Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын уюмунун баалуу жактарын көрө билели

Жахабанын уюмунун баалуу жактарын көрө билели

Жахабанын уюмунун баалуу жактарын көрө билели

«Биз Сенин үйүңдүн, Сенин ыйык ийбадатканаңдын баталарына тоёбуз» (Забур 64:5).

1, 2. а) Ийбадатканага байланышкан нерсенин баары Кудайдын элине кандай пайда алып келмек? б) Дөөт ийбадаткананын курулушуна кандай чараларды көргөн?

ДӨӨТ — Эврей Жазмаларында кеп кылынган эң көрүнүктүү адамдардын бири. Ал байыркы Ысрайылда койчу, музыкант, пайгамбар, падыша болгон жана Жахаба Кудайга толугу менен таянган. Жахаба менен болгон ынак мамилесинен улам Дөөт Ага арнап үй курууну каалаган. Андай үй, же болбосо, ийбадаткана Ысрайылдагы чыныгы сыйынуунун борбору болуп калмак. Дөөт ийбадатканага байланышкан нерсенин баары Кудайдын элине кубаныч, бата алып келерин билген. Ошондуктан ал: «Сен [Жахаба] тандап алган, Өзүңдүн корооңдо жашашы үчүн, Өзүңө жакындаткан адам бактылуу. Биз Сенин үйүңдүн, Сенин ыйык ийбадатканаңдын баталарына тоёбуз»,— деп ырдаган (Забур 64:5).

2 Дөөткө Жахабанын үйүн курууга мүмкүндүк берилген эмес. Бул сыймыкка кийин анын уулу Сулайман ээ болгон. Дөөт өзү аткарууну эңсеп жүргөн иштин ага тапшырылбаганына наалыган эмес. Ал үчүн баарынан мурда ийбадаткананын курулушу маанилүү болгон. Дөөт долбоордун ишке ашышына чын жүрөктөн колдоо көрсөтүп, Жахаба берген чиймелерди Сулайманга өткөрүп берген. Андан тышкары, ал миңдеген лебилерди кызмат кезектерине бөлүп, ийбадаткананын курулушуна көп алтын-күмүш тартуу кылган (1 Жылнаама 17:1, 4, 11, 12; 23:3—6; 28:11—14; 29:1—5).

3. Биз чыныгы сыйынууга байланышкан иш-чараларды кандай маанай менен колдойбуз?

3 Ишенимдүү ысрайылдыктар Кудайдын үйүндөгү чыныгы сыйынууга байланышкан нерселердин баарын колдошкон. Жахабанын кызматчылары катары бүгүн биз да Анын уюмунун жердеги бөлүгүндө сыйынуу үчүн караштырылган иш-чараларды колдойбуз. Муну менен Дөөттүкүндөй маанайга ээ экенибизди көрсөтөбүз. Биз нааразычылык рухун чагылдырбай, Кудайдын уюмунун баалуу жактарына көңүл бурабыз. Ооба, бизге чын ыкластан ыраазы болууга түрткү берген көптөгөн жакшы нерселер бар. Алар жөнүндө ойлонуп көрдүңөр беле? Келгиле, кээ бирлерин карап чыгалы.

Жетекчиликти колго алгандар үчүн ыраазыбыз

4, 5. а) «Ишенимдүү жана акылдуу кул» өзүнө берилген тапшырманы кандай аткарып жатат? б) Кээ бир Күбөлөр рухий тамак жөнүндө кандай ойдо?

4 Ыйса Машайак жердеги мүлкүн «ишенимдүү жана акылдуу кулга» ишенип тапшырган. Бул кул тобу үчүн ыраазы болууга бизде орчундуу негиздер бар. Рух менен майланган бул кызматчылар жакшы кабарды таратууда жетекчиликти колго алып, сыйынуу үчүн жолугушууларды уюштуруп, 400дөн ашык тилде ыйык китептик адабияттарды басып чыгарууда. Дүйнө жүзүндө өз убагында берилип жаткан рухий тамакты миллиондогон адамдар ыраазычылык менен кабыл алышууда (Матай 24:45—47). Албетте, рухий азыкка нааразы болууга эч кандай негиз жок.

