Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы бакыттын ачкычы

Чыныгы бакыттын ачкычы

Чыныгы бакыттын ачкычы

АР БИР адамдын «бакытка умтулууга» укугу бар. Бул көзкараш Америка Кошмо Штаттарында Көзкарандысыздык декларациясын түзүүчүлөр тарабынан кабыл алынган. Бирок максатка умтулуу менен ага жетүүнүн айырмасы асман менен жердей. Көптөгөн жаштар ырчы же спортсмен болууга умтулуп келишет. Бирок алардын канчасы көздөгөн максатына жетти? Көп күч-аракет жумшап, эл оозуна алынган бир белгилүү ырчы: «Ийгиликке баары эле жете бербейт»,— деген.

Эгер сага да бакыт-таалайга жетүү мүмкүн эместей сезилсе, көңүлүңдү чөгөрбө. Бактылуу болууга туура жол менен умтулсаң, ага сөзсүз жетесиң. Буга эмне себептен ишенүүгө болот? Мурунку макалада Жахабанын «бактылуу Кудай» экени айтылган (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Жахаба Ыйык Китеп аркылуу бакытка жетүүнүн туура жолун көрсөткөндүктөн, ага умтулууда көңүл кайттылыкка учурабайсың. Кудай башыңа түшкөн кыйынчылыктарыңды көтөрүп кетүүгө жардам бере алат. Мисалы, жакын адамың каза болгондо, Кудай кандай сооротуу берерин карап көрөлү.

Жакын адамыңдан айрылганда...

Өлүмдү жакшы деп ким айта алат? Өлүм ата-энени баласынан же баланы ата-энесинен ажыратат. Ал гана эмес, жакын досторду бөлүп, коомдун тыгыз карым-катнашын бүлүндүрөт. Жакын адамың көз жумганда, үйбүлөдөгү бакыт азап-кайгыга айланат.

Ооба, өлүмдүн өзөктөгү өрт экени айтпаса да белгилүү. Бирок, таң калыштуусу, өлүмдү бата деп эсептегендер да бар. 2005-жылы августта Мексика булуңунда «Катрина» бороон-чапкыны болуп өткөндөн кийин эмне болгонуна көңүл бурсаңар. Маркумду акыркы сапарга узатар алдында бир дин кызматчы: «Аны „Катрина“ өлтүргөн жок, Кудай өзүнө алып кетти»,— деген. Ал эми энесинен айрылып, ыйлап жаткан бир кызды сооротуш үчүн ооруканада иштеген кызматкер ага энесин Кудай асманга алып кеткенин айткан. Ошондо кыз: «Эмне үчүн... эмне үчүн ал менден энемди алып кетти?» — деп кыйкырган.

Ооба, өлүм тууралуу жаңылыш көзкараштар жакынын жоготкон адамдарды сооротуп-жубатпайт. Эмне үчүн? Анткени андай түшүнүктөр өлүм жөнүндөгү чындыкка дал келбейт. Андан да жаманы, ал көзкараштарда Кудай адамды үйбүлөсүнөн жана досторунан ажыратып, алардын башына каран түн түшүргөн жан алгычтай көрсөтүлөт. Кудай сооронучтун булагы эмес, адамдарга өлүм алып келген ташбоор бирөө катары көрсөтүлүп калат. Бирок Кудай Сөзүндө өлүм жөнүндө чындык жазылган.

Ыйык Китепте өлүм душман деп аталып, адамзаттын үстүнөн ырайымсыздык менен бийлик жүргүзүп жаткан падышага салыштырылат (Римдиктерге 5:17; 1 Корунттуктарга 15:26). Өлүм күчтүү душман болгондуктан, андан бир да адам качып кутула албайт. Ал канчалаган адамдарды өмүрүнөн ажыратты. Бул ыйык китептик чындыкты билүү адам жакынынан айрылганда эмне үчүн күйүт тартарын жана эмне себептен өзүн ажал алдында алсыз сезерин түшүнүүгө жардам берет. Мындай сезимдердин болушу — табигый нерсе. Анда төмөнкүдөй суроо туулат: Кудай жакындарыбызды асманга алып кетүү үчүн өлүмдү колдонобу? Буга жоопту Ыйык Китептен издейли.

Насаатчы 9:5, 10до: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт... Сен бара турган мүрзөдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок»,— деп айтылат. Өлгөндөр мүрзөдө эч кандай иш-аракет кылышпайт, сезишпейт жана ой жүгүртө да алышпайт. Алардын абалын катуу уйкуга салыштырса болот. Демек, Ыйык Китепте Кудайдын маркумду асманга алып кетпээри айкын көрсөтүлүүдө. Өлгөн адам мүрзөдө эч нерсе билбей жата берет.

