Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба адил адамды бардык кайгысынан куткарат

Жахаба адил адамды бардык кайгысынан куткарат

Жахаба адил адамды бардык кайгысынан куткарат

«Адил адамдын кайгысы көп, бирок аны бардык кайгысынан Теңир куткарат» (Забур 33:20).

1, 2. Бир ишенимдүү Күбө кандай кыйынчылыкка дуушар болгон жана эмне үчүн биз да аныкындай сезимде болушубуз мүмкүн?

КЭЙКО * аттуу кыз — 20 жылдан ашык убакыттан бери Жахабанын Күбөсү. Бир кездерде ал жалпы пионер, Падышалыктын толук убакыттуу жарчысы, болуп кызмат кылган. Ал өзүнүн кызматын жогору баалачу. Бирок кийинчерээк Кэйко үмүтсүздүккө алдырып, жалгызсырай баштаган. Ал: «Көз жашым тыйылбай ыйлай берчүмүн»,— дейт. Жаман ойлордон арылуу үчүн, Кэйко өздүк изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөлүүгө аракеттенген. «Ошентсе да абалымды өзгөртө алган жокмун,— дейт ал.— Көңүлүм ушунчалык чөгүп, өлүмдү эле ойлоп калгам».

2 Сенин да ушундай сезимдер менен күрөшкөн учурларың болду беле? Жахабанын Күбөсү болгондуктан сенде кубанууга көптөгөн себептер бар, анткени Кудайга берилген кызматчыларга «азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган» (1 Тиметейге 4:8). Сен азыртан эле рухий бейиште жашап жатасың! Бирок бул бардык кыйынчылыктардан оолак болоруңду билдиреби? Жок. Ыйык Китепте: «Адил адамдын кайгысы көп»,— деп айтылат (Забур 33:20). Бул таң калыштуу эмес, анткени «бүт дүйнө амалкөйдүн [Шайтан Ибилистин] бийлиги астында» жатат (1 Жакан 5:19). Мунун таасири кандайдыр бир деңгээлде баарыбызга тиет (Эфестиктерге 6:12).

Көңүл чөгөттүктүн кесепеттери

3. Кудайдын кызматчыларынын ичинен кимдер катуу кайгыга баткан?

3 Узакка созулган көңүл чөгөттүк көзкарашыбызга, маанайыбызга терс таасир этиши ыктымал (Накыл сөздөр 15:15). Мисалы, адил адам Аюб кайгысы жанына батканда: «Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон»,— деген (Аюб 14:1). Ал кубанычын жоготуп, мүңкүрөп калган эле. Бир жолу Аюб Жахаба мени таштап койду деп да ойлогон (Аюб 29:1—5). Кудайдын Аюбдан башка кызматчылары да азап чеккен. Ыйык Китепте Аннанын бала көрбөй кайгырып жүргөнү жөнүндө айтылат (1 Шемуел 1:9—11). Үйүндөгү жагдайдан улам бушайман болгон Ребека: «Мен жашоого ыраазы эмесмин»,— деген (Башталыш 27:46). Ал эми Дөөт кетирген күнөөлөрүн эскерип: «Таңдан кечке кайгы тартып жүрөм»,— деп айткан (Забур 37:7). Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, Ыйсанын жолдоочуларына чейин жашаган Кудайдан корккон эркек-аялдардын катуу кайгыга баткан учурлары болгон.

4. Ыйсанын азыркы жолдоочуларынын арасында «кайгырган жандардын» бар экени эмне үчүн таң калыштуу эмес?

4 Ал эми Ыйсанын жолдоочулары тууралуу эмне айтууга болот? Элчи Пабыл тесалоникалыктарды «кайгырган жандарды сооротууга» үндөгөн (1 Тесалоникалыктарга 5:14, «ЖД»). Бир эмгекке ылайык, «кайгырган жандар» деп которулган грек сөзү «турмуш түйшүктөрүнөн улам убактылуу ындыны өчкөндөрдү» билдириши мүмкүн. Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Тесалоникадагы жыйналышта рух менен майланган айрым биртуугандардын көңүлү чөгүп жүргөн. «Кайгырган жандар» Ыйсанын азыркы жолдоочуларынын арасында да бар. Алар эмне үчүн кайгыга батышат? Келгиле, мунун үч негизги себебин карап чыгалы.

Күнөөкөр абалыбыздын таасири

5, 6. Римдиктерге 7:22—25-аяттардан кандай сооронуч алууга болот?

5 «Ыйманынан ажырап калган» бузуку адамдардан айырмаланып, Кудайдын чыныгы кызматчылары өздөрүнүн күнөөкөр абалынан улам кайгырышат (Эфестиктерге 4:19). Алар Пабылдын сезимдерине ортоктош болушу мүмкүн. Ал мындай деп жазган: «Рухум менен Кудайдын мыйзамынан ырахат алып жатам. Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат». Анан Пабыл: «Мен бир байкуш адаммын!» — деген (Римдиктерге 7:22—24).

