Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм!»

«Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм!»

«Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм!»

«Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном» (Забур 118:97).

1, 2. а) Забурдун 118-бөлүмүн жазган адам кандай абалга дуушар болгон? б) Муну ал кандай кабыл алган жана эмне үчүн?

ЗАБУРДУН 118-бөлүмүн жазган адам катуу сыноолорго дуушар болгон. Кудайдын мыйзамын баркка албаган текебер душмандар забурчуну шылдыңдашкан, ал жөнүндө ушак таратышкан. Төрөлөр ага каршы кеңешишип, куугунтукташкан. Ыймансыздар ага тор жайып, өмүрүнө коркунуч туудурган. Ушунун баарынан улам ал кыйналып, «жаны кайгыдан алсыраган» (Забур 118:9, 23, 28, 51, 61, 69, 85, 87, 161). Ошол сыноолорго карабай забурчу Кудайга: «Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном»,— деп ырдаган (Забур 118:97).

2 Забурчу Кудайдын мыйзамынан кантип сооронуч алган? Жахабанын ага кызыгуу көрсөтөрүнө болгон ишеними забурчуга дем берип турган. Ал Кудайдын сүйүү менен берген мыйзамынын канчалык пайдалуу экенин билгендиктен, душмандарынын айынан башына түшкөн кыйынчылыктарга карабай бактылуу болгон. Забурчу Жахабанын ага жакшылык кылып келгенин түшүнгөн. Андан тышкары, Кудайдын мыйзамындагы жетекчиликке баш ийүү аны душмандарынан акылдуу кылган, атүгүл өмүрүн да сактаган. Мыйзам боюнча жашагандыктан, анын абийири таза, тынчтыгы мол болгон (Забур 118:1, 9, 65, 93, 98, 165).

3. Ыйык китептик нормаларга ылайык жашоо Кудайдын кызматчылары үчүн эмне себептен оңойго турбайт?

3 Бүгүнкү күндө да Кудайдын кээ бир кызматчылары катуу сыноолорго дуушар болушат. Забурчуга окшоп, биз өмүрүбүзгө коркунуч туудурган жагдайга кабылбасак да, «оор күндөрдө» жашап жатабыз. Чөйрөбүздөгү көптөгөн адамдар рухий дөөлөттөрдү баалабагандыктан, өзүмчүл максаттарды көздөп, дүнүйөкордукка умтулуп, башкаларга менменсингендик, сыйлабастык менен мамиле кылышат (2 Тиметейге 3:1—5). Жаш Күбөлөргө адеп-ахлактуулугун сакташ үчүн тынымсыз күрөшүүгө туура келет. Мындай чөйрөдө Жахабага жана адилдикке болгон сүйүүбүздү сактоо оңойго турбашы ыктымал. Анда өзүбүздү кантип коргой алабыз?

4. Забурчу Кудайдын мыйзамын баалаганын кантип көрсөткөн жана Ыйсанын жолдоочулары да ошентиши керекпи?

4 Башына түшкөн кыйынчылыктарга туруштук берүүгө забурчуга эмне жардам берген? Ал Кудайдын мыйзамын ыраазычылык менен изилдөөгө жана ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөн. Бул анын ошол мыйзамга сүйүү өрчүтүшүнө өбөлгө түзгөн. Белгилей кетчү нерсе, 118-забурдун дээрлик ар бир аятында Жахабанын мыйзамынын ар кыл өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтылып өтөт *. Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары Мусанын мыйзамы боюнча жашабайт; Кудай аны байыркы ысрайыл элине берген (Колосалыктарга 2:14). Бирок ошол Мыйзамда камтылган принциптер азыр да баалуу. Забурчу ал принциптерден сооронуч алгандай, алардан бүгүнкү күндөгү турмуш түйшүктөрү менен алпурушуп жаткан Кудайдын кызматчылары да сооронуч ала алышат.

5. Мусанын мыйзамынын кайсы аспектилерин карап чыгабыз?

