Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Забур китебинин бешинчи бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

«УУЛДАРЫБЫЗ жаш чагында дүркүрөп өскөн өсүмдүктөй... кыздарыбыз ак сарайлардагы чеберлик менен кооздолгон мамылардай... Кампаларыбыз толуп, ар кандай данга мол... Койлорубуз миңдеп... төлдөп [жатат]»,— деп айтышы мүмкүн байлар. Андан тышкары, алар: «Кайсы элде ушундай болсо, ошол эл бактылуу»,— деп ойлошу ыктымал. Бирок забурчу: «Кайсы элдин Теңири Кудай [«Жахаба», «ЖД»] болсо, ошол эл бактылуу»,— дейт (Забур 143:12—15). Мындан башкача болушу мүмкүн эмес! Жахаба — бактылуу Кудай, ошондуктан анын кызматчыларынын энчиси — бакыт (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Муну Кудайдын жетекчилиги менен жазылган ырлардын акыркы жыйнагы, Забур 106—150-бөлүмдөр, тастыктап турат.

Ошондой эле Забур китебинин бешинчи бөлүгүндө Жахабанын кереметтүү сапаттары, ырайымы, жакшылыгы жана чындыгы баса белгиленет. Кудайдын касиет-сапаттарын канчалык жакшы түшүнсөк, аны сүйүүгө жана андан коркууга ошончолук ийкемдүү болобуз. А бул биздин бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт. Забур китебинин бешинчи бөлүгүндө кандай баалуу ойлор камтылган! (Эврейлерге 4:12).

ЖАХАБАНЫН ЫРАЙЫМЫ МЕНЕН БАКТЫЛУУБУЗ

(Забур 106:1—118:176)

Бабыл туткунунан кайтып келаткан жүйүттөр: «Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!» — деп ырдашат (Забур 106:8, 15, 21, 31). Дөөт Кудайды даңктап: «Сенин чындыгың булуттарга чейин жетет»,— деп ырдайт (Забур 107:5, «ҮН»). Кийинки забурда ал: «Мага жардам бер, Теңирим, Кудайым! Мени Өзүңдүн ырайымың менен куткар»,— деп тиленет (Забур 108:18, 19, 26). 109-забурда Мессиянын башкаруусу жөнүндө пайгамбарлыктар камтылат. Забур 110:10до: «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу»,— деп айтылат. Ал эми кийинки забурга ылайык, «Теңирден корккон... адам бактылуу» (Забур 111:1).

Забурдун 112ден 117ге чейинки бөлүмдөрүн «Аллилуйя забурлары» деп аташат, анткени ал забурларда «аллилуйя», башкача айтканда, «Жахты даңктагыла» деген сөз айкашы көп кездешет. Мишнага — III кылымда жазылган байыркы оозеки уламыштардын жыйнагына — ылайык, жүйүттөр ал забурларды жыл сайын Пасахта жана андан башка үч майрамда ырдашчу. Бардык забурлардын, дегеле Ыйык Китептеги бөлүмдөрдүн эң узуну болгон 118-забурда Жахабанын сөзү даңазаланат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 108:23 — Дөөттүн: «Мен өтүп бара жаткан көлөкөдөй жок болуп бара жатам»,— деген сөздөрү эмнени билдирет? Дөөт өлөр күнүнө абдан аз калганын көркөм тил менен айткан (Забур 101:12).

Забур 109:1, 2 — Дөөттүн «Эгеси» («ЖД»), Ыйса Машайак, Кудайдын оң жагында отурган мезгилде эмне кылган? Тирилгенден кийин Ыйса асманга көтөрүлгөн жана 1914-жылы Падыша болуп дайындалганга чейин Кудайдын оң жагында күтүп отурган. Ал ошол мезгил аралыгында майланган жолдоочуларын башкарып, аларды кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде жетектеген, ошондой эле өзү менен Падышалыкта бийлик жүргүзүүгө даярдаган (Матай 24:14; 28:18—20; Лука 22:28—30).

Забур 109:4 — Жахаба өзгөрүлбөй турган кандай ант берген? Бул ант — Падыша жана Башкы ыйык кызмат кылуучу болуп кызмат кыла турган Ыйса Машайак менен Жахабанын ортосунда түзүлгөн келишим (Лука 22:29, «ЖД»).

