Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадан корк жана бактылуу бол!

Жахабадан корк жана бактылуу бол!

Жахабадан корк жана бактылуу бол!

«Теңирден корккон... адам бактылуу» (Забур 111:1).

1, 2. Жахабадан коркуу сезими кандай пайда алып келет?

БАКЫТ оңой эле келе калчу нерсе эмес. Туура чечим кабыл алганда, жакшы иштерди кылганда жана туура эмес иштерден баш тартканда гана адам өзүн чындап бактылуу сезет. Жаратканыбыз Жахаба бизди жашообузду эң сонун өткөрүүгө үйрөтүү үчүн өзүнүн Сөзүн, Ыйык Китепти, берген. Кудайдын жетекчилигин издеп, көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылсак, тактап айтканда, Андан корксок, кубанычтуу жана бактылуу жашайбыз (Забур 22:1; Накыл сөздөр 14:26).

2 Бул макалада биз байыркы убактагы жана биздин күндөрдөгү адамдардын мисалына токтолуп, Кудайдан чындап коркуу туура эмес иштерден качууга, адил иштерди кылууга кандайча жардам берерин талкуулайбыз. Ошондой эле Кудайдан коркуу сезими бизге Дөөт падышага окшоп туура эмес жолдон баш тартууга түрткү берип, бактылуу болушубузга өбөлгө түзөрүн билебиз. Андан сырткары, Жахабадан коркуу сезими ата-энелер балдарына бере алчу баа жеткис мурас экенин көрөбүз. Арийне, Кудайдын Сөзү бизди: «Теңирден корккон... адам бактылуу»,— деп ынандырат (Забур 111:1).

Жоготкон бакытты кайра табуу

3. Дөөткө туура эмес жолунан бурулууга эмне жардам берген?

3 Мурунку макаладан көргөнүбүздөй, Дөөт үч жолу Кудайдан коркуу сезимин жоготуп алып, күнөөгө баткан. Бирок Кудайдын оңдоо чараларына кайтарган жообу анын Жахабадан чындап корккон адам болгонун көрсөтүп турат. Кудайды кастарлап-урматтагандыктан ал күнөөсүн мойнуна алып, туура эмес жолунан бурулган да, кайрадан Жахаба менен жакшы мамилеге ээ болгон. Жасаган күнөөлөрүнүн айынан өзү жана башкалар жапа чексе да, Дөөт чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба ага мурдагыдай эле колдоо көрсөтүп, батасын бере баштаган. Олуттуу күнөө жасап алган ишенимдештерибиз Дөөт жөнүндөгү билдирүүлөрдөн кайрат ала алышат.

4. Кудайдан коркуу сезими бир ишенимдешибизге жоготкон бактысын табууга кандайча жардам берген?

4 Соня аттуу ишенимдешибиздин эмне болгонун карап көрөлү *. Толук убакыттуу кызматчы болуп жүрсө да, ал жаман чөйрөгө кошулуп кетет. Натыйжада Ыйык Китепке каршы келген жүрүм-туруму үчүн жыйналыштан чыгарылат. Акылына келген соң, Соня Жахаба менен болгон мамилесин оңдоо үчүн бүт күч-аракетин жумшай баштайт жана убакыттын өтүшү менен жыйналышка кабыл алынат. Ал Жахабага кызмат кылуу каалоосунун таптакыр сууп калышына жол берген эмес. Акыры кайрадан жалпы пионер болуп кызмат кыла баштайт, ал эми кийинчерээк бир жакшы аксакалга турмушка чыгат. Азыр жолдошу экөө Жахабага кубанычтуу кызмат кылып жүрүшөт. Бир кезде туура жолдон бурулуп кеткенине кейисе да, Соня Кудайдан коркуу сезими ага кайра кайрылып келүүгө жардам бергенине кубанат.

Азап чегүү күнөө кылуудан артык

5, 6. Дөөт Шабулду эки жолу кантип жана эмне себептен аяп коёт? Түшүндүргүлө.