6 Сен да ушундай сезимде болдуң беле? Алсыз жактарыңды жакшы билүүнүн эч жаман жери жок. Анткени бул сага күнөөгө олуттуу кароого жана жаман иштерден качууга ого бетер чечкиндүү болууга жардам берет. Бирок кемчиликтериңди ойлоп кайгыра берүүнүн зарылдыгы жок. Пабыл жогорудагы сөздөрүнөн кийин: «Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем»,— деп айткан (Римдиктерге 7:25). Ооба, Пабыл тукум кууп өткөн күнөөдөн аны Ыйсанын төгүлгөн каны куткара аларына бекем ишенген (Римдиктерге 5:18).

7. Бизге күнөөкөр абалыбыздан улам кайгырбоого эмне жардам берет?

7 Күнөөкөр абалыңдан улам кайгырып жүрсөң, элчи Жакандын сөздөрүнөн жубатуу алсаң болот. Ал: «Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машайак бар. Ал — биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы»,— деп жазган (1 Жакан 2:1, 2). Ошондуктан, күнөө кылууга болгон ийкемдүүлүгүңдөн улам көңүлүң чөккөндө, Ыйсанын жеткилең адамдар үчүн эмес, күнөөкөрлөр үчүн өлгөнүн эсте. Ошондой эле «бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышканын» унутпа (Римдиктерге 3:23).

8, 9. Эмне себептен өзүбүздү айыптоодон качышыбыз керек?

8 Эгер мурун кандайдыр бир олуттуу күнөө кылган болсоңчу? Балким, бул тууралуу Жахабага көп жолу тиленгенсиң. Ошондой эле жыйналышыңдагы аксакалдардан рухий жардам алгандырсың (Жакып 5:14, 15). Сен чын дилден өкүнгөндүктөн, жыйналыштан чыгарылбай, кызматыңды улантып келатасың. А балким, кайсы бир убакка чейин Кудайдын уюмун таштап кеткенсиң. Бирок кийин өкүнүп, кайрадан жакшы абройго ээ болгонсуң. Кандай болбосун, кылган күнөөң кээде эсиңе түшүп, ындыныңды өчүрүшү мүмкүн. Ошондой учурда Жахабанын «өтө ырайымдуу» экенин жана чын жүрөктөн өкүнгөндөрдү даярдуулук менен кечирерин унутпа (Ышайа 55:7). Ал сенин өзүңдү оңолгус күнөөкөр деп эсептешиңди каалабайт. Андай жаман ойлор Шайтандын чырагына май тамызат (2 Корунттуктарга 2:7, 10, 11). Ибилис жакында жок кылынат, анткени ал буга татыктуу, бирок ал сенин да ошондой өкүмгө татыктуумун деп ойлошуңду каалайт (Аян 20:10). Анын бул арам оюн ишке ашыруу менен ишенимиңди кыйратышына жол бербе (Эфестиктерге 6:11). Тескерисинче, ага башка жактардан каршы турганыңдай эле, бул жагынан да каршы тур (1 Петир 5:9).

9 Аян 12:10до Шайтан «бир туугандарыбызды [майлангандарды] Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы» деп аталат. Бул аяттын үстүнөн ой жүгүртүү сага, Жахаба сени айыптабаса да, өзүңдү айыптаганың жана жемелегениң ушакчы Шайтанга майдай жагарын түшүнүүгө жардам берет (1 Жакан 3:19—22). Анда айыбыңды ойлоп, ага багынып бергенчелик өзүңдү жей берүүнүн зарылдыгы барбы? Шайтандын Кудай менен болгон мамилеңди бузушуна жол бербе. Ошондой эле Жахабанын «пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер» Кудай экенин унутуп, Ибилистин акылыңды сокур кылышына эч качан жол бербе (Чыгуу 34:6).

Чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүздүн таасири

10. Мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү болгону кандайча көңүлүбүздү чөктүрүшү мүмкүн?

10 Ыйсанын айрым жолдоочулары мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонунан улам Кудайга мурдагыдай кызмат кыла албай жатышканына кайгырышат. Сенин да жагдайың ушундайбы? Балким, катуу оору, карылык же башка нерселер сага кызматка көбүрөөк катышууга тоскоолдук кылышы мүмкүн. Албетте, Ыйсанын жолдоочусу Кудайдын ишине убакыт бөлүшү керек (Эфестиктерге 5:15, 16). Бирок мүмкүнчүлүктөрүң чынында эле чектелүү болуп, кызматка көбүрөөк катыша албай, көңүлүң чөгүп жатсачы?

