Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Кудайга кызмат кылууну тандагыла

Жаштар, Кудайга кызмат кылууну тандагыла

Жаштар, Кудайга кызмат кылууну тандагыла

«Азыр кимге кызмат кылууну тандап алгыла» (Жашыя 24:15).

1, 2. Христиан диндеринде чөмүлтүүнүн Ыйык Китепке дал келбеген кандай түрлөрү бар?

«БАЛДАР Машайакты таанып-биле алгыдай болгондо гана анын жолдоочулары болушсун». Бул сөздөрдү б.з. 2-кылымынын аяк ченинде Тертуллиан деген жазуучу айткан. Ал ошол кездеги чындык жолунан четтеп кеткен христиандардын арасында кеңири таралган каадага, ымыркайларды чөмүлтүү каадасына, каршы болгон. Чиркөө атасы катары эсептелген Августин болсо Тертуллиандын айтканына жана Ыйык Китепте жазылгандарга карама-каршы келген нерсеге окутчу. Ал чөмүлтүлүү тукум кууп өткөн күнөөнү жууйт, эгер чөмүлтүлбөгөн ымыркай өлүп калса, сөзсүз тозокко түшөт деп ырастачу. Ушундан улам адамдар жаңы төрөлгөн балдарын мүмкүн болушунча эртерээк чөмүлдүргөнгө аракет кыла башташкан.

2 Мындай салт көптөгөн христиан диндеринде дагы эле бар. Андан сырткары, тарых бою башкаруучулар менен христиан дининин жетекчилери багындырылган «бутпарастарды» мажбурлоо менен чөмүлдүрүп келишкен. Бирок ымыркайларды чөмүлтүү жана чоң кишилерди мажбурлап чөмүлтүү Ыйык Китепке дал келбейт.

Бүгүн төрөлгөнүнөн эле Кудайга арналган адам жок

3, 4. Ата-энеси чындык жолунда жүргөн балдарга өз эрки менен Кудайга арналууга эмне жардам берет?

3 Ыйык Китепке ылайык, Кудай атасы же энеси эле чындык жолунда жүргөн балдарды да ыйык эсептейт (1 Корунттуктарга 7:14). Бул андай балдардын Жахабанын арналган кызматчылары экенин билдиреби? Жок. Анткен менен Жахабадан корккон ата-энелери аларга кийин өз эрки менен Кудайга арналууга түрткү бере турган билим бере алышат. Акылман Сулайман падыша мындай деп жазган: «Уулум! Атаңдын осуяттарын сакта, энеңдин акыл-насаатын четке какпа... Жолго чыкканыңда, алар сени жетектейт, уктап жатканыңда кайтарат, ойгонгонуңда сени менен маектешет. Анткени осуят — чырак, акыл-насаат — жарык, насыятты үйрөнүү — өмүргө жол» (Накыл сөздөр 6:20—23).

4 Кудайдан корккон ата-энесинин жетекчилигине даярдуулук менен баш ийүү балдарды коргойт. Сулайман: «Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул — энесинин кайгысы»,— деп жазган. Анын мындай деп да айтканы бар: «Уулум, кулак сал, акылдуу бол, жүрөгүңдү түз жолго бур» (Накыл сөздөр 10:1; 23:19). Жаштар, ата-энеңердин тарбиясы пайда алып келсин десеңер, алардын кеп-кеңештерин жана оңдоо чараларын даярдуулук менен кабыл алгыла. Силер акылдуу болуп төрөлбөйсүңөр, бирок «акылдуу боло» аласыңар жана өз эркиңер менен «өмүр жолуна» түшө аласыңар.

Акыл-насаат айтуу деген эмнени билдирет?

5. Пабыл балдар менен аталарга кандай кеңеш берген?

5 Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле, бул Теңирге жагат, анткени ушундай кылганыңар туура. „Ата-энеңди сыйла“ деген осуят — убадалуу осуяттардын биринчиси: „Сага жакшы болушу үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болушу үчүн, ата-энеңди сыйла“. Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла» (Эфестиктерге 6:1—4).

6, 7. Балдарды «Теңирдин акыл-насааты» менен тарбиялоого эмне кирет жана эмне үчүн бул аларга кысым көрсөткөндүккө жатпайт?

