Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Өмүрдү тандап ал»

«Өмүрдү тандап ал»

«Өмүрдү тандап ал»

«Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал» (Мыйзам 30:19).

1, 2. Кандайча адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган?

«БИЗДИН бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы». Кудайдын бул сөздөрү Ыйык Китептин эң биринчи бөлүмүндө жазылган. Башталыш 1:26, 27де: «Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты»,— деп айтылат. Демек, биринчи адам жер бетиндеги башка жандуулардын баарынан айырмаланып турган. Жаратканына окшоп, ал сүйүү, адилеттик, акылмандык жана күч сыяктуу сапаттарды чагылдырууга, ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болгон. Ошондой эле абийир белеги ага асмандагы Атасына жаккыдай жана өзүнө пайда алып келгидей чечимдерди чыгарууга жардам бермек (Римдиктерге 2:15). Кыскасы, Адам ата эрк боштондугуна ээ болгон. Жахаба өзүнүн кол эмгегин, жердеги уулун, карап: «Абдан жакшы»,— деп баа берген (Башталыш 1:31; Забур 94:6).

2 Адам атанын урпактары катары биз да Кудайдын бейнеси боюнча ага окшоштурулуп жаратылганбыз. Бирок биздин эмне кылууну, эмне кылбоону тандоого мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Жахаба келечекти билүүгө жөндөмдүү болсо да, биздин иш-аракеттерибизди, тагдырыбызды алдын ала аныктабайт. Ал жердеги балдарынын тагдырдын буйругуна жетеленип жашашын каалабайт. Чечим чыгарууда эрк боштондугубузду колдонуу канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн, адегенде ысрайыл элинин жашоосунан кандай сабак алсак болорун карап көрөлү (Римдиктерге 15:4).

Ысрайылдыктардын тандоо эркиндиги

3. Он осуяттын биринчисинде эмне деп айтылган жана ишенимдүү ысрайылдыктар ал осуятка баш ийүүнү тандашканын кантип көрсөтүшкөн?

3 Жахаба ысрайылдыктарга: «Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин»,— деп айткан (Мыйзам 5:6). Б.з.ч. 1513-жылы ысрайыл эли Мисир кулчулугунан керемет жолу менен бошотулган, ошондуктан аларда жогорудагы сөздөргө шектенүүгө негиз жок эле. Он осуяттын биринчисине ылайык, Жахаба өзүнүн өкүлү Муса аркылуу: «Менден башка кудайларың болбосун»,— деп жар салган (Чыгуу 20:1, 3). Ошол убакта ысрайыл эли ага баш ийүүнү тандаган. Алар Жахабага толук берилгендик көрсөтүүгө даяр болушкан (Чыгуу 20:5; Сандар 25:11).

4. а) Муса ысрайыл элине кандай тандоо жөнүндө айткан? б) Бизде кандай тандоо мүмкүнчүлүгү бар?

4 Кырк жылдай өткөндөн кийин Муса ысрайылдыктардын башка муунуна тигил же бул жолду тандоо керектигин эскерткен. «Бүгүн силердин алдыңарда асман менен жерди күбөгө тартам,— деген ал.— Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал» (Мыйзам 30:19). Бүгүн биздин да тандоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз Жахабага ишенимдүү кызмат кылууну тандап, түбөлүк өмүргө үмүттөнө алабыз же Анын тилин албоону тандап, кайгылуу кесепеттерди оруп алабыз. Эки мисалга токтолуп, кандайча кээ бирөөлөр эки бөлөк жолду тандаганын карап көрөлү.

5, 6. Жашыя кандай тандоо жасаган жана бул кандай натыйжа алып келген?

