«Мен канчалык бактылуумун?»
«Мен канчалык бактылуумун?»
АР БИР адам өзүнө ушундай суроо бериши мүмкүн. Бул суроого социологдор да жооп таппай келишет, анткени адамдын канчалык бактылуу экенин аныктоо мүмкүн эмес. Бул күйөөсү аялын канчалык сүйөрүн же жакындарынан айрылган адам кандай күйүт тартарын аныктап билгенге тете болмок. Сезимдерди өлчөп болбойт. Бирок окумуштуулар негизги бир чындыкты аныкташты: ар бир адам бактылуу боло алат.
Буга карабай адамзат олуттуу көйгөйлөрдөн улам бактысыздыкка учуроодо. Бир мисалды карап көрөлү: айрым шаарларда СПИДден өлгөн адамдардын айынан көрүстөндөрдө орун калбай калган. Бийликтегилер жакында каза болгондорду эски мүрзөлөргө коюуга уруксат беришкен. Ал эми Африканын айрым жерлеринде табыт жасоо жашоого каражат табуунун негизги жолуна айланган. Каерде жашаба, катуу оорудан жапа чегип жаткан же жакындарынан, досторунан айрылган адамдардын азап-кайгысына күбө болосуң.
Экономикалык жактан гүлдөп жаткан өлкөлөр тууралуу эмне айтууга болот? Күтүүсүздөн болгон өзгөрүүлөр буга даяр болбогондорду акча-каражатынан тез эле кол жуудуруп коюшу мүмкүн. Кошмо Штаттарда ардактуу эс алууга чыккандар жарыбаган пенсиянын айынан кайра жумушка орношууга аргасыз болушат. Алар тапкан акчасынын дээрлик баарын, адатта, медициналык жардам алуу үчүн коротушат. «Денсоолугу начар андай адамдар дарылануу үчүн чоң чыгымга учурап, мага кайрылышканда, жүрөгүм ооруйт,— дейт юридикалык маселелер боюнча кеңеш берүүчү бир адам.— Көп учурда аларга үйлөрүн сатуудан башка айла жок экенин айтууга туура келет». Материалдык жактан кыйынчылыкка кабылбаган адамдар тууралуу эмне дешке болот? Алар да бактысыздыкка учурашабы?
Көптөрдүн жашоосу атактуу композитор Ричард Рожерстикине окшош. Ал тууралуу: «Аябагандай көп адамдарга чоң ырахат тартуулаган саналуу инсандардын бири»,— деп айтылган. Анын ырлары башкаларды кубанычка бөлөсө да, Ричард өзү узакка созулган депрессиядан азап чеккен. Ал көптөр эңсеген атак-даңкка да жеткен, байлыкка да ээ болгон. Бирок өзүн бактылуу сезгенби? Бул тууралуу бир биограф мындай деген: «[Рожерс] өз ишинде болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетип, майкөл-сүткөл жашоо өткөргөн жана ага эки жолу Пулитцер сыйлыгы ыйгарылган. Ошого карабай, ал өзүн бактысыз сезип, көп жыл бою депрессиядан кыйналган».
Байлык адамды бактылуу кылат деген ой жөн гана кыял экенин байкаган чыгарсыңар. Торонто шаарындагы (Канада) «Глоб энд мейл» гезитинин кабарчысы бай адамдардын көбү «жалгыздыкка жана маңызсыз жашоо өткөрүүгө» жакын болорун айткан. Финансылык иштер боюнча бир кеңешчи: «Колунда бар ата-энелер, адатта, балдарына көп акча, белектерди беришет. Даяр оокатка көнгөн андай балдар келечекте бактысыздыкка учурашат»,— деген.
Бактылуу болуу мүмкүнбү?
Өсүмдүктөрдүн гүлдөп өсүшү үчүн, жакшы топурак, суу жана жагымдуу климат керек. Анын сыңарындай, айрым адистердин ою боюнча, адамдын бактылуу болушу белгилүү бир шарттардан көзкаранды. Аларга төмөнкүлөр кирет: чың денсоолук, канааттандырарлык жумуш, даамдуу тамак-аш, баш калкалоочу жай, жарашыктуу кийим, чыныгы достор жана чыгармачылык ой-тилектердин иш жүзүнө ашышы.
Аталып өткөн нерселер адамды бактылуу кылары шексиз. Бирок андан да маанилүү бир нерсе бар. Ал — «бактылуу Кудай» Жахаба жөнүндөгү билим (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Андай билим бизге кандайча жардам берет? Жахаба бизди бактылуу боло алгыдай кылып жараткан. Ошондуктан ал бизге эмне чындап бакыт алып келерин жакшы билет. Кийинки макалада Кудай бардык адамдарга узакка созулган бакытка жетүүгө кантип жардам берип жатканы талкууланат.
© Gideon Mendel/CORBIS
[4-беттеги сүрөт]
Бакыт, өсүмдүк сыяктуу, белгилүү бир шарттардан көзкаранды