Забур 112:3 — Жахабанын ысмы кандайча «күн чыгыштан күн батышка чейин» даңкталышы керек? Бул сөздөр адамдардын кайсы бир тобунун Кудайга күнүгө сыйынарын эле билдирбейт. Чыгыштан көтөрүлүп, батышта батканга чейин Күн бүт жер жүзүн нурдантат. Демек, Жахаба төгөрөктүн төрт бурчунда даңкталышы керек. Муну уюшкандыкта иш-аракет кылуу менен гана ишке ашырууга болот. Жахабанын Күбөлөрү катары биз Кудайды даңктоого жана Падышалыкты жарыялоо ишине ынталуу катышууга байланыштуу баа жеткис сыймыкка ээбиз.

Забур 115:6 — Кандайча «Теңирдин көз алдында Өзүнүн ыйыктарынын өлүмү кымбат»? Жахаба кызматчыларын абдан баалайт жана алардын өлүмү ага өтө кымбатка турат. Ошондуктан Кудай алардын баарынын жок болуп кетишине жол бербейт. Жол бере турган болсо, душмандары ага караганда күчтүүрөөктөй болуп көрүнмөк. Андан тышкары, жерде жаңы дүйнөнүн пайдубалын түзө турган адамдар калмак эмес.

Забур 118:71 — Азап тартканыбыз кандайча жакшы болушу мүмкүн? Кыйынчылыктар бизди Жахабага көбүрөөк таянууга, жалындуу тиленүүгө, Ыйык Китепти ынтызарлык менен изилдөөгө жана анда айтылгандарды жашообузда колдонууга үйрөтөт. Андан тышкары, кыйынчылыктарды кандай кабыл алганыбызга жараша, өзүбүздүн алсыз жактарыбызды байкап, алардын үстүнөн иштөөгө түрткү алабыз. Азап чегүүнүн өзүбүзгө жакшы таасир этишине жол берсек, бул бизге катаалданып кетпөөгө жардам берет.

Забур 118:96 — «Жеткилеңдиктин чеги» деген эмнени билдирет? Забурчу бул жерде жеткилеңдикке карата адамдык көзкарашты билдирген. Сыягы, ал адамдын жеткилеңдик жөнүндөгү түшүнүгү чектелүү экенин айткысы келген. Кудайдын осуяттарында болсо андай чек жок. Анын кеңештерин жашоонун бардык тармактарында колдонууга болот.

Забур 118:164 — Кудайды «бир күндө жети жолу даңктоо» деген эмнени билдирет? Жети деген сан көп учурда толуктукту билдирет. Демек, забурчу Жахабанын бардык даңкка татыктуу экенин баса белгилеген.

Биз алчу сабактар:

Забур 106:27—31. Армагедон келгенде, дүйнөнүн акылмандыгы «жоголот» (Аян 16:14, 16). Андай акылмандык кыйроодон эч кимди сактап кала албайт. Жахабанын куткаруусуна таянгандар гана аман калып, «Теңирди ырайымы үчүн... даңкташат».

Забур 108:30, 31; 109:5. Жоокер оң колуна — кылыч, сол колуна калкан кармап салгылашкандыктан, адатта, оң капталы ачык калчу. Каймана мааниде айтканда, Жахаба кызматчыларынын «оң жагында туруп», алар үчүн согушат. Ошентип, ал бизди коргойт жана жардам берет. Бул үчүн Кудайды «катуу үн менен... даңкташыбыз» керек эмеспи?!

Забур 112:4—9. Жахаба ушунчалык жогору тургандыктан, жадагалса «асманга... көз салыш» үчүн бийиктен эңкейет. Ошентсе да ал кедейге, жакырга, төрөбөгөн аялга боор ооруу менен мамиле кылат. Эгедер Теңир Жахаба момун жана өзүнүн кызматчыларынын да момун болушун каалайт (Жакып 4:6).

Забур 113:3—7. Жахабанын өзүнүн эли үчүн Кызыл деңизде, Иордан дарыясында жана Синай тоосунда жасаган керемет иштери жөнүндө таанып-билгенибиз бизге чоң таасир бериши керек. Адамзатты символдоштурган «жер» Теңирдин алдында «титирөөгө», башкача айтканда, андан кастарлап коркууга тийиш.

Забур 118:97—101. Кудай Сөзүнөн акылмандыкка, эстүүлүккө, билимге ээ болуу бизди рухий жактан зыян тартуудан коргойт.

