Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба «аягында эмне болорун башынан алдын ала кабарлайт»

Жахаба «аягында эмне болорун башынан алдын ала кабарлайт»

Жахаба «аягында эмне болорун башынан алдын ала кабарлайт»

«Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам» (Ышайа 46:10).

1, 2. Бабылдын багынтылышына байланышкан окуялар эмнеси менен таң калыштуу жана мындан Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

ТҮН БИР ООКУМДА баскынчылар Эфрат дарыясын тымызын кечип өтүп, кубаттуу Бабыл шаарын басып алууну көздөп келатышат. Шаардын кире беришине жакындап келип, алар бир нерсеге айран-таң болушат: заңкайган бийик дарбаза ачык калтырылган экен! Алар шаарга киришет да, аны заматта каратып алышат. Жолбашчы Кореш багынтылган өлкөнү башкара баштайт да, кийинчерээк ысрайылдык туткундардын бошотулушу жөнүндө буйрук чыгарат. Миңдеген туткундар Иерусалимде Жахабага сыйынууну калыбына келтирүү үчүн үйлөрүнө кайтып барышат (2 Жылнаама 36:22, 23; Эзра 1:1—4).

2 Б.з.ч. 539—537-жылдары болуп өткөн бул окуялардын аныктыгын тарых тастыктап турат. Белгилей кетчү нерсе, Жахаба Бабылдын кулатылышын Ышайа пайгамбар аркылуу 200 жылдай мурун алдын ала айткан (Ышайа 44:24—45:7). Кудай Бабылдын багынтылышына байланышкан кырдаалды эле баяндабастан, жеңүүчү жолбашчынын атын да ачып берген *. Жахаба ысрайылдыктарга, ошол убактагы күбөлөрүнө, кайрылып: «Мурун болуп өткөндөрдү, атам замандан бери болгондорду эстегиле, анткени Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок, Мага окшош эч ким жок. Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам»,— деп айткан (Ышайа 46:9, 10а). Ооба, Жахаба Кудай келечекте эмне болорун алдын ала билүүгө жөндөмдүү.

3. Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Кудай келечек жөнүндө канчалык көп билет? Жахаба ар бирибиздин иш-аракеттерибизди алдын ала билеби? Келечегибиз күн мурунтан аныкталганбы? Бул жана башка суроолорго Ыйык Китептин негизинде ушул жана кийинки макаладан жооп алабыз.

Жахаба — пайгамбарлыктардын Кудайы

4. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын Булагы ким?

4 Келечекти алдын ала билүүгө жөндөмдүү Жахаба Кудай байыркы кызматчыларын көптөгөн пайгамбарлыктарды жазууга шыктандырган. Бул бизге Анын келечекте эмнелерди кыларын күн мурунтан билүүгө мүмкүнчүлүк берет. «Мына, алдын ала айтылгандар аткарылды,— дейт Жахаба,— эми Мен жаңысын алдын ала айтам, ал аткарыла электе эле, Мен силерге алдын ала айтам» (Ышайа 42:9). Кудайдын эли кандай зор сыймыкка ээ!

5. Жахабанын эмнелерди кыларын алдын ала билүү кызматчыларына кандай жоопкерчилик арткан?

5 Амос пайгамбар бизди: «Кудай-Теңир Өз кулдары — пайгамбарларга Өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт»,— деп ынандырат. Жахабанын эмнелерди кыларын алдын ала билүү анын кызматчыларына жоопкерчилик арткан. Амостун: «Арстан айкыра баштаганда, ким солк этпейт?» — деген сөздөрүндө кандай күчтүү мисал камтылганына көңүл бурсаңар. Арстан аркыраганда, айлана-тегеректеги адамдар да, жаныбарлар да солк эткендей эле, «Кудай-Теңир сүйлөгөндө, ким пайгамбарлык кылбайт?» Ошондуктан Амос сыяктуу пайгамбарлар Жахабанын кабарын дароо жарыялашкан (Амос 3:7, 8).

Жахабанын сөзү дайыма ишке ашат

6. Жахабанын Бабылдын кулатылышына байланыштуу «максаты» кандайча ишке ашкан?

6 Жахаба Ышайа пайгамбары аркылуу: «Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм»,— деп айткан (Ышайа 46:10б). Кудайдын Бабылга байланыштуу «максатына», атап айтканда, ой-ниетине Корешти Персиядан алып келип, Бабылды басып алдыруу кирген. Жахаба бул ой-максатын алда канча эрте билдирген. Жогоруда белгиленгендей, анын айткандары б.з.ч. 539-жылы толугу менен жүзөгө ашкан.

