Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Каалооңорду... Кудайга айткыла»

«Каалооңорду... Кудайга айткыла»

«Каалооңорду... Кудайга айткыла»

«Ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла» (Филипиликтерге 4:6).

1. Биз ким менен пикирлешүү сыймыгына ээбиз жана бул эмне үчүн таң калыштуу?

ЭГЕР мамлекет башчысы менен жолугушууну каалап, анын кабыл алуусун өтүнсөң, сага кандай жооп берилмек? Анын администрациясынан сылык жооп угушуң мүмкүн, бирок өзү менен сүйлөшүүгө уруксат аларың шектүү. Ал эми эң улуу Башкаруучу, Ааламдын Эгедери Жахаба Кудай менен иштин жөнү башка. Биз ага бардык жерден, каалаган учурда кайрыла алабыз. Эркине ылайык келген тиленүүлөрдү Ал дайыма угат (Накыл сөздөр 15:29). Бул чынында эле кереметтүү! Буга болгон ыраазычылыгыбыз бизге «тиленүүнү Угуучуга» үзгүлтүксүз кайрылып турууга түрткү бериши керек эмеспи? (Забур 64:3, «ЖД»).

2. Кудай тиленүүлөрүбүздү кабыл алышы үчүн эмне талап кылынат?

2 Бирок айрымдар: «Кудай кандай тиленүүлөрдү угат?» — деп сурашы мүмкүн. Тиленүүлөрүбүз кабыл алынышы үчүн эмне зарыл экени Ыйык Китепте: «Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек»,— деп түшүндүрүлөт (Эврейлерге 11:6). Ооба, мурунку макалада айтылып өткөндөй, Кудайга жакындоодо ишеним маанилүү роль ойнойт. Жахаба ага кайрылгандарды угууга даяр, бирок алардын тиленүүлөрү ишенимге, жакшы иштерге негизделип, чын жүрөктөн жана туура маанай менен айтылышы керек.

3. а) Байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылардын тиленүүлөрүнөн көрүнүп тургандай, эмнелер жөнүндө тиленсек болот? б) Тиленүүнүн кандай түрлөрү бар?

3 Элчи Пабыл ошол убактагы ишенимдештерин: «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла»,— деп үндөгөн (Филипиликтерге 4:6, 7). Ыйык Китепте тынчсыздануулары менен Кудайга кайрылган көп адамдардын үлгүлөрү камтылат. Алардын арасында Анна, Илияс, Хиския жана Даниел бар (1 Шемуел 2:1—10; 1 Падышалар 18:36, 37; 2 Падышалар 19:15—19; Даниел 9:3—21). Биз алардан үлгү алсак болот. Эми кайрадан Пабылдын сөздөрүнө көңүл буруп, тиленүүлөрүбүз ар кандай болушу мүмкүн экенин байкасаңар. Ал ыраазычылык билдирүү, башкача айтканда, Кудайдын жакшылыктары үчүн алкыш айтып тиленүү жөнүндө айткан. Мындай тиленүү өз ичине даңктоону камтышы мүмкүн. Жалынуу болсо момундук менен жалындуу түрдө айтылган суранычты билдирет. Ошондой эле биз Кудайга «каалоолорубузду», тактап айтканда, белгилүү бир нерсеге байланыштуу өтүнүчтөрүбүздү билдирсек болот (Лука 11:2, 3). Асмандагы Атабызга тиленүүнүн кайсы түрү менен кайрылбайлы, ал бизди угууга даяр.

4. Жахаба эмнеге муктаж экенибизди билсе да, эмне үчүн өтүнүчтөрүбүздү ага билдиришибиз керек?

