Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Забурдун биринчи бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

Забурдун биринчи бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Забурдун биринчи бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

НЕГИЗИНЕН, Жаратканыбыз Жахаба Кудайды даңктап-мактоо ырларынан турган китептин Забур (даңктоо китеби) деп аталышы кандай гана орундуу! Ыйык Жазманын эң көлөмдүү бөлүгү болгон бул китепте Кудайдын сонун сапаттары, кубаттуу иштери көркөм ыр түрүндө даңазаланат. Ошондой эле көптөгөн пайгамбарлыктар да камтылат. Ырлардын көбүндө забурчулардын кыйынчылыкка кабылганда кандай сезимдерди туйганы көрсөтүлөт. Бул китептин жазылышы болжол менен миң жылга: Муса пайгамбардын күндөрүнөн тартып, жүйүттөр Бабыл туткунунан кайтып келгенге чейин созулган. Аны жазууга Муса, Дөөт жана башкалар катышкан. Китепти акыркы калыбына ыйык кызмат кылуучу Эзра салган деп эсептелет.

Байыртадан эле Забур китеби төмөнкүдөй беш ыр жыйнагына (бөлүккө) бөлүнүп келген: 1) Забур 1—40; 2) Забур 41—71; 3) Забур 72—88; 4) Забур 89—105; 5) Забур 106—150. Бул макалада беш бөлүктүн биринчиси каралат. Бул бөлүктөгү үч бөлүмдөн башкасынын баарын байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөт жазган деп эсептешет. Забурдун 1, 32-бөлүмдөрүн жана 9:22—39-аяттарын ким жазганы белгисиз.

«КУДАЙЫМ МЕНИН АСКА-ЗООМ»

(Забур 1:1—23:10)

Забурдун биринчи бөлүмүндө Жахабанын мыйзамынан кубаныч тапкан адам бактылуу экени айтылса, экинчи бөлүмүндө түз эле Падышалык жөнүндө сөз жүрөт *. Забурдун бул бөлүгүндө Кудайга жалынып-жалбаруулар басымдуулук кылат. Мисалы, Забурдун 3—5, 7, 11, 12 жана 16-бөлүмдөрүндө душмандардан куткаруу жөнүндөгү суранычтар жазылган. Ал эми 8-бөлүмдө Жахабанын улуулугуна салыштырганда адамдар эч нерсеге арзыбай турганы баса белгиленет.

Жахабаны өз элинин Коргоочусу катары сүрөттөп, Дөөт: «Кудайым менин аска-зоом. Мен ага гана таянам»,— деп ырдаган (Забур 17:3). Жахаба 18-забурда — Жараткан жана Мыйзам Чыгаруучу, 19-забурда — Куткаруучу, ал эми 20-забурда майланган Падышанын Куткаруучусу катары даңазаланат. 22-забурда ал Улуу Койчу катары көрсөтүлсө, 23-забурда даңктуу Падыша катары сүрөттөлөт.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 2:1, 2 — Элдер кандай мааниде «ишке ашпай турган нерсени ойлонуштуруп жатышат»? «Ишке ашпай турган нерсени ойлонуштуруу» деген адамдык өкмөттөрдүн өз бийлигин сактап калуу үчүн дайыма тынчсызданарын билдирет. Алардын ниети ишке ашпайт, себеби кылып жаткан аракеттеринен эч майнап чыкпайт. Элдер «Теңирге жана Анын Майланганына каршы» чыгып жатышса, ийгиликке жете алышабы?

Забур 2:7 — «Жахабанын жарлыгы» («ЖД») деген эмнени билдирет? Бул жарлык Жахабанын сүйүктүү Уулу Ыйса Машайак менен түзүлгөн Падышалык келишимин билдирет (Лука 22:28, 29, «ЖД»).

Забур 2:12 — Элдердин башкаруучулары кандай мааниде Кудайдын «Уулун сыйлай [«өбө», «ЖД»] алышат? Забур жазылган убактарда өбүү достуктун жана берилгендиктин белгиси болгон. Өбүү менен конокторду тосуп алышчу. «Уулун өбүү» деген сөздөр жер жүзүнүн падышаларына Кудайдын Уулун Мессиялык Падыша катары тосуп алууга буйрук берилгенин түшүндүрөт.

