Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын жолунда жүрүүнүн баталары

Кудайдын жолунда жүрүүнүн баталары

Кудайдын жолунда жүрүүнүн баталары

«Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт» (Накыл сөздөр 10:22).

1, 2. Келечекти эле ойлоп жашоодон эмне үчүн сак болушубуз керек?

БИР америкалык философ: «Келечекти эле ойлоп жашоо бизге азыркы учурду өзүндөй көрүүгө тоскоолдук кылат»,— деп айткан. Алсак, балдар чоң киши болууну самап жүрүп, балалыктын бактылуу күндөрүн элес албай калышат.

2 Мындай ой жүгүртүү Жахабанын кызматчыларына да таасир этиши мүмкүн. Буга мисал катары төмөнкү жагдайды алып көрөлү. Биз Кудайдын жерге бейиш орнотуу жөнүндөгү убадасынын аткарылышын самап, оору, карылык, азап-кайгы болбой турган жашоону эңсеп жүрөбүз. Мунун эч жаман жери жок. Бирок эгер келечекте тие турган баталарга өтө көп маани берип, азыр алып жаткан рухий баталарыбызды байкабасак, мунун натыйжасы кейиштүү болушу мүмкүн. «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөгүбүздү кыйнап», ындыныбызды өчүрөт (Накыл сөздөр 13:12). Жашоодогу көйгөйлөрдөн, кыйынчылыктардан улам көңүлүбүз чөгүп, өзүбүздү аяй башташыбыз мүмкүн. Ошондой эле жагымсыз жагдайдан чыгуунун жолун издегендин ордуна, наалыганга өтүшүбүз ыктымал. Ал эми азыр алып жаткан баталарыбыз жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртсөк, саналып өткөн кесепеттердин баарынан кача алабыз.

3. Бул макалада эмне талкууланат?

3 «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деп айтылат Накыл сөздөр 10:22де. Жахабанын бүгүнкү кызматчыларынын рухий жактан гүлдөп жатышы бата эмеспи? Келгиле, бизге тийип жаткан рухий баталардын айрымдарына токтолуп, ар бирибиз үчүн алардын кандай мааниге ээ экенин карап чыгалы. Кудайдын адил адамдарга берип жаткан мол баталары тууралуу ой жүгүртүү бизге мындан ары да асмандагы Атабызга кубаныч менен кызмат кылууга түрткү берет (Накыл сөздөр 20:7).

Жашообузду азыртан байыткан баталар

4, 5. Ыйык китептик кайсы окууларды силер өзгөчө баалайсыңар жана эмне үчүн?

4 Ыйык китептик окуулар тууралуу так билимге ээбиз. Христиан дүйнөсүндөгү диндер, адатта, Ыйык Китепке ишенерин ырасташат. Бирок алардын Кудай Сөзүндөгү окуулар жөнүндөгү түшүнүгү ар башка. Кала берсе, бир эле диндин мүчөлөрү ыйык китептик окууларга карата кайчылаш көзкараштарга карманышат. Алардын абалы Жахабанын кызматчыларыныкынан кандай гана айырмаланат! Улутубуз, маданиятыбыз же тегибиз кандай болбосун, биз чыныгы Кудайга сыйынып, аны атынан билебиз. Биз үчүн ал кандайдыр бир сырдуу болгон үчбирдиктүү кудай эмес (Мыйзам 6:4; Забур 82:19; Марк 12:29). Ошондой эле биз Кудайдын ааламдагы эгедерлигине байланышкан өтө маанилүү маселенин жакында чечилерин жана Жахабага ишенимдүүлүгүбүздү сактап, ал маселенин чечилишине ар бирибиз катышып жатканыбызды билебиз. Өлгөндөр тууралуу чындыкты билгендиктен, тозокто же дагы башка жайда кыйнайт деп Кудайдын алдында калтырап-титиребейбиз (Насаатчы 9:5, 10).

5 Андан тышкары, эволюция жолу менен кокусунан пайда болуп калбаганыбызды билүү кандай кубанычтуу! Биз — Кудайдын жаратууларыбыз; ал бизди өзүнүн бейнеси боюнча жараткан (Башталыш 1:26; Малахия 2:10). Кудайга забурчу: «Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылгам. Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт»,— деп ырдаган (Забур 138:14).

6, 7. Өзүңөрдүн же тааныштарыңардын жашоосундагы кайсы өзгөрүүлөр баталарды алып келгенин билесиңер?

