Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык жолугушууларыбызды баалоо

Ыйык жолугушууларыбызды баалоо

Ыйык жолугушууларыбызды баалоо

«Мен Өзүмдүн ыйык тоомо алып келип, аларды Өзүмдүн сыйынуу үйүмдө кубантам» (Ышайа 56:7).

1. Жолугушууларыбызды баалоого ыйык китептик кандай негиз бар?

ЖАХАБА өз элин, Ыйсанын майланган жолдоочулары менен алардын жерде жашоого үмүттөнгөн шериктерин, Өзүнө сыйынуу үчүн «ыйык тоого» чогулткан. Кудай «сыйынуу үйүндө» — «бардык элдер үчүн сыйынуу үйү» болгон рухий ийбадатканасында — аларга кубаныч тартуулап жатат (Ышайа 56:7; Марк 11:17). Бул Жахабага сыйынуунун ыйык, таза экенин көрсөтүп турат. Ыйык Китепти изилдөө жана сыйынуу үчүн уюштурулган жолугушууларыбызды баалоо менен ыйык нерселерге карата Жахабаныкындай көзкарашта экенибизди далилдейбиз.

2. Сыйынуу үчүн тандалган жерди Жахаба ыйык деп эсептээрин кайдан билебиз жана Ыйса да ошондой ойдо экенин кантип көрсөткөн?

2 Байыркы Ысрайылда Жахабага сыйынуу үчүн тандалган жер ыйык деп эсептелиши керек эле. Жыйын чатыры жана андагы бардык нерселер «эң ыйык болушу» үчүн, аларды майлоо, ыйыктоо зарыл болгон (Чыгуу 30:26—29). Ыйык жай «ыйык» жана «ыйыктын ыйыгы» деген бөлмөлөрдөн турган (Эврейлерге 9:2, 3). Жыйын чатыры кийинчерээк Иерусалимдеги ийбадаткана менен алмаштырылган. Иерусалим Жахабага сыйынуучу жер болгондуктан, «ыйык шаар» деп аталган (Некемия 11:1, СК; Матай 27:53). Ыйса да жерде кызмат кылып жүргөндө ийбадаткананы ыйык деп эсептеген. Элдер ал жерде соода-сатык иштерин жүргүзүп же жолду кыскартуу үчүн ийбадаткана аркылуу өтүп, аны баалабагандыгын көрсөткөндө, ал аларга ачууланган (Марк 11:15, 16).

3. Ысрайылдыктардын жолугушууларынын ыйык болгонун эмне көрсөтүп турат?

3 Ысрайылдыктар Жахабага сыйынуу үчүн жана Анын Мыйзамын угуу үчүн дайыма чогулуп турушчу. Алардын майрамдарынын белгилүү бир күндөрү ыйык чогулуш же ыйык жыйын деп аталганы андай жолугушуулардын ыйык экенин билдирип турган (Лебилер 23:2, 3, 36, 37). Эзра менен Некемиянын күндөрүндө, жыйын учурунда лебилер «элге мыйзамды түшүндүрүп» беришчү. «Эл мыйзам сөздөрүн угуп жатканда, ыйлап турушкандыктан», лебилер: «Сабыр кылгыла, бул күн — ыйык күн, капа болбогула» — деп, бүт элди сооротушкан. Ысрайылдыктар ошондо жети күндүк Алачыктар майрамын «зор кубаныч» менен майрамдашкан. Андан кийин алар тууралуу мындай делет: «Кудайдын мыйзам китебин күн сайын, биринчи күндөн акыркы күнгө чейин окуп жатышты. Жети күн майрамдашты, сегизинчи күнү мыйзамга ылайык майрамдык жыйналыш болду» (Некемия 8:7—11, 17, 18). Мындай ыйык жолугушууларга катышкан адамдардын баарынан аларды баалоо талап кылынган.

Биздин жолугушууларыбыз ыйык

4, 5. Жолугушуулардын ыйык экенин эмнелер көрсөтүүдө?

4 Бүгүнкү күндө жерде Жахабага сыйынуу үчүн арналган атайын ийбадатканасы бар ыйык шаар жок. Анткен менен Жахабага сыйынуу үчүн караштырылган жыйналыш жолугушуулары ыйык экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Жазманы окуп-изилдөө үчүн биз жумасына үч жолу чогулуп турабыз. Некемиянын убагындагыдай эле, Жахабанын Сөзү азыр да «так окулуп, түшүндүрүлөт» (Некемия 8:8). Жыйналыш жолугушууларынын баары тиленүү менен башталып, тиленүү менен аяктайт. Алардын көпчүлүгүндө биз Жахабаны даңктап ырдайбыз (Забур 25:12). Жыйналыш жолугушуулары сыйынуубуздун бир бөлүгү болгондуктан, аларды жогору баалоо зарыл.

