Жахабанын тартипке салуу чарасын дайыма кабыл ал
Жахабанын тартипке салуу чарасын дайыма кабыл ал
«Теңирдин жазасын четке какпа» (Накыл сөздөр 3:11).
1. Кудайдын тарбиялоо чараларын эмне үчүн кабыл алышыбыз керек?
БАЙЫРКЫ Ысрайылдын падышасы Сулайман Кудайдын тартипке салуу чараларын кабыл алуу эмне себептен маанилүү экенин түшүндүрүп берген. «Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа,— деген ал.— Анын айыбыңды ачканын оор көрбө. Анткени Теңир Өзү сүйгөн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат» (Накыл сөздөр 3:11, 12). Ырас, асмандагы Атабыз бизди жакшы көргөндүктөн тарбияга салат.
2. «Тартипке салуу» кандай маанилерди камтыйт жана биз кандай жолдор менен акыл-насаат ала алабыз?
2 «Тартипке салуу» деген сөз айкашы жазалоо, оңдоо, акыл-насаат айтуу, билим берүү деген маанилерди камтыйт. Элчи Пабыл: «Убагында ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай туюлат. Бирок ал аркылуу тарбиялангандан кийин, ал адилеттиктин тынчтык берүүчү жемишин берет»,— деп жазган (Эврейлерге 12:11). Кудайдын тарбияга салуу чарасын кабыл алуу, ошого ылайык иш кылуу туура жолдон чыкпоого жардам берип, ыйык Кудайыбыз Жахабага жакындатат (Забур 98:5). Биз ишенимдештерибизден, жыйналыштан, Кудайдын Сөзүн окуп-изилдөөдөн жана «ишенимдүү... башчынын» адабияттарынан таалим-тарбия алабыз (Лука 12:42—44). Чынында, ошондой жолдор менен акыл-насаат берилип жатканына кандай гана ыраазыбыз! Бирок кимдир бирөө олуттуу күнөө жасап алса, аны туура жолго багыттоо үчүн кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн?
Эмне себептен айрымдар пикирлешүүдөн четтетилет?
3. Эмнеден улам адам жыйналыштан чыгарылат?
3 Кудайдын кызматчылары Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуп-изилдешет. Алардын жыйындары менен жыйналыштарында Жахабанын жол-жоболору түшүндүрүлөт. Ошондуктан Күбөлөр Кудайдын талаптарын жакшы билишет. Ал эми олуттуу күнөө кетиргенине карабай өкүнгүсү келбегендер жыйналыштан чыгарылат.
4, 5. Жазмада жыйналыштан четтетүүнүн кандай мисалы бар жана эмне үчүн Пабыл өкүнгөн адамды кайра кабыл алууга чакырган?
4 Ыйык Китепте бир кишинин жыйналыштан чыгарылышы баяндалган. Корунттагы жыйналыштагылар бир ишенимдешинин өзүнүн өгөй энесин алып «ойноштук кылганына» көз жумду мамиле кылышкан. «Мындай нерсе бутпарастардын арасында да кездешпейт»,— деп жазган Пабыл. Анан: «Ал адамдын жаны куткарылып калышы үчүн, денеси кыйналышы үчүн, аны шайтанга берип салгыла»,— деген (1 Корунттуктарга 5:1—5). Пикирлешүүдөн четтетилип, «шайтанга берилген» күнөөкөр адам кайрадан Ибилистин дүйнөсүнө таандык болуп калган (1 Жакан 5:19). Анын жыйналыштан чыгарылышы Кудайдын элин зыяндуу таасирден коргоп, алардын арасындагы таза рухту же маанайды сактоого өбөлгө түзгөн (2 Тиметейге 4:22; 1 Корунттуктарга 5:11—13).
5 Арадан бир канча — өтө узак эмес — убакыт өткөндө, Пабыл Корунттагы ишенимдештерин ал адамды жыйналышка кайра кабыл алууга чакырган. Эмне үчүн? «Шайтан... зыян келтирбеши үчүн»,— деп түшүндүргөн Пабыл. Ал киши өкүнүп, жашоосун ыпыластыктан тазалаган көрүнөт (2 Корунттуктарга 2:8—11). Аны Корунттагы жыйналыштагылар кайра кабыл албай койсо, «Шайтан... зыян келтирмек». Анткени алар, Шайтан каалагандай, катаал жана ырайымсыз болуп калышмак. Көп өтпөй Корунттагылардын аны «кечирип, сооротушканы» күмөнсүз (2 Корунттуктарга 2:5—7).
