Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүү менен чыңдалган кайрат

Сүйүү менен чыңдалган кайрат

Сүйүү менен чыңдалган кайрат

«Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген» (2 Тиметейге 1:7).

1, 2. а) Сүйүү адамга эмне кылууга түрткү берет? б) Эмне үчүн Ыйсанын кайраттуулугу өзгөчө көрүнүктүү болгон?

ЖАҢЫ эле үйлөнгөн жубайлар Австралиянын чыгышындагы бир шаарга жакын деңиз жээгинде акваланг кийип сүзүп жүрүшкөн. Алар суунун үстүнө чыгышканда, аялын көздөй ак акула атырылып келатканы көзгө урунган. Ошондо күйөөсү аялын четке түртүп жиберип, акулага өзү жем болгон. Жесир калган аялы сөөк коюу каадасында: «Ал мен үчүн өз өмүрүн берди»,— деген.

2 Ооба, сүйүү адамдарга эбегейсиз зор кайраттуулук көрсөтүүгө түрткү бериши мүмкүн. Ыйса Машайак: «Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок»,— деп айткан (Жакан 15:13). Бул сөздөрдү айтканынан 24 саат өтпөй Ыйса өзүнүн өмүрүн бир эле адам үчүн эмес, бүт адамзат үчүн берген (Матай 20:28). Анын эрдиги күтүлбөгөн жерден көрсөтүлгөн эмес. Ыйса шылдыңга алынарын, кордолорун, адилетсиз түрдө соттолорун жана кыйноо мамысында өлөрүн алдын ала билген. Ал тургай, шакирттерин даярдап, мындай деген: «Мына, биз Иерусалимге жакындап калдык. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет, Ага өлүм жазасын өкүм кылып, бутпарастардын колуна өткөрүп беришет. Аны кордошот, сабашат, бетине түкүрүшөт, анан Аны өлтүрүшөт» (Марк 10:33, 34).

3. Ыйсанын зор кайрат көрсөтүшүнө эмне өбөлгө түзгөн?

3 Ыйсанын өзгөчө кайраттуу болушуна эмне өбөлгө түзгөн? Албетте, биринчи кезекте, ага ишеним жана Кудайдан коркуу жардам берген (Эврейлерге 5:7; 12:2). Бирок Ыйсанын кайраттуулугу, баарынан мурда, анын Кудайга жана адамдарга болгон сүйүүсүнөн келип чыккан (1 Жакан 3:16). Ишенимге ээ болуп, Кудайдан коркуу менен бирге, ошондой сүйүү өрчүтсөк, биз да Ыйсаныкындай кайраттуулук көрсөтө алабыз (Эфестиктерге 5:2). Андай сүйүүнү кантип өрчүтүүгө болот? Ан үчүн адегенде анын Булагын билип алуу зарыл.

«Сүйүү Кудайдан»

4. Эмне үчүн Жахабаны сүйүүнүн Булагы деп атоого болот?

4 Жахаба — сүйүү. Демек, сүйүүнүн Булагы. «Сүйүктүүлөрүм,— деп жазган элчи Жакан,— бири-бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү Кудайдан. Ким сүйсө, ал Кудайдан туулган жана Кудайды билет. Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:7, 8). Демек, адам так билим алуу аркылуу Жахабага жакындап, үйрөнгөндөрүн тил алчаактык менен чын жүрөктөн колдонгондо гана Кудайдыкындай сүйүү өрчүтө алат (Филипиликтерге 1:9; Жакып 4:8; 1 Жакан 5:3).

5, 6. Ыйсаныкындай сүйүү өрчүтүүгө анын алгачкы жолдоочуларына эмне жардам берген?

5 Ыйса ишенимдүү 11 элчиси менен акыркы жолу тиленип жатып, Кудайды билүү менен сүйүү өрчүтүүнүн ортосунда тыгыз байланыш бар экенин көрсөткөн. Ал: «Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем»,— деп айткан (Жакан 17:26). Ыйса шакирттерине Атасынын ысмын ачып берген, башкача айтканда, Анын кереметтүү сапаттарга ээ Кудай экенин сөзү менен да, үлгүсү менен да көрсөтүп, Атасы экөөнүн ортосундагыдай сүйүү өрчүтүүгө жардам берген. Ошондуктан ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9, 10; 17:8).

