Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар Кудайдын тандалган эли катары төрөлүшкөн

Алар Кудайдын тандалган эли катары төрөлүшкөн

Алар Кудайдын тандалган эли катары төрөлүшкөн

«Сен Анын Өз эли болушуң үчүн, сени Кудай-Теңириң тандап алган» (Мыйзам 7:6).

1, 2. Өзүнүн эли үчүн Жахаба кандай керемет иштерди жасаган жана алардын ортосунда кандай мамиле түзүлгөн?

ЖАХАБА б.з.ч. 1513-жылы өзүнүн жердеги кызматчылары менен өзгөчө мамиле түзгөн. Ал ошол кездеги дүйнөлүк державаны, Мисирди, багынтып, ысрайылдыктарды кулчулуктан бошоткон да, алардын Куткаруучусу жана Кожоюну болуп калган. Ага чейин Мусага мындай деген: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Мен Теңирмин, силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарам, силерди кулчулуктан бошотом, силерди кудуреттүү күчүм менен, чоң жазалар менен куткарам. Силерди Өзүмө эл кылып алам да, силердин Кудайыңар болом“» (Чыгуу 6:6, 7; 15:1—7, 11).

2 Мисир кулчулугунан бошонгондон көп өтпөй ысрайылдыктар менен Жахаба Кудайдын ортосунда келишим түзүлгөн. Мындан ары Жахаба кайсы бир адам, үйбүлө же уруу менен эмес, адамдардын уюшулган тобу, башкача айтканда, эл менен мамилелешмек (Чыгуу 19:5, 6; 24:7). Ал өз элине күндөлүк турмушуна, андан да маанилүүсү, сыйынуусуна байланыштуу мыйзамдарды берген. Муса алардан: «Качан чакырса да, ушунчалык жакын болгон биздин Кудай-Теңирибиздей кудайы бар улуу эл барбы? Мен бүгүн силерге берип жаткан мыйзамдай ушунчалык адилеттүү мыйзамдары менен көрсөтмөлөрү бар улуу эл барбы?» — деп сураган (Мыйзам 4:7, 8).

Күбө болуш үчүн төрөлгөн эл

3, 4. Кудай ысрайылдыктарды кайсы маанилүү себептен улам эл кылып тандап алган?

3 Бир нече кылымдан кийин Жахаба Ышайа пайгамбар аркылуу ысрайылдыктарга кайрылып, аларды эмне үчүн эл кылып тандап алганынын маанилүү себебин эстерине салган. Ышайа мындай деген: «Жакып, сени жараткан, Ысрайыл, сени жасаган Теңир азыр мындай дейт: „Коркпогун, анткени Мен сени куткарып алдым, Мен сени өз атыңдан чакырдым, сен Меникисиң. Анткени Мен Теңирмин, сенин Кудайыңмын, Ысрайылдын Ыйыгымын, сенин Куткаруучуңмун... Алыстан Менин уулдарымды, жер кыйырынан Менин кыздарымды алып кел. Менин ысымым менен аталган, Өзүмдүн даңкым үчүн жараткан, түзгөн жана орноткон ар бир адамды алып кел“,— деп айтам. „Менин күбөлөрүм болсо — силер жана Өзүм тандап алган кулум“,— дейт Теңир... „Бул элди Мен Өзүм үчүн түздүм. Ал Менин даңкымды жарыя кылат“» (Ышайа 43:1, 3, 6, 7, 10, 21).

4 Жахабанын ысмы менен аталган эл болгондуктан ысрайылдыктар анын эгедерлигин башка элдерге жарыялаган күбөлөр катары кызмат кылышмак. Алар Жахабанын даңкы үчүн жаратылган эл болмок. Анын өз элин куткарууда жасаган кереметтүү иштери жөнүндө айтуу менен Кудайдын ыйык атын даңазалап, даңкын жарыя кылышмак. Кыскача айтканда, алар Жахаба тууралуу күбөлөндүргөн эл болмок.

5. Кандай мааниде ысрайылдыктар Кудайга арналган эл болгон?

