Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйыктыкка карата Жахабаныкындай көзкараштасыңбы?

Ыйыктыкка карата Жахабаныкындай көзкараштасыңбы?

Ыйыктыкка карата Жахабаныкындай көзкараштасыңбы?

«Араңарда... бузулган, кудайсыз [«ыйык нерселерди баалабаган», «ЖД»] адам болбошу үчүн сак болгула» (Эврейлерге 12:16).

1. Жахабанын кызматчылары дүйнөдөгү кайсы рухту чагылдырышпайт?

ДҮЙНӨДӨ ыйык нерселерге барган сайын аз көңүл бурулуп баратат. Француз социологу Эдгар Моран мындай деген: «Адеп-ахлактуулуктун негиздери болгон Кудай, табият, атамекен, тарых жана акыл-эстүүлүк — булардын баары күчүн жоготту... Ар кимдин баалуулугу ар башка». Бул сөздөрдө «дүйнөнүн руху» же «Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рух» чагылдырылган (1 Корунттуктарга 2:12; Эфестиктерге 2:2). Өзүн Жахабага арнагандар, анын эгедерлигин чын жүрөгү менен жактагандар андай рухту толугу менен четке кагышат (Римдиктерге 12:1, 2). Кудайдын кызматчылары ыйык нерселер Жахабага сыйынууда маанилүү роль ойноорун түшүнүшөт. Биздин жашообузда эмне ыйык болушу керек? Ушул макалада Кудайдын бардык кызматчылары үчүн ыйык болгон беш нерсе каралат. Ал эми кийинки макалада жыйналыш жолугушууларынын ыйык экени талкууланат. Бирок «ыйык» деген сөз эмнени билдирет?

2, 3. а) Жазмада Жахабанын ыйыктыгы кандайча көрсөтүлгөн? б) Жахабанын ысмын кантип ыйык тутабыз?

2 Ыйык Китептеги «ыйык» деген эврей сөзү бөлүнгөн деген маанини туюнтат. Сыйынууга байланыштуу болсо «ыйык» деген сөз бөлүнүп коюлган, башкача айтканда, адаттагыдай колдонулбаган, ыйык эсептелген нерсени билдирет. Жазмада Жахабанын «ыйык Кудай» экени айтылат (Накыл сөздөр 9:10; 30:3). Байыркы Ысрайылда башкы ыйык кызмат кылуучу «Ыйыктык Жахабага таандык» деген сөздөр чегилген алтын тактайчаны кидарына, баш кийимине, байлап алчу (Чыгуу 28:36, 37, «ЖД»). Ыйык Китепте Жахабанын тактысынын тегерегинде керуптар менен сераптардын: «Жахаба ыйык, ыйык, ыйык»,— деп жар салып жатышканы сүрөттөлөт (Ышайа 6:2, 3, «ЖД»; Аян 4:6—8). «Ыйык» деген сөздүн кайталанышы Жахабанын теңде жок ыйыктыгын баса белгилейт. Чынында, Ал — ыйыктыктын Булагы.

3 Жахабанын ысмы да ыйык. Забурчу: «Сенин улуу жана коркунучтуу ысымыңды даңкташсын. Ал ыйык!» — деп жазган (Забур 98:3). Ыйса бизди мындай деп тиленүүгө үйрөткөн: «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун» (Матай 6:9). Ал эми Мариям болсо: «Менин жаным Теңирди даңктайт... Анткени Кудуреттүү мага улуу иш жасады. Анын ысымы ыйык»,— деп айткан (Лука 1:46, 49). Жахабанын кызматчылары болгондуктан, биз анын ысмын ыйык тутабыз. Ошондой эле анын ыйык ысмын каралай турган иштерди жасоодон качабыз. Мындан сырткары, биз ыйыктыкка карата Жахабаныкындай көзкараштыбыз, башкача айтканда, Ал ыйык деп эсептеген нерселер биз үчүн да ыйык (Амос 5:14, 15).

