Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Забурдун экинчи бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

Забурдун экинчи бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Забурдун экинчи бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

ЖАХАБАНЫН кызматчылары катары биз ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго дуушар болорубузду билебиз. Элчи Пабыл: «Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат»,— деп жазган (2 Тиметейге 3:12). Сыноолорго жана куугунтуктоолорго туруштук берип, Кудайга ишенимдүү бойдон калууга бизге эмне жардам берет?

Бул жагынан бизге беш бөлүктөн турган Забур китебинин экинчи бөлүгү жардам боло алат. Забурдун 41ден 71ге чейинки бөлүмдөрүндө кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн, Жахабага толук таянып, анын куткаруусун күтүүгө үйрөнүшүбүз керектиги айтылат. Биз үчүн бул кандай баа жеткис сабак! Забурдун экинчи бөлүгү, Кудай Сөзүнүн башка бөлүктөрүндөй эле, бүгүн да «тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

ЖАХАБА — «БАШ КАЛКАЛАР ЖАЙЫБЫЗ ЖАНА КҮЧҮБҮЗ»

(Забур 41:1—49:23)

Сүргүндө жүргөн леби сыйынуу үчүн Жахабанын ыйык жайына бара албай жүргөнүнө капа. Ал өзүн өзү сооротуп: «Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян»,— дейт (Забур 41:6, 12; 42:5). Бир нече жолу кайталанган бул сөздөр 41, 42-забурларды үч строфадан турган поэмага бириктирет. 43-забур — бул, сыягы, Хиския падышанын күндөрүндө ашурлуктардын басып алуу коркунучунан улам оор жагдайга туш болгон жүйүт эли үчүн айтылган жалынуу.

Падышанын үйлөнүү үлпөтү жөнүндөгү 44-забур Мессиялык Падышага карата пайгамбарлык болуп саналат. Андан кийинки үч забурда Жахаба «баш калкалар жайыбыз жана күчүбүз», «бүт жер үстүндөгү улуу Падышабыз» жана «тирегибиз» катары сүрөттөлөт (Забур 45:2; 46:3; 47:4). 48-забурда адамдын «өз бир тууганын эч куткара албаары» көрсөтүлөт (Забур 48:8). Забур китебинин экинчи бөлүгүнүн алгачкы сегиз забуру Корактын уулдарына таандык деп эсептелет. Ал эми тогузунчусун, 49-забурду, Асап түзгөн.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 43:19 — «Чөөлөр жашаган жер» деген эмне болгон жер эле? Забурчу, сыягы, согуш майданын ушинтип атап, салгылашууда курман болгондордун чөөлөргө жем болгонун билдирген.

Забур 44:14, 15а — «Падышага алып келинген» «Падыша кызы» деген ким? «Падыша кызы» — бул «түбөлүктүү Падыша» болгон Жахаба Кудайдын кызы (Аян 15:3, «ЖД»). Ал Жахабанын ыйык руху менен майланып, анын балдары катары кабыл алынган 144000 Ыйсанын жолдоочусунан турган даңктуу жыйналышты билдирет (Римдиктерге 8:16). Жахабанын «кызын» «күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдап», Күйөөсүнө — Мессиялык Падышага — алып келишет (Аян 21:2).

Забур 44:15б, 16 — «Курбу кыздар» деген кимдер? Алар — майланган калдыкка кошулуп, ага колдоо көрсөтүп келаткан «эбегейсиз көп адамдар», Кудайдын чыныгы кызматчылары. «Улуу кайгыдан» аман өткөндүктөн алар Мессиялык Падышанын үйлөнүү үлпөтү асманда өткөрүлгөн учурда жерде болушат (Аян 7:9, 13, 14). Албетте, ал убак «эбегейсиз көп адамдар» үчүн «кубаныч менен, салтанат менен» өтөт.

Забур 44:17 — Кандай мааниде уулдар падышанын ата-бабаларынын ордунда болот? Ыйса жерде төрөлгөндө, анын ата-бабалары болгон. Ал Миң жылдык башкаруусунун тушунда ата-бабаларын тирилткенде, алар анын уулдары катары саналып калат. Алардын айрымдары «бүт жер жүзүнө төрө» болуп дайындалат.

