Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар»

«Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар»

«Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар»

«Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер» (Жакып 5:11).

1, 2. Польшадагы бир үйбүлө кандай сыноого дуушар болгон?

ГИТЛЕР Польшанын түндүгүндөгү Данциг (азыркы Гданьск) деген шаарды басып алганда, Харольд Абт деген биртууганыбыздын Жахабанын Күбөсү болгонуна бир жыл да толо элек эле. Ал убакта Кудайдын ошол жердеги кызматчылары үчүн оор жана коркунучтуу күндөр башталган. Гестапо (Германиядагы мамлекеттик жашырын полиция) Харольдду ишениминен баш тартканын билдирген кагазга кол койдурууга канчалык мажбурласа да, ал моюн сунган эмес. Бир нече жума түрмөдө отургандан кийин Харольд Заксенхаузен деп аталган концлагерге жөнөтүлгөн. Ал жактан да аны көп жолу сабап, коркутуп-үркүтүшкөн. Туткундарды кайтарган бир мыкаачы киши Харольдго адамдардын сөөгү өрттөлчү жайдын морун көрсөтүп: «Ишенимиңден баш тартпасаң, 14 күндүн ичинде Жахабаңа барасың»,— деп какшыктаган.

2 Харольд камакка алынганда, жубайы Эльза он айлык эмчектеги кызы менен калган. Бирок көп өтпөй гестапо аны кызынан ажыратып, Освенцим деп аталган өлүм концлагерине жөнөткөн. Анткен менен Эльза да, Харольд да ал оор жылдарда аман калышкан. «Күзөт мунарасы» журналынын 1980-жылы 15-апрелде чыккан санында (англ.) алардын кандайча баарына чыдашканы жөнүндө айтылган. Харольд мындай деп жазган: «Кудайга ишенгеним үчүн өмүрүмдүн 14 жылын концлагер менен башка түрмөлөрдө өткөрдүм. Менден: „Ушулардын баарына чыдаганга аялың жардам бердиби?“ — деп сурагандар болгон. Албетте! Мен башынан эле анын эч качан ишенимден баш тартпаарын билчүмүн. Ошол мага дем-күч берип турчу. Мен аялым үчүн менин ишенимден баш тартып бошонгонума караганда ишенимдүү бойдон өлгөнүм артык экенин билчүмүн... Эльза немистердин концлагерлеринде жүргөндө көп кордук көргөн».

3, 4. а) Кудайдын азыркы кызматчыларын кимдердин үлгүсү бекемдей алат? б) Эмне себептен Ыйык Китеп бизди Аюб менен болгон окуяны карап чыгууга чакырат?

3 Көптөгөн ишенимдештерибиз азапка чыдоо оңой эмес экенин өз тажрыйбаларынан билишет. Ошондуктан Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларынын баарына төмөнкүдөй чакырык айтылат: «Теңирдин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан үлгү алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан» (Жакып 5:10). Кылымдар бою Жахабанын канчалаган кызматчылары себепсиз эле куугунтукталып келген. Андай ишенимдүү күбөлөрдүн мыкты үлгүлөрү бизге жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгууга күч-кубат берет (Эврейлерге 11:32—38; 12:1).

4 Аюб чыдамдуулук көрсөтүү жагынан үлгү калтырган. Жакып: «Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер»,— деп жазган (Жакып 5:11). Аюбдун мисалынан ишенимдүү кызматчыларына Жахабанын кандай баталарды берерин көрүүгө болот. Андан да маанилүүсү, аны менен болгон окуядан кыйынчылыктарга чыдоого эмне жардам берерин да биле алабыз. Аюб китебинен: «Кыйынчылыкка учураганда эмне себептен Шайтан көтөргөн талаш маселени эстегенибиз маанилүү? Кайсы сапаттар жана кандай маанай чыдаганга жардам берет? Кыйналып жаткан ишенимдештерибизди кандайча бекемдей алабыз?» — деген суроолорго жооп табабыз.

Жагдайды толук түшүнүү маанилүү

5. Сыноого же азгырыкка туш болгондо эмнени эстен чыгарбоо керек?