Забур 3:1 — Эмне себептен айрым забурлар башсөз менен башталат? Башсөз аркылуу забурду ким жазганы аныкталат же анын жазылганына кайсы окуя негиз болгону маалымдалат. Буга 3-забур мисал боло алат. Ошондой эле башсөз аркылуу айрым ырлардын (4, 5-забурлар) эмне максатта жазылганы түшүндүрүлөт же музыканттарга көрсөтмөлөр (6-забур) берилет.

Забур 10:3 — Кайсы пайдубалдын бузулганы жөнүндө сөз жүрүүдө? Бул пайдубалга — мыйзамга, тартипке жана акыйкаттыкка — адамзат коому негизделген. Пайдубалы бузулган коомдо тартипсиздик, адилетсиздик өкүм сүрөт. Мындай шарттарда адил адам толугу менен Кудайга таянышы керек (Забур 10:4—7).

Забур 20:4 — «Таза алтындан таажы кийгизүү» деген эмнени билдирет? Бул жерде түз маанидеги таажы жөнүндө айтылып жатабы же каймана мааниде Дөөттүн көптөгөн жеңиштерин билдирген атак-даңкы тууралуу айтылып жатабы, бул белгисиз. Анткен менен бул аятта пайгамбарлык мааниде Ыйсанын 1914-жылы Жахабадан алган падышалык таажысы жөнүндө сөз жүрүүдө. Таажынын таза алтындан жасалганы Ыйсанын башкаруусунун эң мыкты экенин көрсөтүүдө.

Забур 21:2, 3 — Эмне себептен Дөөткө Жахаба аны таштап койгондой сезилген? Дөөт душмандары тарабынан катуу кысымга алынгандыктан, «жүрөгү момдой эриген» (Забур 21:15). Ошондон улам ага Жахаба аны таштап койгондой сезилген. Мамыда асылып турганда Ыйса да өзүн ошондой сезген (Матай 27:46). Дөөттүн сөздөрү адамдар кыйынчылыкка кабылганда кандай сезимде болорун көрсөтүүдө. Бирок, Забур 21:17—22-аяттардагы тиленүүсүнөн көрүнүп тургандай, Дөөт Кудайга болгон ишенимин жоготкон эмес.

Биз алчу сабактар:

Забур 1:1. Жахабаны сүйбөгөн адамдар менен пикирлешүүдөн качышыбыз керек (1 Корунттуктарга 15:33).

Забур 1:2. Күнүгө рухий нерселер жөнүндө ой жүгүртүшүбүз зарыл (Матай 4:4).

Забур 4:5. Каарданганда же ачууланганда, бир нерсе айтып алып, кийин өкүнүп калбаш үчүн, тилибизди тыя билишибиз кажет (Эфестиктерге 4:26).

Забур 4:6. Рухий курмандыгыбыз «чындык курмандыгы» болушу үчүн, жүрүм-турумубузду Жахабанын талаптарына төп келтирип, ага туура ниет менен кызмат кылышыбыз керек.

Забур 6:6. Жахабаны даңктап жашоону каалоодон артык эмне бар? (Забур 113:25).

Забур 9:13. Жахаба кан төккөндөрдү жазалайт, ошол эле учурда «эзилгендердин ыйын эсинен чыгарбайт».

Забур 14:2, 3; 23:3—5. Жахабанын кызматчылары чындыкты сүйлөп, жалган ант берүүдөн жана ушак сүйлөөдөн качышы керек.

Забур 14:4. Эгер берген убадабыз Ыйык Китепке карама-каршы келбесе, аны орундатуу өтө кыйынга турган күндө да, сөзүбүзгө туруу үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз кажет.

Забур 14:5. Жахабанын кызматчылары катары акчаны арам максатта колдонуудан сак болушубуз керек.