6 Зыяндуу адаттардан жана жаман иштерден оолакпыз. Тамеки чегүүнүн, ичкиликти кыянат пайдалануунун, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүүнүн кооптуулугу жөнүндө маалымат каражаттарында көп эскертилет. Бирок адамдардын көбү бул эскертүүлөргө көңүл бурбайт. Ал эми жүрөгү таза адам чыныгы Кудайдын андай иштерди айыптаарын жана аларды кылгандар Аны капалантарын билгенде эмне кылат? Адам өзүнүн алсыздыктарын жеңүүгө түрткү алат (Ышайа 63:10; 1 Корунттуктарга 6:9, 10; 2 Корунттуктарга 7:1; Эфестиктерге 4:30). Муну ал биринчи кезекте Жахаба Кудайга жагуу үчүн кылат, ошол эле учурда денсоолугун жакшыртып, жандүйнө бейкуттугуна ээ болот.

7 Жаман адаттардан арылуу көптөр үчүн кыйынга турат. Анткен менен жыл сайын он миңдеген адамдар өздөрүнүн жүрүм-турумун оңдойт. Алар Жахабага арналып, сууга чөмүлтүлүп, Кудайга жакпаган иштерден арылышканын эл алдында айгинелешет. Бул баарыбызга кандай чоң кубаныч тартуулайт! Андан тышкары, бул бизге зыяндуу жана күнөөкөр жүрүм-турумдун кулчулугуна түшпөөгө ого бетер чечкиндүү болууга түрткү берет.

8. Ыйык китептик кайсы кеңештер үйбүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөт?

8 Үйбүлөбүз менен бактылуу жашоого умтулабыз. Көп сандаган өлкөлөрдө үйбүлө түзүлүшү кыйрап, далай жубайлар ажырашат. Бул балдарынын жүрөгүнө өчпөс так калтырат. Европанын кээ бир өлкөлөрүндө атасы же энеси жок үйбүлөлөрдүн саны орто эсеп менен 20 пайызды түзөт. Жахаба бизге үйбүлөлүк жашообузда бактылуу болууга кантип жардам берет? Эфестиктерге 5:22—6:4-аяттарды окуп, Кудай Сөзүндө күйөөлөргө, аялдарга жана балдарга кандай сонун кеңештер берилгенине көңүл бурсаңар. Ушул жана башка кеңештерди иш жүзүндө колдонуу никени бекемдейт, ата-энелерге балдарын туура тарбиялоого жардам берет, ошондой эле үйбүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөт. Бул биз үчүн бата эмеспи?

9, 10. Биздин келечекке болгон көзкарашыбыз дүйнөнүкүнөн эмнеси менен айырмаланат?

9 Дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн жакында чечилерин билебиз. Илимий жана техникалык жетишкендиктерге, ошондой эле айрым жолбашчылардын чын ыкластуу аракеттерине карабай, жашоодогу олуттуу көйгөйлөр чечилбей келет. Жакында Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун негиздөөчүсү Клаус Шваб «дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн саны барган сайын өсүп, аларды чечүүгө убакыттын улам азайып баратканын» белгилеген. Ал «террорчулук, айлана-чөйрөнүн булганышы жана финансылык туруксуздук сыяктуу олуттуу көйгөйлөр эларалык деңгээлге көтөрүлгөнүн» айткан. Шваб: «Дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн, азыр бирдиктүү жана чечкиндүү иш-аракеттер талап кылынат»,— деп жыйынтыктаган. Биз XXI кылымда жашап жатабыз, бирок адамзаттын келечеги дагы деле күңүрт бойдон калууда.

10 Адамзаттын бардык көйгөйлөрүн чечүү үчүн Жахабанын Мессиялык Падышалыкты орнотконун билүү кандай жагымдуу! Падышалыгы аркылуу чыныгы Кудай «согуштарды токтотуп», «тынчтыктын өкүм сүрүшүнө» кам көрөт (Забур 45:10; 71:7). Майланган Падыша Ыйса Машайак «жакырды... эзилгенди куткарат... байкуш кедейлердин жанын... кара ниеттерден, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 71:12—14). Падышалык башкаруунун тушунда тамак-аш мол болот (Забур 71:16). Жахаба «бардык көз жашыбызды аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен» (Аян 21:4). Асманда орнотулган Падышалык жакында жердеги көйгөйлөрдүн баарын чечүү үчүн тийиштүү иш-аракеттерди жасайт (Даниел 2:44; Аян 11:15).

11, 12. а) Ырахаттанууга умтулуу менен адам узакка бактылуу боло алабы? Түшүндүргүлө. б) Чыныгы бакыт эмнеден көзкаранды?

11 Чыныгы бакыт эмнеден көзкаранды экенин билебиз. Чыныгы бакыт эмнеден көзкаранды? Бир психологдун ою боюнча, бакыт үч нерседен куралат. Алар: ырахаттануу, иш менен алек болуу (жумушта, үйбүлөдө) жана маңыздуулук (жеке кызыкчылыктардан жогору турган бийик максаттарга умтулуу). Ошол үчөөнүн ичинен ырахаттанууну ал маанилүүлүгү боюнча эң төмөнкү орунда турат деп эсептеп: «Белгилей кетчү нерсе, көптөгөн адамдар жашоосун ырахаттанууга умтулуу менен өткөрөт»,— деп кошумчалайт. Буга карата Ыйык Китептин көзкарашы кандай?

