Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Наалыгандан качкыла

Наалыгандан качкыла

Наалыгандан качкыла

«Бардыгын наалыбастан... кылгыла» (Филипиликтерге 2:14, 15).

1, 2. Элчи Пабыл Филипидеги жана Корунттагы ишенимдештерине кандай кеңеш берген жана эмне үчүн?

ЭЛЧИ Пабыл Кудайдын жетеги менен Филипидеги жыйналышка жазган катында ишенимдештерин бир топ мактаган. Элчи аларды марттыгы, ынталуулугу үчүн мактап, жакшы иштери үчүн өзүнүн кубанычын билдирген. Ошону менен бирге, Пабыл аларга «бардыгын наалыбастан... кылуу» керектигин эскерткен (Филипиликтерге 2:14, 15). Эмне себептен?

2 Анткени Пабыл наалыгандыктын эмнеге алып келерин билген. Бир нече жыл мурун ал Корунттагы жыйналышка наалыгандыктын зыяны тууралуу эскерткен болчу. Пабыл ысрайылдыктардын чөлдө Жахабаны кайра-кайра каардантышканын баса белгилеген. Алар «жамандыкка жакын болуп», бурканга табынып, ойноштук кылып, Жахабаны сынап жана наалып, Анын каарын кайнатышкан. Пабыл корунттуктарды бул мисалдардан сабак алууга үндөп: «Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп күңкүлдөбөгүлө. Күңкүлдөгөндөрдү Кыруучу өлтүргөн»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 10:6—11).

3. Наалыгандык чагылдырылган мисалдар бизди эмне үчүн кызыктырат?

3 Жахабанын бүгүнкү кызматчылары катары биз Филипидеги биртуугандардыкындай рухту чагылдырабыз. Биз жакшы иштерди аткарууга ынтызарбыз жана бири-бирибизди сүйөбүз (Жакан 13:34, 35). Ошол эле учурда наалыгандык Кудайдын байыркы элине зыян алып келгенин унутпай: «Бардыгын наалыбастан... кылгыла»,— деген кеңешти жүрөгүбүзгө түйөбүз. Келгиле, адегенде наалыгандыкты чагылдырган ыйык китептик мисалдарды карап чыгалы. Анан наалыгандык зыян алып келбеши үчүн эмне кылсак болорун талкуулайлы.

«Ниети жаман эл» Жахабага наалыган

4. Ысрайылдыктар чөлдө эмнеге наалышкан?

4 Ыйык Китепте «наалуу, кейип-кепчүү, нааразы болуу, кажылдоо» дегенди билдирген эврей сөзү ысрайыл эли 40 жыл чөл кезип жүргөндө болгон окуяларга байланыштуу колдонулат. Айрым учурларда ысрайылдыктар өздөрүнүн жашоо шартына нааразы болуп, наалышкан. Мисалы, Мисирдеги кулчулуктан бошонушканына бир нече эле жума болгондо, «Ысрайыл уулдарынын жамааты чөлдө Муса менен Арунга... наалый баштаган». Алар тамак-ашка нааразы болуп: «Биз Мисир жеринде нанды тоё жеп, этке толгон казандын жанында отурганда эле, Теңирдин колунан өлүп калсак эмне! Силер бизди чөлгө ачкадан өлтүргөнү алып келген турбайсыңарбы»,— дешкен (Чыгуу 16:1—3).

5. Ысрайылдыктар чынында кимге наалышкан?

5 Чынында, мээримдүү Жахаба ысрайылдыктарды чөлдө тамак-аш, суу менен камсыз кылып, алардын бардык муктаждыктарына кам көргөн. Ысрайыл эли чөлдө ачкадан өлүп калгыдай абалга эч качан дуушар болгон эмес. Бирок алар туура эмес маанайга алдырып, кыйынчылыктарын апыртып-көбүртүп, наалый башташкан. Алар нааразылыгын Муса менен Арунга айтышса да, Жахаба ал сөздөрдү Өзүнө багытталгандай кабыл алган. Муса ысрайылдыктарга: «Теңир силердин Өзүнө нааразы болуп, наалыганыңарды укту. Биз ким элек? Силер бизге эмес, Теңирге наалып жатасыңар»,— деп айткан (Чыгуу 16:4—8).

6, 7. Сандар 14:1—3-аяттарда көрсөтүлгөндөй, ысрайылдыктардын маанайы кандайча өзгөргөн?

6 Андан көп өтпөй ысрайылдыктар кайрадан наалып чыгышкан. Муса 12 чалгынчыны Убадаланган жерди чалып келүүгө жиберген. Кайтып келгенде алардын ону элге жаман кабар айтышкан. Натыйжасы кандай болгон? «Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Муса менен Арунга мындай деп наалыды: „О, ушундан көрө Мисир жеринде же ушул чөлдө эле өлүп калсак эмне. Теңир бизди ал жерге [Канаанга] кылычтан өлсүн деп алып бара жатабы? Эми аялдарыбыз менен балдарыбыз душманга олжо болот. Андан көрө Мисирге кайтканыбыз оң эмеспи?“» (Сандар 14:1—3).