6. Жыйналыштан чыгаруу эмне үчүн талап кылынышы ыктымал?
6 Эмне үчүн өкүнбөгөн күнөөкөрдү жыйналыштан чыгаруу талап кылынат? Андай чара Жахабанын ыйык ысмына, элинин жакшы атына тил тийгизбөө максатында көрүлөт (1 Петир 1:14—16). Ал Кудайдын жол-жобосунун сакталышын шарттайт жана жыйналыштын рухий тазалыгын коргойт. Андан тышкары, өкүнбөгөн күнөөкөргө күнөөсүнүн олуттуулугун түшүнүүгө жардам бериши мүмкүн.
Өкүнүүнүн маанилүүлүгү
7. Күнөөсүн моюнга албай койгондо Дөөт эмне болгон?
7 Олуттуу күнөө кетиргендердин көбү чындап өкүнгөндүктөн жыйналыштан чыгарылбайт. Албетте, айрымдар үчүн чын жүрөктөн өкүнүү оңойго турбайт. Отуз биринчи забурду чыгарган Ысрайыл элинин падышасы Дөөттү мисалга алалы. Дөөттүн забурунан анын Бат-Шебага байланыштуу олуттуу күнөөлөрүн дароо мойнуна албаганы байкалат. Күнөөнүн айынан Дөөт, кургакчылык убагында өң-түстөн кеткен дарак сыяктуу, алдан тайган, сарсанаага батып кыйналган. Ал эми «кылмыштарын мойнуна алып... ачык айтканда», Жахаба «күнөөсүнүн айыптоосунан куткарган» (Забур 31:3—5). Анан Дөөт: «Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган... адам бактылуу!» — деп ырдаган (Забур 31:1, 2). Кудай күнөөсүн кечиргенде, Дөөт кандай гана кубанган!
8, 9. Өкүнүү кандай иштерден көрүнөт жана пикирлешүүдөн четтетилгендердин кайра кабыл алынышы үчүн өкүнүү канчалык маанилүү?
8 Демек, күнөө кетирген адам Кудайдын кечиришин кааласа, өкүнүшү керек. Бирок уялуу да, айыбынын ачылып калышынан коркуу да өкүнүүгө жатпайт. Өкүнүү бул — күнөө жасаганына кейигендиктен, туура эмес жүрүм-турумуна карата ой жүгүртүүсүн өзгөртүү. Андай адам «өкүнүп, моюн сунган жүрөккө» ээ болот, ошондуктан, мүмкүн болсо, оңолууга умтулат (Забур 50:19; 2 Корунттуктарга 7:11, «ЖД»).
9 Жыйналышка кайра кабыл алынуу үчүн өкүнүү абдан маанилүү. Пикирлешүүдөн четтетилген адам белгилүү бир убакыт өткөндүктөн эле кабыл алына койбойт. Адегенде анын жүрөгүндө чоң өзгөрүү жүрүүгө тийиш. Ал Элчилер 26:20).
күнөөсүнүн оордугун, Жахабанын жана жыйналыштын жакшы атына шек келтиргенин түшүнүшү зарыл. Күнөөсүн мойнуна алып, Кудайдан жалынып-жалбарып кечирим сурап, Анын адил талаптарына жараша жашай башташы керек. Кайра кабыл алууну суранганда ал чындап өкүнүп, «тобо кылганына ылайык иштерди кылып» жатканын далилдей алгыдай болушу кажет (Эмне үчүн күнөөнү жашырбоо керек?
10, 11. Эмне үчүн биз күнөөбүздү жашырууга аракеттенбешибиз керек?
