Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Силерди сүйгөн Кудайды сүйгүлө

Силерди сүйгөн Кудайды сүйгүлө

Силерди сүйгөн Кудайды сүйгүлө

«Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй» (Матай 22:37).

1, 2. Эң маанилүү осуят кайсы деген суроо эмне себептен көтөрүлгөн?

ЫЙСАНЫН күндөрүндө фарисейлердин ортосунда бир суроого байланыштуу кызуу талкуу жүргөн. Ал төмөнкүдөй суроо эле: 600дөн ашуун мыйзамдан турган Мусанын Мыйзамынын ичинен кайсынысы эң маанилүү? Курмандык чалуунун аркасында күнөөлөр кечирилип, Кудайга ыраазычылык билдирилгендиктен, курмандык чалууга карата берилген мыйзамбы? А балким, сүннөткө отургузуу жөнүндөгү мыйзам эң маанилүү болгондур? Себеби сүннөткө отургузуу Жахабанын Ыбрайым менен түзгөн келишиминин белгиси эмес беле (Башталыш 17:9—13).

2 Кээ бир адамдар мыйзамдардын айрымдарын анча маанилүү эмес дешсе, консервативдүү көзкарашты (эски көзкарашты) жактагандар Кудай берген мыйзамдардын баары бирдей деп эсептешкен. Андыктан алар мыйзамдын бирин экинчисинен маанилүү көрүү туура эмес деп ойлошкон. Фарисейлер Ыйсаны сынамакчы болуп, алардын бири андан: «Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы?» — деп сураган (Матай 22:34—36).

3. Ыйса кайсы мыйзамды эң маанилүү деп айткан?

3 Ыйсанын берген жообу биз үчүн зор мааниге ээ. Ал чыныгы сыйынуунун негизи болуп келген жана дайыма боло берчү маанилүү нерсени айткан. Ыйса Мыйзам 6:5ти шилтеме кылып: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүй. Биринчи жана эң маанилүү осуят ушул»,— деген. Фарисейлер бир гана мыйзам тууралуу сурашса да, Ыйса аларга дагы бир мыйзам жөнүндө Лебилер 19:18ди шилтеме кылып, мындай деген: «Экинчиси ушуга эле окшош: „Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй“». Андан кийин Ыйса ушул эки мыйзамга бүтүндөй чыныгы сыйынуу негизделерин айткан. Ыйса бардык мыйзамдарды маанилүүлүгү боюнча санабастан: «Бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар ушул эки осуятка негизделген»,— деп сөзүн жыйынтыктаган (Матай 22:37—40). Бул макалада ушул эки осуяттын ичинен маанилүүрөөгүн жана ага байланыштуу суроолорду карап чыгабыз: эмне үчүн Кудайды сүйүшүбүз керек? Аны кантип көрсөтө алабыз жана андай сүйүүнү кантип өрчүтүүгө болот? Бул суроолорго жооп алуу зарыл, себеби Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн биз Аны чын жүрөгүбүз менен, жан-дилибиз менен жана бүт акылыбыз менен сүйүшүбүз керек.

Сүйүү көрсөтүүнүн маанилүүлүгү

4, 5. а) Фарисей Ыйсанын берген жообуна эмне үчүн таң калган эмес? б) Курмандыктар менен тартууларга караганда Кудай үчүн эмне баалуураак?

4 Сыягы, Ыйсага суроо берген фарисей анын жообуна таң калбаса керек. Ал көптөр Кудайга сүйүүсүн көрсөтпөсө да, Аны сүйүү чыныгы сыйынуунун негизи экенин билген. Себеби Ыйса шилтеме кылган Мыйзам 6:4—9-аяттардагы үзүндү камтылган «Шманы», башкача айтканда, эврейче тиленүүнү синагогаларда үн чыгарып окуу салт болгон. Марк китебинде жазылган билдирүүгө ылайык, фарисей Ыйсанын жообун уккандан кийин: «Туура айтасың, Устат! Кудай бирөө, Андан башка Кудай жок. Аны чын жүрөгүң менен, бүт акылың менен, бүт жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүйүү жана өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүйүү бардык бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардан жана башка курмандыктардан да артык»,— деген (Марк 12:32, 33).

