Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакыныбызды сүйүү деген эмнени билдирет?

Жакыныбызды сүйүү деген эмнени билдирет?

Жакыныбызды сүйүү деген эмнени билдирет?

«Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй» (Матай 22:39).

1. Кудайды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

ЖАХАБА өзүнө сыйынгандардан эмнени талап кылат? Ыйса бул суроого жооп катары жөнөкөй, ошол эле учурда маанилүү сөздөрдү айткан. Ал Жахабаны чын жүрөктөн, жан-дилден, бүт акыл менен жана бардык күч-кубат менен сүйүү эң улуу осуят экенин көрсөткөн (Матай 22:37; Марк 12:30). Мурунку макалада талкуулаганыбыздай, Кудайга болгон сүйүүбүздү анын осуяттарын аткаруу, ага баш ийүү менен көрсөтөбүз. Кудайды сүйгөндөргө анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес, бул аларга ырахат алып келет (Забур 39:9; 1 Жакан 5:2, 3).

2, 3. Жакыныбызды сүйүү жөнүндөгү осуятка эмне үчүн көңүл бурушубуз керек жана кандай суроолор туулат?

2 Экинчи улуу осуят биринчиси менен байланышта экенин көрсөтүп, Ыйса: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй»,— деген (Матай 22:39). Бул осуятты карап чыгууга орчундуу себептер бар. Анткени азыркы убакка сүйүүнүн өзүмчүл, бурмаланган түрү мүнөздүү. Элчи Пабыл «акыркы убакты» сүрөттөп адамдардын бири-бирин эмес, өздөрүн, акчаны жана ырахатты сүйөрүн жазган. Ошондой эле көптөрдүн «таш боор» болору же Ыйык Китептин бир котормосуна ылайык, «үйбүлөсүнө болгон табигый ынактыгын жоготору» айтылган (2 Тиметейге 3:1—4). Ыйса Машайак: «Көптөр... бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт... көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат»,— деп алдын ала айткан (Матай 24:10, 12).

3 Бирок Ыйсанын ар бир адамдын сүйүүсү сууп каларын айтпаганына көңүл бурсаңар. Жахаба талап кылган жана татыктуу болгон сүйүүнү көрсөткөн адамдар дайыма болгон жана боло берет. Жахабаны чындап сүйгөндөр башкаларга аныкындай көзкараш менен кароого аракет кылышат. Анда биз сүйүшүбүз керек болгон жакындарыбыз ким? Аларды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз? Ыйык Жазма бул маанилүү суроолорго жооп алууга жардам берет.

Менин жакыным ким?

4. Лебилер 19-бөлүмгө ылайык, жүйүттөр кимге сүйүү көрсөтүшү керек эле?

4 Ыйса фарисейге «өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй» деген экинчи осуятты айтканда, ысрайылдыктарга берилген өзгөчө мыйзамга шилтеме кылган. Ал мыйзам Лебилер 19:18де жазылган. Ошол эле бөлүмдө жүйүттөрдүн ысрайылдыктардан башкаларды да өзүнүн жакыны деп эсептеши керек экени айтылат. 34-аятта мындай делет: «Көчүп келген келгин адам силер үчүн жергиликтүү адамдай болсун. Аны өзүңдү сүйгөндөй сүй, анткени силер да Мисир жеринде келгин болгонсуңар». Андыктан алар атүгүл, жүйүт эместерге да, өзгөчө, прозелиттерге сүйүү менен мамиле кылышы керек эле.

5. Жүйүттөр жакынын сүйүү дегенди кандай түшүнүшкөн?

5 Бирок Ыйсанын күндөрүндөгү жүйүт жолбашчылары буга карата башкача көзкарашта болушкан. Алардын айрымдары «дос» жана «жакын» деген сөздөр жүйүттөргө карата гана колдонулат деп окутушкан. Жүйүт эместер жек көрүндү болушкан. Ал окутуучулар Кудайга сыйынгандар ага сыйынбагандарды жек көрүшү керек деп ой жүгүртүшкөн. Бир эмгекке ылайык, «мындай чөйрөдө жек көрүүчүлүктүн күчөшүнө жакшы шарт түзүлгөн».

