Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын эрки «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылат

Кудайдын эрки «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылат

Кудайдын эрки «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылат

«Католик ишенимине төрт „акыркы нерсе“ мүнөздүү. Алар — Өлүм, Сот, Тозок жана Асман» («Catholicism», Жорж Брантл).

АТАЛЫП өткөн бул «акыркы нерселердин» арасында «жер» деген сөздүн жоктугуна көңүл бурсаңар. Бул таң калыштуу деле эмес, анткени католик чиркөөсү, көптөгөн башка диндердей эле, жердин бир күнү кыйратылып жок болоруна ишенет. «Католиктик теология сөздүгүнүн» дүйнөнүн акыры жөнүндөгү макаласында мындай делет: «Католик чиркөөсү азыркы дүйнөнүн Кудай жараткан калыбында жана бүгүнкү абалында түбөлүк турбаарына окутат» («Dictionnaire de Théologie Catholique»). Жакында чыккан католик катехизисинде да ушундай ой айтылат: «Биздин дүйнөгө... жок болуу өкүмү чыгарылган». Бирок Жер планетасы кыйратыла турган болсо, анда эмне үчүн Ыйык Китепте жер үстүндө бейиш болору убадаланат?

Ыйык Китепте келечекте жер жүзү бейишке айланары айкын көрсөтүлөт. Мисалы, Ышайа пайгамбар жерге жана анын тургундарына кандай баталар тиерин мындайча сүрөттөгөн: «Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар башка бирөө жашаш үчүн үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт, анткени Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот. Мен тандап алган адамдар өз эмгегинин үзүрүн көпкө чейин көрүшөт» (Ышайа 65:21, 22). Кудайдан ушундай убадаларды алган жүйүттөр өздөрүнүн жери эле эмес, акырында бүт жер жүзү бир күнү бейишке айланып, адамзат түбөлүк баталарды аларына ишенишкен.

Бул үмүт 36-забурда ырасталат. «Момундар жерди мураска алышат» (Забур 36:11). Бул аятта Ысрайылдын Убадаланган жерде убактылуу калыбына келери жөнүндө эле айтылган эмес. Ушул эле забурда: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— делет (Забур 36:29). Жер үстүндөгү түбөлүк өмүр «момундарга» сыйлык катары берилерин байкасаңар. Ыйык Китептин бир котормосундагы ошол аятка берилген түшүндүрмөгө ылайык, «момундар» деген сөз «котормолордо кездешкен мааниден кыйла кеңири мааниге ээ; ал бей-бечараларды, Яхве үчүн кыйналгандарды жана куугунтукталгандарды, Кудайга баш ийген момун жүрөктөрдү билдирет».

Жердеби же асмандабы?

Ыйса Тоодогу насаатында жогорудагы аяттарды эске салган төмөнкүдөй убада берген: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат» (Матай 5:5). Бул аятта да ишенимдүү адамдардын жерди түбөлүк мураска алышары көрсөтүлөт. Ошол эле учурда Ыйса элчилерине «Атасынын үйүндө» аларга орун даярдай турганын жана аны менен бирге асманда болушарын айткан (Жакан 14:1, 2; Лука 12:32; 1 Петир 1:3, 4). Анда жерге байланыштуу убадаларды кандай түшүнүшүбүз керек? Алардын аткарыларына ишенүүгө негиз барбы жана ал убадалар кимдерге карата айтылган?

