Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Өз жүзүмзарыңды сакта»!

«Өз жүзүмзарыңды сакта»!

«Өз жүзүмзарыңды сакта»!

ОН ЭКИ чалгынчы Убадаланган жерди узун-туурасынан аралап чыгышкан. Муса аларга ал жердин тургундарын байкап, кайра келатканда мөмө-жемиштеринен ала келүүнү буйруган. Чалгынчылар кайсы жемишке өзгөчө көңүл бурушкан? Алар Хеброндон анча алыс эмес жерден жүзүмзарды көрүшкөн. Андагы жүзүмдөрдүн мөмөлөрү ушунчалык чоң болгондуктан, бир эле сабагын эки адамга көтөрүүгө туура келген. Ошол себептен бул мол түшүмдүү жерди чалгынчылар «Эшкол», башкача айтканда, «Жүзүм шиңгили» деп аташкан (Сандар 13:22—25, шилтеме).

XIX кылымда Палестинага саякаттап барган бир адам: «Эшкол, же болбосо, Жүзүм өрөөнү дагы деле жүзүмзарга бай, бул жерде Палестинадагы жүзүмдөрдүн эң мыктысы өстүрүлөт, мөмөлөрү да чоң-чоң келет»,— деп айткан. Байыркы убакта Палестинанын көп жеринде жүзүмдүн эң жакшы сорттору өстүрүлсө да, Эшколдо өскөндөрүнө жетчү эмес. Мисирликтердин байыркы жазууларынан фараондор ичкен жүзүм шарабы Канаандан алынып келингенин билүүгө болот.

Бир китепте: «[Палестинанын] аскалуу адырлары, майда таштуу жер, кышында жааган жамгырдын тез кургашы, жайкы ысык — ушунун баары жүзүмзарлардын жакшы өсүшүнө шарт түзөт»,— деп түшүндүрүлөт («The Natural History of the Bible»). Ышайа пайгамбар да ошол жердин кээ бир аймактарында миң жүзүм сабагы өскөнүн айткан (Ышайа 7:23).

«Жүзүмзарлар аймагы»

Муса ысрайыл элине алардын «жүзүм, анар жана анжыр дарактары» өскөн жерде жашай турганын айткан (Мыйзам 8:8). Бир энциклопедияга ылайык, «байыркы Палестинада жүзүмзарлар ушунчалык көп болгондуктан, казылган жерлердин көбүнөн жүзүмдүн уруктары табылган» («Baker Encyclopedia of Bible Plants»). Б.з.ч. 607-жылы Небухаданасардын жоокерлери жүйүттөрдүн жерине бүлгүн салып, кыйратып кеткенден кийин да, аман калган ысрайылдыктар «шарапты, жайкы түшүмдү өтө көп жыйнап алышкан». Бул Убадаланган жердин жүзүмзарлары ушунчалык жемиштүү болгонун далилдеп турат (Жеремия 40:12, 52:16).

Көп шарап жасаш үчүн, ысрайылдык дыйкандар жүзүмзарларына жакшы кам көрүшү керек эле. Ышайа китебинде жүзүм өстүргөн дыйкандын «тандалган жүзүм сабактарын» отургузуу үчүн, башында адырлуу жерди казып, аны чоң-чоң таштардан тазалап, даярдык көрөрү сүрөттөлөт. Анан ал ошол эле таштардан дубал курат. Дубал жүзүмзарды малдын, ошондой эле түлкү, каман сыяктуу жаныбарлардын тебелеп-тепсешинен, уурулардан коргойт. Андан сырткары, жүзүмзардын ээси жүзүм сыгылуучу жай жасашы, кичине мунара курушу мүмкүн эле. Андай мунара түшүм жыйноо маалында, жүзүмзарга өзгөчө кам көрүү керек болгон убакта, жүзүмчүгө салкын жай болгон. Ушундай даярдыктарды көргөндө гана жүзүмчү жакшы түшүм күтө алмак * (Ышайа 5:1, 2).

Дыйкан мол түшүм алыш үчүн жүзүмдүн ашык бутактарын кыйып, түбүн жумшартып, отоо чөптөн, тикенектерден тазалачу. Ошондой эле жазында жаан жетиштүү жаабаса, жүзүмзарды жай айларында сугарып чыкчу (Ышайа 5:6; 18:5; 27:2—4).

