Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүнү угуучуга кантип жакындай алабыз?

Тиленүүнү угуучуга кантип жакындай алабыз?

Тиленүүнү угуучуга кантип жакындай алабыз?

«Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт» (Забур 64:3).

1. Адамдар жердеги башка тирүү жандардан эмнеси менен айырмаланат жана биздин кандай мүмкүнчүлүгүбүз бар?

ЖЕРДЕГИ миңдеген тирүү жандардын ичинен адамдар гана Жаратканга сыйынуу жөндөмүнө ээ. Бир гана биз, адамдар, рухий муктаждыгыбызды сезип, аны канааттандырууга умтулабыз. Мунун аркасында асмандагы Атабыз менен өз ара мамиледе болууга эң сонун мүмкүнчүлүгүбүз бар.

2. Күнөө адамдардын өз Жаратканы менен болгон мамилесине кандай терс таасир тийгизген?

2 Кудай адамдарга өз Жаратканына кайрылуу жөндөмүн берген. Ал Адам менен Обону күнөөсү жок жараткан. Ошондуктан алар Кудайга, баласы атасына кайрылгандай, эркин кайрыла алышкан. Бирок күнөөнүн айынан андай зор мүмкүнчүлүктөн айрылып калышкан. Адам менен Обо Кудайдын тилин албай, аны менен болгон тыгыз мамилесин жоготуп алышкан (Башталыш 3:8—13, 17—24). Бул алардын жеткилеңсиз урпактарынын Кудай менен пикирлеше албай турганын билдиреби? Жок, Жахаба белгилүү бир талаптарга жооп берген адамдарга Өзүнө жакындоого мүмкүнчүлүк берет. Ал эмне болгон талаптар?

Кудайга жакындоо үчүн талаптар

3. Күнөөкөр адамдар Кудайга кантип жакындай алышат жана муну кайсы мисал бышыктап турат?

3 Адам менен Обонун эки уулу менен болгон окуя Кудайдын Ага жакындоону каалаган жеткилеңсиз адамдардан эмнелерди талап кыларын түшүнүүгө жардам берет. Кабыл менен Абыл Кудайга курмандык алып келүү менен ага жакындоого аракеттенишкен. Абылдын курмандыгы кабыл алынып, Кабылдыкы кабыл алынган эмес (Башталыш 4:3—5). Эмне үчүн? Эврейлерге 11:4тө: «Ишеним менен Абыл Кудайга Кабылдыкынан жакшы курмандык алып келген. Ишеними аркылуу анын адил деп табылгандыгы жөнүндө... Кудай күбөлөндүргөн»,— деп айтылат. Демек, Кудайга жакындоо үчүн ишеним талап кылынат. Дагы бир талапты Жахабанын Кабылга айткан сөздөрүнөн көрүүгө болот. Кудай ага: «Эгерде жакшы иш кылсаң, анда башыңды жерге салбайт элең да»,— деген. Ооба, Кабыл жакшы иш кылса, анын курмандыгы кабыл алынмак. Бирок ал Кудайдын кеңешин четке кагып, Абылды өлтүрүп салган жана өмүрүнүн акырына чейин «куулуп, тентип жүргөн» (Башталыш 4:7—12). Ошентип, Кудайга жакындоо үчүн ишенимге ээ болуу жана жакшы иштерди кылуу маанилүү экени ошондо эле баса көрсөтүлгөн.

4. Кудайга жакындоо үчүн эмнени аңдай билишибиз керек?

4 Кудайга жакындоону кааласак, күнөөкөр экенибизди аңдай билишибиз маанилүү. Адамдардын баары күнөөкөр, ал эми күнөө Кудайга жакындоого тоскоол болуп саналат. Жеремия пайгамбар ысрайыл элинин атынан: «Биз күнөө кетирип, өжөрлөндүк... Биздин сыйынуубуз Сага жетпеш үчүн, Сен Өзүңдү булут менен жаап алдың»,— деп айткан (Жеремиянын ыйы 3:42, 44). Адамдардын күнөөкөрлүгүнө карабай, илгертен бери Кудай анын осуяттарын сактап, ага ишеним жана туура маанай менен кайрылгандардын тиленүүлөрүн угуп, кабыл алып келген (Забур 118:145). Ал адамдардын айрымдары кимдер жана алардын тиленүүлөрүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

5, 6. Ыбрайымдын Кудайга кайрылуусунан эмнеге үйрөнсөк болот?