6 Ыйсаныкындай сүйүү Кудайдын ыйык рухунун жемишин түзгөн сапаттардын бири болуп саналат (Галатиялыктарга 5:22). Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында шакирттерге убадаланган ыйык рух түшкөндө, алар Ыйса үйрөткөн көп нерселерди эстешкен жана Ыйык Жазмада айтылгандарды тереңирээк түшүнө башташкан. Бул алардын Кудайга болгон сүйүүсүн бекемдегени шексиз (Жакан 14:26; 15:26). Ошондуктан алар өмүрүнө коркунуч туулганда да жакшы кабарды тайманбастык, ынталуулук менен айтышкан (Элчилер 5:28, 29).

Кайраттуулук жана иш жүзүндө көрсөтүлгөн сүйүү

7. Пабыл менен Барнаба миссионердик сапарда жүргөндө башынан эмнелерди өткөрүшкөн?

7 Элчи Пабыл: «Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген»,— деген (2 Тиметейге 1:7). Пабыл бул сөздөрдү өз тажрыйбасынан улам айткан. Барнаба менен миссионердик сапарда жүргөндө, алар көп сыноолорго дуушар болушкан. Экөө Антийохеяда, Иконияда, Листрада жана башка көп шаарларда кабар айтышкан. Ал шаарлардан чындыкты тааныган адамдар чыккан, бирок катуу каршылык көрсөткөндөр да болгон (Элчилер 13:2, 14, 45, 50; 14:1, 5). Листрада каары кайнаган адамдар Пабылды жадагалса ташбараңга алып, өлдү деп таштап кетишкен! Бирок «шакирттер Пабылдын тегерегине чогулуп калышканда, ал ордунан туруп, шаарга кирген. Эртеси күнү Барнаба менен бирге Дербеге жөнөп кеткен» (Элчилер 14:6, 19, 20).

8. Пабыл менен Барнабанын кайраттуулугунан адамдарга болгон күчтүү сүйүүсү кандайча көрүнгөн?

8 Пабылдын өмүрүнө кол салынгандан кийин, Барнаба экөө коркуп кабар айтпай калышканбы? Жок. Алар Дербе шаарында «бир нече адамды Ыйсанын шакирти кылышкандан кийин», «кайрадан Листраны, Иконияны жана Антийохеяны» көздөй жөнөшкөн. Эмне үчүн? Жаңыларды кайраттандырып, ишенимин бекем сактоого үндөш үчүн. Алар: «Кудайдын Падышачылыгына көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек»,— дешкен. Ооба, Пабыл менен Барнаба Ыйсанын койлоруна болгон күчтүү сүйүүсүнөн улам кайраттуу болушкан (Элчилер 14:21—23; Жакан 21:15—17). Алар жаңы түзүлгөн жыйналыштардын ар бирине аксакалдарды дайындагандан кийин, тиленип, «аларды өздөрү ишенген Теңирге тапшырышкан».

9. Эфестик аксакалдар Пабылдын сүйүүсүнө кандай жооп кайтарышкан?

9 Пабыл ушунчалык камкор, кайраттуу адам болгондуктан, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын көбү аны абдан жакшы көрүшкөн. Ал эфестик аксакалдар менен жолукканда эмне болгонун эстесеңер. Пабыл мурун Эфесте үч жыл кызмат кылып, көп каршылыктарга чыдаган эле (Элчилер 20:17—31). Өздөрүнө тапшырылган Кудайдын оторун кайтарууга үндөгөндөн кийин, Пабыл аксакалдар менен чогуу тизе бүгүп тиленген. Анан «бардыгы аябай ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап өпкүлөшкөн. Аларды Пабылдын „Мени мындан кийин көрбөйсүңөр“ деген сөзү өзгөчө кайгырткан». Алар аны кандай гана жакшы көрүшкөн! Ошондуктан Пабыл менен анын сапарлаштарынын кетишин каалабай жатып араң жиберишкен (Элчилер 20:36—21:1).

10. Жахабанын азыркы Күбөлөрү кантип кайраттуу болуп, бири-бирине сүйүү көрсөтүп келишет?

