Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын сүйүүсүн сактап жашайлы!

Кудайдын сүйүүсүн сактап жашайлы!

Кудайдын сүйүүсүн сактап жашайлы!

«Сүйүктүү бир туугандар... Түбөлүк өмүргө ээ болушуңар үчүн... Кудайдын сүйүүсүн сактап жашагыла» (Жүйүт 20, 21).

1, 2. Кудайдын сүйүүсүн канткенде сактай алабыз?

ЖАХАБА адамзатты ушунчалык жакшы көргөндүктөн, жалгыз өзү жараткан Уулун берген. Ага ишенгендер түбөлүк өмүр алат (Жакан 3:16). Кудайдын ошондой сүйүүсүнө ээ болуу кандай сонун! Эгер сен Жахабанын кызматчысы болсоң, анын сага сүйүүсүн түбөлүк көрсөтүшүн каалаарың шексиз.

2 Жүйүт, Ыйсанын шакирти, Кудайдын сүйүүсүн канткенде сактай аларыбызды түшүндүргөн. «Өзүңөрдү ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле, Ыйык Рухтун жетеги менен сыйынгыла. Түбөлүк өмүргө ээ болушуңар үчүн, Теңирибиз Ыйса Машайактан ырайым күтүп, өзүңөргө болгон Кудайдын сүйүүсүн сактап жашагыла»,— деген ал (Жүйүт 20, 21). Кудайдын Сөзүн изилдөө жана жакшы кабарды жарыялоо «ыйык ишенимибизде» — ыйык китептик окууларда — бекемделүүгө жардам берет. Кудайдын сүйүүсүн сактоо үчүн, «Ыйык Рухтун жетеги менен» тиленүү зарыл. Ошондой эле түбөлүк өмүр алууну кааласак, Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгына ишенишибиз керек (1 Жакан 4:10).

3. Айрымдар эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү болбой калышкан?

3 Кудайга бир кездерде ишенгендердин айрымдары анын сүйүүсүн сактап жашабай калышкан. Күнөөгө алып баруучу жолго түшүп кетишкендиктен, алар азыр Жахабанын Күбөлөрү эмес. Ошентип калбашың үчүн сен эмне кыла аласың? Төмөнкү айтылгандар тууралуу ой жүгүртүү сага күнөө кылбоого жана Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам бере алат.

Кудайга болгон сүйүүбүздү көрсөтөлү

4. Кудайга тил алуу канчалык маанилүү?

4 Кудайды жакшы көрөрүңдү тил алууң менен көрсөт (Матай 22:37). Жакан: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес»,— деген (1 Жакан 5:3). Кудайга ар дайым тил алуу азгырыкка чечкиндүү түрдө каршы турууга күч берет жана кубанычка ээ кылат. Забурчу айткандай, «ыймансыздардын кеңешине барбаган... адам бактылуу. Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат» (Забур 1:1, 2).

5. Жахабага болгон сүйүү эмне кылууга түрткү берет?

5 Жахабага болгон сүйүүң олуттуу күнөө жасап, аны жаманатты кылуудан качууга түрткү берет. «Мени бай да, жакыр да кылба,— деп тиленген Агур,— мени күндөлүк турмушта эң зарыл болгон нан менен камсыз кыл. Ашыра тоюп алып, Өзүңдөн баш тартпайын, „Теңир ким?“ деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын» (Накыл сөздөр 30:1, 8, 9). Сен да Кудайдын атына тил тийгизбөөгө умтул. Өзүңдү дайыма туура алып жүрүү менен ага даңк алып кел (Забур 85:12).

6. Өжөрлүк менен күнөө жасай берүүнүн жыйынтыгы кандай болот?