7 Ысрайыл элинин маанайы кандай гана бат өзгөргөн! Башында алар Мисир кулчулугунан бошонуп, Кызыл деңизден аман өтүшкөндө, жүрөктөрү ыраазычылыкка толуп, Жахабаны даңктап ырдашкан (Чыгуу 15:1—21). Ал эми чөлдө ыңгайсыздыктарга туш болуп, канаандыктардан корко башташканда, Кудайдын элинин ыраазычылыгы нааразычылыкка айланган. Боштондукка чыгышканы үчүн Кудайга ыраазы болгондун ордуна, алар өздөрүн жокчулукта калгандай сезип, Жахабаны күнөөлөшкөн. Ошентип, алар Кудайдын камкордугун баалабай турганын көрсөтүшкөн. Андыктан Ал: «Бул ниети жаман эл Мага качанкыга чейин наалыйт?» — деп бекеринен айткан эмес (Сандар 14:27; 21:5).

Биринчи кылымда наалыгандар

8, 9. Грек Жазмаларында кимдердин наалыганы жөнүндө айтылат?

8 Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, наалыган жамаат нааразылыгын ачык билдирген. Бирок б.з. 32-жылы Ыйса Алачыктар майрамында Иерусалимде болгондо, «элдин арасында Ал жөнүндө ар кандай», күбүр-шыбыр сөздөр айтылган (Жакан 7:12, 13, 32). Алар Ыйса тууралуу шыбырашып, кээ бирлери аны жакшы дешсе, башкалары жаман дешкен.

9 Ал эми Ыйса шакирттери менен салык жыйноочу Лебинин (Матайдын) үйүндө конокто болгондо, «мыйзам окутуучулар менен фарисейлер күңкүлдөп, Ыйсанын шакирттерине: „Эмне үчүн силер салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге ичип-жеп отурасыңар?“ — дешкен» (Лука 5:27—30). Кийинчерээк Галилеяда «Ыйсанын: „Асмандан түшкөн нан Менмин“,— дегенине жүйүттөр... күңкүлдөй башташкан». Кала берсе, Ыйсанын кээ бир жолдоочулары да анын сөздөрүнө нааразы болуп, наалып киришкен (Жакан 6:41, 60, 61).

10, 11. Грекче сүйлөгөн жүйүттөр эмнеге нааразы болушкан жана ошол жагдайдын чечилишинен аксакалдар эмнеге үйрөнө алышат?

10 Б.з. 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамынан көп өтпөй пайда болгон нааразылык жакшы натыйжага алып келген. Ал учурда жаңы эле Ыйсанын жолун жолдой баштаган көп шакирттер башка өлкөлөрдөн Жүйүт жерине келип, ишенимдештеринин меймандостугун көрүп жатышкан. Бирок азык-түлүк бөлүштүрүүдө кыйынчылык туулуп, «бутпарас өлкөлөрдө жашаган эллинисттерде эврейлерге каршы нааразычылык пайда болгон, анткени күнүмдүк тамак-аш бөлүнүп берилгенде, алардын жесирлери эске алынбай калып жаткан эле» (Элчилер 6:1).

11 Бирок, чөлдөгү ысрайылдыктардан айырмаланып, эллинистер (грекче сүйлөгөн жүйүттөр) өзүмчүлдүк көрсөтүп, жашоо шартына наалышкан эмес. Алар кээ бир жесирлердин муктаждыктарына кам көрүлбөй калганына көңүл бурушкан. Андан тышкары, ал шакирттер өздөрүн тынчтыкты бузуучулар сыяктуу алып жүрүшкөн эмес жана Жахабага наалышкан эмес. Алар нааразычылыгын элчилерге билдиришкен. Нааразылык жөндүү болгондуктан, элчилер абалды оңдоо үчүн тез аранын ичинде чара көрүшкөн. Муну менен алар бүгүнкү аксакалдарга сонун үлгү калтырышкан. Ыйсаны жолдогон рухий койчулар «жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алуудан» сак болушат (Накыл сөздөр 21:13; Элчилер 6:2—6).

Наалыгандыктын бүлдүрүүчү таасиринен сак болгула

12, 13. а) Наалуунун эмнеге алып келерин мисал менен түшүндүргүлө. б) Адам эмнеден улам наалый башташы мүмкүн?

