Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Насаатчы китебиндеги урунттуу ойлор

Насаатчы китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Насаатчы китебиндеги урунттуу ойлор

АЮБ: «Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон»,— деп айткан (Аюб 14:1). Ошондуктан кыска өмүрүбүздү пайдасыз нерселерге коротпоо кандай гана маанилүү! Анда убактыбызды, күчүбүздү жана каражаттарыбызды кандай иштерге жумшап, кандай иштерден качышыбыз керек? Ыйык Жазманын Насаатчы китебиндеги акыл-насааттар буга байланыштуу жакшы жетекчилик берет. Андагы сөздөр «жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт» жана маңыздуу жашоо өткөрүшүбүзгө өбөлгө түзөт (Эврейлерге 4:12).

Акылмандыгы менен белгилүү болгон байыркы Ысрайыл падышасы Сулайман жазган Насаатчы китебинде жашоодо чынында эмне баалуу, эмне пайдасыз экени көрсөтүлөт. Сулайман өзүнүн китебинде куруу иштери тууралуу жазганына караганда, кыязы, ал Насаатчы китебин куруу иштерин аяктагандан кийин, чыныгы сыйынуудан четтегенге чейин жазса керек (Некемия 13:26). Ал китеп б.з.ч. 1000-жылы, Сулаймандын 40 жылдык башкаруусунун аягында жазылган.

ЭМНЕ ТҮЙШҮК ЭМЕС?

(Насаатчы 1:1—6:12)

«Бардыгы түйшүк!» — дегенден кийин Сулайман: «Адамга өзүнүн күн астында мээнеттенген эмгегинен эмне пайда?» — деген суроо берет (Насаатчы 1:2, 3). «Түйшүк» жана «күн астында» деген сөздөр Насаатчы китебинде көп кездешет. «Түйшүк» деген эврей сөзүн түзмө-түз «жел» же «буу» деп которууга болот. Ал баалуулугу жок, кандайдыр бир маанисиз, туруксуз нерсени туюнтат. «Күн астында» деген сөз айкашы «жердин үстүндө» же «бул дүйнөдө» дегенди билдирет. Демек, бардыгы — адамдардын Кудайдын эркине ылайык келбеген иш-аракеттери — түйшүк болуп саналат.

Сулайман мындай деп айткан: «Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол» (Насаатчы 4:17). Чынында, Жахаба Кудайга сыйынууга байланыштуу иштер түйшүк эмес. Тескерисинче, Кудай менен болгон мамилебизди бекемдөө жашообузду маңыздуу кылат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Насаатчы 1:4—10 — Эмне себептен жаратылыштагы циклдар «чарчатат» («БМК») деп айтылууда? Насаатчы жердеги жашоого шарт түзүүчү негизги үч эле нерсе: күн, шамал жана суунун айлануусу тууралуу айтып өткөн. Чынында, жаратылышта буга окшогон циклдар аябай көп жана алар абдан татаал келет. Ал процесстерди изилдөө үчүн кээде адам бүт өмүрүн жумшаса да, аларды толугу менен түшүнүү мүмкүн эмес. Бул, чын эле, «чарчатышы» ыктымал. Ошондой эле мындай кубулуштардын чексиз кайталана беришин өмүрүбүздүн кыскалыгы менен салыштыруу көңүл чөктүрүшү мүмкүн. Атүгүл жаңы ачылыштарды жасоо да дайыма эле кубаныч тартуулай бербейт. Себеби жаңы нерселерди чыгарууда адамдар тек гана Кудай бекиткен жана жаратууда колдонгон эле принциптерди колдонушат.

Насаатчы 2:1, 2 — Эмне үчүн «күлкү» акылсыздык делет? Күлкү кыйынчылыктарыбызды убактылуу унутууга, ал эми шаан-шөкөт көйгөйлөрүбүзгө өзгөчө маани бербөөгө көмөк кылат. Бирок күлкү менен кыйынчылыктарыбызды чечүүгө болбойт. Ошондуктан чыныгы бакытты күлкүдөн издөө «акылсыздык» делет.

