Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ышайа китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Ышайа китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Жахабанын Сөзү тирүү

Ышайа китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

ЖАХАБАНЫН: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» — деген суроосуна Амос уулу Ышайа: «Мына мен, мени жибер»,— деп жооп берген (Ышайа 1:1; 6:8). Ошол учурда ал пайгамбар болуп дайындалган. Ышайанын пайгамбар катары аткарган иштери Жазмадагы анын аты менен аталган китепте жазылган.

Ышайа пайгамбар жазган китеп б.з.ч. 778-жылдардан баштап б.з.ч. 732-жылдарга чейинки 46 жыл аралыгында болуп өткөн окуяларды камтыйт. Ал китепте Жүйүткө, Ысрайылга жана аларды курчап турган элдерге чыгарылган сот өкүмү жазылса да, китептин негизги темасы айыптоо эмес, Жахаба Кудайдын «куткаруусу» (Ышайа 25:9). Атүгүл Ышайанын аты да «Жахабанын куткаруусу» деген маанини берет. Бул макалада Ышайа китебинин 1-бөлүмүнөн баштап 35-бөлүмдүн 10-аятына чейин талкууланат.

«КАЛДЫК КАЙРЫЛАТ»

(Ышайа 1:1—12:6)

Китептин биринчи беш бөлүмүндө жазылган пайгамбарлык кабардын элге Ышайа пайгамбар болуп дайындалганга чейин же андан кийин берилгени Ыйык Китепте айтылбайт (Ышайа 6:6—9). Ал бөлүмдөрдө Жүйүт менен Иерусалимдин «бутунан башына чейин» рухий жактан оорулуу болгону жазылган (Ышайа 1:6). Ошол кезде бурканга сыйынуучулук кеңири тараган, ал эми жолбашчылар бузулуп, аялдар текебер болуп калышкан. Эл чыныгы Кудайга ал талап кылгандай сыйынбай калган. Ышайага болсо ошол элге, билим алууну каалабаган жана түшүнбөгөн адамдарга, кабарды кайра-кайра айтуу тапшырылган.

Жүйүткө Ысрайыл менен Сириянын кол салуусу коркунуч туудуруп турган учур эле. Жахаба Ышайаны жана анын балдарын «аян жана белги» катары колдонуп, жүйүттөрдү ысрайылдыктар менен сириялыктардын жүйүттөргө каршы түзгөн келишими ийгиликсиз болоруна ынандырган (Ышайа 8:18). Албетте, түбөлүк тынчтык «Тынчтыктын Төрөсү» башкарганда гана орнойт (Ышайа 9:6, 7). Жахаба ошондой эле Ассирияны, «каарынын таягы» катары колдонгон элди, соттоорун билдирген. Кийинчерээк жүйүттөр туткундалат, бирок «калдыгы кайрылып» келет (Ышайа 10:5, 21, 22). Чыныгы адилеттик «Жышайдын тамырынан» чыккан каймана маанидеги «бутактын» башкаруусу алдында орнойт (Ышайа 11:1).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Ышайа 1:8, 9 — Сион кызы кандайча «жүзүмзардагы чатырдай, бактагы алачыктай» болуп калган? Ассирия кол салган учурда Иерусалим жүзүмзардагы чатырга же болбосо, бактагы кулайын деп турган алачыкка окшоп калган. Бирок Жахаба жардамга келип, анын Содом менен Амордой болуп калышына жол берген эмес.

Ышайа 1:18 — «Ошондон кийин гана келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз» деген сөздөр эмнени билдирет? Бул өз ара макулдашып, бир ойго келүү үчүн талкуу жүргүзүүгө чакырык эмес. Тескерисинче, бул аятта адил Соттун, Жахабанын, ысрайылдыктарга өзгөрүүгө жана күнөөлөрүнөн тазаланууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн адилеттүү сот жүргүзөрү айтылат.

Ышайа 6:8а («ҮН») — Эмне үчүн бул жерде «Мен» жана «биз» деген ат атоочтор колдонулган? «Мен» деген ат атооч Жахаба Кудайга тийиштүү. Ал эми «биз» деген көптүк сандагы ат атооч Жахабанын жанында дагы кимдир бирөө болгонун көрсөтүп турат. Бул, албетте, Анын «жалгыз Уулу» болгон (Жакан 1:14; 3:16).