Жайдын аягындагы жүзүм жыйноо маалы өзгөчө кубанычтуу боло турган (Ышайа 16:10). Забур китебинин үч бөлүмүнүн биринчи аяттарында «Гиттит күү аспабы менен» деген сөз айкашы кездешет (Забур 8, Забур 80 жана Забур 83-бөлүмдөр). Бул белгисиз музыкалык термин Септуагинтада «жүзүм сыгылуучу жай» деп которулат жана кыязы, жүзүм жыйноо маалында ысрайылдыктар ушул забурларды ырдаган. Жүзүмдөн көбүнчө шарап жасалса да, ысрайылдыктар жаңы үзүлгөн жүзүмдү азык катары да колдонушкан же андан мейиз жасашкан. Мейизди болсо таттуу токочторго кошушчу (2 Шемуел 6:19; 1 Жылнаама 16:3).

Ысрайыл — «Теңирдин жүзүмзары»

Ыйык Китепте Кудайдын эли бир нече жолу жүзүмзарга салыштырылат. Жүзүм ысрайылдыктар колдонгон негизги мөмө-жемиштердин бири болгондуктан, бул сүрөттөө эң эле ылайыктуу. Асап забурдун 79-бөлүмүндө ысрайыл элин Жахаба Канаанга отургузган жүзүмзарга салыштырган. Бул жер тазаланып, жумшартылгандыктан, Ысрайыл терең тамыр алып, жакшы өсө алмак. Бирок убакыт өткөндөн кийин аны коргоп турган дубал ураган. Эл Жахабага таянбай калгандыктан, Кудай аларды мурдагыдай коргобой калган. Жүзүмзарды тебелеп-тепсеген камандай болуп, душмандар ысрайылдыктардын байлыгын талап-тоношкон. Асап Жахабадан ысрайыл элине жардам беришин жана мурунку даңкын калыбына келтиришин өтүнүп: «Өз жүзүмзарыңды сакта»,— деп тиленген (Забур 79:9—16, БМК).

Ышайа «Ысрайыл тукумун» «жапайы мөмө» бере баштаган, тактап айтканда, начар жемиш апкелген жүзүмзарга окшоштурган (Ышайа 5:2, 7). Адатта, жапайы жүзүмдөр атайы өстүрүлгөн жүзүмдөргө караганда майда келет, ал эми уруктары чоң болот. Алар шарап жасоого же жегенге жараксыз. Ошондуктан Кудайдан баш тарткан ысрайыл элинин адилетсиз, ыпылас иштерди жасаганы үчүн жапайы жүзүмгө салыштырылганы таң калыштуу эмес. Бирок жүзүмдүн жаман түшүм бергенине аны өстүргөн Дыйкан — Жахаба — күнөөлүү эмес. Ысрайыл эли жакшы түшүм бериши үчүн, Ал бүт баарын жасаган. Жахаба: «Жүзүмзарым үчүн дагы эмне кылышым керек эле, мен ага эмнени кылбай койдум?» — деп сураган (Ышайа 5:4).

Ысрайыл жүзүмзары түшүм бербей калгандыктан, Жахаба аларды коргоп турган дубалдарын уратарын эскерткен. Ал мындан ары каймана маанидеги жүзүмдөрүн бутабай турганын, түбүн жумшартууну каалабаарын билдирген. Түшүмдүн мол болушун шарттаган жазгы жамгыр да жаамак эмес жана жүзүмзарды тикенек менен отоо чөп басып кетмек (Ышайа 5:5, 6).

Муса Ысрайылдын Кудайдан баш тартканынан улам кадимки жүзүмзарлар да куурап каларын пайгамбарлык кылган. «Жүзүмзар тигип өстүрөсүң, бирок мөмөсүн жыйнап, шарап ичпейсиң, анткени аны курт жеп салат»,— деген ал (Мыйзам 28:39). Эгерде жүзүм сабагына курт түшүп, өзөгүн жей баштаса, жүзүм бир нече күндүн ичинде эле соолуп калышы мүмкүн (Ышайа 24:7).

«Чыныгы жүзүм сабагы»

Жахаба ысрайыл элин жүзүмзарга окшоштургандай, Ыйса да ошол сыяктуу салыштыруу келтирген. Эскерүү кечесин негиздегенде ал окуучуларына: «Мен чыныгы жүзүм Сабагымын, Атам болсо — Жүзүмчү»,— деген (Жакан 15:1). Ыйса шакирттерин жүзүм сабагынын бутактарына салыштырган. Кадимки жүзүмдүн бутактары сабагынан өсүп чыгып, күч алгандай, Ыйсанын окуучулары да аны менен биримдикте болушу керек. Ыйса: «Силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар»,— деп айткан (Жакан 15:5). Дыйкандар жүзүмдү түшүм алыш үчүн өстүрүшөт. Ошо сыяктуу эле, Жахаба өз элинин рухий жемиш беришин күтөт. Алардын жемиш бергени Жахабага, жүзүмзардын Ээсине, кубаныч тартуулап, даңк алып келет (Жакан 15:8).