Эмне үчүн Ыйсаны терең урматташыбыз керек?

4. Жазмада эмне үчүн Ыйса ыйык деп айтылат?

4 Ыйык Кудай Жахаба «жалгыз Уулун», Ыйсаны да ыйык кылып жараткан (Жакан 1:14; Колосалыктарга 1:15; Эврейлерге 1:1—3). Ыйса ошондуктан «Кудайдын Ыйыгы» деп аталат (Жакан 6:69). Ал төрөлүп, жерде жашап жүргөндө да ыйык бойдон калган, себеби Мариям аны ыйык рухтун таасири алдында төрөгөн. Периште Мариямга мындай деген: «Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт... Төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет» (Лука 1:35). Иерусалимдеги Ыйсанын жолдоочулары Жахабага тиленип жатып, Кудайдын Уулу тууралуу «ыйык Уулуң Ыйса» деп эки ирет айтышкан (Элчилер 4:27, 30).

5. Ыйса жерде жүргөндө кандай ыйык тапшырма аткарган жана анын каны эмне үчүн баалуу?

5 Ыйса жерге ыйык тапшырма аткаруу үчүн келген. Ал б.з. 29-жылы чөмүлтүлгөндө Жахабанын улуу рухий ийбадатканасынын Башкы ыйык кызмат кылуучусу болуп дайындалган (Лука 3:21, 22; Эврейлерге 7:26; 8:1, 2). Андан сырткары, ал өз өмүрүн курмандык катары бермек. Ыйсанын төгүлгөн каны аркылуу кун төлөнүп, адамзат күнөөсүнөн арылмак (Матай 20:28; Эврейлерге 9:14). Ошондуктан Ыйсанын каны биз үчүн ыйык жана «баалуу» (1 Петир 1:19).

6. Машайак Ыйсаны эмне үчүн терең урматтайбыз?

6 Падышабыз жана Башкы ыйык кызмат кылуучубуз Машайак Ыйсаны терең урматтаарыбызды көрсөтүп элчи Пабыл мындай деп жазган: «Кудай аны [өз Уулун] жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди. Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, „Ыйса Машайак — Теңир Кудай Атанын даңкы“ деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды» (Филипиликтерге 2:9—11). Ыйык нерселерге болгон көзкарашыбыз Жахабаныкындай экенин жыйналыштын Башчысына, Жолбашчыбыз жана Падышабыз Машайак Ыйсага, даярдуулук менен баш ийип көрсөтө алабыз (Матай 23:10; Колосалыктарга 1:18).

7. Машайакка баш ийгенибизди кантип көрсөтөбүз?

7 Машайакка баш иерибизди ал өзүнүн иштерин жетектөө үчүн дайындаган адамдарга тийиштүү урмат-сый көрсөтүү менен да далилдейбиз. Жетектөөчү Кеңештеги рух менен майлангандардын жана алар дайындаган филиалдардын көзөмөлчүлөрүнүн, облустук, райондук көзөмөлчүлөр менен жыйналыштын аксакалдарынын аткарган милдеттерин ыйык иш деп эсептешибиз керек. Мындай жоопкерчиликтерге ээ болгон биртуугандарга урмат-сый көрсөтүп, аларга баш ийишибиз талап (Эврейлерге 13:7, 17).

Ыйык эл

8, 9. а) Ысрайылдыктар кандайча ыйык эл болушкан? б) Жахаба ысрайылдыктарга ыйыктыктын принциптерин кантип айкын көрсөткөн?

8 Жахаба Ысрайыл менен келишим түзгөн. Ал келишим аркылуу алар жаңы эл катары өзгөчө абалга ээ болгон. Ысрайылдыктар ыйыкталган, башкача айтканда, башкалардан бөлүнүп турган. Жахаба аларга: «Ыйык болгула, анткени Мен, Кудай-Теңириңер, ыйыкмын; силерди Меники болсун деп, башка элдерден бөлүп алдым»,— деген (Лебилер 19:2; 20:26).

