Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтөлү

Ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтөлү

Ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтөлү

«Ишсиз ишеним — өлүк ишеним» (Жакып 2:17).

1. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары эмне үчүн ишенимине да, иштерине да көңүл бурушкан?

ЫЙСАНЫН алгачкы жолдоочулары, жалпы жонунан, ишенимин жашоосу менен далилдешкен. Элчи Жакып рухий биртуугандарын: «Сөздү угуучулар гана болуп, өзүңөрдү алдабастан... аткаруучулар болгула»,— деп үндөгөн. Анан: «Рухсуз дене өлүк болгон сыяктуу эле, ишсиз ишеним да өлүк»,— деп кошумчалаган (Жакып 1:22; 2:26). Ал ушул сөздөрдү жазгандан 35 жылдай өткөндөн кийин да Ыйсанын жолдоочуларынын көбү ишенимин тийиштүү иштер менен далилдеген. Бирок, өкүнүчтүүсү, айрымдар антпей калган. Ошол себептүү Ыйса Смирнадагы жыйналышты мактап, ал эми Сардестеги жыйналыштагылардын көбүнө: «Мен сенин иштериңди билем. Сен тирүү болуп аталып жүргөнүң менен өлүксүң»,— деген (Аян 2:8—11; 3:1).

2. Ыйсанын жолдоочусу эмне тууралуу ойлонуп көрүшү зарыл?

2 Ыйса Сардес жыйналышындагыларды чындыкка болгон алгачкы сүйүүсүн сактап, рухий жактан сергек болууга чакырган. Ал чакырык бизге да тиешелүү (Аян 3:2, 3). Андыктан ар бирибиз: «Менин иштерим эмнени көрсөтүп турат? Кабар айтуу ишине же жыйналышка тиешеси жок жактардан да ишенимимди иш-аракетим менен далилдөөгө умтулуп жатканым айкынбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот (Лука 16:10). Албетте, ишенимибизди далилдөө талап кылынган тармактар көп. Бирок биз бул макалада конок тосуу жагын, анын ичинде үйлөнүү тойлорун сөз кылмакчыбыз.

Чакан достук жолугушуулары

3. Ыйык Китепте чакан достук жолугушуулары тууралуу эмне деп айтылган?

3 Ишенимдештерибиз конокко чакырганда, биз, адатта, сүйүнөбүз. Жахаба — бактылуу Кудай. Ошон үчүн ал биздин бактылуу болушубузду, кубанышыбызды каалайт (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Анын кызматчысы Сулайман мындай деп жазган: «Мен кубанычты мактадым, анткени адам үчүн күн астында жеп-ичип көңүл ачкандан артык эч нерсе жок... адамдын бүт эмгегин бул кубаныч коштоп жүрөт» (Насаатчы 3:1, 4, 13; 8:15). Биз да тууган-туушкандарыбыз же ишенимдештерибиз менен дасторкон үстүндө чогулуп калганда кубанычка батарыбыз шексиз (Аюб 1:4, 5, 18; Лука 10:38—42; 14:12—14).

4. Конок чакыргандар эмнелерди эске алышы маанилүү?

4 Силер да конок чакырсаңар, эмне кылып, эмне коюшту күн мурун ойлонуштуруп алышыңар абзел. Атүгүл аз эле ишенимдештериңерди даам татып, баарлашып кетүүгө чакырсаңар да, бардыгын алдын ала ойлонуштуруп алуу маанилүү (Римдиктерге 12:13). Мейман тосууга жооптуу болгондуктан силер «асмандан келген акылмандыкка» жетектелүүнү жана «баары өз орду» менен болушун каалайттырсыңар (1 Корунттуктарга 14:40; Жакып 3:17). Элчи Пабыл: «Ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген (1 Корунттуктарга 10:31, 32). Ан үчүн эмнелерге өзгөчө көңүл буруу керек? Алдын ала ойлонуштуруу өзүңөргө да, конокторуңарга да ишенимиңерди иш жүзүндө көрсөтүшүңөргө шарт түзөт (Римдиктерге 12:2).