5 Андай адамдардын бири — Ыбрайым. Кудай анын сыйынуусун кабыл алган, анткени Ал Ыбрайымды «Менин досум» деп атаган (Ышайа 41:8). Ыбрайымдын Кудайга кайрылуусунан эмнеге үйрөнө алабыз? Бул ишенимдүү уруу аксакалы Жахабадан мураскор жөнүндө сурап: «Мага Сен эмне бересиң? Мен баласыз өтүп бара жатам»,— деп айткан (Башталыш 15:2, 3; 17:18). Башка учурда Ыбрайым Содом менен Амордогу ыймансыздар жазаланганда кимдер куткарыларын ойлоп, Кудайга тынчсыздануусун билдирген (Башталыш 18:23—33). Ошондой эле ал башкалар үчүн тиленген (Башталыш 20:7, 17). Андан тышкары, Ыбрайым кээде, Абылга окшоп, Кудайга курмандык чалуу менен кайрылган (Башталыш 22:9—14).

6 Ушул учурлардын баарында Ыбрайым Жахаба менен эркин сүйлөшө алган. Ошол эле убакта ал Жараткандын алдындагы абалына карата туура көзкарашта болгон. Байкасаңар, Башталыш 18:27де ал Жахабага: «Мен топурак жана күл болсом да, Эгедериме сүйлөгөнгө батындым»,— деп момундук менен кайрылган. Биз үчүн бул кандай сонун үлгү!

7. Уруу аксакалдары Жахабага эмнелер тууралуу тиленишкен?

7 Уруу аксакалдары ар кандай нерселер тууралуу тиленишкен жана Жахаба алардын кайрылуусун кабыл алган. Жакыптын тиленүүсү ант түрүндө айтылган. Ал Кудайдан колдоосун сурагандан кийин: «Мен Сага Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн берем»,— деп убада кылган (Башталыш 28:20—22). Кийинчерээк биртууганы менен жолугушар алдында Жакып Жахабага жалынып-жалбарып: «Мени бир тууганым Эйсаптын колунан куткар, анткени мен андан корком»,— деп коргоосун өтүнгөн (Башталыш 32:9—12). Ал эми Аюб Жахабага үйбүлөсү үчүн курмандык чалуу менен кайрылган. Ошондой эле үч досу сүйлөгөн сөздөрү менен күнөөгө батканда, Аюб алар үчүн тиленген жана «Теңир Аюбду кабыл алган» (Аюб 1:5; 42:7—9). Бул билдирүүлөр бизге Жахабага эмнелер жөнүндө тиленсек болорун баамдоого жардам берет. Ошондой эле биз алардан Жахабанын ага тийиштүү түрдө кайрылгандардын тиленүүлөрүн кабыл алууга даяр экенин көрө алабыз.

Мыйзам келишиминин тушунда

8. Мыйзам келишимине ылайык, ысрайыл элинин маселелери Жахабага кантип билдирилчү?

8 Жахаба ысрайыл элин Мисирден куткаргандан кийин аларга Мыйзам келишимин берген. Анда караштырылган чараларга ылайык, ысрайылдыктар Кудайга ыйык кызмат кылуучулар аркылуу кайрылышкан. Кээ бир лебилер ыйык кызмат кылуучулардын ролун аткарууга дайындалып, элге кызмат кылышкан. Бүтүндөй элге тиешелүү маселелер көтөрүлгөндө, элдин бир өкүлү (кээде падыша же пайгамбар) Кудайга тиленүү менен кайрылчу (1 Шемуел 8:21, 22; 14:36—41; Жеремия 42:1—3). Мисалы, Сулайман падыша ийбадаткананы арноо аземинде Жахабага чын жүрөктөн тиленген. Жахаба Сулаймандын тиленүүсүн кабыл алганын билдирип, ийбадаткананы Өзүнүн даңкына толтурган да: «Ушул жерде сыйынган сыйынууларга кулак салам»,— деп айткан (2 Жылнаама 6:12—7:3, 15).