6 Чындык жолунда жүргөн ата-эненин өз балдарын «Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялаганы» аларга кысым көрсөткөндүккө жатпайбы? Жок. Балдарын өздөрү туура көргөн жана адеп-ахлактык жактан пайдалуу деп эсептеген нерселерге үйрөткөн ата-энени ким айыптай алат? Мисалы, балдарын Кудай жок деп үйрөткөнү үчүн атеисттерди эч ким деле күнөөлөбөйт. Католиктер болсо балдарын өздөрү туткан динге үйрөтүүнү парыз катары көрүшөт жана бул үчүн аларды сынга алгандар чанда эле кезигет. Анын сыңарындай, Жахабанын Күбөлөрү балдарын Ыйык Китептеги негизги чындыктар менен адеп-ахлак нормаларына карата Кудайдыкындай көзкарашта болууга үйрөтүшөт. Бул үчүн аларды балдарынын мээсин айлантып жатат деп айыптоо, албетте, туура эмес.

7 Бир сөздүккө ылайык, Эфестиктерге 6:4тө «акыл-насаат менен тарбиялоо» деп которулган грек сөзү «акылды туура багытка бурууну, рухий маанайды жакшыртууну» билдирет («Жаңы Келишимдин теологиялык сөздүгү»). Кээде балдар теңтуштарынын таасиринен улам же башкалардан айырмаланууну каалабагандыктан ата-энесинин таалим-тарбиясын четке кагышы мүмкүн. Андайда кимдин таасири зыян алып келет: ата-энесиникиби же курбуларыныкыбы? Достору баңгизат колдонууга, ичимдикти ченемсиз ичүүгө же адеп-ахлаксыз иштерди кылууга азгырып жаткан баласына андай жүрүм-турумдун кесепеттерин айтып, ой жүгүртүүсүн оңдоого аракет кылган ата-энени айыптоо туура болобу?

8. Тиметей чындык жолунун туура экенине кантип ынанган?

8 Элчи Пабыл жаш Тиметейге мындай деп жазган: «Сен болсо эмнени үйрөнсөң, сага эмне ишенип тапшырылса [«эмнеге ынансаң», «БМК»], ошону сактагын, анткени кимден үйрөнгөнүңдү билесиң. Анын үстүнө, Машайак Ыйсага болгон ишеним аркылуу куткарылууга боло тургандыгын түшүндүрүүчү Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң» (2 Тиметейге 3:14, 15). Тиметей кичине кезинде эле жүйүт динин туткан апасы менен таенеси Ыйык Жазманын негизинде анын Кудайга болгон ишенимин өстүрүүгө умтулушкан (Элчилер 16:1; 2 Тиметейге 1:5). Кийинчерээк Ыйсанын жолдоочулары болушканда алар Тиметейди чындык жолун тандоого мажбурлашкан эмес. Тескерисинче, Ыйык Жазмадан жүйөлүү далилдерди келтирүү менен ал жолдун туура экенине ынанууга жардам беришкен.

Жахаба сени тандоо жасоого чакырат

9. а) Жахаба бизге эмнени берген жана эмне себептен? б) Кудайдын Уулу өзүнүн эрк боштондугун кантип колдонгон?

9 Жахаба бизди роботтордой, анын эркин гана аткаргыдай кылып жарата алмак. Бирок анткен эмес. Ал бизге эрк боштондугун берген. Кудай жаратууларынын ага өз эрки менен кызмат кылышын каалайт. Кары болобузбу, жаш болобузбу, Жахабага сүйүүбүз менен кызмат кылсак, ал кубанат. Кудайга сүйүү менен баш ийүү жагынан эң сонун үлгүнү жалгыз өзү жараткан Уулу калтырган. Жахаба ал жөнүндө: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын»,— деген (Матай 3:17). Эң биринчи жаратылган ал Уулу Атасына: «Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деп айткан (Забур 39:9; Эврейлерге 10:9, 10).

10. Жахабага жаккандай кызмат кылууга эмне түрткү бериши керек?

10 Жахаба өзүнө Уулунун жетеги астында кызмат кылгандардын да даярдуулук менен баш ийишин каалайт. Забурчу: «Сен жеңген күнү элиң ыйык кийим кийип, даяр турушат. Сенин уулдарың таң ата электе эле түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Сага келишет»,— деп пайгамбарлык кылган (Забур 109:3). Жахабанын уюмунун асмандагы да, жердеги да бөлүгүнүн мүчөлөрүнө анын эркин тил алчаактык менен аткарууга сүйүү түрткү берет.

11. Чындык жолунда тарбияланган жаштар эмнени чечиши керек?

11 Ошондуктан, жаштар, ата-энеңер да, жыйналыштын аксакалдары да силерди чөмүлтүлүүгө мажбурлабайт. Жахабага кызмат кылууну өзүңөр каалашыңар керек. Байыркы убакта жашаган Жашыя ысрайыл элине мындай деген: «Ага [Жахабага] чын жүрөктөн, ак дилден кызмат кылгыла... Азыр кимге кызмат кылууну тандап алгыла» (Жашыя 24:14—22). Ошо сыңары, силер Жахабага арналууну жана анын эркин аткарууну өзүңөр чечүүгө тийишсиңер.

