Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимдин жана Кудайдан коркуунун аркасында кайраттуубуз

Ишенимдин жана Кудайдан коркуунун аркасында кайраттуубуз

Ишенимдин жана Кудайдан коркуунун аркасында кайраттуубуз

«Бекем, кайраттуу бол... Кудай-Теңириң... сени менен болот» (Жашыя 1:9).

1, 2. а) Эмне үчүн, адамдык көзкараш боюнча, ысрайылдыктар канаандыктарды жеңе албачудай көрүнгөн? б) Жахаба Жашыяны эмнеге ишендирген?

ЫСРАЙЫЛ эли б.з.ч. 1473-жылы Убадаланган жерге кирүүгө даяр болчу. Муса алдыда кыйынчылыктар күтүп турганын элге эскертип, мындай деген: «Ысрайыл, көк тиреген чептүү чоң шаарлары бар, сенден алда канча көп жана күчтүү элди басып алыш үчүн, сен азыр Иордандын аркы өйүзүнө өтүп бара жатасың. Ал эл — саны көп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жөнүндө... „Анактын уулдарына ким каршы тура алат?“ — деген сөздү угуп жүрөсүң» (Мыйзам 9:1, 2). Чын эле, алар атагы алыска чыккан алп жоокерлер болчу! Анын үстүнө, кээ бир канаандыктардын аскерлери согушка баштан-аяк куралданып, ат минип, дөңгөлөктөрүндө темир чалгылары бар арабалар менен чыгышчу (Башкаруучулар 4:13).

2 Ысрайыл эли болсо кулчулукта жүрүп, 40 жылдык чөл кезүүсүн аяктаганына аз эле болгон. Ошондуктан, адамдык көзкараш менен караганда, алар душмандарынын үстүнөн жеңишке ээ болбочудай көрүнгөн. Бирок Мусанын ишеними күчтүү болгон. Ал Жахабанын өз элин жетектеп келатканын көргөн (Эврейлерге 11:27). Муса аларга: «Кудай-Теңириң... сенин алдыңда бара жатат. Теңир аларды кырат, сага багынтып берет»,— деген (Мыйзам 9:3; Забур 32:16, 17). Муса көз жумгандан кийин, Жахаба Жашыяны: «Эми сен тур, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары менен бирге мына бул Иордан аркылуу өт. Өмүрүң өткөнчө сага эч ким туруштук бере албайт. Мен Муса менен кандай болсом, сени менен да ошондой болом»,— деп ишендирген (Жашыя 1:2, 5).

3. Жашыя эмнеден улам ишенимге, кайраттуулукка ээ болгон?

3 Жахабанын колдоосуна жана жетекчилигине ээ болуу үчүн, Жашыя Кудайдын Мыйзамын окуп, ал тууралуу ой жүгүртүп, үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонууга тийиш эле. «Ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың,— деген Жахаба.— Мен сага буйрук кылам: бекем, кайраттуу бол, жалтанба да коркпо, анткени сен кайда барсаң, Кудай-Теңириң ошол жерде сени менен болот» (Жашыя 1:8, 9). Жашыя Кудайдын тилин алгандыктан кайраттуу, бекем болуп, ийгиликке жеткен. Бирок анын замандаштарынын көбү Кудайдын тилин алган эмес. Натыйжада алар ийгиликке жетпей, чөлдө набыт болушкан.

Ишенимсиз жана кайратсыз эл

4, 5. а) Он чалгынчынын маанайы Жашыя менен Калептин маанайынан эмнеси менен айырмаланган? б) Жахаба ишеним көрсөтпөгөн ысрайыл эли тууралуу эмне деген?

4 Ысрайыл эли Канаанга биринчи жолу келгенде, кырк жыл мурун, Муса 12 кишини жер чалууга жөнөткөн. Алардын ону коркуп келишкендиктен: «Биз көргөн кишилердин бардыгы алп кишилер экен. Ал жерден биз Анактын алп тукумунан чыккан алптарды көрдүк, алардын жанында биз өзүбүздү чегирткедей сездик»,— деп чуу салышкан. Ал жерде Анактын тукумдары эле эмес, «кишилердин бардыгы» алп болушканбы? Жок. Же Анактын алп уулдары Топон суунун алдындагы нефилимдердин тукумдары беле? Жок, андай деле эмес болчу. Ошентсе да апыртма сөздөрдүн айынан эл коркуу сезимине алдырып, кул болуп жүргөн жагына, Мисирге, кайтып барууну каалашкан (Сандар 13:32—14:4).