Забур 49:2 — Эмне үчүн Иерусалим «сулуулуктун туу чокусу» деп аталат? Бул анын көрүнүшүнө байланыштуу айтылган эмес. Жахаба Иерусалимди өзүнүн ийбадатканасы жайгашкан жай жана майланган падышаларынын борбору катары колдонуп, аны даңкка бөлөгөндүктөн, бул шаар «сулуулуктун туу чокусу» деп аталууга татыктуу болгон.

Биз алчу сабактар:

Забур 41:2—4. Бугу кургак жерде сууну эңсегендей, леби да Жахабаны эңсеген. Ал Кудайдын ыйык жайында сыйынууга мүмкүнчүлүгү жок болгонуна ушунчалык капалангандыктан, «көзүнүн жашы ал үчүн күнү-түнү нан ордуна болгон», башкача айтканда, тамакка табити тартпай калган. Жахабага ишенимдештерибиз менен чогуу сыйынып жатканыбыз үчүн терең ыраазычылык өрчүтүшүбүз керек эмеспи?

Забур 41:5, 6, 12; 42:3—5. Бизден көзкаранды болбогон кандайдыр бир себептерден улам жыйналыштан убактылууча алыс болуп калсак, биртуугандарыбыз менен кубанычтуу кызматташып жүргөн учурларыбызды эстөө күч-кубат берет. Мындай эскерүүлөр алгач жалгыздыкты сездирип, жарабызды козгосо да, алар Жахабанын «баш калкалар жайыбыз» экенин жана ага таянуу керектигин унутпоого жардам берет.

Забур 45:2—4. Башыбызга кандай гана жамандык түшпөсүн, «Кудай биздин баш калкалар жайыбыз жана күчүбүз» экенине бекем ишенишибиз керек.

Забур 49:16—19. Жалган сүйлөгөн, жийиркеничтүү иштерге барган адамдын Кудайдын өкүлү болууга укугу жок.

Забур 49:20. Башкалардын каталарын кызуу талкуулагандан көрө, аларды байкабаганга аракеттенгенибиз оң (Колосалыктарга 3:13).

«ЖАНЫМ, КУДАЙДАН ГАНА ТЫНЧТЫК ТАП!»

(Забур 50:1—70:24)

Бул забурлар Дөөттүн Бат-Шеба менен күнөөгө баткандан кийин Кудайга чын жүрөктөн кечирим сурап кайрылган тиленүүсү менен башталат. 51—56-забурларда Жахабанын ага таянгандарды жана ага өз түйшүктөрүн тапшыргандарды куткарары көрсөтүлөт. 57—63-забурларда айтылгандай, Дөөт башына кыйынчылык түшкөн учурларда Жахабаны өзүнүн «баш калкалар жайы» катары көргөн. Ал: «Жаным, Кудайдан гана тынчтык тап! Анткени мен бир гана Андан үмүт кылам»,— деп ырдаган (Забур 61:6).

Куткаруучубуз менен болгон достугубуз бизге «анын ысымын даңктап ырдоого» түрткү бериши керек (Забур 65:2). 64-забурда Жахаба марттыгы, камкордугу үчүн даңазаланат, 66- жана 67-забурларда Коргоочу катары, ал эми 69, 70-забурларда Куткаруучу катары сүрөттөлөт.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 50:14 — Дөөт Кудайдан өзүн кимдин «даярдуулук руху» («ЖД») менен бекемдөөсүн суранган? Бул жерде Жахабанын Дөөткө жардам берүүгө даярдуулугу же Анын ыйык руху жөнүндө эмес, Дөөттүн өзүнүн руху, атап айтканда, жандүйнө маанайы жөнүндө айтылып жатат. Дөөт Кудайдан туура иш кылууга каалоо беришин суранган.

Забур 52:2 — Кудайдын бар экенин танган адам кандай мааниде «акылсыз»? Бул анын кем акыл экенин билдирбейт. Андай адам моралдык жактан акылсыз. Муну, Забур 52:2—5-аяттарда сүрөттөлгөндөй, анын ыймансыздыгы, бузулгандыгы тастыктап турат.

