошондон кийин алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан» эмес (Элчилер 5:41, 42). Силер да мактоого татыктуусуңар, анткени кыйынчылыктарга, ооруларга, оор жоготууларга же каршылыктарга карабастан Кудайга берилгендик көрсөтүп жатасыңар (Римдиктерге 5:3—5; Эврейлерге 13:6).

18. Ыйсанын Понтий Пилатка айткан сөздөрү эмнени билдирет?

18 Жерде жүргөндө Ыйса римдик өкүмдар Понтий Пилатка мындай деген: «Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгерде Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн болсо, анда кызматчыларым Мени жүйүттөрдүн колуна түшүрбөө үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес» (Жакан 18:36). Ошондуктан асман Падышалыгынын бийлиги астындагылар эч качан колуна курал алышпайт жана согуштарда эч кимдин тарабын жакташпайт. «Тынчтыктын Төрөсүнө» берилгендик көрсөтүп, алар дүйнөнүн саясий иштеринде толугу менен бейтараптуулук сакташат (Ышайа 2:2—4; 9:6, 7).

Берилгендигин сактагандар ала турган сыйлык

19. Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочулары келечекке ишенимдүү карашат?

19 «Падышалардын Падышасы» Ыйсанын берилген жолдоочулары келечекке ишенимдүү карашат. Алар Машайактын падышалык күчү укмуштай көрсөтүлө турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатышат (Аян 19:11—20:3; Матай 24:30). «Асман Падышачылыгынын уулдары», рух менен майланган ишенимдүү кызматчылардын калдыгы, баа жеткис мураска — Ыйса менен асманда падышалык кылуу мүмкүнчүлүгүнө — ээ болушат (Матай 13:38; Лука 12:32). Машайактын ишенимдүү «башка койлору» өздөрүнүн Падышасынын: «Атамдын батасын алгандар, келгиле. Дүйнө жарала электе эле силер үчүн даярдалган Падышачылыкты мураска алгыла»,— деген кубаттарлык сөздөрүн угар күндү дилгирлик менен күтүшүүдө (Жакан 10:16; Матай 25:34). Келгиле анда, баарыбыз тең Падышабыз Ыйсага мындан ары да берилгендик менен кызмат кылууга чечкиндүү бололу.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» аттуу китептин (ор.) тиркемесиндеги «1914-жыл — ыйык китептик пайгамбарлыктардагы маанилүү жыл» деген теманы карагыла, 215—218-беттер.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Эмне үчүн Ыйса берилгендик көрсөтүшүбүзгө татыктуу?

• Ыйсанын жолдоочулары ага өздөрүнүн берилгендигин кантип көрсөтүшөт?

• Падышабыз Ыйсага эмне үчүн берилгендик көрсөтүүнү каалайбыз?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Бири-бирибизге сүйүү көрсөтүп, биз «Машайактын мыйзамын» берилгендик менен сактайбыз

[31-беттеги сүрөт]

Ыйсанын сапаттары силерге ага ишенимдүү кызмат кылууга түрткү береби?

[31-беттеги кутуча]

ЫЙСАНЫН КӨРҮНҮКТҮҮ САПАТТАРЫ

Калыстык (Жакан 4:7—30).

Боорукердик (Матай 9:35—38; 12:18—21; Марк 6:30—34).

Жанаябастык сүйүү (Жакан 13:1; 15:12—15).

Берилгендик (Матай 4:1—11; 28:20; Марк 11:15—18).

Боор ооругандык (Марк 7:32—35; Лука 7:11—15; Эврейлерге 4:15, 16).

Ийкемдүүлүк (Матай 15:21—28).