5 Кудайдан коркуу сезими бизге дагы бир жагынан пайдалуу. Ал туура эмес жолдон бурулууга жардам бергенден сырткары, күнөө кылуудан да сактайт. Муну Дөөттүн жашоосунда болгон бир окуя бышыктап турат. Бир күнү Дөттүн артынан үч миң жоокери менен сая түшүп жүргөн Шабул үңкүргө кирет. Дал ошол үңкүрдүн түп жагында Дөөт өзүнүн кишилери менен жашынып отурган эле. Жанындагылары аны Шабулду өлтүрүүгө тукурушат. Аларга Дөөттүн айыгышкан душманын Жахаба өзү колуна салып берип жаткандай көрүнөт. Дөөт акырын барып, Шабулдун сырт кийиминин этегинен кесип алат. Бирок Кудайдан корккон адам болгондуктан Дөөт кийин атүгүл ошол эч зыянсыз көрүнгөн иши үчүн да өкүнөт. Ал өзүн жандап жүргөндөргө: «Теңир мага өз мырзама, Теңирдин майланганына, кол салууга жол бербесин, анткени ал — Теңирдин майлаган адамы»,— деп айтат * (1 Шемуел 24:2—8).

6 Андан көп өтпөй Шабул жоокерлери менен түнөш үчүн бир жерге токтойт. Ошондо Теңир аны да, жанындагы кишилерин да катуу «уктатып салат». Дөөт өзүнүн эржүрөк жээни Абышай менен кошуундун так ортосуна, Шабул уктап жаткан жерге, жөргөлөп барат. Абышай аны ошол жерден бир эле сайып мерт кылууну каалайт. Бирок Дөөт: «Теңирдин майланганына кол көтөргөн адам жазаланбай калмак беле?» — деген суроо берүү менен аны токтотуп калат (1 Шемуел 26:9, 12).

7. Күнөө кылуудан Дөөттү эмне сактаган?

7 Эмне себептен Дөөт, эки жолу мүмкүнчүлүк пайда болсо да, Шабулду өлтүрбөй коёт? Анткени Шабулга караганда Кудайдан көбүрөөк корккон. Ал күнөө кылгандан көрө азап чегип жүрүүнү артык эсептеген (Эврейлерге 11:25). Дөөт Жахабанын өз элине жана ага кам көрөрүнө эч шектенген эмес. Ал Кудайга тил алып, ага таянган адам бактылуу болорун жана көптөгөн баталарды аларын, ал эми Кудайды эске албагандар анын жактыруусунан айрыларын билчү (Забур 64:5). Ошондой эле Кудайдын аны падыша кылууга карата берген убадасын аткарарына жана убагы келгенде Шабулду өзү туура көргөн жол менен жок кыларына да ишенчү (1 Шемуел 26:10).

Кудайдан корккон адам бактылуу

8. Дөөт кыйынчылыктарга туруштук берүүдө биз үчүн кандай үлгү калтырган?

8 Ыйсанын жолдоочулары болгондуктан биз шылдыңга, куугунтукка жана башка сыноолорго кабылышыбыз мүмкүн (Матай 24:9; 2 Петир 3:3). Кээде кыйынчылыктарыбызга атүгүл ишенимдештерибиз себепкер болушу ыктымал. Анткен менен Жахабанын бүт бардыгын көрүп турарын, тиленүүлөрүбүздү угарын, ошондой эле көйгөйдү өзү туура көргөн убакта жана өз эркине ылайык чечерин билебиз (Римдиктерге 12:17—21; Эврейлерге 4:16). Ошондуктан биз адамдардан эмес, Кудайдан көбүрөөк коркуп, анын куткаруусун күтөбүз. Дөөткө окшоп, биз өч алууга умтулбайбыз жана кыйынчылыктан качуу максатында адил принциптерди бузбайбыз. Бул өзүбүздү бактылуу сезүүгө өбөлгө түзөт. Кандайча?

9. Кудайдан корккон адамдын куугунтукка карабай бактылуу болоруна мисал келтиргиле.