5 Бирок тыңчылардын экөө: Жашыя менен Калеп Убадаланган жерге барууга дилгир болушкан. Алар: «Биз ал элди жеңип алабыз, анткени алардын коргоочусу жок. Ал эми биз менен Теңир бара жатат, ошондуктан алардан коркпогула»,— дешкен (Сандар 14:9). Жашыя менен Калеп негизсиз эле эржүрөктөнө беришкенби? Жок. Башка ысрайылдыктардай эле, алар Жахабанын он жаза менен кубаттуу Мисирдин жана анын кудайларынын алсыз экенин айгинелегенин көрүшкөн. Анан фараонду аскерлери менен кошо Кызыл деңизде чөктүргөнүнө да күбө болушкан (Забур 135:15). Демек, он чалгынчынын жана аларга ишенгендердин коркуу сезимине алдырганын актоого болбойт. Ошондуктан Жахаба: «Мен аларга кереметтерди көрсөткөндөн кийин да, Мага ишенбей жүрө беришеби?» — деп нааразы болгон (Сандар 14:11).

6. Кайраттуулук менен ишенимдин ортосунда кандай байланыш бар жана бүгүнкү күндө аны эмнеден көрүүгө болот?

6 Жахаба көйгөйдүн тамыры каякта экенин — элдин коркоктугу ишенимдин жетишсиздигинен келип чыкканын — көрсөткөн. Ооба, ишеним менен кайраттуулуктун ортосунда тыгыз байланыш бар. Ошондуктан элчи Жакан Ыйсанын рухий согушка катышкан жолдоочуларынын жыйналышына: «Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе — бул биздин ишенимибиз»,— деп жазган (1 Жакан 5:4). Бүгүн Жашыя менен Калептикиндей ишенимге ээ болуунун аркасында алты миллиондон ашык Жахабанын Күбөсү: жашы да, карысы да, күчтүүсү да, алсызы да Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча таратып жатат. Бул ары кубаттуу, ары кайраттуу «аскердин» үнүн эч качан, эч бир душман баса албай келет (Римдиктерге 8:31).

«Артка кетенчиктегендерден эмеспиз»

7. «Артка кетенчиктөө» деген эмнени билдирет?

7 Бүгүн Жахабанын кызматчылары жакшы кабарды тайманбастык менен жарыялашат, анткени алар элчи Пабылдыкындай көзкарашка ээ. Пабыл: «Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенгендерденбиз»,— деп жазган (Эврейлерге 10:39). «Артка кетенчиктегендик» кыска убакытка созулуучу коркуу сезимин билдирбейт, себеби Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын башкалардан корккон учурлары көп эле болгон (1 Шемуел 21:12; 1 Падышалар 19:1—4). Бир ыйык китептик сөздүккө ылайык, бул сөз айкашы «чегинүүнү, четтөөнү» жана «чындыкка карманбай, кайдыгер болууну» билдирет. Андан ары сөздүктө Кудайга кызмат кылууда «артка кетенчиктөөнү» «парусун түшүрүп койгон кеменин жүрүшүнүн жайлашына» салыштырууга болору белгиленет. Бирок ишеними күчтүүлөр кыйынчылыкка, куугунтукка, ооруга же дагы башка сыноолорго дуушар болгондо «жүрүшүн жайлатып» коюшпайт. Тескерисинче, алар Жахабанын кам көрөрүнө жана Анын алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин билерине шектенишпейт. Андыктан кызматын ынталуулук менен уланта беришет (Забур 54:23; 102:14). Сенин да ишенимиң ошондойбу?

8, 9. а) Жахаба Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын ишенимин кантип бекемдеген? б) Ишенимибизди бекемдөө үчүн эмне кылсак болот?

