Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алардын келиши күчтүү таасир калтырган

Алардын келиши күчтүү таасир калтырган

Алардын келиши күчтүү таасир калтырган

«КУДАЙДЫН мага жиберген эки „периштеси“ тууралуу үйбүлөмө айтып берүүгө шашылдым». Жахабанын Күбөсү болгон эки кыз жөнүндө бир киши ушундай деп жазган. Кыздар келгенден бир нече жума мурун, ал 45 жаштагы аялынан айрылып, күйүт тартып жүргөн. Бойго жеткен балдары аны сооротууга аракет кылышчу, бирок алар атасынан алыс жашашчу. Достору менен кошуналарынын бири да анын кайгысын тең бөлүшкөн эмес.

Кыздар менен маектешип жатып ал: «Мен эч качан Кудайга кайрылып көргөн эмесмин»,— деген. Күбөлөр ага боорукердик менен мамиле кылып, Ыйык Китепке негизделген «Өлгөн сүйүктүү жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?» деген баракчаны калтырып кетишкен. Ал киши баракчаны ошол эле кечте окуп чыгып, сооротуу алган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин, эки Күбө кайра келген. Алар анын өткөндө кайгырып турганын байкашканын айтып, ал-акыбалын сурашкан. «Такыр тааныбаган эки адамдын мени ойлоп, тынчсызданышканына аябай таң калдым»,— деп жазган ал. Күбөлөр Ыйык Китептен жубатарлык аяттарды окуп-түшүндүрүп беришкенде, анын көңүлү көтөрүлүп, бекемделген. Кыздар кийинчерээк телефон аркылуу байланышарын айтышкан. Ал кубанганынан Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү Падышалык залына жогорудагы сөздөрдү жазууга түрткү алган.

Уулуна жакыныраак жерге көчүп кетер алдында ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыш жолугушуусуна катышкан. Ошондой эле кыздардын биринин үйбүлөсү аны тамакка чакырган. Ал жазган катын мындай деп аяктайт: «Мен бул жерден кеткени жатам, бирок мага кабар айткан кыздар менен силердин жыйналышыңар эч качан эсимден кетпейт. Силер үчүн тиленип турам. Ооба, азыр мен дайыма тиленем. Ой жүгүртүүм да түп-тамырынан бери өзгөрдү. Буга кыздар чоң салым кошушту, ошондуктан мен аларга түбөлүккө ыраазымын».