Забур 57:4—6 — Ыймансыздар эмнеси менен жыланга окшош? Алардын кимдир бирөө жөнүндө тараткан жалган сөздөрү жыландын уусундай. Алар уулуу сөздөрү менен башкалардын беделине шек келтиришет. «Кулагын жаап алган керең, уулуу жылан» сыяктуу, ыймансыздар акыл-насаатка кулак кагышпайт, оңолууга карата берилген кеңештерди четке кагышат.

Забур 57:8 — Кандайча ыймансыздар «агын суудай агып жок болушат»? Дөөт, кыязы, Убадаланган жердеги өрөөндөрдүн суулары жөнүндө айткан. Дарыя ташкындап, өрөөндө суунун деңгээли көтөрүлсө да, ал суулар жерге тез эле сиңип, жок болот. Дөөт ыймансыз адамдардын ушундай тездик менен жок болушу тууралуу тиленген.

Забур 67:14 — «Канаты күмүш, жүндөрү таза алтын көгүчкөн» жөнүндөгү салыштыруу эмнени билдирет? Көгүш-боз түстөгү көгүчкөндөрдүн айрым канаттары жаркырап кубулуп турат. Күндүн нурунан алардын жүнү металл түстүү болуп көрүнөт. Сыягы, Дөөт канаты күчтүү, көрүнүшү сонун мындай көгүчкөнгө согуштан жеңиш менен кайтып келаткан Ысрайыл аскерлерин салыштырган. Ыйык Китепти изилдеген кээ бир окумуштуулардын божомолдоосу боюнча, мындай сүрөттөө олжого алынган кандайдыр бир искусство чыгармачылыгына карата да тиешелүү болушу мүмкүн. Кандай болбосун, Дөөт Жахабанын өз элине берген жеңиштери жөнүндө айткан.

Забур 67:19 — «Адам түрүндөгү белектер» («ЖД») деген кимдер болгон? Алар — Убадаланган жерди басып алууда туткундалган адамдардын айрымдары. Кийинчерээк алар лебилерге жардам берүүгө дайындалган (Эзра 8:20).

Забур 67:31 — «Камыштын арасында жашаган жырткычты... баш ийдир» деген өтүнүч эмнени билдирет? Дөөт Кудай элинин душмандарын каймана тил менен жырткычтар деп атап, Жахабадан аларды баш ийдирүүнү, алардын зыяндуу күчүн тизгиндөөнү суранган.

Забур 68:24 — Душмандын «белин... алсыратуу» деген сөздөр эмнени билдирет? Белдин булчуңдары күчтү талап кылган иштерди аткарууда, мисалы, оор жүктү жерден көтөрүүдө жана ташууда чоң роль ойнойт. Ал эми алсыраган бел күчсүздүктү билдирет. Демек, Дөөт душмандарынын алдан-күчтөн тайышы жөнүндө тиленген.

Биз алчу сабактар:

Забур 50:3—6, 19. Күнөөбүз Жахаба Кудайдан алыстап кетишибизге себеп болбошу керек. Чын жүрөктөн өкүнсөк, Анын ырайым көрсөтөрү шексиз.

Забур 50:7, 9—12. Эгер күнөө кетирип алсак, тукум кууп өткөн күнөөкөрлүгүбүздөн улам Жахабага кечирим сурап кайрыла алабыз. Ошондой эле бизди тазалашын, кайра тургузушун, жүрөгүбүздөн күнөөгө азгырган каалоолорду жок кылууга жардам беришин жана «рухубузду жаңылашын» сурап тиленишибиз керек.

Забур 50:20. Дөөттүн күнөөлөрү бүткүл элдин жыргалчылыгына коркунуч туудурган. Ошондуктан ал Кудайдан Сионго ырайым кылышын өтүнгөн. Олуттуу күнөө кетиргенибизде, Жахабанын ысмын жана жыйналышты жаманатты кылышыбыз ыктымал. Андыктан өзүбүз келтирген зыянды жоюшу жөнүндө Кудайга тиленишибиз керек.

Забур 51:10. Тил алчаактык көрсөтүп жана Кудайдын жазасын, насааттарын даярдуулук менен кабыл алып, биз «Кудайдын үйүндөгү көгөрүп турган зайтун дарагындай» боло алабыз, башкача айтканда, Жахабага жакындап, ага кызмат кылууда жемиш алып келе алабыз (Эврейлерге 12:5, 6).