5 Б.з.ч. 1473-жылы Жашыя ысрайылдыктарды Убадаланган жерге алып кирген. Өлөр алдында ал бүтүндөй элге мындай күчтүү чакырык менен кайрылган: «Эгерде Кудайга кызмат кылгыңар келбесе, анда азыр кимге кызмат кылууну тандап алгыла, дарыянын аркы өйүзүндө ата-бабаларыңар кызмат кылган кудайларга кызмат кыласыңарбы же силер жеринде жашап жаткан аморлуктардын кудайларына кызмат кыласыңарбы, тандагыла». Андан ары Жашыя: «Мен жана менин үй-бүлөм болсо Теңирге [«Жахабага», МАК] кызмат кылабыз»,— деген (Жашыя 24:15).

6 Мурунураак Жахаба Жашыяны кайраттуу, бекем болууга жана Анын Мыйзамына толук баш ийүүгө үндөгөн. Жашыя Мыйзам китебин күнү-түнү окуп, өз жолунда ийгиликке жете алмак (Жашыя 1:7, 8). Чынында эле ошондой болгон. Жашыянын тандоосу ага бата алып келген. «Теңирдин Ысрайыл уулдарына айткан жакшы сөздөрүнүн ичинен эч бир сөзү аткарылбай калган жок,— деп айткан ал,— бардыгы аткарылды» (Жашыя 21:45).

7. Ышайанын күндөрүндөгү ысрайылдыктар кандай тандоо жасаган жана натыйжасы кандай болгон?

7 Эми 700 жылдай өткөндөн кийин Ысрайылда өкүм сүргөн жагдайды карап көрөлү. Ал кезде көптөгөн ысрайылдыктар бутпарастардын салттары боюнча жашап калышкан эле. Мисалы, жылдын акыркы күнүндө алар дасторконуна ар түркүн даамдуу тамак-аштарды, таттуу шараптарды коюшчу. Бул жөн эле үйбүлө мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн той эмес, бутпарастардын эки кудайын аздектеген диний каада болчу. Ышайа пайгамбар Кудайдын мындай ишенимсиздикке карата көзкарашын: «Теңирди таштаган, Менин ыйык тоомду унуткан, Гат [«Ийгилик кудайы», «ЖД»] үчүн дасторкон даярдаган, Мени [«Тагдыр кудайы», «ЖД»] үчүн чөйчөк толо шарап куйган силерди... Мен кылычка салып берем»,— деп билдирген. Алар түшүм Жахабанын батасына ээ болуудан эмес, «Ийгилик кудайы» менен «Тагдыр кудайынын» көңүлүн алуудан көзкаранды деп эсептешкен. Бирок алар билип туруп тил албастыкка баруу менен өздөрүнүн тагдырын өздөрү чечишкен. «Баарыңар мууздалууга тизе бүгүп бересиңер,— деп өкүм чыгарган Жахаба,— анткени Мен чакырганда, силер жооп берген жоксуңар, Мен сүйлөгөндө, силер укпай койдуңар, тескерисинче, Менин көз алдымда жамандык кылдыңар, Мага жакпаган нерсени тандап алдыңар» (Ышайа 65:11, 12). Алардын акылсыз тандоосу өздөрүнүн кыйратылышына алып келген жана Тагдыр, Ийгилик кудайлары эч кандай жардам бере алган эмес.

Туура тандоо

8. Мыйзам 30:20га ылайык, туура тандоо жасоого эмне кирет?

8 Муса ысрайыл элин өмүрдү тандоого чакырганда: «Кудай-Теңириңди сүй, Аны ук, Ага жабыш» — деп, алар жасашы керек болгон үч кадамды белгилеген (Мыйзам 30:20). Туура тандоо жасаш үчүн, келгиле, бул үч кадамдын ар бирин талдап чыгалы.