5 Кыйынчылык учурунда рухий жактан күчтүү бойдон калуу үчүн, жагдайыбызга тиешеси бар нерселердин баарын эске алуу зарыл. Болбосо, көйгөйүбүздү эле ойлой берип, рухий көзүбүз тунарып калышы ыктымал. Кудайдын алдында берилгендикти сактоо баарынан маанилүү экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Асмандагы Атабыз ар бирибизге төмөнкүдөй сөздөр менен кайрылат: «Менин уулум, менин жүрөгүмдү кубантып, акылдуу бол; ошондо мени жаманатты кылганга кандай жооп береримди билем» (Накыл сөздөр 27:11, «Мукаддас»). Бул кандай гана зор сыймык! Алсыз жана жеткилең эмес экенибизге карабай биз Жараткандын жүрөгүн кубандыра алабыз. Ооба, Жахабага болгон сүйүүбүздөн улам сыноолорго же азгырыктарга каршы турсак, ал сүйүнөт. Чыныгы сүйүү баарын көтөрөт. Ал «эч качан токтобойт» (1 Корунттуктарга 13:7, 8).

6. Шайтан Жахабага кантип тил тийгизип келет жана канчалык деңгээлде?

6 Аюб китебинде Шайтандын Жахабага тил тийгизгени көрсөтүлөт. Андан сырткары, анын көзгө көрүнбөгөн каардуу душман экени жана Кудай менен болгон мамилебизди бузууну көздөөрү ачылып берилет. Аюб менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, Шайтан Жахабанын кызматчыларынын баары ага өз кызыкчылыктары үчүн кызмат кылышат деп аларга жалаа жабууда. Ошондой эле алардын Кудайга болгон сүйүүсүн өчүрө аларын далилдөөгө умтулууда. Ал Кудайга миңдеген жылдардан бери жалаа жаап келет. Шайтан жерге куулуп түшүрүлгөндө, асмандан угулган үн анын «бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы» экенин айткан (Аян 12:10). Кыйынчылыктарды чыдамдуулук менен көтөрсөк, биз Шайтандын жалаалары негизсиз экенин далилдейбиз.

7. Оорунун же карылыктын айынан дуушар болгон кыйынчылыктарды көтөрүүгө эмне жардам берет?

7 Кандай кыйынчылыкка туш болбойлу, Ибилис ал аркылуу бизди Жахабадан алыстатууга умтуларын эстен чыгарбашыбыз керек. Ыйсаны ал качан азгырган эле? Ыйса көп күн орозо кармап ачка болгондо (Лука 4:1—3). Бирок рухий жактан күчтүү болгондуктан ал Шайтандын азгырыктарын чечкиндүү түрдө четке каккан. Ошондуктан оорунун же карылыктын айынан дуушар болгон кыйынчылыктардын баарын рухий жактан күчтүү бойдон калуу менен көтөрүп кете алабыз. «Сырткы адам карып бара жатса да», биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз, анткени «ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда» (2 Корунттуктарга 4:16).

8. а) Терс сезимдер кандай зыян алып келиши мүмкүн? б) Ыйса кандай маанай чагылдырган?

8 Андан сырткары, терс сезимдер адамдын рухийлигине доо кетириши ыктымал. Кимдир бирөөнү: «Жахаба эмне үчүн буга жол берип койду?» — деген суроо кыйнашы мүмкүн. Айрымдар болсо башкалардын жаман мамилесинен улам: «Биртууган болуп туруп эмне үчүн мага ушундай мамиле кылат?» — деп бушайман болушу этимал. Мындай сезимдер Шайтан көтөргөн талаш маселени унутуп коюп, өзүбүздүн гана көйгөйүбүз менен алпурушуп калышыбызга алып келиши ыктымал. Жалган үч досунун сөздөрү Аюбду оорусунан кем эмес азап тарттырган көрүнөт (Аюб 16:20; 19:2). Элчи Пабыл да ачуулана берүү менен «Шайтанга орун [же мүмкүнчүлүк] берип» коёрубузду баса белгилеген (Эфестиктерге 4:26, 27). Ачуубузду кимдир бирөөгө чыгаргандын же өзүбүз дуушар болгон жагдайдын адилетсиз экени жөнүндө ойлоно бергендин ордуна, Ыйсаны туурап, өзүбүздү «адилет Сотко [Жахаба Кудайга] тапшырганыбыз» дурус (1 Петир 2:21—23). Ооба, Ыйсадай ой жүгүртсөк, Шайтандын кол салууларына каршы тура алабыз (1 Петир 4:1).