12 Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман мындай деген: «Мен жүрөгүмдө: „Мен сени шаттык менен сынап көрөйүн, жакшы нерселерден ыракат ал“,— дедим. Бирок бул да курулай убаракерчилик экен! Мен күлкү тууралуу: „Бул — акылсыздык“,— дедим, ал эми шаттык тууралуу: „Мындан эмне пайда?“ — дедим» (Насаатчы 2:1, 2). Демек, Ыйык Жазмага ылайык, ырахаттанууга умтулуу менен адам узакка бактылуу боло албайт. Иш менен алек болуу жөнүндө эмне айтууга болот? Биз эң маңыздуу ишти — Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин — аткарып жатабыз (Матай 24:14; 28:19, 20). Ыйык Китептеги куткарылуу тууралуу кабарды башкалар менен бөлүшүп, биз өзүбүздүн да, бизди угуп жаткандардын да куткарылышын шарттай турган ишке катышуудабыз (1 Тиметейге 4:16). «Кудайдын кызматташтары» катары биз «алганга караганда берген жакшы» экенине ынанып жатабыз (1 Корунттуктарга 3:9; Элчилер 20:35). Бул ишке катышуу менен жашообузду маңыздуу кылып, Жараткандын аны жамандаган Шайтан Ибилиске жооп беришине өбөлгө түзөбүз (Накыл сөздөр 27:11). Ошентип, Жахаба ага берилгендик менен кызмат кылуу бизге түбөлүктүү чыныгы бакыт алып келерин көрсөтүп жатат (1 Тиметейге 4:8).

13. а) Теократиялык кызмат мектеби кандайча биз үчүн бата болуп саналат? б) Теократиялык кызмат мектебинен кандай пайда алып жатасыңар?

13 Маанилүү жана натыйжалуу окутуу программасына ээбиз. Герхард Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында аксакал болуп кызмат кылат. Бала чагын эскерип, ал мындай дейт: «Бала кезимде сүйлөө жөндөмдүүлүгүм абдан начар болчу. Толкунданганда кекечтенип, араңдан зорго сүйлөчүмүн. Ушунун айынан басырынып, чүнчүп да кеткем. Ата-энем мени логопедге алып барды, бирок эч майнап чыккан жок. Мен физиологиялык эмес, психологиялык көйгөй менен күрөшүп жүргөм. Бирок мага Жахаба караштырган абдан сонун чара — Теократиялык кызмат мектеби — жардам берди. Бул мектептен мен оюмду тайманбай айтууга үйрөндүм. Үйрөнгөндөрүмдү иш жүзүндө колдонууга бүт аракетимди жумшадым. Бул жакшы натыйжа берди: мен корунбай, кысынбай, эркинирээк сүйлөп, кызматымды кайраттуулук менен аткарып калдым. Азыр атүгүл жалпыга арналган баяндамалар менен чыгып сүйлөйм. Бул мектеп аркылуу мага жаңы жашоого жол ачканы үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын». Жахабанын бизди өзүнүн ишин аткарууга эң сонун үйрөтүп жатканына кандай гана кубанычтабыз!

14, 15. Башыбызга кыйынчылык түшкөндө, кайдан жардам ала алабыз? Мисал менен бышыктагыла.

14 Жахаба менен өз ара мамилеге жана эларалык биртуугандыктын колдоосуна ээбиз. Германияда жашаган Катрин Түштүк-Чыгыш Азияда катуу жертитирөөнүн кесепетинде цунами болуп өткөнүн угуп, абдан сарсанаа болгон. Ошол учурда анын кызы Таиландда эле. Катрин 32 саат бою кызынын дайнын биле албай убайым тарткан, ал эми жапа чеккендердин жана курман болгондордун саны саат сайын өсүп жаткан. Акыры телефон шыңгырап, кызынын аман-эсен экенин укканда, Катрин кандай гана жеңилдей түшкөн!

15 Санаасы санга бөлүнгөн ошол сааттарда Катринге эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Мен керели кечке Жахабага тиленип жаттым. Тиленген сайын кадимкидей күчтөнүп, жүрөгүмө тынчтык орноп жатты. Анан да, мээримдүү рухий биртуугандарым дайыма жанымда болду» (Филипиликтерге 4:6, 7). Жахабага тиленбесе жана рухий биртуугандары колдоо көрсөтпөсө, ошол азаптуу сааттарда Катринге кандай гана кыйын болмок! Жахаба жана анын Уулу менен жакын мамиледе болуу, ошондой эле эларалык биртуугандык менен тыгыз байланышта болуу — өзгөчө зор бата. Бул кымбат баалуу белекти адаттагы нерседей көрбөшүбүз керек.