10 Күнөө жасагандардын кээси: «Күнөө кылганымды бирөөгө айтсам, уялтып ар кандай суроолорду бере берет. Пикирлешүүдөн четтетилип калсамчы?.. Ошон үчүн эч кимге айтпай эле койгонум жакшы. Жыйналыштагылар ошо бойдон эч нерсе билбей калаттыр»,— деп ойлошу мүмкүн. Минтип ой жүгүрткөндөр маанилүү нерселерди эстен чыгарып коюшат. Эмнелерди?
11 Алар Жахабанын «пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү, миңинчи тукумга чейин ырайым кыла турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган... Кудай-Теңир» экенин унутушат. Бирок ал өз элин «чеги менен жазалайт» (Чыгуу 34:6, 7; Жеремия 30:11). Эгер биз олуттуу күнөө жасап, аны жашырсак, Кудайдын кечиримине ээ болобуз деп ойлоо туурабы? Жахаба бардыгын көрүп турат, ал туура эмес ишке кошкөңүл карабайт (Накыл сөздөр 15:3; Хабакук 1:13).
12, 13. Туура эмес ишти жашыруу эмнеге алып келиши ыктымал?
12 Олуттуу күнөө кетиргениңди моюнга алуу менен кайрадан таза абийирге ээ боло аласың (1 Тиметейге 1:18—20). Ал эми күнөөңдү жашырып жүрө берсең, абийириң булганат да, башка туура эмес иштерди оңой эле жасай башташың ыктымал. Күнөөңдүн кимдир бирөөлөргө же жыйналыштагыларга эле эмес, Кудайга каршы жасалганын унутпа. Забурчу: «Теңир асмандагы тактысында. Анын көздөрү адам баласын көрүп турат, каректери аларды сынап турат. Теңир адил адамды сындан өткөрөт»,— деп ырдаган (Забур 10:4, 5).
13 Оор күнөөсүн жашырып, таза элинин арасында калууга аракеттенген адамга Жахаба батасын бербейт (Жакып 4:6). Ошондуктан сен күнөө кетирип алсаң, бирок андан ары туура иш кылууну кааласаң, күнөөңдү чынчылдык менен айтып бер. Антпесе, ал жагдайга тийиштүү кеңештерди окуган же уккан сайын абийириң айыптай берет. Андан тышкары, Шабул падышадай болуп, Жахабанын ыйык рухунан айрылып калсаңчы? (1 Шемуел 16:14). Кудайдын рухунан айрылсаң, мурункудан да чоң күнөөлөрдү жасашың мүмкүн.
Аксакалдарга кайрыл
14. Күнөө кетирген адам эмне үчүн Жакып 5:14, 15-аяттарга ылайык иш кылышы керек?
14 Күнөө кетиргенине өкүнгөн адам эмне кылышы керек? «Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Теңирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал үчүн сыйынышсын. Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Теңир аны бутуна тургузат» (Жакып 5:14, 15). «Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөтүүнүн» бир жолу — аксакалдарга кайрылуу (Матай 3:8). Ишенимдүү жана боорукер аксакалдар ал үчүн тиленип, «Теңирдин атынан зайтун майы менен майлашат». Жарага май сүйкөгөндө ачышканы басаңдаган сыяктуу, аксакалдардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңештери чын жүрөктөн өкүнгөн адамды жубатат (Жеремия 8:22).
15, 16. Аксакалдар, Кудайдын Жезекиел 34:15, 16-аяттардагы үлгүсүнө ылайык, кандай иш-аракеттерди жасашат?
15 Жүйүттөрдү б.з.ч. 537-жылы Бабыл туткунунан бошоткондо жана рухий Ысрайылды 1919-жылы «Улуу Бабылдан» чыгарганда Кайтаруучубуз Жахаба кандай гана мээримдүүлүк көрсөткөн! (Аян 17:3—5; Галатиялыктарга 6:16). Ошондо ал: «Өз койлорумду Мен Өзүм кайтарам, аларды Өзүм жуушатам... Жоголгонду издеп табам, адашканды кайрып келем, жарадарын таңам, оорулуусуна күч берем»,— деген убадасын аткарган (Жезекиел 34:15, 16).
