Өз ара түшүнүшүүнүн ачкычы
Өз ара түшүнүшүүнүн ачкычы
«КААП, жанагыны айтпай эле койсом эмне?!» же «Оюмдагыны ачык айта албай калдым». Жарың менен сүйлөшүүгө аракеттенип көргөндөн кийин сенде ушул сыяктуу ойлор пайда болду беле? Пикирлешүү — бул өрчүтүүнү талап кылган жөндөм. Жөндөм аттуунун кайсынысын албайлы, адатта, кай бирлер үчүн аны өрчүтүү салыштырмалуу оңой болсо, башкаларга көп күч-аракет жумшоо керек болот. Эгер пикирлешүү сен үчүн кыйынга турса, муңайба: оюңду жылуу-жумшак маанайда билдирүүгө, жакшы маектеш болууга сен да үйрөнө аласың.
Кээде жубайлардын мамилесин жергиликтүү маданият менен салт калыптайт. Мисалы, эл эркек аз сүйлөшү керек деген өңдүү көзкарашта болсо, сүйлөөк эркекти Жакып 1:19). Бирок бу кеңеш аялдарга да, эркектерге да берилген. Анын үстүнө, ал пикирлешүү деген оозу тынбай сүйлөөнү билдирбесин айгинелейт. Эки адам көпкө сүйлөшүшү мүмкүн, бирок бири-биринин айткандарын кулагынын сыртынан кетире беришсе, аларды чындап пикирлешип жатат деп айтууга болобу? Жогорудагы аяттан көрүнгөндөй, пикирлешүүнүн маанилүү жактарынын бири — уга билүү.
жеңил ойлуу, алакөөдөн эсептеши мүмкүн. Ыйык Китепте: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн»,— делген (Унчукпай түшүнүшүүбү?
Айрым жергелерде аял ооз ачып, оюн айтпайт, ал эми күйөөсү үйбүлөсүнүн иштерине дээрлик кийлигишпейт. Ошондуктан жубайлар бири-биринин тигил же бул жагдайда эмнени каалап же коюп жатканын бүдөмүк гана баамдай алышы ыктымал. Бара-бара кээ бир аялдар күйөөсүнүн сырын оңой эле түшүнүп, каалаганын жасап жиберүүгө үйрөнүп калышат. Андай үйбүлөлөрдө жубайлар кандайдыр бир деңгээлде өз ара ой бөлүшөт дечи. Бирок көбүнчө экөөнүн бири гана сүйлөйт. Аялы күйөөсүнүн ой-сезимдерин айттырбай билүүгө көнүккөнү менен, адатта, күйөөсүнөн антүүнү эч ким талап кылбайт.
Ал эми башка маданияттарда күйөөлөр аялдарынын сезимин эске алып, түшүнүү менен мамиле кылат. Андай өлкөлөрдө да жубайлар ачык пикирлешүүгө үйрөнүп, өз ара мамилесин бекемдей алышат.
Сүйлөшүү маанилүү
Ачык-айрым сүйлөшүү туура эмес түшүнүп алуудан жана өз ара түшүнбөстүктөн коргойт. Убадаланган жерге келгенден кийин Иордандын күн чыгыш тарабына отурукташкан Рубейин менен Гат уруулары жана Менашенин жарым уруусу дарыя жээгине «алыстан караганда эле көрүнө турган, чоң курмандык чалынуучу жай» курушкан. Калган уруудагылар аны тескери жооруп, «динбузар» биртуугандарына каршы согуш ачмакчы болушат. Бирок анын алдында, жагдайды териштирип келүү үчүн, өкүлдөрүн жөнөтүшөт. Бул акылдуу чечим болгон: көрсө, курмандык чалынуучу жай курмандык чалуу же өрттөө үчүн курулбаптыр. Болгону, алар кийин башка уруудагылар: «Кудай-Теңир менен силердин жалпылыгыңар жок!» — деп жүрбөсүн деп чочулашкан экен. Ал эми курмандык чалынуучу жай алардын да Жахабага кызмат кыларын көрсөтүп турмак (Жашыя 22:10—29). Жахабанын чыныгы Кудай экенин чыгыштагы өйүздүн тургундары да кабыл аларын билдиргендиктен, ал жай «күбө» деп аталып калган (Жашыя 22:34, шилтеме).