Конок тосуп жатканда...

5. Эмне үчүн конок чакыргандар ичкилик жана музыка тууралуу кылдат ойлонушу керек?

5 Адатта, мейман чакыргандарга спирт ичимдиктерин берүүнү же бербөөнү чечүүгө туура келет. Чынында, убакыт жагымдуу өтүшү үчүн, ичкилик ичүүнүн зарылдыгы деле жок. Алсак, Ыйса кабарын угууга келген элге керемет жолу менен нан, балык бергенде, шарап деле жасап коё алмак, бирок анткен эмес (Матай 14:14—21). Дасторконго арак-шарап койгуңар келсе, канчаны коёруңарды чечип алгыла. Ал эми ичкиси келбегендер үчүн башка суусундуктарды белендеп койсоңор болот (1 Тиметейге 3:2, 3, 8; 5:23; 1 Петир 4:3). Ичпейм дегендерди «алып жибер» деп кыйнабагыла: ичимдик «уулуу жыландай чагып» алышы мүмкүн (Накыл сөздөр 23:29—32). Ал эми музыка жана ыр жөнүндө эмне дешке болот? Музыка коюла турган болсо, аны обонуна, сөздөрүнө карай кылдат тандагыла (Колосалыктарга 3:8; Жакып 1:21). Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү «Падышалык күүлөрүн» угуу же «рухий ырларды» ырдоо келгендердин ортосунда жакшы маанай өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөрүн байкаган (Эфестиктерге 5:19, 20). Музыканын үнүн да, пикирлешүүгө тоскоолдук кылган жокпу, кошуналардын тынчын алган жокпу деп, текшерип тургула (Матай 7:12).

6. Конок чакырган адам ишениминин тирүү экенин кантип көрсөтө алат?

6 Андай жолугушуу маалында Күбөлөр ар түрдүү нерселер тууралуу окушу же сүйлөшүшү, кызыктуу окуялардан кеп салышы мүмкүн. Пикир алышуу туура эмес багыт алып баратса, конок чакырган адам сылыктык менен туура нукка салып койсо болот. Ал бир эле адамдын сөзгө конок бербей сүйлөп жатканын байкаса, эстүүлүк менен башкаларды кепке тарта алат, мисалы, жаштарды оюн айтууга чакырат же башкаларды сөзгө аралаштыра турган кандайдыр бир ойду ортого салат. Ошондо пикирлешүүдөн жаштар да, карылар да канааттануу алат. Эгер бардыгын акылмандуулук менен уюштуруп, башкаларга сыпайы мамиле кылсаң, келгендер «эстүүлүгүңдү» байкабай койбойт (Филипиликтерге 4:5, «ЖД»). Алар ишенимиңдин тирүү экенин жана анын жашооңдун бардык тармактарына таасир этерин көрөт.

Үйлөнүү жана той берүү

7. Эмне үчүн үйлөнүү жана той берүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат?

7 Дагы бир кубанычтуу окуя — бул үйлөнүү үлпөтү. Байыркы кездерде Кудайдын кызматчылары, мисалы, Ыйса жана анын шакирттери да ошондой тойлорго катышкан (Башталыш 29:21, 22; Жакан 2:1, 2). Бирок биздин күндөрдө, тажрыйба көрсөтүп тургандай, үйлөнүү үлпөтү эстүүлүк жана теңсалмактуулук менен уюштурулушу үчүн, Кудайдын кызматчыларына өзгөчө күч-аракет жумшоого туура келет. Үйлөнүү адамдардын жашоосунун бир бөлүгү болгондуктан, биз бул жагынан да ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтө алабыз.

8, 9. Үйлөнүү үлпөттөрүнүн көбү 1 Жакан 2:16, 17-аяттарда айтылгандарды кандайча тастыктайт?

