Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адам түбөлүк өмүр сүрө алат

Адам түбөлүк өмүр сүрө алат

Адам түбөлүк өмүр сүрө алат

ДҮЙНӨ жүзү боюнча диндери ар башка адамдардын басымдуу бөлүгү өлгөндөн кийин кандайдыр бир түрдө жашоосун уланта берерине ишенет. Ар кайсы динде ар кандай окутса да, ал диндерди туткандардын баарынын үмүтү окшош: алар эң сонун шарттарда бактылуу өмүр сүрүп, өлүм дегенден коркпой, түбөлүк жашоону эңсешет. Балким, силердин ишенимиңер да ошол сыяктуу окутууларга негизделеттир. Андай окуулар эмне себептен кеңири жайылган? Түбөлүк жашоого болгон үмүт качандыр бир кезде ишке ашабы?

Ыйык Жазма боюнча, Жараткан тээ алмустактан бери, эң биринчи эркек-аялды жаратканда эле, алардын аң-сезимине түбөлүк жашоого болгон каалоону салып койгон. Ыйык Китепте: «[Кудай] алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды»,— деп айтылат (Насаатчы 3:11).

Түбөлүк жашашы үчүн, биринчи түгөй эмне жакшы, эмне жаман экенин Кудай чечерин унутпашы керек болчу. Ошондо Жахаба Кудай аларга өзү жараткан Эйден багында «түбөлүк жашоого» мүмкүндүк бермек (Башталыш 2:8; 3:22).

Түбөлүк өмүрдөн ажыроо

Ыйык китептик билдирүүгө ылайык, Кудай Эйден багында «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак өстүрүп чыгарып», Адам менен Обого анын жемишинен ооз тийүүгө тыюу салган. Тыюуну бузушса, алар өмүрүнөн ажырап калышмак (Башталыш 2:9, 17). Кудайга тил алуу менен Адам жана Обо Анын бийлигине баш иерин көрсөтүшмөк. Антишпесе, анын бийлигинен баш тартышканын билдиришмек. Тилекке каршы, биринчи түгөй Жахабанын буйругун аткарбай, Анын бийлигине каршы чыккан рухий жаратуунун — Шайтандын — тарабына өткөн. Натыйжада Кудай адилеттүү түрдө Адам менен Обону түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну чечкен (Башталыш 3:1—6).

Кудай биринчи адамдарга өмүрдү же өлүмдү тандоого мүмкүнчүлүк берген. Тилекке каршы, алардын тил албастыгы өлүмгө, толугу менен жок болууга алып келген. Ошондон тартып Адам менен Обо жана алардын тукумдары кандайдыр бир «сыйкырдуу» дарынын жардамы менен өмүрүн узарта да, өлбөс жан катары жашоосун уланта да алышмак эмес *.

Адам атанын козголоңунун кесепетинен анын бардык тукумдары азап чегип келүүдө. Муну элчи Пабыл мындай деп түшүндүргөн: «Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти» (Римдиктерге 5:12).

Түбөлүк өмүргө кайрадан ээ болуу

Элчи Пабыл Адамдын урпактарынын абалын биринчи кылымдагы кулдардын абалына салыштырган. Адам менен Обонун балдары төрөлгөнүнөн эле тукум кууп өткөн «күнөөнүн кулу» болгондуктан, өлүмдөн качып кутула алышмак эмес (Римдиктерге 5:12; 6:16, 17). Ооба, эгер Жахаба ал кулчулуктан бошотуу үчүн, өзүнүн Мыйзамына ылайык келген чара көрбөсө, адамдар тукум курут болмок. Пабыл: «Бир адамдын [Адам атанын] күнөөсүнүн айынан бардык адамдар сотко тартылгандай эле, бир Адамдын [Ыйсанын] адилдиги аркылуу да бардык адамдар өмүргө ээ болуу үчүн акталышат»,— деп жазган. Адамдын урпактары «акталышы» үчүн, Ыйса жеткилең өмүрүн «кун катары берген». Жахабанын көз алдында ал кун адамзатты «сот айыпталуусунан» бошото турган мыйзамдуу күчкө ээ болгон (Римдиктерге 5:16, 18, 19; 1 Тиметейге 2:5, 6).