10 Бүгүнкү күндө да биртуугандар кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү, жыйналыш аксакалдарын жана башка көптөгөн кызматчыларды Жахабанын койлоруна кайраттуулук менен кам көргөнү үчүн жакшы көрүшөт. Мисалы, жарандык согуш жүрүп жаткан же кабар айтуу ишине тыюу салынган өлкөлөрдө кыдыруучу көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары жыйналыштарды бекемдөө үчүн өмүрүн, эркиндигин тобокелге салып келишкен. Ошо сыяктуу эле, көп сандаган Күбөлөр ишенимдештерин сатпаганы үчүн же рухий тамакты кайдан алып жатышканын айтпаганы үчүн колунда бийлиги бар кас маанайдагы адамдардан жана аларды жактагандардан кордук көрүп келишет. Миңдегендерин жакшы кабар таратууну токтотуудан же жыйналыш жолугушууларында ишенимдештери менен пикирлешүүдөн баш тартышпаганы үчүн куугунтукташкан, кыйнашкан, атүгүл өлтүрүшкөн (Элчилер 5:28, 29; Эврейлерге 10:24, 25). Келгиле, ушундай кайраттуу биртуугандарды туурап, алардын ишениминен жана сүйүүсүнөн үлгү алалы! (1 Тесалоникалыктарга 1:6).

Сүйүүңөрдүн сууп калышына жол бербегиле

11. Шайтан рухий согушта Жахабанын кызматчыларына каршы кандай айла-амалдарды колдонот жана бизден эмне талап кылынат?

11 Жерге куулуп түшүрүлгөндө, Шайтан Жахабанын кызматчыларына бүт күчү менен каарын төгүүгө умтулган, анткени алар «Кудайдын осуяттарын аткарып, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ» болушкан (Аян 12:9, 17). Ибилистин айла-амалдарынын бири — куугунтуктоо. Бирок көп учурда ал ыкмасы тескери натыйжа берет, себеби куугунтуктоолор Кудайдын элинин биримдигин ого бетер чыңдап, бири-бирине болгон сүйүүсүн бекемдейт жана көптөрүнө мурдагыдан да ынталуулук менен кызмат кылууга түрткү берет. Шайтандын айла-амалдарынын дагы бири — адамдардын күнөөгө азгырган каалоолорун колдонуу. Бул амалга каршы туруу үчүн, кайраттуулукту башкача жол менен көрсөтүү талап кылынат, анткени күрөш ички дүйнөбүздө жүрөт: биз «өтө анткор, өтө бузулган» жүрөгүбүздүн туура эмес каалоолору менен алпурушабыз (Жеремия 17:9; Жакып 1:14, 15).

12. Шайтан, Кудайга болгон сүйүүбүздү суутуш үчүн, «дүйнөнүн рухун» кантип колдонот?

12 Шайтан колдонгон куралдардын дагы бири — «дүйнөнүн руху», башкача айтканда, Кудайдын ыйык рухуна карама-каршы келген, басымдуулук кылуучу маанай (1 Корунттуктарга 2:12). Дүйнөнүн руху «көз кумары» болгон ачкөздүктүн жана дүнүйөкорлуктун кеңири жайылышын шарттайт (1 Жакан 2:16; 1 Тиметейге 6:9, 10). Материалдык буюмдардын, акчанын өзү зыяндуу эмес. Бирок аларга болгон сүйүүбүздүн Кудайга болгон сүйүүбүздү сүрүп чыгышына жол берсек, анда Шайтан уткан болот. Дүйнөнүн рухунун «бийлиги», атап айтканда, таасирдүү күчү аба сыяктуу бардык жерге жайылып, митаамдык, өжөрлүк менен, күнөөкөр дененин каалоолорун козгоо менен чагылдырылат. Ошон үчүн дүйнөнүн рухунун жүрөгүңөргө таасир этишине жол бербегиле! (Эфестиктерге 2:2, 3; Накыл сөздөр 4:23).

13. Адеп-ахлактык тазалыгыбызды сактоодо кайраттуулугубуз кантип сыналышы мүмкүн?