6 Күнөө жасоо азгырыгына каршы туруу үчүн асмандагы мээримдүү Атабызга ар дайым тилен (Матай 6:13; Римдиктерге 12:12). Кудайдын кеңешине кулак каксаң, тиленүүң ага жетпей калбайт (1 Петир 3:7). Өжөрлүк менен күнөө жасай берүүнүн аягы болсо жаман болуп бүтүшү мүмкүн: Жахаба өзүн «булут менен жаап алат», башкача айтканда, тилазардын тиленүүсү ага жетпеши үчүн, жолтоо коюп коёт (Жеремиянын ыйы 3:42—44). Ошондуктан момундук көрсөтүп, Кудайга кайрылууга тоскоол кыларлык эч кандай жаман иш жасап албайын деп тилен (2 Корунттуктарга 13:7).

Кудайдын Уулуна болгон сүйүүбүздү көрсөтөлү

7, 8. Ыйсанын кеңеши күнөөгө алып баруучу жолдон канткенде сактайт?

7 Ыйса Машайактын осуяттарын аткаруу менен ага сүйүү көрсөтөбүз, ошондо күнөөгө алып баруучу жолго түшүп кетүүдөн сактанабыз. Ыйса: «Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот»,— деген (Жакан 15:10). Анын осуяттарын аткаруу Кудайдын сүйүүсүн сактоого кандайча көмөк кылат?

8 Ыйсанын айткандары боюнча жашоо адеп-ахлактык тазалыкты сактоого жардам берет. Кудайдын Ысрайыл элине берген Мыйзамында: «Ойноштук кылба»,— деп айтылган (Чыгуу 20:14). Ал эми Ыйса болсо ошол буйруктун негизинде жаткан принципти ачып, мындай деген: «Аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот» (Матай 5:27, 28). Элчи Петир биринчи кылымдагы жыйналыштагылардын кээсинин «аял жандуу» же бузуку экени «көздөрүнөн эле көрүнүп турганын» жана алардын «бекемделе электерди азгырышарын» белгилеген (2 Петир 2:14). Ошолордон айырмаланып сен, Жахаба менен Ыйсаны жакшы көрсөң, аларга тил алсаң жана алар менен болгон мамилеңди сактагың келсе, жыныстык жактан күнөө жасоодон кача аласың.

Жахабанын рухуна жетектелели

9. Өкүнбөй күнөө жасай берүүнүн жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?

9 Кудайдан ыйык рух сурап тилен жана рухтун сени жетектешине каршылык көрсөтпө (Лука 11:13; Галатиялыктарга 5:19—25). Күнөө жасоону уланта берсе, адам Кудайдын ыйык рухунан ажырап калышы ыктымал. Бат-Шеба менен ойноштук кылып күнөө кетиргенде Дөөт Кудайга: «Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба»,— деп жалбарган (Забур 50:13). Ал эми кылган күнөөсүнө өкүнбөгөн Шабул падыша Кудайдын рухунан айрылып калган. Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өзү чалып жибериши, амалыктыктардын падышасын, малын кырып таштабай, аман калтырышы менен күнөө кетирген. Ошондуктан Жахаба андан ыйык рухун алып койгон (1 Шемуел 13:1—14; 15:1—35; 16:14—23).

10. Эмне үчүн күнөө жасоого байланыштуу ойдун өзүн да четке кагуу керек?

10 Күнөө жасоого байланыштуу ойдун өзүн да четке как. «Чындыкты билип туруп, атайлап күнөө кылсак, анда күнөөлөр үчүн чалына турган башка курмандык жок» (Эврейлерге 10:26—31). Ооба, билип туруп күнөө жасай берүү кандай гана каргашалуу болмок!

Башкаларга чыныгы сүйүү көрсөтөлү

11, 12. Сүйүү жана никени баалоо бузукулукка баруудан канткенде оолак кылат?

