Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай карыларга кам көрөт

Кудай карыларга кам көрөт

Кудай карыларга кам көрөт

БҮГҮН карыларга жаман мамиле кылуу боло жүргөн көрүнүшкө айланды. Ыйык Китепте азыркы каардуу түзүлүштүн акыркы күндөрүндө адамдардын «өзүн өзү сүйүүчү... таш боор [«табигый ынактыгы жок», «ЖД»]» болушары мурун эле айтылган (2 Тиметейге 3:1—3). «Табигый ынактык» деп которулган грек сөзү үйбүлө мүчөлөрүнүн ортосунда болуучу сүйүүнү билдирет. Кудай Сөзүндө айтылгандай, азыр ушундай ынактык чынында эле жетишсиз экени айкын.

Карыларга жаман мамиле кылгандардан айырмаланып, Жахаба Кудай жашы өр тартып калгандарды абдан баалайт жана аларга кам көрөт. Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылганын карап көрөлү.

«Жесирлердин коргоочусу»

Жахаба Кудайдын карыларга кам көрөрү Эврей Жазмаларынан көрүнүп турат. Мисалы, Забур 67:6да Дөөт Кудайды «жесирлердин коргоочусу» деп атаган *. Ооба, Жахаба жесирлерге кам көрөт. Аларды кадырлабоо Жахабанын каарын кайнатарын Ыйык Жазма көрсөтүп турат (Чыгуу 22:22—24). Жесирлер менен бардык ишенимдүү карыларды Кудай да, анын кызматчылары да абдан баалашат. Алардын көзкарашы Накыл сөздөр 16:31де эң сонун чагылдырылган. Ал жерден: «Даңктын таажысы — чындык жолунда жүргөн ак чач»,— дегенди окуйбуз.

Жахабанын ысрайыл элине берген Мыйзамында улгайган адамдарды урматтоо талап кылынганы таң калыштуу эмес. Ысрайылга: «Аксакалдын алдында ордуңдан тур, карыя кишини сыйла, Кудайыңдан корк. Мен Теңирмин»,— деген буйрук берилген (Лебилер 19:32). Демек, ысрайылдыктардын Жахаба Кудай менен болгон мамилеси карыларды урматтоо менен түздөн-түз байланышта болгон. Карыган кишиге жаман мамиле кылган адам Кудайды сүйөм деп ырастай алмак эмес.

Ыйсанын жолдоочулары Мусанын мыйзамына карманышпайт. Бирок алар жүрүм-турумуна жана маанайына күчтүү таасир этүүчү «Машайактын мыйзамына» баш ийишет. Ошондуктан алар ата-энелерине жана карыларга сүйүү менен камкордук көрсөтүүгө түрткү алып турушат (Галатиялыктарга 6:2; Эфестиктерге 6:1—3; 1 Тиметейге 5:1—3). Ыйсанын жолдоочулары милдеттүү болгондуктан эле эмес, жүрөктөрү түрткү бергендиктен сүйүү көрсөтүшөт. Элчи Петир: «Бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө»,— деп чакырган (1 Петир 1:22).

Шакирт Жакып карыларга эмне үчүн кам көрүшүбүз керектигинин дагы бир себебин көрсөткөн. Ал: «Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык — бул жетим-жесирлерге кам көрүү [«кайгысына жардамга келүү», «Мукаддас»] жана өзүн бул дүйнөдө таза сактоо»,— деп жазган (Жакып 1:27). Жакып Жахабанын андай адамдарды жогору баалаарын баса белгилеген.

Демек, карыларга жаман мамиле кылуудан качуу жетишсиз. Аларга иш жүзүндө жардам көрсөтүшүбүз зарыл. («Сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтүү» деген төмөндөгү кутучаны карагыла.) Жакып: «Ишсиз ишеним да өлүк»,— деп жазган (Жакып 2:26).

