Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыдамдуу жана актыгынан жазбаган Аюб — биз үчүн үлгү

Чыдамдуу жана актыгынан жазбаган Аюб — биз үчүн үлгү

Чыдамдуу жана актыгынан жазбаган Аюб — биз үчүн үлгү

«Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал — кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам» (АЮБ 1:8).

1, 2. а) Аюб күтүлбөгөн жерден кандай кырсыктарга кабылган? б) Ага чейинки жашоосу кандай эле?

БАЙЫРКЫ убакта байлык десе — байлыгы, кадыр-барк десе — кадыр-баркы, денсоолук десе денсоолугу бар бир адам жашаган. Ал бактылуу үйбүлөнүн башчысы да болгон. Анан эле бир күнү биринин артынан бири келген үч чоң кырсыкка кабылат. Адегенде күтүлбөгөн жерден бүт мал-мүлкүнөн кол жууйт. Андан соң катуу шамалдын айынан балдарынын баарынан айрылат. Арадан көп өтпөй алдан-күчтөн тайдырган катуу ооруга чалдыгып, таманынан төбөсүнө чейин жара басат. Бул адамдын Аюб экенин билип жатсаңар керек. Ал тууралуу Ыйык Жазмадагы анын аты менен аталган китепте баяндалат (Аюб 1, 2-бөлүм).

2 Аюб: «Оо, мен мурунку айлардагыдай болсом гана!» — деп үшкүргөн (Аюб 3:3; 29:2). Кыйынчылыктарга учураганда бактылуу күндөрүнүн кайтып келишин каалабаган ким бар? Аюбдун мурунку жашоосу салыштырмалуу тынч, кайгы-капасыз өткөн. Кадыр-барктуу адамдар аны сыйлап, кеңеш издеп кайрылышчу (Аюб 29:5—11). Аюб бай болсо да эч качан байлыкты жашоосунда биринчи орунга койгон эмес (Аюб 31:24, 25, 28). Ал жетим-жесирлерге дайыма жардам көрсөтчү (Аюб 29:12—16). Ошондой эле аялына болгон ишенимдүүлүгүн сактаган (Аюб 31:1, 9, 11).

3. Жахаба Аюб жөнүндө кандай ойдо болгон?

3 Аюб Кудайга сыйынгандыктан туура жашоо өткөргөн. Жахаба ал жөнүндө: «Жер жүзүндө андай адам жок. Ал — кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам»,— деп айткан (Аюб 1:1, 8). Аюб Кудайдын алдында түз жүргөн адам болсо да, кыйынчылык-каргашалар анын бейкут жашоосуна бүлгүн түшүргөн. Ал бир заматта эле тапкан-ташыганынын баарынан кол үзүп калган. Андан сырткары, оору, кайгы жана көңүл чөгөттүк аркылуу канчалык бекем адам экени сыналган.

4. Эмне себептен Аюб жөнүндөгү билдирүүнү карап чыкканыбыз пайдалуу?

4 Албетте, Кудайдын Аюбдан башка кызматчылары да оор жагдайларга дуушар болгон жана болуп жатышат. Муну аныкындай жагдай-шарттарга кабылган көптөгөн ишенимдештерибиздин жашоосу көрсөтүп турат. Ошондуктан төмөнкү эки суроого жооп алганыбыз маанилүү: Кырсыкка кабылганда Аюбду эстөө кандайча жардам берет? Ал жөнүндөгү билдирүүдөн азап чегип жаткандарга боор ооруй билүүгө байланыштуу кандай сабак алсак болот?

Адамдардын берилгендиги менен актыгын сактаарына шек туулган

5. Шайтандын айтымында, Аюб Кудайга эмне себептен кызмат кылган?

5 Аюб менен болгон окуя өзгөчө эле. Шайтан анын Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылып жатканына шек туудурган. Бирок Аюб бул жөнүндө билген эмес. Асмандагы жаратуулардын баары чогулганда, Жахаба Аюбдун эң сонун сапаттарына көңүл бурдурат. Ошондо Шайтан: «Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгондун бардыгын коргогон Сен эмессиңби?» — деп чыгат. Бул сөздөр менен Шайтан Аюб да, Кудайдын калган кызматчылары да ага өз кызыкчылыктары үчүн кызмат кылышат деген. Анан Жахабага: «Колуңду сунуп, анын колунда болгондун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» — деп айткан (Аюб 1:8—11).

