Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акылдуу бол жана Кудайдан корк!

Акылдуу бол жана Кудайдан корк!

Акылдуу бол жана Кудайдан корк!

«Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу» (Накыл сөздөр 9:10).

1. Эмне үчүн көптөргө Кудайдан коркуу деген эмне экенин түшүнүү кыйын?

БИР кездерде: «Ал Кудайдан коркот»,— деген сөздөрдү адамдар мактоо катары кабыл алышчу. Бирок бүгүн көптөр андай көзкарашты эскирип калган жана түшүнүксүз деп эсептешет. Алар: «Эгер Кудай сүйүү болсо, андан эмне үчүн коркушум керек?» — деп сурашы мүмкүн. Андай адамдар коркуу сезимин терс, атүгүл кишини эч нерсе жасай албагыдай абалга келтирген сезим катары көрүшөт. Бирок бул макаладан көрө турганыбыздай, Кудайдан чындап коркуу деген сезимди эле билдирбейт. Ал — кеңири мааниге ээ түшүнүк.

2, 3. Кудайдан коркуу деген чынында эмнени билдирет?

2 Ыйык Китепте Кудайдан коркуу сезими жөнүндө оң маанайда айтылат (Ышайа 11:3). Ал Кудайды кастарлап, терең урматтоону жана анын жактыруусунан айрылып калбоого умтулууну билдирет (Забур 113:19). Ошондой эле Кудайдын адеп-ахлак нормаларын кабыл алууну, аларга бек карманууну жана жаман-жакшыга карата аныкындай көзкарашта болууну билдирет. Бир эмгекте анын «Кудайга карата көрсөтүлчү жана акылдуулук менен иш кылууга, жаман иштердин баарынан алыс болууга түрткү берүүчү сезим» экени айтылат. Ошондуктан Кудай Сөзүндө: «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу»,— деп орундуу түрдө жазылган (Накыл сөздөр 9:10).

3 Кудайдан коркуу сезими адамдын жашоосуна көп жагынан таасир этет. Мисалы, ал акылмандыкка эле эмес, кубанычка, тынчтыкка, ийгиликке, узун өмүргө, үмүткө жана ишенимдүүлүккө ээ кылат (Забур 2:11; Накыл сөздөр 1:7; 10:27; 14:26; 22:4; 23:17, 18; Элчилер 9:31). Ал ишеним, сүйүү сыяктуу сапаттар менен да тыгыз байланышта. Ошондой эле Кудай жана адамдар менен болгон мамилебизге таасир этет (Мыйзам 10:12; Аюб 6:14; Эврейлерге 11:7). Кудайдан коркуу сезиминен улам асмандагы Атабыздын ар бирибизге кам көрөрүнө жана күнөөлөрүбүздү кечирүүгө даяр экенине шектенбейбиз (Забур 129:4). Кудайдан өкүнбөгөн күнөөкөрлөр гана калчылдап коркууга тийиш * (Эврейлерге 10:26—31).

Жахабадан коркууга үйрөнүү

4. Жахабадан коркууга үйрөнүүгө эмне жардам берет?

4 Акылдуу чечим чыгаруу жана Кудайдан бата алуу үчүн, андан коркууга үйрөнүү абдан маанилүү. Буга эмне жардам берет? (Мыйзам 17:19). Ыйык Китептен Кудайдан корккон көптөгөн эркек-аялдар жөнүндө окуйбуз. Ал билдирүүлөр «үйрөнүшүбүз үчүн жазылган» (Римдиктерге 15:4). Кудайдан коркуу чынында эмнени билдирерин түшүнүү үчүн, ошондой адамдардын бири болгон байыркы Ысрайыл падышасы Дөөттүн жашоосун карап көрөлү.

5. Кой кайтарып өткөргөн түндөрү Дөөткө Жахабадан коркуу деген эмне экенин түшүнүүгө кандайча жардам берген?