Забур 54:5, 6, 13—15, 17—19. Өзүнүн уулу Абышаломдун каршы чыгышы жана эң жакын кеңешчиси Акитопелдин чыккынчылык кылышы Дөөттүн жүрөгүн сыздаткан. Бирок бул анын Жахабага болгон ишеничин солгундаткан эмес. Жандүйнөбүз жараланганда, Кудайга болгон ишенимибиздин алсырашына жол бербешибиз керек.

Забур 54:23. Түйшүктөрүбүздү Жахабага кантип тапшырабыз? 1) Ага тынчсызданууларыбызды тиленүү аркылуу билдиребиз; 2) жетекчилик, колдоо издеп, анын Сөзүнө жана уюмуна кайрылабыз; 3) жагдайды жеңилдетүү үчүн, колубуздан келгендин баарын кылабыз (Накыл сөздөр 3:5, 6; 11:14; 15:22; Филипиликтерге 4:6, 7).

Забур 55:9. Жахаба жагдайыбызды эле эмес, жагдайдын сезимдерибизге кандай таасир тийгизерин да түшүнөт.

Забур 61:12, 13а. Кудай эч кандай сырткы энергиядан көзкаранды эмес. Ал өзү — күч-кубаттын булагы. «Күч Кудайда».

Забур 62:4. «Өмүргө караганда, [Кудайдын] ырайымы артык», анткени анын ырайымы болбосо, жашоо маңызсыз болмок. Андыктан Жахаба менен достошконубуз акылдуулукка жатат.

Забур 62:6. Көңүлүбүз эч нерсеге бөлүнбөй, тынчтык өкүм сүргөн түнкү маал ой жүгүртүүгө ылайыктуу болушу мүмкүн.

Забур 63:3—5. Ушак сөз бейкүнөө бирөөнүн жакшы атын булгашы ыктымал. Биз ушак-айыңдарга кулак төшөбөөгө жана аларды таратпоого тийишпиз.

Забур 68:5. Тынчтыкты сактап калуу үчүн, кээде эч кандай жамандык кылбаганыбызга көзүбүз жетип турса да, «бергенибиз», башкача айтканда, кечирим сураганыбыз акылдуулук болот.

Забур 69:2—6. Жахабага жардам сурап жалынып-жалбарганыбызда, ал угат (1 Тесалоникалыктарга 5:17; Жакып 1:13; 2 Петир 2:9, 10). Кудай кайсы бир сыноонун созулушуна жол бериши мүмкүн, бирок ал бизге жагдайга туруштук берүүгө, аны чечүүгө күч жана акылмандык берет. Ал биздин көтөрө алгыс сыноого дуушар болушубузга жол бербейт (1 Корунттуктарга 10:13; Эврейлерге 10:36; Жакып 1:5—8).

Забур 70:5, 17. Дөөт жаш кезинде, пелиштилик алп Голийат менен беттешерде да, Жахабага таянгандыктан, эржүрөк жана күчтүү болгон (1 Шемуел 17:34—37). Жаштар бардык жагынан Жахабага таянышы керек.

«Анын даңктуу ысымы даңкталсын»

Забур китебинин экинчи бөлүгүндөгү акыркы 71-забурда Сулаймандын башкаруусу — Машайактын падышалыгынын тушунда өкүм сүрө турган шарттардын прообразы — жөнүндө айтылат. Бул забурда кандай кереметтүү баталар сүрөттөлөт: чексиз тынчтык, караниеттиктин жана зордук-зомбулуктун жоктугу, мол түшүм! Падышалыктын ушул жана башка баталарын ала тургандардын арасында болобузбу? Ооба, эгерде, забурчуга окшоп, Жахабага толугу менен таянып, аны «баш калкалар жайыбыз жана күчүбүз» катары көрсөк.

Дөөттүн тиленүүлөрү мындайча аяктайт: «Кудай-Теңир, Ысрайылдын Кудайы, кереметтерди жасаган жалгыз Өзү даңктала берсин! Анын даңктуу ысымы даңкталсын, бүт жер жүзү Анын даңкына толсун. Оомийин, оомийин!» (Забур 71:18—20). Келгиле, биз да Жахабаны чын жүрөктөн даңазалап, анын даңктуу ысымын даңктай берели.

[31-беттеги сүрөт]

«Падыша кызы» кимдерди билдирерин билесиңби?