Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сага тиешеси бар талаш маселе

Сага тиешеси бар талаш маселе

Сага тиешеси бар талаш маселе

ДОСТОРУҢДУН же туугандарыңдын арасында өзгөчө жакшы көргөн адамың барбы? Кимдир бирөө сага аны менен өз пайдаң үчүн гана жакшы мамиледесиң деген айып такса, кантет элең? Капаланбай, ачууланбай коёт белең? Ибилис Шайтан да Жахаба Кудай менен жакын мамиледе болгон адамдардын баарына ушундай айып коёт.

Тилекке каршы, биринчи түгөй, Адам ата менен Обо эне, Шайтандын козголоңуна кошулуп, Кудайдын мыйзамын бузган. Бул адамдардын Жахабага өз кызыкчылыктары үчүн гана тил аларын далилдегенби? (Башталыш 3:1—6). Адам ата Кудайдан баш тарткандан 2500 жылдай өткөндөн кийин Шайтан алиги талаш маселени кайра көтөрүп чыккан. Бирок бул ирет ал Аюб аттуу кишиге байланыштуу болгон. Ошондуктан Ыйык Китептеги Аюб жөнүндөгү билдирүүнү талдап чыксак, талаш маселе тууралуу дагы да айкыныраак маалымат алабыз.

«Өзүмдүн таза экендигимден танбайм»

Аюб «кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам» болгон. Шайтан болсо аны каралап Жахабага: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?» — деген. Анан ал, Кудайга да, Аюбга да жалаа жаап, Аюбду коргоп, ага бата берип, берилгендигин сатып алып жатасың деп Кудайды күнөөлөгөн. «Колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?» — деген Шайтан (Аюб 1:8—11).

Анын айыптоосуна жооп бериш үчүн, Жахаба Шайтанга Аюбду сынап көрүүгө жол берет. Ишенимдүү Аюбду Кудайга кызмат кылуудан баш тарттыруу максатында Ибилис кырсык артынан кырсык жибере баштайт. Аюбдун мал-жанынын баарын же уурдап, же кырып кетишкен. Кулдары да, балдары да набыт болушкан (Аюб 1:12—19). Ошондо Шайтандын көксөгөнү ордунан чыкты беле? Жок. Мындай алааматтарды Шайтандын жиберип жатканын билбесе да, Аюб: «Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» — деген (Аюб 1:21).

Анан Шайтан алдына келгенде, Жахаба: «Ал ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден өлтүрүш үчүн, Мени ага каршы тукурдуң»,— дейт (Аюб 2:1—3). Аюбдун кемчиликсиздиги же актыгы — Кудайга бекем берилгендиги жана такыбаалыктан жазбагандыгы — чоң мааниге ээ болгон. Аюб Шайтандын сыноолорун көтөрүп, актыгын сактоого байланыштуу маселеде жеңүүчү болуп чыккан. Бирок Шайтан ошону менен эле токтоп калган эмес.

Ал кайрадан бардык адамзатка тиешелүү маселе көтөргөн. Шайтан Жахабага: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет. Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?» — деген (Аюб 2:4, 5). Бул жерде Аюбдун атын айтпай, «адам» деген сөздү колдонуу менен Ибилис ар бир кишинин актыгын сактаарына шек туудурган. Башкача айтканда, ал: «Өмүрүн сактап калыш үчүн адам баарын кылат. Мага мүмкүндүк берсең, бардыгын Сенден [Кудайдан] баш тарттырам»,— деп ырастаган. Чын эле, адамдардын баары, кандай жагдайларда болбосун, Кудайга дайыма берилген бойдон калат беле?

