Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ырдын ыры китебиндеги урунттуу ойлор

Ырдын ыры китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Ырдын ыры китебиндеги урунттуу ойлор

«ТИКЕНЕКТИН арасында лилия гүлү кандай болсо, кыздардын арасында сүйгөн кызым ошондой». «Токойдогу бак-дарактын арасындагы алма багы кандай болсо, жигиттердин арасында менин сүйгөн жигитим ошондой». «Таң нурундай жаркыраган, ай сыяктуу суйкайган, күн сыяктуу жарык... бул ким?» (Ырдын ыры 2:2, 3; 6:10). Ыйык Жазмадагы Ырдын ыры китеби кандай гана көркөм жазылган! Ал поэма түрүндө баяндалып, маңызы терең, сөзү келишимдүү. Ошондуктан аны Сулаймандын «эң көркөм ыры» деп аташат (Ырдын ыры 1:1, «БМК»).

Койчу жигит менен Шуламит аттуу элеттик кыздын сүйүүсүн баяндаган бул махабат дастанын байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман б.з.ч. 1020-жылдын тегерегинде, 40 жылдык башкаруусунун башында жазган. Ал китепте кыздын энеси, биртуугандары, «Иерусалим кыздары [нөөкөр аялдар]» жана «Сиондун кыздары [Иерусалим аялдары]» тууралуу да айтылат (Ырдын ыры 1:4; 3:11). Сулаймандын ырын түшүнүү көптөргө кыйын: анда кимдер, кимге сүйлөп жатканы даана байкалбайт. Бирок алардын айткан сөздөрүн жана аларга эмне деп айтылып жатканын кунт коюп окуганда, бардыгы өз-өз ордуна тура баштайт.

Кудайдын Сөзүнүн бөлүгү болгон Ырдын ыры китеби биз үчүн эки себептен улам баалуу (Эврейлерге 4:12). Биринчиден, анда аял менен эркектин ортосундагы чыныгы сүйүүнүн кандай болору көрсөтүлөт. Экинчиден, Ыйса Машайак менен анын майланган жолдоочуларынын жыйналышынын ортосундагы сүйүү каймана мааниде сүрөттөлөт (2 Корунттуктарга 11:2; Эфестиктерге 5:25—31).

«СҮЙҮҮНҮ ОЙГОТПОГУЛА»

(Ырдын ыры 1:1—3:5)

«Ал мени өз оозу менен өпсүн! Анткени сенин сүйүүң шараптан артык» (Ырдын ыры 1:1). Ырдын ырындагы диалог Сулаймандын падыша сарайында жүргөн элеттик кыздын ушул сөздөрү менен башталат. Ал падыша сарайына эмне болуп барып калган?

«Энемдин уулдары мага ачууланып,— дейт Шуламит,— жүзүмзарларды кайтартып коюшту». Жактырган койчу жигити аны жаздын жадыраган күнүндө сейилдеп келүүгө чакырганын билгенде биртуугандары ачууланып, аны жибербеш үчүн, жүзүмзарларды бачикилерден кайтартып коюшкан. Жүзүмзарлар болсо Сулайман чатыр тиккен жерге жакын эле. Шуламит «жаңгак багында» жүргөндө сулуулугун байкап калышкандар аны падыша токтогон жайга алып барышат (Ырдын ыры 1:5; 2:10—15; 6:11).

Селки өзүнүн койчу жигитке ашык экенин нөөкөр аялдарга айтканда, алар ага «койлордун изи менен барып» сүйгөнүн издөөнү кеңеш кылышат. Бирок Сулайман кызды коё бербейт. Анын сулуулугуна көзү түшкөн падыша «күмүш менен жээктелген алтын таажы жасап берүүнү» убадалайт. Бирок кыз муюп калбайт. Койчу жигит болсо Сулаймандын чатырлары тигилген жерге келип, кызды табат. «Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң»,— дейт ал Шуламитке. Жаш селки болсо нөөкөр аялдардан: «Каалоо пайда болмоюн, сүйүүнү ойготпогула да, козгобогула»,— деп ант алат (Ырдын ыры 1:7—10, 14; 2:7; 3:5, «БМК»).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Ырдын ыры 1:1, 2 — Эмне үчүн койчу жигиттин сүйүүсү шараптан артык делген жана аты төгүлгөн миррага салыштырылган? Шарап адамдын жүрөгүн кубантат, башты майлоо сергитет. Ошол өңдүү, жигитинин сүйүүсүн, анын ысмын эстөө кызды чыйралтып, санаасын тынчыткан (Забур 22:5; 103:15). Бүгүнкү күндө Кудайдын эли да, айрыкча, майлангандар Ыйса Машайактын көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө ойлонуудан күч-кубат, кайрат алат.