Окумуштуулар түбөлүк өмүрдүн сырын эч качан таба алышпайт, себеби анын сыры адамдын генетикалык кодунда эмес, таптакыр башка нерседе камтылган. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, өлүм биологиялык себепке эмес, адеп-ахлактуулук мыйзамына жана Кудайдын мыйзамына байланыштуу. Ошондуктан Кудайдын мыйзамы боюнча, адамдар кайрадан түбөлүк жашай алышы үчүн, кун төлөнүшү — Ыйсанын куткаруу курмандыгы — талап кылынган. Кун Кудайдын адилеттүү жана ырайымдуу экенин айгинелейт. Анда ал кундан кимдер пайда алып, түбөлүк өмүргө ээ болот?

Өлбөстүк белеги

Жахаба — «кылымдар мурун эле» бар болгон Кудай. Ал өлбөс (Забур 89:3). Жахабадан өлбөстүк белегин алгандардын биринчиси Ыйса Машайак болгон. Элчи Пабыл ал тууралуу мындай деген: «Өлгөндөрдүн арасынан тирилген Машайак кайра өлбөй турганын, эми өлүм Анын үстүнөн бийлик жүргүзбөй турганын билебиз» (Римдиктерге 6:9). Пабыл белгилеп кеткендей, тирилтилген Ыйса, жердеги башкаруучулардан айырмаланып, эч качан өлбөйт. Ал «соолубас өмүргө» ээ (Эврейлерге 7:15—17, 23—25; 1 Тиметейге 6:15, 16).

Андай белек Ыйсанын майланган жолдоочуларына да берилет. Алар аны менен падыша катары башкарууга тандалып, асман даңкына ээ болушат жана Ыйсадай болуп тирилтилишет (Римдиктерге 6:5). Элчи Жакан андай белектин 144 000 кишиге берилерин жазган (Аян 14:1). Алар да өлбөстүккө ээ. Пабыл алардын тирилүүсү жөнүндө: «Бул дене Кудайдын Падышачылыгын мурастай албайт... Сурнай тартылганда, өлгөндөр чирибес болуп тирилишет, биз болсо өзгөрүлөбүз. Анткени чирип калчу бул дене чирибес болот, өлүп калчу бул дене өлбөс болот»,— деген. Демек, андай тирилүүгө ээ болгондордун үстүнөн «өлүм бийлик кыла албайт» (1 Корунттуктарга 15:50—53; Аян 20:6).

Бул айтылгандар, чынында эле, кереметтүү. Себеби периштелер да, рухий жаратуу болушканы менен, өлбөс болуп жаратылган эмес. Муну Шайтанга кошулуп кеткен айрым рухий жаратуулардын келечекте жок кылынары тастыктап турат (Матай 25:41). Жахаба Ыйсанын кошо башкаруучуларына болсо өлбөстүк белегин берген. Бул Анын аларга чоң ишеним көрсөтөрүн, алардын ишенимдүүлүгүн сактаарына шектенбээрин далилдейт.

Анда азыркы жер жүзүндөгү миллиарддап саналган кишилерге салыштырмалуу аз, 144 000 киши гана түбөлүк өмүргө ээ болобу? Жок. Эмне үчүн?

Жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоо

Ыйык Жазманын Аян китебинде көркөм сүрөттөлгөндөй, сан жеткис адамдар жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүү сыйлыгын алат. Ал гана эмес, өлгөндөр тирилип, кайрадан күчкө толуп, жаш кезиндегидей чың денсоолукка ээ болот (Аян 7:9; 20:12, 13; 21:3, 4). Баары «Кудайдын жана Козунун тактысынан агып чыгып жаткан өмүр суусунун кристаллдай тунук дарыясына» алып барылат. Ал дарыянын эки өйүзүндө «өмүр дарагы өсүп турат... Анын жалбырактары элдерди айыктырууга арналган». Берешен Жахаба Кудай болсо: «Каалоочу өмүр суусун бекер эле алсын»,— деп чакырат (Аян 22:1, 2, 17).

Ал дарак менен суу, албетте, алхимиктер жана башка изилдөөчүлөр кылымдар бою таппай келаткан кандайдыр бир «сыйкырдуу» дарыны же мүрөктүн суусун билдирбейт. Алар Кудайдын Ыйса Машайак аркылуу адамзатка баштагыдай жеткилең шарттарды түзүп берүү үчүн караштырган чараларын символдоштурат.