5 Жахаба Ысрайылдын биринчи падышасы Шабулду андан эмес, элден корккону үчүн четке каккан (1 Шемуел 15:24—26). Ал эми Дөөттүн жашоосу жана Жахаба менен болгон ынак мамилеси анын Кудайдан чындап коркконун көрсөтүп турат. Бала чагынан тартып ал атасынын коюн көп кайтарчу (1 Шемуел 16:11). Жылдыздуу асман астында өткөргөн түндөрү Дөөткө Жахабадан коркуу деген эмне экенин түшүнүүгө жардам берген. Ошондо ал кең ааламдын четин эле көрсө да, туура жыйынтыкка — Кудай урматталууга жана сыйынууга татыктуу деген тыянакка — келген. Кийинчерээк Дөөт: «Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп: „Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?“ — деп ойлойм»,— деп жазган (Забур 8:4, 5).

6. Дөөт Жахабанын улуулугун түшүнгөндө кандай сезимде болгон?

6 Ооба, учу-кыйырсыз жылдыздуу асманга салыштырмалуу өзүнүн канчалык кичинекей экенин түшүнгөндө Дөөттүн катуу таасирленгени шексиз. Мунун натыйжасында ал Жахабадан титиреп коркууга эмес, аны даңктоого түрткү алып: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат»,— деген (Забур 18:2). Ошол сезим Дөөткө Кудайга жакындоого, анын жеткилең жолдорун таанып-билүүгө жана аларга ылайык жашоого түрткү берген. Анын Жахаба жөнүндө: «Сен улуусуң, кереметтерди жасайсың, Сен жалгыз Кудайсың. Сенин чындык жолуңда жүрүшүм үчүн, мени Өз жолуңа сал, Теңирим. Сенин ысымыңдан коркуп турушум үчүн, жүрөгүмдү бекемде»,— деп ырдаганда кандай сезимде болгонун элестетсеңер (Забур 85:10, 11).

7. Кудайдан коркуу Дөөткө Голийатты жеңүүгө кандайча жардам берген?

7 Бир жолу пелиштиликтер Ысрайыл жерине кол салат. Анан алардын үч метрдей болгон Голийат аттуу балбаны ортого чыгып, ысрайылдыктарды шылдыңдап: «Араңардан киши тандагыла... Эгер ал мени менен согуша алса, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз»,— деп айтат (1 Шемуел 17:4—10). Ошондо Шабул менен анын аскерлеринин үрөйү учат. Бирок Дөөт коркпойт, себеби адам кандай гана күчтүү болбосун, Жахабадан гана коркуу керек экенин билчү. Ал Голийатка: «Мен... Себайот Теңирдин атынан келе жатам... Бул жерге чогулгандардын баары Теңирдин кылычсыз, найзасыз куткарарын билет, анткени бул — Теңирдин согушу»,— дейт. Анан таш алып, салмоорго салат да, Жахабанын жардамы менен пелиштилик алпты өлтүрөт (1 Шемуел 17:45—47).

8. Байыркы убактагы Кудайдан корккон адамдардын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

8 Дөөткө окшоп, биз да оор жагдайларга же аныкындай күчтүү душмандарга туш болушубуз мүмкүн. Андай учурда эмне кылсак болот? Аларга, Дөөткө жана байыркы убакта жашаган ишенимдүү адамдарга окшоп, Кудайдан коркуу менен туруштук бере алабыз. Кудайдан коркуу адамдан коркуу сезимин жеңүүгө жардам берет. Жахабанын ишенимдүү кызматчысы Некемия душмандын кысымы алдындагы өз элин: «Душмандан коркпогула. Улуу, коркунучтуу Теңириңерди эстегиле»,— деп чакырган (Некемия 4:14). Дөөт, Некемия жана Кудайдын башка ишенимдүү кызматчылары Жахаба тапшырган иштердин баарын анын жардамы менен ийгиликтүү аткара алышкан. Кудайдан корксок, биз да ошенте алабыз.

Кыйынчылыктарды Кудайдан коркуу менен көтөрүү

9. Кандай жагдайларда Дөөт Кудайдан коркорун көрсөткөн?

9 Голийатты өлтүргөндөн кийин Дөөт Жахабанын жардамы менен дагы көп жеңиштерге жетет. Муну көрө албаган Шабул аны өлтүрүүгө аракет кылат. Алгач ал ачуусу менен найза ыргытат, андан соң айла-амал колдонот, акыры аскерлери менен артынан сая түшөт. Кудай Дөөттү падыша болоруна ынандырса да, ал ошол убакыт келгиче күтүүгө, бир канча жыл бою качып жүрүүгө, согушууга аргасыз болот. Ушул жагдайлардын баарында ал Кудайдан коркорун көрсөтөт (1 Шемуел 18:9, 11, 17; 24:2).