Ыйык Китепти иликтеген ар кайсы окумуштуулар Ыйсанын Тоодогу насаатындагы жана 36-забурдагы «жер» деген сөз тек гана каймана мааниде айтылганын ырасташат. Бир эмгекке берген түшүндүрмөлөрүндө Ф. Вигуру ал аяттарда «асмандын жана Чиркөөнүн образы» жөнүндө сөз жүрүүдө деп эсептейт («Bible de Glaire»). Франциялык окумуштуу М. Лагранждын ою боюнча, жерге байланыштуу убада «момундар мурастап, азыркы түзүлүштүн же келечектеги жеткилең дүйнөнүн тушунда жашай турган жерди эмес, асман падышалыгы болуп саналган жайды (ал кайда гана болбосун) билдирет». Дагы бир изилдөөчү бул тууралуу: «Жердеги баалуулуктар каймана мааниде асманга карата айтылган»,— дейт. Башкаларынын айтымында, «убадаланган Канаан жери рухий мааниде сүрөттөлүп, момундар ээлик кыла турган жогорудагы мекенди, Кудайдын падышалыгын, билдирет. 36-забурдагы жана башка жерлердеги көркөм образдын да мааниси ошондой». Бирок Кудайдын убадаларынан жер жөнүндөгү ойду таптакыр эле алып таштаганыбыз туурабы?

Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниети өзгөрүлгүс

Эң башында Кудайдын адамзатка карата болгон ой-ниети Жер менен түздөн-түз байланыштуу болгон. Забурчу: «Асман — Теңирдин асманы, ал эми жерди Ал адам баласына берген»,— деп жазган (Забур 113:24). Демек, Кудайдын алгачкы ой-ниети боюнча, адамдар асманда эмес, жерде жашоого жаратылган. Жахаба биринчи жубайларга Эйден багын бүт жер жүзүнө жайылтууну тапшырган (Башталыш 1:28). Анын ой-ниети убактылуу эмес болчу. Жахаба өзүнүн Сөзүндө жердин түбөлүк турарын бышыктап: «Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет»,— дейт (Насаатчы 1:4; 1 Жылнаама 16:30; Ышайа 45:18).

Кудай Эң Жогорку болгондуктан, анын ой-ниеттери аткарылбай калбайт жана алардын орундалышына Ал өзү кам көрөт. Ыйык Китепте жаратылыштагы суунун айлануу процесси мисал катары келтирилип, Кудайдын убадалары өзгөрүлгүс экени мындайча түшүндүрүлөт: «Жамгыр менен кар асмандан түшөт, асманга кайтпайт, жерди сугарат, аны өндүргөнгө жана өстүргөнгө жөндөмдүү кылат... Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат» (Ышайа 55:10, 11). Кудай убадаларын адамдарга берет. Ал убадалар аткарылганга чейин белгилүү бир убакыт өтүшү мүмкүн, бирок алар ишке ашпай калбайт. Кудай айткандын баары сөзсүз аткарылат.

Жерди адам баласы үчүн жаратканына Жахабанын купулу толуп, алтынчы жаратуу күнүнүн аягында ал бардыгын «абдан жакшы» деп тапкан (Башталыш 1:31). Кудайдын жер жүзүн түбөлүккө бейишке айлантуу жөнүндөгү ой-ниети азырынча ишке аша элек. Бирок Анын убадалары ага аткарылбай «бекер кайрылып келбейт». Келечекте адамдар жер үстүндө жеткилеңдикте, бейпилдикте жана коопсуздукта түбөлүк өмүр сүрүшөт (Забур 134:6; Ышайа 46:10).

Кудайдын ой-ниети сөзсүз орундалат

Түпкү ата-энебиз Адам менен Обонун күнөөсү Кудайдын жер бетин бейишке айлантууга байланышкан алгачкы ой-ниетин убактылуу бузган. Тил албастык көрсөткөндөн кийин алар бейиш багынан куулуп чыгарылган. Ошентип, биринчи жубайлар Жахабанын ой-максатынын аткарылышына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан. Бирок жеткилең адамдардын жер үстүндөгү бейиште жашашын каалаган Кудай ой-ниетинин ишке ашышына кам көрүп койгон. Кантип? (Башталыш 3:17—19, 23).

Эйден багында болгон окуяны жакшы жерге үй кура баштаган адамдын жагдайына салыштырууга болот. Үйдүн пайдубалы жаңы эле тургузулганда, кимдир бирөө келип, аны бузуп салат. Буга карабастан үй курууга киришкен адам ишти таштап салбай, анын курулуп бүтүшүнө чара көрөт. Ага кошумча иштөөгө жана чыгым болууга туура келсе да, баштаган ишин аягына чыгарары шексиз.