11 Башкаларга сүйүү көрсөткөндөр жыныстык бузуктуктан алыс болушат (Матай 22:39). Андай сүйүү жүрөгүбүздү бөлөк бирөөнүн жарынын ынактыгын уурдап, көңүлүн тартып алуу азгырыгынан сактоого түрткү берет. Антпесе, ал иш ойноштукка алып барышы этимал (Накыл сөздөр 4:23; Жеремия 4:14; 17:9, 10). Ошондуктан аялынан башка бирөөгө көңүл салбаган адил Аюбдан үлгү алалы (Аюб 31:1).

12 Ыйык нике түйүнүн баалоо олуттуу күнөө жасоодон оолак кылат. Кудайдын ой-ниети боюнча, ак нике жана андагы жыныстык мамиле тукум улоо максатында караштырылган (Башталыш 1:26—28). Жыныстык мүчөлөрдүн ыйык болуп саналган өмүр менен байланышы бар экенин унутпайлы. Никесиз байланышта болгондор жана ойноштук кылгандар, Кудайдын тилин албагандан тышкары, жыныстык мамилелердин баркын кетирет, никенин ыйыктыгын тебелейт жана өз денесине каршы күнөө жасайт (1 Корунттуктарга 6:18). Ал эми Кудайга тил алгандар, Ага жана жакындарына сүйүү көрсөткөндөр пикирлешүүдөн четтетилип калууга алып баруучу иштерди жасоодон сактанышат.

13. Адеп-ахлаксыз адам кандай мааниде баалуу нерселерин «чачат»?

13 Жакшы көргөн адамдарыңдын жүрөгүн оорутпаш үчүн ыпылас ойлор менен күрөшүшүң керек. «Бузулган аялдар менен жүргөн адам мал-мүлктү [же баалуу нерселерин] чачат»,— деп айтылат Накыл сөздөр 29:3тө. Ойноштук кылганына өкүнбөгөн адам Кудай менен болгон мамилесин да, үйбүлөсү менен болгон мамилесин да бузат. Анын үстүнө, ал аялына ажырашууга негиз берет (Матай 19:9). Жарынын көзүнө чөп салган, мейли, эркек болобу, аял болобу, бейкүнөө жарын, балдарын жана башкаларды катуу кайгыга салат. Ооба, адеп-ахлаксыз жүрүм-турум кандай гана залакалуу! Муну билүү ар кандай азгырыктарга туруштук берүүгө көмөк кылбайбы?

14. Накыл сөздөр 6:30—35-аяттардан ыпылас жүрүм-турумга байланыштуу кандай сабак алабыз?

14 Ойноштуктун айынан кол жууп калган баалуу нерселердин ордун эч нерсе толтура албаарын түшүнгөн адам ошондой барып турган өзүмчүл иш жасоодон сестенет. Накыл сөздөр 6:30—35-аяттардан көрүнгөндөй, ачкачылыктан уурулукка барган бирөөнү аягандар чыкса чыгаттыр, бирок ойноштук кылган кишини эч ким актабайт, кайра жектейт. Ал «өз жанын өлтүрөт». Мусанын Мыйзамы боюнча, андайлар өлүм жазасына тартылган (Лебилер 20:10). Ойноштукка өзүнүн кумарын кандыруу үчүн гана барып, башкаларды жапа тарттырган, жасаган күнөөсүнө өкүнбөгөн адам Кудайдын сүйүүсүнөн ажырайт жана Кудайдын элинин таза жыйналышынан чыгарылат.

Абийирибизди таза сактайлы

15. «Күйүп кеткен» абийир кандай болот?

15 Кудайдын сүйүүсүнөн ажырабоо үчүн абийирибиздин «чор» басып кетишине, күнөө жасаганыбызды сезбей калышыбызга жол бербешибиз керек. Андыктан адеп-ахлактыкка байланыштуу маселелерде дүйнөнүн нормаларын кабыл албоого тийишпиз. Дос тандоодо, гезит-журнал окууда, көңүл ачууда жана башка жактарда этият болушубуз зарыл. Пабыл мындай деп эскерткен: «Акыркы убактарда адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салып, кээ бирөөлөр ишенимден четтешет. Бул окутуулар абийири күйүп кеткен калпычылардын эки жүздүүлүгү менен таратылат» (1 Тиметейге 4:1, 2). Адамдын «абийири күйүп кетсе», ысык темир басылганда калган так сыяктуу, эч нерсени тоготпой, сезбей калышы мүмкүн. Андай абийир чындык жолунан чыгууга, ишенимден четтөөгө алып келүүчү жагдайлардан оолак карманууну эскертпей калат.