13 Бирок дүйнөнүн каардуу рухуна каршы туруп, аны четке кагуу үчүн, адеп-ахлактык жактан кайраттуу болуу талап кылынат. Мисалы, адепсиз нерселер көрсөтүлгөндө, кинотеатрдан чыгып кетүү үчүн, же болбосо компьютердиби, телевизордубу, өчүрүп салуу үчүн кайраттуу болушубуз керек. Курбулардын кысымына туруштук берүү үчүн жана жаман чөйрө менен мамилелешпөө үчүн да кайраттуу болуу зарыл. Ошондой эле классташтардын, чогуу иштегендердин, коңшулардын же туугандардын шылдыңына карабай Кудайдын мыйзамдарына жана принциптерине кармануу да кайраттуулукту талап кылат (1 Корунттуктарга 15:33; 1 Жакан 5:19).

14. Дүйнөнүн руху таасир этип жатса, эмне кылышыбыз керек?

14 Ошондуктан Кудайга жана рухий биртуугандарыбызга болгон сүйүүбүздү чыңдашыбыз кандай гана маанилүү! Дүйнөнүн руху бизге кандайдыр бир жол менен таасир этип жаткан жокпу деп, максаттарыбызды жана жашоо мүнөзүбүздү текшерип турушубуз зарыл. Эгер таасир этип жатса (анча-мынча болсо да), анда Жахабага тиленип, жүрөгүбүздү дүйнөнүн рухунан тазалоого жана андан оолак болууга кайраттуулук сурашыбыз керек. Жахаба чын жүрөктөн айтылган мындай өтүнүчтөрдү четке какпайт (Забур 50:19). Анын үстүнө, Кудайдын руху дүйнөнүкүнөн алда канча күчтүү (1 Жакан 4:4).

Сыноолорго кайраттуулук менен туруштук берүү

15, 16. Ыйсаныкындай сүйүү бизге сыноолорду көтөрүүгө кантип жардам бере алат? Мисал келтиргиле.

15 Жахабанын кызматчылары күрөшүп келаткан кыйынчылыктардын арасында жеткилеңсиздик менен карылыктын кесепети болгон оорулар, майыптык, көңүл чөгөттүк жана башка көйгөйлөр бар (Римдиктерге 8:22). Ыйсаныкындай сүйүү бизге ошол сыяктуу сыноолорду көтөрүүгө жардам берет. Мисалы, Замбияда Ыйсанын жолдоочуларынын үйбүлөсүндө чоңойгон Наманголва эки жашында эле майып болуп калган. Ал мындай дейт: «Көрүнүшүм башкалардын үрөйүн учурат деп ойлоп, коруна берчүмүн. Бирок рухий биртуугандарым көзкарашымды өзгөртүүгө жардам беришти. Натыйжада корунчаактыгым калып, убакыттын өтүшү менен чөмүлтүлдүм».

16 Наманголванын майыптар коляскасы бар болсо да, көп учурда ага кумдуу, топурактуу жерлерден эмгектеп өтүүгө туура келет. Ошого карабай ал жылына, бери дегенде, эки ай көмөкчү пионер болуп кызмат кылат. Бир үй ээси андан кабар укканда ыйлап жиберген. Эмне себептен? Анткени аны Наманголванын ишеними жана кайраттуулугу абдан таасирленткен. Наманголванын жардамы менен чындыкка келгендердин бешөө чөмүлтүлүп, алардын бири жыйналыштын аксакалы болуп кызмат кылат. Бул Жахабанын ага батасын мол бергенин көрсөтөт. «Бутум сыздап көп ооруйт, бирок ооруга моюн сунуп бербейм»,— дейт ал. Бул биртууган денеси алсыз, бирок Кудайды жана жакындарын сүйгөндүктөн руху күчтүү көптөгөн Күбөлөрдүн бири гана. Жахабанын көз алдында алар кандай баалуу! (Акай 2:7, МАК).

17, 18. Ооруга жана башка сыноолорго чыдоого көптөргө эмне жардам берет? Жергиликтүү мисалдардан айтып бергиле.