Забур 16:14, 15. «Бул дүйнөнүн адамдары» баюуну, үйбүлө күтүүнү жана өздөрүнөн кийин мурас калтырууну көздөшөт. Ал эми Дөөт Кудайдын «жүзүн кароо» үчүн, башкача айтканда, Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн, баарынан мурда анын алдында жакшы атка ээ болууга умтулган. Ал «ойгонуп», же болбосо, Жахабанын убадаларын жана ынандырууларын сергектик менен кабыл алып, Анын «бейнесин көрүп, көзү тойгон», атап айтканда, Жахабанын аны менен болгонуна кубанган. Дөөткө окшоп, биз да жүрөгүбүздү рухий кенчке толтурушубуз керек эмеспи?

Забур 18:2—7. Эгер жансыз жаратуу Жахабаны үнсүз даңктап жатса, анда биз, ой жүгүртүүгө, сүйлөөгө жана сыйынууга жөндөмдүү адамдар, аны ого бетер даңкташыбыз керек эмеспи? (Аян 4:11).

Забур 18:8—12. Жахабанын талаптары бизге кандай гана пайда алып келет!

Забур 18:13, 14. «Каталар» жана «менменсинүүчүлүк менен жасалган иштер» («ЖД») күнөө болуп эсептелгендиктен, алардан оолак болушубуз керек.

Забур 18:15. Иш-аракеттерибизге эле эмес, сөздөрүбүз менен ойлорубузга да көңүл бурушубуз зарыл.

«МЕНИ АКТЫГЫМ ҮЧҮН КОЛДОДУҢ»

(Забур 24:1—40:14)

Дөөт 24, 25-забурларда актыгын сактоого болгон чечкиндүүлүгү менен күчтүү каалоосун кандай гана таасын билдирген! «Мен болсо өзүмдүн тазалыгым менен жашап жүрөм»,— деп ырдаган ал (Забур 25:11, «ҮН»). Күнөөлөрүнүн кечирилиши жөнүндө тиленип, ал: «Мен унчукпай койгондуктан, ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды»,— деп мойнуна алган (Забур 31:3). Жахабага берилгендердин баарын Дөөт: «Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат»,— деп ынандырат (Забур 33:16).

36-забурда ысрайылдыктарга жана бизге, бул дүйнөнүн «акыркы убагында» жашап жаткандарга, кандай гана баалуу кеңештер берилген! (2 Тиметейге 3:1—5). Забур 39:8, 9да Ыйса Машайак жөнүндө төмөндөгүдөй пайгамбарчылык айтылган: «Мына, мен бара жатам. Түрмөк китепте мен жөнүндө жазылган. Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө». Ал эми 40-забурда Дөөттүн Бат-Шеба менен күнөө кетиргенден кийин жашоосунун эң оор учурунда Жахабадан жардам сурап кайрылган өтүнүчтөрү жазылган. Ал: «Мени болсо аман сактайсың [«актыгым үчүн колдодуң», «ЖД»]»,— деп ырдаган (Забур 40:13).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 25:6 — Биз кандай мааниде, Дөөткө окшоп, Жахабанын курмандык чалынуучу жайын айланып чыгабыз? Курмандык чалынуучу жай Ыйса Машайактын адамзатты куткаруу үчүн берген курмандыгын кабыл алууга байланышкан Жахабанын эркин символдоштурат (Эврейлерге 8:5; 10:5—10). Ошол курмандыкка ишеним көрсөтүү менен биз «курмандык чалынуучу жайды» айланып чыгабыз.

Забур 28:3—9 — Эмне үчүн Жахабанын үнү коркунуч туудурган чагылганга салыштырылат? Кастарлоо сезимин туудурган Жахабанын күч-кубатын баса белгилөө үчүн.

Забур 32:6 — Жахабанын «деми» деген эмне? Бул — Кудайдын асманды жаратууда колдонгон иш-аракеттүү күчү, башкача айтканда, ыйык руху (Башталыш 1:1, 2). Аны кайсы бир нерсени аткаруу үчүн, күчтүү дем сыяктуу, кай жакка зарыл болсо, ошол жакка багыттоого болот. Ошол себептен ал бул аятта «дем» деп аталган.

Забур 34:19 — Дөөттүн «мени... жек көргөндөр табалап, бири-бирине көз кысышпасын» деген суранычы эмнени билдирет? Дөөттүн душмандарынын көз кысуусу арамза пландарынын ишке ашканы аларга канааттануу алып келгенин билдирет. Дөөт Кудайдан буга жол бербешин суранган.

