Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Биз эмне үчүн жаратылганбыз?»

«Биз эмне үчүн жаратылганбыз?»

«Биз эмне үчүн жаратылганбыз?»

НОБЕЛЬ сыйлыгынын ээси, нацисттик Холокосттон жабыр тарткан Эли Визель жогорудагы суроону «көптөрдүн жүрөгүн өйүгөн суроолордун эң эле маанилүүсү» деп айткан.

Ушул тууралуу ойлонуп көрдүңөр беле? Көптөр ойлонгону менен, жооп таба албай келет. Британдык тарыхчы Арнольд Тойнби жашоонун маңызын түшүндүрүүгө аракеттенип мындай деп жазган: «Жашоонун негизги максаты — Кудайды даңктап, Анын жүрөгүн түбөлүккө кубантуу».

Кызыктуусу, үч миң жылдан ашуун убакыт мурун жашаган, жашоонун маңызын терең изилдегени менен белгилүү болгон бир киши бул негизги суроого эчак эле жооп берген. Акылман Сулайман падыша: «Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек»,— деп жазган (Насаатчы 12:13).

Кудайдын уулу Ыйса Машайак да ушул сөздөрдүн калетсиздигин тастыктаган. Ал жерде жүргөн кезинде асмандагы Атасын даңктоо үчүн бардык күч-аракетин жумшаган. Жаратканына кызмат кылуу Ыйсанын жашоосун маңыздуу кылган. Бул ага кубат бергендиктен, ал: «Менин тамагым — Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу»,— деген сөздөрдү айтууга түрткү алган (Жакан 4:34).

Демек, биз эмне үчүн жаратылганбыз? Ыйса, Сулайман жана Кудайдын башка көптөгөн кызматчылары сыяктуу биз да Жахабанын эркин аткаруу менен жашообузду чындап маңыздуу кылып, бактылуу боло алабыз. Кудайга кандайча «рух менен, чындык боюнча» сыйына аларыбыз жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалайт белеңер? (Жакан 4:24). Силердин аймагыңарда жашаган Жахабанын Күбөлөрү бул суроого жооп табууга жардам берүүгө кубанычта болушат.