Ышайа 6:11 — Ышайанын «көпкө чейин ушундай болобу, Теңир?» деген суроосунун мааниси кандай? Ышайа Жахабанын кабарын жүрөгү катаал адамдарга качанга чейин айтарын сураган эмес. Ал элдин рухий жактан оорулуу абалы Кудайдын ысмын качанга чейин булгаарын билгиси келген.

Ышайа 7:3, 4 — Эмне үчүн Жахаба ыймансыз Ахазды куткарган? Сирия менен Ысрайылдын падышалары Жүйүттүн падышасы Ахазды тактысынан кулатып, анын ордуна Дөөттүн тукуму болбогон, Табейалдын уулун падыша кылууну чечишкен. Мунун аркасында Шайтан Кудайдын Дөөт менен түзүлгөн Падышалык келишиминин ишке ашышына тоскоолдук кылууга аракет кылган. Ошондуктан Жахаба убадаланган «Тынчтыктын Төрөсүнүн» санжырасы бузулбашы үчүн Ахазды куткарган (Ышайа 9:6).

Ышайа 7:8 — Эпрайым кандайча 65 жылдын ичинде бөлүнүп, «эл болуудан калган»? Он уруудан турган падышалыктагы эл көчүрүлүп, алардын жерине башка элдер отурукташкан. Бул окуя Ышайанын эпрайымдыктар тууралуу пайгамбарлык айтканынан көп өтпөй, «Ысрайыл падышасы Пекахтын убагында» болгон жана Ашур падышасы Санхейриптин мурасчысы, уулу Эйсар-Хадондун убагына чейин созулган (2 Падышалар 15:29; 2 Падышалар 17:6; Эзра 4:1, 2; Ышайа 37:37, 38). Ашурлуктардын элди Самарияга көчүрүп, ал эми Самариядагыларды башка жакка көчүргөнү Ышайа 7:8де жазылган 65 жыл аралыгын камтыйт.

Ышайа 11:1, 10 — Ыйса Машайак кандайча «Жышайдын тамыры» да, ошол эле учурда «Жышайдын тамырынан» өсүп чыккан «бутак» да болушу мүмкүн? (Римдиктерге 15:12). Денелик жактан Ыйса «Жышайдын тамырынан» чыккан. Ал Жышайдын уулу Дөөттүн тукуму болгон (Матай 1:1—6; Лука 3:23—32). Бирок Ыйсанын падышалык бийликке ээ болгону анын ата-бабаларынын алдындагы абалын өзгөрткөн. Ыйса бийликке жана күчкө ээ болгондуктан, анын бийлиги астында тилалчаак адамзат жер үстүндө түбөлүк жашай алат, ошентип Ыйса алар үчүн «Түбөлүктүн Атасы» болуп калат (Ышайа 9:6). Ошондуктан Ыйсаны өзүнүн ата-бабаларынын, алардын ичинде Жышайдын да «тамыры» деп айтууга болот.

Биз алчу сабактар:

Ышайа 1:3. Жаратканыбыз талап кылгандай жашоо өткөрүүдөн баш тартуу өгүз менен эшек билген нерсени да түшүнбөгөндүктү билдирип калар эле. Жахабанын биз үчүн кылган нерселеринин баарына ыраазычылык өрчүтсөк, акыл-эссиз болбойбуз жана Андан баш тартып кетпейбиз.

Ышайа 1:11—13. Экижүздүүлүктү чагылдырган диний каада-салттар жана формалдуу тиленүүлөр Жахаба үчүн жийиркеничтүү. Биздин иштерибиз туура ниет менен жасалып, тиленүүлөрүбүз чын жүрөктөн айтылышы керек.

Ышайа 1:25—27; 2:2; 4:2, 4. Өкүнгөн калдык Иерусалимге кайтып келгенде, жүйүттөр кулчулуктан арылып, ээн калган жерге эл отурукташып, чыныгы сыйынуу калыбына келтирилген. Ооба, Жахаба өкүнгөндөргө ырайым кылат.

Ышайа 2:2—4. Падышалык тууралуу кабар айтууга жана шакирт даярдоо ишине ынталуулук менен катышканыбыз ар кайсы улуттагы адамдарга бири-бири менен тынчтыкта болууга үйрөнүүгө жана ага умтулууга жардам берет.

Ышайа 4:3. Жахаба жийиркеничтүү адеп-ахлаксыздыкты жана кан төгүүгө байланышкан айыпты «жууйт», башкача айтканда, жоёт.