16. Таза абийирге ээ болуу эмне үчүн абдан маанилүү?

16 Биздин куткарылуубуз таза абийирге ээ болууга көзкаранды (1 Петир 3:21). Ыйсанын канына болгон ишенимибизден улам абийирибиз «өлүк иштерден» тазаланган. Ошондуктан биз «тирүү Кудайга кызмат кыла» алабыз (Эврейлерге 9:13, 14). Эгер билип туруп, өжөрлүк менен күнөө жасай берсек, абийирибиз булганып, Кудайга кызмат кылууга татыктуу таза адамдардан болбой калмакпыз (Титке 1:15). Бирок Жахабанын жардамы менен абийирибизди таза бойдон сактай алабыз.

Туура эмес жүрүм-турумдун башка түрлөрү

17. Жахабага толугу менен баш ийүүдөн кандай пайда алабыз?

17 Байыркы Ысрайылдагы Калепке окшоп, Жахабага толугу менен баш ий (Мыйзам 1:34—36). Кудайдын талаптарын аткарып, эч качан «жиндердин... дасторконунан тамактанууну» ойлобо (1 Корунттуктарга 10:21). Чындыктан четтөөчүлүккө жол бербе. Жахабанын дасторконунда гана берилген рухий тамакты ыраазычылык менен кабыл алсаң, жалган окутуучуларга жана «жаман рухтарга» алданбайсың (Эфестиктерге 6:12; Жүйүт 3, 4). Рухий иштерге дайым катыш: Ыйык Китепти окуп-изилде, жыйналышты калтырба жана кабар айтууну токтотпо. Жахабага толугу менен баш ийип, Теңирдин ишине жан-дилиң менен катышсаң, көп кубаныч аласың (1 Корунттуктарга 15:58).

18. Жахабадан коркуу жүрүм-турумубузга кандай таасир этет?

18 «Кудайга... коркуу жана урмат көрсөтүү менен, Ага жаккандай кызмат кылуудан» жазбайлы (Эврейлерге 12:28). Жахабадан кастарлоо сезими менен корксок, жаман жолго түшүп кетпейбиз. Ошондой эле Пабылдын майланган ишенимдештерине берген кеңешине ылайык жашайбыз. Ал мындай деген: «Ар бир адамды ишине жараша бет карамалык кылбастан соттоочу Кудайды Ата деп жатсаңар, анда келгин катары жашап жаткан убактыңарды коркунуч менен өткөргүлө» (1 Петир 1:17).

19. Кудай Сөзүнөн үйрөнгөндөрүбүздү эмне үчүн дайыма колдонушубуз керек?

19 Кудай Сөзүнөн үйрөнгөндөрүбүздү колдонолу. Бул бизди олуттуу күнөө кетирүүдөн сактайт, себеби «ой-сезими жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө көнүккөндөрдөн» болобуз (Эврейлерге 5:14). Азыркы каардуу күндөрдө сүйлөгөн сөздөрүбүзгө жана жасаган иштерибизге олуттуу карап, убакытты акылмандуулук менен пайдаланалы. Андан сырткары, «Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билип», ошого ылайык иш кылалы (Эфестиктерге 5:15—17; 2 Петир 3:17).

20. Эмне үчүн ачкөздүктөн арылуу керек?