7. Жахабанын «сөзүнүн» дайыма аткарыларына эмне үчүн шектенбейбиз?

7 Корештин Бабылды басып алышынан төрт кылымдай мурун амондуктар менен мааптыктардын бириккен аскерлери Жүйүт жерине коркунуч туудурганда, Жошапат падыша мындай деп ишенимдүү тиленген: «Теңир, ата-бабаларыбыздын Кудайы! Асмандагы Кудай Сенсиң. Бардык элдердин падышачылыгына бир Өзүң бийлик кыласың, күч да, кубат да Өзүңдүн колуңда, Сага каршы чыккан эч ким туруштук бере албайт!» (2 Жылнаама 20:6). Ышайа да ошондой бекем ишеним менен: «Себайот Теңир чечти, аны ким жокко чыгара алат? Анын колу сунулуу, ким аны тарта алат?» — деп айткан (Ышайа 14:27). Кийинчерээк Бабыл падышасы Небухаданасар, акылынан ажыраган мезгил аяктап, өзүнө келген соң, момундук менен: «[Кудайдын] колуна каршы чыгып, Ага: „Сен эмне кылдың?“ — деп айта ала турган эч ким жок»,— деген (Даниел 4:32). Ооба, Жахаба өз элин буга ынандырат: «Менин оозумдан чыккан сөз кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат» (Ышайа 55:11). Биз Жахабанын «сөзүнүн» дайыма аткарыларына толук ишенсек болот. Кудайдын ой-ниети сөзсүз ишке ашат.

Кудайдын «түбөлүктүү ой-ниети»

8. Кудайдын «түбөлүктүү ой-ниети» деген эмне?

8 Элчи Пабыл Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларына жазган катында Кудайдын «түбөлүктүү ой-ниети» жөнүндө айтып өткөн (Эфестиктерге 3:11, «ЖД»). Бул иш-аракет кылуунун планы эмес; Кудайга кайсы бир ишти орундатуунун жолун ойлонуштуруп пландаштыруунун зарылдыгы жок. Жахабанын «түбөлүктүү ой-ниети» анын адамзат менен жерге байланыштуу алгачкы оюн жүзөгө ашырууга болгон чечкиндүүлүгүн билдирет (Башталыш 1:28). Кудайдын ой-ниетинин сөзсүз аткарыларына ынануу үчүн, Ыйык Китептеги эң биринчи пайгамбарлыкты карап чыгалы.

9. Башталыш 3:15тин Кудайдын ой-ниети менен кандай байланышы бар?

9 Башталыш 3:15теги убададан көрүнүп тургандай, Адам менен Обо күнөөгө батар замат, Жахаба каймана маанидеги аялынын тукум, башкача айтканда, уул төрөй турганын чечкен. Кудай аял менен Шайтандын жана алардын тукумдарынын ортосундагы кастыктын натыйжасын да алдын ала көрө билген. Жахаба Шайтанга аялдын Тукумунун согончогун чагууга жол берсе да, Кудай белгилеген убакта Тукум жыландын, Шайтан Ибилистин, башын жанчыйт. Ага дейре Жахабанын ой-ниети, Ыйса убадаланган Мессия катары жерге келгенге чейин, тандалып алынган санжыра аркылуу ийгиликтүү ишке аша берген (Лука 3:15, 23—38; Галатиялыктарга 4:4).

Жахаба эмнелерди алдын ала аныктайт?

10. Жахаба Адам менен Обонун күнөө кыларын башынан эле алдын ала чечип койгонбу? Түшүндүргүлө.

10 Элчи Петир Ыйсанын Кудайдын ой-ниетинде аткарган ролу жөнүндө кеп кылып: «[Ыйса] дүйнө жаратыла электен мурун эле дайындалган, бирок силер үчүн убакыттын акырында келди»,— деп жазган (1 Петир 1:20). Жахаба Адам менен Обонун күнөө кыларын жана Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгы зарыл болорун башынан эле алдын ала чечип койгонбу? Жок. Бул жерде «жаратуу» деп берилген сөз түзмө-түз «урук таштоо» деген маанини билдирген грек сөзүнөн которулган. Адам менен Обо күнөө кетиргенге чейин «урук ташталганбы», тактап айтканда, алар балалуу болушканбы? Жок. Адам менен Обо күнөөгө баткандан кийин балалуу болушкан (Башталыш 4:1). Демек, Жахаба «тукумдун» келерин Адам менен Обонун козголоңунан кийин жана алар балалуу болгонго чейин алдын ала аныктаган. Ыйсанын өлүмү менен тирилүүсүнүн аркасында кун төлөнгөн. Анын негизинде тукум кууп өткөн күнөө жоюлуп, Шайтандын бардык аракеттери жокко чыгарылат (Матай 20:28; Эврейлерге 2:14, 15; 1 Жакан 3:8).