Ышайа 5:11—13. Көңүл ачууларды тандоодо өзүбүздү кармай билбесек жана тең салмактуу болбосок, алган билимибизге жараша иш кылбаган болобуз (Римдиктерге 13:13).

Ышайа 5:21—23. Жыйналыш аксакалдары же көзөмөлчүлөрү «өздөрүн акылман эсептөөдөн» качышы, «шарап... ичүүдө» теңсалмактуу болушу абзел. Ошондой эле башкаларга беткарамалык кылбашы керек.

«ТЕҢИР ЖАКЫПКА ЫРАЙЫМ КЫЛАТ»

(Ышайа 13:1—35:10)

Ышайа китебинин 13—23-бөлүмдөрүндө элдерге каршы чыгарылган сот өкүмдөрү камтылат. Бирок Жахаба Ысрайылдын бардык урууларына үйүнө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен «Жакыпка ырайым кылган» (Ышайа 14:1). Ал эми 24—27-бөлүмдөрдө Жүйүттүн кыйратылышы менен бирге анын кайрадан калыбына келери тууралуу да убада жазылган. Жахаба «эпрайымдыктардын шарапка жеңилгендери» Сирия менен, ал эми Жүйүттөгү «ыйык кызмат кылуучу да, пайгамбар да» Ассирия менен келишим түзүүнү каалагандыгы үчүн аларга каарданып жатканын билдирген (Ышайа 28:1, 7). Ошондой эле жардам издеп «Мисирге бара жаткан» «Ариелге [Иерусалимге]» кайгы болору айтылган (Ышайа 29:1; 30:1, 2). Бирок Жахаба ага ишеним көрсөткөндөр куткарыларын алдын ала айткан.

«Өзүнүн олжосунун үстүндө ырылдаган арстанга» окшоп, Жахаба «Сион тоосун» коргойт (Ышайа 31:4). Андан сырткары, Ышайа китебинде «мына, Падыша акыйкаттык менен падышачылык кылат» деп убадаланган (Ышайа 32:1). Ашурлуктар жүйүттөргө коркунуч туудуруп, тынчтык келишимин түзүү үчүн жиберилген «элчилерин катуу ыйлатышкан», бирок Жахаба өз элинин «күнөөсүн кечирип», айыктырарына ынандырган (Ышайа 33:7, 22—24). Ошентсе да «Теңирдин ачуусу бардык элдерге, Анын каары бүт жамаатка төгүлөт» (Ышайа 34:2). Бирок Жүйүт талкаланган боюнча калып калбайт. «Чөл менен какшыган жер кайрадан кубанат, эл жашабаган өлкө кайрадан сүйүнөт, нарцисс сыяктуу гүлдөйт» (Ышайа 35:1).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Ышайа 13:17 — Эмне үчүн мадайлыктар жөнүндө «күмүштү баалабаган, алтынга кызыкпаган» эл деп айтылган? Мадайлыктар менен персиялыктар согуштан алган олжого караганда жеңишке ээ болуунун аркасында келген атак-даңкка көбүрөөк умтулушкан. Бул Корештин туткундан бошотулгандарга Небухаданасар Жахабанын ийбадатканасынан тоноп алып кеткен алтын-күмүш буюмдарды бергенинен айкын көрүнөт.

Ышайа 14:1, 2 — Жахабанын эли кантип «аларды туткундап алгандарды туткундап алган» жана «аларды эзгендердин үстүнөн бийлик кылган»? Бул пайгамбарлык мадайлыктар менен персиялыктар башкарган учурда Бабылда жогорку абалды ээлеген Даниел, Персиянын ханышасы болуп тандалган Эстер жана Персия падышалыгында төрөлөрдүн баарынан жогорку абалды ээлеп калган Мордохай сыяктуу адамдардын учурунда аткарылган.

Ышайа 20:2—5 — Ышайа чынында эле үч жыл бою жылаңач жүргөнбү? Ышайа сырткы кийимин чечип, ич кийимчен жүрсө керек (2 Шемуел 6:14, 20; «ҮН»).

Ышайа 21:1 — «Деңиз жээгиндеги чөл» деген кайсы жер эле? Бабыл жери эч кандай деңиз менен чектешпесе да, жыл сайын Эфрат жана Тигр дарыялары ташкындагандыктан, ал саздуу «деңизге» окшоп калчу.