Забур 118:105. Кудайдын Сөзү — бутубузга шам: ал бизге учурдагы кыйынчылыктарыбыз менен күрөшүүгө жардам берет. Ошондой эле ал каймана мааниде жолубузду жарыктандырат, анткени анда Кудайдын келечекке байланыштуу ой-ниети алдын ала айтылган.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА КАРАБАЙ БАКТЫЛУУБУЗ

(Забур 119:1—144:21)

Оор жагдайларга, кыйынчылыктарга кантип туруштук бере алабыз? Забурдун 119дан 133кө чейинки бөлүмдөрүндө бул суроого айкын жооп берилет. Кыйынчылыктарды жеңип, кубанычыбызды сактоого бизге Жахабанын колдоосуна таянуу жардам берет. «Табынуу үчүн бара жаткандагы ырлар» деп аталган бул забурларды ысрайылдыктар, кыязы, жыл сайын өткөрүлүүчү майрамдарды белгилөө үчүн Иерусалимге баратканда ырдашкан.

134, 135-забурларда Жахаба, жансыз буркандардан кескин айырмаланып, эмнени кааласа, ошону кыла алган кудуреттүү Кудай катары сүрөттөлөт. 135-забур жооп иретинде ырдоо үчүн түзүлгөн: ар бир аяттын экинчи бөлүгү биринчисине жооп катары ырдалган. Кийинки забурда Жахабага Сиондо сыйынууну эңсеп жүргөн Бабылдагы жүйүттөрдүн кейиштүү абалы баяндалат. 137ден 144кө чейинки забурларды Дөөт жазган. Ал Жахабаны «бүт жүрөгү менен даңктагысы» келген. Эмне үчүн? «Анткени мен таң каларлык жаратылгам»,— дейт ал (Забур 137:1; 138:14). Кийинки алты забурда Дөөт Кудайга жаман адамдардан коргоосун, насааттап-тарбиялашын, куугунтуктоочулардан куткарышын жана жүрүм-турумун таза сактоого жетекчилик беришин суранып тиленген. Ал Жахабанын эли бактылуу экенин баса белгилейт (Забур 143:15). Дөөт Кудайдын улуулугун жана кеңпейилдигин даңазалаган соң: «Менин оозум Теңирди мактайт. Ар бир тирүү жан Анын ыйык ысымын түбөлүк даңктасын»,— дейт (Забур 144:21).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 121:3 — Кандайча Иерусалим «бир бүтүн шаар болуп курулган» эле? Байыркы убактагы шаарлардай эле, Иерусалим үйлөрү бири-бирине жакын курулуп, жыш жайгашкан шаар болчу. Ошондуктан аны коргоо кыйынга турган эмес. Андан сырткары, үйлөрдүн тыгыз жайгашуусу шаардын тургундарына бири-бирине жардам берүүгө жана коргоого мүмкүндүк берген. Бул он эки уруудан турган ысрайыл элинин Жахабага сыйынуу үчүн чогулгандагы рухий биримдигинен кабар берет.

Забур 122:2 — «Кулдардын көздөрү» жөнүндөгү мисалдын мааниси кандай? Кулдар жана күңдөр мырза-мырзайымдарынын колун эки себеп менен карашкан: 1) кожоюндарынын каалоосун орундатууга даяр туруу үчүн; 2) алардын коргоосуна жана жашоо-тиричиликке зарыл нерселерге ээ болуу үчүн. Анын сыңарындай, биз Жахабаны анын эркин таанып-билүү үчүн жана жактыруусуна ээ болуу үчүн карайбыз.

Забур 130:1—3 — Кандайча Дөөт «өзүнүн жанын эмчектен чыккан баладай жоошуткан... [жана] тынчтандырган»? Эмчектен чыккан бала энесинен сооронуч табууга үйрөнгөндөй, Дөөт өзүнүн жанын жоошутууга жана тынчтандырууга үйрөнгөн. Кантип? Ал жүрөгүнүн текеберденишине, көздөрүнүн менменсинишине жол берген эмес жана өзү үчүн улуу болгон иштерге умтулган эмес. Дөөт атак-даңк издеген эмес, тескерисинче, мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин билип, момундук көрсөткөн. Биз да ошондой маанайга ээ болушубуз керек, айрыкча, жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулууда момундук көрсөткөнүбүз маанилүү.

