Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадан үмүттөн жана кайраттуу бол

Жахабадан үмүттөн жана кайраттуу бол

Жахабадан үмүттөн жана кайраттуу бол

«Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн» (Забур 26:14).

1. Үмүт канчалык маанилүү жана Ыйык Жазмада ал сөз кандай мааниде колдонулат?

ЧЫНЫГЫ үмүт жарык сыяктуу. Ал бизге азыркы сыноолордон кийин ала турган баталарыбызды айкын көрүүгө жана келечекке кайраттуулук, кубаныч менен кароого өбөлгө түзөт. Бир гана Жахаба бизге өзүнүн Сөзү аркылуу аткарылары шексиз үмүт бере алат (2 Тиметейге 3:16). «Үмүт» деген уңгудан турган сөздөр Ыйык Китептин түпнускасында 160тан ашуун жолу кездешет жана кандайдыр бир жакшы нерсени ынтызарлык, ишенич менен күтүүгө, ошондой эле күтүлгөн нерсенин өзүнө карата колдонулат *. Мындай үмүт аткарыларына эч кандай негиз же мүмкүнчүлүк жок курулай тилек эмес.

2. Ыйсанын жашоосунда үмүт кандай мааниге ээ болгон?

2 Сыноолорго, кыйынчылыктарга дуушар болгондо, Ыйса учурдагы абалынан кийинкисин көрө билип, Жахабадан үмүттөнгөн. «Ал, алдында турган кубанычтын урматына, маскара болгонуна карабай, айкаш жыгачка [«кыйноо мамысына», «ЖД»] чыдап, башынан өткөргөн жана Кудайдын тактысынын оң жагынан орун алган» (Эврейлерге 12:2, «Мукаддас»). Ыйса Жахабанын эгедерлигин актоону жана Кудайдын ысмын ыйыктоону көздөгөндүктөн, кандай гана сыноого дуушар болбосун, Кудайга болгон тил алчаактыгынан жазган эмес.

3. Үмүт Кудайдын кызматчыларынын жашоосунда кандай мааниге ээ?

3 Дөөт падыша үмүт менен кайраттуулуктун ортосундагы байланышты белгилеп: «Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн»,— дейт (Забур 26:14). Жүрөгүбүздүн бекем болушун кааласак, биз үмүтүбүздүн күңүрт болушуна эч качан жол бербей, тескерисинче, аны дайыма акылыбызда тунук сактап, жүрөгүбүздө жогору баалашыбыз керек. Бул бизге Ыйсаны туурап, ал тапшырган ишти кайраттуулук жана ынталуулук менен аткарууга түрткү берет (Матай 24:14; 28:19, 20). Кудайдын кызматчыларынын жашоосунда үмүт чоң мааниге ээ. Ага туруктуулук мүнөздүү. Ал Ыйык Китепте ишеним, сүйүү менен катар айтылып өтөт (1 Корунттуктарга 13:13).

«Үмүткө байсыңбы»?

4. Ыйсанын майланган жолдоочулары жана «башка койлор» эмнени чыдамсыздык менен күтүшүүдө?

4 Кудайдын элин укмуштуудай келечек күтүп турат. Ыйсанын майланган жолдоочулары аны менен асманда кызматташууну чыдамсыздык менен күтүшүүдө, ал эми «башка койлордун» «жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болобуз деген үмүтү бар» (Жакан 10:16; Римдиктерге 8:19—21; Филипиликтерге 3:20). «Даңктуу эркиндикке ээ болууга» күнөөдөн жана анын кесепетинен бошонуу кирет. Ооба, «ар кандай жакшы нерсенин, ар кандай жеткилең белектин» Булагы болгон Жахаба ишенимдүү кызматчыларына эң жакшысын гана берет (Жакып 1:17; Ышайа 25:8).

5. Канткенде «үмүткө бай» болобуз?