6. Шайтан кандай олуттуу маселе көтөргөн?

6 Шайтан көтөргөн маселе олуттуу эле. Ал Жахабанын туура бийлик жүргүзөрүнө шек туудурган. Кудай ааламды чынында эле сүйүү менен башкарабы? Андан сырткары, Шайтан айткандай, адамдардын баары акыр-аягы өзүмчүл болуп кетишеби? Жахаба Аюбдун берилген, актыгынан жазбаган кызматчы экенине шектенбегендиктен Шайтанга аны сыноого жол берген. Кийин ушу сыяктуу суроолор көтөрүлгөндө, Аюб менен болгон окуя мисал катары колдонулмак. Шайтан токтоосуз түрдө Аюбга кырсык артынан кырсык жибере баштайт. Алгачкы кол салуулары өзү каалагандай натыйжа бербегенде, Аюбду катуу ооруга чалдыктырат. Ибилис: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деп айтат (Аюб 2:4).

7. Кудайдын кызматчылары бүгүн Аюбдукуна окшош кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет?

7 Кудайдын кызматчыларынын көбү бүгүн Аюбдай азап чекпесе да, ар кандай кыйынчылыктарга кабылып келишет. Айрымдары куугунтуктун же үйбүлөсүндөгү көйгөйлөрдүн айынан жапа чегишсе, башкалары экономикалык туруксуздуктан же оору-сыркоодон азап тартышат. Дагы бирөөлөрү ишеними үчүн өмүрүнөн айрылат. Биз дуушарланган кыйынчылыктардын баарына Шайтанды күнөөлөй берген туура эмес болуп калар эле. Себеби айрым учурларда өзүбүздүн каталарыбыздын же тукум кууп өткөн кайсы бир оорунун кесепетинен кыйналышыбыз ыктымал (Галатиялыктарга 6:7). Ошондой эле карылык менен табигый кырсыктар да жашообузду ого бетер оордотуп келет. Ыйык Китепте азыркы күндө Жахабанын өз кызматчыларын ушу сыяктуу кыйынчылык-көйгөйлөрдөн керемет жолу менен коргобоору айкын көрсөтүлөт (Насаатчы 9:11).

8. Шайтан биз кабылган оор жагдайларды кандай максатта колдонушу мүмкүн?

8 Шайтан биз кабылган оор жагдайларга дайыма эле күнөөлүү болбосо да, аларды ишенимибизди алсыратуу үчүн колдонушу ыктымал. Элчи Пабыл денесиндеги тикендин жана «шайтандын бир периштесинин» аны «кыйнаганын» айткан (2 Корунттуктарга 12:7). Денсоолугуна байланышкан ал кыйынчылыктын көз оору же башка бир нерсе болгону белгисиз. Кандай болбосун, Пабыл Шайтандын ал кыйынчылыкты жана натыйжада пайда болгон көңүл чөгөттүктү аны кубанычынан айрылтуу, актыгынан баш тарттыруу үчүн колдонушу мүмкүн экенин түшүнгөн (Накыл сөздөр 24:10). Бүгүн Шайтан Кудайдын кызматчыларын куугунтуктоого алардын үйбүлө мүчөлөрүн, классташтарын же атүгүл каардуу бийлик башчыларын тукурушу этимал.

9. Эмне себептен кыйынчылыктар менен куугунтукка дуушар болгонубузда таң калбашыбыз керек?