5 Жахаба ага сыйынуу, анын Сөзүн изилдөө жана ишенимдештери менен пикирлешүүдөн кубаныч алуу үчүн чогулган элине батасын берет. Жолугушуулар өткөрүлгөн учур Жахаба «бата... бере» турган учур экенине шектенбесек болот (Забур 132:1, 3). Андыктан жыйналышка барып, анда айтылгандарды кунт коюп укканда гана баталарды алабыз. Ыйса: «Кайсы жерде Менин ысымым үчүн эки же андан көп адам чогулса, Мен да ошол жерде, алардын арасындамын»,— деп айткан. Мында биртуугандардын ортосундагы олуттуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн чогулган аксакалдар тууралуу айтылса да, бул сөздөр жыйналыш жолугушууларына да тиешелүү (Матай 18:20). Эгер Ыйса өзүнүн жолдоочулары анын ысмы үчүн чогулган жерде ыйык рух аркылуу катыша турган болсо, анда ал жолугушууларды ыйык деп эсептебешибиз керекпи?

6. Сыйынуу жайлары тууралуу эмне айтууга болот?

6 Жахабанын адамдар курган ийбадатканада жашабаары чын. Ошондой болсо да, биздин Падышалык залдарыбыз чыныгы сыйынууга арналган жай болуп саналат (Элчилер 7:48; 17:24). Биз ал жерден Кудайдын Сөзүн изилдеп, ага тиленип, аны даңктап ырдайбыз. Жыйындар залы да чыныгы сыйынууга арналган жайлардын бири. Жыйын өткөрүү үчүн ижарага алынган маданият үйлөрү, көргөзмө залдары же стадиондор — булардын баары ыйык жолугушуулар өткөрүлүп жаткан маалда сыйынууга арналган жай болуп эсептелет. Мындай жолугушууларды чоң болобу, кичине болобу, баалашыбыз зарыл. Аларды баалаарыбыз жүрүм-турумубуздан көрүнүп турушу керек.

Жолугушууларды баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

7. Жолугушууларды баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

7 Жолугушууларды баалаарыбызды ачык-айкын көрсөтүүнүн жолдору көп. Алардын бири — Падышалык ырларын ырдоо. Ал ырлардын көпчүлүгү тиленүү түрүндө жазылгандыктан, урматтоо сезими менен ырдалууга тийиш. Элчи Пабыл 21-забурдан үзүндү келтирип, Ыйсанын маанайы тууралуу мындай деген: «Сенин ысымыңды бир туугандарыма жарыялайм, Сени жыйында даңктап ырдайм» (Эврейлерге 2:12). Андыктан төрагалык кылуучу биртууган кайсы ырды ырдаарыбызды айтканга чейин эле ордубузду ээлөөнү, ырдап жатканда ырдын маанисине көңүл бурууну адат кылып алганыбыз жакшы. Забурчу: «Теңирим, мен Сени чын жүрөгүм менен адил адамдардын кеңешмесинде жана жыйындарда даңктайм»,— деген (Забур 110:1). Биз да ырдап жатканда забурчунун сезимин чагылдыра алабыз. Жахабаны даңктап ырдоо жолугушууларыбызга эртерээк келип, жыйналыштын аягына чейин катышууга негиз берет.

8. Ыйык Китептеги кайсы мисал жыйналыш жолугушууларындагы тиленүүлөрдү баалашыбыз керектигин көрсөтүп турат?

8 Жыйналыштагы биртуугандар үчүн жалындуу тиленүү да жолугушууларыбызды рухий жактан байытат. Бир жолу Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары Иерусалимде чогулганда, «биригишип, Кудайга үндөрүн чыгарып» («Инжил») чын жүрөктөн тиленишкен. Натыйжада, алар куугунтуктоолорго карабай «Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айтууну» уланта беришкен (Элчилер 4:24—31). Тиленүү учурунда алардын биринин башка нерсени ойлоп, алаксыганын элестетүү кыйын. Жазмада алардын «биригип», чогуу тиленишкени айтылат. Жолугушууларыбызда айтылган тиленүүлөр жыйналышка келгендердин баарынын сезимдерин чагылдырат. Ошондуктан биз да андай тиленүүлөрдү баалоого тийишпиз.