4 Кээ бирөөлөр: «Жахаба биздин эмнеге муктаж экенибизди билбейби?» — деп сурашы мүмкүн. Ооба, билет (Матай 6:8, 32). Анда эмне үчүн өтүнүчтөрүбүздү ага тиленүү аркылуу айтышыбыз керек? Буга байланыштуу бир мисал алып көрөлү: дүкөндүн ээси айрым кардарларына белек сунуш кылат дейли. Бирок аны алыш үчүн алар дүкөнчүгө келип, белекти сурашы керек. Мындай күч-аракет жумшагысы келбегендер сунушту баркка алышпай турганын көрсөтүшмөк. Анын сыңарындай, өтүнүчтөрүбүздү тиленүү аркылуу билдирүүнү каалабаганыбыз Жахабанын бул белегин баалабай турганыбызды айгинелемек. Ыйса: «Сурагыла, аласыңар»,— деген (Жакан 16:24). Ырас, өтүнүчтөрүбүздү Кудайга айтуу менен ага таянарыбызды көрсөтөбүз.

Кудайга кантип кайрылышыбыз керек?

5. Эмне себептен Кудайга Ыйсанын атынан тиленишибиз керек?

5 Жахаба тиленүүгө карата катуу талаптарды койбойт. Ошентсе да биз ага туура жол менен, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй кайрылууга үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал берет»,— деп айткан (Жакан 16:23). Демек, бүт адамзатка Ыйса аркылуу гана бата тиерин түшүнүп, Кудайга анын атынан тиленүүгө тийишпиз.

6. Тиленгенде денебиз кандай абалда болушу керек?

6 Тиленгенде денебиз кандай абалда болушу керек? Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Кудай тиленүүлөрүбүздү угушу үчүн денебиздин белгилүү бир абалда болушу талап кылынбайт (1 Падышалар 8:22; Некемия 8:6; Марк 11:25, «ЖД»; Лука 22:41). Эң негизгиси, чын жүрөктөн жана туура маанай менен тиленишибиз зарыл (Жоел 2:12, 13).

7. а) «Оомийин» деген сөздүн мааниси кандай? б) Аны тиленүүлөрүбүздүн аягында колдонгонубуз эмне үчүн орундуу?

7 Тиленгенде айтылган «оомийин» деген сөздүн мааниси кандай? Ыйык Жазмада көрсөтүлгөндөй, бул сөз тиленүүбүздүн аягында, айрыкча, тиленүү эл алдында айтылганда, ылайыктуу корутунду болуп эсептелет (Забур 71:19; 88:53). «Оомийин» деп которулган эврей сөзүнүн негизги мааниси «туура» дегенди билдирет. Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында түшүндүрүлгөндөй, тиленүүнүн аягындагы «оомийин» деген сөз менен «буга чейин айтылган сөздөр бышыкталып, алардын аткарылышына тилектештик билдирилет». Демек, тиленген адам чын дилден «оомийин» деп, жаңы эле айткан сөздөрүн ынтызарлык менен жыйынтыктайт. Кудайдын кызматчысы жыйналыштын атынан кайрылып, тиленүүсүн ошол сөз менен аяктаганда, угуп тургандар ичинен же үн чыгара «оомийин» деп, тиленүүдө айтылгандарга кошуларын көрсөтүшөт (1 Корунттуктарга 14:16).

8. Кандайча кээде тиленүүлөрүбүз Жакып менен Ыбрайымдын тиленүүлөрүнө окшош болушу мүмкүн жана бул эмнени көрсөтөт?

8 Кээде Кудай тиленип жаткан нерселерибизге канчалык кызыкдар экенибизди көрсөтүшүбүзгө жол бериши мүмкүн. Балким, бизге бата алмайын периште менен түнү бою күрөшкөн Жакыптай болууга туура келет (Башталыш 32:24—26). Же болбосо, Лот үчүн жана Содомдон чыгышы мүмкүн болгон башка дагы адил адамдар үчүн Жахабага кайра-кайра жалбарган Ыбрайымдай болуу зарыл (Башталыш 18:22—33). Ошондой учурларда биз да Жахабага адилеттигинин, мээримдүү боорукердигинин жана ырайымынын негизинде кайрылып, тилеген нерселерибиз жөнүндө жалынып-жалбарсак болот.