9 Африкада көп жыл бою миссионер болуп кызмат кылган бир ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Бир эже менен өспүрүм кызы бейтараптуулукту сактагандыктан партбилет сатып алуудан баш тартышканда, бир нече эркектен турган топ аларды катуу кордоп кууп жиберет. Жолдо баратканда кызы эмне үчүн ошондой мамилеге дуушар болушканын түшүнбөй ызаланып ыйлайт. Апасы болсо аны сооротууга аракет кылат. Ошол учурда алар, албетте, кубанышкан эмес, анткен менен абийирлери таза болгон. Кудайдын тилин алышканы үчүн кийин өздөрүн абдан бактылуу сезишкен. Эгер партбилетти алышса, тиги кишилердин төбөсү көккө жетмек. Атүгүл аларга бир нече бөтөлкө суусундук берип, үйлөрүнө чейин бий менен узатып барышмак. Бирок ал эки биртууганыбыз Кудайдын принцибин бузушса, өзүлөрүн дүйнөдөгү эң эле бактысыз адамдай сезишмек». Мындай жагымсыз сезимден аларды Кудайдан коркуу сактап калган.

10, 11. Кудайдан корккону үчүн бир аял кандай баталарды алган?

10 Өмүрдүн ыйыктыгына байланыштуу суроолордо да Кудайдан коркорун көрсөтүү менен адам өзүн бактылуу сезе алат. Үчүнчү баласы боюнда экенинде догдур Мэрини аны алдырып салууга үндөгөн. Ал: «Абалың абдан эле кооптуу. Күтүлбөгөн жерден денсоолугуң начарлап, 24 сааттын ичинде кайтыш болуп калышың ыктымал. Балаң да чарчап калышы мүмкүн. Тирүү калган күндө да, дени соо болоруна кепилдик бере албайбыз»,— деген. Ал кезде Мэри Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдеп жүрсө да, али чөмүлтүлө элек болчу. «Мен Жахабага кызмат кылууну жана эч нерсеге карабай анын тилин алууну чечтим»,— дейт Мэри (Чыгуу 21:22, 23).

11 Кошбойлуу кезинде ал Ыйык Китепти изилдөөнү улантып, үйбүлөсүнө кам көрө берген. Анан бир күнү аман-эсен көз жарган. Мэри: «Бул жолку төрөтүм мурунку экөөнөн оорураак болгону менен, денсоолугума анча деле терс таасирин тийгизген жок»,— деп айтат. Кудайдан коркуу ага абийирин таза сактоого жардам берген. Көп өтпөй Мэри чөмүлтүлгөн. Баласы да Кудайдан коркууга үйрөнүп, азыр Жахабанын Күбөлөрүнүн бир филиалында кызмат кылууда.

«Кудай-Теңиринен күч алган»

12. Кандайча Кудайдан коркуу сезими Дөөткө күч берген?

12 Жахабадан коркуу сезими Дөөткө жаман иштерден качууга гана эмес, оор жагдайларда туура жана чечкиндүү иш-аракет жасоого да жардам берген. Шабулдан качып жүргөн кезинде Дөөт кишилери менен бир жыл төрт ай пелиштиликтердин Сыклак аттуу шаарында жашайт (1 Шемуел 27:5—7). Бир күнү эркектер жок кезде, амалыктыктар шаарды талап-тоноп, өрттөп, аялдар менен балдарды жана малдын баарын алып кетишет. Дөөт менен жоокерлери келип, эмне болгонун көргөндө катуу өкүрүк салышат. Анан Дөөттүн жанындагы кишилер күйүтүнө чыдабай аны таш бараңга алмакчы болушат. Бирок Дөөт ындынын өчүрбөйт (Накыл сөздөр 24:10). Кудайдан коркуу сезими ага Жахабага кайрылууга түрткү берет. Кудайдан «күч алгандан» кийин Дөөт кишилери менен амалыктыктардын артынан кууп барып, алар алып кеткендин баарын кайтарып алат (1 Шемуел 30:1—20).

13, 14. Кудайдан коркуу бир ишенимдешибизге туура чечим чыгарууга кандайча жардам берген?