Насаатчы 3:11 — Кудай эмнени «өз убагында сонун» кылып жасаган? Жахаба Кудай өз убагында «сонун» кылып жасагандардын айрымдары булар: Адам менен Обонун жаратылганы, көкжеле келишими, Ыбрайым менен түзүлгөн келишим, Дөөт менен түзүлгөн келишим, Мессиянын келиши жана Ыйса Машайактын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары дайындалышы. Жахаба жакын арада жасай турган дагы бир «сонун» нерсе бар. Ал — адилеттүү жаңы дүйнө. Анын өз убагында орной турганына бекем ишенсек болот (2 Петир 3:13).

Биз алчу сабактар:

Насаатчы 1:15. Бүгүнкү күндө көрсөтүлүп жаткан кысымды жана адилетсиздикти жоюу үчүн убакыт кетирүүдөн, күч-аракет жумшоодон эч майнап чыкпайт. Бардык жамандыкты Кудайдын Падышалыгы гана жок кыла алат (Даниел 2:44).

Насаатчы 2:4—11. Архитектура, багбанчылык, музыка, ошондой эле майкөл-сүткөл жашоо — «рухтун кыйналуусу», анткени ушу сыяктуу нерселердин баары жашоону чындап маңыздуу кылып, адамды бакытка бөлөй албайт.

Насаатчы 2:12—16. Акылмандык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бергендиктен, ал акылсыздыктан артык. Бирок өлүмдүн «жанында» адамдык акылмандык эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. Кимдир бирөө мындай акылмандыкка ээ болуу менен атак-даңкка жетсе да, ал көп өтпөй унутта калат.

Насаатчы 3:12, 13, 22. Адам өз эмгегинен ыракат алса, анын туура эмес эч нерсеси жок.

Насаатчы 2:26. Кудай берген акылмандык кубаныч алып келет. Жахаба аны «Өзүнө жаккан адамга» берет. Кудай менен жакшы мамиледе болбой туруп, андай акылмандыкка жетүү мүмкүн эмес.

Насаатчы 3:16, 17. Бардык эле учурда адилеттүүлүк көрсөтүлөт деп күтүүгө болбойт. Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан нерселер жөнүндө тынчсыздана берүүнүн ордуна, Жахаба абалды оңдой турган убакты күткөнүбүз оң.

Насаатчы 4:4. Мыкты аткарылган иш канааттануу берет. Ишти мыкты аткарган адамга башкалардан ашып түшүү кыйынга турбайт. Бирок бул башкалардын көз артуусун пайда кылып, алардын жаман көрүшүнө жана өз ара атаандашууга апкелет. Ошондуктан кызматыбызды туура ниет менен аткарышыбыз зарыл.

Насаатчы 4:7—12. Адамдардын ортосундагы мамилелер материалдык нерселерге караганда алда канча маанилүү. Ошондуктан ал мамилелер байлыктын айынан бузулбашы керек.

Насаатчы 4:13. Адамдын коомдогу ээлеген абалы жана курагы аны дайыма эле урмат-сыйга татыктуу кыла бербейт. Жоопкерчиликтүү абалды ээлегендер акылмандык менен иш кылууга тийиш.

Насаатчы 4:15, 16. Падышанын «ордун ээлей турган башка улан» — анын мураскору. Ал башында «анын алдында турган элдин» колдоосуна ээ болушу мүмкүн, бирок кийинчерээк алар «ага кубанбай» калышат. Чынында эле, атак-даңк көпкө созулбайт.

Насаатчы 5:1. Тиленгенде ойлонуп сүйлөгөнүбүз, Кудайга урмат-сый көрсөткөнүбүз жана ашыкча сөз колдонбогонубуз туура.

Насаатчы 5:2—6. Материалдык кызыкчылыктарды көздөө өзүмчүлдүк каалоо-кыялдарды пайда кылат. Мындай куру кыялдар адамдын тынчын алып, таттуу уйкудан калтырат. Көп сүйлөө адамды акылсыз кылып көрсөтүшү, Кудайдын алдында ойлонбой убада берүүгө себеп болушу мүмкүн. «Кудайдан коркуу» ушундай нерселерден сактайт.