10. Өмүрүнө коркунуч туулганда Дөөт Кудайдан коркорун кантип көрсөткөн?

10 Бир күнү Дөөт жанын сактап калыш үчүн, Пелишти жериндеги Акиш аттуу падыша башкарган Гат шаарына качып барат. Ал шаарда мурун Голийат жашаган эле (1 Шемуел 21:10—15). Акиштин кулдары өздөрүнүн душманын таанып коюшат. Мындай коркунучтуу жагдайда Дөөт эмне кылган? Ал Жахабага жалындуу тиленген (Забур 55:2—5, 12—14). Анан душмандарына өзүн акылынан айныган кишидей кылып көрсөтүп, аман калган. Бирок ал колдонгон амалынан улам эмес, Жахаба батасын бергендиктен, тирүү калганын билген. Дөөттүн Жахабадан үмүттөнгөнү жана ага толук таянганы анын Кудайдан чындап коркорун көрсөткөн (Забур 33:5—7, 10—12).

11. Оор жагдайларда, Дөөткө окшоп, Кудайдан коркорубузду кантип көрсөтсөк болот?

11 Дөөткө окшоп, Кудайдын жардам берерине ишенүү менен андан коркорубузду көрсөтөбүз. «Теңирге өз жолуңду тапшыр, Ага таян, ошондо Ал ишке ашырат»,— деген Дөөт (Забур 36:5). Бул кыйынчылыктарыбызды Жахабага артып коюп, өзүбүз эч нерсе кылбай күтүп отура беришибиз керек дегенди билдирбейт. Дөөт Кудайга тиленип коюп эле эч чара көрбөй отура берген эмес. Ал өзү кабылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн Жахаба берген күчүн жана акылын колдончу. Анткен менен Дөөт адам өзүнүн аракети менен эле ийгиликке жете албасын билчү. Биз да оор жагдайларда колубуздан келгендин баарын жасаган соң, калганын Жахабага тапшырышыбыз керек. Ооба, кээде Кудайга таянгандан башка эч арга калбай калган учурлар болот. Андайда Кудайдан канчалык коркорубуз айкын көрүнөт. Дөөттүн: «Жахаба менен ынак мамилеге андан корккондор ээ болот»,— деп чын жүрөктөн айткан сөздөрү бизге сооротуу берет (Забур 25:14, «ЖД» [24:14]).

12. Эмне үчүн тиленүүгө олуттуу караганыбыз абзел жана кандай маанайдан качышыбыз керек?

12 Ошондуктан тиленүүгө жана Кудай менен болгон мамилебизге олуттуу караганыбыз абзел. Жахабага кайрылып жатканда «Анын бар экендигине, Аны издегендерге... тиешелүүсүн берерине ишенишибиз» кажет (Эврейлерге 11:6; Жакып 1:5—8). Ал эми жардам алган соң, элчи Пабыл кеңеш кылгандай, Кудайга «ыраазычылык билдирүүгө» тийишпиз (Колосалыктарга 3:15, 17). Асманга үмүтү бар тажрыйбалуу бир ишенимдешибиз: «Көптөр Кудайды официант катары көрүшөт. Алар манжаларын тарсылдатар замат, анын асмандан келип буйруктарын аткарышын, анан кете беришин каалашат»,— деген. Биз эч качан алардай болбошубуз керек. Андай маанай адамдын Кудайдан коркпоорун көрсөтөт.

Кудайдан коркуу сезимин жоготуунун кесепеттери

13. Кайсы учурда Дөөт Кудайдын Мыйзамына тийиштүү урмат көрсөткөн эмес?