8 Бир жолу элчилер ишеними али тайкы экенин түшүнүп, Ыйсадан: «Ишенимибизди арттыр»,— деп чын дилден суранышкан (Лука 17:5). Алардын өтүнүчү, айрыкча, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында аткарылган. Ал күнү аларга убадаланган ыйык рух түшүп, Кудайдын Сөзүн жана ой-ниетин тереңирээк түшүнүүгө жардам берген (Жакан 14:26; Элчилер 2:1—4). Шакирттер ишеними бекемделген соң, каршылыкка карабай, жакшы кабарды «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыялоону» улантышкан (Колосалыктарга 1:23; Элчилер 1:8; 28:22).

9 Ишенимибизди бекемдеп, кызматыбызды ынталуулук менен аткара берүү үчүн, биз да Ыйык Жазманы изилдөөгө, ой жүгүртүүгө жана ыйык рух сурап тиленүүгө тийишпиз. Жашыяга, Калепке жана Ыйсанын алгачкы шакирттерине окшоп, Кудайдын чындыгын акылыбызга, жүрөгүбүзгө сиңирүү менен рухий согушта кайраттуу күрөшүүгө жана жеңүүчүлөрдөн болуп чыгууга өбөлгө түзгөн ишенимге ээ боло алабыз (Римдиктерге 10:17).

Ишеним Кудайга ишенүүнү эле билдирбейт

10. Чыныгы ишенимге эмнелер кирет?

10 Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларынын жашоосунан көрүнүп тургандай, кайраттуу жана туруктуу болууга түрткү берген ишеним Кудайга ишенүү менен гана чектелбейт (Жакып 2:19). Биз Жахабанын кандай Кудай экенин таанып-билип, ага толугу менен ишеним артышыбыз керек (Забур 77:5—8; Накыл сөздөр 3:5, 6). Андан тышкары, Кудайдын мыйзамдарына, принциптерине кулак кагуу бизге чоң пайда алып келерине чын жүрөктөн ишенишибиз зарыл (Ышайа 48:17, 18). Ошондой эле Жахабанын өзүнүн бардык убадаларын аткарарына жана «Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине» бекем ишенишибиз талап (Эврейлерге 11:1, 6; Ышайа 55:11).

11. Жашыя менен Калеп ишеними жана кайраттуулугу үчүн кандай баталарды алышкан?

11 Андай ишеним барган сайын өсүп-өрчүй берет. Чындык боюнча жашап, анын пайдасын «татканда», тиленүүлөрүбүзгө жооп алып жатканыбызды жана Жахабанын ар кандай жолдор менен жетекчилик берип жатканын «көргөндө», ишенимибиз өспөй койбойт (Забур 33:9; 1 Жакан 5:14, 15). Кудайдын жакшылыктарын татыганда, Жашыя менен Калептин да ишеними тереңдегени шексиз (Жашыя 23:14). Алар төмөнкүдөй баталарды алышкан: 40 жылдык чөл кезүүдөн кийин, Кудайдын убадасы боюнча, Убадаланган жерге киришкен (Сандар 14:27—30; 32:11, 12); Канаан жерин басып алыш үчүн жүргүзүлгөн, алты жылга созулган согушта экөө өзгөчө жоопкерчиликтерге ээ болгон; чың денсоолукта узак өмүр сүрүшкөн; андан тышкары, үлүшкө жер алышкан. Чын эле, Жахаба ишенимдүүлүк, кайраттуулук менен кызмат кылгандарга батасын мол берет! (Жашыя 14:6, 9—14; 19:49, 50; 24:29).

12. Жахаба өз сөзүн кандайча жогору коёт?

12 Кудайдын Жашыя менен Калепке көрсөткөн жакшылыктары забурчунун: «Сен Өз сөзүңдү Өзүңдүн бардык ысымдарыңдан жогору койдуң»,— деген сөздөрүн эсибизге салат (Забур 137:2). Жахаба өзүнүн ысмы менен убада бергенде, анын аткарылышы «жогору коюлат», башкача айтканда, биз күткөндүн бардыгынан ашып түшөт (Эфестиктерге 3:20). Ооба, Жахаба «Теңир [аны] менен кубангандарды» эч качан өкүттө калтырбайт (Забур 36:3, 4).

