Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жалгыз болсо да, жалгызсыраган эмес

Жалгыз болсо да, жалгызсыраган эмес

Жалгыз болсо да, жалгызсыраган эмес

ЖАШЫ өр тарткан сайын адамдардын көбү бейкаруу болуп, башкалардан обочолоно баштайт. Бирок Женевада (Швейцария) жашап, 95 жашында көз жумган Фернан Риварол тууралуу антип айта албайсың. Ал жалгыз жашачу, анткени жубайынын көзү өтүп кеткен эле, кызы болсо үйбүлөсү менен өзүнчө турчу. Фернан үйүнөн көп чыга албаса да, жалгызсырачу эмес. Адатта, ал конок бөлмөсүндө отуруп алып, адамдарга телефон чалып, алар менен рухий темада сүйлөшкөндү жакшы көрчү.

Фернандын окуяларга бай жашоосунун айрым жылдары жалгыздыкта өткөн. Эмне үчүн? Аялы экөө 1939-жылы Жахабанын активдүү Күбөлөрү болушканда, Европада Экинчи дүйнөлүк согуш тутанып чыккан. Фернан эч кимге зыян келтирбөөнү чечкендиктен, Ыйык Китептин негизинде чыгарган бул чечимине бекем карманган. Натыйжада жумушунан айрылган. Андан тышкары, аялы менен кичинекей кызынан ажыратылып, жалпы жонунан беш жарым жыл түрмөдө отурган.

Өткөндү эстеп, Фернан мындай деп айткан: «Көп адамдарга туруктуу жумушумду таштап, үйбүлөмдү багуусуз калтыргандай көрүнгөм. Алар мени жек көрүп, мага кылмышкерге жасагандай мамиле жасашчу. Бирок ошол оор жылдарды ойлогондо, баарынан да Жахабанын мага колдоо көрсөтүп, жардам берип келгенин эстейм. Андан бери көп жыл өтсө да, Жахабага болгон ишеничим ошо кездегидей эле бекем».

Бул ишеними ага телефон аркылуу башкаларга кабар айтууга түрткү берген. Кимдир бирөө жакшы укканда, Фернан ал адамга почта менен ыйык китептик адабият жөнөтчү. Кийинчерээк ага кайрадан чалып, жөнөтүлгөн адабияттын жаккан-жакпаганын сурачу. Кээде адамдар кат аркылуу ыраазычылык билдиришкенде, Фернан абдан сүйүнчү.

Фернан сыяктуу адамдар силер менен да байланышышы мүмкүн. Аларды угуп көрүүгө эмне үчүн болбосун? Жахабанын Күбөлөрү силерге өздөрүнүн ишеними тууралуу айтып берүүгө дайыма кубанычта.