5 Келгиле, Мусанын мыйзамынын үч гана аспектисин: ишембини сактоо, түшүмдүн калдыгы жана ачкөздүктөн качуу жөнүндөгү мыйзамдарды талдап, алардын бизди кандайча бекемдей аларын карап чыгалы. Мунун аркасында биз, кыйынчылыктарды жеңүү үчүн, ошол мыйзамдарда камтылган принциптерди түшүнүү маанилүү экенин көрөбүз.

Рухий муктаждыгыбызды канааттандыруу

6. Ар бир адамдын кандай тубаса муктаждыктары бар?

6 Адам баласы бир нече муктаждыгы менен жаратылган. Мисалы, дени сак болушу үчүн, ал өзүн тамак-аш, суу, турак-жай менен камсыз кылышы керек. Ошону менен бирге, адам рухий муктаждыгына да кам көрүүгө тийиш. Ансыз ал чындап бактылуу боло албайт (Матай 5:3, «ЖД»). Жахаба бул тубаса муктаждыктын канааттандырылышын абдан маанилүү деп эсептегендиктен, өз элине күндөлүк иштерин жумасына бир жолу токтотуп, бир күн бою рухий иштер менен алек болууну буйруган.

7, 8. а) Ишемби башка күндөрдөн эмнеси менен айырмаланган? б) Ишемби күн кандай пайда алып келген?

7 Ишембини сактоо мыйзамы рухий иштердин маанилүүлүгүн баса белгилеген. «Ишемби» деген сөз Ыйык Китепте биринчи жолу ысрайылдыктарга чөлдө манна берилген учурга байланыштуу колдонулат. Алар керемет жолу менен берилген нанды алты күн бою жыйнашкан. Алтынчы күнү «эки күндүк нан» жыйноого тийиш болушкан, анткени жетинчи күнү манна жаамак эмес. Жетинчи күн «Теңирдин ыйык ишембиси» болгон; ал күнү ар ким өз үйүндө болууга тийиш эле (Чыгуу 16:13—30). Он осуяттын биринде ишембиде эч кандай жумуш жасалбашы керектиги айтылган. Ал күн ыйык болгон. Ишембини сактабаган адам өлүм жазасына тартылчу (Чыгуу 20:8—11; Сандар 15:32—36).

8 Ишембини сактоо жөнүндөгү мыйзам Жахабанын өз элинин денелик жана рухий жыргалчылыгына кызыкдар экенин көрсөткөн. «Ишемби күн — адам үчүн»,— деген Ыйса (Марк 2:27). Ишемби ысрайылдыктарга эс алууга эле эмес, Жаратканына жакындоого жана ага өздөрүнүн сүйүүсүн көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк берген (Мыйзам 5:12). Ал күн толугу менен рухий иштерге арналчу. Буга Жахабага үйбүлө менен сыйынуу, тиленүү жана Анын Мыйзамы тууралуу ой жүгүртүү кирген. Мындай иш-чаралар ысрайылдыктарды бардык убактысын, күч-кубатын материалдык умтулууларга жумшоодон коргогон. Ишемби аларга өздөрүнүн Жахаба менен болгон мамилеси жашоосундагы эң маанилүү нерсе экенин эске салып турган. Ыйса ошол өзгөрүлгүс принципти кайталап, мындай деген: «„Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт“,— деп, Ыйык Жазууда жазылып турат» (Матай 4:4).

9. Ыйсанын жолдоочулары ишемби жөнүндөгү мыйзамдан эмнеге үйрөнө алышат?

