Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сенин эскертүүлөрүңдү жакшы көрөм»

«Сенин эскертүүлөрүңдү жакшы көрөм»

«Сенин эскертүүлөрүңдү жакшы көрөм»

«Буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган» (Римдиктерге 15:4).

1. Жахаба бизге эскертүүлөрүн кандай жолдор менен берет жана биз аларга эмне себептен муктажбыз?

ЖАХАБА өзүнүн элине эскертүүлөрдү берип, азыркы оор мезгилде кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берип келет. Алардын кээ бирлерин Ыйык Китепти өз алдыбызча окууда байкасак, башкаларын жыйналыш жолугушууларынан угабыз. Ал маалыматтардын көбү бизге тааныш көрүнүшү мүмкүн. Бирок унутчаак келгендиктен биз Жахабанын ой-ниеттерин, мыйзамдарын жана көрсөтмөлөрүн эсибизге салып турушубуз зарыл. Биз Кудайдын эскертүүлөрүн баалашыбыз керек. Алар бизге дем-күч берип, эмне үчүн Кудайдын эрки менен жашоону чечкенибизди эсибизде сактоого жардам берет. Ошондуктан забурчу: «Сенин эскертүүлөрүңдү жакшы көрөм»,— деп ырдаган (Забур 118:24, «ЖД»).

2, 3. а) Жахаба байыркы адамдардын жашоосу тууралуу билдирүүлөрдү эмне үчүн ушу күнгө чейин сактап келген? б) Бул макалада кайсы окуялар каралат?

2 Көп кылым мурун жазылганына карабай Кудайдын Сөзү таасирдүү (Эврейлерге 4:12). Анда байыркы адамдардын турмушунан алынган окуялар баяндалат. Бүгүнкү күнгө чейин каада-салттар, көзкараштар кыйла өзгөргөнү менен, ыйык китептик каармандардын кыйынчылыктары биздин башыбызга түшүп жаткан кыйынчылыктарга көп жагынан окшош. Ыйык Жазмада биздин пайдабызга сакталып калган көптөгөн билдирүүлөрдөн Жахабаны сүйгөн жана оор жагдайларга карабай ага ишенимдүү кызмат кылган адамдардын жүрөк козгогон үлгүлөрү менен тааныша алабыз. Ошондой эле кээ бир окуяларда Кудайдын кандай жүрүм-турумду жек көрөрү көрсөтүлөт. Жахаба Ыйык Китепке жакшы да, жаман да адамдар жөнүндөгү билдирүүлөрдү эскертүү иретинде киргизген. Элчи Пабыл жазгандай, «буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз» (Римдиктерге 15:4).

3 Келгиле, Дөөттүн Шабулга жасаган мамилеси, Анания менен Сафиранын күнөөсү жана Жусуп менен Потипардын аялы жөнүндөгү окуяларды карап көрөлү. Бул окуялардын ар биринен өзүбүзгө баалуу сабактарды алабыз.

Кудайга берилгендик көрсөтүү

4, 5. а) Шабул падыша Дөөткө кандай мамиле жасаган? б) Дөөт Шабулдун кас мамилесине кандай караган?

4 Шабул падыша Жахабага ишенимсиз жана анын элин башкарууга татыксыз болуп калган. Ошондуктан Кудай аны четке кагып, Шемуел пайгамбар аркылуу Дөөттү Ысрайылдын болочок падышасы кылып дайындаган. Дөөт согушта каармандык көрсөтүп, элдин мактоосуна татыганда, Шабул аны өзүнүн атаандашы катары көрө баштаган. Ал Дөөттүн көзүн тазалоого бир нече жолу аракет кылган. Бирок Дөөт аман калган, анткени Жахаба аны менен болгон (1 Шемуел 18:6—12, 25; 19:10, 11).

5 Бир канча жыл бою Дөөткө качкын болуп жашоого туура келген. Шабулду өлтүрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгондо, Дөөттүн жан-жөкөрлөрү ага Жахаба душманын колуна салып берип жатканын айтып, Шабулду күм-жам кылууга үндөшкөн. Бирок Дөөт муну туура көргөн эмес. Жахабага болгон берилгендигинен жана Шабулду Кудай элинин майланган падышасы катары урматтаганынан улам ал андай ишке баруудан баш тарткан. Шабулду Ысрайылга падыша кылып Жахаба дайындабады беле? Демек, Жахаба аны Өзү туура көргөн убакта тактыдан түшүрмөк. Дөөт буга кийлигишүүгө өзүн укуксуз деп эсептеген. Ал Шабулдун кас мамилесин жумшартууга колдон келишинче аракет жасаган соң: «Аны Теңир Өзү өлтүрсүн, же анын өлөр күнү келет, же согушта ажал табат! Теңир Өзүнүн майланганына кол көтөрүүмө жол бербесин»,— деген жыйынтыкка келген (1 Шемуел 24:3—15; 26:7—20).