Жахаба Шайтанга Аюбду катуу ооруга чалдыктырууга жол берген. Жаны катуу кыйналганынан Аюб өлүм тилеп калган (Аюб 2:7; 14:13). Ошентсе да ал: «Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм»,— деген (Аюб 27:5). Анткени ал Кудайды жакшы көргөн, анын сүйүүсүн эч нерсе өзгөртө алмак эмес. Ошон үчүн Аюб актыгынан жазбаарын далилдеген. Натыйжада «Теңир Аюбдун мурунку күндөрүнө караганда, акыркы күндөрүнө аябай батасын берген» (Аюб 42:10—17). Аюбга окшоп, Кудайга берилгендигин сактагандар болду беле? Тарых эмнени көрсөтөт?

Талаш маселенин чечилиши

Ыйык Жазманын Эврейлерге китебинин 11-бөлүмүндө элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларына чейин жашаган ишенимдүү аял-эркектерди, алардын арасында Нух, Ыбрайым, Саара, Мусаларды атап кеткен. Анан: «Башка пайгамбарлар жөнүндө айтууга убакыт да жетпейт»,— деп кошумчалаган (Эврейлерге 11:32). Кудайдын берилген кызматчылары ушунчалык көп болгондуктан, Пабыл аларды «көп күбөлөр» деп атаган (Эврейлерге 12:1). Ооба, кылымдар бою эбегейсиз көп адамдар Жахаба Кудайга берилгендикте кызмат кылууну өз эрки менен тандап келишкен (Жашыя 24:15).

Шайтандын адамдарды Кудайдан баш тарттырам деген ырастоосун Ыйса Машайак биротоло төгүнгө чыгарган. Кыйноо мамысына асылып, азаптуу өлүм менен өлсө да, Ыйса Кудай алдында ак бойдон калган. Өлөр алдында ал: «Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырамын!» — деген (Лука 23:46).

Убакыт өткөн сайын Ибилистин адамдардын баарын чыныгы Кудайга кызмат кылуудан баш тарттыра албасы айкын көрүнө берген. Сансыз адамдар Жахаба Кудайды таанып-билип, аны «чын жүрөгү менен, жан-дили менен, бүт акылы менен сүйөрүн» көрсөткөн (Матай 22:37). Алардын Жахабага болгон ишенимдүүлүгү адамзаттын берилгендигине байланыштуу Шайтандын ырастоосу жалган экенин айгинелеген. Сен да актыгыңды сактап, Ибилистин жалганчы экенин далилдей аласың.

Сен эмне кылышың керек?

Кудай «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тиметейге 2:4). Ан үчүн сен эмне кылышың керек? Ыйык Китепти изилдөөгө убакыт таап, жалгыз чыныгы Кудай тууралуу жана Ыйса Машайак тууралуу билим ал (Жакан 17:3).

Шайтан адамдардын Кудайга таза ниет менен кызмат кыларына шек туудурган. Ниетим таза болсун десең, билимиң жүрөгүңдүн түпкүрүнө жетиши керек. Ан үчүн Ыйык Китептен маалымат алып коюу аздык кылат. Окугандарың тууралуу ой жүгүртүүнү адатка айлант (Забур 142:5). Ыйык Китепти же ага негизделген адабияттарды окуп жатканда минтип ойлонуп көр: «Булардан Жахаба тууралуу эмнени билдим? Бул жерде Кудайдын кайсы сапаты чагылдырылган? Мен да жашоомдун кайсы тармактарында ушундай болушум керек? Кудайга мындай иш-аракет жагабы же жакпайбы? Кудай менен болгон мамилеме бул кандай таасир этет?» Окугандарыңды ушинтип талдап чыксаң, жүрөгүң Жаратканга болгон сүйүүгө жана ыраазычылыкка толот.

Актыкты сактоо диний иштерге байланыштуу жактардан гана талап кылынат деп ойлоо — жаңылыштык (1 Падышалар 9:4). Биз жашообуздун бардык тармактарында таза болушубуз керек. Бул аткарылгыс талап эмес. Жахаба — «бактылуу Кудай», ал жашоодон кубаныч алышыбызды каалайт (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Адеп-ахлактык тазалыкты сактап, Кудайга жагуу үчүн жана бактылуу жашоо өткөрүү үчүн эмнелерден оолак болушубуз керектигин карап чыгалы.

Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан сактан

Жахаба Ыйык Китепте никеге байланыштуу мындай деп айткан: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот» (Башталыш 2:21—24). Жубайлар «бир дене» болуп калгандыктан, жарынан башка бирөө менен жыныстык мамиледе болуу Кудайдын үйбүлөлүк түзүлүшүн сыйлабагандыкка жатат. Элчи Пабыл: «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт»,— деп айткан (Эврейлерге 13:4). «Төшөгүңөр» деген сөз мыйзамдуу түрдө никелешкен эркек менен аялдын жыныстык катышуусуна карата айтылган. Никеден тышкары бирөө менен жыныстык мамиледе болгондор ойноштук кылышат, андыктан аларды Кудай катуу жазалайт (Малахия 3:5).

Ал эми никеге чейинки жыныстык катнаш тууралуу эмне дешке болот? Бул да Жахабанын адеп-ахлактык жол-жобосун бузууга кирет. «Кудайдын каалоосу — силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула»,— делген Ыйык Китепте (1 Тесалоникалыктарга 4:3). Гомосексуализм, жакын туугандар менен жыныстык мамиледе болуу, мал менен катнашта болуу да Кудайга каршы жасалган күнөө (Лебилер 18:6, 23; Римдиктерге 1:26, 27). Андыктан Кудайга жаккысы келген, бактылуу жашоо өткөрүүнү каалаган адам адеп-ахлаксыз иштерден качат.

Жыныстык каалоолорду ойготуучу иш-аракеттер да Жахабанын көз алдында ыпыластык катары эсептелет (Галатиялыктарга 5:19). Ошондуктан акылыбызды адеп-ахлаксыз ойлордон таза сакташыбыз керек. Ыйса: «Аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот»,— деген (Матай 5:28). Бул айтылгандар гезит-журналдагы, кинотасмалардагы жана Интернеттеги порнографияга, жыныстык мамилелер жөнүндөгү макалаларга, ошондой ой-сезимдерди туудурган ырлардын сөздөрүнө да тийиштүү. Мындай нерселерге иришүү Кудайга жакпайт жана адамдын өзүнө зыян алып келет.

Флирт — наздануу же башка жыныстагы адамга тийишүү — тууралуу эмне дешке болот? Ал «кумарлануу сезимин ойготуу үчүн кылыктануу» деп аныкталат. Үйбүлөлүү адам жарынан башкага ушундай мамиле кылып, кызыгуу көрсөтсө, ыйык китептик принципти бузат жана Жахабаны сыйлабаарын көрсөтөт (Эфестиктерге 5:28—33). Үйбүлө кура электердин, үйлөнүүнү көздөбөй туруп, кимдир-бирөөнүн «жүрөгүнө чок салышы» кандай гана орунсуз! Башка адам андай көңүл бурууну олуттуу кабыл алып алсачы? Анын катуу кыйналары айтпаса да түшүнүктүү. Андай кылыктын бузуктукка же ойноштукка алып барышы ыктымал экенин билүү да сестентет. Ал эми башка жыныстагыларга адеп-ахлактуулук менен мамиле кылуу адамдын өзүн сыйлоо сезимин жогорулатат (1 Тиметейге 5:1, 2).

Жашоонун бардык тармактарында Кудайга жагуу

Азыр спирт ичимдиктери сатылбаган жер жок. Аны ичүүгө тыюу салынабы? Шарап, сыра же дагы башка ичкилик ичүүгө Ыйык Китеп боюнча жол берилет (Забур 103:15; 1 Тиметейге 5:23). Бирок ашыра ичип алуу жана мас болуу Кудайдын көз алдында туура эмес (1 Корунттуктарга 5:11—13). Сен ичкиликтин айынан денсоолугуңан ажыроону жана үйбүлөңөн айрылууну каалабаарың шексиз (Накыл сөздөр 23:20, 21, 29—35).