Ыйса бул чындыкты досу Лазар көз жумганда бышыктаган. Ал өлүмдү уйкуга салыштырган. Эгер Лазар Кудуреттүү Кудайдын жанында болуу үчүн асманга алынса, Ыйсанын аны кайра жерге тирилтип, кийинчерээк дагы өлүшүнө жол бериши адилетсиздикке жатып калмак. Ыйык Китептин билдирүүсүнө ылайык, Ыйса мүрзөнүн жанынан үнүн бийик чыгарып: «Лазар, чык!» — деген. «Ошондо... Лазар мүрзөдөн чыгып келген». Ал тирилип, кайрадан жашай баштаган. Ыйса Лазардын асманга барбаганын жана эч нерсе сезбей мүрзөдө жатканын билген (Жакан 11:11—14, 34, 38—44).

Ыйык Китепте жазылган бул окуядан Кудайдын өлүмдү колдонуп, адамдарды жерден асманга алып кетпээри көрүнүп турат. Кудайдын адамзатка азап-кайгы алып келбесин билүү аны менен жакын мамиледе болууга өбөлгө түзөт. Ал өлүмдүн айынан тарткан күйүт-кайгыңды толугу менен түшүнөрүнө эч шектенбе. Өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү ыйык китептик чындык маркумдун тозокто же башка жайда кыйналбаарын, анын эч нерсе сезбээрин көрсөтүүдө. Ошондуктан өлгөн жакындарыңды эстегенде, Кудайды күнөөлөбөй каласың жана алардан коркпойсуң. Андан сырткары, Ыйык Китепте сооронууга дагы бир негиз бар.

Үмүт бакытка жол ачат

Жогоруда талкууланган аяттар көрсөтүп тургандай, үмүтсүз бактылуу болуу мүмкүн эмес. Ыйык Китепте «үмүт» деген сөз, негизинен, «жакшы тилектин орундалышын шектенбей күтүү» дегенди билдирет. Ыйса Лазарды тирилткенде болгон окуяга кайрылып, үмүт бакытка кандайча жол ачарын карап көрөлү.

Ыйса бул кереметти, бери дегенде эле, эки себептен улам жасаган. Биринчиден, Мартаны, Мариямды жана Лазардын досторун соороткусу келген. Ал алардын кайрадан жакыны менен пикир алышуудан кубаныч алышын каалаган. Бирок Ыйса Мартага андан да маанилүү экинчи себебин айткан. Ал: «Мен сага: „Эгерде ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң“,— деп айткан жок белем?» — деген (Жакан 11:40). «Жакандын жакшы кабары» аттуу котормодо «Кудайдын даңкын көрөсүң» деген сөздөр «Кудайдын кудуретин көрөсүң» деп берилген. Лазардын тирилтилиши Жахаба Кудайдын келечекте эмнелерди кыларынан кабар берип турат. Демек, «Кудайдын кудуретин көрөсүң» деген сөздөр алдыда эмнелер болоруна байланыштуу көп нерсени ачып берүүдө.

Ыйса Жакан 5:28, 29да мындай деген: «Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат». Бул мүрзөдө жаткан бардык маркумдардын, анын ичинде жакыныңдын да кайра тирилерин билдирет. Ал кереметтүү окуялар жөнүндө Элчилер 24:15те кошумча маалымат камтылат: «Адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет». Жадагалса «адилетсиздерге» да — Жахабаны тааныбаган жана ага кызмат кылбаган көптөгөн адамдарга — Кудайдын жактыруусуна ээ болууга мүмкүнчүлүк берилет.

Тирилүү каерде болот? Забур 36:29да мындай делет: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат». Бул эмнени билдирери жөнүндө ойлонуп көрсөң. Өлүмдүн айынан бири-биринен ажыраган туугандар жана жакын достор жер үстүндө кайрадан жолугушат. Сүйүктүү жакының менен кайрадан жолугарыңды ойлогондо, жүрөгүң кубанычка толбойбу?