9 Айтылып өткөн кыйынчылыктарды канткенде ийгиликтүү көтөрө алабыз? Аларды Жахабага болгон сүйүүбүздүн жана анын бийлигине баш ийүүгө болгон каалообуздун күчтүү экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк катары кабыл алганыбыз абзел (Жакып 1:2—4). Эмнеден улам запкы көрбөйлү, Кудайдын алдында берилгендикти сактоо маанилүү экенин түшүнсөк, рухий теңсалмактуулугубузду жоготпойбуз. Элчи Петир ишенимдештерине: «Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөбөгүлө»,— деп жазган (1 Петир 4:12). Пабыл болсо: «Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат»,— деп айткан (2 Тиметейге 3:12). Шайтан бүгүн да, Аюбдун убагындагыдай эле, Жахабанын Күбөлөрүнүн актыгына карата шек туудурууда. Ыйык Китепте анын Кудай элине жасаган чабуулун акыркы күндөрдө мурдагыдан да күчөтөрү айтылат (Аян 12:9, 17).

Көйгөйдүн себебин түшүнбөө жана туура эмес ой толгоолор

10. Аюб кандай оор жагдайга туш болгон?

10 Аюб абдан оор жагдайга туш болгон. Биз андай абалга кабылбашыбыз деле мүмкүн. Аюб каргашаларга эмне себептен дуушар болгонун билген эмес. Ал: «Берген да Теңир, алган да Теңир»,— деген жаңылыш жыйынтыкка келген (Аюб 1:21). Балким, Шайтан Аюбдун так ошондой ойдо болушун — башына түшкөн кайгы-касыреттерге Кудай жооптуу деп ойлошун — каалаган.

11. Аюбдун өзү дуушар болгон жагдайга кандай караганын айтып бергиле.

11 Аялынын тилин алуудан — Кудайга акарат келтирүүдөн — баш тартса да, Аюбдун көңүлү ушунчалык катуу чөккөн (Аюб 2:9, 10). Ага: «Мыйзамсыздар мага караганда жыргал турмуш өткөрүп жатышат»,— дегендей ойлор келген (Аюб 21:7—9). Балким, аны: «Кудай мени эмне себептен жазалап жатат?» — деген суроо да кыйнагандыр. Атүгүл өлүмдү эле каалап калган учурлары да болгон. Ал: «Оо, каарың тарап кеткенче, Сен мени өлгөндөр жаткан жайга бекитип, жашырып турсаң кана!» — деп боздогон (Аюб 14:13).

12, 13. Үч досунун сөздөрү Аюбга кандай таасир эткен?

12 Аюбга кайгысын бөлүшүп, жубатымыш болуп үч досу келет (Аюб 2:11). Бирок алар «эч нерсеге жарабаган сооротуучулар» болуп чыгышат (Аюб 16:2). Эгер алар кайгысын тең бөлүшкөн достордон болушса, Аюб бир топ эле жеңилдеп калмак. Тилекке каршы, ал үчөө анын башын маң кылып, ындынын ого бетер өчүрүшкөн (Аюб 19:2; 26:2).

13 Аюб өзүнө: «Эмне себептен башкалар эмес, мен кыйналып жатам? Булардын баары башыма түшкүдөй мен эмне кылдым?» — дегендей суроолорду берсе керек. Келген үч досу да таптакыр адаштырган ойлорду айтышкан. Алар Аюб кандайдыр бир олуттуу күнөө кетиргени үчүн ошол азаптардын баарына кабылды деп божомолдошкон. «Айыпсыз адам өлдү беле? — деген Элипаз.— Мен көргөндөн, кыянаттык эккендер менен жамандык сепкендер ошону эле оруп алып жатышат» (Аюб 4:7, 8).

14. Кимдир бирөө кыйынчылыкка учураганда эмне үчүн ал өзү күнөөлүү деп шашылыш жыйынтык чыгарбашыбыз керек?

14 Рухка эмес, күнөөкөр табиятка сепсек, кыйынчылыктарга дуушар болушубуз мүмкүн (Галатиялыктарга 6:7, 8). Бирок азыркы дүйнөдө өзүбүздү туура алып жүргөнүбүзгө карабай көйгөйлөргө кабылышыбыз ыктымал. Ооба, адил адам эч качан каргашага учурабайт деп ойлоо туура эмес болуп калар эле. Алсак, «кемчиликсиз, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн» Ыйса Машайак кыйноо мамысында азап чегип өлгөн. Элчи Жакып да мыкаачылык менен өлтүрүлгөн (Эврейлерге 7:26; Элчилер 12:1, 2). Элипаз менен берки эки досунун туура эмес сөздөрү Аюбду өзүнүн жакшы атын коргоого жана күнөөсүз экенин айтууга аргасыз кылган. Анткен менен алардын кайра-кайра айыптай бергени Аюбдун Кудайдын адилеттүүлүгүнө карата болгон көзкарашына терс таасирин тийгизсе керек (Аюб 34:5; 35:2).