9 Азыр Кудайдын элинен 24 саат эс алып, ишемби күндү сактоо талап кылынбайт. Ошентсе да алар ишембиге байланышкан тартипти тарыхта болгон нерсе катары эле көрүшпөйт (Колосалыктарга 2:16). Ал бизге да рухий иштерди биринчи орунга коюшубуз керектигин эскертип турат. Рухий кызыкчылыктар дүнүйөкордукка же көңүл ачууга умтулуунун далдасында калбашы керек (Эврейлерге 4:9, 10). Буга байланыштуу өзүбүзгө төмөнкүдөй суроолорду берип көрсөк болот: «Менин жашоомдо биринчи орунда эмне турат? Изилдөөгө, тиленүүгө, жыйналыш жолугушууларына катышууга жана Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтууга артыкчылык беремби? Же алардын ордун башка нерселер ээлеп жатабы?» Жахаба бизди, рухий иштерди биринчи орунга койсок, жашоодогу эң зарыл болгон нерселерден өксүбөй турганыбызга ынандырат (Матай 6:24—33).

10. Рухий иштерге убакыт бөлүү кандай пайда алып келет?

10 Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды изилдөөгө, ошондой эле окугандарыбыздын үстүнөн терең ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү бизге Жахабага жакындоого жардам берет (Жакып 4:8). Ыйык Китепти кырк жылдан бери үзгүлтүксүз изилдеп келаткан Сюзан башында изилдөөнүн кызыксыз, түйшүктүү нерседей көрүнгөнүн мойнуна алат. Бирок канчалык көп окуган сайын, Кудай Сөзүнөн ал ошончолук ырахат ала берген. Азыр Сюзан кандайдыр бир себептерден улам өздүк изилдөө өткөрбөй калса, аны кадимкидей эңсей баштайт. «Изилдөө мага Жахабаны Ата катары таанып-билүүгө жардам берди,— дейт ал.— Мен ага ишенем, таянам жана эркин кайрыла алам. Жахабанын өзүнүн кызматчыларын абдан сүйөрүн жана мага жекече кам көрүп, жардам берип жатканын көрүү кандай сонун!» Рухий муктаждыктарыбызды үзгүлтүксүз канааттандыруу бизге да чоң кубаныч тартуулайт.

Түшүмдүн калдыгы жөнүндөгү мыйзам

11. Түшүмдүн калдыгы жөнүндөгү мыйзам эмнени талап кылган?

11 Кудай өз элинин жыргалчылыгына кам көрөрүн Мусанын Мыйзамында түшүмдүн калдыгын жыйноого укук берүү менен да көрсөткөн. Жахаба ысрайылдык дыйкандарга түшүм жыйнаганда машактарын муктаж болгондорго калтырууну буйруган. Дыйкандар талааларынын четин жыйнабай калтырып коюуга, жүзүмдүн же зайтундун калып калган мөмөлөрүн терип албоого тийиш болгон. Алар эгин оргондон кийин талаада калып калган боолорду алып келүүгө барбашы керек эле. Бул чара аркылуу Кудай жакырларга, келгиндерге, жетимдерге жана жесирлерге сүйүүсүн көрсөткөн. Түшүмдүн калдыгын терүү, албетте, мээнетти талап кылган, бирок бул аларды кайырчылыктан сактаган (Лебилер 19:9, 10; Мыйзам 24:19—22; Забур 36:25).

12. Түшүмдүн калдыгы жөнүндөгү мыйзам дыйкандарга кандай мүмкүндүк берген?

12 Түшүмдүн калдыгы жөнүндөгү мыйзамда дыйкандардын муктаж болгондорго канча түшүм калтырышы керек экени айтылбайт. Талааларынын четинен канча жерди орбой калтырары алардын пейилине жараша болгон. Мунун аркасында алар марттыкка үйрөнүшкөн. Ал чара дыйкандарга түшүм берүүчү Кудайга ыраазычылыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берген, анткени Жаратканды «урматтаган адам муктаж болуп турган адамга жакшылык кылат» (Накыл сөздөр 14:31). Бууз ошондой адам болгон. Ал Руттун, анын талаасында машак терип жүргөн жесир аялдын, жетиштүү өлчөмдө түшүм жыйнап алышына боорукердик менен кам көргөн. Жахаба марттыгы үчүн Буузга батасын мол берген (Рут 2:15, 16; 4:21, 22; Накыл сөздөр 19:17).