5 Б.з.ч. 11-кылымда жашаган Сулайман падыша Жахабанын ысрайылдыктарды өзүнчө эл кылып бөлүп алганын айткан. Кудайга тиленип жатып ал: «Аларды бардык элдердин арасынан бөлүп алып, Өзүңө энчилеп алгансың»,— деген (1 Падышалар 8:53). Ысрайыл элиндеги ар бир адам да Жахаба менен өзгөчө мамиледе болгон. Мурунураак Муса аларга: «Силер Кудай-Теңириңердин балдарысыңар... Сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң»,— деп айткан (Мыйзам 14:1, 2). Ошондуктан ысрайыл элиндеги жаштарга өзүлөрүн Жахабага арноонун зарылдыгы жок болгон. Себеби алар төрөлгөндө эле Кудайдын арналган элинин мүчөсү катары эсептелген (Забур 78:13; 94:7). Ар бир жаңы муун Жахабанын мыйзамдарына үйрөтүлчү жана аны менен түзүлгөн келишимге ылайык, алардан ошол мыйзам-жоболорго баш ийүү талап кылынчу (Мыйзам 11:18, 19).

Тандоо эркиндигине ээ болушкан

6. Ысрайылдыктардын ар бири эмнени чечиши керек эле?

6 Кудайга арналган элдин мүчөсү болгонуна карабай, ысрайылдыктардын ар бири ага кызмат кылууну же кылбоону өз алдынча чечмек. Эл Убадаланган жерге кирердин алдында Муса аларга мындай деген: «Бүгүн силердин алдыңарда асман менен жерди күбөгө тартам. Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал. Кудай-Теңириңди сүй, Аны ук, Ага жабыш. Анткени Ал сенин өмүрүң. Ал сенин ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган жерде сага узун өмүр берет» (Мыйзам 30:19, 20). Демек, Жахабаны сүйүүнү, аны угууну жана ага жакындоону ысрайыл элиндеги ар бир адам өзү чечиши керек болчу. Алар эрк боштондугуна ээ болушкан. Ошондуктан чыгарган чечиминин натыйжасын өзүлөрү көрүшмөк (Мыйзам 30:16—18).

7. Жашыя жана анын убагындагы адамдардын көзү өткөндөн кийин эмне болгон?

7 Башкаруучулардын убагындагы окуялардан Кудайга ишенимдүү болуу же болбоо кандай натыйжаларга алып келери айкын көрүнүп турат. Ал мезгилге чейин ысрайылдыктар Жашыядан үлгү алып жашагандыктан көптөгөн баталарга ээ болушкан. Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Алар Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган улуу иштеринин баарын көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышчу». Бирок Жашыя өлгөндөн көп өтпөй «алардын ордуна Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келгенден кийин, Ысрайыл эли Теңирдин алдында мыйзамсыз иштерди» жасай баштаган (Башкаруучулар 2:7, 10, 11). Жахаба Кудай өз эли үчүн көптөгөн керемет иштерди жасаса да, тажрыйбасы аз кийинки муун, сыягы, ага арналган элдин мүчөсү болуу сыймыгын баалаган эмес (Забур 77:3—7, 10, 11).

Арналууга ылайык жашоо

8, 9. а) Кайсы чара ысрайылдыктарга Жахабага арналышканын көрсөтүүгө мүмкүндүк берген? б) Ыктыярдуу тартууларды алып келгендер эмнеге ээ болушкан?

8 Ысрайыл эли арналуусуна ылайык жашай алышы үчүн, Жахаба ар түрдүү чараларды караштырган. Мисалы, ал айрымдары милдеттүү, башкалары ыктыярдуу түрдө алып келинүүчү тартуулар менен курмандыктарга байланыштуу мыйзамдарды берген (Эврейлерге 8:3). Өз ыктыяры менен алып келинүүчү курмандыктарга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, нан курмандыгы жана тынчтык курмандыгы кирген. Алар Жахабанын жактыруусуна ээ болуу жана ага ыраазычылык билдирүү максатында алып келинчү (Лебилер 7:11—13).

9 Андай тартуулар Жахабага жакчу. Ыйык Жазмада бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынын «жыты Теңирге жаккан» курмандык болгону айтылат (Лебилер 1:9; 2:2). Тынчтык курмандыгына чалынган малдын каны менен майы Жахабага тартууланчу, ал эми этин ыйык кызмат кылуучулар менен курмандыкты алып келген адам жей турган. Ошондуктан каймана мааниге ээ андай тамактануу Жахаба менен болгон тынчтыкты билдирген. Мыйзамда: «Теңирге тынчтык курмандыгын чалганыңарда, аны өзүңөргө ырайым табыш үчүн чалгыла»,— деп жазылган (Лебилер 19:5). Ысрайылдыктардын баары төрөлгөнүнөн эле Жахабага арналган болушса да, арналуусунун маанисине ылайык жашоону каалагандар ыктыярдуу тартууларды алып келүү менен өзүлөрүнө «ырайым таап», мол баталарды алышкан (Малахия 3:10).