Кыйынчылыктарды көтөрүүгө эмне жардам берет?

15. Кандай ой жүгүртүү кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет?

15 Аюб менен болгон окуядан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот? Айрым учурларда кыйынчылыкка, ооруга же куугунтукка дуушар болгонубуз таптакыр адилетсиздей көрүнүшү мүмкүн. Башкалар андай кайгы-касыреттерге кабылбай эле жүргөндөй сезилиши ыктымал (Забур 72:3—12). Ошондуктан кээде өзүбүзгө төмөндөгүдөй маанилүү суроолорду бергенибиз абзел: Кудайга болгон сүйүүм эч нерсеге карабай ага кызмат кылууга түрткү береби? Жахабанын аны жаманаттылаган душманга жооп бере алгыдай болушун каалаймынбы? (Накыл сөздөр 27:11; Матай 22:37). Башкалардын ойлонбой айткан сөздөрүнөн улам асмандагы Атабыздын бизге жардам берерине эч качан шектенбешибиз керек. Көп жыл бою өнөкөт оорудан кыйналган бир ишенимдүү биртууганыбыз: «Жахаба эмнеге жол бербесин, бардыгы жакшы болуп бүтөрүн билем. Анын мага күч-кубат берерин да билем. Ал ар дайым ошентип келет»,— деп айткан.

16. Кыйынчылыкка учураганда Ыйык Китеп кандайча жардам берет?

16 Шайтандын айла-амалдары тууралуу биз Аюбга караганда көбүрөөк билебиз. «Анын арам ойлору бизге белгилүү» (2 Корунттуктарга 2:11). Ошондой эле бизде акылдуу кеңештерге бай Ыйык Китеп бар. Андан ар кандай кыйынчылыктарды ийгиликтүү көтөргөн ишенимдүү адамдар тууралуу окуй алабыз. Ыйсанын башка жолдоочуларына караганда көп азап чеккен элчи Пабыл: «Буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз»,— деп айткан (Римдиктерге 15:4). Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда ишеними үчүн түрмөгө отурган европалык бир ишенимдешибиз үч күндүк тамагын Ыйык Китепке алмашканын айтып, мындай деген: «Ошол алмашуу кандай гана чоң пайда алып келген! Ачка болсом да, мен өзүмө да, башкаларга да ошол кыйын мезгилде чөкпөөгө жардам берген рухий тамакка ээ болгом. Ал Ыйык Китебимди азыркыга дейре сактап жүрөм».

17. Кудай бизге кыйынчылыктар менен күрөшүүгө кантип жардам берет?

17 Ыйык Китептен сырткары, аны изилдөөгө арналган адабияттардан да жубатуу ала алабыз. Алардан кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берерлик көптөгөн кеңештерди табууга болот. Мисалы, кээде «Күзөт мунарасынан» биздикине окшош сыноого туруштук берген ишенимдештерибиз жөнүндө окуйбуз (1 Петир 5:9). Жагдайыбыз тууралуу сезимтал аксакал же башка жетилген биртууган менен сүйлөшүп көргөнүбүз да пайдалуу болушу мүмкүн. Баарынан маанилүүсү, Жахабага тиленип, анын ыйык руху аркылуу жардам берерине ишенишибиз керек. Пабыл аны «кыйнаган» Шайтанга кантип каршы турган? Кудайдын күчүнө таянуу менен (2 Корунттуктарга 12:9, 10). Ал: «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет»,— деп жазган (Филипиликтерге 4:13, «ЖД»).

18. Ишенимдештерибиз бизди кандайча бекемдей алышат?