Биз алчу сабактар:

Забур 25:4. Интернет-чаттарында өздөрүнүн чыныгы жүзүн жашырган экижүздүү адамдардан, мектепте же иштеген жерибизде биз менен арам максатта достошууга аракеттенгендерден, өздөрүн акниет адам катары көрсөткөн чындыктан чегингендерден жана эки түрдүү жашоо өткөргөндөрдөн оолак болгонубуз акылдуулукка жатат.

Забур 25:7, 12; 34:18; 39:10. Жыйналыш жолугушууларында Жахабаны даңктап-макташыбыз керек.

Забур 25:8; 26:4. Жыйналыш жолугушууларына барганды жакшы көрөбүзбү?

Забур 25:11. Актыгын сактоого чечкиндүү экенин билдиргенден сырткары, Дөөт Кудайдан аны куткаруусун суранган. Ооба, биз жеткилең эместигибизге карабай актыгыбызды сактай алабыз.

Забур 28:10. Жахабанын «топон суунун», атап айтканда, асман океанынын үстүндө отурганы анын өз күчүн толугу менен көзөмөлдөп турарын билдирет.

Забур 29:6. Жахабанын негизги сапаты — каардануу эмес, сүйүү.

Забур 31:9. Жахаба ооздук менен камчынын аркасында гана баш ийген качыр же эшек сыяктуу жаныбарга окшош болушубузду каалабайт. Тескерисинче, Ал биздин анын эркин түшүнүүдөн улам баш ийишибизди каалайт.

Забур 32:17—19. Адамдар түзгөн уюмдар, алар кандай гана кубаттуу болбосун, куткаруу алып келе албайт. Биз Жахабага жана анын Падышалыгына гана таянышыбыз керек.

Забур 33:11. Бул сөздөр Падышалыктын ишин жашоосунда биринчи орунга койгондорду кандай гана бекемдейт!

Забур 38:2, 3. Ыймансыздар ишенимдештерибизге зыян келтирүү үчүн кандайдыр бир маалымат чогултканда, «оозубузду ооздуктап», ооз ачпас болсок, акылдуулук кылабыз.

Забур 39:2, 3. Жахабага таянуу бизге көңүл чөгөттүктү жеңүүгө, «туңгуюктан, сормо саздан чыгууга» жардам берет.

Забур 39:6, 13. Кудайдын «сан жетпеген» баталарын эстен чыгарбасак, кыйынчылыктарыбыз жана кемчиликтерибиз канчалык көп болбосун, аларга жеңдирбейбиз.

«Теңир... даңкталсын!»

Биринчи бөлүктөгү 40 забур бизди кандай гана сооротот жана бекемдейт! Сыноолорго дуушар болгондо же абийирибиз кыйнаганда, биз Кудайдын таасирдүү Сөзүнө кирген бул забурлардан күч-кубат ала алабыз (Эврейлерге 4:12). Ошондой эле аларда жашообуз үчүн даанышман жетекчилик камтылат. Забурлар аркылуу Жахаба бизди, кандай гана кыйынчылык болбосун, эч качан таштабай турганына кайра-кайра ынандырат.

Забур китебинин биринчи бөлүгү мындай сөздөр менен аяктайт: «Теңир, Ысрайыл Кудайы, кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин, оомийин!» (Забур 40:14). Забурдун бул бөлүгүн карап чыгуу бизге Жахабаны даңктап-мактоого түрткү бербейби?

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Забурдун 2-бөлүмү алгач Дөөттүн күндөрүндө аткарылган.

[7-беттеги сүрөт]

Биринчи бөлүгүн түзгөн 40 забурдун көбүн Дөөт жазган

Stars: Courtesy United States Naval Observatory

[8-беттеги сүрөт]

Жахаба кайсы забурда Улуу Койчу катары сүрөттөлөрүн билесиңби?

[9-беттеги сүрөт]

Эгер жансыз жаратуу Жахабаны даңктап жатса, анда биз Аны ого бетер даңкташыбыз керек эмеспи!

Stars, pages 8 and 9: Courtesy United States Naval Observatory

Stars: Courtesy United States Naval Observatory

[10-беттеги сүрөт]

Рухий нерселерге күн сайын убакыт бөл