11. Пабылдын Галатиялыктарга 6:4төгү кеңеши эмнеси менен пайдалуу?

11 Ыйык Китеп бизди жалкоолонбой, «убадаланганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастагандардан» үлгү алууга чакырат (Эврейлерге 6:12). Ошондуктан биз алардын үлгүсү менен таанышып, ишенимин тууроого умтулабыз. Бирок өзүбүздү башкалар менен салыштырып, кылган нерселерим эч нерсеге арзыбайт деп ойлоо туура эмес. Андыктан Пабылдын: «Ар ким өзүнүн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого ээ болот»,— деген кеңешин колдонгонубуз абзел (Галатиялыктарга 6:4).

12. Жахабага кубаныч менен кызмат кылууга кандай негиз бар?

12 Денсоолугубуздун начардыгынан мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү болгон күндө да, кубанууга жакшы негиз бар. Ыйык Китеп бизди: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт»,— деп ынандырат (Эврейлерге 6:10). Өзүбүздөн көзкаранды болбогон жагдай-шарттардан улам биз мурдагыдай көп кызмат кыла албашыбыз ыктымал. Бирок Жахабанын жардамы менен кызматтын кээ бир түрлөрүнө толугураак катыша алабыз. Мисалы, адамдарга телефон менен же кат аркылуу кабар айтсак болот. Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылып, ага жана жакындарыбызга сүйүү көрсөтө берсек, бул үчүн ал сөзсүз батасын берет (Матай 22:36—40).

«Оор күндөрдүн» таасири

13, 14. а) «Оор күндөр» бизге кандай таасир этиши мүмкүн? б) Ынактыктын жетишсиздиги эмнеден көрүнүп турат?

13 Биз Кудайдын адилеттүү жаңы дүйнөсүн чыдамсыздык менен күтүп жатсак да, азыр «оор күндөрдө» жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1). Бирок бүгүнкү кайгылуу окуялар куткарылуубузга аз калганынан кабар берип турат. Анткен менен дүйнөдөгү абал бизге терс таасирин тийгизбей койбойт. Мисалы, бир нече ай бою жумуш издеп, натыйжасын көрбөсөң, Жахабанын абалыңды көрүп же тиленүүлөрүңдү угуп жатканына күмөн санай башташың мүмкүн. Же болбосо, кимдир бирөөнүн басмырлоосуна же кандайдыр бир адилетсиздикке кабылышың ыктымал. Атүгүл гезит беттериндеги темаларга көз жүгүртүп чыгып, тегеректеги адамдардын бузуку жүрүм-турумун көрүп «жаны кыйналган» адил Лоттукундай сезимде болушуң мүмкүн (2 Петир 2:7).

14 Ыйык Китепте акыркы күндөрдүн дагы бир өзгөчөлүгү — көп адамдардын «табигый ынактыгы жок» болору — алдын ала айтылган (2 Тиметейге 3:3, «ЖД»). Чынында эле, азыр көптөгөн үйбүлөлөргө ынактык жетишпейт. «Иликтөөлөр көрсөтүп тургандай, адамдар өлүмгө, кол салууга, кордоого, зордуктоого көбүнесе өздөрүнүн үйбүлөсүндө дуушар болушат,— деп айтылат бир китепте.— Үйбүлө мүчөлөрү сүйүүгө бөлөнүп, өздөрүн коопсуз сезиши керек болгон жай азыр кээ бир чоң адамдар менен балдар үчүн эң кооптуу жайга айланды» («Family Violence»). Жагымсыз жагдайда тарбияланган балдар чоңойгондо коркуу сезимине, көңүл чөгөттүккө бат алдырышы мүмкүн. Сенин да абалың ушундай болсочу?

15. Жахабанын сүйүүсү кандайча адамдын сүйүүсүнөн күчтүү?

15 Забурчу Дөөт: «Мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат»,— деп айткан (Забур 26:10). Жахабанын сүйүүсү ата-эненин сүйүүсүнөн алда канча күчтүү экенин билүү бизди кандай гана жубатат! Ата-энең сага кайдыгер мамиле жасап, кордоп же таштап кеткен болсо, бул жүрөгүңдү сыздатпай койбойт. Бирок Жахабанын сага дайыма кам көрөрүнө шектенбесең болот (Римдиктерге 8:38, 39). Ошондой эле Кудай кимдерди сүйсө, Өзүнө ошолорду жакындатарын унутпа (Жакан 3:16; 6:44). Адамдар сага кандай мамиле жасабасын, асмандагы Атаң сени жакшы көрөт!

Көңүл чөгөттүккө алдырбоонун жолдору

16, 17. Көңүл чөгөттүк менен кантип ийгиликтүү күрөшүүгө болот?