20 Ачкөздүктүн — башкаларга таандык нерселерди самоонун — өрчүшүнө жол бербейли. Он осуяттын биринде: «Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа»,— деп айтылган (Чыгуу 20:17). Бул мыйзам адамдын үйүн, аялын, кулдарын, мал-мүлкүн коргогон. Андан сырткары, Ыйса айткандай, ачкөздүктүн адамды арам кыларын эстен чыгарбайлы (Марк 7:20—23).

21, 22. Кудайдан корккон адам, күнөөгө жетеленип кетпеши үчүн, эмне кыла алат?

21 Күнөөгө жетеленип кетүүдөн алдын ала сактаналы. Окуучу Жакып мындай деп жазган: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө дуушар кылат» (Жакып 1:14, 15). Мисалы, кимдир бирөө бир кездерде ичкиликке жакын болсо, үйүндө спирт ичимдиктерин көз көрүнөө сактабоону чечиши мүмкүн. Жумушунан башка жыныстагы адамга байланыштуу азгырык пайда болуп жатса, Кудайдан корккон адам иштеген жерин алмаштырууну туура көрүшү ыктымал (Накыл сөздөр 6:23—28).

22 Күнөөгө алып баруучу алгачкы кадамдардан да качалы. Башка жыныстагы адамга тийишүү же адепсиз ойлорду өрчүтүү ойноштукка же никеге чейинки бузуктукка алып барышы мүмкүн. Майда-барат жалган сүйлөө чоң калп айтууга батынтат жана анын жаман адатка айланып кетишине шарт түзөт. Кичинекей нерселерди «көрсөтпөй сурап кетүү» абийирди мокотуп, чоң уурулукка түртөт. Ыйык Китептеги чындыкка карама-каршы келген ойлорго бир аз эле көз жумду мамиле кылып коюу, акыры, чындыктан четтөөгө алып келиши этимал (Накыл сөздөр 11:9; Аян 21:8).

Күнөө кетирип алсак...

23, 24. 2 Жылнаама 6:29, 30-аяттардан жана Накыл сөздөр 28:13төн кандай жубатуу алабыз?

23 Биз баарыбыз жеткилең эмеспиз (Насаатчы 7:20). Эгер олуттуу күнөө кылып алсак, ийбадаткананын арналуусунда Сулайман падышанын Жахабага тиленүүсүнөн жубатуу ала алабыз. «Бир киши же бүткүл Ысрайыл эли башына түшкөн кырсык менен кайгысын сезип, бул ийбадаткана жакка колдорун сунуп, сыйынган ар бир сыйынуусун, ар бир өтүнүчүн асмандан — Өзүң турган жерден ук, күнөөсүн кечир, ар кимге жүргөн жолуна жараша тиешесин бер, анткени Сен алардын жүрөгүн жакшы билесиң, адам баласынын жүрөгүн билесиң»,— деп тиленген ал (2 Жылнаама 6:29, 30).

24 Ооба, Кудай биздин жүрөгүбүздү билет, ошондуктан кечирет. Накыл сөздөр 28:13тө: «Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат»,— делген. Өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алган жана аны кайра жасабаган адам Кудайдын ырайымына ээ болот. Бирок сен рухий жактан алсырап жүрсөң, Кудайдын сүйүүсүнөн ажырабоого дагы эмнелер жардам берет?

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Канткенде Кудайдын сүйүүсүн сактап жашайбыз?

• Кудайга жана Ыйсага болгон сүйүү күнөө кылбоого кандайча жардам берет?

• Башкаларды жакшы көрсөк, эмне үчүн жыныстык адеп-ахлаксыздыктан качабыз?

• Туура эмес жүрүм-турумдан сактануунун айрым жолдору кайсы?

[Изилдөө суроолору]

[11-беттеги сүрөт]

Жүйүт Кудайдын сүйүүсүн кантип сактай аларыбызды түшүндүргөн

[13-беттеги сүрөт]

Үйбүлөнүн бузулушу бейкүнөө жары менен балдарын жапа тарттырат