Эмнелер тууралуу тиленсек болот?

9. Биринчи кезекте эмне тууралуу тиленишибиз керек?

9 Пабылдын: «Ар дайым... каалооңорду [«бардык өтүнүчтөрүңөрдү», «ЖД»] ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла»,— деген сөздөрүн эстесеңер (Филипиликтерге 4:6). Демек, жеке тиленүүлөрүбүздө жашообузда болуп жаткан бардык нерселер жөнүндө айтсак болот. Бирок биринчи кезекте Жахабанын кызыкчылыктары тууралуу тиленишибиз керек. Бул жагынан Даниел жакшы үлгү көрсөткөн. Ысрайыл эли күнөөлөрү үчүн жазаланып жатканда, Даниел Жахабага ырайым көрсөтүүсүн өтүнүп: «Кудайым, Өзүң үчүн создуктурба, анткени Сенин шаарың да, Сенин элиң да Өзүңдүн ысымың менен аталган»,— деген (Даниел 9:15—19). Биздин да тиленүүлөрүбүздөн Жахабанын ысмынын ыйыкталышы жана анын эркинин аткарылышы биз үчүн эң маанилүү нерсе экени көрүнүп турабы?

10. Жеке маселелерибиз жөнүндө тиленүү орундуу экенин кайдан билебиз?

10 Ошентсе да өзүбүз жөнүндө да тиленгенибиз орундуу. Мисалы, забурчуга окшоп, рухий терең ойлорду түшүнүүгө жардам сурап тиленсек болот. Ал: «Мени акылга келтир, ошондо мен Сенин мыйзамыңды сактайм, аны бүт жүрөгүм менен аткарам»,— деп тиленген (Забур 118:33, 34; Колосалыктарга 1:9, 10). Ал эми Ыйса «өлүмдөн алып кала алчу Кудайга... сыйынып», катуу жалынып-жалбарган (Эврейлерге 5:7). Муну менен ал коркунучка кабылганда же сыноого дуушар болгондо Кудайдан күч суроо орундуу экенин көрсөткөн. Андан тышкары, Ыйса шакирттерин башкалардын каталарын кечирүү, күнүмдүк жашоого нан табуу сыяктуу жеке маселелер жөнүндө тиленүүгө үйрөткөн.

11. Тиленүү азгырыктарга алдырбоого кандай жардам берет?

11 Ыйса үлгүлүү тиленүүсүнө: «Бизди азгырууга дуушар кылба; бирок каардуу душмандан бизди куткар»,— деген өтүнүчтү камтыган (Матай 6:9—13, «Мукаддас»). Кийинчерээк ал: «Азгырылып кетпеш үчүн, сергек болгула жана сыйынгыла»,— деп кеңеш берген (Матай 26:41). Азгырыктарга дуушар болгондо тиленүү өтө маанилүү. Биз иштеген же окуган жерибизде ыйык китептик принциптерди бузууга азгырылышыбыз мүмкүн. Күбө эмес адамдар бизди шектүү иштерге катыштырууга аракеттениши ыктымал. Алар бизден Кудайдын адил принциптерине карама-каршы келген нерселерди кылууну суранышы мүмкүн. Андай учурларда Ыйсанын кеңешин колдонуп, азгырыкка кабыларда да, кабылганда да Кудайдан азгырылып кетпөөгө жардам сураганыбыз абзел.

12. Жахабага кандай кыйынчылыктардан улам тиленишибиз мүмкүн жана ал тиленүүлөрүбүздү кандай кабыл алат?

12 Бүгүн Кудайдын кызматчылары ар кандай турмуш түйшүктөрүнө, оор жагдайларга туш болушат. Көптөр оорудан, эмоциялык стресстен кыйналып жатышат. Дүйнөдөгү зордук-зомбулуктардын кесепетинен жашоо оордоп, экономикалык кыйынчылыктардан улам каражат табуу кыйынга турууда. Жахабанын кызматчылары ушул нерселер жөнүндө тиленгенде, анын аларды угары шексиз. Бул бизди кандай гана жубатат! Забур 101:18де Жахаба тууралуу: «Ал алсыздардын сыйынуусуна назарын салат, алардын жалынуусун жек көрбөйт»,— деп айтылат.