13. Түшүмдүн калдыгы тууралуу мыйзам бизди эмнеге үйрөтөт?

13 Түшүмдүн калдыгы жөнүндөгү мыйзамда камтылган принцип өзгөргөн жок. Жахаба өзүнүн кызматчыларынан башкаларга, айрыкча, муктаж болгондорго марттык көрсөтүүнү талап кылат. Биз канчалык март болсок, ошончолук көп бата алабыз. «Бергиле, ошондо силерге да берилет,— деген Ыйса,— жакшы ченем менен ченеп, ыкшап, бастырып, ашыра толтуруп, этегиңерге төгүшөт, анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет» (Лука 6:38).

14, 15. Биз кантип марттык көрсөтө алабыз жана бул бизге, ошондой эле жардам алгандарга кандай пайда алып келет?

14 Элчи Пабыл бизди «бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылууга» үндөгөн (Галатиялыктарга 6:10). Ошондуктан, ишенимдештерибиз сыноолорго туш болуп жатса, алардын рухий жактан жардам алышына кам көрүшүбүз зарыл. Бирок алар иш жүзүндө да жардамга муктаж болушу мүмкүнбү? Мисалы, аларга Падышалык залына барууга же азык-түлүк сатып алууга жардамдашуу зарыл эмеспи? Жыйналышыбызда улгайган, оорулуу же үйүнөн чыга албаган биртуугандар бар болсо, алардыкына бекемдегени же жардам бергени барсак, бул үчүн алар ыраазы болушпайбы? Мындай адамдардын муктаждыктарын сезимталдык менен байкай билсек, Жахаба бизди алардын тиленүүлөрүнө жооп берүүдө колдонушу мүмкүн. Ыйсанын жолдоочулары башкаларга кам көрүүгө милдеттүү болсо да, алардын кылган жакшылыгы өздөрүнө да пайда алып келет. Ишенимдештерибизге чындап сүйүү көрсөтүү Жахабанын жактыруусуна ээ болушубузга өбөлгө түзүп, зор кубаныч жана терең канааттануу тартуулайт (Накыл сөздөр 15:29).

15 Башкаларга кам көрүүнүн дагы бир маанилүү жолу — убактыбызды, күчүбүздү Кудайдын ой-ниеттерин жарыялоого жумшоо (Матай 28:19, 20). Кимдир бирөөгө жашоосун Жахабага арноого жардам берүүнүн кубанычын сезген адам Ыйсанын: «Алганга караганда берген жакшы»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин өз тажрыйбасынан билет (Элчилер 20:35).

Ачкөздүктөн качуу

16, 17. Онунчу осуятта эмнеге тыюу салынган жана эмне үчүн?

16 Кудайдын ысрайылдыктарга берген Мыйзамынын үчүнчү аспектиси ачкөздүккө тыюу салган онунчу осуятта чагылдырылган. Мыйзамда: «Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа»,— деп айтылган (Чыгуу 20:17). Бул осуяттын аткарылышына эч бир адам көз сала алмак эмес, анткени башкалардын жүрөгүндө эмне бар экенин бир да адам биле албайт. Ошондуктан Кудайдын Мыйзамы ошол осуяттын аркасында адамдардын укук системасынан кыйла жогору турган. Онунчу осуят ысрайылдыктардын ар бирине жүрөктөгүнү көрө алган Жахабанын алдында жооптуу экенин көрсөткөн (1 Шемуел 16:7). Андан тышкары, аларды көптөгөн туура эмес иштерди жасоодон сактаган (Жакып 1:14).

17 Ачкөздүк жөнүндөгү мыйзам Кудайдын элин дүнүйөкордуктан, көз артуудан жана жашоо шартына нааразы болуудан качууга үндөгөн. Ошондой эле аларды уурулукка же адеп-ахлаксыз ишке баруудан сактаган. Бизди өзүнүн мүлкү, байлыгы менен суктандырган же кайсы бир жагынан бизге караганда жолдуу болуп көрүнгөн адамдар дайыма болот. Эгерде мындай жагдайларда ой жүгүртүүбүздү башкара билбесек, өзүбүздү бактысыз сезип, башкаларга көз арта башташыбыз мүмкүн. Ыйык Китепте ачкөздүк «ыплас ойлордон» улам келип чыгары айтылат. Ачкөздүктөн алыс болгонубуз өзүбүзгө эле пайда алып келет (Римдиктерге 1:28—30).