«Кайгы» маалында сооротуу

Жакыптын сөзүнөн башка да бир маанилүү ойду байкоого болот. Анын жесирлердин «кайгысына жардамга келгиле» деген сөздөрүнө көңүл бурсаңар. «Кайгы» деп которулган грек сөзү кыйынчылыктардан улам келип чыккан «кыйналып-кысталуу», «азап чегүү» же «убайым тартуу» деген маанини туюнтат. Мындай кыйынчылыктарды көптөгөн карылар башынан кечирип жатышат: айрымдар жалгызсырашат, башкалары болсо карылыктын айынан алдан-күчтөн тайганына капаланышат. Кудайга жигердүү кызмат кылып жүргөндөрдүн арасында да көңүлү чөккөндөр болот. Кырк жылдан ашуун убактан бери Кудайдын Падышалыгынын жарчысы болуп кызмат кылып келаткан, анын ичинде отуз жылды атайын пионердик кызматта өткөргөн Жонду * мисалга алалы. Ал азыр сексенден ашып калган. Жон кээде көңүлү чөгөрүн айтат. «Артка кылчая карап, кетирген көптөгөн каталарымды эстей берем. Алардын баарын ойлоп отуруп, көпчүлүгүн кылбоого мүмкүнчүлүгүм бар эмес беле деп ойлоном»,— дейт ал.

Андай адамдарды Жахаба өзү жеткилең болсо да, адамдардан жеткилеңдикти талап кылбаарын айтып соорото алабыз. Жахаба каталарыбызды көрүп турса да, Ыйык Китепте Ал тууралуу: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе сактай берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?» — деп айтылат (Забур 129:3). Ооба, Жахаба каталарыбызга эле көңүл бура бербейт, жүрөгүбүзгө карайт. Муну кайдан билебиз?

Жеткилеңсиздик деген эмне экенин жакшы билген жана өзү көп жолу жаңылган Дөөт падыша Кудайдын шыктандыруусу менен Забур 138:1—3-аяттардагы: «Теңир! Сен мени сынадың, баарын билесиң. Сен менин качан отуруп, качан турарымды билесиң; Сен менин ойлорумду алыстан эле билесиң. Басып бара жатсам да, эс алып жатсам да, Сен мени курчап турасың, Сага менин бардык жолдорум белгилүү»,— деген сөздөрдү жазган. Мындагы «курчоо» деген сөз түпнускада «электен өткөрүү» дегенди билдирет. Ал сөз көпчүлүк учурда дыйкандын эгинди чардан тазалоо үчүн элегенин сүрөттөөдө колдонулат. Дөөттүн бул сөздөрү бизди Жахаба каталарыбызды «элеп» салып, жакшы иштерибизди эсине сактаарына ынандырат.

Асмандагы боорукер Атабызга берилгендигибизди сактап кызмат кылсак, ал жакшы иштерибизди унутпай, жылуу сезимдер менен эсинде сактайт. Ыйык Китепте эгер Кудай иштерибизди жана Анын ысымы үчүн көрсөткөн сүйүүбүздү унутуп койсо, аны адилетсиздик катары эсептемек экени айтылат (Эврейлерге 6:10).

«Мурункунун баары өтүп кеткен»

Ыйык Китеп Кудай адамдардын карышын каалаган эмес экенин көрсөтөт. Түпкү ата-энебиз, биринчи эркек менен аял, өз Жаратканына каршы чыгышкандан кийин гана карылыктын залакалары адамдардын жашоосунун бөлүгүнө айланган (Башталыш 3:17—19; Римдиктерге 5:12). Бирок мындай абал түбөлүк созула бербейт.

Жогоруда айтылгандай, дүйнөдөгү кеңири тараган терс көрүнүштөр, анын ичинде карыларга жаман мамиле кылуу да акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды күбөлөндүрүп турат (2 Тиметейге 3:1). Кудай күнөөнүн залакаларын, ошондой эле карылык менен өлүмдү да жок кылууну каалайт. Ыйык Китепте: «Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен»,— деп айтылат (Аян 21:4).