5 Биздин жашообузда үмүт кандай роль ойношу керек? Римдиктерге 15:13тө: «Ыйык Рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүт берүүчү Кудай силерди ишеним жолунда кубанычка жана тынчтыкка бөлөсүн»,— деп айтылат. Үмүттү караңгыда күйгөн шамга эмес, таңдын атышы менен жерге төгүлгөн жарыкка салыштырууга болот. Андай үмүт адамды тынчтыкка, бакытка бөлөп, ага маңыздуу жашоо өткөрүүгө жана кайраттуу болууга жардам берет. Байкасаңар, биз Кудайдын Сөзүнө ишенип, анын ыйык рухуна ээ болгондо «үмүткө бай» болобуз. Римдиктерге 15:4тө: «Буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз»,— деп айтылат. Ошондуктан: «Ыйык Китепти күнүгө окуп, үмүтүмдү тунук сактап жатамбы? Кудайдан ыйык рух сурап канчалык көп тиленем?» — деп ойлонуп көр (Лука 11:13).

6. Үмүтүбүздү тунук сакташ үчүн эмнеге жол бербешибиз керек?

6 Биз үчүн үлгү болгон Ыйса Кудай Сөзүнөн күч алган. Ошондуктан Ыйса жөнүндө көбүрөөк билүүгө умтулсак, «алдан тайып, кайратыбыздан жазбайбыз» (Эврейлерге 12:3). Бирок Кудай берген үмүтүбүздүн акылыбызда жана жүрөгүбүздө сакталбай, тунарып калышына же башка нерселерге, мисалы, материалдык байлыкка, дүйнөдөгү максаттарга алаксып кетишибизге жол берсек, көп узабай рухий жактан алсырап, акырында адеп-ахлактык күчүбүздөн жана кайратыбыздан тайып калышыбыз мүмкүн. Мындай абалда «ишенимибиз кыйроого учурашы» ыктымал (1 Тиметейге 1:19). Чыныгы үмүт болсо ишенимибизди бекемдейт.

Үмүт — ишенимдин ажырагыс бөлүгү

7. Кандайча үмүт ишенимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат?

7 «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Эврейлерге 11:1). Демек, үмүт ишенимди толуктап эле койбостон, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мисал катары Ыбрайымдын үлгүсүн карап көрөлү. Жахаба ага мураскор берерин убадалаганда, адамдык көзкараш боюнча, аялы Саара экөө балалуу боло турган курактан эчак өтүп калышкан эле (Башталыш 17:15—17). Кудайдын убадасына Ыбрайым кандай караган? «Ыбрайым үмүттөнгүдөй эч нерсеси жок болгон учурда да... үмүт менен ишенгендиктен, көптөгөн элдердин атасы болуп калган» (Римдиктерге 4:18). Ооба, Кудай берген үмүт Ыбрайымдын бала көрөрүнө болгон ишенимин бекемдеген. Ал эми ишеними үмүтүнүн жаркын болушуна жана чыңдалышына өбөлгө түзгөн. Ошондуктан Ыбрайым менен Саара үйүн, туугандарын таштап, калган өмүрүн бөтөн жерде чатырларда жашап өткөрүүгө кайраттуулук менен даяр болушкан.

8. Ишенимдүүлүк жана туруктуулук үмүтүбүздү кандайча бекемдейт?

8 Жахабанын буйругуна баш ийүү кыйынга турганда да Ыбрайым Ага толугу менен тил алып, үмүтүн бек сактаган (Башталыш 22:2, 12). Биз да Жахабага кызмат кылууда тил алчаактык жана туруктуулук көрсөтүп, сыйлык аларыбызга бекем ишене алабыз. Пабыл жазгандай, «туруктуулуктан — Кудайдын жактыруусу, Кудайдын жактыруусунан болсо үмүт жаралат, ал эми үмүт көңүл кайттылыкка алып барбайт» (Римдиктерге 5:4, 5, «ЖД»). Ошондуктан ал: «Толук үмүткө ээ болуш үчүн, ар бириңердин аягына чейин ушундай аракет кылышыңарды каалайбыз»,— деп да жазган (Эврейлерге 6:11). Жахаба менен ынак мамиледе болуунун аркасында ошондой оң көзкараш өрчүтүп, бардык кыйынчылыктарга кайраттуулук жана кубаныч менен туруштук бере алабыз.