Алар жагдайды ынанымдуу түшүндүрүп бергени үчүн, тынчтык сакталган. Ооба, ачык жана чынчыл сүйлөшүү куралдуу кыргындын тутанышын токтоткон. Кийинчерээк ысрайылдыктар Жахабага каршы чыгышканда, ал, өзүн күйөөгө салыштырып, элинин «жүрөгүнө сүйлөгөн» (Ошуя 2:14). Бул үйбүлөлүүлөр үчүн эң сонун үлгү болот. Силер да жарыңарга ой-сезимдериңерди түшүндүрүп жатканда жүрөгүнө жаккыдай сүйлөөгө аракеттенгиле. Муну пикирлешүү маалында, сезимдер курчуп кетсе, эстен чыгарбоо зарыл. «„Сөз — бул ооздун жели“,— дечүлөр четтен чыгаттыр,— дейт Патти Михалик, АКШнын журналисти,— бирок анын баа жеткис жагы да бар. Ой-сезимин баары эле ачык-айрым билдире албайттыр. Бирок билдирсе, натыйжасы банкка салган акчадан да кымбат болмок».
Сүйлөшкөндү жана укканды үйрөнгүлө
«Үйбүлө болуп жыргатпаарыбызды башынан эле түшүнгөм»,— дейттир кимдир бирөө. Башкалары: «Ажырашып тынгандан башка арга калбай калды»,— деген бүтүмгө келгендир. Анткендер үйлөнгөндөн кийин тил табышуу, мамилелерин жакшыртуу кеч деген ойдо болушу ыктымал. Алардыкы чын болсо, өмүрлүк жарын ата-энеси
тандап берген өлкөлөрдөгүлөрдүн жашоосун ойлоп көргүлөчү. Үйлөнгөндөн кийин андай жубайлардын көбү жакшынакай эле тил табышып кетет.Чыгыш өлкөсүндө жашаган бир жигит менен кыз мурдатан жүз көрүшпөй туруп баш кошушкан. Ал жубайлар мындан 4 000 жыл мурун жашашса да, өз ара ой бөлүшүүнүн эң сонун үлгүсүн көрсөтүшкөн. Кыздыкына жигиттин, Ыскактын, кулу узак жол арытып жуучу болуп барган. Жуучу-кул келин болор кыз — Ребека — менен кайтып келатканда, Ыскак алдынан чыгат. Кул «Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берет». Андан ары эмне болгону Ыйык Китепте: «Ыскак кызды [Ребеканы] энеси Сааранын чатырына алып кирди [бул расмий түрдө үйлөнүү болуп саналган]. Ал Ребеканы алды, ал анын аялы болуп калды, ал кызды сүйүп калды»,— деп баяндалат (Башталыш 24:62—67).
Байкадыңарбы, Ыскак кулу Ребека жөнүндө айтып бергенден кийин гана ага үйлөнгөн. Ыскак Жахабага сыйынган ишенчиликтүү кулуна ишенген. Ыскак Ребека менен баш кошкондон кийин, аны сүйүп калган.
Анан экөө жубайлар катары жакшы пикир алмашууга үйрөнүп кетишти беле? Алардын уулу Эйсап хеттик эки аял алып, үйбүлөсүндө чоң кыйынчылыктар пайда болгондо, Ребека Ыскакка: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде Жакып [кичүү уулу] да... Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мен жашап эмне кылам?» — деген (Башталыш 26:34; 27:46). Ооба, Ребека тынчсыздануусун күйөөсүнө ачык айта алган.
Ал эми Ыскак аны түшүнгөндүктөн, кичүү уулу Жакыпка: «Канаан кыздарынан аял алба»,— дейт (Башталыш 28:1, 2). Мына, Ыскак менен Ребека кычыктуу маселелерди да мыкты чече билишкен. Алар бизге жакшы үлгү көрсөткөн. Жубайлар тил табыша албаса эмне кылууга болот?
Пикирлер кайчы келип калганда...
Ортодо олуттуу келишпестиктер пайда болсо, жагдайды мелтиреп унчукпай коюу менен чечкен жарабайт. Ал өзүңөрдүн бактысыз экениңерди жана өмүрлүк жарыңарды да бактысыз кылгыңар келерин айдан ачык көрсөтөт. Анын үстүнө, жарыңар силердин сезимиңерди, каалооңорду айкын түшүнө албай жаткандыр.
Андайда экөөңө бардыгын ачык талкуулашып чыгуу зарыл болушу мүмкүн. Жагдай бириңди капалантып жатса, ортодогу тынчтыкты сактоо кыйындыр. Алсак, Ыскактын ата-энеси — Ыбрайым менен Саара — бир оор жагдайга кабылышкан. Саара согончогу канабай жүргөндүктөн, ошол күндөрдүн салтына ылайык, күңү Агарды, бала төрөп бергей эле деп, күйөөсүнө аялдыкка берет. Агар Ыбрайымдан уул төрөп, атын Ысмайыл коюшат. Бирок кийин Сааранын да боюна бүтүп, Ыскак төрөлөт. Уулунун эмчектен чыгар маалында, Саара Ысмайылдын аны мазактап жатканын байкайт. Муну уулу үчүн коркунуч туудурат деп эсептеген Саара Ыбрайымдан күңү менен Ысмайылды кетирип жиберүүнү талап кылып, сезимдерин ачык айтат. Бирок анын суранганы Ыбрайымды абдан капалантат.