6. Дөөт менен Шабул жөнүндөгү окуяны карап чыгуу эмнеси менен пайдалуу?

6 Бул билдирүүдө биз үчүн маанилүү сабак камтылат. Эмне себептен жыйналышта белгилүү бир көйгөйлөр пайда болорун ойлоп көрдүңөр беле? Балким, көйгөй кимдир бирөө өзүн тийиштүү түрдө алып жүрбөгөндүктөн келип чыгышы мүмкүн. Анын жүрүм-туруму олуттуу күнөөгө жатпаса да, баары бир тынчыбызды алып жатат деп коёлу. Мындайда эмне кылышыбыз керек? Жахабага берилгендигибизди сактоону каалагандыктан жана биртууганыбыздын жыргалчылыгын ойлогондуктан, маселени чечүү максатында аны менен жылуу маанайда сүйлөшүүнү чечишибиз мүмкүн. Бирок көйгөй чечилбей кала берсечи? Колдон келгендин баарын жасагандан кийин, Дөөткө окшоп, маселени Жахабага тапшырганыбыз оң болушу ыктымал.

7. Адилетсиздикке кабылганда же башкалар биз жөнүндө күн мурунтан жаман ойдо болгондо, Дөөттүн үлгүсү эмне кылууга түрткү бериши керек?

7 Ошондой эле биз адилетсиздикке кабылышыбыз мүмкүн же башкалар динибиз жөнүндө күн мурунтан жаман ойдо болушу ыктымал. Балким, андай учурда абалды эч кандай жол менен өзгөртө албайттырбыз. Мындай жагдайга туруштук берүү абдан оор болушу мүмкүн, бирок биз адилетсиз мамилеге дуушар болгон Дөөттөн үлгү алсак болот. Анын забурларында Кудайдан Шабулдун колунан куткарып калышын суранган чын ыкластуу тиленүүлөрү камтылат. Андан тышкары, ал забурларда Дөөттүн Жахабага болгон берилгендиги жана Анын ысмын даңктоону каалагандыгы жөнүндө да айтылат (Забур 17:1—7, 26—28, 31—33, 49—51; 56:1—12). Шабулдун көп жыл бою адилетсиз куугунтуктап келгенине карабастан, Дөөт Жахабага ишенимдүү бойдон калган. Башыбызга түшкөн адилетсиздикке, башкалардын жаман мамилесине карабай, биз да Жахабага жана анын уюмуна ишенимдүү бойдон калышыбыз керек. Жагдайыбыз Жахабага беш колдой белгилүү экенине шектенбесек болот (Забур 85:2).

8. Мозамбиктеги Күбөлөрдүн Жахабага болгон берилгендиги сыналганда, алар эмне кылышкан?

8 Биздин мезгилде сыноолорго чыдап, Жахабага берилгендик менен кызмат кылып келаткандардын катарында Мозамбиктеги биртуугандарыбыз бар. 1984-жылы алар жашаган айылдарга каршылык көрсөтүү кыймылынын куралданган мүчөлөрү бир нече жолу кол салып, үйлөрүн талап-тоноп, өрттөп, адамдарды өлтүрүп кетишкен. Ыйсанын жолдоочулары өздөрүн коргой албай тургандай абалда болушкан. Куралчан адамдар айыл-кыштактардын тургундарын өздөрүнө кошулууга же ал кыймылды башка жолдор менен колдоого мажбурлашкан. Бирок Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн бейтараптуулугун сактоого чечкиндүү болушкан. Бул козголоңчулардын каарын кайнаткан. Ошол оор убакта 30 Күбө курман болгон, бирок аларга өздөрүнүн берилгендигин сактоого атүгүл өлүм коркунучу да тоскоол боло алган эмес *. Дөөткө окшоп, алар адилетсиз мамилеге дуушар болушса да, акырында жеңүүчү болуп чыгышкан.

Эскертүүчү мисал

9, 10. а) Ыйык Китептеги кээ бир мисалдар бизге эмнеси менен пайдалуу? б) Анания менен Сафира кандай күнөө кылышкан?

9 Ыйык Китептеги кээ бир каармандардын жүрүм-туруму бизге эскертүүчү мисал болуп саналат. Жазмада көп адамдардын, алардын ичинде Кудайдын кызматчыларынын да туура эмес ишке барып, кесепеттерин өз башы менен тартканы айтылат (1 Корунттуктарга 10:11). Мисалга Анания менен Сафираны, I кылымда Иерусалимдеги жыйналыштын мүчөлөрү болгон жубайларды, алалы.