9. Жахабага болгон сүйүүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

9 Кудайыбыз Жахабаны сүйүү. Биз Жахабаны сүйгөндүктөн ага кызмат кылууну тандаганбыз. Ысрайылдыктардын жашоосундагы эскертүүчү мисалдарга маани берип, биз адеп-ахлаксыздыкка байланышкан азгырыктардын баарына каршы турабыз жана дүнүйөкорлуктун сазына баткыдай жашоо өткөрүүдөн качабыз (1 Корунттуктарга 10:11; 1 Тиметейге 6:6—10). Биз Жахабага жабышып, анын көрсөтмөлөрүн сактайбыз (Жашыя 23:8; Забур 118:5, 8). Ысрайылдыктар Убадаланган жерге кирердин алдында Муса аларга: «Мен силерге Кудай-Теңирим берген мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү үйрөттүм. Ээлегени бара жаткан жерге барганыңарда, ушуларды аткаргыла. Ушуларды сактагыла жана аткаргыла, анткени башка элдердин алдындагы силердин акылдуулугуңар менен эстүүлүгүңөр ушунда»,— деп айткан (Мыйзам 4:5, 6). Азыр Жахабанын эркин жашообузда биринчи орунга коюп, ага сүйүүбүздү көрсөткөнүбүз абдан маанилүү. Мындай тандоо бизге Кудайдын баталарын алып келери шексиз (Матай 6:33).

10—12. Нухтун күндөрүндөгү окуялардан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот?

10 Кудайды угуу. Нух «адилдикти жар салган» (2 Петир 2:5). Топон суунун алдында адамдардын дээрлик баары өз иштери менен алек болуп, Нухтун эскертүүлөрүнө кулак кагышкан эмес. Бул эмнеге алып келген? «Топон суу каптап, баарын жок кылган». Ыйса «адам Уулунун катышуусуна» («ЖД») дал келген биздин убакта да ошондой болорун эскерткен. Нухтун күндөрүндөгү алаамат бүгүн Кудайдын кабарын четке кагып жаткан адамдарга айдан ачык эскертүү болуп саналат (Матай 24:39).

11 Кудайдын бүгүнкү кызматчылары жарыялап жаткан эскертүүлөрдү шылдыңдагандар мунун акыры эмне менен бүтөрүн түшүнүшү керек. Андай шылдыңчылдар жөнүндө элчи Петир мындай деген: «[Алар] асман менен жердин башында эле Кудай сөзү аркылуу суудан жана суу аркылуу жаратылганын билгилери келишпейт. Бирок байыркы дүйнө топон суу аркылуу жок болгон. Ал эми ошол эле Кудай Сөзү аркылуу сакталып турган азыркы асман менен жер от үчүн сакталып турат. Сот боло турган күнгө, кудайсыздар жок боло турган күнгө чейин сакталат» (2 Петир 3:3—7).

12 Нух үйбүлөсү менен таптакыр башка жолду тандаган. «Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып, өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган». Анын эскертүүгө кулак какканы үйбүлөсүнө куткаруу алып келген (Эврейлерге 11:7). Келгиле, Кудайдын кабарын угууга даяр болуп, аны тил алчаактык менен аткарууга умтулалы (Жакып 1:19, 22—25).

13, 14. а) Жахабага «жабышуу» эмне үчүн маанилүү? б) Карапачыбыз Жахабанын бизди калыптандырышына канткенде жол беребиз?

13 Жахабага «жабышуу». Өмүрдү тандап алып, өмүр сүрүш үчүн биз, Жахабаны сүйүүдөн жана аны угуудан тышкары, «Ага жабышышыбыз», башкача айтканда, анын эркин тырышчаактык менен аткарышыбыз керек. «Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар»,— деп айткан Ыйса (Лука 21:19). Чынында, биздин тандообуз жүрөгүбүздүн кандай экенин айгинелейт. Накыл сөздөр 28:14тө: «Кудайдын алдында ар дайым коркуп жашаган адам бактылуу, ал эми жүрөгүн өжөрлөнткөн адам кырсыкка кабылат»,— деп айтылат. Бул аяттын экинчи бөлүгүнө байыркы Мисирдин фараону мисал боло алат. Мисир жерин каптаган он жазанын ар биринен кийин, фараон Кудайдан корккондун ордуна кайра-кайра жүрөгүн өжөрлөнткөн. Жахаба аны тил албастык көрсөтүүгө мажбурлаган эмес, тескерисинче, бул текебер башкаруучуга тандоо жасоого мүмкүнчүлүк берген. Фараон эмнени тандабасын, Жахабанын эрки аткарылган жана муну анын фараонго айткан төмөнкү сөздөрү тастыктап турат: «Сага күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүткүл жер жүзүндө жар салынышы үчүн, Мен сени падыша кылып койдум» (Римдиктерге 9:17).