Кудайдын жаңы дүйнөсүндө карылыктын айынан пайда болгон оору-кеселдер өткөндүн ишине айланат. Карыларга жаман мамиле кылуу тууралуу да ушуну эле айтууга болот (Михей 4:4). Ал эмес, Кудайдын эсинде калган маркумдар тирилтилишет жана жердеги бейиште түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк алышат (Жакан 5:28, 29). Ошол убакта Жахаба Кудай карыларга эле эмес, өзүнө тил алган бардык адамдарга да кам көрөрү айкын болот.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Арийне, жесирлердин бардыгы эле кары эмес. Кудай жаш жесирлерге да кам көрөрү, мисалы, Лебилер 22:13тө айтылат.

^ 11-абз. Ысымы өзгөртүлүп берилди.

[4-беттеги кутуча]

Сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында аксакалдар карыларга жардам берүү жагынан үлгү көрсөтүшөт. Алар элчи Петирдин: «Кудайдын силерге тапшырган үйүрүн кайтаргыла»,— деген чакырыгына олуттуу карашат (1 Петир 5:2). Кудайдын үйүрүн кайтаруу карыларга иш жүзүндө жардам берүүнү да билдирет. Буга эмнелер кирет?

Карылардын муктаждыктарын аныктоо үчүн чыдамкайлык талап кылынат. Балким, аларга барып, көңүл буруп, пикирлешүү керектир. Же дүкөндөн керектүү нерселерин алып келип берүү, үйүн жыйноо же жыйналыш жолугушууларына алып келүү, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуп берүү зарылдыр. Мүмкүн болсо, бардыгын карыларга өз учурунда, иш жүзүндө жардам бергидей кылып уюштуруу дурус *.

Жыйналыштагы кары биртуугандар оор жагдайларга кабылып, маселен, акча-каражатка муктаж болуп калсачы? Андай учурда, биринчиден, ага жардам бере ала турган балдары же туугандары бар-жогун аныктап алуу керек. Бул 1 Тиметейге 5:4төгү: «Жесир аялдын балдары же неберелери болсо, анда алар адегенде өздөрүнүн үй-бүлөсүнө Кудайдан коркуу менен мамиле кылууну жана ата-энелери үчүн кам көрүүнү үйрөнүшсүн, анткени бул Кудайга жагат»,— дегенге ылайык келет.

Кээде карыларга мамлекет тарабынан кандай жардам караштырылганын аныктоо зарыл. Кары биртуугандын ушундай жардам алышына жыйналыштан кимдир бирөө көмөк көрсөтө алышы ыктымал. Жогоруда айтылган жардамдарды көрсөтүүгө мүмкүн эмес болсо, аксакалдар ал биртуугандын жыйналыш жардам көрсөткүдөй талаптарга жооп берер-бербесин аныкташы керек. Айрым учурларда I кылымдагы жыйналыштар ушундай кылышкан. Маселен, элчи Пабыл кызматташы Тиметейге мындай деп жазган: «Жашы алтымыштан кем болбогон, бир эле жолу турмушка чыккан [«бирөөнүн гана никелүү аялы болгон», «Мукаддас»], жакшы иштери менен таанымал болгон жесир аял, эгерде балдарын тарбиялап өстүргөн болсо, жолоочуларды кабыл алып, ыйыктардын бутун жууп, кыйналгандарга жардам берип, жакшы иштерди тырышчаактык менен кылып жүрсө, анда ал Жыйындын жесирлер тизмесине киргизилсин» (1 Тиметейге 5:9, 10).

[Шилтемелер]

^ 25-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, 1989-жылдын 15-октябрындагы «Күзөт мунарасынан» (ор.) «Карылардын муктаждыктарын канааттандыруу оңой иштерден эмес» деген макаланы карагыла.

[6-беттеги сүрөт]

Табита жардамга муктаж жесирлерге кам көрчү (Элчилер 9:36—39)