10 Б.з. 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамынан кийин, элчилер менен пикирлешүү үчүн Иерусалимде калган жаңы ишенимдештерге материалдык жактан жардам көрсөтүү зарыл болгон. Муктаж болгондорго колдоо көрсөтүү үчүн, жыйналыштын кээ бир мүчөлөрү мүлктөрүн сатышкан (Элчилер 2:41—45). Анания менен Сафира өздөрүнүн талаасын сатып, түшкөн каражаттын бир эле бөлүгүн элчилерге алып келишкен да, акчанын баарын бердик деп айтышкан. Аз береби, көп береби, бул алардын иши эле. Бирок Анания менен Сафира чынчыл болбой, арам ниет менен иш кылышкан. Алар башкаларга жакшы таасир калтырууну жана өздөрүн чоң иш жасап жаткандай кылып көрсөтүүнү каалашкан. Элчи Петир ыйык рухтун шыктандыруусу менен алардын абийирсиздигин, экижүздүүлүгүн ашкерелеген соң, Жахаба аларды мерт кылган (Элчилер 5:1—10).

11, 12. а) Ыйык Жазмада чынчылдыкка байланыштуу кандай эскертүүлөр берилет? б) Чынчыл болуунун кандай пайдасы бар?

11 Адамдар биз жөнүндө жакшы ойдо калышы үчүн чындыкты бурмалоого азгырылсак, Анания менен Сафира тууралуу окуя бизге олуттуу эскертүү болушу керек. Биз адамдарды алдасак да, Жахабаны алдай албайбыз (Эврейлерге 4:13). Ыйык Жазманын көптөгөн аяттары бизди бири-бирибизге чынчылдык менен мамиле кылууга үндөйт, анткени адилетсиздиктен тазаланган дүйнөдө жалганчыларга орун болбойт (Накыл сөздөр 14:2; Аян 21:8; 22:15). Себеби бардык жалган нерсенин башаты — Шайтан Ибилис (Жакан 8:44).

12 Чынчыл болуунун көп пайдасы бар. Алсак, абийирибиз таза болот; башкалардын ишенимине татыйбыз. Ыйсанын жолдоочуларынын жумушка орношушуна же жумуш ордун сактап калышына көп ирет алардын чынчылдыгы себеп болгон. Бирок эң маанилүүсү, чынчылдык Кудуреттүү Кудай менен достошууга өбөлгө түзөт (Забур 14:1, 2).

Адеп-ахлактык тазалыкты сактоо

13. Жусуп кандай абалга туш болгон жана эмне кылган?

13 Жакыптын уулу Жусуп 17 жашында кулчулукка сатылган. Кийин ал Мисир падышасынын сарай кызматчысы Потипардын үйүндө жашап калганда, ага мырзасынын аялынын көңүлү түшкөн. Жусуп сулуу жигит болгондуктан, Потипардын аялы аны менен жыныстык катнашта болууну каалап, күн сайын ага: «Мени менен жат»,— дей берген. Жусуп өз үйбүлөсүнөн алыс, бөтөн жерде жашап жүргөн. Ошондуктан ал бузукулук кылып, муну эч кимге билгизбей жашырып жүрө алмак. Бирок ал анткен эмес: бир жолу Потипардын аялы кийиминен кармап алганда, Жусуп качып кеткен (Башталыш 37:2, 18—28; 39:1—12).

14, 15. а) Жусуп жөнүндөгү билдирүү бизге эмнеси менен пайдалуу? б) Кудайдын бир кызматчысы Анын эскертүүлөрүнө эмне үчүн ыраазы болгон?

14 Жусуп Кудайдан корккон адамдардын үйбүлөсүндө чоңойгондуктан, күйөө-аял болбогон адамдардын жыныстык мамиледе болушу күнөө экенин түшүнгөн. Ал: «Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» — деген. Мындай жыйынтыкка келүүгө Жусупка, сыягы, Кудайдын Эйденде адамдарга кандай норма бекиткенин, башкача айтканда, алар бир жубайлуу болушу керектигин билгени жардам берген (Башталыш 2:24). Бүгүн Кудайдын кызматчылары Жусуптун чечкиндүү иш-аракети тууралуу ой жүгүртүп, өздөрүнө пайда ала алышат. Кээ бир өлкөлөрдө адамдар жыныстык мамилелерге ушунчалык жеңил ойлуулук менен карашкандыктан, адеп-ахлаксыздыкты четке каккан улан-кыздар курдаштары тарабынан шылдыңга алынат. Азыр никеден тышкаркы мамилелер чоң адамдардын арасында кадимки көрүнүшкө айланып калган. Ошондуктан Жусуп жөнүндөгү билдирүү бизге өз убагында берилген эскертүү болуп саналат. Кудайдын нормалары өзгөргөн жок: бузуктук жана ойноштук — Анын көз алдында күнөө (Эврейлерге 13:4). Никесиз жыныстык мамилеге азгырылган көптөгөн адамдар андай ишке барбоого орчундуу негиз бар экенине ынанышкан. Бул күнөөнүн кайгылуу натыйжалары булар: өзүн өзү сыйлабай калуу, абийирдин жемелеши, кызганыч, кошбойлуулук жана жыныстык жол менен жугуучу оорулар. Ыйык Жазмада эскертилгендей, бузуктук кылган адам «өз денесине каршы күнөө кылат» (1 Корунттуктарга 5:9—12; 6:18; Накыл сөздөр 6:23—29, 32).