Кудайга жаккан адам

13, 14. Эмне үчүн Энохко бекем ишеним жана кайраттуулук зарыл болгон?

13 Байыркы убакта жашаган дагы бир күбөнүн, Энохтун, үлгүсүн карап чыгып, ишенимге жана кайраттуулукка байланыштуу көп нерсени биле алабыз. Энох, сыягы, ишеними менен кайраттуулугунун сыналарын пайгамбарлык кыла баштаганга чейин эле билген. Анткени Жахаба Эйденде Ага кызмат кылгандар менен Шайтан Ибилиске кызмат кылгандардын ортосунда кастык, жек көрүү өкүм сүрөрүн алдын ала айткан (Башталыш 3:15). Энох ал жек көрүү сезими адамзат тарыхынын башталышында эле, Кабыл биртууганы Абылды өлтүргөндөн тартып, өрчүй баштаганын да билген. Себеп дегенде, алардын атасы — Адам — Энох төрөлгөндөн кийин дагы 310 жылдай жашаган (Башталыш 5:3—18).

14 Ушунун баарына карабай Энох Кудайга кайраттуулук менен кызмат кылып, Ага каршы «осол сөздөрдү айткан» адамдарды ашкерелеген (Башталыш 5:22; Жүйүт 14, 15). Ал чыныгы сыйынуу үчүн тайманбастык менен күрөшкөндүктөн, болжолу, душмандары көбөйүп, өмүрүнө коркунуч туулган. Ошондуктан Жахаба Энохту жактырарын билдиргенден кийин, аны азаптуу өлүмдөн сактап, сыягы, пайгамбарлык көрүнүш учурунда өмүрдөн өлүмгө «алып кеткен» (Эврейлерге 11:5, 13; Башталыш 5:24).

15. Энох Жахабанын бүгүнкү кызматчыларына кандай үлгү калтырган?

15 Пабыл Энохтун «алынып кеткенин» айтып өткөндөн кийин ишенимдин маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилеп: «Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес»,— деген (Эврейлерге 11:6). Ооба, ишеним Энохко Жахабага кайраттуулук менен кызмат кылууга жана бузулган дүйнөгө Анын өкүмүн жарыялоого түрткү берген. Муну менен ал бизге сонун үлгү калтырган. Биз да чыныгы сыйынууга каршы болгон жана жамандыкка толгон азыркы дүйнөдө Энохтукундай ишти аткарып жатабыз (Забур 91:8; Матай 24:14; Аян 12:17).

Кудайдан коркуу менен кайраттуу болуу

16, 17. Обадия деген ким болгон жана ал Жахабага кандай жагдайда кызмат кылган?

16 Кайраттуу болууга бизге, ишенимден тышкары, Кудайдан урмат-сый менен коркуу сезими да жардам берет. Келгиле, Илияс пайгамбардын жана Ысрайылдын түндүк падышалыгын Ахап башкарып турган убакта жашаган бир адил адамдын үлгүсүн карап чыгалы. Ахаптын тушунда Баалга табынуу түндүк падышалыкта кеңири жайылган эле. Ал түгүл, Баалдын 450 пайгамбары жана Ашейранын 400 пайгамбары Ахаптын аялы «Изебелдин дасторконунан тамактанчу» (1 Падышалар 16:30—33; 18:19).

17 Жахабанын душманы болгон катаал Изебел Ысрайылдагы чыныгы сыйынууну жоюуга умтулган. Ал Жахабанын пайгамбарларын кырып, Кудайдын көрсөтмөсү менен Иордан дарыясынын аркы өйүзүндө жашынып жүргөн Илиясты да өлтүрүүнү көздөгөн (1 Падышалар 17:1—3; 18:13). Ошол убакта түндүк падышалыкта таза сыйынууну жактоо кандай кыйын болгонун элестетсең. А эгер ошондо сен падышанын сарайында кызмат кылсаң, көрөр күнүң эмне болмок? Кудайдан корккон Обадия * болсо, Ахаптын аксарай башчысы, Жахабага ошондой жагдайда кызмат кылган (1 Падышалар 18:3).