8 Кудайдын принциптерин эсепке албаган, аларды билгиси да келбеген адамдардын көбү үйлөнүү тоюн чектен чыгып кетүүнүн же аны актоонун мүмкүнчүлүгү катары карайт. Бир келин Европада чыккан бир журналга жакында эле «падышалардыкындай» үйлөнүү тоюн өткөрүшкөнүн айтып берген. «Биз төрт ат чегилген каретага түштүк,— дейт ал,— артыбыздан үстү ачык 12 карета келатты. Алардын аркасынан оркестр коштоп жүрдү. Анан укмуштуудай тамак-аш берилип, сонун музыка жаңырып турду. Бардыгы жомоктогудай болду. Той мен каалагандай өткөндүктөн, ал күнү өзүмдү канышадай сездим».

9 Ар өлкөдө той ар түрдүү өткөрүлгөнү менен, жогоруда айтылган көзкараш элчи Жакандын: «Бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар атадан эмес, бул дүйнөнүкү»,— деп айткандарын тастыктап турат. Ыйсанын жетилген жолдоочулары «падышалардыкындай» торколуу той өткөрүүгө умтулабаары түшүнүктүү. Алар «Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашаарын» унутушпайт (1 Жакан 2:16, 17).

10. а) Той татыктуу түрдө өтүшү үчүн эмне себептен пландаштыруу маанилүү? б) Кимдерди чакырууну кантип чечүү керек?

10 Ыйсанын жолдоочулары алды-артын ойлоп, теңсалмактуу чечим чыгаргысы келет. Бул жагынан алар Ыйык Китептен жардам ала алышат. Үйлөнүү күнү маанилүү күн болсо да, алар үйбүлөлүк жашоосу жаңыдан гана башталып жатканын жана алдыда түбөлүк өмүр күтүп турганын билишет. Ошон үчүн алар чоң той өткөрүүгө милдеттүү эмес. Эгер той беребиз дешсе, ага канча акча керектелерин жана кандайча өткөрүлөрүн алдын ала эсептеп, ойлонуштуруп чыгышат (Лука 14:28). Ыйык Китеп боюнча, үйбүлөнүн башчысы — күйөө (1 Корунттуктарга 11:3; Эфестиктерге 5:22, 23). Демек, тойдун кандай өтүлөрүнө, биринчи кезекте, үйлөнүп жаткан жигит жооптуу. Анткен менен ал тойго байланыштуу суроолордо, айталы, кимдерди жана канча киши чакырууну колуктусу менен кеңешет. Албетте, алар досторунун же туугандарынын баарын чакыра алышпаары бышык, ал акылдуулукка да жатмак эмес. Ошондуктан айрым жактардан эстүүлүк көрсөтүү орундуу. Үйлөнүп жаткандар, ишенимдештеринин кээсин тойго чакыра албай калышса, аларды туура түшүнөт, таарынбайт деп үмүттөнүшөт (Насаатчы 7:9).

«Той башкаруучу»

11. «Той башкаруучу» кандай милдеттерди аткарат?

11 Той өткөрүлө турган болсо, анын татыктуу түрдө өтүшү үчүн кандай чара көрүүгө болот? Көптөгөн жылдардан бери Жахабанын Күбөлөрү Каана шаарындагы Ыйса катышкан той жөнүндөгү билдирүүдөн пайда алып келатышат: ал жакта «тойдун башкаруучусу» болгону айтылган. Ал иш Кудайга ишенген, жооптуу бирөөгө тапшырылганы шексиз (Жакан 2:9, 10). Ошол эле сыяктуу, даанышман күйөө бала андай жооптуу милдетти рухий жактан жетилген эркек биртууганга тапшырат. Ал биртууган күйөө баладан көрсөтмө алып, анын каалоолорун билген соң, тойдун алдында жана той өтүп жатканда алардын сакталышына көз салат.

12. Үйлөнө турган жигит, ичимдик берилсе, эмнелерди эске алышы керек?