9. Жахабага ыйык жайда кайрылуу үчүн эмне талап кылынган?

9 Жахабанын ысрайыл элине берген Мыйзамында Ага ыйык жайда кайрылуу үчүн эмне талап кылынары айтылган. Башкы ыйык кызмат кылуучу курмандыкка мал чалгандан тышкары, күнүгө эртең менен да, кечинде да Жахабанын алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп турууга тийиш болгон. Кийинчерээк бул кызматты Күнөөдөн арылуу күнүнөн башка учурларда ыйык кызмат кылуучулар да аткарышкан. Эгер ыйык кызмат кылуучулар Жахабага ошентип сый көрсөтүшпөсө, Ал алардын кызматын кабыл алмак эмес (Чыгуу 30:7, 8; 2 Жылнаама 13:11).

10, 11. Жахабанын жеке адамдардын тиленүүлөрүн кабыл алары эмнеден көрүнүп турат?

10 Ысрайылдыктар Кудайга дайындалган өкүлдөрү аркылуу гана кайрылышканбы? Жок. Ыйык Жазмада көрсөтүлгөндөй, Жахаба жеке адамдардын да тиленүүлөрүн уккан. Ийбадаткананы арноо аземинде Сулайман Жахабага тиленип жатып: «Бир кишинин же бүткүл Ысрайыл элинин... бул ийбадаткана жакка колдорун сунуп сыйынган ар бир сыйынуусун, ар бир өтүнүчүн асмандан — Өзүң турган жерден ук»,— деп суранган (2 Жылнаама 6:29, 30). Луканын Инжилинде айтылгандай, Чөмүлдүрүүчү Жакандын атасы Захария ыйык жайда жыпар жыттуу зат түтөтүп жатканда, Жахабанын ыйык кызмат кылуучу болбогон көп сыйынуучулары сыртта тиленип турушкан. Алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайда Кудайга жыпар жыттуу зат түтөтүлүп жатканда, ыйык жайдын сыртында тиленүү, сыягы, алар үчүн адатка айланып калган (Лука 1:8—10).

11 Демек, Жахаба ага тийиштүү түрдө жалпы элдин атынан же өз алдынча кайрылган адамдардын тиленүүлөрүн кабыл алууга даяр болгон. Бүгүн биз Мыйзам келишимин сактап жашоого милдеттүү эмеспиз. Ошентсе да байыркы ысрайылдыктардын Кудайга кайрылуусунан тиленүүгө байланыштуу өзүбүзгө маанилүү сабактарды алсак болот.

Мыйзам келишими жоюлгандан кийин

12. Жахабага кайрылууга Ыйсанын жолдоочулары үчүн кандай чара караштырылган?

12 Ыйсанын жолдоочулары катары биз Мыйзам келишимин сактап жашабайбыз. Азыр түзмө-түз ийбадаткана да, Кудайга бүтүндөй элдин атынан кайрылган ыйык кызмат кылуучулар да жок. Андан тышкары, Кудайга тиленгенде жүзүбүздү кайсы бир имаратка буруу зарыл эмес. Бирок Жахаба биздин да ага кайрыла алышыбызга шарт түзүп, бул үчүн чара караштырып койгон. Кандай чара? Б.з. 29-жылы Ыйса ыйык рух менен майланып, Башкы ыйык кызмат кылуучу болуп дайындалганда, рухий ийбадаткана аракетке келтирилген *. Бул рухий ийбадаткана — Жахабага Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгынын негизинде кайрылуу үчүн караштырылган жаңы чара (Эврейлерге 9:11, 12).