13 Кудайдын кызматчылары бүгүн да ага таянууну жана чечкиндүүлүк менен иш кылууну талап кылган жагдайларга кабылышат. Мисалы, Кристинаны алып көрөлү. Жаш кезинде ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдечү, бирок атактуу пианист болууну каалачу. Бул максатын көздөөдө ал жакшы ийгиликтерге жетишкен. Кристина кабар айтуудан уялчу, ошондой эле чөмүлтүлүү менен келүүчү жоопкерчиликтерди алуудан коркчу. Анткен менен Кудай Сөзүн изилдөөнү уланта берген. Бара-бара ал Ыйык Китептин зор күчкө ээ экенин сезе баштаган жана Жахабадан коркууга үйрөнгөн. Ошондой эле Кудай өзүнүн кызматчыларынын аны чын жүрөктөн, бүт жан-дили менен, бүт түшүнүгү менен жана бардык күч-кубаты менен сүйүшүн каалаарын түшүнгөн (Марк 12:30). Бул ага Жахабага арналууга жана чөмүлтүлүүгө түрткү берген.

14 Кристина рухий жактан ийгилик жасоону каалагандыктан Жахабага жардам сурап кайрылган. Ал мындай деп айтып берет: «Мен пианисттер дайыма ар кайсы жерлерге барып, жылына 400дөй концертке катышарын билчүмүн. Ошондуктан өзүмдү каражат жагынан камсыз кылып, толук убакыттуу кызматчы боло алышым үчүн мугалим болууну чечтим». Бирок ал кезде Кристина өзүнүн өлкөсүндөгү эң белгилүү концерт залында концерт берүүгө макулдашып койгон эле. «Ал менин биринчи жана акыркы концертим болду»,— деп эскерет Кристина. Кийин ал бир аксакалга турмушка чыккан. Азыр алар Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынын биринде кызмат кылып жатышат. Кристина Жахабанын ага туура чечим чыгарууга жардам бергенине жана бүгүн өзүнүн убактысы менен күчүн ага кызмат кылууга арнап жатканына кубанычта.

Баа жеткис мурас

15. Дөөт балдарына кандай мурас калтырууну көздөгөн жана кантип?

15 Дөөт: «Келгиле, балдарым, мени уккула. Силерге Теңирден коркууну үйрөтөм»,— деп жазган (Забур 33:12). Ата катары ал балдарынын эң баалуу мураска, башкача айтканда, Жахабадан чындап коркуу сезимине ээ болушун каалаган. Аларга Кудайдан ашыкча коркуунун кереги жок экенин жана андай сезим кандай пайда алып келерин үйрөтүүнү көздөгөн. Сөзү менен да, иши менен да Дөөт Жахабаны талапкер, коркунучтуу жана мыйзамдарын кенедей эле бузган адамдарды жазалоого даяр турган Кудай катары эмес, мээримдүү, камкор, жердеги балдарын кечирүүгө даяр Ата катары көрсөткөн. «Каталарды ким аңдып отурат?» — деп суроо менен Дөөт Жахабанын ар бир жаңылыштыгыбызды карап отурбай турганын баса белгилеген. Андан соң: «Мени байкалбаган жаман нерселерден таза сакта»,— деп кошумчалаган. Ал бүт күч-аракетин жумшаса, сөздөрү да, ойлору да Жахабага жагарына эч шектенген эмес (Забур 18:13, 15, «Баингтон»).

16, 17. Ата-энелер балдарын Жахабадан коркууга кантип үйрөтө алышат?

16 Дөөт ата-энелер үчүн сонун үлгү калтырган. Иниси менен Бейтелде кызмат кылып жаткан Ральф ата-энеси тууралуу мындай деп айтып берет: «Ата-энебиз бизди чындык жолу кубаныч тартуулагыдай кылып чоңойтушкан. Кичине кезибизден эле алар биз менен жыйналыштын иштери жөнүндө сүйлөшчү жана бизди чындык жолун өздөрү кандай сүйсө, ошондой сүйүүгө үйрөтүштү. Алар Жахабага кызмат кылууда көп жакшы нерселерди жасай аларыбызга ишендиришчү. Бир канча жыл биз үйбүлөбүз менен муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылып, ал жакта жаңы жыйналыштардын ачылышына салым коштук».