Кудайдын алдында жооптуу экениңди унутпа

12. а) Ата-эне балдарына тарбия бергени менен, алар үчүн эмне кыла албайт? б) Жаштар чыгарган чечимдери үчүн Жахабанын алдында кайсы убактан тартып жооптуу боло баштайт?

12 Ата-энесинин берилгендиги балдарын коргобой кала турган убак келет (1 Корунттуктарга 7:14). Шакирт Жакып: «Ким жакшылык кылуу керек экендигин билип туруп, жакшылык кылбаса, ал күнөө кылган болот»,— деп жазган (Жакып 4:17). Ата-эне балдары үчүн, ошондой эле балдары ата-энеси үчүн Кудайга кызмат кыла албайт (Жезекиел 18:20). Жахаба Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө билим алдыңбы? Окуп-билгендериңди түшүнүп жатасыңбы? Кудай менен жекече мамиле түзүүгө болорун түшүнгөндөй жашка жеттиңби? Анда Кудайдын сени ага кызмат кылууну чече аласың деп эсептегени акылга сыярлык эмеспи?

13. Чөмүлтүлө элек өспүрүмдөрдүн өздөрүнө кандай суроолорду бергени дурус?

13 Сен чындык жолунда тарбияланган, жыйналыш жолугушууларына, атүгүл кабар айтуу ишине катышып жүргөн жаштардын бирисиңби? Анда төмөнкүдөй суроолордун жардамы менен өзүңдү текшерип көр: «Жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтуу кызматына эмне үчүн катышып жүрөм? Ата-энем талап кылгандыктан элеби же Жахабага жагууну каалагандыктанбы?» Сен «Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин» билдиңби? (Римдиктерге 12:2).

Создуктурууга себеп барбы?

14. Чөмүлтүлүүнү себепсиз эле создуктура берүү туура эмес экенин Ыйык Китептеги кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

14 «Чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» Ыйсанын Машайак экенин түшүнөрү менен эфиопиялык төрө жакшы кабарды жарыялап жүргөн Филипке ушундай суроо берген. Ага чейин Ыйык Жазмадан жетишерлик билим алгандыктан ал андан ары Ыйсанын жолдоочулары менен бирге Жахабага кызмат кыларын ачык билдирүүнү создуктурбоо керектигин түшүнгөн жана бул ага зор кубаныч тартуулаган (Элчилер 8:26—39). «Пабылдын айткан сөздөрүн түшүнүшү үчүн» Теңир жүрөгүн ачкан Лидия аттуу аял да үйбүлөсү менен бирге дароо «чөмүлдүрүлгөн» (Элчилер 16:14, 15). Ошондой эле Филипидеги түрмө сакчысы «Теңирдин сөзүн айткан» Пабыл менен Сыласты угар замат «үйүндөгүлөрүнүн бардыгы менен бирге сууга чөмүлдүрүлгөн» (Элчилер 16:25—34). Эгер Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндөгү негизги окууларды билсең, анын эркин аткарууну чын жүрөктөн кааласаң, жыйналышта жакшы атка ээ болсоң, жыйналыш жолугушууларына, кабар айтуу ишине дайыма катышып жүрсөң, анда чөмүлтүлүүңө эмне тоскоолдук кылууда? (Матай 28:19, 20).

15, 16. а) Айрым жаштар кандай туура эмес ойлордон улам чөмүлтүлбөй жүрүшү мүмкүн? б) Арналуу жана чөмүлтүлүү кандайча жаштарды коргойт?

15 Бул маанилүү кадамды кандайдыр бир туура эмес иш кылып алып жазалануудан корккондуктан жасабай келесиңби? Анда ойлонуп көрсөң: жол кырсыгына кабылуудан корккондуктан эле айдоо укугун албай коёсуңбу? Албетте, антпейсиң. Анын сыңарындай, коюлган талаптарга жооп берип жатсаң чөмүлтүлүүнү создуктурганың туура эмес болуп калар эле. Өмүрүңдү Жахабага арнап, анын эркин аткарууга убада берүү, чындыгында, жаман жолго бурулбоо үчүн бүт күчүңдү жумшоого түрткү берет (Филипиликтерге 4:13). Балдар, чөмүлтүлө элек болсоңор эле өзүңөрдү жооптуу эмеспиз деп ойлобогула. Себеби чөмүлтүлгөнсүңөрбү же жокпу, кылган ишиңер үчүн жооп бере алгыдай куракка жеткенден тартып Жахабанын алдында жооптуусуңар (Римдиктерге 14:11, 12).