9. Көтөргөн жүгүбүзгө жана азгырыктарга байланыштуу Кудай бизге эмнени убада кылууда?

9 Баарынан маанилүүсү, көйгөйгө Кудайдын жактыруусунан айрылгандыктан кабылдым деп эч качан ойлобошубуз керек. Сооротумуш үчүн келген досторунун жүрөк ооруткан сөздөрүн укканда Аюб ушундай туура эмес ойлорго батып, кайгырган (Аюб 19:21, 22). Бирок, Ыйык Китеп ынандыргандай, «Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт» (Жакып 1:13). Тескерисинче, ал жүгүбүздү көтөрүшүүнү жана ар кандай азгырыктардан сактоону убада кылууда (Забур 54:23; 1 Корунттуктарга 10:13). Кыйналып жатканда Кудайга жакындоо менен биз жагдайга карата туура көзкарашта болуп, Ибилиске каршы тура алабыз (Жакып 4:7, 8).

Чыдаганга эмне жардам берет?

10, 11. а) Аюбга кыйынчылыктарга чыдоого эмне жардам берген? б) Абийиринин таза экенин билүү ага кандайча жардам берген?

10 Абдан кейиштүү абалга дуушар болгонуна, анын ичинде «сооротуучулардын» чучукка жеткен сөздөрүнө жана булардын баарына эмне себептен кабылганын билбегенине карабай Аюб актыгынан жазган эмес. Анын чыдамдуулук көрсөткөнүнөн эмнеге үйрөнсөк болот? Баарына чыдоого Аюбга эң биринчиден Жахабага болгон берилгендиги жардам берген. Ал «Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам болгон» (Аюб 1:1). Аюб дайыма ушундай жашоого умтулган. Эмне себептен бир заматта башына каран түн түшкөнүн билбесе да ал Жахабадан баш тарткан эмес. Аюб бардыгы жайма-жай болуп турганда да, оор жагдайларда да Кудайга кызмат кылыш керек деген ойдо болгон (Аюб 1:21; 2:10).

11 Аны абийиринин таза экенин билүү да соороткон. Башкаларга дайым жардам бергенин, Жахабанын адил нормаларына карманып жашаганын жана жалган сыйынуунун бардык түрүнөн алыс болгонун эстөө ага өмүрү кылдын учунда тургандай сезилген учурларда күч-кубат берген (Аюб 31:4—11, 26—28).

12. Элийу көрсөткөн жардамга Аюб кандай жооп кайтарган?

12 Адил адам болсо да Аюб ой жүгүртүүсүн кандайдыр бир деңгээлде өзгөртүшү керек эле. Бул жагынан көрсөтүлгөн жардамды момундук менен кабыл алганы да ага чыдамдуу болууга көмөк кылган. Ал Элийунун акылдуу кеңешин чын дилден угуп, Жахабанын ашкерелөөсүн туура кабыл алган. Аюб: «Мен өзүм түшүнбөгөн нерселер жөнүндө... айткам... Мурунку айткан сөздөрүмдөн баш тартам, топурак менен күлгө отуруп алып өкүнөм»,— деп өз катасын мойнуна алган (Аюб 42:3, 6). Натыйжада оорусунан айыга элек болсо да, ой жүгүртүүсүн оңдоо менен Кудайга жакындай түшкөнүнө кубанган. Ал Жахабага: «Сенин баарын жасай аларыңды... билем»,— деп айткан (Аюб 42:2). Жахаба өзүнүн канчалык улук экенин көрсөткөндөн кийин, Аюб анын алдында кандай абалды ээлээрин айкыныраак түшүнгөн.

13. Ырайымдуулук көрсөткөнү үчүн Аюб кандай бата алган?

13 Аюб ырайымдуулук көрсөтүү жагынан да эң сонун үлгү калтырган. Жалган сооротуучулары көңүлүн абдан эле оорутса да, Аюб Жахабанын тилин алып алар үчүн тиленген. Ошондон кийин Жахаба аны оорусунан айыктырган (Аюб 42:8, 10). Мындан кыйынчылыктарды көтөрүүгө таарынуу сезими эмес, сүйүү жана ырайымдуулук сапаты жардам берери айкын көрүнүп турат. Таарынычка жеңдирбөө менен биз рухий жактан бекем болуп, Жахабадан бата алабыз (Марк 11:25).