«Үмүт менен кубангыла»

9. «Үмүт менен кубануу» үчүн дайыма эмне кылышыбыз керек?

9 Кудай берген үмүтүбүз бул дүйнө сунуш кылган нерселердин баарынан алда канча артык. Забур 36:34тө мындай делет: «Теңирден үмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт. Кудайсыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң». Ооба, «үмүт менен кубанууга» бизде көп себептер бар (Римдиктерге 12:12). Бирок ан үчүн үмүтүбүздү акылыбызда тунук сакташыбыз керек. Кудай берген үмүтүң тууралуу дайыма ой жүгүртөсүңбү? Бейиште жакшы көргөн адамдарың менен чың денсоолукта, кайгы-капасыз жашап, накта канааттануу алып келерлик иш менен алектенип жатканыңды элестете аласыңбы? Биздин адабияттардагы Бейиш тартылган сүрөттөргө көңүл буруп, ой жүгүртөсүңбү? Мындай ой жүгүртүүнү терезени жууп турууга салыштырууга болот. Таза айнектен сырт жак даана көрүнөт. А эгер айнек жуулбаса, бара-бара кирдеп, сырттагылар ачык көрүнбөй калат да, башка керексиз нерселерге көңүл буруп калышыбыз мүмкүн. Келгиле, үмүтүбүздүн күңүрт болуп калышына эч качан жол бербейли!

10. Жахабанын сыйлык берерине ишенгенибиз менен эмнени көрсөтөбүз?

10 Албетте, Жахабага кызмат кылууга бизге, баарынан мурда, ага болгон сүйүү түрткү берет (Марк 12:30). Ошол эле учурда, биз сыйлыкты ынтызарлык менен күтүшүбүз керек. Муну Жахаба өзү каалайт. Эврейлерге 11:6да: «Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек»,— деп айтылат. Эмне себептен Жахаба биздин аны сыйлык берүүчү катары көрүшүбүздү каалайт? Анткени ошондо биз асмандагы Атабыздын балдарын жакшы көргөн, берешен Кудай экенин жакшы билерибизди көрсөтөбүз. Ойлоп көрсөң, бизде «келечек, үмүт» болбосо, кандай гана бактысыз, кайратсыз болмокпуз (Жеремия 29:11).

11. Кудай берген үмүт Мусага акылдуу чечим чыгарууга кандайча жардам берген?

11 Кудай берген үмүткө бекем кармангандардын бири Муса «фараондун кызынын баласы» катары бийликке, атак-даңкка, байлыкка ээ болгон. Ал ушул нерселерге умтулганбы же Жахабага кызмат кылгысы келгенби? Муса чечкиндүү түрдө Жахабага кызмат кылууну тандаган. Эмне үчүн? Анткени ал «келечектеги сыйлыкты караган» (Эврейлерге 11:24—26). Ооба, Жахаба тартуулаган үмүткө Муса кайдыгер караган эмес.

12. Эмне себептен Ыйсанын жолдоочуларынын үмүтүн туулгага салыштырууга болот?

12 Элчи Пабыл үмүттү туулгага салыштырган, анткени үмүтүбүз акылыбызды коргойт жана акылдуу чечим чыгарууга, жашообузда эмнелер биринчи орунда турушу керектигин аныктоого, ишенимдүүлүгүбүздү сактоого жардам берет (1 Тесалоникалыктарга 5:8). Каймана туулгаңды дайыма «кийип» жүрөсүңбү? Ошондой болсо, Муса менен Пабылга окшоп, сен «ишенүүгө болбой турган байлыкка таянбай, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянасың». Ырас, өз кызыкчылыктарыңды көздөөдөн баш тартып, дүйнөдө кеңири тараган көзкараштарга каршы туруу үчүн кайраттуулук талап кылынат, бирок аракетиңдин акыбети кайтпай койбойт. Чынында, Жахабадан үмүттөнгөндөрдү жана аны сүйгөндөрдү күтүп турган «түбөлүк өмүрдөн» артык эмне бар?! (1 Тиметейге 6:17, 19).