5 Мыйзам боюнча бүтүндөй өрттөлүүчү жана башка курмандыктарды чалуу талап кылынса да, чынында, Кудай үчүн кызматчыларынын Аны чын жүрөктөн сүйгөнү баалуу болгон. Жахаба үчүн туура эмес ниет менен курмандыкка чалынган миңдеген койлорго караганда сүйүү жана берилгендик менен чалынган таранчы артык (Михей 6:6—8). Иерусалимдеги ийбадатканада Ыйса көңүл бурган жарды жесир аял тууралуу окуяны эстесеңер. Жесир аял ыктыярдуу тартуулар салына турган кутуга салган эки жез тыйынга бир таранчы да келген эмес. Ошентсе да Жахабанын көз алдында анын Кудайды чын жүрөктөн сүйгөндүктөн берген курмандыгы байлардын өздөрүнөн артканынан берген чоң курмандыктарына караганда алда канча баалуу болгон (Марк 12:41—44). Жахаба жагдай-шартыбызга карабай, баарыбыз көрсөтө ала турган Ага болгон сүйүүбүздү жогору баалайт. Муну билүү бизди кандай гана бекемдейт!

6. Сүйүү көрсөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу Пабыл эмне деп жазган?

6 Чыныгы сыйынууда сүйүү көрсөтүү маанилүү экенин баса белгилеп элчи Пабыл: «Эгерде мен адамдын жана периштенин тили менен сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун. Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин. Эгерде мен мал-мүлкүмдүн баарын таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо, мунун баары пайдасыз»,— деген (1 Корунттуктарга 13:1—3). Демек, сыйынуубуздун Кудайга жагышын кааласак, сүйүү көрсөтүшүбүз зарыл. Анда Жахабаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

Жахабаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

7, 8. Жахабаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

7 Көптөр эркек менен аялдын ортосундагы махабат сезимин мисал кылып, сүйүүнү бизге багынбай турган сезим деп эсептешет. Бирок чыныгы сүйүү тек гана сезим эмес, ал иштер менен көрсөтүлүп, аныкталат. Ыйык Китепте сүйүү «жакшы жол» делип, ага «жетүүгө аракеттенгиле» деп айтылат (1 Корунттуктарга 12:31; 14:1). Биз, Ыйсанын жолдоочулары, «сөзүбүз же тилибиз менен эмес, ишибиз менен, чын жүрөгүбүз менен сүйүүгө» чакырылабыз (1 Жакан 3:18).

8 Кудайга болгон сүйүү бизге ага жаккан иштерди жасоого жана сөзүбүз менен да, ишибиз менен да анын эгедерлигин жактоого, ошондой эле кудайсыз дүйнөнү жана анын жолдорун сүйүүдөн качууга түрткү берет (1 Жакан 2:15, 16). Кудайды сүйгөндөр жамандыкты жек көрүшөт (Забур 96:10). Жахабаны сүйүүгө жакындарыбызды сүйүү да кирет, бул тууралуу эмки макалада талкуулайбыз. Андан сырткары, Аны сүйүү тил алчаактыкты көрсөтүүнү талап кылат. Буга карата Ыйык Китепте: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес»,— деп айтылат (1 Жакан 5:3).

9. Ыйса Кудайды сүйөрүн кантип көрсөткөн?

9 Кудайды сүйүү эмнени билдирерин Ыйса айкын көрсөткөн. Асмандан жерге келип, адам катары жашоого жана Атасын өзүнүн кылган иштери, окутуулары менен даңктоого ага сүйүү түрткү берген. Андан тышкары, ал «өлгөнгө чейин тил алчаак болгон» (Филипиликтерге 2:8). Анын сүйүүсүнүн далили болгон тил алчаактыгы ишенимдүү адамдарга Кудайдын алдында адилдикке жетүүгө жол ачкан. Пабыл: «Анткени бир адамдын тил албастыгынын айынан көп адамдар күнөөкөр болгондой эле, бир Адамдын тил алчаактыгы аркылуу көп адамдар адил болушат»,— деп жазган (Римдиктерге 5:19).