16 Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн ишенимдештерибиз жаш кезинде эле чөмүлтүлгөнү аларга чоң жардам болгонун айтышат. Мисалы, Батыш Европада жашаган 23 жаштагы биртууганыбыз 13 жашында чөмүлтүлгөнүн жана бул ага «жаштыктын кумарларынан качууга» жардам бергенин эскерет (2 Тиметейге 2:22). Ал жаштайынан эле толук убактагы кызматчы болууга максат койгон. Бүгүн ал Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарынын биринде кубанычтуу кызмат кылып жүрөт. Ооба, Жахабага кызмат кылууну тандаган жаштардын баарын, алардын ичинде сени да мол баталар күтүп турат.

17. Жашообуздун кайсы тармактарында Жахабанын эркин таанып-билүү маанилүү?

17 Өмүрүбүздү Жахабага арнап чөмүлтүлгөндөн тартып биз, эмне иш кылбайлы, дайым анын эркин эске алууга умтулабыз. Арналуубузга ылайык жашоо «убакытты пайдалана билүүнү» талап кылат. Аны канткенде туура колдонобуз? Ал үчүн убактыбызды пайдасыз деп эсептелген иштерге эмес, Ыйык Китепти терең изилдөөгө, жыйналыштарга барууга жана «Падышачылык жөнүндөгү» жакшы кабарды таратууга мүмкүн болушунча көбүрөөк катышууга жумшашыбыз керек (Эфестиктерге 5:15, 16; Матай 24:14). Жахабага арналганыбыз жана анын эркин аткарууга болгон каалообуз жашообуздун бардык тармактарында, анын ичинде көңүл ачууга, тамактанууга, музыкага байланыштуу туура чечим чыгарууга жардам берет. Эс алуунун жаңы заманда да боло турган түрлөрүн тандоого эмне үчүн болбосун? Миңдеген жаш ишенимдештерибиз көңүл ачуунун Жахабанын эркине ылайык келген көптөгөн түрлөрү бар экенин тастыктай алышат (Эфестиктерге 5:17—19).

«Биз сени менен барабыз»

18. Жаштар өзүлөрүнө кандай суроо бериши керек?

18 Б.з.ч. 1513-жылдан б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамына чейин Жахабанын жерде эли болгон. Кудай аны өзүнө сыйынып, ал жөнүндө күбөлөндүрүү бериши үчүн тандап алган (Ышайа 43:12). Ысрайыл элинин жаштары төрөлгөнүнөн эле ал элдин мүчөсү болуп калчу. Ал эми Элүүнчү күн майрамында жерде Жахабанын ысмынан аталган жаңы «эл», рухий Ысрайыл, пайда болгон (1 Петир 2:9, 10; Элчилер 15:14; Галатиялыктарга 6:16). Элчи Пабыл Ыйсанын «жакшы иштерди кылууга тырышкан элди» өзү үчүн тазалаганын айткан (Титке 2:14). Жаштар, ал кайсы эл экенин өзүңөр аныктасаңар болот. Кимдер бүгүн «чындыкты сактаган адил эл» катары Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашашат? Кимдер Жахабанын ишенимдүү Күбөлөрү катары адамзаттын жалгыз үмүтү Кудайдын Падышалыгы экенин айтып жүрүшөт? (Ышайа 26:2—4). Христиан же дагы башка динди туткандардын жүрүм-туруму Кудайдын кызматчыларына коюлган ыйык китептик талаптарга канчалык жооп берерин салыштырып көргүлө.

19. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар эмнеге ынанышты?

19 Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар, алардын ичинде көптөгөн жаштар жогоруда айтылган «адил эл» Жахабанын Күбөлөрүнүн майланган калдыгы экенине ынанышты. Алар ошол рухий ысрайылдыктарга: «Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук»,— деп айтышууда (Захария 8:23). Жаштар, биз силерди Жахабанын элине кошулат жана өмүрдү — келечектеги жаңы дүйнөдөгү түбөлүк өмүрдү — тандайт деп үмүттөнөбүз жана силер үчүн тиленебиз (Мыйзам 30:15—20; 2 Петир 3:11—13).

Кайталоо үчүн суроолор

• Акыл-насаат айтуу деген эмнени билдирет?

• Жахаба кандай кызматты кабыл алат?

• Чындык жолунда тарбияланган жаштардын баары эмнени чечиши керек?

• Чөмүлтүлүүнү себепсиз эле создуктуруу эмне үчүн туура эмес?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги сүрөт]

Сен кимди угасың?

[28-беттеги сүрөт]

Арналуу менен чөмүлтүлүү сени кандайча коргойт?

[31-беттеги сүрөт]

Чөмүлтүлүүңө эмне тоскоолдук кылууда?