«Сени калтырбайм жана таштабайм»

13. Жахаба ишенимдүү кызматчыларын эмнеге ынандырат?

13 Үмүтүн дүйнөгө арткандар кыйынчылыктардын барган сайын күч алып жатканынан улам, эртеңки күнгө сестенүү менен карашат (Матай 24:8). Бирок Жахабадан үмүттөнгөндөрдө андай коркуу сезими жок. Алар «жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат» (Накыл сөздөр 1:33). Азыркы дүйнөгө үмүт артпагандыктан, алар Пабылдын төмөнкү кеңешине чын дилден кулак кагышат. «Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула,— деген ал.— Анткени Кудай Өзү: „Сени калтырбайм жана таштабайм“,— деп айткан» (Эврейлерге 13:5).

14. Эмне себептен биз материалдык муктаждыктарыбыз үчүн өтө эле тынчсыздана бербешибиз керек?

14 Жогорудагы аяттан көрүнгөндөй, Жахаба бизди «калтырбайт жана таштабайт». Кудайдын бизге кам көрөрүн Ыйса да баса белгилеген: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары [жашоо үчүн эң керектүү нерселер] силерге кошулуп берилет. Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат» (Матай 6:33, 34). Жахаба биз үчүн анын Падышалыгын ынталуулук менен издөө, ошол эле учурда, өзүбүзгө материалдык жактан кам көрүү дайым эле оңой боло бербээрин билет. Ошондуктан Кудайдын бизге кам көрүүгө кудурети жетерине жана жардам бергиси келерине толук ишенели (Матай 6:25—32; 11:28—30).

15. Ыйсанын жолдоочулары көздөрүн кантип жөнөкөй сакташат?

15 Жахабага таянарыбызды «көзүбүздү жөнөкөй» сактоо менен көрсөтөбүз (Матай 6:22, 23, «ЖД»). Көзү жөнөкөй адам чын ыкластуу, таза ниеттүү жана ачкөздүктөн, атак сүйүүчүлүктөн алыс болот. Бирок көзүбүздү жөнөкөй сактоо деген өтө жакыр жашоону же өзүбүзгө кам көрбөй калууну билдирбейт. Биз Жахабага кылган кызматыбызды биринчи орунга коюш үчүн, өзүбүздү өзүбүз башкара билебиз (2 Тиметейге 1:7).

16. Көзүбүздү жөнөкөй сактоо үчүн эмне себептен ишеним жана кайраттуулук талап кылынат?

16 Көзүбүздү жөнөкөй сактоо үчүн ишеним жана кайраттуулук талап кылынат. Мисалы, жумуш берүүчүң дайыма жыйналыш жолугушуулары боло турган убакта иштешиңди талап кылса, рухий иштерди биринчи орунга коюуга чечкиндүү болосуңбу? Эгер Жахабанын өз кызматчыларына кам көрөрүнө шектенсек, Шайтан кысымын ого бетер күчөтө берет. Натыйжада жыйналыш жолугушууларына такыр эле барбай калышыбыз мүмкүн. Ооба, ишенимибиз жетишсиз болсо, Шайтандын торуна түшөбүз да, жашообузда эмнелер алдыңкы орунда турушу керектигин Жахаба эмес, ал чечип калат. Бул кандай гана өкүнүчтүү болмок! (2 Корунттуктарга 13:5).

«Теңирден үмүттөн»

17. Жахабага таянгандар кандай батага ээ?

17 Ыйык Жазмада көп жолу баса көрсөтүлгөндөй, Жахабадан үмүттөнүп, ага таянгандар эч качан өкүттө калбайт (Накыл сөздөр 3:5, 6; Жеремия 17:7). Ырас, кээде аларга колунда бар нерселерге ыраазы болуп жашоого туура келиши мүмкүн, бирок алар муну алдыда күтүп турган баталарга салыштырмалуу арзыбас курмандык катары көрүшөт. Ошону менен «Теңирден үмүт кыларын» жана берилген кызматчыларынын жүрөгүндөгү бардык жакшы каалоолорду аткарарына шектенишпей турганын көрсөтүшөт (Забур 36:4, 34). Андыктан алар азыртадан эле бактылуу. «Адил адамдарды кубаныч күтүп турат, мыйзамсыздардын үмүтү таш кабат» (Накыл сөздөр 10:28).