11. Жахаба өзүнүн ой-ниетин аткарууда эмнени алдын ала аныктаган?

11 Кудай өзүнүн ой-ниетин аткарууда дагы бир нерсени алдын ала аныктаган. Бул жөнүндө Пабыл эфестиктерге жазып, Кудайдын «асмандагы менен жердегинин баарын Машайактын башчылыгы астында бириктирерин» айткан. Анан «асмандагылар» жөнүндө, атап айтканда, Ыйсанын мурасташтары болууга тандалып алынгандар жөнүндө: «Бардыгын Өз каалоосунун чечими боюнча Жасоочунун алдын ала аныктап койгону боюнча, Машайак аркылуу биз да мурасчылар болуп калдык»,— деген (Эфестиктерге 1:10—12). Ооба, Жахаба чектелүү сандагы адамдардын каймана маанидеги аялдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн түзөрүн жана Ыйса менен кошо кундун пайдасын жайылтууга катышарын алдын ала белгилеп койгон (Римдиктерге 8:28—30). Элчи Петир алардын «ыйык эл» экенин айткан (1 Петир 2:9). Ал эми элчи Жаканга Ыйсанын мурасташтарынын саны 144 000 болору аян аркылуу ачылып берилген (Аян 7:4—8; 14:1, 3). Алар Падыша Ыйса менен биригип, Кудайды даңктоо үчүн кызмат кылышат (Эфестиктерге 1:11—14).

12. Кудайдын 144000дин курамына кимдердин кирерин алдын ала белгилеп койбогонун кайдан билебиз?

12 Жүз кырк төрт миңдин алдын ала аныкталышы айрым адамдардын бул кызматта Кудайга ишенимдүү болууга алдын ала белгиленгенин билдирбейт. Себеп дегенде Грек Жазмаларындагы насааттар, негизинен, майлангандарга жетекчилик берип, аларды ишенимдүүлүгүн сактоого жана асманда жашоо чакырыгына татыктуу бойдон калууга үндөп бекемдөө максатында жазылган (Филипиликтерге 2:12; 2 Тесалоникалыктарга 1:5, 12; 2 Петир 1:10, 11). 144000 адамдын тийиштүү талаптарга жооп берерин Жахаба алдын ала билет. Бирок бул сандын ичине кимдердин кирери тандалгандардын ар биринин кандай жашоо өткөрөрүнөн көзкаранды; ал эми муну ар кимиси өзү чечет (Матай 24:13).

Жахаба эмнелерди алдын ала билет?

13, 14. Жахаба алдын ала билүү жөндөмүн эмнелерге шайкеш колдонот жана эмне үчүн?

13 Ой-ниеттин, пайгамбарлыктардын Кудайы Жахаба алдын ала билүү жөндөмүн кандай колдонот? Биринчиден, Ыйык Китепте Кудайдын бардык жолдору акыйкат, адил жана сүйүүгө негизделери көрсөтүлөт. Элчи Пабыл Ыйсанын I кылымдагы эврей жолдоочуларына жазган катында «Кудайдын калп айтууга мүмкүн болбогон өзгөргүс эки нерсеси — убадасы жана анты» экенин айткан (Эврейлерге 6:17, 18). Ал эми Титке жөнөткөн катында ошол эле ойду бышыктап, Кудайдын «жалган сүйлөбөй» турганын белгилеген (Титке 1:2).

14 Экинчиден, Жахаба чексиз күчкө ээ болсо да, эч качан адилетсиз иш кылбайт. Муса: «Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал — акыйкат, Ал — чындык»,— деп айткан (Мыйзам 32:4). Жахабанын иштеринин баары анын ажайып касиет-сапаттарына төп келет. Кудайдын иш-аракеттеринде анын негизги сапаттарынын: сүйүүсүнүн, акылмандыгынын, адилеттүүлүгүнүн жана күчүнүн толук шайкештиги чагылдырылат.

15, 16. Жахаба Эйден багында Адам атага кандай тандоо мүмкүнчүлүктөрүн берген?