Ышайа 24:13—16 — Жүйүттөр кандайча «элдер арасында зайтун дарагын күбүп алгандан кийин, жүзүмдү терип алгандан кийин, түшүмдү жыйнап алгандан кийин кандай болсо, ошондой болуп» калган? Түшүм жыйналгандан кийин калган жүзүмдөй же бакта анча-мынча калган мөмөлөр сыяктуу Иерусалим менен Жүйүт кыйратылганда да аз гана киши аман калат. Аман калгандар кайсы жерге көчүрүлбөсүн, «чыгышка [Бабылга]» же «деңиз аралдарына [Жер ортолук деңизге]» болобу, алар Жахабаны даңкташкан.

Ышайа 24:21 — «Асман кошуундары, жердеги падышалар» деген кимдер? «Асман кошуундары» каардуу рухий күчтөрдү, ал эми «жердеги падышалар» жин-перилердин күчтүү таасири астындагы жердеги башкаруучуларды билдириши мүмкүн (1 Жакан 5:19).

Ышайа 25:7 — «Бардык элдерди жаап турган жабуу, бардык уруулардын үстүндө жаткан жабуу» эмнени билдирет? Бул салыштыруу адамзаттын эки эң негизги душманын: күнөөнү жана өлүмдү билдирет.

Биз алчу сабактар:

Ышайа 13:20—22; 14:22, 23; 21:1—9. Бабыл менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, Жахабанын пайгамбарлык сөзү дайыма аткарылат.

Ышайа 17:7, 8. Ысрайылдыктардын көпчүлүгү кабарды угушпаса да, айрымдары Жахабаны издешкен. Ошо сыяктуу эле, бүгүн да христиан дүйнөсүндөгү кээ бир адамдар Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алып жатышат.

Ышайа 28:1—6. Ассирия Ысрайыл элин багынтып алат, бирок Жахаба Кудай өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын аман калышына кам көрөт. Ал сот өкүмүн чыгарганда, адил адамдар үмүтсүз калбайт.

Ышайа 28:23—29. Жахаба акниет адамдарды алардын өзгөчөлүктөрүнө, жагдайларына жараша оңдойт.

Ышайа 30:15. Жахабанын куткарылуусуна ээ болуу үчүн, биз ишенимибизди «тынчсызданбаганыбыз» менен, башкача айтканда, куткарылууну адамдык уюмдардан издебегенибиз менен көрсөтө алабыз. «Тынчтыкта» болуп, тактап айтканда, коркпоо менен Жахабанын бизди куткарарына ишенерибизди айгинелейбиз.

Ышайа 30:20, 21. Эврей тилиндеги түпнускадан түзмө-түз которулган «устаттарың» деген сөз адамдарга тиешелүү эмес. Бул сөз Улуу Окутуучу Жахаба Кудайдын улуулугун баса белгилеш үчүн көптүк санда колдонулган. Кудайдын өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Китепке жана «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу айткандарына көңүл буруу менен биз Жахабаны «көрүп», анын куткаруучу үнүн «уга» алабыз.

Ышайанын пайгамбарлыгы Кудайдын Сөзүнө ишенимибизди бекемдейт

Ышайа китебинде жазылган Кудайдын кабарына кандай гана ыраазыбыз! Ал пайгамбарлыктардын аткарылганы Жахабанын оозунан чыккан сөз кайра Өзүнө бекер кайрылып келбээрине ишенимибизди арттырат (Ышайа 55:11).

Ал эми Ышайа 9:7 жана 11:1—5, 10-аяттарда Машайакка байланыштуу айтылган пайгамбарлыктар тууралуу эмне айтууга болот? Алар Жахабанын биз үчүн караштырган куткаруу чарасына болгон ишенимибизди бекемдебейби?! Ышайа китебинде ошондой эле биздин күндөрдө аткарылып жаткан жана келечекте аткарыла турган пайгамбарлыктар айтылган (Ышайа 2:2—4; 11:6—9; 25:6—8; 32:1, 2). Чынында эле, Ышайа китеби «Кудайдын Сөзү тирүү» экенин далилдейт (Эврейлерге 4:12).

[30-беттеги сүрөт]

Ышайа жана анын балдары «Ысрайылга берген аян жана белги» болгон

[31-беттеги сүрөт]

Иерусалим «жүзүмзардагы чатырга» окшоп калмак

[32-беттеги сүрөт]

Ар улуттагы элдерге «кылычтарын соко кылып... иштеп чыкканга» кандайча жардам көрсөтүлүүдө?