Насаатчы 6:1—9. Жыргалчылыгын көрбөсөк, байлыктын, атак-даңктын, узак өмүрдүн, атүгүл чоң үйбүлөгө ээ болуунун да эч кандай пайдасы жок. «Жаны менен адашканча» же каалоолорго жетеленгенче, башкача айтканда, иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болбогон каалоолорду аткарууга умтулгандан көрө «көз менен көргөн артык». Андыктан «кийгенге кийимибиз, ичкенге тамагыбыз болсо, ошого ыраазы болуудан», жашоодогу жакшы нерселерден кубаныч алуудан, Жахаба менен жакын мамиледе болуудан артык эч нерсе жок (1 Тиметейге 6:8).

АКЫЛМАНДАРГА БЕРИЛГЕН КЕҢЕШ

(Насаатчы 7:1—12:8)

Жакшы атыбызды, беделибизди кантип сактай алабыз? Бийлик башындагыларга жана жашоодо болуп жаткан адилетсиздикке кандай карашыбыз керек? Өлгөндөн кийин эч нерсе сезбегендиктен жашообузду азыр кандай өткөрүшүбүз зарыл? Жаштар өздөрүнүн убактысы менен күчүн канткенде акылмандык менен колдоно алышат? Сулаймандын ушул жана башка суроолорго карата бизге берген пайдалуу кеңештери Насаатчы китебинин 7—12-бөлүмдөрүндө жазылган.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Насаатчы 7:19 — Кандайча акылмандык «он өкүмдардан» да күчтүү? Ыйык Китепте он деген сан каймана мааниде колдонулганда, толуктукту билдирет. Сулайман акылмандык шаарды коргогон сансыз аскерден да артык экенин айткан.

Насаатчы 10:2 — Адамдын жүрөгү «оңго» же «солго» жетелегени эмнени билдирет? Адамдын оң тарапта болгону кимдир бирөөнүн ырайымына ээ болуп, жакшы абалды ээлегенин көрсөткөндүктөн, жүрөгүнүн оңго жетелегени жакшы иштерди жасоого түрткөнүн билдирет. Ал эми жаман иштерге түртсө, жүрөгү солго жетелейт деп айтууга болот.

Насаатчы 10:15 — Кандайча «эмгек акылсызды алсыратат»? Эгерде кимдир бирөө кыраакы болбосо, анын кылган эмгеги текке кетет. Ал өз эмгегинен канааттануу албайт. Тескерисинче, анын жасаган аракеттери алсыратышы гана мүмкүн.

Насаатчы 11:7, 8 — «Жарык — жакшы нерсе, көз үчүн күндү көрүү жакшы»,— деген сөздүн мааниси кандай? Жарык менен күн жашоодон ыракат алууга шарт түзөт. Ошондуктан Сулайман бул жерде тириликтин кандай жакшы экенин жана караңгылык каптаганга чейин, башкача айтканда, карылыктан улам алдан тайып калганга чейин кубанышыбыз керектигин айткысы келген.

Насаатчы 11:10 — Эмне үчүн «балалык да, жаштык да — курулай убаракерчилик» деп айтылат? Балалык менен жаш куракты туура өткөрбөсө, алар курулай убаракерчилик, башкача айтканда, маңызсыз болуп калышы мүмкүн. Себеби, күүлүү-күчтүү жаштыктын күндөрү көз ачып-жумгуча эле өтүп кетет.

Биз алчу сабактар:

Насаатчы 7:6. Орунсуз күлкү казандын астындагы тикенектин чартылдаганындай пайдасыз жана башкалардын кыжырына тиет. Мындай күлкүдөн качканыбыз оң.

Насаатчы 7:21, 22. Башкалардын сөздөрүнө өтө эле көңүл бура бербешибиз керек.

Насаатчы 8:2, 3; 10:4. Жумуш берүүчүң же башчың катуу кеңеш бергенде, «анын алдынан кетүүгө шашканга», тактап айтканда, жумуштан чыгууну чечүүгө караганда өзүңдү кармай билгениң акылдуулукка жатат.