10. Кудайды сүйүүгө эмне үчүн тил алчаак болуу да кирет?

10 Ыйсадай болуп биз да сүйүүбүздү Кудайга тил алуу менен көрсөтө алабыз. Ыйсанын жакшы көргөн шакирти Жакан: «Сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу»,— деп жазган (2 Жакан 6). Жахабаны чындап сүйгөндөр анын жетекчилигин издешет. Алар жашоосунда өздөрү туура багыт таба албаарын билишет жана Кудайдын акылына таянып, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийишет (Жеремия 10:23). Алар Кудайдын эркин билүүнү абдан каалап, кабарды ынталуулук менен кабыл алган байыркы Бероядагы акылдуу адамдардын маанайын чагылдырышат (Элчилер 17:11). Бероялыктар Кудайдын эркин толугураак түшүнүү үчүн Жазманы кылдат изилдешкен. Ал эми Кудайдын эркин түшүнүү аларга өздөрүнүн сүйүүсүн тил алчаактык менен көрсөтүүгө жардам берген.

11. Кудайды чын жүрөгүбүз, жан-дилибиз, бүт түшүнүгүбүз жана бардык күч-кубатыбыз менен сүйүү деген эмнени билдирет?

11 Ыйсанын сөзү боюнча, Кудайды сүйүү деген Аны чын жүрөгүбүз, жан-дилибиз, бүт түшүнүгүбүз жана бардык күч-кубатыбыз менен сүйүүнү билдирет (Марк 12:30). Андай сүйүү жүрөктөн, башкача айтканда, сезимдерден, каалоолордон, жүрөктүн түпкүрүндөгү ойлордон чыккандыктан, бизде Кудайдын жактыруусуна ээ болууга күчтүү каалоону пайда кылат. Андан сырткары, биз Кудайды бүт түшүнүгүбүз менен, тактап айтканда, акыл-эс жөндөмдүүлүгүбүздү колдонуп сүйөбүз. Андыктан биздин ага болгон берилгендигибиз сокур ишенимге негизделген эмес. Анткени биз Жахабанын сапаттары, талаптары жана ой-максаттары тууралуу билимге ээбиз. Биз Аны жан-дилибиз менен сүйүп, өзүбүздү же болбосо, жашообузду толугу менен ага кызмат кылууга, аны даңктоого арнайбыз. Кудайга кызмат кылып, аны даңкташ үчүн күч-кубатыбызды да колдонобуз.

Жахабаны эмне үчүн сүйүшүбүз керек?

12. Кудай эмне үчүн аны сүйүшүбүздү талап кылат?

12 Жахабаны эмне үчүн сүйүшүбүз керек? Мунун бир себеби ал бизден өзүнүн сапаттарын чагылдырышыбызды талап кылат. Кудай сүйүүнүн булагы жана ал сүйүү көрсөтүүнүн зор үлгүсү. Элчи Жакан рухтун жетеги менен: «Кудай — сүйүү»,— деп жазган (1 Жакан 4:8). Адамдар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган, андыктан биз сүйүү көрсөтүү үчүн жаратылганбыз. Чынында эле, Жахабанын эгедерлиги сүйүүгө негизделет. Ал өзүнө баш ийген адамдардын анын адил башкаруусун сүйгөндүктөн, каалагандыктан кызмат кылышын каалайт. Ооба, бардык жаратуулардын ортосунда тынчтык жана келишкендик өкүм сүрүшү үчүн сүйүү абдан маанилүү.

13. а) Эмне үчүн ысрайылдыктарга Жахаба Кудайыңарды сүйгүлө деп айтылган? б) Жахабанын бизден Аны сүйүшүбүздү күткөнү эмне үчүн негиздүү?