6. Ыйса жакындарыбызды сүйүү керектигин айтканда, кайсы эки ойду баса белгилеген?

6 Ыйса Тоодогу насаатында кимди сүйүү керектигин айкын көрсөткөн. Ал мындай деген: «„Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр“,— деп айтылганын уккансыңар. Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат» (Матай 5:43—45). Ыйса бул жерде эки ойду баса белгилеген. Биринчиси, Жахаба жаманга да, жакшыга да марттык жана боорукердик көрсөтөт. Экинчиси, биз Аны туурашыбыз керек.

7. Боорукер самариялык тууралуу аңгемеден эмнеге үйрөнө алабыз?

7 Ал эми башка бир жолу мыйзамды жакшы билген жүйүт Ыйсадан: «Менин жакыным ким?» — деп сураган. Ыйса каракчылар кол салып, талап-тоноп кеткен жүйүттү жолуктурган самариялык киши тууралуу аңгеме айтып берет. Жүйүттөр жалпы жонунан самариялыктарды жек көргөнүнө карабай, ал самариялык киши жүйүттүн жарааттарын таңып, айыгышы үчүн мейманканага алып келет. Мындан эмнеге үйрөнө алабыз? Жакыныбызга болгон сүйүүбүз өзүбүздүн расабыздагы, улутубуздагы же динибиздеги адамдар менен гана чектелбеши керек (Лука 10:25, 29, 30, 33—37).

Жакыныбызды сүйүү деген эмнени билдирет?

8. Лебилер 19-бөлүмдө сүйүү кантип көрсөтүлүшү керектигине байланыштуу эмне делет?

8 Жакыныбызга болгон сүйүү Кудайга болгон сүйүү сыяктуу эле тек гана сезим эмес, ал дайыма иштер менен коштолот. Лебилер 19-бөлүмдө Кудайдын эли жакынын өздөрүн сүйгөндөй сүйүүгө чакырылган. Бул осуяттын контекстин карап чыгуу биз үчүн пайдалуу болот. Ал аяттардан ысрайылдыктарга жардылар жана келгиндер менен түшүмү менен бөлүшүүгө буйрук кылынганын окуйбуз. Ошондон улам уурдоого, калп айтууга же алдамчылыкка негиз болгон эмес. Ал эми сот иштеринде ысрайылдыктар беткарамалык кылбашы талап эле. Бирок ошол эле учурда зарыл болсо, айыптоону ачык айтышы керек болчу. Себеби аларга: «Бир тууганыңды ичиңден жек көрө бербе»,— деп айтылган. Бул осуяттардын бардыгы: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй»,— деген бир осуятта камтылган (Лебилер 19:9—11, 15, 17, 18).

9. Эмне үчүн Жахаба ысрайылдыктарга башка элдерден оолак болууну буйруган?

9 Бирок ысрайылдыктар башкаларга сүйүү көрсөтүп жатып, жалган кудайларга сыйынгандардан оолак болушу керек эле. Жахаба жаман чөйрөнүн залакалуу кесепеттери жана коркунучтары тууралуу эскерткен. Мисалы, ысрайылдыктар кууп чыгышы керек болгон элдерге байланыштуу Жахаба мындай буйрук берген: «Алар менен куда-сөөк да болбо: кыз алышып, кыз беришпе. Анткени алар сенин уулдарыңды Менден алыстатат, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калышат. Ошондо Теңир каарданып, силерди тез эле кырып салат» (Мыйзам 7:3, 4).

10. Эмнеден сак болушубуз керек?