14 Ысрайыл эли фараондун кулчулугунан бошотулгандан жүздөгөн жылдар өткөн соң, Ышайа пайгамбар: «Теңир, Сен биздин Атабызсың. Биз топуракпыз, Сен болсо биздин Жаратуучубузсуң [«Карапачыбызсың», БМК], биз баарыбыз Сенин колуңдун ишибиз»,— деген (Ышайа 64:8). Жахабанын бизди өздүк изилдөө жана анын Сөзүн иш жүзүндө колдонуу аркылуу калыптандырышына жол берип, акырындык менен жаңы табиятты кие беребиз. Жахабага жагууну чын жүрөктөн каалагандыктан, биз барган сайын момун жана ийкемдүү болууга умтулабыз; бул болсо Кудайга берилгендик көрсөтүп, ага «жабышышыбызга» өбөлгө түзөт (Эфестиктерге 4:23, 24; Колосалыктарга 3:8—10).

«Аларды... үйрөт»

15. Мыйзам 4:9га ылайык, Муса кайсы эки талапты ысрайылдыктардын эсине салган?

15 Убадаланган жердин босогосунда турган ысрайыл элине Муса: «Сак бол, жаныңды бек сакта, өз көзүң менен көргөн иштерди унутпа, аларды өмүрүң өткөнчө жүрөгүңдөн чыгарба. Аларды балдарыңа, балдарыңдын балдарына үйрөт»,— деп айткан (Мыйзам 4:9). Жахабанын батасына ээ болуп, мураска берилген жерде гүлдөп жашаш үчүн, ысрайылдыктар Жахаба Кудайдын эки талабын аткарышы керек эле. Алар өз көздөрү менен көргөн Жахабанын кереметтүү иштерин унутпоого жана аларды болочок муундарга үйрөтүүгө тийиш болушкан. Өмүрдү тандап алып, өмүр сүрүш үчүн, Кудайдын эли катары биз да ошол талаптарды аткарышыбыз керек. Жахабанын биз үчүн кылган кайсы иштерин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз?

16, 17. а) Гилат мектебинде окуган миссионерлер кабар айтуу ишине кандай салым кошуп жатышат? б) Силер кайсы ынталуу кызматчылардын үлгүсүн билесиңер?

16 Жахабанын кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине батасын берип жатканын көрүү биз үчүн чоң кубаныч. 1943-жылы Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектеби ачылгандан бери миссионерлер шакирт даярдоо ишин көп сандаган өлкөлөрдө аткарып келишүүдө. Бул мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрү азыр улгайып калышканына, оору-сыркоолоруна карабай Падышалык жөнүндө кабар айтууга дагы деле ынталуу катышып жатышат. Сонун үлгү көрсөткөндөрдүн бири — Гилат мектебин 1944-жылы бүтүргөн Мэри Олсон. Ал адегенде Уругвайга, кийин Колумбияга миссионер болуп дайындалган, азыр болсо миссионердик кызматын Пуэрто-Рикодо улантып жатат. Карылыктын айынан алдан-күчтөн тайып, денсоолугу начарлап калганына карабай, бул биртууган кабар айтууда дагы деле ынталуу. Ал испан тилинде кабар айтып, жергиликтүү жарчылар менен жума сайын кызматташат.

