Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Куткарылууга даярсыңбы?

Куткарылууга даярсыңбы?

Куткарылууга даярсыңбы?

«Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир, анткени замандаштарыңдын ичинен сени Өзүмдүн алдымда адил деп таптым» (Башталыш 7:1).

1. Жахаба Нухтун күндөрүндө куткарылуу үчүн кандай чара караштырган?

ЖАХАБА Нух пайгамбардын күндөрүндөгү «кудайсыздарды топон суу менен жок кылган», ошол эле учурда куткарылуу үчүн чара караштырган (2 Петир 2:5). Кудай адил Нухка Топон сууда аман калышы үчүн кемени кантип куруу керектиги жөнүндө айкын-так көрсөтмөлөрдү берген (Башталыш 6:14—16). Жахабанын ишенимдүү кызматчысы катары «Нух бардыгын жасаган: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасаган». Биз жарык дүйнөгө кандайдыр бир деңгээлде Нухтун тил алчаактыгынын аркасында келгенбиз (Башталыш 6:22).

2, 3. а) Нухтун замандаштары анын жүргүзгөн ишине кандай карашкан? б) Нух кемеге кандай сезим менен кирген?

2 Кеме куруу оңойго турган эмес. Нухтун үйбүлөсү аткарган иш, сыягы, көптөрдү таң калтырган. Бирок алар өздөрүнүн куткарылуусу кемеге кирүүдөн көзкаранды экенине ишенишкен эмес. Акырында Кудайдын каардуу дүйнөгө көрсөткөн чыдамдуулугу чегине жеткен (Башталыш 6:3; 1 Петир 3:20).

3 Нух үйбүлөсү менен ондогон жылдар бою жан үрөп иштеген. Ошондон кийин Жахаба Нухка: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир, анткени замандаштарыңдын ичинен сени Өзүмдүн алдымда адил деп таптым»,— деп айткан. Нух Жахабанын сөзүнө бекем ишенип, «уулдары, аялы, келиндери менен кемеге кирген». Кызматчыларын коргоо үчүн Жахаба эшикти жапкан. Жер бетин Топон суу каптаганда, кеме Кудайдын куткарылуу үчүн караштырган ишеничтүү каражаты болгон (Башталыш 7:1, 7, 10, 16).

Нухтун күндөрү менен биздин күндөрдүн окшоштугу

4, 5. а) Ыйса өзүнүн катышуусунун убагын эмнеге салыштырган? б) Нухтун күндөрү менен биздин мезгилдин ортосунда кандай окшоштуктар бар?

4 «Адам Уулу келген убакта Нухтун убагындагыдай болот» (Матай 24:37). Ушул сөздөр менен Ыйса өзүнүн көзгө көрүнбөгөн катышуусунун убагы Нухтун күндөрүнө окшош болорун көрсөткөн жана анын айткандары шексиз түрдө аткарылууда. Нухтун кабарына окшош эскертүү, айрыкча, 1919-жылдан бери бардык элдерге жарыяланып келүүдө. Бирок жалпы жонунан, адамдардын жакшы кабарга кылган мамилеси Нухтун күндөрүндөгүдөй.

5 Жахаба «жаман иштерге толгон» дүйнөнү Топон суу аркылуу жок кылган (Башталыш 6:13). Нухтун үйбүлөсүнүн зордук-зомбулуктуу иштерге катышпай, кеме куруу менен алек болгону баарына айкын болгон. Мында да биздин күндөргө байланышкан окшоштук бар. Жүрөгү таза инсандар азыр «адил адам менен мыйзамсыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы» көрө алышат (Малахия 3:18). Жахабанын Күбөлөрүнүн чынчылдыгы, боорукердиги, тынчтыкты сүйүүчүлүгү жана аракетчилдиги калыс көзкараштагы адамдардын суктануусун туудурат жана бул сапаттар Кудайдын элин дүйнөдөн айырмалап турат. Күбөлөр зордук-зомбулуктун бардык түрүн четке кагып, Жахабанын рухуна жетектелип жашашат. Мына ошондуктан алар тынчтыкка ээ болуп, чындыктын жолунда жүрүшөт (Ышайа 60:17).