Ырдын ыры 1:4 — Эмне үчүн кыз кара тору жүзүн «Кейдардын чатырына» салыштырган? Байыркы учурларда эчкинин жүнүнөн токулган кездеме тиричиликте көп колдонулган (Сандар 31:20). Айталы, «эчкинин тыбытынан жыйын чатырынын үстүн жаба турган жабуулар» токулган (Чыгуу 26:7). Ал кездеги Кейдар чатырлары, азыркы бедуиндердин чатырындай эле, кара эчкинин жүнүнөн жасалчу.

Ырдын ыры 1:15 — Койчу жигит: «Сенин көзүң көгүчкөндүн көзүндөй»,— деп эмнени айткысы келген? Ал сүйлөшкөн кызынын көзкарашы көгүчкөндүкүндөй ары назик, ары момун дегиси келген.

Ырдын ыры 2:7; 3:5 — Эмне үчүн нөөкөр аялдар «жейрен менен, элик менен» ант беришкен? Жейрен менен элик сымбаттуулугу, сулуулугу менен белгилүү. Сыягы, Шуламит нөөкөр аялдардан сүйүү сезимин ойготпоону өтүнүп, дүйнөдөгү эң бир келишимдүү нерсе же жандык менен ант берүүнү суранган.

Биз алчу сабактар:

Ырдын ыры 1:1; 2:6. Сүйлөшкөн кыз-жигитке бири-бирине болгон сезимдерин билдирүүгө жол берилиши мүмкүн. Бирок алар жыныстык адеп-ахлаксыздыкка алып баруучу ыпылас кумардануудан качууга тийиш жана аруу сезимдерин таза жол менен билдирип жатышканына көзү жеткидей болушу керек (Галатиялыктарга 5:19).

Ырдын ыры 1:5; 2:10—15. Шуламиттин агалары карындашына сүйгөн жигити менен тоого, элден окчун жакка, барууга уруксат бербей коюшкан. Бирок антүүгө кыздын адепсиздиги же оюнун бузуктугу себеп болгон эмес. Алар, болгону, карындашынын азгырыкка алып барышы ыктымал болгон жагдайга кабылышын каалабагандыктан, сактык чарасын көрүшкөн. Мындан үлгү алган кыз-жигит сүйлөшүп жүргөндө элден обочо калуудан сактанат.

Ырдын ыры 2:1—3, 8, 9. Шуламит чырайлуу болсо да, өзүн момундук менен «нарцисс гүлүнө», жөнөкөй гүлдөрдүн бирине салыштырган. Анын ажарына жана Жахабага болгон берилгендигине суктанган койчу жигит болсо аны «тикенектин арасындагы лилия гүлүндөй» көргөн. Ал эми жигиттин өзү тууралуу эмне делет? Ал да келбеттүү болгондуктан, кыз аны «жейренге» салыштырган. Жигиттин да Жахаба Кудайдан корккон, ага берилген адам болгону шексиз. Кыз ал тууралуу: «Токойдогу бак-дарактын арасында [көлөкө берип, түшүм алып келген] алма багы кандай болсо, жигиттердин арасында менин сүйгөн жигитим ошондой»,— деген. Өмүрлүк жар тандоодо да ушуларды: адамдын Кудайга ишенген, берилген инсандардан болушун эске алуу маанилүү эмеспи?