13. а) Кудайга кандай жеке маселелерибиз тууралуу тиленсек болот? б) Буга мисал келтиргиле.

13 Негизи, кызматыбызга же Жахаба менен болгон мамилебизге тиешеси бар бардык маселелер жөнүндө тиленсек болот (1 Жакан 5:14). Үйбүлө курууга, жумушка орношууга же кызматыбызды кеңейтүүгө байланыштуу чечим чыгарарда Кудайга эркин кайрылып, андан жетекчилик сурай алабыз. Мисалы, Филиппинде бир Күбө-кыз толук убакытта кызмат кылууну каалап жүргөн. Бирок өзүн камсыз кылууга жумушу жок болчу. Ал мындай дейт: «Бир жолу ишемби күнү Жахабага пионер болгум келерин айтып, ачык-даана тилендим. Ошол эле күнү кабар айтып жүрүп бир өспүрүм кызга китеп сунуш кылганымда, ал күтүлбөгөн жерден: „Дүйшөмбү күнү эртең менен мен окуган мектепке барышыңыз керек“,— деди. Себебин сураганда, ал мектепте бош жумуш орду бар экенин жана мүмкүн болушунча тез барышым керектигин айтты. Мени мектепке келер замат жумушка алышты. Мунун баары көз ачып-жумганча болуп өттү». Мындай окуялар дүйнө жүзү боюнча Жахабанын көп Күбөлөрүнүн башынан өткөн. Ошондуктан чын ыкластуу өтүнүчтөрүңөрдү Кудайга айтуудан тартынбагыла!

Күнөө кылганда тиленүү маанилүү

14, 15. а) Эмне үчүн адам күнөө кылганда тиленбей койбошу керек? б) Рухий жактан айыгууга тиленүүдөн башка дагы эмне жардам берет?

14 Тиленүү күнөө кылган адамга кандай жардам берет? Кээ бирөөлөр күнөөсү үчүн уялып, тиленбей коюшат. Бирок бул туура эмес. Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү: учкучтар учуп баратып адашып калышса, жердеги авиадиспетчерлер менен байланышып жардам ала алышарын билишет. А эгер учкуч адашып калганын айтуудан уялып, диспетчерлер менен байланышпай койсочу? Бул кырсыкка алып келиши мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, күнөө кылган адам Кудайга тиленбей жүрө берсе, өзүнө андан ары да зыян келтириши ыктымал. Күнөөбүз үчүн уялып Жахаба менен сүйлөшпөй койбошубуз керек. Кудай олуттуу күнөө кылгандарды Ага тиленүү менен кайрылууга чакырат. Ышайа пайгамбар өзүнүн убагындагы күнөөкөрлөрдү Жахабаны чакырууга үндөгөн, анткени «Ал өтө ырайымдуу» (Ышайа 55:6, 7). Жахабанын ырайымына ээ болуш үчүн, адам жүрөгүнүн абалын өзгөртүүгө, туура эмес жолдон бурулууга жана чын жүрөктөн өкүнүүгө тийиш (Забур 118:58; Даниел 9:13).

15 Күнөө кылганда Кудайга тиленүү дагы бир себептен маанилүү. Шакирт Жакып рухий жардамга муктаж болгон адам жөнүндө: «Ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар... ал үчүн сыйынышсын... [Ошондо] Теңир аны бутуна тургузат»,— дейт (Жакып 5:14, 15). Ооба, адам Жахабанын алдында күнөөсүн мойнуна алып тиленүүгө тийиш, ошондой эле аксакалдардан ал үчүн тиленишин суранса болот. Бул ага рухий жактан айыгууга жардам берет.