6, 7. а) Нухтун убагындагы адамдар эмнени түшүнгөн эмес жана бүгүнкү күндөгү абал кандай? б) Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалардан айырмаланарын кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

6 Нухтун замандаштары анын Кудайдын колдоосуна ээ болгонун жана Анын жетекчилиги боюнча иш жүргүзгөнүн баамдашкан эмес. Алар Нухтун кабарына маани бербей, эскертүүлөрүн четке кагышкан. Бүгүнкү күндөчү? Жахабанын Күбөлөрүнүн жүргүзгөн иши, жүрүм-туруму көптөрдү таасирлентет. Анткен менен адамдардын көбү жакшы кабарга жана Ыйык Китептеги эскертүүлөргө маани беришпейт. Коңшуларыбыз, жумуш жетекчилерибиз же туугандарыбыз Кудайдын чыныгы кызматчыларынын сапаттарына жогору баа берсе да, «Жахабанын Күбөлөрү болгонуңар эле өкүндүрөт!» деп айтышы мүмкүн. Алар Күбөлөрдүн сүйүү, тынчтык, боорукердик, момундук жана өзүн өзү токтото билүү сыяктуу сапаттарды Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен чагылдырып жатышканын түшүнө беришпейт (Галатиялыктарга 5:22—25). Күбөлөрдүн ошондой сапаттарга ээ болгону адамдарга алардын кабарына ишенүүгө түрткү бериши керек.

7 Мисалы, Орусиянын бир шаарында Жахабанын Күбөлөрү Падышалык залын куруп жатканда, ошол жерден өтүп бараткан бир киши куруучулардын бирине кайрылып: «Чылым чекпей, сөгүнбөй, ичпей иштеп жатканыңар таң калыштуу! Кокусунан Жахабанын Күбөлөрү эмессиңерби?» — деп сураган. Куруучу: «„Жок“ десем, ишенесизби?» — деп ага суроо берген. Тиги киши: «Албетте, ишенбейм»,— деп дароо жооп берген. Орусиянын дагы бир шаарында Күбөлөрдүн жаңы Падышалык залын куруп жатканы шаар башчысын абдан таасирленткен. Ал мурун диний топтордун баарын бирдей көрсө, эми Жахабанын Күбөлөрүнүн чын ыкластуулугун, өзүмчүл эместигин иш жүзүндө көргөндөн кийин оюн өзгөрткөн. Жахабанын элинин ыйык китептик нормаларга ылайык жашабагандардан айырмаланары ушул эки мисалдан эле көрүнүп турат.

8. Каардуу дүйнөнүн акыры келгенде, куткарылуубуз эмнеден көзкаранды болот?

8 Топон сууда жок кылынган «байыркы дүйнөнүн» акыркы күндөрүндө ишенимдүү Нух «адилдикти жар салган» (2 Петир 2:5). Ал эми азыркы түзүлүштүн акыркы күндөрүндө Жахабанын кызматчылары башкаларды Анын адил нормалары менен тааныштырып, куткарылуу жана жаңы дүйнөдө жашоо мүмкүнчүлүгү тууралуу жакшы кабарды жарыялап жатышат (2 Петир 3:9—13). Нух менен анын Кудайдан корккон үйбүлөсү кемеге кирип аман калгандай эле, бүгүн адамдардын куткарылуусу алардын ишениминен жана Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү менен тыгыз кызматташуусунан көзкаранды.

Куткарылуу үчүн ишеним керек

9, 10. Шайтандын дүйнөсү кыйратылганда аман калуу үчүн, эмне себептен ишенимге ээ болуу өтө маанилүү?

9 Жакында Шайтандын бийлиги астындагы дүйнө кыйратылганда, аман калуу үчүн адам эмне кылышы керек? (1 Жакан 5:19). Адегенде коргоого муктаж экенин түшүнүп, ошого жараша иш кылууга тийиш. Нухтун күндөрүндөгү адамдар өздөрүнүн күнүмдүк жашоосу менен алек болуп, жакындап келаткан алааматтан коргонуунун зарылдыгын көрүшкөн эмес. Ошондой эле алар Кудайга ишенишкен эмес.

10 Ал эми Нух менен анын үйбүлөсү өздөрүнүн коргоого жана куткарылууга муктаж экенин баамдай билишкен. Андан сырткары, алар Ааламдын Эгедери Жахаба Кудайга ишеним көрсөтүшкөн. «Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес,— деп жазган элчи Пабыл,— Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек». Андан кийин мындай деген: «Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып, өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган. Өз ишеними менен ал бүткүл дүйнөнү айыптады, ишенимдин негизинде адилеттиктин мурасчысы болду» (Эврейлерге 11:6, 7).