9 Жахаба ысрайылдыктар менен келишим түзүп жатканда эле аларга ыйыктыктын принциптерин айкын көрсөткөн. Мисалы, алар өлүп калбашы үчүн, Он осуятты алышкан тоого жакын барбашы керек эле. Ошол учурда Синай тоосу ыйык деп эсептелген (Чыгуу 19:12, 23). Ыйык кызмат кылуучулардын аткарган милдеттери, жыйын чатыры жана анын ичиндеги буюмдар да ыйык нерсе катары каралышы керек эле (Чыгуу 30:26—30). Ал эми Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы тууралуу эмне айтууга болот?

10, 11. Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жыйналышын эмне үчүн ыйык деп айтууга болот жана «башка койлор» буга кандай карашат?

10 Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жыйналышын Жахаба ыйык деп эсептейт (1 Корунттуктарга 1:2). Жердеги майлангандар топ катары кайсы учурда жашашпасын, Жахабанын улуу рухий ийбадатканасын түзүшпөсө да, ыйык ийбадаткана менен салыштырылат. Жахаба ал ийбадатканада ыйык руху менен жашаган. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Ошол Таштын үстүнө кыналып курулуп жаткан бүт имарат Теңирдин ыйык ийбадатканасы болуу үчүн бийиктеп келе жатат. Кудайдын турак жайы болуу үчүн, башкалар менен бирге силер да Рух аркылуу ошол Таштын үстүнө курулуп жатасыңар» (Эфестиктерге 2:21, 22; 1 Петир 2:5, 9).

11 Кийинчерээк Пабыл майлангандарга: «Кудайдын ийбадатканасы экендигиңерди, ичиңерде Кудайдын Руху жашарын билбейсиңерби?.. Анткени Кудайдын ийбадатканасы ыйык, ал эми ал ийбадаткана силерсиңер»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 3:16, 17). Жахаба өзүнүн руху менен майлангандардын арасында жашап, «алардын арасында жүрөт» (2 Корунттуктарга 6:16). Кудай ишенимдүү «кулун» дайыма жетектеп турат (Матай 24:45—47). Ал эми «башка койлор» майлангандар менен кызматташып жатышканын жогору баалашат (Жакан 10:16; Матай 25:37—40).

Кудайдын элинин жашоосундагы ыйык нерселер

12. Жашообузда эмнелер ыйык жана эмне үчүн?

12 Ыйсанын майланган жолдоочулары менен алардын жерде жашоого үмүттөнгөн шериктеринин жашоосунда көп нерселердин ыйык деп эсептелиши таң калыштуу эмес. Алсак, биздин Жахаба менен болгон мамилебиз ыйык (1 Жылнаама 28:9; Забур 35:8). Кудай менен болгон мамилебизди жогору баалагандыктан, аны бузууга эч кимге жана эч нерсеге жол бербейбиз (2 Жылнаама 15:2; Жакып 4:7, 8). Жахаба менен болгон тыгыз мамилебизди сактоо үчүн тиленүү маанилүү. Даниел пайгамбар тиленүүнү ыйык туткан. Кудайга кайрылгандыгы үчүн өмүрүнө коркунуч туулганда да ал тиленгенин токтоткон эмес (Даниел 6:7—11). «Ыйыктардын» же Ыйсанын майланган жолдоочуларынын тиленүүлөрү ийбадатканада сыйынуу үчүн колдонулган жыпар жыттуу затка салыштырылат (Аян 5:8; 8:3, 4; Лебилер 16:12, 13). Бул тиленүүнүн ыйыктыгын баса белгилейт. Ааламдын Эгедери менен пикирлешүү кандай гана зор сыймык! Чынында эле, тиленүү — жашообуздагы ыйык нерсе!

13. Кайсы күч ыйык жана ал жашообузга таасир тийгизиши үчүн эмне кылышыбыз керек?