17 «Туура жолдон бурулуп кетпөөгө бизге катуу эрежелердин тизмеги эмес, ата-энебиздин Жахабаны тирүү, абдан боорукер, жакшылык гана каалаган Кудай катары эсептешкени өбөлгө түздү. Алар Жахабаны жакшыраак таанып-билүүгө жана анын жактыруусуна ээ болууга дайым умтулушчу. Биз алардан Кудайдан чындап коркууга, аны сүйүүгө үйрөндүк. Туура эмес бир нерсе кылып алганыбызда да, ата-энебиз Жахабанын жактыруусунан айрылып калдык деп ойлобоого жардам беришчү. Эч качан ачууга алдырышчу эмес жана ашыкча катуу чектөөлөрдү коюшчу эмес. Көпчүлүк учурда биз менен отуруп алып сүйлөшүүгө аракет кылышчу. Апакем кээде ыйлап сүйлөчү. Бул жүрөгүбүздү козгоп, жакшы натыйжа берчү. Ата-энебиздин сөздөрү менен иштеринен Жахабадан коркуу эң сонун нерсе экенин, ошондой эле Анын кызматчысы болуу жүк эмес экенин, тескерисинче, кубаныч тартууларын билдик» (1 Жакан 5:3).

18. Чыныгы Кудайдан коркуу кандай пайда алып келет?

18 Дөөт акыркы сөзүндө: «Эл үстүнөн бийлик кылуучу адам адилет болсо, Кудайдын коркунучу менен бийлик жүргүзсө, анда ал ачык асманга күн чыгып келе жаткандагы таңкы жарыктай»,— деп айткан (2 Шемуел 23:1, 3, 4). Анын ордуна такка отурган уулу Сулайман бул сөздөрдү терең түшүнсө керек, анткени ал «жаман-жакшыны ажырата билүү» үчүн Жахабадан «акылдуу жүрөк» сураган (1 Падышалар 3:9). Сулайман Жахабадан корккон адам акылдуу жана бактылуу болорун түшүнгөн. Кийнчерээк ал Насаатчы китебин мындай деген сөздөр менен корутундулаган: «Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек. Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт» (Насаатчы 12:13, 14). Бул кеңешке кулак каксак, моюн сунуу жана Теңирден коркуу бизди акылдуу, бактылуу эле кылбастан, байлыкка, атак-даңкка жана өмүргө жеткирерин да көрөбүз (Накыл сөздөр 22:4).

19. «Теңирден коркууга» үйрөнүүгө эмне жардам берет?

19 Байыркы убактагы жана биздин күндөрдөгү адамдардын жашоосунан Кудайдан коркуу анын кызматчыларына пайда алып келерин көрдүк. Мындай сезим асмандагы Атабызга жакпаган иштерден алыс болууга гана эмес, ар кандай кыйынчылыктар менен сыноолорду көтөрүүгө да күч берет. Ошондуктан, келгиле, жаш-кары дебей баарыбыз мындан ары да Кудай Сөзүн тырышчаактык менен изилдейли, үйрөнгөндөрүбүздүн үстүнөн ой жүгүртөлү жана Жахабага дайыма чын жүрөктөн тиленүү менен жакындай берели. Ошондо Кудай жөнүндө билим алгандан сырткары, «Теңирден коркууга» үйрөнөбүз (Накыл сөздөр 2:1—5).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 5-абз. Балким, ошол окуя ДөөткөЗабур 56, 141-забурларды жазууга түрткү берген окуялардын бири болгондур.

Түшүндүрө аласыңбы?

Кудайдан коркуу сезими

• туура эмес жолдон бурулууга...

• кыйынчылыктар менен куугунтукка карабай бактылуу болууга...

• Анын эркин аткарууга чечкиндүү болууга...

кандайча жардам берет?

• Кудайдан коркуу сезимин эмне үчүн баа жеткис мурас деп айтууга болот?

[Изилдөө суроолору]

[32-беттеги сүрөт]

Жахабадан корккондуктан Дөөт Шабулду өлтүргөн эмес