11. Жахаба байыркы убакта өз кызматчыларын кантип куткарган жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

11 Азыркы каардуу түзүлүштүн акырында аман калуу үчүн, анын кыйратыларына ишенип койгонубуз эле жетишсиз. Биз Кудайдын куткарылуу үчүн караштырган чараларына ишеним көрсөтүп, алардан толук пайда алышыбыз зарыл. Албетте, биз Кудайдын Уулу Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүшүбүз керек (Жакан 3:16, 36). Бирок Нухтун күндөрүндө кемеге киргендер гана Топон суудан аман өткөнүн унутпашыбыз абзел. Ошо сыяктуу эле, байыркы Ысрайылда кокусунан киши өлтүрүп алган адам адегенде баш калкалай турган шаарлардын бирине качып кирип, анан ал жерде башкы ыйык кызмат кылуучу көз жумганга чейин жашаганда гана аман калчу (Сандар 35:11—32). Мусанын убагында болсо Мисирге жөнөтүлгөн онунчу жазанын натыйжасында мисирликтердин тун балдары өлтүрүлгөн, ал эми ысрайылдыктардын тундары тирүү калган. Эмне үчүн? Анткени Жахаба Мусага: «Үйдүн эшигинин эки кашегине, эшиктин маңдайчасына анын [Пасахка арналган козунун] канынан сыйпап коюшсун... Өзүңөр болсо таңга чейин үйүңөрдөн чыкпагыла»,— деп буйрук берген (Чыгуу 12:7, 22). Кудайдын көрсөтмөлөрүн четке кагып, эшигинин эки кашегине, маңдайчасына кан сыйпалган үйдөн сыртка чыгууга, албетте, ысрайылдык тун балдардын эч кимиси дааган эмес.

12. Ар бирибиз өзүбүзгө кандай суроо берип көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

12 Демек, ар бирибиз өзүбүздүн абалыбыз тууралуу жакшылап ойлонушубуз керек. Жахабанын рухий жактан коргоо үчүн караштырган чарасынан чынында эле пайда алып жатабызбы? Улуу алаамат келгенде, коргоо издегендер кубанганынан жана ыраазы болгонунан көздөрүнө жаш алышат. Ал эми башкалар кайгыдан, өкүнүчтөн көз жашын төгүшөт.

Бара-бара киргизилген өзгөртүүлөр бизди куткарылууга даярдайт

13. а) Жахаба өзүнүн уюмуна өзгөртүүлөрдү кандай максатта киргизген? б) Кээ бир өзгөртүүлөр жөнүндө айтып бергиле.

13 Жахаба өз уюмунун жердеги бөлүгүнө акырындык менен ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизип келген. Муну менен ал бизди рухий жактан коргоо үчүн караштырган чарасын жакшыртып, чыңдап-бекемдеген. 1870-жылдардан 1932-жылга чейин аксакалдар менен диакондорду жыйналыш мүчөлөрү шайлап келишкен. 1932-жылдан тартып жыйналыштар аксакалдарды эмес, кызмат комитетин шайлай башташкан. Кызмат комитети дайындалган кызмат жетекчисине жардам берчү. 1938-жылдан баштап жыйналыштагы бардык кызматчылар теократиялык жол менен дайындала баштаган. Ал эми 1972-жылдан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин жетекчилиги астында дайындоолор төмөнкү тартип менен жүргүзүлөт: аксакал же кызмат жардамчысы болууга талапкерлерге кепилдемелер берилет жана эгер алар жактырылса, жыйналыштарга теократиялык дайындоо жөнүндөгү каттар жөнөтүлөт. Убакыттын өтүшү менен Жетектөөчү Кеңештин жоопкерчиликтери көбөйгөндүктөн, анын жүгүн жеңилдетүү үчүн да өзгөртүүлөр киргизилген.

14. 1959-жылы кандай окутуу программасы киргизилген?

14 Ал эми 1950-жылы Забур 44:17ни кылдат талдоонун натыйжасында окутуунун үзгүлтүксүз программасы жолго коюлган. Ал аятта: «Сенин ата-бабаларыңдын ордунда уулдарың болот. Аларды Сен бүт жер жүзүнө төрө кылып коёсуң»,— деп айтылат. Бүгүнкү күндө жыйналышта жетекчиликти колго алган аксакалдар Кудай тапшырган милдеттерди азыр да, Армагедондон кийин да аткарууга окутулат (Аян 16:14, 16). Падышалык кызмат мектеби 1959-жылы ачылган. Ал убакта бир айлык окуу курсуна, негизинен, жыйналыш кызматчылары (ошол кездеги төрагалык кылуучу көзөмөлчүлөр) гана чакырылчу. Азыр болсо бул мектептен бардык аксакалдар жана кызмат жардамчылары пайда алышат. Бул биртуугандар өз кезегинде жыйналыштагыларды окутуп-үйрөтүүгө умтулушат. Ошентип, баары рухий жактан бекемделип, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды натыйжалуу жарыялоого жардам алышат (Марк 13:10).