Ырдын ыры 2:7; 3:5. Кызда Сулайманга карата эч кандай ашыктык сезими болгон эмес. Ал нөөкөр аялдардан, сүйгөн жигитинен башканы жакшы көрө баштоого көндүрбөгүлө деп, ант алган. Туш келди бирөөгө эле махабат сезимин өрчүтө берүү мүмкүн эмес, туура да эмес. Үйбүлө кургусу келген ишенимдештерибиз Жахабага берилген кызматчыларынын арасынан гана жар тандаганы туура (1 Корунттуктарга 7:39).

«ШУЛАМИТТИ КӨРҮП ЭМНЕ КЫЛАСЫҢАР?»

(Ырдын ыры 3:6—8:4)

«Түтүн түрмөгүндөй болуп, чөлдөн келе жаткан бул ким?» (Ырдын ыры 3:6). Иерусалимдин аялдары жан-жөөкөрлөрүн ээрчиткен Сулайман Шуламитти алып шаарга кайтып келатканын көрүшөт.

Кыздын артынан койчу жигит келет, жолугуунун жолун таап, аны сүйөрүнө ишендирет. Ага шаардан кеткиси келерин айтып кыз мындай дейт: «Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин, мирра тоосуна, фимиам адырына барайын». Анан аны жигиттин өз «багына келгенге, анын ширин мөмөлөрүнөн жегенге» чакырат. Жигит болсо: «Мен өз багыма келдим, карындашым, колуктум»,— деп жооп берет. Иерусалим аялдары болсо аларга: «Жегиле, достор! Ичкиле, тойгула, сүйүктүүлөр!» — дешет (Ырдын ыры 4:6, 16; 5:1).

Нөөкөр аялдарга түшүн айтып бергенден кийин Шуламит «сүйүүдөн алсырап бара жатканын» айтат. Алар: «Сүйгөн жигитиң башкалардын сүйүктүүлөрүнөн эмнеси менен артык?» — деп сурашат. «Сүйгөн жигитим ак жуумал, кызыл жүздүү, он миң эркектен артык»,— деп жооп берет Шуламит (Ырдын ыры 5:2—10). Сулаймандын ашыра мактаганына карабай, кыз ызаат менен: «Шуламитти көрүп эмне кыласыңар?» — деп айтат (Ырдын ыры 6:4—12; 7:1). Кыздын жүрөгүнө ээ болуунун аракетинде падыша аны жерге-сууга тийгизбей мактайт. Бирок Шуламит жигитине болгон сүйүүсүнө бекем турат. Акыры, Сулайман аны үйүнө коё берүүгө аргасыз болот.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Ырдын ыры 4:1; 6:6 — Шуламиттин чачы эмне үчүн «эчкилерге» салыштырылган? Себеби анын чачы кара эчкинин тыбытындай коюу, жылтырак болгон көрүнөт.

Ырдын ыры 4:11 — Кандай мааниде Шуламиттин «оозунан тартылбаган бал тамган» жана «тилинин асты — бал менен сүт» болгон? Тартылбаган бал туруп калган балга караганда даамдуураак, таттуураак болот. Бул эки салыштыруу Шуламиттин сүйлөгөн сөздөрүнүн жагымдуу болгонун көрсөткөн.

Ырдын ыры 5:12 — «Көзү сүткө киринип, ыракаттанып отурган суу боюндагы көгүчкөндөй» дегенди кантип түшүнүүгө болот? Шуламит жигитинин көзүн ошентип сүрөттөгөн. Ал анын көзүнүн агын, каректерин поэтикалык тил менен сүткө киринген көгүш-боз көгүчкөнгө салыштырган.

Ырдын ыры 5:14, 15 — Койчунун колу менен буту эмне үчүн ушинтип сыпатталган? Кыз анын колун — алтын устунга, тырмактарын топаз таштарга салыштырган көрүнөт. Анын бутун «мармар мамы» деп сүрөттөшү менен шыңгадай түз, чымыр экенин айткысы келген шекилдүү.

Ырдын ыры 6:4 — Шуламит эмне үчүн Тирсага салыштырылган? Ал Жашыя басып алган Канаан шаарларынын бири болгон. Сулаймандын доорунан кийин Тирса он уруудан турган түндүк Ысрайыл падышалыгынын биринчи борбор шаарына айланган (Жашыя 12:7, 24; 1 Падышалар 16:5, 6, 8, 15). «Демек, Тирса абдан кооз болууга тийиш эле,— деп белгиленет бир маалымдамада.— Аятта ал шаардын айтылган себеби ошондо».