10. Ышайа менен Малахиянын күндөрүндө Жахаба элине нааразы экенин кантип билдирген?

10 Тилекке каршы, ысрайыл эли көп учурда Жахабага ишенимдүү болгон эмес. Ышайа пайгамбар аркылуу Жахаба: «Сен Мага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуларды чалган жоксуң, курмандыктарың менен Мени урматтаган жоксуң. Мен сени Мага нан тартуулап кызмат кыл деп мажбурлаган жокмун»,— деген (Ышайа 43:23). Андан сырткары, өз эрки жана сүйүүсү менен алып келинбеген тартуулардын Кудай алдында эч кандай баалуулугу жок болчу. Мисалы, Ышайадан үч жүз жылдай кийин жашаган Малахия пайгамбардын күндөрүндө ысрайылдыктар курмандыкка кемтиги бар малдарды чалышкан. Ошондуктан Малахия аларга: «Мен силерге ыраазы эмесмин,— дейт Себайот Теңир,— силердин колуңардан чыккан тартуулар Мага жакпайт... уурдалган, аксаган, оорулуу малды курмандыкка чалып жатасыңар... Мен буларды силердин колуңардан ыраазычылык менен кабыл ала аламбы? — дейт Теңир»,— деп айткан (Малахия 1:10, 13; Амос 5:22).

Арналган элдин четке кагылышы

11. Ысрайыл элине кандай мүмкүнчүлүк берилген?

11 Ысрайыл эли менен келишим түзгөндө Жахаба аларга мындай убада берген: «Силер Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники. Силер Мен үчүн ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл болосуңар» (Чыгуу 19:5, 6). Убадаланган Мессия ошол элден чыкмак жана Кудайдын асмандагы өкмөтүндө бийлик кылуу мүмкүнчүлүгүн биринчи кезекте аларга бермек (Башталыш 22:17, 18; 49:10; 2 Шемуел 7:12, 16; Лука 1:31—33; Римдиктерге 9:4, 5). Бирок элдин басымдуу бөлүгү арналуусуна ылайык жашаган эмес (Матай 22:14). Алар Мессияны кабыл албай коюшкан жана акыры аны өлтүрүп салышкан (Элчилер 7:51—53).

12. Ыйсанын кайсы сөздөрү Жахабага арналган элдин четке кагылганын көрсөтүп турат?

12 Өлөрүнөн бир нече күн мурун Ыйса жүйүттөрдүн диний жетекчилерине мындай деп айткан: «Ыйык Жазуудагы „Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды. Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт“ деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер? Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет» (Матай 21:42, 43). Ыйса Жахабага арналган ал элдин четке кагылганын төмөнкү сөздөр менен көрсөткөн: «Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүргөн, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң. Мына, үйүң ээн калат!» (Матай 23:37, 38).

Кудайга арналган жаңы эл

13. Жеремия аркылуу Жахаба кандай пайгамбарлык айткан?

13 Жеремия аркылуу Жахаба өз элине байланыштуу жаңы пайгамбарлык айткан. Ыйык Жазмадан төмөнкү сөздөрдү окуйбуз: «Мына, күндөр келе жатат,— дейт Теңир,— ошол күндөрү Мен Ысрайыл жана Жүйүт менен жаңы келишим түзөм. Бирок бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колдорунан алган күнү түзгөм. Мен алар менен түзгөн келишимди бузбасам да, алар Менин ошол келишимимди бузушту,— дейт Теңир. Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм,— дейт Теңир,— Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот» (Жеремия 31:31—33).

14. Жахабага арналган жаңы эл качан жана эмненин негизинде пайда болгон? Ал эмне болгон жаңы эл экенин түшүндүр.

14 Бул жаңы келишимдин негизи б.з. 33-жылы Ыйса өлүп, төгүлгөн канынын баасын Атасына тапшырганда түзүлгөн (Лука 22:20; Эврейлерге 9:15, 24—26). Анткен менен ал б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Ыйсанын жолдоочуларына ыйык рух түшүп, «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган жаңы эл төрөлгөндө гана күчүнө кирген (Галатиялыктарга 6:16; Римдиктерге 2:28, 29; 9:6; 11:25, 26). Майланган ишенимдештерине кайрылып элчи Петир: «Ал эми силер тандалган уруусуңар, Падышанын ыйык кызмат кылуучуларысыңар, ыйык элсиңер, Кудай энчилеп алган элсиңер. Силерди караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш үчүн тандалгансыңар. Бир кезде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер»,— деп айткан (1 Петир 2:9, 10). Жахаба ысрайыл эли менен болгон өзгөчө мамилесин токтоткон. Б.з. 33-жылынан тартып ал өз батасын кадимки Ысрайылга эмес, Мессиялык Падышалыктын «жемишин бере турган» рухий Ысрайылга — Ыйсанын жолдоочуларынан турган жыйналышка — бере баштаган (Матай 21:43).

