Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарды тарбиялоо үчүн керектүү кеңештер

Балдарды тарбиялоо үчүн керектүү кеңештер

Балдарды тарбиялоо үчүн керектүү кеңештер

«АЛ КЕЗДЕ мен 19да элем. Тууган-туушкандарымдан алыс жашачумун. Балалуу болууга таптакыр даяр эмес болчумун»,— дейт Рут биринчи кошбойлуулугу жөнүндө. Ал өзү али бала болгондуктан, эне болуунун милдеттерин көп түшүнгөн эмес. Ал туура, керектүү кеңештерди каяктан таба алмак?

Ал эми Ян, эки баланы чоңойтуп-өстүргөн ата, мындай деп эскерет: «Мен башында өзүмдү ойду омкоруп, тоону томкоруп жиберчүдөй сезгем. Бирок көп өтпөй турмуштук тажрыйбам жок экенин түшүндүм». Ооба, ата-энелер балдарын тарбиялоого даяр эмес экенин сезиши же аларга туура тарбия берип жатканына шектениши ыктымал. Алар кайдан жардам ала алышат?

Бүгүн Интернетке кайрылгандардын саны күн санап өсүп барат. Бирок анда берилген кеңештер канчалык ишенимдүү деп ойлонуп көрдүңөр беле? Бул маселеде өтө сак болуу абзел. Интернет аркылуу кеңешти ким бергенин, чынында, билебизби? Алардын канчасы өз балдарын ийгиликтүү тарбиялай алышканын ким билсин? Биз үйбүлөбүзгө тиешелүү нерселерге ылгап мамиле кылууну каалаарыбыз шексиз. Мурунку макалада айтылып өткөндөй, кээде адистердин берген кеңештери да көңүл кайттыкка алып келет. Анда ата-энелер кеңеш алуу үчүн кимге кайрыла алышат?

Албетте, үйбүлө түзүлүшүнүн Негиздөөчүсү жана кеңештин башкы Булагы болгон Жахаба Кудайга (Эфестиктерге 3:14, 15). Ал — бала тарбиялоонун чыныгы Адиси. Жахаба өзүнүн Сөзү Ыйык Китепте ишенимдүү, ары пайдалуу, ары натыйжалуу кеп-кеңештерди берген (Забур 31:8; Ышайа 48:17, 18). Ал эми аларды колдонуу же колдонбоо өзүбүздөн.

Бир нече жубайлардан балдарын кантип теңсалмактуу жана Кудайдан корккон адамдардан кылып тарбиялашканын айтып берүүнү сурашканда, алар, баарынан мурда, ыйык китептик принциптерди колдонуунун аркасында ийгиликке жетишкенин белгилешкен. Алар Ыйык Китептеги кеңештер күнү бүгүнкүдөй натыйжалуу экенине шектенишпейт.

Балдарыңарга убакыт бөлгүлө

Эки балалуу Катринден ага айрыкча кайсы кеңеш жардам бергенин сурашканда, буйдалбастан Ыйык Китепте — Мыйзам 6:7де — жазылган кеңешти айткан. Ал жерде: «Аларды [ыйык китептик жол-жоболорду] үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— делген. Катрин ушул кеңешти колдонуп, балдары менен көп убакыт өткөргөн.

«Айтуу оңой, бирок аткаруу кыйын»,— деп ойлошуңар мүмкүн. Азыркы оор заманда жашоого каражат табуу үчүн жубайларга экөөлөп иштөөгө туура келип жатса, балдарына кантип көп убакыт бөлө алышат? Чоңата болуунун бакытын көрүп жаткан Торлиф да Мыйзам 6:7деги кеңешке ылайык иш кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Балдарыңарды жаныңарга ала жүрсөңөр, алар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү өзүнөн өзү пайда болот. «Үйдөгү иштерди уулум менен бирге жасачубуз,— дейт Торлиф.— Аялым, балам үчөөбүз чогуу саякаттачубуз. Ар дайым бирге тамактанчубуз». «Ошондуктан балабыз өзүн дайыма эркин сезип, оюн тартынбай айта алчу»,— дейт ал.