Жахаба тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет?

16, 17. а) Жахаба тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет? б) Тиленүү менен кабар айтуу ишинин ортосунда тыгыз байланыш бар экенин кайсы окуялар көрсөтүп турат?

16 Кудай тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет? Кээ бир тиленүүлөрүбүзгө тез, айкын жооп алышыбыз мүмкүн (2 Падышалар 20:1—6). Ал эми башка учурларда күтүүгө туура келиши ыктымал жана жооп алган-албаганыбызды түшүнүү оңойго турбашы мүмкүн. Ыйсанын сотко кайра-кайра келген жесир аял жөнүндөгү мисалында көрсөтүлгөндөй, кээде Жахабага кайра-кайра тиленүү зарыл (Лука 18:1—8). Албетте, Кудайдын эркине ылайык тиленгенде, ал бизге: «Менин тынчымды албачы»,— деп эч качан айтпайт (Лука 11:5—9).

17 Жахабанын кызматчылары тиленүүлөрүнө жооп берилгенине далай жолу ынанышкан. Муну кабар айтуу кызматында болгон көптөгөн окуялар тастыктап турат. Мисалы, Филиппинде эки биртууган алыскы аймакта ыйык китептик адабият таратып жүрүп, бир аялга баракча беришкенде, анын көзүнө жаш тегерене түшкөн. Ал: «Кечээ кечинде эле Кудайга тиленип, Ыйык Китепти түшүнүү үчүн мага кимдир бирөөнү жиберишин суранган элем. Силердин келгениңер тиленүүмө жооп болду деп ойлойм»,— деген. Көп өтпөй ал аял Падышалык залындагы жолугушууларга катыша баштаган. Түштүк-Чыгыш Азиянын дагы бир өлкөсүндө бир Күбө катуу кайтарылган көп кабаттуу үйдө кабар айтууну ойлоп тынчсызданып жүргөн. Бир күнү ал Жахабага тиленип, кайраттанган да, ошол үйгө барган. Бир эшикти тыкылдатканда, квартирадан бир кыз чыккан. Биртууган эмне үчүн келгенин түшүндүргөндө, кыз ыйлап жиберген. Ал Жахабанын Күбөлөрүн издеп таппай, Кудайга тиленип жардам сураганын айткан. Биртууган ага Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы менен байланышууга жардам берген.

18. а) Тиленүүлөрүбүзгө жооп алганда, эмне кылууну унутпашыбыз керек? б) Ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып тиленсек, эмнеге ынанабыз?

18 Чынында эле, тиленүү — бул Кудайдын кереметтүү белектеринин бири. Жахаба бизди угууга жана жооп берүүгө даяр (Ышайа 30:18, 19). Бирок биз анын тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берип жатканын баамдай билишибиз зарыл. Ал дайыма эле биз ойлогондой жооп бере бербеши мүмкүн. Ошентсе да анын жетекчилигин көргөндө ага ыраазычылык, даңк айтууну эч качан унутпашыбыз керек (1 Тесалоникалыктарга 5:18). Андан тышкары, элчи Пабылдын: «Ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла»,— деген сөздөрүн дайыма эсибизде сактайлы. Келгиле, Кудайга ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кайрылалы. Ошондо Пабылдын: «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт»,— деп айткан сөздөрүнүн калетсиздигине мындан ары да ынана беребиз (Филипиликтерге 4:6, 7).

Жооп бере аласыңарбы?

• Тиленүүнүн кандай түрлөрү бар?

• Кудайга кантип тиленсек болот?

• Эмнелер тууралуу тиленсек болот?

• Күнөө кылганда тиленүү канчалык маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Кудайга чын жүрөктөн тиленүү азгырыктарга алдырбоого жардам берет

[31-беттеги сүрөт]

Тиленүү аркылуу Кудайга ыраазычылыгыбызды, тынчсызданууларыбызды, өтүнүчтөрүбүздү билдиребиз