13 Ошондой эле Жахабаны анын биз үчүн кылган иштерине ыраазы болгондуктан сүйөбүз. Ыйсанын жүйүттөргө Жахаба Кудайыңарды сүйгүлө деген сөздөрүн эстесеңер. Бул алардын өздөрү тааныбаган Кудайды сүйүшү керектигин билдиргенби? Жок, алар өздөрүнө сүйүү көрсөткөн Кудайды сүйүшү керек эле. Жахаба алардын Кудайы болчу. Ал Убадаланган жерге алып баруу үчүн аларды Мисирден алып чыккан, коргоп, колдоп, сүйүү менен тарбиялап келген. Бүгүн да Жахаба биздин Кудайыбыз. Ал түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн өзүнүн Уулун кун катары берген. Жахабанын анын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп берерибизди күтөрү негиздүү эмеспи? Эгер Кудайды сүйсөк, анын сүйүүсүнө жооп кайтарган болобуз. Андыктан ар кимибизден баарыбызды сүйгөн Кудайды сүйүү талап кылынат. «Бизди биринчи сүйгөн» Кудайды биз да сүйөбүз (1 Жакан 4:19).

14. Кандайча Жахабанын сүйүүсү ата-эненин сүйүүсүнө окшош?

14 Жахабанын адамзатка болгон сүйүүсү ата-эненин балдарына көрсөткөн сүйүүсүнө окшош. Балдарын сүйгөн жеткилеңсиз ата-энелер да аларды багуу үчүн бир нече жылдар бою оор эмгектенип, материалдык жактан да, башка жагынан да көптөгөн курмандыктарга барышат. Ошондой эле ата-энелер балдарынын бактылуу болушун каалагандыктан, аларды үйрөтүп-тарбиялашат, колдоо көрсөтүп, жардам беришет. Ушунун баарын кылган ата-эне балдарынан эмнени күтөт? Ата-энелер балдарынын аларды сүйүшүн жана үйрөткөндөрүн жүрөгүнө түйүп жүрүшүн каалашат. Анда асмандагы жеткилең Атабыз да биз үчүн кылган бардык иштерине терең ыраазычылык билдиришибизди каалаары акылга сыярлык эмеспи?

Кудайга болгон сүйүүнү өстүрүү

15. Кудайга сүйүү өрчүтүү үчүн алгач эмне кылышыбыз керек?

15 Биз Кудайды көрө да, үнүн уга да албайбыз (Жакан 1:18). Бирок Ал бизди Аны менен ынак мамиледе болууга чакырат (Жакып 4:8). Андай мамилени кантип түзө алабыз? Кимдир бирөөнү сүйүү үчүн алгач ал тууралуу билишибиз керек. Адатта, өзүбүз жакшы билбеген адамды сүйүү кыйын. Ошондуктан Жахаба аны таанып-билишибиз үчүн өзүнүн Сөзүн — Ыйык Китепти берген. Мына ошондуктан Жахаба өзүнүн уюму аркылуу Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окууга үндөп келет. Дал ушул китептен биз Кудай, анын касиет-сапаттары жана миңдеген жылдар бою өз элине кылган иштери тууралуу биле алабыз. Ошол билдирүүлөр жөнүндө ой жүгүртсөк, түшүнүгүбүз кеңейип, Кудайга болгон сүйүүбүз өсөт (Римдиктерге 15:4).

16. Ыйсанын кызматы тууралуу ой жүгүртүү Кудайга болгон сүйүүбүздү кандайча тереңдетет?

16 Жахабага болгон сүйүүнү өрчүтүүнүн негизги жолу — Ыйсанын жашоосу жана кызматы тууралуу ой жүгүртүү. Ал, чынында эле, өзүнүн Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9). Ыйсанын жесир аялдын жалгыз баласын тирилтип, боорукердик көрсөткөнү жүрөгүңдү козгобойбу? (Лука 7:11—15). Тарыхтагы эң улуу адамдын — Кудайдын Уулунун момундук менен өзүнүн шакирттеринин бутун жууганы сени таасирлентпейби? (Жакан 13:3—5). Бардык адамдардан улук, акылман болсо да, ага баарынын, атүгүл балдардын да оңой кайрыла алганы ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө түрткү бербейби? (Марк 10:13, 14). Ушу сыяктуу окуялар тууралуу ыраазычылык менен ой жүгүртсөк, Петирдин Ыйсанын жолдоочуларына «силер Аны көрбөсөңөр да, сүйөсүңөр» деп айткан сөздөрү бизге да тиешелүү болот (1 Петир 1:8). Натыйжада Ыйсага болгон сүйүүбүз өскөн сайын, Жахабага болгон сүйүүбүз да тереңдей берет.