Анын сыңарындай, Кудай ой-ниетин ишке ашыруу үчүн тийиштүү чараларды көргөн. Түпкү ата-энебиз күнөө кетиргенден көп өтпөй, Жахаба келтирилген зыянды жокко чыгара турган «тукумдун» келерин убадалап, алардын урпактарына үмүт берген. Бул пайгамбарлыктын аткарылышында тукумдун негизги бөлүгү Кудайдын Уулу Ыйса болгон. Ал жерге келип, адамзатты куткаруу үчүн өз өмүрүн курмандыкка берген (Галатиялыктарга 3:16; Матай 20:28). Тирилген Ыйса асманда Падышалыктын Падышасы болуп дайындалган. Ал — Падышалыкта кошо башкаруу үчүн асманга тирилтилген ишенимдүү адамдар менен бирге жерди мураска ала турган момундардын биринчиси (Забур 2:6—9). Убагы келгенде бул өкмөт бүт жер жүзүнө бийлик жүргүзүү менен Кудайдын алгачкы ой-ниетин ишке ашырып, жерди бейишке айлантат. Миллиондогон момун адамдар «жерди мурасташат», башкача айтканда, Ыйса Машайак менен кошо башкаруучулардын Падышалыктагы бийлик жүргүзүүсүнөн пайда алышат (Башталыш 3:15; Даниел 2:44; Элчилер 2:32, 33; Аян 20:5, 6).

«Асмандагыдай эле, жерде да»

Элчи Жаканга берилген көрүнүштө айтылгандай, Ыйсанын курмандыгынын негизинде адамдар асманда жана жерде жашоого үмүттөнө алышат. Жакан Ыйсанын ишенимдүү шакирттеринин арасынан тандалып алынган падышалардын асман тактыларында отурганын көргөн. Ыйык Китепте Машайактын бул шериктеринин «жер үстүнөн падышалык кылары» айтылат (Аян 5:9, 10, «ЖД»). Кудайдын ой-ниетинин аткарылышы менен эки нерсе ишке ашарына — Ыйса Машайак менен анын мурасташтары түзгөн асман Падышалыгынын бийлик жүргүзөрүнө жана ошол өкмөттүн башкаруусу астында жердин калыбына келерине — көңүл бурсаңар. Кудайдын бул чараларынын аркасында, Анын алгачкы ой-ниетине ылайык, жер жүзү Бейишке айланат.

Ыйса шакирттерин Кудайдын эркинин «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылышы жөнүндө тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Эгер жер кыйратыла турган болсо же тек гана асмандын символу катары эсептелсе, же болбосо, адил адамдардын баары асманга кете турган болсо, анда Ыйса Кудайдын эркинин жерде аткарылышы тууралуу тиленүүгө үндөйт беле? Кудайдын жерге байланыштуу эрки Ыйык Жазмада — жаратуу жөнүндөгү билдирүүдөн Аян китебиндеги көрүнүштөргө чейин — ташка тамга баскандай көрсөтүлөт. Кудайдын ой-ниети боюнча, жер бейишке айланышы керек. Муну Кудай сөзсүз ишке ашырарын убадалайт. Бул жөнүндө анын жердеги ишенимдүү кызматчылары дайыма тиленишет.

Эч качан өзгөрбөй турган Жараткан Кудай эң башында адамдардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшүн каалаган (Малахия 3:6; Жакан 17:3; Жакып 1:17). Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына байланышкан жогорудагы эки нерсе «Күзөт мунарасында» жүз жылдан ашуун убакыттан бери түшүндүрүлүп келет. Бул бизге жердин калыбына келери тууралуу ыйык китептик убадаларды түшүнүүгө жардам берет. Биз силерди Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылып же бул журналды басып чыгаруучулар менен байланышып, ал убадалар жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырабыз.

[4-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепке ылайык, келечекте жер бети Бейишке айланат

[5-беттеги сүрөт]

Жер кыйратыла турган болсо, Ыйса Кудайдын эркинин жерде аткарылышы тууралуу тиленүүгө үндөйт беле?