13. Иерусалимдеги ийбадаткана менен рухий ийбадаткананын ортосунда тиленүүгө байланыштуу кандай окшоштук бар?

13 Иерусалимдеги ийбадатканага байланыштуу көптөгөн өзгөчөлүктөр рухий ийбадаткана аркылуу караштырылган чараларды, анын ичинде тиленүүгө байланышы бар чараларды символдоштурат (Эврейлерге 9:1—10). Мисалы, ийбадаткананын ыйык жайындагы курмандык чалынуучу жайда эртең менен да, кечинде да түтөтүлүп турган жыпар жыттуу зат эмнени билдирет? Аян китебинде көрсөтүлгөндөй, «жыпар жыттуу зат — ыйыктардын сыйынуусу» (Аян 5:8; 8:3, 4). Кудайдын шыктандыруусу менен Дөөт: «Менин сыйынуум Сенин алдыңда фимиамдай болсун»,— деп жазган (Забур 140:2). Ошондуктан азыр жыпар жыттуу зат (фимиам) Жахабага жагымдуу тиленүүлөрдү жана ага айтылган даңкты билдирет (1 Тесалоникалыктарга 3:10).

14, 15. а) Ыйсанын майланган жолдоочуларынын Жахабага кайрылуусу жөнүндө эмне айтууга болот? б) «Башка койлордун» Жахабага кайрылуусу жөнүндө эмне айтууга болот?

14 Бул рухий ийбадатканада Кудайга кимдер кайрыла алышат? Байыркы убактагы ийбадатканада ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер ички короодо кызмат кылуу сыймыгына ээ болушкан, бирок ыйык жайга ыйык кызмат кылуучулар гана кире алышкан. Ички короо менен ыйык жай Ыйсанын асманда жашоого үмүттөнгөн майланган жолдоочуларынын өзгөчө рухий абалын символдоштурат. Андай абал алардын Кудайга тиленишине жана аны даңкташына өбөлгө түзөт.

15 Ал эми жерде жашоого үмүттөнгөн «башка койлор» тууралуу эмне айтууга болот? (Жакан 10:16). Ышайа пайгамбар «акыркы күндөрү» Жахабага сыйынууга көптөгөн элдердин келерин алдын ала айткан (Ышайа 2:2, 3). Ошондой эле ал «бөтөн уруулардын уулдарынын» Жахабага кошуларын жазган. Кудай алардын тиленүүлөрүн кабыл алууга даяр экенин билдирип: «Аларды Өзүмдүн сыйынуу үйүмдө кубантам»,— деген (Ышайа 56:6, 7). Аян 7:9—15-аяттарда болсо «ар бир элден» чыккан «эбегейсиз көп адамдардын» рухий ийбадаткананын сырткы короосунда туруп, Кудайга «күнү-түнү» сыйынууга жана тиленүүгө чогултулары жөнүндө айтылат. Бүгүнкү күндө Кудайдын бардык кызматчылары тиленүүлөрүнүн кабыл алынарына шектенбей Ага эркин кайрыла алышат. Бул кандай жубатарлык ой!

Кудай кандай тиленүүлөрдү угат?

16. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынан тиленүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

16 Ыйсанын алгачкы жолдоочулары тиленүүгө чоң маани беришкен. Алар эмнелер тууралуу тиленишкен? Ыйсаны жолдогон аксакалдар уюмдагы жоопкерчиликтерди аркалоого ылайыктуу эркектерди тандоодо жетекчилик сурашкан (Элчилер 1:24, 25; 6:5, 6). Эпафрас ишенимдештери үчүн тиленген (Колосалыктарга 4:12). Петир камакта отурганда, Иерусалимдеги жыйналыштын мүчөлөрү ал үчүн тиленишкен (Элчилер 12:5). Ыйсанын ошол убактагы жолдоочулары каршылыкка дуушар болгондо Кудайдан тайманбастык сурап: «Теңир, алардын коркутуп жатканын көрүп турасың, Өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, кулдарыңа кайраттуулук бере көр»,— дешкен (Элчилер 4:23—30). Шакирт Жакып Ыйсанын жолдоочуларын сыноого кабылганда Кудайдан акылмандык сурап тиленүүгө үндөгөн (Жакып 1:5). Силер Жахабага ушундай нерселер жөнүндө тиленесиңерби?