12 Бешинчи абзацта айтылгандай, баш кошо тургандардын кээси, ичимдик ашыкча ичилип, тойдун көркү кетпесин деп, дасторконго спирт ичимдиктерин койбойт (Римдиктерге 13:13; 1 Корунттуктарга 5:11). Коёбуз дешсе, күйөө бала алардын ченеми менен берилип, ченеми менен ичилишине көз салууга тийиш. Каанадагы тойдо да шарап берилген. Белгилей кетерлик жери, тойду башкарган киши күйөөгө: «Элдин баары адегенде шараптын жакшысын беришет, коноктор кызып калгандан кийин, начарын беришет. Сен болсо шараптын жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң»,— деген (Жакан 2:10). Ошол мыкты шарапты Ыйса керемет жолу менен жасаган. Бирок ал мас болгуча ичүү адатын ашкерелеген (Лука 12:45, 46). Шараптын сапатына баа бергенин айткан «той башкаруучунун» сөзүнөн билингендей, ал, кыязы, башка тойлордон ичип мас болгондорду көрүп жүргөн (Элчилер 2:15; 1 Тесалоникалыктарга 5:7). Демек, үйлөнүүчү жигит да, тойду башкарган ишеничтүү ишенимдешибиз да коноктордун баарынын: «Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат»,— деген айкын кеңешке карманып жатканына көзү жеткидей болууга тийиш (Эфестиктерге 5:18; Накыл сөздөр 20:1; Ошуя 4:11).

13. Тойдо музыка коюлса, жубайлар эмнеге көңүл бурушу керек, эмне үчүн?

13 Үйлөнүү тоюнда да, башка достук жолугушууларында да музыканын үнү келгендердин пикирлешүүсүнө тоскоолдук кылбоого тийиш. Бир жыйналыш аксакалы мындай дейт: «Кечинде пикирлешүү жандуураак боло баштагандыктан же бий башталган себептүү, музыканын үнү күчөп кетиши ыктымал. Башында акырын эле угулуп жатса, бара-бара кулак жарып, сүйлөшкөндөрдүн үнүн басып кетет. Үйлөнүү тойлорунда ишенимдештерибиз менен пикир алышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага музыканын жолтоо болушу кандай гана өкүнүчтүү!» Бул жерде да үйлөнүп жаткан жигит менен той башкаруучусунун көзөмөлү талап кылынат. Кандай музыка коюп, кандай ырларды ырдоону музыканттарга (алар чакырылганбы, жокпу) тапшырып коюуга болбойт. Элчи Пабыл: «Сүйлөсөңөр да, иштесеңер да, бардыгын Теңир Ыйсанын ысымы урматына... кылгыла»,— деген (Колосалыктарга 3:17). Коноктор жакшы ойдо калышы үчүн, баш кошкондор музыка тандоодо «Ыйсанын ысмына» урмат көрсөтүшөбү? Муну этибар албай коюуга болбойт.

14. Жахабанын Күбөлөрүнүн тою эмнеси менен эсте калганы дурус?

14 Ооба, жакшы өткөн той көпкө эсте калат. Баш кошконуна 30 жыл тогошкон Адам менен Эдита бир үйлөнүү тоюн эстеп мындай дешет: «Рухий биртуугандардын арасында жүргөнүбүз кадимкидей сезилип турду. Жахабаны даңктаган ырлар ырдалып, жакшынакай оюн-зооктор көрсөтүлдү. Бийлөө, музыка дегендер экинчи орунда калды. Бардыгы абдан жагымдуу, сергитерлик, ыйык китептик принциптерге ылайык болду». Ырас, ишенимин иш жүзүндө чагылдырыш үчүн кыз-күйөөдөн көп күч-аракет жумшоо талап кылынышы мүмкүн.

Белектер

15. Белек берүүдө Ыйык Китептеги кайсы кеңешти колдонууга болот?