5 Элфи аттуу улгайган Күбө көп жылдан бери кул тобунун адабияттарында берилген ыйык китептик кеңештерди жашоосунда колдонуп, өзүнө сооронуч, жардам алып келет. Терең ыраазы болгон Элфи: «Жахабанын уюму болбосо, мен эмне кылмакмын?» — деп жазат. Питер менен Ирмгард да Кудайга ондогон жылдар бою кызмат кылып келатышат. Ирмгард Жахабанын мээримдүү жана камкор уюмунун бардык адабияттары үчүн абдан ыраазы. Андай адабияттардын айрымдары өзгөчө муктаждыгы барларга, мисалы, начар көргөн же начар уккан адамдарга арналган.

6, 7. а) Дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарга кандай жол менен көзөмөл жүргүзүлөт? б) Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү тууралуу айрымдардын ою кандай?

6 «Ишенимдүү кулдун» өкүлү болуп Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши эсептелет. Анын курамын Бруклиндеги (Нью-Йорк) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта кызмат кылган рух менен майланган эркектердин чакан тобу түзөт. Жетектөөчү Кеңеш Жахабанын тажрыйбалуу кызматчыларын филиалдарда кызмат кылууга дайындайт. Ал эми филиалдар аркылуу дүйнө жүзүндөгү 98 000ден ашык жыйналыштарга көзөмөлдүк жүргүзүлөт. Ыйык китептик талаптарга жооп берген эркектер ал жыйналыштарга аксакал же кызмат жардамчысы болуп дайындалат (1 Тиметейге 3:1—9, 12, 13). Аксакалдар жетекчиликти колго алып, Кудайдын аларга тапшырган оторун сүйүү менен кайтарышат. Бул отордун арасында болуп, бүткүл дүйнөлүк биртуугандыктын ортосундагы сүйүүгө жана биримдикке ортоктош болуу кандай чоң бата! (1 Петир 2:17; 5:2, 3).

7 Биртуугандар көп учурда нааразычылык эмес, ыраазычылык билдиришет. Алар аксакалдардын сүйүү менен берген рухий жетекчилигин жогору баалашат. Мисалы, 30 жаштагы Биргит аттуу ишенимдешибиз өспүрүм курагында жаман чөйрөгө кошулуп, аз жерден олуттуу күнөө кылып ала жаздаган. Аксакалдардын Ыйык Китепке негизделген кеңештери жана башка биртуугандардын колдоосу аны кооптуу жагдайга кабылуудан сактаган. Бул жөнүндө азыр Биргиттин ою кандай? Ал мындай дейт: «Мен дагы деле Жахабанын кереметтүү уюмуна таандык болгонума абдан ыраазымын». Ал эми 17 жашар Андреас: «Жахабанын уюму — дүйнөдөгү эң сонун уюм»,— дейт. Биз Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнүн баалуу жактарын көрө билип, ага ыраазы болушубуз керек эмеспи?

Жетекчиликти колго алгандар жеткилең эмес

8, 9. Дөөттүн кээ бир замандаштары эмне кылышкан жана Дөөт буга кандай караган?

8 Чыныгы сыйынууда жетекчиликти колго алгандар жеткилең эмес. Алардын баары ката кетирет жана айрымдарына алсыздыктары менен тынымсыз күрөшүүгө туура келет. Бул бизди капалантышы керекпи? Жок. Байыркы Ысрайылда чоң жоопкерчиликтерге ээ болгон адамдар да олуттуу каталарды кетиришкен. Маселен, Шабул падыша тынчы кетип, кыйналып жүргөндө, өз көңүлүн көтөрүүгө күү аспапта ойногон жаш Дөөттү чакырткан. Бирок кийинчерээк аны өлтүрүүгө аракет кылганда, Дөөт өмүрүн сакташ үчүн качып жүрүүгө аргасыз болгон (1 Шемуел 16:14—23; 18:10—12; 19:18; 20:32, 33; 22:1—5).