16. Тирилүүгө болгон үмүттүн канчалык баалуу экенин мисал менен көрсөткүлө.

16 Өлгөн жакындарыбызды көрүүгө үмүтүбүз бар (Жакан 5:28, 29). Маттиас аттуу жигит Жахабанын Күбөлөрүнүн үйбүлөсүндө чоңойгон. Бирок алып жаткан баталарын баалабай, өспүрүм кезинде жыйналыштан алыстап кеткен. Эми ал мындай дейт: «Атам экөөбүз эч качан чечиле сүйлөшчү эмеспиз. Бир канча жыл бою чатакташып да жүрдүк. Анткен менен атам мага жакшылык гана каалачу. Ал мени абдан жакшы көрчү, мен болсо муну түшүнө берчү эмес экем. 1996-жылы керебетинин жанында колун кармап, мурун кылгандарымдын баары үчүн аябай өкүнөрүмдү жана аны абдан жакшы көрөрүмдү айтып, буркурап ыйлап отурдум. Бирок атам мени уккан жок. Оорусу көпкө созулбай, ал өлүм уйкусуна кетти. Буюрса, атам тирилгенде, мурда кетирген каталарыбыздын ордун толтурууга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Ал менин аксакал болуп дайындалганымды жана жубайым менен пионер болуп кызмат кылганыбызды угуп кубанат». Тирилүүгө үмүттөнүү кандай чоң бата!

«Өзү менен кошо кайгы алып келбейт»

17. Жахабанын баталары жөнүндө ой жүгүртүү бизге кандай таасир тийгизет?

17 Асмандагы Атасы жөнүндө Ыйса: «Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат»,— деп айткан (Матай 5:45). Эгер Жахаба Кудай жадагалса жаман, адилетсиз адамдарга бата берип жатса, анда анын жолунда жүргөндөргө батасын ашыгы менен төкпөйбү?! Забур 83:12де: «Кудай-Теңир — күн жана калкан, Теңир ырайымын төгүп, даңкка бөлөйт. Таза жүргөндөрдү Ал жакшылыктан ажыратпайт»,— деп айтылат. Кудайдын аны сүйгөндөргө көрсөткөн өзгөчө камкордугу жөнүндө ой жүгүрткөндө, жүрөгүбүз ыраазычылыкка жана кубанычка толот!

18. а) Кандайча Жахабанын батасы өзү менен кошо кайгы алып келбейт? б) Эмне үчүн Кудайдын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары азап чегип жатышат?

18 «Теңирдин батасы» анын элинин рухий жактан гүлдөшүнө өбөлгө түзөт жана «өзү менен кошо кайгы алып келбейт» (Накыл сөздөр 10:22). Анда эмне үчүн Кудайдын көп сандаган ишенимдүү кызматчылары сыноолорго дуушар болуп, азап чегип жатышат? Кыйынчылыктарга жана кайгы-касиреттерге кабылып жатканыбыздын үч себеби бар: 1) күнөө кылууга жакын болгонубуз (Башталыш 6:5; 8:21; Жакып 1:14, 15); 2) Шайтан жана анын жин-перилери (Эфестиктерге 6:11, 12); 3) каардуу дүйнө (Жакан 15:19). Жахаба жамандыктарга дуушар болушубузга жол берип жатканы менен, Андан эч кандай жамандык келбейт. Тескерисинче, «ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет» (Жакып 1:17). Жахабанын баталары кайгы алып келбейт.

19. Кудайдын жолунда жүргөндөрдү эмне күтүп турат?

19 Рухий жактан гүлдөө менен биз Кудайга жакындайбыз. Аны менен жакын мамиледе болууга умтулуп, «түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өзүбүзгө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнайбыз» (1 Тиметейге 6:12, 17—19). Келечекте Кудайдын жаңы дүйнөсүндө биз рухий эле эмес, башка да баталарды алабыз. Ошондо «Кудай-Теңирин уккандардын» баары чыныгы жашоого ырахаттанышат (Мыйзам 28:2). Келгиле анда, Кудайдын жолунда кубанычтуу жүрүүгө мындан ары да чечкиндүү бололу.

Эмнелерди билдиңер?

• Келечекти эле ойлоп жашоо эмне үчүн акылдуулукка жатпайт?

• Биз азыр кандай баталарды алып жатабыз?

• Кудайдын ишенимдүү кызматчылары эмне үчүн азап чегип жатышат?

[Изилдөө суроолору]