17 Өнөкөт оорунун айынан да адамдын ындыны өчүп, көңүлү чөгүшү мүмкүн. Бир аксакал мындай дейт: «Биздин китеп изилдөөдөгү биртуугандардын бири диабеттен, бөйрөгү начар иштегенинен кыйналат, башкасы рак менен ооруйт, экөө артриттин оор түрүнөн азап тартышат, дагы бирөө теринин кургак учугу жана фибромиалгия менен ооруйт. Кээде алардын көңүлү чөгөт. Бирок алар жыйналыш жолугушууларына катуу ооруп же ооруканага жатып калганда эле келбей калышат. Ошентсе да баары кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышат. Алар: „Мен алсыз болгондо күчтүүмүн“,— деген Пабылды эске түшүрүшөт. Мен алардын сүйүүсүнө, кайраттуулугуна суктанам. Сыягы, өздөрүнүн абалынан улам алар жашоодо чынында эмне маанилүү экенин жакшы түшүнүшөт окшойт» (2 Корунттуктарга 12:10).

18 Силер да бейкаруулук, оору же дагы башка көйгөйлөр менен алпурушуп жатсаңар, Кудайдан жардам сурап үзгүлтүксүз тиленгиле. Бул көңүл чөгөттүккө алдырбоого көмөк кылат (1 Тесалоникалыктарга 5:14, 17). Албетте, көңүлүңөр бирде көтөрүлсө, бирде түшүшү мүмкүн. Бирок рухий нерселер жөнүндө, өзгөчө Падышалыкка болгон баа жеткис үмүтүбүз тууралуу көбүрөөк ойлонуп, оң маанай сактоого аракет кылгыла. Бир ишенимдешибиз: «Кабар айтуу кызматы — дартыма даба»,— деген. Башкаларга жакшы кабар айтуу ага оң көзкараш сактоого жардам берет.

Сүйүү Жахабага кайтып келүүгө түрткү берет

19, 20. а) Күнөө кылып жүргөндөргө Жахабага кайтып келүүгө эмне жардам берет? б) Эмки макалада эмне талкууланат?

19 Рухий жактан алсырап калган же күнөө кылып алган биртуугандардын көбү үчүн Жахабага кайрылып келүү оңойго турбайт. Бирок, алар чын жүрөктөн өкүнүп, Кудайга болгон сүйүүсүн жандандырууга аракеттенишсе, кайра кайтып келиш үчүн зарыл болгон кайраттуулукка ээ боло алышат. Мисалга АКШда жашаган Мариону * алалы. Ал жыйналышты таштап, арак ичип, баңгизат колдонуп кеткен. 20 жыл бою ошентип жүрүп, акыры, түрмөгө түшкөн. «Мен келечегим жөнүндө терең ойлонуп, Ыйык Китепти кайрадан колума алдым,— дейт Марио.— Убакыттын өтүшү менен Жахабанын сапаттарын, айрыкча, ырайымдуулугун жогору баалап, ырайым кылышын сурап тилене баштадым. Түрмөдөн чыккандан кийин эски досторумдан алыстап, жыйналышка бара баштадым да, акыры, кайра кабыл алындым. Мурун «сепкенимдин» кесепеттерин «оруп» жатсам да, азыр, жок дегенде, кереметтүү үмүткө ээмин. Ошондуктан Жахабага көрсөткөн боорукердиги, кечиримдүүлүгү үчүн миң мертебе ыраазымын» (Забур 102:9—13; 129:3, 4; Галатиялыктарга 6:7, 8).

20 Жагдайы Марионукундай болгон адамдардын Жахабага кайтып келиши, албетте, күч-аракетти талап кылат. Бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн, тиленүүнүн жана ой жүгүртүүнүн аркасында жанданган сүйүүсүнөн улам алар кайраттуу жана чечкиндүү боло алышат. Мариону Падышалыкка болгон үмүт да бекемдеген. Ооба, сүйүү, ишеним жана Кудайдан коркуу менен катар үмүттүн да күчү зор. Кийинки макалада бул баалуу рухий белек тууралуу көбүрөөк талкууланат.

[Шилтеме]

^ 19-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

Жооп бере аласыңарбы?

• Ыйсанын өзгөчө кайраттуу болушуна сүйүү кандайча өбөлгө түзгөн?

• Биртуугандарына болгон сүйүү Пабыл менен Барнабага өзгөчө кайраттуу болууга кандайча жардам берген?

• Шайтан Ыйсанын жолдоочуларынын сүйүүсүн кандай жолдор менен суутууга аракеттенет?

• Жахабага болгон сүйүү бизге кандай сыноолорго кайраттуулук менен туруштук берүүгө түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Адамдарга болгон сүйүүсүнөн улам Пабыл кайраттуу боло алган