Кыйынчылык кандайча чечилген? «Кудай Ыбрайымга: „Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт...“ — деди»,— деп баяндалат Ыйык Китепте. Ыбрайым Жахаба Кудайдын жетекчилигине баш иет да, ошого жараша иш кылат (Башталыш 16:1—4; 21:1—14).
Балким: «Бизге да эмне кылышты Кудай айтып турса, урушуп-талашпайт элек го»,— деп ойлойттурсуңар. Үйбүлөдөгү чыр-чатакты чечүү үчүн, бири-бирин түшүнүүгө үйрөнүүдөн сырткары, Кудайга тил алуу зарыл. Кантип? Кудайдын Сөзүн чогуу окуп, анда берилген жетекчиликке карманып (1 Тесалоникалыктарга 2:13).
Титке 2:3—5). Бул байкоодон баарыбыз сабак алсак болот. Ооба, Кудайдын Сөзүн ар дайым чогуу окугула. Ошондо күнүгө анын жетекчилигин «угуп», тигил же бул жагдайда өзүбүздү кандайча алып жүрсөк туура болорун билебиз (Ышайа 30:21). Бирок Ыйык Китепти жазалоочу союл кылып албоо, аны жубайыңардын кемчилигин чукуп көрсөтүш үчүн колдонбоо керектигин унутпагыла. Андан көрө андагы кеңештерди экөөңөр тең кантип колдоно аларыңарга көңүл бургула.
Кудайга ишенген бир аял мындай дейт: «Мага жаш келиндер үйбүлөсүнө байланыштуу кеңеш сурап кайрылганда, күйөөсү экөө Ыйык Китепти чогуу окуйбу, жокпу, сурайм. Ыркка келише албаган жубайлардын көбү, адатта, окубайт» (Ортодогу кыйынчылыкты чечүү үчүн «Күзөт Мунарасынын адабияттар индексин» * (ор.) колдонсоңор болот. Мисалы, улгайган ата-энеңерди багып жаткандыктан, жарың экөөңдүн өз ара мамилеңер чыңалып кетиши мүмкүн. Анда жарыңдын эмне кылышы же кылбашы керектигин айтып талашып-тартышуунун ордуна, чогуу олтургула да, «Индексти» карап чыккыла. Андан адегенде «Ата-эне» деген жалпы аталышты тапкыла. Алдында, айталы, «кары ата-энеге кам көрүү» деп турган жерде Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган адабияттардагы макалаларга шилтеме жасалган. Тандаган макалаңарды чогуу окуп чыккыла. Анда канчалаган пайдалуу маалыматтар камтылганын көрүп таң калат болушуңар керек. Кудайга ишенген акниет адамдардын көбү ал адабияттарда берилген кеңештерди колдонуу менен чоң жардам алышкан.
«Индексте» көрсөтүлгөн макалаларды окуу көйгөйүңөргө теңсалмактуу кароого көмөк болот. Макалаларда ыйык китептик аяттар жана шилтемелер берилет, аларда Кудайдын көзкарашы камтылган. Аны чогуу окуп чыксаңар, кыйынчылыгыңарга байланыштуу Кудайдын эмне дээрин «угасыңар».
Ачык пикирлешкиле
Көптөн бери жабык турган каалганы ачып көрдүңөр беле? Темир тетиктерин дат басып калган болсо, каалга кыйчылдап араң ачылат. Ал эми аны көп ачып-жаап, тетиктерин жакшылап майлап койсочу? Оңой ачылат. Пикирлешүүнүн каймана каалгасы тууралуу да ушуну айтууга болот. Ар дайым ачык-айрым пикирлешүү жана тетигин майлаган сыяктуу сүйүү көрсөтүү менен эң эле олуттуу келишпестиктерди чечкенде да ой-сезимиңерди эркин билдирүүгө көнөсүңөр.
Кийинкиге калтырып жүрө берүү болбойт. Албетте, бири-бириңерди жакшы түшүнүүгө үйрөнүү башында көп күч-аракетти талап кылышы ыктымал. Бирок артка чегинбегиле. Бара-бара жарыңар менен тил табышуу, түшүнүшүү оңойлой баштайт.
[Шилтемелер]
^ 22-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
[7-беттеги сүрөт]
Келишпестиктер пайда болгондо Кудайдын жетекчилигин издейсиңерби?