17 Ал эми Нэнси Портер Гилат мектебин 1947-жылы бүтүргөн. Жесир калганына карабастан, ал Багама аралдарында ушу кезге чейин кызмат кылып келатат. Бул миссионер да кабар айтуу ишине жигердүү катышат. «Башкаларды Ыйык Китептеги чындыкка окутуу мага өзгөчө кубаныч тартуулайт,— дейт Портер биртууган өзүнүн өмүр баянында *.— Мындай рухий күнтартип жашоомдун жыйнактуу жана туруктуу болушуна өбөлгө түзөт». Портер биртууган жана башка ишенимдүү кызматчылар өткөндү эстеп, Жахабанын улуу иштерин унутушпайт. Бизчи? Жахабанын биздин аймакта Падышалыктын ишине батасын бергенине ыраазыбызбы? (Забур 67:12).

18. Миссионерлердин өмүр баянын окуу эмне үчүн пайдалуу?

18 Биз Жахабага көп жылдан бери кызмат кылып келаткандардын жетишкендиктерине абдан кубанычтабыз. Алардын өмүр баяны бизге күч-кубат берет, анткени Жахабанын ал ишенимдүү биртуугандарга эмнелерди кылганын окуганда Жахабага кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүз ого бетер чыңдалат. «Күзөт мунарасына» чыккан ошондой кызыктуу өмүр баяндарды дайыма окуп, ой жүгүртөсүңөрбү?

19. Ата-энелер «Күзөт мунарасына» чыккан өмүр баяндарды кантип пайдалана алышат?

19 Муса ысрайылдыктарды Жахабанын алар үчүн кылган иштерин өмүр бою жүрөктөрүндө сактоого үндөгөн. Анан дагы эмне кылуу керектиги жөнүндө: «Аларды балдарыңа, балдарыңдын балдарына үйрөт»,— деп айткан (Мыйзам 4:9). Адамдардын өмүр таржымалы өзгөчө кызыктуу. Өсүп келаткан балдар башкалардын жакшы үлгүсүнө муктаж. Турмушка чыга элек эже-карындаштар «Күзөт мунарасына» жарыяланган улуу курактагы ишенимдүү эжелердин өмүр баянынан көп нерселерге үйрөнө алышат. Өздөрүнүн өлкөсүндө чет тилдүү аймакта кабар айткан биртуугандар жөнүндө окуу ага-инилерге да, эже-карындаштарга да кызматын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ата-энелер, Гилатты бүткөн ишенимдүү миссионерлердин жана башкалардын үлгүсүнө көңүл буруп, балдарыңарды толук убакыттуу кызматты тандоого үндөйсүңөрбү?

20. «Өмүрдү тандап алыш» үчүн эмне кылышыбыз керек?

20 Эмесе, «өмүрдү тандап алыш» үчүн ар бирибиз эмне кылышыбыз керек? Жахабаны сүйөрүбүздү көрсөтүү үчүн кереметтүү белекти — эрк боштондугун — туура колдонуп, Кудайга кызмат кылууда мындан ары да бүт күчүбүздү жумшоо зарыл. Анткени, Муса айткандай, Жахаба — «сенин өмүрүң. Ал... сага узун өмүр берет» (Мыйзам 30:19, 20).

[Шилтеме]

^ 17-абз. 2001-жылдын 1-июнундагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 23—27-беттериндеги «Оор жоготууга карабай кубанычтуумун жана Кудайга ыраазымын» деген макаланы карагыла.

Эстей аласыңарбы?

• Эки түрдүү тандоо жасаган адамдардын мисалынан эмнелерге үйрөндүңөр?

• «Өмүрдү тандап алыш» үчүн кайсы кадамдарды жасашыбыз зарыл?

• Биз кайсы эки талапты аткарышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

«Сага өмүр менен өлүмдү... сунуш кылдым»

[27-беттеги сүрөт]

Кудайды уккандыктан, Нух үйбүлөсү менен куткарылган

[28-беттеги сүрөт]

Мэри Олсон

Нэнси Портер