Жахаба — «чындыктын Кудайы» (Забур 30:6). Ал калп айтпайт (Эврейлерге 6:18). Кудайга жагабыз десек, биз да жалган сүйлөбөшүбүз керек (Накыл сөздөр 6:16—19; Колосалыктарга 3:9, 10). Ыйык Китепте Кудайдын эли: «Ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла»,— деп чакырылат (Эфестиктерге 4:25).

Кумар оюндарын да айта кетели. Учурда кеңири таралган кумар оюндарынын ачкөздүк менен байланышы бар, себеби аны ойногондор утулуп калгандардын эсебинен акча табууну көздөшөт. Жахаба дүнүйөкордукту же ачкөздүктү туура көрбөйт (1 Тиметейге 3:8). Анын жактыруусуна ээ болгубуз келсе, биз кумар оюндарынын бардык түрүнө, мисалы, лотереяга, бингого, атчабышка акча саюуга катышпашыбыз керек. Ошондо акчаң «талаага кетпей», үйбүлөңдү камсыз кылуу оңоюраак болот.

Ачкөздүктүн дагы бир түрү — уурулук, башка бирөөгө таандык нерсени алуу. Ыйык Китепте: «Уурдаба»,— деп айтылат (Чыгуу 20:15). Уурдалган нерселерди билип туруп сатып алуу жана бирөөнүн буюмун уруксатсыз алуу туура эмес. «Ким уурулук кылып жүрсө,— делген Ыйык Китепте,— мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип, муктаж болгон адамга бир нерсе бере алгыдай болуш үчүн, өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын» (Эфестиктерге 4:28). Жахабаны жакшы көргөндөр жумуш убактысын да уурдабайт, кайра, күжүрмөн жумушчу болууга умтулушат. Алар өзүлөрүн «бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракет кылышат» (Эврейлерге 13:18). Абийири таза болгондуктан, алардын санаасы да тынч.

Ачуусу чукул адамга Кудай кандай карайт? Ыйык Китеп: «Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен байланышпа»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 22:24). Ачуусун тыя албаган адам зордук-зомбулук жасап жибериши ыктымал (Башталыш 4:5—8). Өч алуу жөнүндө Ыйык Китепте мындай делген: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле. Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула. Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: „Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем“,— деп жазылган» (Римдиктерге 12:17—19). Бул кеңешти колдонсок, жашообуз байсалдуураак болуп, кубанычыбыз артат.

Туура жашоо өткөрө аласың!

Кандай гана азгырык, кысымдар пайда болбосун, Кудай алдында актыгыңды сактай аласыңбы? Ооба, сактай аласың. Кудай сенин актыкты сактоого байланыштуу маселеде жеңүүчү болуп чыгышыңды жана Шайтандын жалганчы экенин далилдешиңди каалайт. Анткени анын Сөзүндө: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 27:11).

Жахабага анын көз алдында туура жүрүүгө жардам беришин сурап тилен (Филипиликтерге 4:6, 7, 13). Кудай Сөзүнөн, Ыйык Китептен, алган билимиңди тереңдетүүгө бүт күч-аракетиңди жумша. Ыйык Китептен окугандарың тууралуу ыраазычылык менен ой жүгүртсөң, Кудайга болгон сүйүүңдү тереңдетүүгө жана Ага жагууга умтулууга түрткү аласың. 1 Жакан 5:3тө айтылгандай, «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес». Жахабанын Күбөлөрү сага Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүгө даяр. Биз сени жергиликтүү Күбөлөр менен байланышууга же бул журналды чыгаргандарга кат жазууга чакырабыз.

[3-беттеги сүрөт]

Аюб сыноолордо ишенимдүүлүгүн сактаган

[5-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепке негизделген билимди тереңдетүү туура иш кылууга түрткү берет