15 Үйлөнгөндөргө тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору, адатта, белек беришет. Андайда эмнелерди эске алуу керек? Мисалы, элчи Жакан айткан «турмуш-тиричиликтеги текебердикти» көрсөтүүдөн оолак болуу абзел. Андай «текебердик» ишенимин иш жүзүндө көрсөткөн Күбөлөргө эмес, жок боло турган дүйнөгө таандык (1 Жакан 2:16, 17). Анда үйлөнгөндөрдүн ким кандай белек алып келгенин эл алдында жарыялашы орундуубу? Ыйсанын Македониядагы жана Ахаядагы жолдоочулары Иерусалимдеги ишенимдештерине жардам көрсөтүшкөн, бирок алардын аттары жарыяланган эмес (Римдиктерге 15:26). Белек алып барган ишенимдештерибиздин көбү элдин көңүлүн өзүлөрүнө бурууну каалашпайт. Ошондуктан Ыйсанын Матай 6:1—4-аяттарда берген кеңешин унутпайлы.

16. Үйлөнүп жаткандар белек алганда башкалардын көңүлүн оорутуудан кантип сактана алышат?

16 Белек ээлеринин атын жарыялоо «кыжырданууга», кимдин белеги — жакшыраак, кимдики кымбатыраак деп, атаандашууга алып келиши ыктымал. Ошондуктан даанышман Күбөлөр белекти алып келгендердин аттарын эл алдында жарыялашпайт. Андай иш белек берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктордун шагын сындырып, басырынтат (Галатиялыктарга 5:26; 6:10). Албетте, белек ээси ким экенин үйлөнгөндөр билсе жаман деле эмес. Балким, алар аны белек менен кошо берилген открыткадан окуй алышаттыр. Бирок аны башкаларга окуп бербейт. Белек бергенде же алганда баарыбыз ишенимибиздин майда-барат иштерибизге да таасир этерин далилдей алабыз *.

17. Ишенимибизге жана иштерибизге байланыштуу кандай максатты көздөйбүз?

17 Ишенимдин тирүү экенин далилдөө адеп-ахлактуу жашоодон, жыйналыштарга катышуудан, кабар айтуудан да көптү билдирет. Андыктан ишенимибиз жашообуздун бардык тармактарына таасир эткидей болсун. Ооба, биз ишенимибизди жогоруда талкууланган жактардан да «жеткилең» иштер менен көрсөтө алабыз (Аян 3:2).

18. Жакан 13:17деги сөздөрдү үйлөнүү тойлорунда жана конок тоскондо кантип колдонууга болот?

18 Ишенимдүү элчилерине момундук менен алардын бутун жууп, үлгү көрсөткөндөн кийин Ыйса: «Эгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар»,— деген (Жакан 13:4—17). Учурда биз жашап жаткан жергеде башкалардын, мисалы, коноктордун бутун жууп берүү кабыл алынган эместир. Бирок, ушул макалада талкуулангандай, биз башка жактардан, айталы, достук жолугушууларынан жана үйлөнүү үлпөттөрүнөн ишенимибизди сүйүүгө негизделген, сылык-сыпаа иш-аракетибиз менен көрсөтө алабыз. Андай иштер өзүбүз үйлөнүп жатсак да, тойго чакырылсак да же ишенимин иш жүзүндө көрсөтүүгө умтулган ишенимдештерибиз менен чогулсак да талап кылынат.

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Үйлөнүүгө жана конок чакырууга байланыштуу кошумча маалыматты «Күзөт мунарасынын» 2006-жыл, 15-октябрдагы санынын (ор.) 28—31-беттериндеги «Үйлөнүү үлпөтүңөрдүн кубанычтуу жана татыктуу өтүшүнө кам көргүлө» аттуу макаладан табууга болот.

Эмне деп жооп берет элеңер?

Ишенимибизди

• конок чакырганда...

• үйлөнүү тоюн же башка кечелерди уюштуруп жатканда...

• тойдо белек бергенде же алганда

кантип көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Чакан достук жолугушууларында да «асмандан келген акылмандыкка» жетектелебиз