Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Биринчи тирилүү» башталган!

«Биринчи тирилүү» башталган!

«Биринчи тирилүү» башталган!

«Адегенде Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар тирилишет» (1 Тесалоникалыктарга 4:16).

1, 2. а) Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар? б) Өлгөндөрдүн тирилтилерине эмнеден улам ишенесиң? (Шилтемени кара).

«ТИРҮҮЛӨР өлө турганын билишет». Ооба, Адам ата күнөө кетиргенден тартып, түбөлүк жашаган бир да киши жок. Ар бир адам акыры жарык дүйнө менен кош айтышарын билет. Андыктан: «Адам өлгөндө эмне болот? Өлгөндөр кандай абалда?» — деген суроолор көптөрдү кызыктырат. Ыйык Китепте: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп айтылат (Насаатчы 9:5).

2 Анда өлгөн жакындарыбыз үчүн кандайдыр бир үмүт барбы? Ооба, бар. Ал үмүт орундалышы үчүн Кудайдын адамзатка байланыштуу алгачкы ой-ниети аткарылышы керек. Кылымдар бою Жахабанын берилген кызматчылары убадаланган Тукум Шайтанды жок кылып, анын залакасын жоёруна ишенип келишкен (Башталыш 3:15). Алардын көбүнүн көзү өтүп кеткен. Жахабанын ошол жана башка убадаларынын аткарылышын көрүү үчүн, алар өлүм уйкусунан ойгонууга тийиш (Эврейлерге 11:13). Ушундай болушу мүмкүнбү? Ооба. Анткени Элчи Пабыл: «Адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет»,— деген (Элчилер 24:15). Бир жолу Пабыл үчүнчү кабаттын терезесинен кулап кеткен Эйтих аттуу уланды тирилткен. Бул Ыйык Китепте айтылган тогуз тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөрдүн акыркысы (Элчилер 20:7—12) *.

3. Ыйсанын Жакан 5:28, 29-аяттарда айткандарынан сен кандай жубатуу аласың, эмне үчүн?

3 Тирилүү жөнүндөгү ал тогуз билдирүү Пабылдын сөздөрүнө ишенүүгө негиз берет. Ошондой эле Ыйсанын: «Мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет»,— деген убадасына болгон ишенимибизди бекемдейт (Жакан 5:28, 29). Кандай гана жүрөк козгорлук сөздөр! Бул сүйүктүү жакындарынан айрылган миллиондогон адамдар үчүн чоң жубатуу эмеспи?

4, 5. Ыйык Китепке ылайык, тирилүүнүн кандай түрү бар жана бул макалада кайсынысы талкууланат?

4 Өлгөндөрдүн көбү Кудайдын Падышалыгынын башкаруусунун алдында тынчтык өкүм сүргөн жерде жашоого тирилтилет (Забур 36:10, 11, 29; Ышайа 11:6—9; 35:5, 6; 65:21—23). Бирок буга чейин эле башкалар тирилтилген. Мисалы, б.з. 33-жылы Ыйса Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп, биринчи болуп тирилтилип, кунунун баасын Кудайга тапшырган.

5 Андан кийин майлангандар — «Кудайдын Ысрайылынын» мүчөлөрү — асман даңкына бөлөнүп, Ыйса Машайакка кошулууга тийиш. Алар «түбөлүккө Теңир менен болушат» (Галатиялыктарга 6:16; 1 Тесалоникалыктарга 4:17). Майлангандардын тирилүүсү «биринчи тирилүү» деп аталат (Аян 20:6). Ал тирилүү аяктагандан кийин, миллиондогон адамдар жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоо үчүн өлүм уйкусунан ойгонушат. Үмүтүбүз мейли асмандагы, мейли жердеги жашоого болсун: «Биринчи тирилүү качан башталган?» — деген суроо баарыбызды кызыктырат. Ал эмне болгон тирилүү? Ал качан башталышы керек эле?

«Денеси кандай болот?»

6, 7. а) Майлангандар асманга кетерден мурда эмне болушу керек? б) Алар кандай денеде тирилишет?

6 Корунттуктарга жазган биринчи катында Пабыл биринчи тирилүү жөнүндө: «Өлгөндөр кантип тирилишет? Алардын тирилгенден кийинки денеси кандай болот?» — деген суроолорду көтөргөн. Анан ал кайра өзү эле: «Сепкен уругуң өлбөсө, өнүп чыкпайт... Кудай ар бир өсүмдүккө Өзү каалагандай түр берет... Асмандагылардын денелеринин даңкы башка, жердегилердин денелеринин даңкы башка»,— деп жооп берген (1 Корунттуктарга 15:35—40).

7 Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Ыйсанын ыйык рух менен майланган жолдоочулары асмандагы сыйлыгын алардан мурда өлүшү керек эле. Алар өлгөндөн кийин, жердеги денеси топуракка айланмак (Башталыш 3:19). Кудай белгилеген убакта, майлангандар асманга рухий денеде тирилтилет (1 Жакан 3:2). Андан тышкары, Кудай аларга өлбөстүктү тартуулайт. Бул алардын төрөлгөнүнөн эле өлбөстүккө ээ экенин, башкача айтканда, аларга өлбөс жан берилгенин билдирбейт. Пабыл: «Өлүп калчу бул дене өлбөс болот»,— деген. Андыктан биринчи болуп тирилгендер ээ болгон өлбөстүк — Кудайдын белеги (1 Корунттуктарга 15:50, 53; Башталыш 2:7; 2 Корунттуктарга 5:1, 2, 8).