Жекече арналуу

15. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Петир угуучуларын эмне кылууга чакырган?

15 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин ар бир адам, жүйүт же бутпарас болобу, Кудайга жекече арналып, «Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан» чөмүлтүлүшү керек болгон * (Матай 28:19). Элүүнчү күн майрамында элчи Петир чындык сөзүн кабыл алууга даяр болгон жүйүттөр менен прозелиттерге: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат»,— деп айткан (Элчилер 2:38). Чөмүлтүлүү менен алар өздөрүн Жахабага арнаганын гана эмес, күнөөлөрүнүн Ыйса аркылуу кечирилерине ишенерин да көрсөтүшмөк. Алар Ыйсаны Жахаба дайындаган Башкы ыйык кызмат кылуучу, Жолбашчы жана жыйналыштын Башчысы катары кабыл алууга тийиш болгон (Колосалыктарга 1:13, 14, 18).

16. Пабылдын убагында чындык сөзүн кабыл алган жүйүттөр менен бутпарастар кандайча рухий Ысрайылга мүчө болушкан?

16 Бир нече жылдан кийин элчи Пабыл: «Адегенде Дамасктын жана Иерусалимдин тургундарына, андан кийин бүтүндөй Жүйүт аймагына жана бутпарастарга: „Тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла, тобо кылганыңарга ылайык иштерди кылгыла“,— деп насааттап жүрдүм»,— деп айткан (Элчилер 26:20). Пабыл жүйүттөр менен бутпарастарды Ыйсанын Машайак, Мессия экенине ынандырып, Кудайга арналууга жана чөмүлтүлүүгө жардам берген (Элчилер 16:14, 15, 31—33; 17:3, 4; 18:8). Кудайга кайрылуу менен ал жаңы шакирттер рухий Ысрайылга мүчө болушкан.

17. Кимдердин мөөрлөнүп бүтүшүнө аз калды жана кайсы иш тездик менен жүрүп жатат?

17 Бүгүн рухий Ысрайылдын калган мүчөлөрүнүн мөөрлөнүп бүтүшүнө аз калды. Алардын акыркысына мөөр басылганда, «улуу кайгынын» кыйратуучу шамалдарын кармап турган «төрт периштеге» ал шамалдарды коё берүүгө буйрук берилет. Ага чейин болсо, жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн «эбегейсиз көп адамдар» тездик менен чогултулуп жатат. «Башка койлорго» кирген ал адамдар «Козунун канына» өз эрки менен ишеним көрсөтүп, Жахабага арналышканын чөмүлтүлүү менен билдиришүүдө (Аян 7:1—4, 9—15; 22:17; Жакан 10:16; Матай 28:19, 20). Алардын арасында чындык жолунда жүргөн ата-энелер тарбиялаган жаштар да бар. Эгерде ошондой жаштардын бири болсоң, кийинки макала сен үчүн кызыктуу болот.

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2003-ж., 15-май, 30, 31-б., ор.

Кайталоо үчүн суроолор

• Эмне үчүн ысрайыл элиндеги жаштарга Жахабага арналуунун зарылдыгы болгон эмес?

• Ысрайылдыктар арналуусуна ылайык жашашканын кантип көрсөтө алышмак?

• Эмне үчүн Жахаба ысрайыл элин четке каккан жана анын ордуна кимдерди тандаган?

• Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан баштап рухий Ысрайылга мүчө болуу үчүн жүйүттөр менен бутпарастар эмне кылышы керек эле?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги сүрөт]

Ысрайылдагы жаштар төрөлгөнүнөн эле Кудайдын элинин мүчөсү болушкан

[23-беттеги сүрөт]

Ысрайыл элиндеги ар бир адам Кудайга өз алдынча арналышы керек болчу

Ыктыярдуу тартуулар аркылуу ысрайылдыктар Жахабага болгон сүйүүсүн көрсөтө алышмак

[25-беттеги сүрөт]

Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып Ыйсанын жолдоочулары Кудайга жекече арналып, аны чөмүлтүлүү менен билдиришмек