Акылдуу кеңешчилердин жардамы зор

14, 15. а) Кыйналгандарды жубатууда кандай сапаттар жардам берет? б) Элийунун Аюбга эмне үчүн жакшы жардам көрсөтө алганын түшүндүрүп бергиле.

14 Аюб жөнүндөгү билдирүүдөн акылдуу кеңешчилердин көмөгү зор экенин да көрүүгө болот. Алар «башыңа иш түшкөндө» биртууганыңдай жардам беришет (Накыл сөздөр 17:17). Бирок, Аюб менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, айрым кеңешчилер жараны айыктырмак турсун, кайра ырбатышы мүмкүн. Жакшы кеңешчилер, Элийуга окшоп, сезимтал, боорукер болушу жана урмат көрсөтө билиши кажет. Кээде аксакалдар менен жыйналыштагы жетилген биртуугандарга көңүлү чөгүп турган ишенимдештеринин ой жүгүртүүсүн оңдоого туура келет. Аюб китебинен алар өзүлөрүнө көптөгөн баалуу сабактарды ала алышат (Галатиялыктарга 6:1; Эврейлерге 12:12, 13).

15 Элийунун жагдайды кандайча чечкенинен көп нерсеге үйрөнсөк болот. Ал Аюбдун үч досунун пикири туура эмес экенин айтардан мурун көпкө чейин унчукпай угуп отурган (Аюб 32:11; Накыл сөздөр 18:13). Анан Аюбга достук маанайда кайрылган (Аюб 33:1). Берки үчөөнөн айырмаланып, Элийу өзүн Аюбдан жогору койгон эмес. Ал: «Мен да сага окшоп топурактан жаратылгам»,— деп айткан. Элийу болбогон сөздөрдү айтып Аюбду ого бетер азап чектиргиси келген эмес (Аюб 33:6, 7; Накыл сөздөр 12:18). Аюбду мурун кылган иштери үчүн айыптабай, Кудайдын алдында ак жүргөнү үчүн мактаган (Аюб 33:32). Баарынан маанилүүсү, Элийу жагдайга Жахабанын көзкарашы менен караган жана Аюбдун көңүлүн Жахабанын эч качан адилетсиз иш кылбаарына бурган (Аюб 34:10—12). Ошондой эле Аюбду өзүн адил көрсөтүүнүн ордуна Жахабаны күтүүгө чакырган (Аюб 35:2; 37:14, 23). Мындан аксакалдар менен жыйналыштагы биртуугандар көп нерсеге үйрөнө алары шексиз.

16. Аюбдун жалган үч сооротуучусу кандайча Шайтандын куралы катары кызмат кылышкан?

16 Элийунун акылдуулук менен айткан сөздөрү Элипаз, Билдат жана Сопарлардын көңүлдү чөктүргөн сөздөрүнөн таптакыр айырмаланган. Жахаба аларга: «Силер Мен жөнүндө... туура сүйлөбөгөнүңөр үчүн... каарым кайнап турат»,— деген (Аюб 42:7). Ниеттери жакшы экенин айтышканы менен алар ишенимдүү достордон болушкан эмес. Тескерисинче, Шайтандын куралы катары кызмат кылышкан. Үчөө тең Аюбдун башына түшкөн каргашалар үчүн анын өзүн күнөөлөшкөн (Аюб 4:7, 8; 8:6; 20:22, 29). Элипаз Кудайдын өзүнүн кызматчыларына ишенбээрин жана биздин адил жашоо өткөргөн-өткөрбөгөнүбүз ал үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экенин айткан (Аюб 15:15; 22:2, 3). Ал Аюбду атүгүл кылбаган күнөөлөрү үчүн айыптаган (Аюб 22:5, 9). Элийу болсо Аюбга рухий жактан жардам берген. Мээримдүү кеңешчинин максаты дайым ушундай болушу керек.