Ал эми ачык пикирлешүү кыйындап, тил табыша албай баратсаңарчы? Андай жагдай балдар бой тарта баштаганда пайда болушу мүмкүн. Ошондо да аларга көбүрөөк убакыт бөлүү менен жагдайды оңдоого болот. Катриндин күйөөсү Кен өспүрүм тарта баштаган кызынын: «Мени менен көп сүйлөшпөй калдың»,— деп нааразы болгонун эскерет. Чынында, өспүрүмдөрдүн көбү ушул сыяктуу ойдо. Кен эмне кылган? Ал: «Кызыма көбүрөөк убакыт бөлүүнү, анын ой-сезимдери, тынчсызданган нерселери тууралуу сүйлөшүүнү чечтим. Бул жакшы натыйжа берди»,— деп кошумчалайт (Накыл сөздөр 20:5). Анын ою боюнча, үйүндөгүлөрдүн баары ачык пикир алышууга көнүп калгандыктан, жасаган аракеттери жакшы майнап берген. «Кызым экөөбүз дайыма жакшы мамиледе болчубуз, ошондуктан ал мага эркин кайрыла алчу»,— дейт Кен.

Кызыгы, бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, ата-энелерге караганда өспүрүмдөр үйбүлөсү чогуу аз убакыт өткөрөөрүнө үч эсе көбүрөөк арызданышкан. Анда Ыйык Китептин жогоруда айтылган кеңешине кулак каксак кантет? Балдарыңарга мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлгүлө: колуңар бош маалда, иштеп жатканда, үйдө жүргөндө, эс алганы чыкканда, эртең менен турганда жана кечинде жатарда алар менен чогуу убакыт өткөргүлө. Мүмкүн болсо, аларды кайда барсаңар да чогуу ала жүргүлө. Мыйзам 6:7де айтылгандарды эске алсак, балдарга убакыт бөлбөй коюуга негиз берерлик эч кандай олуттуу себеп жок.

Балдарды адеп-ахлактыкка үйрөткүлө

Эки баланын атасы Марио да: «Балдарыңарга көбүрөөк сүйүү көрсөткүлө, китеп окуп бергиле»,— деп кеңеш кылат. Андай аракеттер балаңардын зээндүү болушу үчүн гана эмес, жаман менен жакшыны ажырата билүүнү үйрөнүшү үчүн зарыл. Ошондуктан: «Алар менен Ыйык Китепти чогуу изилдегиле»,— деп кошумчалайт Марио.

Ыйык Жазмада ата-энелерге мындай кеңеш берилет: «Балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла» (Эфестиктерге 6:4). Бүгүн көптөгөн үйбүлөлөрдө адеп-ахлактык жактан тарбия берилбейт. Кээ бирөөлөр балдары кандай баалуулуктарга карманууну чоңойгондо өздөрү чечет деп ойлошот. Андай ой жүгүртүү туурабы? Бала күүлүү-күчтүү, денсоолугу чың болуп чоңоюшу үчүн кубаттуу тамак-аш жеши керек. Анын сыңарындай эле, баланын жаш акылы менен жүрөгүнө туура «азык» берүү, акыл-насаат салуу, зарыл. Эгер балдарыңар адеп-ахлактык баалуулуктарга силерден, үйдөн үйрөнбөсө, классташтарынан, мугалимдеринен үйрөнүшү же массалык маалымат каражаттарынын таасири менен калыптанышы мүмкүн.

Ата-энелер балдарын Ыйык Китептин жардамы менен жаман-жакшыны ажырата билүүгө үйрөтө алышат (2 Тиметейге 3:16, 17). Жеф — эки баланы чоңойтуп-өстүргөн, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынын тажрыйбалуу аксакалы — балдарды адеп-ахлактыкка үйрөтүүдө Ыйык Китепти колдонууну кеңеш кылат. «Ыйык Жазманы колдонуу балдарга кайсы бир маселеге атасы же энеси гана эмес, Жараткан кандай караарын түшүнүүгө жардам берет. Кудай Сөзү акыл менен жүрөккө зор таасир этет экен. Биз балабыздын туура эмес жүрүм-турумун же ой жүгүртүүсүн оңдоо үчүн, ылайыктуу аяттарды табууга аракеттенчүбүз. Анан өзүнчө отургузуп алып, аятты окутчубуз. Ошондо балабыздын көзүнөн жаш кылгырып, атүгүл ыйлап жиберген учурлары болчу. Биз аны көрүп таң калчубуз. Өзүбүздүн айталы деген оюбузга же жасайлы деген ишибизге караганда, Ыйык Китеп кыйла күчтүү таасир этчү»,— дейт ал.

Ооба, Эврейлерге 4:12де айтылгандай, «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү... ал... жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт». Ошондуктан Ыйык Китептеги билдирүүлөр Кудай аны жаздырууда колдонгон адамдардын жеке көзкараштарын же тажрыйбаларын чагылдырбайт. Анда Кудайдын адеп-ахлактыкка болгон көзкарашы камтылган. Ыйык Китепте айтылгандар башка бардык кеңештерден мына ошонусу менен айырмаланат. Балдарыңарды тарбиялоодо ыйык китептик кеңештерди колдонсоңор, аларды бардыгына Кудайдын көзкарашы менен кароого үйрөтөсүңөр. Андан сырткары, акыл-насаатыңар өтүмдүү болуп, балаңардын жүрөгүнө жете аласыңар.