Кудайдын тилалчаак адамдарга түбөлүк өмүр берүүгө байланыштуу ой-ниети өзгөргөн эмес. Ал сөзсүз ишке ашат, себеби Жахаба ишенимдүү. Забур 36:29да: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүккө жашашат»,— деп айтылат. Бул бизге асманда өлбөстүккө ээ болуп жашай тургандар менен кошо: «Бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, Сенин иштериң улуу жана кереметтүү! Элдердин Падышасы [«Түбөлүктүү Падыша», «ЖД»], Сенин жолдоруң туура жана адилеттүү! О, Теңир, Сенден коркпогон ким бар, Сенин ысымыңды даңктабаган ким бар?» — деп ырдоого түрткү берет (Аян 15:3, 4).

Силер да ошондой кереметтүү белекке, түбөлүк өмүргө, ээ болгуңар келеби? Ан үчүн «Түбөлүктүү Падышага» — Жахабага — баш ийип, ага болгон ишенимдүүлүгүңөрдү сакташыңар керек. Ошондой эле Жахаба жөнүндө жана түбөлүк жашоого жол ачкан Ыйса Машайак жөнүндө билим алуу зарыл. Кудайдын эмне жакшы, эмне жаман экенин көрсөткөн нормаларын даярдуулук менен кабыл алгандарды «түбөлүк өмүр» белеги күтүп турат (Жакан 17:3).

[5-беттеги кутуча]

Түбөлүк өмүр зериктиреби?

Айрымдар түбөлүк жашоодон адам тажайт деши мүмкүн, анткени алар убакыт бирдей, маңызсыз көңүл ачуулар менен эле өтө берет деген ойдо. Балким, алар түбөлүк өмүрдү көптөргө зериктирерлик, маңызсыз көрүнгөн азыркы жашоо мүнөзү жана тиричилик шарты өкүм сүргөн жашоо катары элестетишеттир. Бирок Кудайдын убадасы боюнча, калыбына келтириле турган бейиште адамдар «тынч турмушка ыракаттанып» жашашат (Забур 36:11). Андай жашоо биз азыр көксөп, бирок ишке ашыра албаган нерселерге: Жахабанын жаратуулары жөнүндөгү билимибизди тереңдетүүгө, кандайдыр бир же бардык шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздү өрчүтүүгө, кызыктуу изилдөөлөр менен иштерге иришүүгө убакыт бөлүүгө мүмкүндүк берет.

Кембриж университетинин өмүрдүн узактыгын изилдөө тармагында эмгектенген генетик-доктор Обре де Грей мындай дейт: «Билими кең жана ал билимин иш жүзүндө колдонууга убактысы бар киши эч качан зерикпейт, анын кылар иши, качан болсун, „чачтан көп“». Келечекте болсо, Ыйык Китепте белгиленгендей, «адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө» да, изилдеп бүтө да албайт (Насаатчы 3:11).

[6-беттеги кутуча]

Кылымдардан берки кыял

Месопотамиялык элдин б.з.ч. экинчи миң жылдыкка таандык «Гильгамеш жөнүндөгү эпосунда» Гильгамеш аттуу каармандын түбөлүк жаштыкты издеп, дүйнө кезгени айтылат. Ал эми байыркы Египеттегилер жандын өлбөстүгүнө жана анын денеге кайтып келерине ишенишкендиктен, өлгөндөрдү мумия кылып кургатып коюшкан. Ошондуктан Египеттеги мүрзөлөрдүн кээси өлгөндөн кийин маркумга керек болуп калат деп эсептелген бар-жок нерселерге жык толтурулган.

Б.з.ч. 8-кылымда жашаган кытай алхимиктердин дененин өлбөстүгүнө ишенишкени белгилүү; б.з.ч. 4-кылымдарда алар өмүрдү узартуу үчүн ар кандай «сыйкырдуу» дарыларды ойлоп чыгарышкан. Орто кылымдарда болсо европа жана араб алхимиктери узак жашатуучу суюктуктарды табууга же ойлоп чыгарууга аракеттенишкен. Андай суюктуктардын кээ биринин курамына мышьяк, сымап жана күкүрт сыяктуу заттар кирген. Канчалаган адамдардын аларды ичип, ууланып өлгөнүн ким билсин!

Бир убактарда «мүрөктүн суусунун» касиетине байланыштуу укмуштуудай уламыштар да чыккан. Ал уламыштарга ылайык, андан ичкен киши жашарып, күч-кубатка толмок.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Адамдар өлгөндө эмне болору тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» аттуу китептин 6-бөлүмүн карагыла.