13 Жашоосунун оор мезгилдеринде Жахабадан жардам алган Дөөттүн Кудайдан коркуу сезими ого бетер өрчүп, ишеними бекемделген (Забур 30:23—25). Анткен менен жашоосундагы үч окуядан көрүнүп тургандай, анын Кудайдан коркуу сезимин жоготуп, кесепеттүү натыйжаларга кабылган учурлары болгон. Биринчи окуя Кудайдын келишим сандыгын Иерусалимге көчүрүп келүүгө байланыштуу. Мыйзамга ылайык, аны лебилер ийнине көтөрүп келиши керек эле, бирок Дөөт арабага салдыртат. Аны айдап келаткан Уза келишим сандыгы кулап кетпеш үчүн кармап калганда, Кудай «аны коркпой батынгандыгы үчүн ошол жерден эле өлтүрүп салат». Узанын олуттуу күнөө кетиргени чын, бирок ал кайгылуу окуяга Кудайдын Мыйзамына тийиштүү урмат көрсөтпөгөнү үчүн Дөөт күнөөлүү болгон. Кудайдан коркуу деген дайыма анын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылууну билдирет (2 Шемуел 6:2—9; Сандар 4:15; 7:9).

14. Дөөттүн ысрайылдыктарды санаганы кандай натыйжага алып келген?

14 Кийинчерээк Шайтандын азгырыгы менен Дөөт Ысрайылдагы согушка жарактуу эркектерди санап чыгууну буйрат (1 Жылнаама 21:1). Бул учурда да ал Кудайдан коркуу сезимин жоготуп койгон. Анын кесепетинен ысрайыл элинен 70 000 адам каза табат. Жахабанын алдында өкүнгөнү менен, Дөөт өзү да, эл да катуу жапа чегет (2 Шемуел 24:1—16).

15. Дөөт эмне себептен ойноштук кылган?

15 Урийдин аялы Бат-Шеба менен адеп-ахлаксыз ишке барганда да Дөөт Кудайдан коркуу сезимин жоготуп койгон болчу. Ал ойноштук, атүгүл жакынынын аялына көз артуу күнөө экенин билчү (Чыгуу 20:14, 17). Анткен менен жуунуп жаткан Бат-Шебаны көргөндө Дөөт ал билимине ылайык иш кылган эмес. Кудайдан коркуу сезими ага аялды тиктей бербөөгө жана ал жөнүндө ойлонбоого түрткү бериши керек эле. Бирок Дөөт Бат-Шебаны «кумарлануу менен карай» берген. Натыйжада Кудайдан коркуу сезимин жоготуп алган (Матай 5:28; 2 Шемуел 11:1—4). Ошол учурда ал Жахабанын ага дайыма байкоо салып турарын унутуп койгон (Забур 138:1—7).

16. Дөөт күнөөсүнүн айынан эмнелерге дуушар болгон?

16 Ойноштук кылгандан кийин Дөөт Бат-Шебадан балалуу болот. Көп өтпөй Жахаба анын күнөөсүн ашкерелөө үчүн Натан пайгамбарды жиберет. Дөөт күнөө кетиргенин түшүнүп, Кудайдан коркуу сезимине кайрадан ээ болот да, өкүнөт. Ал Жахабадан аны таштабоону жана ыйык рухун алып койбоону сурап жалбарат (Забур 50:9, 13). Кудай Дөөттү кечирип, жазасын жеңилдетсе да, туура эмес иштеринин кесепеттеринен коргобойт. Төрөлгөн баласы өлөт жана үйбүлөсү улам бир каргашалуу кырсыктарга дуушар боло баштайт. Кудайдан коркуу сезимин жоготуу кандай гана кайгылуу натыйжаларга алып келет! (2 Шемуел 12:10—14; 13:10—14; 15:14).

17. Күнөөнүн кайгыга саларын мисал менен бышыктагыла.

17 Кудайдан коркпой адеп-ахлаксыз иштерге баруу бүгүн да олуттуу жана узакка созулган кыйынчылыктарга дуушар кылышы мүмкүн. Мисалы, бир ишенимдешибиз чет өлкөдө иштеп жүрүп бир нече жолу ойноштук кылган. Аны билгенде келинчегинин кандай гана кайгыга батканын элестетсеңер. Ал уккан кулагына ишенбей, бир чети ызасына чыдабай, бетин колу менен жаап алып, өксүп ыйлаган. Аялынын ишенимине жана урмат-сыйына кайрадан татыш үчүн күйөөсү дагы канча күч-аракет жумшашы керек?! Эгер ал Кудайдан чындап корксо, мындай балакеттүү иш болмок эмес (1 Корунттуктарга 6:18).