Насаатчы 8:8, «ҮН»; Насаатчы 9:5—10, 12. Канаттуулар капысынан кылтакка илингендей же балыктар торго түшкөндөй, биз да күтүүсүздөн өмүрүбүздөн айрылып калышыбыз ыктымал. Эч ким өмүр күчүн кармап тура албайт, ошондой эле адамзаттын душманы болгон өлүмдөн бир да адамга качып кутулуу мүмкүн эмес. Андыктан өмүрүбүздү куру бекер коротконубуз туура эмес болор эле. Жахаба өмүрүбүздү баалап, андан чындап ыракат алышыбызды каалайт. Ан үчүн Кудайга кызмат кылууну жашообузда биринчи орунга коюшубуз зарыл.

Насаатчы 8:16, 17. Кудай жасаган иштердин жана жол берген нерселердин баарын уйку көрбөй изилдесек да, толугу менен түшүнүү мүмкүн эмес. Болуп жаткан жамандыктын баарын ойлоп кабатыр боло берүү жашоонун ыракатын көрүүгө тоскоолдук гана кылат.

Насаатчы 9:16—18. Акылмандыкты көптөр барктабаса да, биз бул сапатты баалоого тийишпиз. Андыктан акылсыздын кыйкырганын угуунун ордуна акылдуу адамдын сабырдуулук менен айткан сөздөрүн укканыбыз абзел.

Насаатчы 10:1. Сүйлөгөн сөздөрүбүзгө жана жасап жаткан иштерибизге көңүл бурганыбыз маанилүү. Бир эле жолу жасалган акылсыздык, мисалы, ачууга алдыруу, спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка баруу кадыр-баркыбызды түшүрүп коёт.

Насаатчы 10:5—11. Жогорку абалды ээлеген, бирок өз ишин билбеген адамга көз артпашыбыз керек. Билимсиздик жөнөкөй иш аткарууда да кесепеттүү болушу мүмкүн. Демек, акылмандыкты колдонуу жөндөмдүүлүгүн өстүрүү пайдалуу. Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин аткарууда да билимге ээ болгонубуз кандай гана маанилүү!

Насаатчы 11:1, 2. Чын жүрөктөн берешен болсок, бизге да берешендик көрсөтүлөт (Лука 6:38).

Насаатчы 11:3—6. Эмне болорун алдын ала билбегенибизден улам чечкинсиз болуп калбашыбыз керек.

Насаатчы 11:9; 12:1—7. Жаштар да Жахабанын алдында жооптуу. Ошондуктан алар карып, алдан тайганга чейин өздөрүнүн убактысы менен күчүн Кудайга кызмат кылууга арнашы керек.

«АКЫЛДУУ АДАМДАРДЫН СӨЗДӨРҮ» БИЗГЕ ЖЕТЕКЧИЛИК БЕРЕТ

(Насаатчы 12:9—14)

Сулайман «тапканга аракет кылып» жазган «накыл сөздөргө» биз кандай карашыбыз керек? Адамдык акылмандык жазылган «көп китептерден» айырмаланып, «акылдуу адамдардын сөздөрү ийнедей, кагылган мыктай, аларды түзгөндөр — бир Кайтаруучудан» (Насаатчы 12:10—12). «Кайтаруучу», Жахаба, айткан акылман сөздөр жашообузду теңсалмактуу өткөрүүгө жардам берет.

Насаатчы китебиндеги акылман кеңештерди колдонуу бизге маңыздуу жашоо өткөрүүгө жана бактылуу болууга чындап эле жардам берет. Андан сырткары, Ыйык Китеп бизди «Кудайдан корккондорго, Аны урматтагандарга жакшы болоруна» ынандырат. Келгиле, анда мындан ары да «Кудайдан коркуп, Анын буйруктарын аткарууга» чечкиндүү бололу (Насаатчы 8:12; 12:13).

[15-беттеги сүрөт]

Кудай жасай турган «сонун» иштердин бири өз убагында ишке ашат

[16-беттеги сүрөт]

Ичип-жеп, кылган иштин үзүрүн көрүү — Кудайдын белеги