16 Көңүл чөгөттүк менен ийгиликтүү күрөшүүгө болот. Ан үчүн кызматка толук кандуу катышууга аракет кыл. Кудай Сөзүнүн үстүнөн ой жүгүрт. Айрыкча, кайгы-кападан арылбачудай сезилгенде, Ыйык Жазманы окуудан сооронуч ал. Забурчу: «Мен: „Бутум тайып бара жатат“,— дегенде, Сенин ырайымың мени колдогон, Теңирим. Менин жүрөгүмдө кайгы көбөйгөндө, Сенин сооротууларың жанымды жыргатат»,— деп тиленген (Забур 93:18, 19). Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуу менен сен жубатарлык сөздөрдү, бекемдээрлик ойлорду табасың.

17 Андан сырткары, тиленүү маанилүү. Жүрөгүңдүн түпкүрүндөгү сезимдерди айтып жеткире албасаң да, Жахаба сенин эмне айткың келгенин билет (Римдиктерге 8:26, 27). Забурчу: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— деп айткан (Забур 54:23).

18. Депрессия менен күрөшүүгө эмнелер жардам берет?

18 Айрымдар көңүл чөгөттүккө олуттуу оорунун — депрессиянын — айынан кабылышат *. Эгер сен да ушул оорудан азап чегип жатсаң, «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпай» турган Кудайдын жаңы дүйнөсү жөнүндө ойлонууга аракеттен (Ышайа 33:24). Эгер кайгырып эле тим болбой, терс ой-сезимдериңден арыла албай жатканыңды байкасаң, дарыгерлерге кайрылганың дурус (Матай 9:12). Андан тышкары, өзүңө жакшы кам көргөнүң маанилүү. Мисалы, мүнөздөп тамактануу, денетарбия көнүгүүлөрүн жасоо жана жетиштүү эс алуу зарыл. Кечке телевизор көрүп отуруудан, алдан-күчтөн тайдыруучу жана эмоциялык жактан чарчатуучу көңүл ачуулардан кач. Баарынан мурда, дайыма рухий иштер менен алек бол. Жахабанын «бардык көз жашты аарчый» турган убагы келе элек болсо да, ал сага баарына туруштук берүүгө жардам берет (Аян 21:4; 1 Корунттуктарга 10:13).

Кудайдын «күчтүү колунун астындабыз»

19. Кайгыга баткандарга Жахаба эмнени убадалайт?

19 Ыйык Китепте айтылгандай, адил адамдын кайгысы көп болсо да, «Теңир аны бардык кайгысынан куткарат» (Забур 33:20). Кантип? Элчи Пабыл Жахабага тиленип, «денесиндеги тикенектен» арылтууну кайра-кайра суранганда, Ал: «Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот»,— деп жооп берген (2 Корунттуктарга 12:7—9). Жахаба муну менен Пабылга эмнени убадалаган жана сага эмнени убадалайт? Заматта айыктырарын эмес, чыдоого күч берерин.

20. 1 Петир 5:6, 7деги сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

20 Элчи Петир: «Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула. Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт»,— деп жазган (1 Петир 5:6, 7). Жахаба сага кам көрүп жатса, демек, ал сени эч качан таштабайт. Кандай гана сыноого дуушар болбо, ал сени дайым колдойт. Анткени Кудайдын ишенимдүү кызматчылары «Анын күчтүү колунун астында». Жахабага кызмат кылып жаткан соң, ал бизге баарына чыдоого күч-кубат берет. Ага ишенимдүү бойдон калсак, рухий жактан орду толгус эч кандай зыян тартпайбыз. Андыктан, келгиле, убадаланган жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүш үчүн жана адил адамдар бардык кайгысынан куткарыла турган күндү көрүш үчүн, Кудайга болгон берилгендигибизди сактайлы!

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

^ 18-абз. Депрессия — бул жөн эле көңүл чөгүү эмес, дарыгерлердин диагнозу менен аныктала турган көпкө созулуучу, катуу кайгыга салуучу оору. Буга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү булактарга кайрыл: «Күзөт мунарасы» (ор.) 1989-жыл, 15-июль, 18—22-беттер; 1989-жыл, 15-август, 20—23-беттер; 1996-жыл, 1-сентябрь, 30, 31-беттер.

Эсиңердеби?

• Эмне үчүн Жахабанын кызматчыларынын да көңүлү чөгөт?

• Кудайдын кээ бир кызматчылары кандай себептерден улам кайгыга батат?

• Жахаба бизге терс ой-сезимдер менен күрөшүүгө кантип жардам берет?

• Кандайча биз Кудайдын «күчтүү колунун астындабыз»?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Жахабанын элинде кыйынчылыктарга карабай кубанууга негиз бар