18. Обадия Жахабанын кызматчысы катары эмнеси менен өзгөчөлөнгөн?

18 Обадиянын Жахабага акылдуулук, сактык менен кызмат кылганы шексиз. Ошол эле учурда, ал Кудайга болгон берилгендигинен тайган эмес. 1 Падышалар 18:3тө: «Обадия Кудайдан аябай корккон киши эле»,— деп айтылат. Ооба, Обадия Кудайдан корккондугу менен өзгөчөлөнгөн. Ошондуктан ал эбегейсиз кайраттуу адам болгон; бул Изебел Жахабанын пайгамбарларын өлтүргөндөн кийин айкын көрүнгөн.

19. Обадиянын эржүрөктүгүн эмнеден көрүүгө болот?

19 «Изебел Теңирдин пайгамбарларын кырган кезде, Обадия жүз пайгамбарды алып, элүү кишиден үңкүрлөргө катып, аларды нан жана суу менен баккан» (1 Падышалар 18:4). Жүз адамды жашыруун түрдө азыктандырып туруу өтө коркунучтуу иш болгону айтпаса да түшүнүктүү. Обадия Ахап менен Изебелдин эле эмес, падыша сарайына из суутпай каттап турган 850 жалган пайгамбардын да көзүнө урунуудан сак болушу керек эле. Андан тышкары, өлкөдөгү көп сандаган башка жалган сыйынуучулар (дыйканынан төрөсүнө чейин), падыша менен ханышага жагынуу үчүн, Обадиянын ишин ачыкка чыгаруудан кайра тартышмак эмес. Айланасында ошончо бурканга табынуучулар жүргөнүнө карабай, Обадия Жахабанын пайгамбарларын эржүрөктүк менен бага берген. Ооба, Кудайдан коркуунун күчү кандай гана зор болушу мүмкүн!

20. Кудайдан коркуу сезими Обадияга кандай жардам берген жана андан сен кандай үлгү алсаң болот?

20 Обадия Кудайдан коркуунун аркасында эржүрөктүк көрсөткөндүктөн, Жахаба аны душмандарынан коргоп келгени шексиз. Накыл сөздөр 29:25те: «Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот»,— деп айтылат. Обадия кадимки эле адам болгон, ошол себептүү кармалып калып өлүм жазасына тартылуудан коркпой койгон эмес. Анын ордунда болсок, биз деле коркмокпуз (1 Падышалар 18:7—9, 12). Ошентсе да Кудайдан коркуу ага кайраттуу болууга жана адамдардан коркуу сезимин жеңүүгө жардам берген. Обадия баарыбыз үчүн, айрыкча, өз эркиндигин, атүгүл өмүрүн тобокелге салып Жахабага кызмат кылып жүргөндөр үчүн сонун үлгү болуп саналат (Матай 24:9). Келгиле, биз да Жахабага «коркуу жана урмат көрсөтүү менен» кызмат кылууга умтулалы! (Эврейлерге 12:28).

21. Эмки макалада эмне каралат?

21 Ооба, ишеним жана Кудайдан коркуу кайраттуулук өрчүтүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми сүйүү алардан да чоң күчкө ээ. Пабыл: «Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген»,— деп жазган (2 Тиметейге 1:7). Эмки макалада сүйүүнүн бизге ушул акыркы оор күндөрдө Жахабага кайраттуулук менен кызмат кылууга кандайча жардам берерин карап чыгабыз (2 Тиметейге 3:1).

[Шилтеме]

^ 17-абз. Обадия пайгамбар эмес.

Жооп бере аласыңарбы?

• Жашыя менен Калепке кайраттуу болууга эмне жардам берген?

• Чыныгы ишенимге эмнелер кирет?

• Эмне үчүн Энох Кудайдын өкүмүн тайманбастык менен жарыялаган?

• Кудайдан коркуу кайраттуу болууга кандайча жардам берет?

[Изилдөө суроолору]