15 Мунун баары Эйден багында болгон окуялар менен кандай байланышта экенин карап көрөлү. Мээримдүү Ата катары Жахаба адам баласын бардык зарыл нерселер менен камсыз кылган. Ал Адам атага ойлонуу, ой жүгүртүү, бүтүм чыгаруу жөндөмүн берген. Сокур сезимге жетеленип жашаган жаныбарлардан айырмаланып, Адам ата тандоо эркиндиги менен жаратылган. Натыйжада Кудай асмандагы тактысынан карап, «эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көргөн» (Башталыш 1:26—31; 2 Петир 2:12).

16 Жахаба Адам атага «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен» жегенге тыюу салганда, эмне кылууну Адам өзү чечиши үчүн, ага баарын жетиштүү түшүндүргөн. Ошондой эле ага «бактагы ар кандай дарактын жемишинен жегенге» уруксат берип, тыюу салынган бир эле дарактын жемишинен жегенге болбой турганын жана жеген күнү өлөрүн эскерткен (Башталыш 2:16, 17). Кудай ага анын тигил же бул иш-аракети эмнеге алып барарын айкын түшүндүргөн. Калганы Адам атадан көзкаранды болгон.

17. Эмне үчүн Жахаба алдын ала билүү жөндөмүн дайыма эле колдоно бербейт деп айтууга болот?

17 Жахаба баарын алдын ала билүүгө жөндөмдүү болсо да, сыягы, Адам менен Обонун кандай чечим чыгарарын алдын ала көрбөөнү туура тапкан. Ошондуктан кеп Жахабанын келечекти алдын ала көрө алар-албасында эмес, антүүнү туура көрөр-көрбөсүндө. Андан тышкары, Жахаба сүйүүнүн Кудайы болгондуктан, Адам менен Обонун козголоңун жана анын бардык кесепеттерин ташбоордук менен атайылап алдын ала аныктап коймок эмес (Матай 7:11; 1 Жакан 4:8). Демек, Жахаба алдын ала билүү жөндөмүн дайыма эле колдоно бербейт.

18. Жахабанын алдын ала билүү жөндөмүн айрым учурларда гана колдонушу эмне үчүн анын жеткилең эмес экенин билдирбейт?

18 Жахабанын алдын ала билүү жөндөмүн айрым учурларда гана колдонушу Анын жеткилең эмес экенин билдиреби? Жок. Муса Жахабаны «таяныч» деп атап, анан: «Анын иштери жеткилең»,— деп айткан. Адамдын күнөөсүнүн кесепеттери үчүн Кудайды айыптоого болбойт. Ал күнөөнүн бүгүн баарыбызга сезилип жаткан каргашалуу натыйжалары Адам атанын тил албастыгынан келип чыккан. Элчи Пабыл: «Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти»,— деп айткан (Мыйзам 32:4, 5; Римдиктерге 5:12; Жеремия 10:23).

19. Эмики макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

19 Жогоруда айтылгандай, Жахаба эч качан адилетсиз иш кылбайт (Забур 32:5). Тескерисинче, Жахабанын жөндөмдүүлүктөрү, сапаттары жана нормалары «анын ой-ниетине» ылайык келет (Римдиктерге 8:28, «ЖД»). Пайгамбарлыктардын Кудайы катары Жахаба «аягында эмне болорун башынан алдын ала кабарлап келе жатат, али боло элек нерселерди байыркы замандан бери айтып келе жатат» (Ышайа 46:9, 10). Ошондой эле биз Жахабанын алдын ала билүү жөндөмүн дайыма туура колдонорун көрдүк. Анда бул бизге кандай таасир этиши керек? Чыгарган чечимдерибиздин мээримдүү Кудайдын ой-ниетине дал келерин кантип биле алабыз? Бул бизге кандай баталарды алып келет? Ушул суроолор кийинки макалада каралат.

^ 2-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдар үчүн китеп» деген китепченин 28-бетин карагыла.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Кудайдын сөзү дайыма ишке ашарын байыркы убакта болгон кайсы окуялар бышыктап турат?

• Жахаба «түбөлүктүү ой-ниетине» байланыштуу эмнени алдын ала аныктаган?

• Жахаба алдын ала билүү жөндөмүн кандай колдонот?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Кудай Ыйсанын өлүмүн жана тирилүүсүн алдын ала айткан

[24-беттеги сүрөт]

Жахаба Адам менен Обонун кандай чечим чыгарарын алдын ала аныктаганбы?