17. Сыноого дуушар болгондо эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

17 Аюб китебинен чыдамдуулукка байланыштуу дагы бир нерсеге үйрөнсөк болот. Мээримдүү Кудайыбыз кандай жагдайга туш болгонубузду көрүп турат жана бизге ар кандай жолдор менен жардам көрсөтүүнү каалайт. Буга анын кудурети жетери да күмөнсүз. Жогору жакта сөз кылынган Эльза Абттын кандай жыйынтыкка келгенине көңүл бурсаңар. Ал мындай деп айткан: «Камакка алынганга чейин мен бир эженин катын окуган элем. Ал катуу сыноого дуушар болгонунда Жахабанын руху анын жүрөгүнө тынчтык бергени жөнүндө жазган. Ошондо мага ал анча-мынча ашырып айтып жаткандай сезилген. Бирок өзүм сыноого учураганда анын айткандары чындык экенин билдим. Чынында эле, ошондой болот экен. Башыңан өткөрүп көрбөсөң муну элестетүү кыйын. Бирок мен буга өз тажрыйбамдан ынандым. Жахаба жардам берет». Эльза Жахабанын эмнеге күчү жетерин же миңдеген жылдар мурун Аюбдун күндөрүндө эмнелерди кылганын айткан эмес. Ал биздин күндөр жөнүндө айткан. Ооба, «Жахаба жардам берет!»

Кыйынчылыктарга чыдаган адам бактылуу

18. Чыдамдуулук көрсөтүү менен Аюб кандай баталарды алган?

18 Аюбдукундай оор сыноолорго көбүбүз дуушар болбошубуз деле мүмкүн. Бирок кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, ага окшоп, актыгыбыздан жазбоого олуттуу негиздер бар. Чыдамдуулук көрсөтүүнүн аркасында Аюб зор баталарды алган. Ал «жеткилеңдикке» жеткен, башкача айтканда, рухий жактан ого бетер жетилген (Жакып 1:2—4). Кудай менен болгон мамилеси бекемделген. Аюб: «Мен Сен жөнүндө ушуга чейин кулагым менен уккам, азыр болсо Сени өз көзүм менен көрүп турам»,— деп айткан (Аюб 42:5). Андан сырткары, актыгын сактоо менен ал Шайтандын жалганчы экенин далилдеген. Жүздөгөн жылдардан кийин да Жахаба Аюбду адил адам катары сыпаттаган (Жезекиел 14:14). Анын актыгынан жазбаганы жана чыдамдуулук көрсөткөнү Кудайдын элин азыркыга чейин бекемдеп келет.

19. Кыйынчылыктарда чыдамдуу болгонубуз эмне үчүн маанилүү деп ойлойсуңар?

19 Биринчи кылымдагы ишенимдештерине чыдамдуу болуу жөнүндө жазганда Жакып анын кандай пайда алып келерин айткан. Аларга Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына мол баталарды берерин эстетиш үчүн ал Аюбду мисал кылган (Жакып 5:11). Аюб 42:12ден: «Теңир Аюбдун мурунку күндөрүнө караганда, акыркы күндөрүнө аябай батасын берди»,— дегенди окуйбуз. Кудай Аюбга жоготкон нерселерин эки эсе кылып кайрып берген жана андан кийин ал көп жылдар бою бактылуу өмүр сүргөн (Аюб 42:16, 17). Анын сыңарындай, азыркы түзүлүштүн акыркы күндөрүндө кандай оору, кайгы-муң же кыйынчылыкка туш болбойлу, Кудайдын жаңы дүйнөсүндө алардын баары жок болот, атүгүл эске да түшпөйт (Ышайа 65:17; Аян 21:4). Аюбдун чыдамдуулугу жөнүндө окуп биз Жахабанын жардамы менен аны тууроого чечкиндүү болууга түрткү алдык. Ыйык Китепте: «Сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон өткөндөн кийин, ал адам Теңир Өзүн сүйгөндөргө убада кылган өмүр таажысын алат»,— деген убада берилет (Жакып 1:12).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Канткенде Жахабанын жүрөгүн кубантабыз?

• Оор жагдайга дуушар болгондо Кудайдын жактыруусунан айрылдым деп эмне үчүн ойлобошубуз керек?

• Кыйынчылыктарга чыдоого Аюбга эмне жардам берген?

• Ишенимдештерибизди бекемдөөдө Элийуну кандайча туурай алабыз?

1[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Жакшы кеңешчи сезимтал, боорукер болуп, башкаларды сыйлай билет

[21-беттеги сүрөт]

Эльза жана Харольд Абт