Жогоруда сөз кылынган Катрин бул айтылгандарга толук кошулат. Ал мындай дейт: «Жагдайыбыз канчалык оор болсо, Кудай Сөзүнөн жетекчилик издөөгө ошончолук умтулчубуз. Бул жакшы натыйжа берчү». Силер да балдарыңарды жаман менен жакшыны ажырата билүүгө үйрөтүүдө Ыйык Китепти көбүрөөк колдоно аласыңарбы?

Эстүү болгула

Элчи Пабыл балдарды тарбиялоого көмөк кыла турган дагы бир маанилүү принципти баса белгилеген. Ал ишенимдештерин: «Силердин момундугуңар [«эстүүлүгүңөр», «ЖД»] бардык адамдарга маалым болсун»,— деп чакырган (Филипиликтерге 4:5). Демек, эстүүлүгүңөр балдарыңарга да айкын көрүнүп турууга тийиш. Ошондой эле эстүүлүк «асмандан келген акылмандыкты» чагылдырарын унутпагыла (Жакып 3:17).

Балдарды тарбиялоодо эстүүлүк канчалык маанилүү? Биз аларды туура жолго салыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак да, алардын ордуна чечим чыгарбайбыз. Мисалы, жогоруда айтылган Марио, Жахабанын Күбөсү, мындай деп эскерет: «Биз дайыма балдарыбызды чөмүлтүлүүгө, толук убакыттуу кызмат баштоого жана башка рухий максаттарга умтулууга үндөчүбүз. Бирок бул боюнча убагы келгенде өзүлөрү чечим чыгарышы керек экенин айкын түшүндүрчүбүз». Натыйжада алардын эки баласы тең азыр толук убакыттуу кызматты аркалоодо.

Ыйык Жазмада, Колосалыктарга 3:21де, аталарга: «Балдарыңарды кыжырлантпагыла, алардын көңүлү чөкпөгүдөй болсун»,— деген эскертүү берилет. Катрин бул аятты абдан баалайт. Ата-энелердин чыдамы кете баштаганда, ачууга алдырып, талап коюуда катаалдык көрсөтө баштоо оңой. Бирок: «Балаңарга өзүңөргө койгон талаптардан оор талаптарды койбогула»,— дейт ал. Катрин да Жахабанын Күбөсү болгондуктан: «Жахабага кызмат кылуу кубанычтуу экенин көрсөткүлө»,— деп кошумчалайт.

Жогоруда айтылган Жеф мындай дейт: «Балдарыбыз чоңоюп келатканда, жакын бир досум балдарынын суранычтарына көбүнесе „жок, болбойт“ деп жооп бергенде, балдарынын көңүлү чөгүп, маанайы пас тартып калганын көп эстээрин айтты. Анан андайды болтурбоо үчүн, балдарың бир нерсе сураганда „ооба“ деп жооп берүүнүн жолдорун изде деген кеңеш берди».

«Биз ал кеңештин, чынында эле, пайдалуу экенин байкадык»,— дейт Жеф. «Анан балдарыбыз катыша ала турган кандайдыр бир иштер тууралуу билгенде же укканда, алардан: „Баланчалар минткени жатыптыр го? Силер да баргыңар келеби?“ — деп сурачубуз. Же балдарыбыз бир жакка чогуу барып келүүнү суранышканда, чарчаганыбызга карабай макул болчубуз. Аларга „жок“ деп айта бербеш үчүн ошентчүбүз». Калыс болуу, айланадагылардын сезимин эске алуу жана Ыйык Китептин талаптарына каршы келбеген жерлерде башкалардын каалоосун көңүлгө алуу чыныгы эстүүлүккө жатат.

Туура кеңештердин пайдасы

Жогоруда айтылган жубайлардын көбү азыр неберелүү. Алар бир кездерде өзүлөрү колдонгон ыйык китептик кеңештердин эми балдарына өз балдарын тарбиялоого жардам берип жатканын көрүп кубанышууда. Ыйык Китептин кеңештеринен силер да пайда ала аласыңарбы?