17, 18. Эмне тууралуу ой жүгүртүү Жахабага болгон сүйүүбүздү өстүрөт?

17 Кудайга болгон сүйүүбүздү өрчүтүүнүн дагы бир жолу — жашоодон ырахат алышыбыз үчүн анын сүйүү менен кам көргөн нерселери тууралуу ой жүгүртүү. Алсак, жаратылыштын кооздугу, даамдуу тамак-аштын түрдүүлүгү, жагымдуу достук мамилелер, ошондой эле жашообузга кубаныч тартуулаган көптөгөн башка нерселер бар (Элчилер 14:17). Кудай жөнүндө көбүрөөк билген сайын, анын чексиз жакшылыгына жана марттыгына ошончолук ыраазы боло беребиз. Жахабанын жеке сен үчүн кылган бардык иштери жөнүндө ойлонгонуңда, ал сенин сүйүүңө татыктуу экенине макул болбойсуңбу?

18 Кудай берген көптөгөн белектердин бири: биз ага каалаган учурда тиленүү аркылуу жакындай алабыз. Ал «тиленүүнү Угуучу» экенин билебиз (Забур 64:3, «ЖД»). Жахаба өзүнүн сүйүктүү Уулуна башкарууга жана соттоого бийлик берген. Бирок Ал эч кимге, атүгүл өз Уулуна да тиленүүлөрдү угууну тапшырган эмес. Ал биздин тиленүүлөрүбүздү өзү угат. Жахабанын ушундай сүйүүсү, жекече көрсөткөн кызыгуусу бизди ага ого бетер жакындатат.

19. Жахабанын кайсы убадалары бизди ага жакындатат?

19 Жахабанын келечекте адамзат үчүн эмнелерди кыларын билүү да бизди ага жакындатат. Ал оору-сыркоону, кайгы-капаны жана өлүмдү түп-тамыры менен жок кыларын убада кылган (Аян 21:3, 4). Адамзат жеткилеңдикке жетип, эч ким депрессиядан, көңүл чөгөттүктөн же кырсыктан азап тартпай турган убак келет. Ачарчылык, жакырчылык жана согуш эч качан болбойт (Забур 45:10; 71:16). Жер бети бейишке айланат (Лука 23:43). Жахаба ушундай баталарды милдеттүү болгондуктан эмес, бизди сүйгөндүктөн берет.

20. Муса Жахабаны сүйүүнүн пайдалуулугу тууралуу эмне деген?

20 Чын эле, Кудайыбызды сүйүүгө жана ага болгон сүйүүбүздү өстүрүүгө орчундуу себептер көп. Кудайдын жетекчилигине баш ийип, ага болгон сүйүүңдү мындан ары да бекемдей бересиңби? Ошондой кыларыңа шектенбейбиз. Муса Жахабага болгон сүйүүнү өстүрүү пайдалуу экенин түшүнгөн. Ал ысрайылдыктарга: «Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал. Кудай-Теңириңди сүй, Аны ук, Ага жабыш. Анткени Ал сенин өмүрүң»,— деп айткан (Мыйзам 30:19, 20).

Эсиңердеби?

• Жахабаны сүйүү эмне үчүн зарыл?

• Кудайды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

• Жахабаны сүйүүгө кандай себептер бар?

• Кудайга болгон сүйүүбүздү кантип өстүрө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Жахаба баарыбыз Ага көрсөтө ала турган сүйүүнү жогору баалайт