12 Жогорудагы мисалдардын көбү көрсөтүп тургандай, наалыгандык Кудайдын байыркы элине чоң зыян алып келген. Андыктан бүгүн наалыгандыктын бүлдүрүүчү таасири жөнүндө олуттуу ойлонушубуз абзел. Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү. Металлдын көп түрүн дат басат. Жаңы эле дат басып келатканда чара көрүлбөсө, металл бара-бара таптакыр керектен чыгып калышы ыктымал. Көп сандаган автоунаалар техникалык жараксыздыгынан эмес, темири ушунчалык чирип, өмүргө коркунуч туудургудай абалга келип калгандыктан таштандыга айланат. Бул мисалдын наалыгандык менен кандай байланышы бар?

13 Кээ бир металлдарды тез дат басат. Анын сыңарындай, жеткилеңсиз адамдар нааразы болууга жакын келишет. Биз кыраакы болуп, жүрөгүбүздө нааразычылык рухунун пайда боло баштаганын байкай билишибиз керек. Ным менен туздуу аба металлдын дат басышын тездеткендей эле, жагымсыз жагдайлар бизди наалыганга жакын кылат. Стресстен улам кымындай эле ыза тоодой нааразылыкка айланып кетиши мүмкүн. Бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө абал начарлаган сайын, нааразы болууга себептер ого бетер көбөйө берет (2 Тиметейге 3:1—5). Ушул себептен да Жахабанын бир кызматчысы экинчисине наалый башташы ыктымал. Бул болбогон эле нерседен, мисалы, кимдир бирөөнүн алсыздыгына, жөндөмдүүлүгүнө же кызматындагы ийгиликтерине нааразы болуудан келип чыгышы мүмкүн.

14, 15. Наалууга болгон жакындыктын өрчүшүнө эмне үчүн жол бербешибиз керек?

14 Нааразычылыгыбыз эмнеден улам пайда болбосун, анын тамыр жайышына бөгөт койбосок, бизде нааразылык руху өрчүп, наалыгандык адатка айланып калышы мүмкүн. Наалуунун таасири дат сыяктуу өтө зыяндуу. Ысрайылдыктар чөлдөгү жашоо шарттарына наалып, Жахабаны күнөөлөгөнгө чейин барышкан (Чыгуу 16:8). Келгиле, өзүбүзгө мындай нерсеге барууга эч качан жол бербейли!

15 Металлдын дат баскан жерлерин тез арада тазалап, даттан коргогон сыр менен сырдап койсо, металлдын чириши басаңдайт. Ошо сыяктуу эле, биз өзүбүздөн наалууга болгон жакындыкты байкаар замат андан арылууга аракет кылып, Кудайга тиленсек, бул бизге наалыгандан качууга жардам берет. Кандайча?

Бардык нерсеге Жахабанын көзү менен карагыла

16. Наалууга болгон жакындыкты кантип жеңе алабыз?

16 Наалууга себеп пайда болгондо, биз өзүбүзгө жана кыйынчылыктарыбызга көбүрөөк көңүл буруп, Жахабанын Күбөлөрү катары алып жаткан баталарыбызды эске албай калабыз. Наалууга болгон жакындыкты жеңүү үчүн, ал баталарды дайыма көңүлүбүздүн борборунда сакташыбыз керек. Мисалы, ар бирибиз Жахабанын ысмын алып жүрүү сыймыгына ээбиз (Ышайа 43:10). Биздин Аны менен тыгыз мамиле өрчүтүүгө жана «тиленүүнү Угуучу» менен ар убакта сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар (Забур 64:3, «ЖД»; Жакып 4:8). Жашообуз чыныгы маңызга ээ, анткени биз ааламдагы эгедерликке байланыштуу маселени түшүнөбүз жана Кудайдын алдында берилгендигибизди сактоо сыймыктуу нерсе экенин билебиз (Накыл сөздөр 27:11). Биз Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга үзгүлтүксүз катыша алабыз (Матай 24:14). Ошондой эле Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгына болгон ишенимибиз абийирибиздин таза болушуна өбөлгө түзөт (Жакан 3:16). Кандай гана кыйынчылыкка дуушар болбойлу, бизде жогорудагы баталардын баары бар.

17. Нааразы болууга орчундуу негиз болсо да, эмне үчүн бардык нерсеге Жахабанын көзү менен кароого аракеттенишибиз керек?

17 Келгиле, бардык нерсеге өзүбүздүн эле эмес, Жахабанын көзү менен кароого аракеттенели. Забурчу Дөөт: «Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт, Өз жолуңда жүргөндү үйрөт»,— деп ырдаган (Забур 24:4). Эгер нааразы болууга орчундуу негиз болсо, Жахаба буга назарын салбай койбойт. Ал жагдайды заматта чечип коё алат. Анда эмне үчүн кээде кыйынчылыктардын созулушуна жол берет? Муну менен ал бизге чыдамкайлык, туруктуулук, ишеним, эбегейсиз сабырдуулук сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет (Жакып 1:2—4).