Макаланын башында айтылып өткөн Рут күйөөсү экөө балалуу болгондо кээде өздөрүн эч нерсе билбечүдөй сезишсе да, жетекчиликсиз калышкан эмес. Алар Кудай Сөзүнөн, Ыйык Китептен, эң сонун кеңеш алышкан. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдөө максатында ар кандай адабияттарды чыгарып келет. Ал адабияттар ата-энелерге да жардам берүүдө. Алардын айрымдары төмөнкүлөр: «Улуу Окутуучудан үйрөн» (ор.), «Ыйык китептик аңгемелер», «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) жана «Тарыхтагы эң улуу адам». Руттун күйөөсү Торлиф мындай дейт: «Азыр Ыйык Китепке негизделген кеңештер толтура, ата-энелердин кол алдында эле турат. Болгону, ошолорду колдонушса эле жашоосунун бардык тармактарында, балдарды тарбиялоо жагынан да ийгиликке жете алышат».

[5-беттеги кутуча⁄сүрөт]

АДИСТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ? ЫЙЫК КИТЕПЧИ?

Сезимдерди билдирүү боюнча:

Жон Бродас Уотсон ата-энелерге: «Балдарыңарды эч качан кучактабагыла да, өппөгүлө. Аларды тизеңерге отургузчу болбогула»,— деген («The Psychological Care of Infant and Child», 1928). Бирок Вера Лэйн менен Дороти Молино «Балдарыбыз» (март, 1999) аттуу журналда: «Изилдөөлөрдөн байкалгандай, ата-энеси кучактабаган, мээрим көрсөтпөгөн балдар, адатта, тийиштүү түрдө өсүп-жетилбей калат»,— деп белгилешет.

Ал эми Ыйык Китептен, Ышайа 66:12ден, Кудай өз элине сүйүүсүн мээримдүү ата-эне сыяктуу көрсөтөрүн окуйбуз. Ыйса да балдарга мээримдүү мамиле кылган. Мисалы, бир жолу шакирттери балдарын алып келгендерди Ыйсанын жанына жолотпоого аракет кылышканда, ал: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле. Аларга тоскоолдук кылбагыла»,— деген. «Анан Ал балдарды кучактап... батасын берген» (Марк 10:14, 16).

Адеп-ахлактыкка үйрөтүү боюнча:

1969-жылдагы «Нью-Йорк таймс мэгэзин» журналынын макаласында Бруно Беттелгейм балдар «жеке көзкарашын ата-энесинин акыл-насаатынын таасири астында эмес, өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасынын аркасында калыптандырууга укуктуу» деген ойду айткан. Бирок андан дээрлик 30 жыл өткөндө Роберт Колс өзүнүн китебинде балдар ата-энеси жана башка чоң кишилер тарабынан «жашоонун маңызы эмнеде экенин билүүгө, турмушта туура жетекчиликке ээ болууга, ошондой эле адеп-ахлактыкка үйрөтүлүүгө абдан муктаж» экенин баса белгилеген («The Moral Intelligence of Children», 1997).

Накыл сөздөр 22:6да ата-энелерге: «Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт»,— деген кеңеш берилет. Бул жердеги «түз жолго сал», башкача айтканда, насаатта деп которулган эврей сөзү «башынан баштоо» деген маанини да туюнтат. Бул баланы кенедейинен эле үйрөтө баштоонун зарылдыгын көрсөтүп турат. Ошондуктан ата-энелер балдарын адеп-ахлактуулукка ымыркай кезинен тартып үйрөтүүгө чакырылат (2 Тиметейге 3:14, 15). Инсан катары калыптанып жаткан жылдарында алган таалим-тарбиясына бала өмүр бою карманышы мүмкүн.

Балдарды жазалоо боюнча:

Жеймс Добсон: «Мээримдүү ата-энелердин балдарын сабап турушу аларды жаман жолго түшүп кетүүдөн сактайт»,— деп жазган («The Strong-Willed Child», 1978). Бирок Бенджамин Спок кайра иштетилип чыккан китебинде: «Балдарды уруп-сабоо аларды туура эмес нерсеге — каалаганыңа күч менен (өзүңдүкү туурабы, жокпу) жетсең болот дегенге — үйрөтөт»,— деп жазган («Baby and Child Care», 7-басылышы, 1998).

Ыйык Китепте балдарды жазалоо жөнүндө мындай деп айтылган: «Чыбык жана ашкерелөө акылмандык берет» (Накыл сөздөр 29:15). Бирок бул балдардын баарын сөзсүз түрдө чыбык менен жазалоо керек дегенди билдирбейт. Муну Накыл сөздөр 17:10дон көрүүгө болот. Ал жерде: «Акылсыз адамга жүз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сөгүш катуу таасир этет»,— деп айтылат.

[7-беттеги сүрөт]

Жүрөктү козгоо үчүн Ыйык Китепти колдон

[7-беттеги сүрөт]

Даанышман ата-эне балдары үчүн эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн табат