15 Женни * — турмушка чыга элек Күбө. Кудайдын эскертүүлөрү үчүн ыраазы болууга анда толук негиз бар. Иштеген жеринде бир сулуу жигит аны менен жакын мамиледе болууга аракеттенип жүргөн. Женни анын сунушун четке какканда, ал дагы көбүрөөк көңүл бура баштаган. «Адеп-ахлактык тазалыгымды сактоо оңойго турган жок,— дейт Женни,— анткени бөлөк жыныстагы адамдын көңүл бурганы кимге жакпасын?» Бирок ал тиги жигиттин аны тек гана ойношторунун бирине айлантууга аракеттенип жатканын түшүнгөн. Женни азгырыкка каршы турууга анча чечкиндүү болбой баратканын сезгенде, Жахабага жалынып, ишенимдүү бойдон калууга жардам беришин суранып тиленген. Анын айтымында, Ыйык Китептен жана биздин адабияттардан окуп-билгендери, мисалы, Жусуп менен Потипардын аялы жөнүндөгү окуя ага сак болууга түрткү берген. Женни: «Жахабаны кандай гана сүйөрүмдү эсиме салып туруу мени жаман ишке баруудан, Кудайдын алдында күнөөгө батуудан сактайт»,— деп жыйынтык чыгарат.

Кудайдын эскертүүлөрүнө кулак каккыла!

16. Ыйык Китептеги каармандардын жашоосу жөнүндө окуу жана ой жүгүртүү бизге кандай пайда алып келет?

16 Жахабанын кээ бир окуяларды Ыйык Жазмага эмне себептен жаздырганын түшүнүүгө аракет кылсак, Анын нормаларына болгон ыраазычылыгыбыз ого бетер өсөт. Ал окуялардан эмнеге үйрөнсөк болот? Ыйык Китептеги каармандардын кайсы сапаттарын туурап, кайсыларынан оолак болушубуз керек? Кудайдын Сөзүндө жүздөгөн адамдардын мисалы камтылган. Жахабанын насааттарын сүйгөндөрдүн баары өмүр берүүчү акылмандыкка табит өрчүтүп, Жахаба камкордугу менен жаздырып койгон мисалдардан сабак алышы абзел. Бул журналга да ар кандай адамдар жөнүндө макалалар чыгып турат жана биз алардан көп нерсеге үйрөнөбүз. Андай өмүр баяндарды окуп чыгууга убакыт бөлөсүңөрбү?

17. Жахабанын эскертүүлөрүн канчалык баалайсыңар жана эмне үчүн?

17 Жахабага анын эркин аткарууга умтулгандарга сүйүү менен кам көрүп жатканы үчүн кандай гана ыраазыбыз! Ыйык Китепте кеп кылынган эркек-аялдар биз сыяктуу эле жеткилеңсиз болушкан. Ошентсе да алардын иш-аракеттери жөнүндөгү аңгемелер биз үчүн баа жеткис байлык болуп саналат. Жахабанын эскертүүлөрүнө кулак каксак, бул бизди олуттуу ката кетирүүдөн сактап, адилдиктин жолунда жүргөндөрдүн үлгүсүн жолдоого жардам берет. Ошентип, биз забурчунун: «[Жахабанын] мыйзамдарын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу. Сенин осуяттарың менин жүрөгүмдө сакталуу, мен аларды абдан сүйөм»,— деген сөздөрүнө ортоктош боло алабыз (Забур 118:2, 167).

[Шилтемелер]

^ 8-абз. 1996-жылдагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебин» карагыла, 160—162-беттер, ор.

^ 15-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Дөөттүн Шабулга жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болот?

• Анания менен Сафира жөнүндөгү окуяда биз үчүн кандай сабак камтылат?

• Жусуп жөнүндөгү билдирүү эмне үчүн бүгүн өзгөчө пайдалуу?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Дөөт Шабулду өлтүрүүдөн эмне үчүн баш тарткан?

[19-беттеги сүрөт]

Анания менен Сафира жөнүндөгү окуядан эмнеге үйрөнөбүз?

[20-беттеги сүрөт]

Жусупка адеп-ахлаксыз иштен баш тартууга эмне түрткү берген?