18 Демек, жардам алууга мүмкүн, болгону, аны эч шектенбей издешибиз керек. Накыл сөздөр 24:10до: «Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз»,— деп айтылат. Курт-кумурскалар жыгачтан жасалган үйдү жеп отуруп, урата алгандай эле, көңүл чөгөттүк Кудайдын алдындагы актыгыбыздан тайдырышы ыктымал. Андай коркунучка учурабашыбыз үчүн, Жахаба бизди өзүнүн кызматчылары аркылуу жөлөп-таяп келет. Алсак, Ыйса камакка алынган түнү периште келип, аны бекемдеген (Лука 22:43). Абактагы адам катары Римге жол тартып бараткан Пабыл Апий аянтынан жана «Үч мейманкана» деп аталган жерден ишенимдештерине жолукканда «Кудайга ыраазычылык билдирип», кайраттанган (Элчилер 28:15). Германиялык бир ишенимдешибиз өспүрүм кезинде Равенсбрюк деп аталган концлагерге алынып келгенде абдан коркконун, бирок ал жерден кандай жардам алганын төмөнкүдөй эскерет: «Ал жерге келгенимде эле бир эжеке мени издеп таап, аябай жакшы мамиле кылды. Дагы бир эже мага рухий апамдай кам көрдү».

«Ишенимдүү бол»

19. Шайтанга каршы турууга Аюбга эмне жардам берген?

19 Жахаба Аюбду «өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турган», башкача айтканда, актыгынан жазбаган адам катары сыпаттаган (Аюб 2:3). Көңүлү чөккөнүнө жана эмне үчүн азап тартып жатканын түшүнбөгөнүнө карабай, Аюб Кудайдан баш тартуу жөнүндө ойлоп да койгон эмес. Ал Жахабага берилген бойдон калуу үчүн баарынан кечүүгө даяр болгон. Аюб чечкиндүү түрдө: «Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм [«актыгымдан жазбайм», СК]»,— деп айткан (Аюб 27:5).

20. Чыдамдуу болгонубуз эмне үчүн маанилүү?

20 Ушул сыяктуу чечкиндүүлүк бизге азгырыкка, куугунтукка же кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгондо да актыгыбыздан жазбоого жардам берет. Ыйса Смирнадагы жыйналышка: «Башыңдан өтө турган кыйынчылыктардан коркпо. Сыналышыңар үчүн, шайтан силердин араңардан кээ бирөөлөрүңөрдү зынданга салат, он күн [кайсы бир көйгөйдөн, көңүл чөгөттүктөн же куугунтуктан] кыйналасыңар. Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо Мен сага өмүр таажысын берем»,— деп айткан (Аян 2:10).

21, 22. Кыйынчылыктарга кабылганда эмнени билүү жубатуу берет?

21 Шайтан башкарган азыркы дүйнөдө чыдамдуулугубуз жана актыгыбыз сыналат. Бирок коркууга себеп жок, анткени Ыйса бизди алдыда эң сонун келечек күтүп турганына ынандырууда. Эң маанилүүсү, ишенимдүү бойдон калышыбыз керек. Элчи Пабыл башыбыздан өткөрүп жаткан кыйынчылыктардын убактылуу экенин, ал эми «даңктын» — Жахаба убада кылган сыйлыктын — «түбөлүктүү» экенин айткан (2 Корунттуктарга 4:17, 18). Атүгүл Аюбдун кыйынчылык менен өткөргөн күндөрү, мурунку жана андан кийинки бактылуу күндөрүнө салыштырмалуу убактылуу эле болгон (Аюб 42:16).

22 Анткен менен кээде кыйынчылыктарыбыз чыдай алгыс оор жана аягы бүтпөчүдөй сезилиши мүмкүн. Кийинки макалада Аюб менен болгон окуядан чыдамдуулукка байланыштуу дагы эмнеге үйрөнө аларыбызды карап чыгабыз. Ошондой эле азап тартып жаткандарга кантип жардам бере аларыбызды көрөбүз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Аюбдун актыгына шек туудуруу менен Шайтан кандай маанилүү маселе көтөргөн?

• Эмне себептен кыйынчылыктарга дуушар болгондо таң калбашыбыз керек?

• Жахаба кыйынчылыктарды көтөрүүгө кантип жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Изилдөө жүргүзүү, жетилген биртуугандар менен сүйлөшүү жана жалындуу тиленүү чыдоого жардам берет