16 Жахаба каймана маанидеги койлорун кайтарат, аларды коопсуздукта «жуушатат», жоголгондорун издеп табат. Ошол сыяктуу эле, жыйналыштын кайтаруучулары Кудайдын койлорун рухий жактан азыктандырат жана алардын коопсуз жашашына көз салат. Алар жыйналыштан четтеп, адашып кеткен койлорду издешет. Кудай «жарадарларды таңгандай» эле, аксакалдар кимдир бирөөнүн катуу сөзүнөн же өз иш-аракеттеринин айынан жабыр тарткан «койлорду» «таңышат». Алар, Кудай «оорулууларга күч берген» өңдүү, туура эмес иш кылып рухий жактан ооруп калгандарга жардам көрсөтүшөт.
Кайтаруучулардын жардамы
17. Аксакалдардан рухий жардам алуудан эмне үчүн тартынбашыбыз керек?
17 Аксакалдар: «Коркуу менен... ырайымдуулук көрсөтө бергиле»,— деген кеңешти кубаныч менен аткарышат (Жүйүт 23, «ЖД»). Айрым Күбөлөр жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барып, олуттуу күнөө кетиришкен. Бирок чындап өкүнүшсө, аларга рухий жактан көмөк көрсөтүүгө умтулган аксакалдар ырайымдуулук жана мээримдүүлүк менен жардам беришет. Аксакалдар жөнүндө жана өзү жөнүндө Пабыл мындай деген: «Биз силердин ишенимиңердин үстүнөн бийлик кылып жаткан жокпуз, тескерисинче, силердин кубанышыңарга өбөлгө түзүп жатабыз» (2 Корунттуктарга 1:24). Ошондуктан алардан жардам суроодон эч качан тартынбайлы.
18. Күнөө кетирген ишенимдештерибизге аксакалдар кандай карашат?
18 Олуттуу күнөө жасап алсак, эмне үчүн аксакалдарга ишенимдүү түрдө кайрыла алабыз? Анткени алардын милдети — Кудайдын оторун кайтаруу (1 Петир 5:1—4). Жараат алып маарап келген козуну эч бир боорукер койчу сабабайт. Аксакалдар да ишенимдешин жазалоого татыктуу кылмышкер катары карабайт. Алар күнөөнүн өзүнө көңүл бурушат жана мүмкүн болсо, адамды рухий жактан бутуна тургузууга умтулушат (Жакып 5:13—20). Аксакалдар ишти адилеттүүлүк менен териштирүүгө жана оторду аёого тийиш (Элчилер 20:29, 30; Ышайа 32:1, 2). Бардык ишенимдештерибиздей эле, алар «адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайынын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо» максатын көздөшөт (Михей 6:8). Андай сапаттарды чагылдыруу Жахабанын «жайытындагы койлордун» өмүрүнө жана ыйык кызматына тиешелүү маселелерди кароодо өзгөчө маанилүү (Забур 99:3).
19. Жыйналыш аксакалдары күнөө жасагандарды кандай маанай менен оңдошот?
19 Жыйналыштагы кайтаруучулар ыйык рух менен дайындалган, ошон үчүн ыйык рухка жетектелүүгө умтулушат. Эгерде кимдир бирөө көп аңдабай «кандайдыр бир күнөө жасап» алса, рухтун жетеги менен иш кылган эркектер аны «момундук менен оң жолго салууга» аракеттенишет (Галатиялыктарга 6:1; Элчилер 20:28). Өз ишин жакшы билген доктур чыгып кеткен колду оорутуп албаш үчүн этияттык менен ордуна салгандай, аксакалдар күнөө кетирген адамдын ой жүгүртүүсүн момундук менен, ошол эле учурда, Кудайдын жол-жоболоруна бекем карманып оңдоого аракеттенишет (Колосалыктарга 3:12). Алар күнөө кетирген адамга ырайымдуулук көрсөтүш керекпи, жокпу, тиленүү аркылуу жана Ыйык Жазманын негизинде чечишет. Андыктан алардын чечими Кудайдын көзкарашын чагылдырат (Матай 18:18).
20. Адамга эскертүү берилгенин кайсы учурларда кулактандыруу талап кылынышы ыктымал?