18. Бүгүнкү дүйнөдө кандай рух өкүм сүрүүдө жана ал кандай терс таасир тийгизиши мүмкүн?

18 Бүгүнкү дүйнөдө дүнүйөкордукка, атаандаштыкка үндөгөн рух басымдуулук кылат. Коммерциялык система жарнамалардын жардамы менен адамдарда жаңы товарларды сатып алуу каалоосун туудурат жана көп учурда аларды сатып алмайын бактылуу боло албай турганыбызды баса белгилейт. Дал ушундай рух Жахабанын Мыйзамында айыпталат. Ошо сыяктуу эле, кандай гана жол менен болбосун «ийгиликке» жетүүнү жана байлык топтоону каалоо да Кудайга жакпайт. Элчи Пабыл мындай деп эскерткен: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат. Анткени бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты» (1 Тиметейге 6:9, 10).

19, 20. а) Жахабанын мыйзамын сүйгөндөр эмнелерди чындап баалашат? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

19 Кудайдын мыйзамын сүйгөндөр дүнүйөкордук адамды ар кандай коркунучтарга дуушар кыларын түшүнүшөт, а бул аларды ошондой рух өрчүтүүдөн коргойт. Мисалы, забурчу Жахабага: «Менин жүрөгүмдү дүнүйөкордукка эмес, Өзүңдүн осуяттарыңа бур. Сенин оозуңдан чыккан мыйзам мен үчүн миңдеген алтындан да, күмүштөн да артык»,— деп тиленген (Забур 118:36, 72). Бул сөздөрдүн чындыгына бекем ишенгенибиз бизге дүнүйөкордуктун, ачкөздүктүн тузактарына түшпөөгө, жашоо шартыбызга нааразы болбоого, теңсалмактуулукту сактоого жардам берет. «Улуу байлыктын» ачкычы мүлк топтоодо эмес, «такыбаалыкта», тактап айтканда, Кудайга берилгендикте (1 Тиметейге 6:6).

20 Байыркы ысрайыл элине берилген Мыйзамдагы принциптер Жахаба ал Мыйзамды Мусага бергенде кандай баалуу болсо, азыркы оор мезгилде да ошондой эле баалуулукка ээ. Ал принциптерди жашообузда көбүрөөк колдонгон сайын, аларды көбүрөөк түшүнүп, көбүрөөк сүйүп, бактылуураак болобуз. Мыйзамда биз үчүн көптөгөн баа жеткис сабактар камтылат жана алардын баалуулугун ыйык китептик каармандардын жашоосу, башынан өткөргөн окуялары баса көрсөтүп турат. Айрымдарын кийинки макалада талкуулайбыз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул забурдагы 176 аяттын төртөөнөн башкасында Жахабанын осуяттары, өкүмдөрү, мыйзамдары, буйруктары, көрсөтмөлөрү, эскертүүлөрү, жолдору жана сөздөрү жөнүндө айтылып өтөт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

Забурдун 118-бөлүмүн жазган адам Жахабанын мыйзамын эмне себептен жакшы көргөн?

• Ыйсанын жолдоочулары ишемби жөнүндөгү мыйзамдан эмнеге үйрөнө алышат?

• Кудайдын түшүмдүн калдыгы тууралуу мыйзамы канчалык баалуу?

• Ачкөздүккө тыюу салган осуят бизди кандайча коргойт?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Ишемби жөнүндөгү мыйзам эмнени баса белгилеген?

[15-беттеги сүрөт]

Түшүмдүн калдыгы жөнүндөгү мыйзам бизди эмнеге үйрөтөт?