Биз алчу сабактар:

Забур 119:1, 2, 6, 7. Ушак, какшык сөздөр адамга катуу тийип, көңүлүн оорутушу мүмкүн. Ойлонуп сүйлөө менен «тынчтыкты каалаган адам» экенибизди көрсөтөбүз.

Забур 119:3, 4. Кимдир бирөөнүн «амалкөй тилинен» жабыр тартып жатсак, Жахабанын жагдайды өз убагында адилеттүү түрдө чечерин билүүдөн сооронуч алсак болот. Ушакчылар «күчтүүнүн» колунан кыйрайт. Алар «сөксөөлдүн чогу» менен символдоштурулган Жахабанын оттуу сотуна кабылышат.

Забур 126:1, 2. Бардык иштерибизде Жахабанын жетекчилигин издешибиз керек.

Забур 132:1—3. Жахабанын элинин биримдиги — жанга жагымдуу, сергитерлик нерсе. Бул биримдикти бузбаш үчүн, башкалардан кыйкым издөөдөн, чатакташуудан же нааразычылык өрчүтүүдөн качышыбыз керек.

Забур 136:1, 5, 6. Жахабанын туткундагы сыйынуучулары Кудайдын уюмун символдоштурган Сионго карата берилгендик сезимин туюшкан. Бизчи? Жахабанын уюмуна берилгендик өрчүтүп жатабызбы?

Забур 137:2 («Мукаддас»). Жахаба «Өз сөзүн... ысымынан жогору коёт», башкача айтканда, өзүнүн ысмы менен берген бардык убадаларын аткарганда, бул биз күткөндүн баарынан алда канча ашып түшөт. Ооба, бизди зор келечек күтүп турат.

Забур 138:1—6, 15, 16. Жахаба иштерибизди, ойлорубузду, атүгүл айта элек сөздөрүбүздү да билет. Ал бизди түйүлдүк болуп жаралып жатканыбызда, дене мүчөлөрүбүз калыптана электе эле билет. Кудайдын жекече ар бирибизди билгени биз үчүн «таң каларлык». Жахабанын кыйынчылыктарыбызды көрүп эле койбостон, алардын бизге кандай таасир этерин да түшүнөрү бизди кандай гана сооротот!

Забур 138:7—12. Каякка барбайлы, Кудай бизди бардык жерде бекемдей алат; ал үчүн өтө алыс жер жок.

Забур 138:17, 18. Жахабанын билими жаныбызга жагымдуубу? (Накыл сөздөр 2:10). Ошондой болсо, биз кубанычтын соолгус булагына ээбиз. Жахабанын ойлору «кумдан да көп». Биз Аны эч качан таанып бүтпөйбүз.

Забур 138:23, 24. Биз Жахабанын ички дүйнөбүздү текшерип, «коркунучтуу жолго» түшпөшүбүз үчүн туура эмес ойлорубузду, каалоолорубузду, ийкемдүүлүктөрүбүздү жоюуга жардам беришин суранышыбыз керек.

Забур 142:4—7. Катуу кыйынчылыктарга кантип туруштук берүүгө болот? Жоопту забурчунун сөздөрүнөн табабыз: Жахабанын иштери жөнүндө ой жүгүртүү, анын иштери менен алек болуу жана ага жардам сурап тиленүү зарыл.

«Теңирди даңктагыла!»

Забур китебинин төрт бөлүгүнүн ар бири Жахабаны даңктоо сөздөрү менен аяктайт (Забур 40:14; 71:19, 20; 88:53; 105:48). Акыркы бөлүгү да ошентип бүтөт. Забур 150:6да: «Теңирди бардык тирүү жандар макташсын! Теңирди даңктагыла!» — деп айтылат. Кудайдын жаңы дүйнөсүндө бул сөзсүз ишке ашат.

Ошол баталуу заманды күтүүдө бизде чыныгы Кудайды жана анын ысмын даңктап-даңазалоого көп себептер бар. Жахабаны билгендиктен жана аны менен жакшы мамиледе болгондуктан бактылуу экенибизди ойлогондо, бул бизге аны ыраазычылык менен чын жүрөктөн даңктоого түрткү бербейби?

[15-беттеги сүрөт]

Жахабанын керемет иштери кастарлоо сезимин туудурат

[16-беттеги сүрөт]

Жахабанын ойлору «кумдан да көп»