10 Ошо сыяктуу эле, Ыйсанын жолдоочулары ишенимин алсырата турган адамдар менен мамиле түзүүдөн качышат (1 Корунттуктарга 15:33). Бизге «ишенбегендер», башкача айтканда, жыйналыштын мүчөсү болбогон адамдар менен «бирге жат моюнтурукка кошулбагыла» деген эскертүү берилет (2 Корунттуктарга 6:14). Андан тышкары, Ыйсанын жолдоочусуна «Теңирге ишенген адам» менен гана үйбүлө куруу кеңеш кылынат (1 Корунттуктарга 7:39). Бирок биз Жахабага сыйынбагандарды эч качан жек көрбөшүбүз керек. Анткени Ыйса Машайак бардык күнөөлүү адамдар үчүн өлгөн. Бул жийиркеничтүү иштерди кылган көптөгөн адамдардын өзгөрүп, Кудай менен жакын мамиле түзүшүнө шарт түзгөн (Римдиктерге 5:8; 1 Корунттуктарга 6:9—11).

11. Жахабага сыйынбагандарга сүйүү көрсөтүүдө эмне жардам берет жана эмне үчүн?

11 Кудайга кызмат кылбагандарга сүйүү көрсөтүүдө Жахабанын өзүнөн үлгү алуу жардам берет. Ал мыйзамсыздыкты жек көрсө да, ошондой иштерди жасагандарга жаман жолдорун таштап, түбөлүк өмүргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен баарына мээримдүү боорукердик көрсөтөт (Жезекиел 18:23). Жахаба «бардыгы тобо кылышын» жана «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (2 Петир 3:9; 1 Тиметейге 2:4). Ошондуктан Ыйса өзүнүн жолдоочуларына кабар айтуу, окутуу жана «бардык элдерди... шакирт кылуу» ишин тапшырган (Матай 28:19, 20). Бул ишке катышуу менен биз Кудайды, жакындарыбызды, атүгүл душмандарыбызды да сүйөрүбүздү көрсөтөбүз!

Ишенимдештерибизге болгон сүйүү

12. Биртуугандарыбызды сүйүү жөнүндө элчи Жакан эмне деген?

12 Элчи Пабыл: «Бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы»,— деп жазган (Галатиялыктарга 6:10). Ыйсанын жолдоочулары катары биз ишенимдештерибизди — рухий биртуугандарыбызды — сүйүүгө милдеттүүбүз. Мындай сүйүү көрсөтүү канчалык маанилүү? Элчи Жакан бул ойду баса белгилеп: «Бир тууганын жек көргөн адам — киши өлтүрүүчү. Ким: „Мен Кудайды сүйөм“,— десе, бирок бир тууганын жек көрсө, ал — жалганчы. Анткени өзү көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүймөк эле?» — деген (1 Жакан 3:15; 4:20). Кандай гана күчтүү айтылган сөздөр! Ыйса Машайак «киши өлтүргүч» жана «жалганчы» деген сөздөрдү Шайтан Ибилиске карата колдонгон (Жакан 8:44). Албетте, бул сөздөрдүн бизге карата колдонулушун эч качан каалабайбыз!

13. Ишенимдештерибизге кантип сүйүү көрсөтө алабыз?

13 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары бири-бирин сүйүүнү Кудайдан үйрөнүшкөн (1 Тесалоникалыктарга 4:9). Биз «сөзүбүз же тилибиз менен эмес, ишибиз менен, чын жүрөгүбүз менен сүйөбүз» (1 Жакан 3:18). Сүйүүбүз «жалган», башкача айтканда, экижүздүү болбошу керек (Римдиктерге 12:9). Сүйүү бизге кайрымдуу, боорукер, кечиримдүү, чыдамдуу болууга жана кызганчаак, мактанчаак, текебер же өзүмчүл болбоого көмөк кылат (1 Корунттуктарга 13:4, 5; Эфестиктерге 4:32). Ошондой эле бири-бирибизге «кызмат кылууга» түрткү берет (Галатиялыктарга 5:13). Ыйса өзүнүн шакирттерине ал аларды кандай сүйсө, алар да бири-бирин ошондой сүйүшү керектигин айткан (Жакан 13:34). Андыктан Ыйсанын жолдоочусу ишенимдештери үчүн зарыл болсо, өз өмүрүн берүүгө да даяр болушу керек.