9 Кээ бир ысрайылдыктар жүзүкаралыкка барышкан. Мисалы, Дөөттүн аскер башчысы Жойап Шабулдун тууганы Абенерди өлтүрүп салган. Абышалом атасы Дөөткө, анын башкаруусуна каршы чыккан. Ал эми Дөөттүн ишенимдүү кеңешчиси Акитопел ага чыккынчылык кылган (2 Шемуел 3:22—30; 15:1—17, 31; 16:15, 21). Ошентсе да Дөөт наалып, катаалданып кеткен эмес жана чыныгы сыйынуудан баш тарткан эмес. Тескерисинче, башына түшкөн кыйынчылыктардын аркасында Дөөт Жахабага ого бетер жакындап, Шабулдан качып жүргөндө туура маанай сактаган. Ошол убакта Дөөт: «Ырайым кыл мага, Кудайым, ырайым кыл мага, анткени менин жаным Сага таянат, кыйынчылык артта калганга чейин Сенин канатыңа корголой турайын»,— деп ырдаган (Забур 56:2).

10, 11. Гертруд аттуу биртууган жаш кезинде кандай жагдайга туш болгон жана ишенимдештеринин каталары жөнүндө эмне деген?

10 Бүгүн Кудайдын уюмунда кандайдыр бир жүзүкаралыкка нааразы болуп арызданууга негиз жок. Жахаба да, анын периштелери да, аксакалдар да жыйналышта жүзүкара, бузуку адамдардын болушуна жол беришпейт. Анткен менен бардыгыбызга өзүбүздүн да, башкалардын да жеткилеңсиздигине чыдоого туура келет.

11 Жахабага көп жыл кызмат кылган Гертруд аттуу биртууганга жаш кезинде Падышалыктын толук убакыттуу жарчысы эмессиң, калпычысың деп жалаа жабышкан. Ал муну кандай кабыл алган? Мындай мамилеге нааразы болуп, наалыганбы? Жок. 2003-жылы 91 жашында Гертруд көз жумар алдында өткөндү эстеп: «Бул жана башка учурлардан мен адамдардын кетирген каталарына карабай Жахаба бизди — жеткилеңсиз адамдарды — колдонуп, өзүнүн улуу ишин уланта берерине ынандым»,— деп айткан. Кудайдын башка кызматчыларынын жеткилеңсиздигинин айынан кыйналганда, Гертруд Жахабага жалындуу тиленүү менен кайрылчу.

12. а) Ыйсанын I кылымдагы айрым жолдоочулары кандай терс маанай чагылдырышкан? б) Көңүлүбүздү эмнелерге бурушубуз керек?

12 Ыйсанын бардык жолдоочулары, алардын ичинде эң ишенимдүүлөрү да жеткилеңсиз. Ошондуктан, жоопкерчиликтүү биртуугандар ката кетиргенде, «бардыгын наалыбастан» кылууга чечкиндүү бололу (Филипиликтерге 2:14, 15). Ыйсанын I кылымдагы айрым жолдоочуларынын терс маанайын чагылдырганыбыз кандай гана кейиштүү болмок! Шакирт Жүйүттүн билдирүүсүнө караганда, ошол убактагы жалган окутуучулар «жогоркуларды тоготпой, жогорку бийликтегилерди жамандаган». Андан тышкары, алар «күңкүлдөктөр жана эч нерсеге ыраазы болбогондор» эле (Жүйүт 8, 16). Келгиле, нааразычылык билдирип наалыгандардын жолуна түшпөй, көңүлүбүздү «ишенимдүү кул» аркылуу берилип жаткан жакшы нерселерге буралы. Ошондой эле Жахабанын уюмунун баалуу жактарына ыраазы болуп, «бардыгын наалыбастан... кылалы».