20 Эгер адамдын күнөөсү көптөргө маалым болуп калса же эртели-кеч билине турган болсо, жыйналыштын жакшы аты сакталышы үчүн, ал тууралуу кулактандырып коюу орундуу болушу мүмкүн. Ошондой эле жыйналыштагылардын билиши зарыл болгон учурларда да кулактандыруу жасалат. Эскертүү алган ишенимдешибизди рухий жактан бутуна туруп жаткан маалда денелик жактан жаракат алгандыктан, иш-аракети чектелген адамга салыштырууга болот. Ошондуктан бир канча убакыт бою ал жыйналышта жооп бербей, угуп отуруудан көбүрөөк пайда алышы ыктымал. Аксакалдар ага керектүү жактардан оңолууга жана ишенимин бекемдөөгө жардам берүү үчүн, кимдир бирөөнү аны менен ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө дайындашы мүмкүн (Титке 2:2). Бул иш-чаралардын баары күнөө кетирген адамды жазалоо үчүн эмес, сүйүүдөн улам көрүлөт.
21. Күнөөгө байланыштуу айрым жагдайлар кандайча чечилиши мүмкүн?
21 Аксакалдар рухий жактан ар кандай жолдор менен жардам бере алышат. Маселен, мурун ичкиликке жакын болгон биртууган үйүндө жалгыз калганда бир-эки жолу көп ичип алды деп коёлу. Же Кудайдын кызматчысы болгонго чейин чылым чегип жүргөн биртууган алсыздыгына алдырып, бир-эки ирет кайра чегип алды дейли. Ал Кудайга тиленип, анын кечирерине ишенсе да, күнөө жасоо адатка айланып кетпеши үчүн, аксакалдардан жардам сурашы керек. Ишти бир же эки аксакал карашы мүмкүн. Бирок ал (же алар) аны төрагалык кылуучу көзөмөлчүгө билдиришет, себеби ага байланыштуу башка да жагдайлар болушу ыктымал.
Тартипке салуу чарасын ар дайым кабыл ал
22, 23. Кудайдын тартипке салуу чарасын эмне үчүн кабыл алышыбыз керек?
22 Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн ар бирибиз анын акыл-насаатына кулак салышыбыз керек (1 Тиметейге 5:20). Ошондуктан Ыйык Жазманы, ага негизделген адабияттарды окуп-изилдегенде алган жана Жахабанын элинин жыйналыштары менен жыйындарында айтылган кеңештерди, акыл-насааттарды жүрөгүң менен кабыл ал. Жахабанын эркине ылайык иш кылууга болгон чечкиндүүлүгүңдөн жазба. Ошондо Кудайдын тартипке салуу чарасы сен үчүн күнөө жасоодон коргоочу бекем рухий чеп болот.
23 Кудайдын тартипке салуу чарасын кабыл алуу Анын сүйүүсүн сактап жашоого өбөлгө түзөт. Ооба, айрымдар жыйналыштан чыгарылып калышкан, бирок сен «жүрөгүңдү сактап», «акылдуулардай жашасаң», андан кача аласың (Накыл сөздөр 4:23; Эфестиктерге 5:15). А эгер пикирлешүүдөн четтетилгендерден болсоңчу? Анда кайра кабыл алынуу үчүн керектүү кадамдарды жасоо жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? Кудай арналган кызматчыларынын баарынын ага ишенимдүүлүк жана «кубаныч менен» сыйынышын каалайт (Мыйзам 28:47). Жахабанын тартипке салуу чарасын ар дайым кабыл алсаң, сен да Ага кубанычта, түбөлүк кызмат кыла аласың (Забур 99:2).
Эмне деп жооп берет элеңер?
• Эмне үчүн айрымдар жыйналыштан чыгарылат?
• Чыныгы өкүнүү эмнеден көрүнөт?
• Олуттуу күнөөнү эмне үчүн жашырбашыбыз керек?
• Өкүнгөндөргө аксакалдар кандай жолдор менен жардам берет?
[Изилдөө суроолору]
[17-беттеги сүрөт]
Байыркы койчулардай болуп, жыйналыштын аксакалдары жарадар «койлорду» «таңышат»