14. Үйбүлөдө кантип сүйүү көрсөтө алабыз?

14 Ошондой эле сүйүү үйбүлөдө, өзгөчө, күйөөсү менен аялынын ортосунда көрсөтүлүшү зарыл. Нике түйүнү абдан бекем болгондуктан, элчи Пабыл Эфестиктерге 5:28де: «Күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек»,— деп айткан. Андан кийин: «Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт»,— деп кошумчалаган. Ушу сыяктуу кеңешти ал отуз үчүнчү аятта да кайталаган. Аялын сүйгөн күйөө Малахиянын күндөрүндөгү өзүнүн никелик жарына ишенимсиздик кылган ысрайылдыктарды туурабайт (Малахия 2:14). Ал аялына назиктик менен мамиле жасайт. Күйөө өмүрлүк жарын Машайак жыйналышты сүйгөндөй сүйөт. Ошондой эле сүйүү зайыпка да жолдошун урматтоого түрткү берет (Эфестиктерге 5:25, 29—33).

15. Биртуугандык сүйүүнүн иш жүзүндө көрсөтүлүшү айрымдарга эмне деп айтууга жана эмне кылууга түрткү берген?

15 Мындай сүйүү Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын башкалардан айырмалап турган сапат болгондуктан, Ыйса: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жакан 13:35). Бири-бирибизге көрсөткөн сүйүүбүз башкаларды биз өкүлү болгон жана сүйгөн Кудайыбызга жакындатат. Мозамбиктеги бир үйбүлө менен болгон окуяны карап көрөлү. «Биз эч качан мындайды көргөн эмеспиз. Түштөн кийин катуу шамал башталып, артынан жамгыр нөшөрлөп, мөндүр жаай баштады. Шамалдан улам камыш үйүбүз кулап, калайдан жасалган чатырыбыз учуп кетти. Кошуна жыйналыштагы биртуугандар келип, үй курууга жардам бергенде, кошуналарыбыз таң калып: „Силердин диниңер жакшы экен. Биздин чиркөөбүз бизге эч качан минтип жардам берген эмес“,— дешти. Биз аларга Ыйык Китепти ачып, Жакан 13:34, 35ти окуп бердик. Азыр кошуналарыбыздын көбү Ыйык Китепти изилдеп жатат».

Адамдарга жекече сүйүү көрсөтүү

16. Топ адамдарга сүйүү көрсөтүү менен жеке адамды сүйүүнүн ортосунда кандай айырмачылык бар?

16 Жакындарыбызга, топ адамдарга, жалпы жонунан сүйүү көрсөтүү кыйын эмес. Ал эми жеке адамды сүйүү оңойго турбашы мүмкүн. Мисалы, айрымдардын сүйүүсү кайрымдуулук уюмдарына тартууларды берүү менен эле чектелет. Чынында эле, жакындарыбызды сүйөбүз деп айтуу бизди анча жактырбагандай сезилген чогуу иштешкен адамды, анча жакшы эмес кошунабызды же көңүлүбүздү калтырган досубузду сүйүүгө караганда алда канча оңой.

17, 18. Ыйса ар бир адамга кантип жана кандай ниет менен жекече сүйүү көрсөткөн?

17 Жеке адамды сүйүүгө биз Кудайдын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган Ыйсадан үйрөнө алабыз. Ал жерге бүт адамзаттын күнөөсүн жууш үчүн келсе да, жеке адамдарга, мисалы, оорулуу аялга, пес оорулууга жана кичинекей кызга сүйүү көрсөткөн (Матай 9:20—22; Марк 1:40—42; 7:26, 29, 30; Жакан 1:29). Ошо сыяктуу эле, биз да күнүгө көрүп жүргөн адамдардын ар бирине жакшы мамиле кылсак, жакындарыбызды сүйгөн болобуз.