«Муну ким угуп тура алат?»

13. Ыйсанын айрым окууларына кээ бирөөлөр кандай карашкан?

13 Биринчи кылымда кээ бирөөлөр дайындалган биртуугандарга наалышса, башкалары Ыйсанын окууларына наалышкан. Жакан 6:48—69-аяттарда жазылгандай, Ыйса: «Ким Менин Денемди жеп, Канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ»,— деп айткан. «Шакирттеринин бир тобу муну укканда: „Катуу айтылган сөздөр экен, муну ким угуп тура алат?“ — дешкен». Ыйса «шакирттеринин ушул тууралуу нааразылык билдиргенин билген». Андан сырткары, «ушул сөздөрдөн кийин шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, Аны ээрчибей калышкан». Бирок шакирттеринин баары наалыган эмес. Ыйса 12 элчисинен: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» — деп сураганда, Петир: «Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде. Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы — Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык»,— деп жооп берген.

14, 15. а) Эмне себептен кээ бирөөлөр айрым ыйык китептик окуулар менен макул болушпайт? б) Эмануэлдин мисалынан эмнеге үйрөнсөк болот?

14 Азыркы убакта Кудайдын элинин арасында айрым ыйык китептик окуулар менен макул болбой, Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнө наалыган адамдар чанда кезигет. Алар эмне себептен наалышат? Андай маанайдын өрчүшүнө көп учурда Кудайдын кайсы бир иш-аракеттерин толук түшүнбөгөндүк себеп болот. Жараткан өз элине чындыкты акырындык менен ачып берет. Ошондуктан ыйык китептик окууларга байланыштуу түшүнүгүбүз мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Жахабанын элинин басымдуу көпчүлүгү андай өзгөрүүлөрдү кубаныч менен кабыл алат. Бирок кээ бирөөлөр өздөрүн «өтө адил адам кылып көрсөтүп», өзгөрүүлөргө каршы чыгат (Насаатчы 7:16). Сыягы, аларга текебердик жана көзкарандысыздык руху таасир этет. Наалыгандыктын себеби эмнеде болбосун, ал жакшылыкка алып келбейт, тескерисинче, анын айынан кайрадан дүйнөгө кетип, дүйнөлүктөрдөй жашап калышыбыз мүмкүн.

15 Мисалы, Эмануэл аттуу бир Күбө «ишенимдүү жана акылдуу кул» чыгарган адабияттардан кыйкым издеп, аларды сындап жүргөн (Матай 24:45). Натыйжада ал ыйык китептик адабияттарды такыр эле окубай калган. Акырында Эмануэл жыйналышындагы аксакалдарга мындан ары Жахабанын Күбөсү болууну каалабасын айткан. Бирок көп өтпөй Жахабанын уюмунун окуулары баары бир туура экенине көзү жеткен. Ал Күбөлөр менен байланышып, катасын мойнуна алган жана кайрадан Жахабанын Күбөсү катары эсептелип, өзүн бактылуу сезип калган.

16. Ыйык китептик кайсы бир окууларга байланыштуу шектенүүлөрдөн арылууга бизге эмне жардам берет?

16 Жахабанын эли карманган кайсы бир окууларга шектенгендиктен наалууга ийкемдүү болсокчу? Мындайда чыдамдуу болгонубуз абзел. Анткени кийинчерээк «ишенимдүү кулдун» адабияттарынан суроолорубузга жооп чыгып, шектенүүлөрүбүз жоюлуп калышы мүмкүн. Ошондой эле жыйналыш аксакалдарынан жардам издегенибиз акылмандыкка жатат (Жүйүт 22, 23). Тиленүү, өздүк изилдөө, рухий маанайдагы ишенимдештер менен пикирлешүү да шек саноолордон арылууга жана Жахабанын байланышуу каналы аркылуу ишенимибизди бекемдээрлик ыйык китептик чындыктарды таанып-билип жатканыбыз үчүн ыраазы болууга жардам берет.