Жахаба бактылуу болушуңду каалайт

Кыйынчылыктарга карабай бактылуу боло алышың үчүн, Жахаба көп нерселерди жасаган. Биринчиден, ал адамдарга бактысыздыкты жеңүү үчүн билим жана жетекчилик камтылган Ыйык Китепти берген. Бул өлүм алып келген азап-кайгыны көтөрүп кетүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле ал экономикалык жана денсоолукка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Ыйык Китептен адилетсиздикке, саясий башаламандыкка чыдоого күч аласың. Андан сырткары, Кудай Сөзүндөгү кеңештерди колдонуу менен турмуштагы башка кыйынчылыктарды да жеңе аласың.

Экинчиден, Ыйык Китепти изилдөө менен бул дүйнөдө эч ким бере албаган үмүткө ээ болосуң. Кудай Сөзү өлгөн жакындарың менен досторуңдун келечекте тирилтилерине ынандырат. Андан сырткары, Аян 21:3, 4тө мындай делет: «Кудай Өзү алар [адамзат] менен болот... Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен». Бул келечекте жашооңду эч нерсе азапка салбаарын билдирет. Ыйык Китепте айтылган убадалардын аткарылганын өз көзүң менен көргөндө, кандай гана кубанычка бөлөнөсүң! Алдыда сонун жашоо күтүп турганын ойлогондо, бир топ жеңилдей түшөсүң. Өлгөндөн кийин түбөлүккө кыйналбаарыңды түшүнүү бактылуу болушуңа негиз түзөт.

Буга мисал катары Марияны алалы. Бир нече жыл мурун анын күйөөсү рактан кыйналып өлгөн. Башына түшкөн кайгысынан арыла электе, Мария акча жагынан кыйналып, үч кызы менен үйүн таштап кетүүгө аргасыз болушат. Андан эки жыл өтүп-өтпөй Мария өзү рак оорусуна чалдыгат. Башынан эки оор операцияны өткөрүп, жан кейиткен оорунун азабын тартат. Ошонун баарына карабай ал оң маанай сактап, атүгүл башкаларды да кайраттандырып турат. Кубанычын жоготпоого ага эмне жардам берет?

Мария мындай дейт: «Кыйынчылык болгондо, өзүм жөнүндө көп ойлой бербөөгө аракеттенем. Өзүмө: „Эмне үчүн мен ушундай жаман ооруга чалдыктым? Эмне себептен башыман кыйынчылык кетпейт? Эмне үчүн ушунчалык кыйналып жатам?“ — деген сыяктуу суроолорду берүүдөн качам. Себеби терс маанай алдан-күчтөн тайдырат. Мен болсо күч-кубатымды Жахабага кызмат кылууга жана башкаларга жардам берүүгө жумшагым келет. Бул мени бактылуу кылат».

Марияга үмүт кандайча жардам берет? Ал келечекте Жахаба адамзатты оорулардан жана башка көйгөйлөрдөн арылта турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келет. Ал эми бейтапканага жатууга туура келгенде, Мария жаңы дүйнөгө болгон үмүтүн көңүлү чөккөн башка рак оорулуу адамдар менен бөлүшөт. Мария үчүн үмүт канчалык маанилүү? Ал мындай дейт: «Мен көбүнчө Ыйык Китептеги Эврейлерге 6:19да айтылган сөздөрдүн үстүнөн ой жүгүртөм. Ал жерде үмүт „жаныбыз үчүн кеменин оор кайырмак темириндей“ экени айтылат. Андай кемеказыксыз биз деңиздеги катуу бороон-чапкында калган кемедей болуп калмакпыз. Бирок үмүтүбүз — „кемеказыгыбыз“ — бекем болсо, жашоодо кездешкен „бороондорго“ туруштук бере алабыз». Жалган сүйлөбөгөн Кудай убада кылган «түбөлүк өмүргө болгон үмүт» Марияга бактылуу бойдон калууга жардам берет (Титке 1:2). Ал үмүт сенин да бактылуу болушуңа өбөлгө түзөт.

Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында кыйынчылыктарга карабай бактылуу боло аласың. Кудай Сөзүндөгү кеңештер иш жүзүндө колдонулбачудай сезилсе, сага бактылуу болууга жардам берген аяттарды Жахабанын Күбөлөрү кубаныч менен көрсөтүп беришет. Жахабанын убадаларына бекем ишенүү менен сен Ыйык Китепте: «Алар шаттык жана кубаныч табышат, кайгы менен үшкүрүк жок болот»,— деп сыпатталган бактылуу адамдардын арасында боло аласың (Ышайа 35:10).

[5-беттеги сүрөт]

Азап-кайгыга кабылганда адамды ыйык китептик чындык гана сооротот

[7-беттеги сүрөт]

Тирилүүгө болгон үмүт бактылуу болууга өбөлгө түзөт