13 Ыйсанын майланган жолдоочулары менен алардын жерде жашоого үмүттөнгөн шериктери ыйык рухту да ыйык деп эсептешет. Ал рух — Жахабанын иш-аракеттүү күчү. Ал күч ыйык Кудайдын эркин аткарууда колдонулгандыктан, ыйык рух деп туура аталган (Жакан 14:26; Римдиктерге 1:4). Жахаба өзүнүн кызматчыларына жакшы кабар таратуу үчүн ыйык руху аркылуу жардам берип келүүдө (Элчилер 1:8; 4:31). Кудай ыйык рухун «Өзүнө баш ийгендерге», дененин күнөөлүү каалоолору боюнча эмес, «Ыйык Рухтун жетеги менен жашагандарга» берет (Элчилер 5:32; Галатиялыктарга 5:16, 25; Римдиктерге 8:5—8). Ал зор күч Ыйсанын жолдоочуларына «рухтун жемишин» — эң сонун сапаттарды — өстүрүүгө жана «ыйык.., такыбаа» жашоо өткөрүүгө көмөк кылат (Галатиялыктарга 5:22, 23; 2 Петир 3:11). Ыйык рухту ыйык деп эсептесек, аны капаланта турган же анын жашообузга таасир тийгизишине тоскоолдук кылуучу иштерден качабыз (Эфестиктерге 4:30).

14. Майлангандар жана башка койлор эмнелерди ыйык тутушат?

14 Ыйык нерселердин дагы бири — ыйык Кудайыбыз Жахабанын ысмын алып жүрүү жана Анын Күбөлөрү болуу сыймыгы (Ышайа 43:10—12, 15). Жахаба Ыйсанын майланган жолдоочуларын «Жаңы Келишимдин кызматчылары» катары дайындаган (2 Корунттуктарга 3:5, 6). Аларга «Падышачылык жөнүндөгү... Жакшы Кабарды» таратуу жана «бардык элдерди... шакирт кылуу» тапшырылган (Матай 24:14; 28:19, 20). Майлангандар бул ишти берилгендик менен аткарышууда жана миллиондогон кой мүнөздүү адамдар аларга: «Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук»,— деп айтып жатышат десек болот (Захария 8:23). Алар рухий мааниде «дыйкандар» жана «жүзүмчүлөр» катары «Кудайыбыздын кызматчыларына», майлангандарга, кубаныч менен кызмат кылып жатышат. Ушуну менен «башка койлор» майлангандарга бүткүл дүйнөлүк ишти аткарууга зор көмөк көрсөтүүдө (Ышайа 61:5, 6).

15. Элчи Пабыл кайсы ишти ыйык деп эсептеген жана эмне үчүн биз да ошондой көзкараштабыз?

15 Пабыл кабар айтуу ишин ыйык деп эсептеген адамдардын бири болгон. Ал өзү жөнүндө: «Ыйса Машайактын кызматчысы болгон мен... Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу ишин ыйык кызмат катары аткарып жатам»,— деп айткан (Римдиктерге 15:16). Корунттагы ишенимдештерине жазган катында ал өзүнүн кызматын «кенч» менен салыштырган (2 Корунттуктарга 4:1, 7). Кызматыбыз аркылуу биз «Кудайдын [ыйык] сөздөрүн» жалпыга маалым кылган болобуз (1 Петир 4:11). Ошондуктан майлангандар да, башка койлор да — баарыбыз күбөлөндүрүү ишин сыймык катары көрөбүз.

«Кудайдан коркуу менен ыйыктыкка умтулалы»

16. «Ыйык нерселерди баалабагандардан» болбоого бизге эмне жардам берет?