Оң маанай сактай билгиле

17, 18. Наалыгандын ордуна, кандай маанай сакташыбыз керек жана эмне үчүн?

17 Жеткилең эмес адамдар күнөө кылууга жакын келгендиктен, айрымдар негизсиз түрдө нааразычылык билдирүүгө өзгөчө ийкемдүү болушу мүмкүн (Башталыш 8:21; Римдиктерге 5:12). Бирок наалыгандык адатка айланып калса, Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп алышыбыз ыктымал. Ошондуктан наалууга болгон ийкемдүүлүгүбүздү ооздуктай билишибиз керек.

18 Жыйналышта кайсы бир нерселер көңүлүбүзгө жакпаган учурларда наалыбай, оң маанай сактаганыбыз маанилүү. Ошондой эле биз башкаларды урматтоого, ишенимибизди бек сактоого жана кубанычтуу, теңсалмактуу болууга жардам бере турган иштер менен алектенишибиз зарыл (1 Корунттуктарга 15:58; Титке 2:1—5). Жахабага өзүнүн уюмунда болуп жаткан иштердин баары алаканга салгандай белгилүү. Ыйса да, биринчи кылымдагыдай эле, азыр ар бир жыйналышта эмне болуп жатканын жакшы билет (Аян 1:10, 11). Андыктан Кудайды жана жыйналыштын Башчысы Ыйсаны чыдамдуулук менен күтөлү. Зарыл болгондо, алар жоопкерчиликтүү биртуугандарды колдонуп, абалды оңдой алышат (Забур 42:5; Колосалыктарга 1:18; Титке 1:5).

19. Падышалык адамзаттын үстүнөн толук бийлик жүргүзө баштаганга чейин көңүлүбүздү эмнеге бурушубуз керек?

19 Жакында бул каардуу дүйнө жок болуп, Мессиялык Падышалык адамзаттын үстүнөн толук бийлик жүргүзө баштайт. Ага чейин ар бирибиздин оң маанай сактаганыбыз маанилүү. Бул бизге биртуугандарыбыздын кемчиликтерин эмес, жакшы жактарын көрө билүүгө жардам берет. Алардын оң сапаттарына көңүл буруу кубанычыбызды сакташыбызга өбөлгө түзөт. Ошентип, күчүбүздү наалыгандыкка кетирбей, тескерисинче, рухий жактан кайраттанып бекемделебиз.

20. Оң маанай кайсы баталарды эсибизде сактоого жардам берет?

20 Ошондой эле оң маанай бизге Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү менен тыгыз мамиледе болуунун аркасында алган баталарыбызды эсибизде сактоого жардам берет. Дүйнөдө Ааламдын Эгедерине берилгендигин сактаган мындан башка бир да уюм жок. Ушундай уюмга мүчө болуп, жалгыз чыныгы Кудай Жахабага сыйынып жатканыңар силерде кандай сезимдерди туудурат? Дөөт: «Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт. Сен тандап алган, Өзүңдүн корооңдо жашашы үчүн, Өзүңө жакындаткан адам бактылуу. Биз Сенин үйүңдүн... баталарына тоёбуз»,— деп ырдаган (Забур 64:3, 5). Келгиле, дайыма ушундай маанайда болууга умтулалы.

Эсиңердеби?

• Жыйналышта жетекчиликти колго алгандар үчүн эмне себептен ыраазы болушубуз керек?

• Жоопкерчиликтүү биртуугандардын каталарына кандай карашыбыз керек?

• Ыйык китептик окууларга байланыштуу түшүнүгүбүзгө өзгөрүүлөр киргизилгенде, буга кандай карашыбыз керек?

• Шектенүүлөрдөн арылууга бизге эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Дөөт Сулайманга ийбадаткананын чиймелерин берип, чыныгы сыйынууну чын жүрөктөн колдогон