9. Кийген кийимибиз жана жүрүм-турумубуз менен ыйык жолугушууларыбызды баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

9 Андан сырткары, жыйналыш жолугушууларын ыйык деп эсептээрибизди кийген кийимибиз менен көрсөтө алабыз. Кийимибиз да, чач жасалгабыз да жолугушууларыбыздын баалуулугун арттырат. Элчи Пабыл буга байланыштуу мындай кеңеш берген: «Мен эркектердин бардык жерде таза колдорун көтөрүп, ачууланбастан жана шектенбестен сыйынууларын каалайм. Ошондой эле аялдар да өздөрүн өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен, өздөрүн такыбаа жашоого арнаган аялдарга таандык болгон жакшы иштер менен жасалгалашсын» (1 Тиметейге 2:8—10). Ачык стадиондордо өткөрүлгөн жыйындарда биз абарайына ылайык кийинсек да, дайыма (абдан ысык болгондо да) кийимибиз адептүү болушу керек. Ошондой эле биз программа учурунда тамактанбайбыз жана сагыз чайнабайбыз. Муну менен жыйындарды баалаарыбызды көрсөтөбүз. Жолугушууларга адептүү кийингенибиз жана жакшы жүрүм-турумубуз менен биз Жахаба Кудайга, сыйынуубузга, ишенимдештерибизге урмат-сый көрсөткөн болобуз.

Кудайдын үйүнө ылайык жүрүм-турум

10. Элчи Пабыл жыйналыш жолугушууларындагы жүрүм-турумубуз жакшы болушу талап экенин кантип көрсөткөн?

10 Корунттуктарга жазылган биринчи каттын он төртүнчү бөлүмүнөн биз элчи Пабылдын Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналыштагы жүрүм-турумуна байланыштуу жакшы кеңештерин окуйбуз. Ал сөздөрүн мындай деп жыйынтыктаган: «Баары өз орду, өз тартиби менен болсун» (1 Корунттуктарга 14:40). Биздин жолугушууларыбыз жыйналыш иштеринин маанилүү бөлүгү болгондуктан, ал жердеги жүрүм-турумубуз Жахабанын үйүнө ылайык болушу талап.

11, 12. а) Жыйналыштагы балдарга эмнени түшүнүүгө жардам берүү керек? б) Балдар жыйналыштан өзүлөрүнүн ишенимин кантип көрсөтө алышат?

11 Жыйналышта өзүн кандай алып жүрүшү керектигин өзгөчө балдарга үйрөтүү зарыл. Кудай жолундагы ата-энелер балдарына Падышалык залы жана китеп изилдөө жолугушуусу өткөрүлгөн жер ойной турган эмес, Жахабага сыйынып, анын Сөзүн изилдей турган жер экенин түшүндүрүшү керек. Акылман Сулайман падыша: «Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол»,— деп жазган (Насаатчы 4:17). Ал эми Муса ысрайылдыктардын чоңунан кичинесине чейин чогулушу керектигин айткан. Ал мындай деген: «Элиңди... чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Теңирден коркууну үйрөнүшсүн, мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылышсын. Бул мыйзамды билбеген алардын балдары да силер ээлеш үчүн Иордандан өтүп бара жаткан жерде жашап жатканыңарда, аны угуп, Теңирден коркууну үйрөнүшсүн» (Мыйзам 31:12, 13).

12 Ошо сыяктуу эле, бүгүн да кичинекей балдар ата-энелери менен чогуу жыйналышка угуп, үйрөнүш үчүн барышат. Ыйык Китептин негизги окууларын түшүнө алгыдай куракка жеткенде эле балдар кыскача жоопторду берип, өздөрүнүн ишеними тууралуу «ачык айта» алышат (Римдиктерге 10:10, «Инжил»). Кичинекей бала өзү түшүнгөн суроого бир-эки ооз сөз менен жооп берсе болот. Алгач ал жоопту окуп бериши мүмкүн, бирок бара-бара өзүнүн сөзү менен жооп берүүгө аракет кыла баштайт. Бул зор пайда апкелет жана баланын өзүнө да кубаныч тартуулайт. Алардын мындай чын жүрөктөн чыккан сөздөрү чоңдорду кубандырбай койбойт. Адатта, ата-энелер өздөрү да жыйналыштан жооп берип балдарына жакшы үлгү боло алышат. Мүмкүн болсо, балдардын ар биринде өзүнүн Ыйык Китеби, ыр китеби жана изилденип жаткан адабияттын бир нускасы болгону жакшы. Аларды мындай адабияттарды баалоого үйрөтүү зарыл. Жогоруда айтылгандардын баары балдарга жыйналыш жолугушууларын ыйык деп эсептөөгө жардам берет.

13. Жыйналышка биринчи жолу келгендер кандай ойдо болот деп үмүттөнөбүз?