Ырдын ыры 7:1 — «Манайимдин (же Маханаимдин) ыр-бийлери» деген эмне? Бул сөз айкашын «эки кошуундун бийи» деп да которууга болот. Ал шаар Иордан дарыясынын чыгыш тарабынан, Жабок суусунун өрөөнү жактан орун алган (Башталыш 32:2, 22; 2 Шемуел 2:29). «Эки кошуундун бийи» деген ошол шаарда майрам учурунда бийленүүчү кайсы бир бийдин аты болушу ыктымал.

Ырдын ыры 7:5 — Сулайман Шуламиттин мойнун эмне үчүн «пилдин сөөгүнөн жасалган мамыдай» деген? Мындан мурун ал кызга: «Мойнуң Дөөттүн... мунарасындай»,— дейт (Ырдын ыры 4:4). Шуламиттин мойну мунарадай сымбаттуу, пилдин сөөгүндөй жылмакай болсо керек, Сулайман ошонусуна суктанган.

Биз алчу сабактар:

Ырдын ыры 4:1—7. Көңүлү түшкөн Сулаймандын сунуштарын четке кагып, Шуламит жеткилең эмес болсо да, адеп-ахлактык жактан кемчилиги жок экенин далилдеген. Адептүүлүгүн сактаганы аны ого бетер сулуу кылган. Кудайга ишенген аялзатынын да ушундай болушу кандай жакшы.

Ырдын ыры 4:12. Шуламиттин назик сезимдери тосмо же дубал менен курчалган кооз бакка салыштырылган. Ал бакка кулпуланган эшик аркылуу гана кирүүгө мүмкүн эле. Бөтөн бирөөлөр кире алмак эмес. Шуламиттин сүйүүсү бир гана болочок күйөөсүнө арналган. Ал — турмушка чыга элек эже-карындаштарыбыз үчүн адеп-ахлактык тазалыкты сактоо жагынан кандай сонун үлгү!

«ЖАХТЫН ЖАЛЫНЫ»

(Ырдын ыры 8:5—14)

«Сүйгөн жигитине жөлөнүп чөлдөн чыккан бул ким?» — деп сурайт Шуламиттин агалары, анын келатканын көрүп. Мындан мурун алардын бири: «Эгерде ал дубал болсо, анда биз анын үстүнө күмүштөн чатырларды тикмекпиз. Эгерде ал эшик болсо, анда биз аны кедр тактайлары менен каптамакпыз»,— деген. Анан сүйүүсү сыналып, туруктуулугун далилдеп келген Шуламит мындай дейт: «Мен дубалмын, төштөрүм мунарадай, ошондуктан мен анын көзүнө бойго жеткен кыздаймын» (Ырдын ыры 8:5, 9, 10).

Чыныгы сүйүү — «Жахтын жалыны». Кандайча? Анткени андай сүйүүнү Жахаба жараткан жана бизге сүйүү жөндөмүн берген. Ал — жалыны өчпөгөн күчтүү сезим. Сулаймандын Ырдын ыры китебинде аял менен эркектин ортосундагы сүйүүнүн «өлүмдөй күчтүү» же туруктуу болору көркөм баяндалат (Ырдын ыры 8:6, «ЖД»).

Ырдын ыры китеби Ыйса Машайак менен асмандагы «колуктусунун» ортосундагы ынак мамилени чагылдырат (Аян 21:2, 9). Ыйсанын майланган жолдоочуларына болгон сүйүүсү, албетте, аял менен эркектин ортосундагы сүйүүдөн алда канча жогору. «Колуктуну» түзгөн майлангандар тобу берилгендигин бекем сактайт. Ыйса сүйүүсүнөн улам «башка койлор» үчүн да өмүрүн берген (Жакан 10:16). Шуламиттин сүйүүгө бек, туруктуу болушунан Кудайдын бардык кызматчылары үлгү ала алат.

[8-беттеги сүрөт]

Ырдын ыры китебинен жар тандоо боюнча эмнеге үйрөнө алабыз?