18, 19. а) Жахаба бизди эмнеге ынандырат? б) Кайсы учурда Жахаба биздин «оң жагыбызда» болот?

18 Атасынын колун кармап басып келаткан бала өзүн коопсуз, ишенимдүү сезет. Асмандагы Атабыздын жанында биз да өзүбүздү ошондой сезебиз. «Коркпо,— деген Жахаба ысрайыл элине,— анткени Мен сени мененмин... Сага жардам берем... Анткени Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: „Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам“» (Ышайа 41:10, 13).

19 Жахабанын колубуздан кармап турганын элестетүү кандай гана жагымдуу! «Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм»,— деп жазган Дөөт (Забур 15:8). Кайсы учурда Жахаба биздин «оң жагыбызда» болот? Ан үчүн биз, бери дегенде, эки талапка жооп беришибиз зарыл. Биринчиден, анын Сөзүнүн бизди жашообуздун бардык тармактарында жетектешине жол беришибиз керек. Экинчиден, Жахабанын келечекте бере турган баа жеткис сыйлыгын ишенимдүү түрдө күтүшүбүз керек. Забурчу Асап: «Мен ар дайым Сени мененмин. Сен мени оң колумдан кармап турасың. Сен мени Өз кеңешиң менен жетектеп турасың, анан мени даңкың менен кабыл аласың»,— деп ырдаган (Забур 72:23, 24). Мындай ынандыруулар бизге келечекти бекем ишеним менен күтүүгө жардам берет.

«Куткарыла турган күнүңөр жакындап» калды

20, 21. Жахабадан үмүттөнгөндөрдү кандай келечек күтүп турат?

20 Жахабанын «оң жагыбызда» болушу күн өткөн сайын маанилүү. Жакында жалган дин кыйратыла баштаганда, Шайтандын дүйнөсү мурда эч качан болуп көрбөгөн алааматка кабылат (Матай 24:21). Кудайсыз адамзатты коркунуч басат. Бирок мындай башаламандык өкүм сүргөн учурда да, Жахабанын кайраттуу кызматчылары үмүтү бар болгондуктан кубанышат. Ыйса: «Бул окуялар боло баштаганда, өйдө туруп, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарыла турган күнүңөр жакындайт»,— деп айткан (Лука 21:28).

21 Ошондуктан келгиле, Кудайдан алган үмүтүбүзгө кубанып, Шайтандын айла-амалдарына алданып-азгырылбайлы. Ошол эле учурда, ишенимди, сүйүүнү жана Кудайдан коркуу сезимин өрчүтүү үчүн күч-аракет жумшайлы. Ошентсек, Жахабага бардык жагдайларда тил алуу үчүн жана Шайтанга каршы туруу үчүн керектүү кайратка ээ болобуз (Жакып 4:7, 8). Ооба, «Теңирден үмүттөнгөндөрдүн баары, кайраттуу болгула, жүрөгүңөр бекем болсун!» (Забур 30:25).

[Шилтеме]

^ 1-абз. Грек Жазмаларында «үмүт» деген сөз көп учурда Ыйсанын майланган жолдоочуларынын асмандагы сыйлыгын билдирсе да, бул макалада ал сөздүн кадимки мааниси каралат.

Жооп бере аласыңарбы?

• Ыйсага үмүт кайраттуу болууга кандайча жардам берген?

• Ишеним менен үмүттүн ортосунда кандай байланыш бар?

• Жашообузда биринчи орунга эмнелерди коюуну чечүүдө кайраттуулук көрсөтүүгө үмүт менен ишеним кандайча жардам берет?

• «Теңирден үмүттөнгөндөр» эмне үчүн келечекке кайраттуулук менен карашат?

[Изилдөө суроолору]

[30-беттеги сүрөт]

Өзүңдүн бейиште жүргөнүңдү элестете аласыңбы?