13 Албетте, биз жыйналыш жолугушууларыбыздын христиан чиркөөлөрүнүн жолугушууларына окшош болушун каалабайбыз. Анткени алардын айрымдары суз маанайда, жасалма такыбаалык менен өткөрүлсө, башкалары өтө эле шаңдуу болуп, рок концертине окшоп калат. Падышалык залындагы жыйналыш жолугушуулары жылуу, достук маанайда өткөрүлсө да, ал ар ким өзүн каалагандай алып жүрүүчү жер болбошу керек. Биз Жахабага сыйынуу үчүн чогулуп жаткандыктан, жолугушууларыбызды ар дайым ыйык тутушубуз зарыл. Арийне, жыйналышка биринчи жолу келген адамдардын анда айтылгандарды укканда жана биздин, балдарыбыздын жүрүм-турумун көргөндө: «Кудай, чын эле силер менен экен»,— деп айтышын каалайбыз (1 Корунттуктарга 14:25).

Сыйынуубузду үзгүлтүккө учуратпоо

14, 15. а) Биз «Кудайдын үйүн таштабай турганыбызды» кантип көрсөтөбүз? б) Ышайа 66:23төгү сөздөр кантип аткарылып жатат?

14 Жогоруда айтылгандай, Жахаба өзүнүн элин «сыйынуу үйүнө», башкача айтканда, рухий ийбадатканасына чогултуп, аларга кубаныч тартуулайт (Ышайа 56:7). Кудайга берилген Некемия жүйүттөргө ийбадаткананы материалдык жактан колдоо менен аны баалаарын көрсөтүшү керектигин эсине салган. Ал мындай деген: «Биз Кудайыбыздын үйүн таштабайбыз» (Некемия 10:39). Биз дагы «сыйынуу үйүндө» Жахабага табынуу үчүн, Анын чакыруусун четке какпашыбыз керек.

15 Сыйынуу үчүн үзгүлтүксүз чогулуп туруу маанилүү экенин баса белгилеп, Ышайа пайгамбар мындай деген: «Ошондо ай сайын, ишемби сайын ар бир адам Менин алдыма таазим кылууга келип турат,— дейт Теңир» (Ышайа 66:23). Бул пайгамбарлык азыр да аткарылууда. Ай сайын, ар бир жумада Ыйсанын Кудайга арналган жолдоочулары Жахабага сыйынуу үчүн чогулуп турушат. Алар муну жыйналыш жолугушууларына, кабар айтуу кызматына катышуу менен аткарышат. Сен Жахабанын «алдына таазим кылууга» дайыма келип тургандардын бирисиңби?

16. Жолугушууларыбызга үзгүлтүксүз барууну эмне үчүн азыртадан адат кылып алышыбыз керек?

16 Ышайа 66:23төгү сөздөр Жахаба убадалаган жаңы дүйнөдөгү жашоодо толугу менен аткарылат. Ошол учурда, чынында эле, «ар бир адам» Жахабага жума сайын, ай сайын «таазим кылат», тактап айтканда, түбөлүккө сыйынат. Жаңы заманда Жахабага сыйынуу үчүн чогулуп туруу жашообуздун ажырагыс бөлүгү боло тургандыктан, ыйык жолугушууларыбызга үзгүлтүксүз барууну азыртадан адат кылып алууга эмне үчүн болбосун?

17. Жахабанын күнү «жакындап калганын билгендиктен» эмне үчүн жыйналышты калтырбоо зарыл?

17 Дүйнөнүн акыры жакындап калгандыктан, жыйналыш жолугушууларын калтырбоого мурункудан да чечкиндүү болгонубуз абзел. Биздин жолугушууларыбыз ыйык. Ошол себептен жумуш, мектеп тапшырмалары же кечки мектептин ишенимдештерибиз менен дайыма чогулуп турууга тоскоол болушуна жол бербейбиз. Биз биртуугандардын кубаттоосуна муктажбыз. Жыйналыш жолугушуулары бири-бирибизди жакшыраак билүүгө, бекемдөөгө, «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөөгө» мүмкүнчүлүк түзөт. Жахабанын күнү «жакындап калганын билгендиктен», жыйналышты калтырбоо зарыл (Эврейлерге 10:24, 25). Андыктан, келгиле, ыйык жолугушууларыбызды баалаарыбызды аларга үзгүлтүксүз катышуу, адептүү кийинүү жана өзүбүздү жакшы алып жүрүү менен көрсөтөлү. Муну менен ыйык нерселерге болгон көзкарашыбыз Жахабаныкындай экенин далилдейбиз.

Кайталоо үчүн суроолор

• Жахабанын элинин жолугушуулары ыйык болушу керектигин эмне көрсөтөт?

• Жолугушууларыбыздын ыйык экени эмнеден көрүнүп турат?

• Балдар жолугушууларды баалаарын кантип далилдей алышат?

• Жолугушууларыбызга үзгүлтүксүз барууну эмне үчүн азыртадан эле адат кылып алышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Жахабанын элинин жолугушуулары, кайсы жерде өткөрүлбөсүн, ыйык болуп эсептелет

[31-беттеги сүрөт]

Кичинекей балдар жыйналышка угуп, үйрөнүш үчүн барышат