Жүзүм жакшы түшүм бериши үчүн, аны тазалап, бутап туруш керек. Ыйса ушул эки ишке өзгөчө көңүл бурган. Мүмкүн болушунча көп түшүм алыш үчүн, дыйкандар жүзүмдү кээде жылына эки жолу буташат. Кышында жүзүмдүн бутактарынын көбү кыйылышы мүмкүн. Жүзүмчү мурунку жылы өскөн бутактардын көбүн кыйып, үч-төрт жоон бутакты калтырат. Алардын ар биринде бир-эки чырпыгы болот. Бул жаш чырпыктар жайга чейин бутактарга айланып, түшүм бергенге жарап калат. Аягында жүзүмчү кыйылган бутактарды өрттөйт.

Ыйса жогоруда айтылганды мындай деп сүрөттөгөн: «Ким Менин ичимде болбосо, ал бутак сыяктуу сыртка ыргытылат да куурап калат. Андай бутактарды чогултуп, отко ыргытышат, алар күйүп кетет» (Жакан 15:6). Бул учурда жүзүм сабагы дээрлик бутаксыз калгандай көрүнгөнү менен, жазында ал дагы кыйылат.

Ыйса: «Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт»,— деп айткан (Жакан 15:2). Бул сөздөр, сыягы, жаш чырпыктар чыгып, жаңы эле бүчүр байлай баштагандагы бутактардын кыйылышын билдирет. Жүзүмчү ар бир жаңы бутакты кылдат карап чыгып, анын жемиш берер-бербесин аныктайт. Эгерде мөмөсү жок бутактар кыйылбаса, алар жүзүмдүн өзөгүнөн өзүнө сууну, керектүү азык-заттарды сиңире берет. Ошондуктан азык-заттар түшүм бере турган бутактарга гана жетиши үчүн, жүзүмчү түшүм бербегендерин кыйып салат.

Акырында Ыйса жүзүм сабагын тазалоо жөнүндө сөз кылат. Ал: «Жемиш берип жаткан ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт»,— деп түшүндүрөт (Жакан 15:2). Жемишсиз бутактарды кыйгандан кийин жүзүмчү мөмө байлаган ар бир бутакты дагы бир жолу кылдат карап чыгып, жемиш бере турган бутактардын түбүнөн өсүп чыккан жаңы чырпыктарды кыйып турат. Эгер алар өсө берсе, жүзүм сабагындагы азык-заттарды сиңирип алат да, мөмөлөр ширелүү болбой калат. Жүзүмдүн шиңгилине күн жакшы тийиши үчүн, чоң жалбырактарынын айрымдары да кесилет. Мындай иш-чаралар түшүмдүн мол болушуна өбөлгө түзөт.

«Көп жемиш бергиле»

«Чыныгы жүзүм сабагынын» каймана маанидеги бутактары Ыйсанын майланган жолдоочуларын билдирет. Бирок «башка койлор» да жемиш бериши керек (Жакан 10:16). Алар да «көп жемиш» берип, асмандагы Атасына даңк алып келе алышат (Жакан 15:5, 8). Чыныгы жүзүм сабагы жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисал биздин куткарылуубуз Ыйса менен биримдикте болуп, рухий жактан жакшы түшүм алып келишибизден көзкаранды экенин эсибизге салып турат. Ыйса: «Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот»,— деп айткан (Жакан 15:10).

Захария пайгамбардын күндөрүндө Кудай ысрайылдыктардын ишенимдүү калдыгына алардын эгини кайрадан айдаларын, «жүзүм сабагы өз жемишин... жери өз түшүмүн берерин» убадалаган (Захария 8:12). Ошондой эле жүзүм сабагы Машайактын Миң жылдык башкаруусу астында Кудайдын элинин арасында тынчтык өкүм сүрөрүнүн символу болуп саналат. Михей мындай деп пайгамбарлык кылган: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт, анткени муну Себайот Теңир Өзү айтты» (Михей 4:4).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. «Жүйүт энциклопедиясына» ылайык, ысрайылдык дыйкандар мөмөлөрү кочкул болгон «сорек» аттуу жүзүмдүн сортун көбүрөөк отургузушкан. Ышайа 5:2де ушул сорт жөнүндө жазылса керек. Жүзүмдүн бул түрүнөн таттуу кызыл шарап жасалган.

[10-беттеги сүрөт]

Соолуп калган жүзүм сабагы

Кышында жүзүм буталат

Кыйылган бутактар өрттөлөт