18 Жакыныбызга болгон сүйүү Кудайга болгон сүйүү менен тыгыз байланышта экенин эч качан унутпашыбыз керек. Ыйса жакырларга жардам берип, оорулууларды айыктырган, ачкаларды тойгузуп, элди окуткан. Ал мунун баарын адамдарга Жахабага жакындоого жардам берүү үчүн кылган (2 Корунттуктарга 5:19). Ошондой эле Ыйса өзүнүн кимдин өкүлү экенин эч качан унуткан эмес жана өзү сүйгөн Кудайдын сапаттарын чагылдырып, баарын аны даңкташ үчүн жасаган (1 Корунттуктарга 10:31). Ыйсаны тууроо менен биз жакыныбызды чындап сүйөрүбүздү, ошол эле учурда бул бузулган дүйнөдөн эместигибизди көрсөтөбүз.

Жакыныбызды кантип өзүбүздү сүйгөндөй сүйө алабыз?

19, 20. Жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүү деген эмнени билдирет?

19 Ыйса: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй»,— деген. Өзүбүзгө кам көрүү, өзүбүздү сыйлоо сезимине ээ болуу табигый нерсе. Эгер андай болбосо, бул осуяттын эч кандай деле мааниси болмок эмес. Өзүбүздү сүйүү элчи Пабыл 2 Тиметейге 3:2де айтып өткөн өзүмчүл сүйүүдөн айырмаланат. Ал өзүн өзү баалагандыкты билдирет. Мындай сүйүү тууралуу Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу минтип айткан: «Өзүн тең салмактуу сүйүү — бул өзүн көкөлөтө көтөрүү эмес, бирок ошол эле учурда өзүнө абдан төмөн баа берип, тебелеп-тепсөө дегенди да билдирбейт».

20 Башкаларды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүү деген алардын биз тууралуу кандай көзкарашта болушун кааласак, биз да аларга ошондой карашыбыз керектигин жана өзүбүзгө кандай мамилени күтсөк, аларга да ошондой мамиле кылууну билдирет. Ыйса: «Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген (Матай 7:12). Ал башкалардын бизге кылган мамилеси тууралуу ой жүгүртүп, ошого жараша жооп кайтаруу керектигин айтпаганына көңүл бурсаңар. Тескерисинче, өзүбүз кандай мамилени каалаарыбызды ойлоп, ошого ылайык иш-аракет кылышыбыз зарыл. Ошондой эле Ыйса бул сөздөр досторубуз менен ишенимдештерибизге гана тиешелүү деген эмес. Ал «адамдар» деген сөздү биз жолуктурган адамдардын бардыгына ушундай мамиле кылышыбыз зарыл экенин көрсөтүш үчүн колдонсо керек.

21. Башкаларды сүйүү менен биз эмнени көрсөтөбүз?

21 Жакыныбызды сүйүү жаман иш кылуудан коргойт. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «„Ойноштук кылба“, „Киши өлтүрбө“, „Уурулук кылба“, „Башка бирөөнүкүнө көз артпа“ деген жана башка осуяттардын бардыгы „Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй“ деген сөз менен жыйынтыкталат. Сүйүү жакынына жамандык кылбайт» (Римдиктерге 13:9, 10). Сүйүү бизге башкаларга жакшылык кылууга мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө түрткү берет. Адамдарды сүйүү менен аларды Өз бейнеси боюнча жараткан Жахаба Кудайды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз (Башталыш 1:26).

Кантип жооп берет элеңер?

• Биз кимге сүйүү көрсөтүшүбүз керек жана эмне үчүн?

• Жахабага сыйынбагандарга кантип сүйүү көрсөтө алабыз?

• Ишенимдештерибизди сүйүүгө байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

• Жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүү деген эмнени билдирет?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

«Менин жакыным ким?»

[27-беттеги сүрөт]

Ыйса ар бир адамга жекече сүйүү көрсөткөн