16 Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларына «кудайсыз» [«ыйык нерселерди баалабаган», «ЖД»] адам болбой, тескерисинче, «ыйык болууга умтулуп», «кандайдыр бир ачуу тамыр өсүп чыгып, зыян келтирбеши үчүн жана ал аркылуу көптөр булганбашы үчүн, сак болууну» эскерткен (Эврейлерге 12:14—16). «Ачуу тамыр» деген сөз айкашы Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышындагы айрым сынчыл адамдарга тиешелүү болгон. Андай адамдар, балким, никенин ыйыктыгына же адеп-ахлактык тазалыкка карата Жахабаныкындай көзкарашта болушкан эмес (1 Тесалоникалыктарга 4:3—7; Эврейлерге 13:4). Же «чындыктан четтеп кеткендердин» ойлорун, ыйык нерселерди тебелеп-тепсеген «куру сөздөрүн» колдошкон (2 Тиметейге 2:16—18).

17. Жахабанын ыйыктыкка карата көзкарашын чагылдыруу майлангандардан эмне үчүн тынымсыз күч-аракеттерди талап кылат?

17 Пабыл майланган биртуугандарына: «Сүйүктүү бир туугандарым... денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан коркуу менен ыйыктыкка умтулалы»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 7:1). Бул сөздөр Ыйсанын майланган жолдоочулары, «асман чакырыгынын катышуучулары», Жахабанын ыйыктыкка карата көзкарашын өздөрүнүн жашоосунун бардык тармактарында чагылдырып жатканын далилдеш үчүн тынымсыз күч-аракет жумшашы керек экендигин көрсөтүп турат (Эврейлерге 3:1). Ошондой эле элчи Петир да рухтан төрөлгөн биртуугандарын мындай деп үндөгөн: «Билбестиктен баткан мурунку кумарларыңарга кайрадан ык албагыла, тескерисинче, тил алуу үчүн тандалган балдар катары бардык жүрүш-турушуңар ыйык болсун, анткени силерди чакырып алган Кудай ыйык» (1 Петир 1:14, 15).

18, 19. а) «Эбегейсиз көп адамдар» ыйыктыкка карата Жахабаныкындай көзкарашта экенин кантип көрсөтүшөт? б) Эмки макалада Ыйсанын жолдоочулары ыйык туткан дагы кайсы нерселер талкууланат?

18 Ал эми «улуу кайгыдан» аман өтө турган «эбегейсиз көп адамдар» тууралуу эмне айтууга болот? Алар да ыйыктыкка карата Жахабаныкындай көзкарашта экенин далилдеши керек. Аян китебинде алар Жахабанын рухий ийбадатканасынын жердеги короосунда ыйык кызмат аткарып жаткандар катары сүрөттөлөт. Ал адамдар Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишенерин каймана мааниде «өздөрүнүн кийимдерин жууп... Козунун канына агартышканы» менен көрсөтүшкөн (Аян 7:9, 14, 15). Бул аларды Кудайдын көз алдында адил кылып, «денесин жана рухун булгаган ар кандай ыпыластыктан арылууга, Кудайдан коркуу менен ыйыктыкка умтулууга» милдеттендирет.

19 Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жана алардын жерде жашоого үмүттөнгөн шериктеринин жашоосунда Жахабага сыйынуу үчүн жана анын сөзүн изилдөө үчүн жолугушууларга үзгүлтүксүз баруу маанилүү орунду ээлейт. Жахаба өзүнүн элинин андай жолугушууларын ыйык деп эсептейт. Мындай ыйык деп эсептелген нерселерге эмне үчүн Жахабаныкындай көзкарашта болушубуз керек? Канткенде ошондой көзкарашка ээ боло алабыз? Бул суроолор эмки макалада талкууланат.

Кайталоо үчүн суроолор

• Жахабанын кызматчылары дүйнөнүн кайсы көзкарашын колдобойт?

• Эмне үчүн Жахаба бардык ыйык нерселердин Булагы?

• Ыйсаны терең урматтаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

• Биз эмнелерди ыйык тутушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Ысрайылда ыйык кызмат кылуучулар аткарган иштер, жыйын чатыры жана андагы буюмдар да ыйык деп эсептелген

[24-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жердеги майланган жолдоочулары ыйык ийбадаткананы түзүшөт

[25-беттеги сүрөт]

Тиленүү жана кабар айтуу иши биз үчүн ыйык