17. Жахаба кандай тиленүүлөрдү кабыл алат?

17 Кудай бардык эле тиленүүлөрдү кабыл ала бербейт. Анда тиленүүлөрүбүз кабыл алынышы үчүн кантип тиленишибиз керек? Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылары Ага чын жүрөктөн, туура маанай менен кайрылышкан. Алар ишенимге ээ болуп, аны жакшы иштери менен далилдешкен. Бүгүн Жахабанын ага ошо сыяктуу кайрылгандарды угарына бекем ишенсек болот.

18. Ыйсанын жолдоочулары кандай талапка ылайык тилениши керек?

18 Кудайга кайрылуу үчүн дагы бир нерсе талап кылынат. Муну элчи Пабыл: «Ал аркылуу биз... бир Рух менен Атага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз»,— деп түшүндүргөн. «Ал аркылуу» деп Пабыл кимди айткан? Ыйса Машайакты (Эфестиктерге 2:13, 18). Ооба, биз Атабызга Ыйса аркылуу гана эркин кайрыла алабыз (Жакан 14:6; 15:16; 16:23, 24).

19. а) Ысрайылдыктардын жыпар жыттуу зат түтөтүүсү Жахабага кайсы учурда жийиркеничтүү болгон? б) Канткенде тиленүүлөрүбүз Кудайдын алдында жыпар жыттуу заттай жагымдуу болот?

19 Жогоруда айтылгандай, Ысрайылдагы ыйык кызмат кылуучулар түтөткөн жыпар жыттуу зат Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын жагымдуу тиленүүлөрүн билдирет. Бирок айрым учурларда ысрайылдыктардын жыпар жыттуу зат түтөтүүсү Жахабанын алдында жийиркеничтүү болгон. Анткени алар ийбадатканада жыпар жыттуу зат түтөтүп, ошол эле учурда буркандарга табынышкан (Жезекиел 8:10, 11). Бүгүн да Жахабага кызмат кылабыз деп ырастаган, бирок анын мыйзамдарына карама-каршы иштерди кылган адамдардын тиленүүлөрү Ал үчүн жагымсыз жыт сыяктуу (Накыл сөздөр 15:8). Ошондуктан, тиленүүлөрүбүз Кудайдын алдында жыпар жыттуу заттай жагымдуу болушу үчүн, келгиле, мындан ары да жашообуздун бардык тармактарында таза болууга умтулалы. Анткени Жахаба анын адил жолдору менен жүргөндөрдүн тиленүүлөрүн жактырат (Жакан 9:31). Бирок кээ бир суроолор жоопсуз калууда: кантип тиленишибиз керек? Эмне жөнүндө тиленсек болот? Кудай тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет? Бул жана башка суроолор эмки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2001-жыл, 15-май, 27-бет, ор.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Жеткилеңсиз адамдар Кудайга кантип жакындай алышат?

• Тиленүү жагынан байыркы уруу башчыларын кантип туурай алабыз?

• Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынан тиленүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

• Кайсы учурда тиленүүлөрүбүз Кудайдын алдында жыпар жыттуу заттай жагымдуу болот?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Эмне үчүн Кудай Кабылдын эмес, Абылдын курмандыгын кабыл алган?

[24-беттеги сүрөт]

«Мен топуракмын жана күлмүн»

[25-беттеги сүрөт]

«Мен Сага Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн берем»

[26-беттеги сүрөт]

Тиленүүлөрүңөр Жахабага жыпар жыттуу заттай жагымдуубу?