Кудайдан коркуу бизди күнөө кылуудан сактайт

18. Шайтан кандай максатты көздөйт жана ага жетүү үчүн эмне кылат?

18 Дүйнөдөгү адеп-ахлактыктын тез төмөндөп баратышына Шайтан жооптуу. Ал, айрыкча, Ыйсанын жолдоочуларын ыплас иштерге азгырууну көздөйт. Максатына жетүү үчүн, ал жүрөгүбүз менен акылыбызга, негизинен, көрүү жана угуу органдарыбыз аркылуу таасир этет (Эфестиктерге 4:17—19). Кокусунан ыпластык чагылдырылган сүрөттөрдү көрүп, адепсиз сөздөрдү угуп же адеп-ахлаксыз адамдарга жолугуп калганда, эмне кылабыз?

19. Кудайдан коркуу сезими бир ишенимдешибизге азгырыкка алдырбоого кандайча жардам берген?

19 Европадагы бир ооруканада догдур болуп иштеген Андре * аттуу үйбүлөлүү аксакал менен болгон окуяны карап көрөлү. Ал түнкү сменге турганда, бирге иштеген аялдар жүрөктүн сүрөтү тартылган каттарды жаздыгына калтырып, жыныстык мамиледе болууга чакырышчу. Андре андай сунуштардын баарынан чечкиндүү түрдө баш тарткан. Андан сырткары, жаман чөйрөдөн алыс болуш үчүн, ал жумуш ордун алмаштырган. Кудайдан коркуу сезими акылмандуулук менен иш кылып, мол баталарды алууга өбөлгө түзгөн. Бүгүн Андре өзүнүн өлкөсүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалында штаттан тышкаркы кызматчы болуп иштейт.

20, 21. а) Кандайча Кудайдан коркуу сезими бизди күнөө кылуудан сактайт? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

20 Туура эмес ойлорун ооздуктабаган адам өзүнө таандык болбогон нерсеге жетүү үчүн Кудай менен болгон баа жеткис мамилесинен оңой эле баш тартып кетиши мүмкүн (Жакып 1:14, 15). Ал эми Жахабадан корксок, адеп-ахлактыкка болгон көзкарашыбызга терс таасир эте турган адамдардан, жайлардан, иштерден жана көңүл ачуулардан алыс болобуз (Накыл сөздөр 22:3). Анын натыйжасында кыйынчылыктарга туш болушубуз ыктымал же кандайдыр бир курмандыктарга барууга туура келиши мүмкүн, бирок Кудайдын жактыруусунан айрылбайбыз. А бул биз үчүн баарынан маанилүү (Матай 5:29, 30). Кудайдан корксок, адеп-ахлаксыз нерселерге, анын ичинде порнографиянын эч бир түрүнө кызыкпайбыз, тескерисинче, көзүбүздү «курулай убаракерчилик» деп эсептелген андай нерселерден бурууга умтулабыз. Ошондо Жахабанын бизди сактап жүрөрүнө жана муктаждыктарыбызды канааттандырарына шектенбесек болот (Забур 83:12; 118:37).

21 Кудайдан коркуу сезими дайыма акылдуу иш кылууга түрткү берери, ошондой эле чыныгы бакытка жеткирери шексиз (Забур 33:10). Муну кийинки макаладан айкыныраак көрө алабыз.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналындагы «Ыйык Китептин көзкарашы: Кудай сүйүү болсо, андан эмне үчүн коркуу керек?» деген макаланы карагыла (1998-жыл, 8-январь, ор.).

^ 19-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

Түшүндүрө аласыңбы?

• Кудайдан коркуу сезими кайсы сапаттар менен тыгыз байланышта?

• Кудайдан коркуу адамдан коркуу сезимин жеңүүгө кандайча жардам берет?

• Тиленүүгө карата тийиштүү көзкарашка ээ экенибизди кантип көрсөтөбүз?

• Кудайдан коркуу сезими бизди күнөө кылуудан кандайча сактайт?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Жахаба жараткан нерселерге байкоо салуу менен Дөөт андан коркууга үйрөнгөн