15. Жыйналыштын тазалыгы кайсы эки жол менен сакталат?

15 Жыйналышка мүчө болууну каалагандар белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек. Бирок, Нух курган кемеге шылдыңдоочулар киргизилбегендей эле, бүгүн да андай адамдар жыйналышка мүчө боло албайт (2 Петир 3:3—7). Ал эми, айрыкча, 1952-жылдан бери Жахабанын Күбөлөрү жыйналышты коргоого көбүрөөк көңүл буруп, өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү жыйналыштан чыгарып келишет. Албетте, чындап өкүнгөндөргө «түз жол менен жүрүүгө» сүйүү менен жардам көрсөтүлөт (Эврейлерге 12:12, 13; Накыл сөздөр 28:13; Галатиялыктарга 6:1).

16. Жахабанын элинин рухий абалы кандай?

16 Жахабанын элинин рухий жактан гүлдөп жатышы таң калыштуу да, кокустук да эмес. Жахаба Ышайа пайгамбар аркылуу мындай деген: «Менин кулдарым жешет, силер болсо ачка болосуңар. Менин кулдарым ичишет, силер болсо суусайсыңар. Менин кулдарым кубанышат, силер болсо уятка каласыңар. Менин кулдарым жүрөктөрүнүн кубанганынан ырдашат, силер болсо жүрөгүңөрдүн кайгысынан кыйкырасыңар, рухуңардын кыйналганынан боздоп ыйлайсыңар» (Ышайа 65:13, 14). Жахаба бизди рухий тамак менен өз убагында мол камсыз кылып, рухий жактан чыңдап келүүдө (Матай 24:45).

Куткарылууга даяр бол

17. Куткарылууга даярданууга бизге эмне жардам берет?

17 «Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйлү. Чогулушка барбоону адатка айландырып алган кээ бирөөлөргө окшоп, чогулуштарыбызды калтырбайлы... бири-бирибизди сергек болууга чакыралы»,— деген үндөөгө ылайык иш кылуу азыр өзгөчө маанилүү (Эврейлерге 10:23—25). Жахабанын Күбөлөрүнүн 98 миңден ашык жыйналыштарынын бири менен тыгыз байланышта болуп, жигердүү кызмат кылуу бизге куткарылууга даярданууга жардам берет. «Жаңы адамга» мүнөздүү сапаттарды өрчүтүүдө жана башкаларга Жахабанын куткарылуу үчүн караштырган чарасы жөнүндө билүүгө чын жүрөктөн жардам берүүдө бизге ишенимдештерибиз колдоо көрсөтүшөт (Эфестиктерге 4:22—24; Колосалыктарга 3:9, 10; 1 Тиметейге 4:16).

18. Эмне үчүн жыйналыш менен тыгыз байланышта болууга чечкиндүүсүң?

18 Шайтан жана анын ыймансыз дүйнөсү бизди жыйналыштан азгырып кетүүгө абдан кызыкдар. Буга карабастан биз жыйналыш менен тыгыз мамиледе болуп, каардуу түзүлүштүн акырында аман кала алабыз. Эмесе, Жахабага болгон сүйүүбүз жана анын камкордугуна болгон ыраазычылыгыбыз бизге Шайтандын аракеттерин жокко чыгарууга ого бетер чечкиндүү болууга түрткү берсин. Азыр алып жаткан баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртүү чечкиндүүлүгүбүздү чыңдайт. Ал баталардын айрымдарына кийинки макалада токтолобуз.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Биздин мезгил Нухтун күндөрүнө эмнеси менен окшош?

• Куткарылуу үчүн кайсы сапатка ээ болуу маанилүү?

• Кайсы өзгөртүүлөр Жахабанын бизди коргоо үчүн караштырган чарасын бекемдеген?

• Куткарылууга ар бирибиз кантип даярдана алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Нухтун замандаштары анын кабарына маани беришкен эмес

[13-беттеги сүрөт]

Кудайдын эскертүүлөрүнө кулак кагуу маанилүү

[14-беттеги сүрөт]

Падышалык кызмат мектеби кандай максатта өткөрүлөт?

[15-беттеги сүрөт]

Азыр жыйналыш менен тыгыз байланышта болгонубуз маанилүү