18, 19. Ыңгайсыздыктарга наалыбай чыдаганыбыз кандай натыйжаларды алып келерин мисал менен көрсөткүлө.

18 Ыңгайсыздыктарга наалыбай чыдаганыбыз бизге жакшы сапаттарды өрчүтүүгө эле жардам бербестен, жүрүм-турумубузду байкап тургандарга да жагымдуу таасир калтырышы мүмкүн. 2003-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн тобу Германиядан Венгрияга автобус менен жыйынга барышкан. Айдоочу Күбө эмес болчу. Ал он күн бою Жахабанын Күбөлөрү менен болууну анча каалаган эмес. Бирок саякаттын аягында анын ою түп-тамыры менен өзгөргөн. Эмне үчүн?

19 Жолдо алар бир нече ыңгайсыздыктарга дуушар болушкан. Бирок Күбөлөр такыр наалышкан эмес. Айдоочу мындай жүргүнчүлөрдү биринчи жолу көргөнүн айткан. Ал эмкиде, Жахабанын Күбөлөрү үйүнө келгенде, аларды кунт коюп угарын убада кылган. Жүргүнчүлөр «баарын наалыбастан... кылып», кандай сонун таасир калтырышкан!

Кечиримдүүлүк биримдикти чыңдайт

20. Эмне үчүн кечиримдүү болушубуз керек?

20 Эгер ишенимдешибизге карата нааразычылыгыбыз бар болсо, эмне кылганыбыз оң? Маселе олуттуу болсо, Матай 18:15—17-аяттарда камтылган принципке ылайык иш кылышыбыз керек. Бирок бул дайыма эле зарыл боло бербейт, анткени пикир келишпестиктердин көбү өтө орчундуу болбойт. Мындай жагдайды кечиримдүүлүк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк катары көрүүгө эмне үчүн болбосун? Пабыл: «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак [«Жахаба», «ЖД»] силерди кечиргендей, силер да кечиргиле. Булардын бардыгынын үстүнөн сүйүүнү курчангыла, ал — жеткилеңдиктин куру»,— деп жазган (Колосалыктарга 3:13, 14). Кечиримдүү болууга даярбызбы? Жахабада бизге нааразы болууга көп себептер болсо да, ал дайыма боорукердик жана кечиримдүүлүк көрсөтөт.

21. Кимдир бирөөнүн наалыганы башкаларга кандай таасир этет?

21 Нааразыланууга кандай гана себеп болбосун, наалыгандык көйгөйдү чечпейт. «Наалуу» дегенди билдирген байыркы эврей сөзү «кажылдоо» деген маанини да билдирет. Жаныбызда кимдир бирөө кечке эле наалый берсе, тажаганда андан кача баштаарыбыз бышык. Ошо сыяктуу эле, эгер биз наалып, кажылдай берсек, жаныбыздагы адамдар чарчап, бизден алыстай башташы мүмкүн. Кажылдоо менен адам башкалардын көңүлүн өзүнө бурушу мүмкүн, бирок эч кимдин жүрөгүн бура албайт.

22. Бир кыз Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эмне деген?

22 Кечиримдүүлүк биртуугандык биримдигибизди чыңдайт. Ал эми биримдик — Жахабанын элинин арасында жогору бааланган касиет (Забур 132:1—3). Европанын бир өлкөсүндө 17 жаштагы католик кыз Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кат жазып, аларга абдан суктанарын билдирген. Ал мындай деген: «Мен билгенден, бул уюм — мүчөлөрү жек көрүүчүлүктүн, ачкөздүктүн, сабырсыздыктын, өзүмчүлдүктүн же ынтымаксыздыктын айынан бөлүнбөгөн жападан-жалгыз уюм».

23. Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

23 Чыныгы Кудай Жахабанын кызматчылары катары алып жаткан рухий баталарыбыздын баары үчүн ыраазы болсок, бул бизге биримдигибизди чыңдоого жана башкаларга наалыгандан качууга жардам берет. Кийинки макаладан Кудайга жаккан сапаттар бизге наалыгандыктын андан да коркунучтуу түрүнөн, атап айтканда, Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнө наалуудан качууга кандай жардам берерин көрөбүз.

Эсиңердеби?

• Наалыгандык деген эмнени билдирет?

• Наалуунун эмнеге алып барарын кайсы мисалдан көрүүгө болот?

• Наалууга болгон жакындыкты жеңүүгө бизге эмне жардам берет?

• Кечирүүгө даяр болуу кандайча наалыгандан качууга жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги сүрөт]

Ысрайылдыктар чынында Жахабага наалышкан

[9-беттеги сүрөт]

Бардык нерсеге Жахабанын көзү менен кароого аракеттенесиңерби?