8. Кудай 144 000 адамды ар кайсы динден тандап албаганын кайдан билебиз?

8 Биринчи тирилүүдө 144 000 гана адам тирилтилет. Жахаба аларды Ыйсанын тирилүүсүнөн көп өтпөй, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып тандай баштаган. Майлангандардын бардыгынын «чекелерине Анын [Ыйсанын] жана Атасынын ысымы жазылган» (Аян 14:1, 3). Алар ар кайсы диндердин мүчөлөрү эмес. Майлангандардын баары Ыйсанын жолдоочулары жана алар Жахаба Атабыздын ысмын алып жүрүүнү сыймык катары көрүшөт. Алар тирилтилгенде, асмандагы иштерди аткарууга дайындалышат. Майлангандарды келечекте Кудайга ушундай кызмат кылары толкундандырары шексиз.

Тирилүү качан башталган?

9. Аян 12:7, 17:14-аяттар биринчи тирилүүнүн болжол менен качан башталганын аныктоого кандайча жардам берет?

9 Биринчи тирилүү качан башталган? Аян китебинин эки бөлүмүн салыштыруу менен анын азыр болуп жатканына айкын далилдер бар экенин көрүүгө болот. Алгач, Аян китебинин 12-бөлүмүнө көңүл буралы. Ал жерден жаңы эле такка отурган Ыйса Машайак периштелери менен Шайтанга жана анын жин перилерине каршы согуш жүргүзгөнү тууралуу билебиз (Аян 12:7—9). Бул журналда ал согуштун 1914-жылы башталганы нечен ирет айтылып келет *. Асманда болуп өткөн ошол согушка Ыйсанын майланган жолдоочуларынын катышканы жөнүндө эч нерсе айтылбаганын байкасаңар. Эми Аян китебинин 17-бөлүмүнө көңүл буралы. Андан «Улуу Бабыл» кулатылгандан кийин, Козунун элдерди жеңерин, ошондой эле анын жанында «чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр» турганын окуйбуз (Аян 17:5, 14). Эгер «чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр» Ыйса менен бирге Шайтандын дүйнөсүн биротоло жок кылууга катыша турган болсо, анда алар ага чейин эле тирилтилиши керек. Демек, Армагедонго чейин өлгөн майлангандар 1914-жылдан баштап Армагедон башталганга чейинки убакыт аралыгында тирилтилет.

10, 11. а) 24 аксакал ким жана алардын бири Жаканга кандай маалымат берген? б) Андан кандай жыйынтык чыгарууга болот?

10 Биринчи тирилүүнүн качан башталганын так айтуу мүмкүнбү? Буга байланыштуу Аян 7:9—15-аяттарда кызыктуу маалымат камтылган. Ал жерде элчи Жакандын «эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар» жөнүндө аян көргөнү сүрөттөлөт. Алардын кимдер экенин Жаканга 24 аксакалдын бири айткан. Ал аксакалдар Машайак менен мурасташ, асман даңкына бөлөнгөн 144 000 адамды билдирет (Лука 22:28—30; Аян 4:4) *. Жакан өзү да асман үмүтүнө ээ эле, бирок аян алган кезде, ал жерде болчу. Андыктан Жакан асман сыйлыгын ала элек жерде жашаган майлангандардын тобунун өкүлүн билдирет.

11 Эбегейсиз көп адамдардын ким экенин Жаканга 24 аксакалдын бири айтканынан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Бул 24 аксакалдын тобундагы тирилтилген майлангандар бүгүнкү күндө жердеги майлангандарга Кудайдын чындыктары жөнүндө маалымат бериши мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Бул абдан маанилүү, себеби Кудайдын жердеги майланган кызматчылары 1935-жылы эбегейсиз көп адамдардын ким экенин айкын түшүнүшкөн. Демек, ал маанилүү чындыкты ачып берүүгө 24 аксакалдын тобундагылардын бири колдонулса, анда ал 1935-жылга чейин же жок эле дегенде, ошол жылы тирилтилиши керек эле. Бул биринчи тирилүү 1914-жылдан 1935-жылга чейинки убакта башталганын көрсөтүүдө. Биринчи тирилүүнүн качан башталганына байланыштуу мындан да тагыраак жооп алууга мүмкүнбү?

12. Биринчи тирилүү 1918-жылы жазында башталышы мүмкүн деп эмнеден улам айтууга болорун түшүндүргүлө.

12 Тагыраак жооп алууга Ыйык Китептеги буга байланыштуу башка билдирүүлөрдү карап чыгуу да жардам бериши ыктымал. Ыйса Машайак Кудайдын Падышалыгынын болочок Падышасы катары б.з. 29-жылы күзүндө дайындалган. Андан үч жарым жыл өткөн соң, б.з. 33-жылы жазында, ал күчтүү рухий жаратуу катары тирилтилген. Эгер Ыйса 1914-жылы күзүндө такка отурса, анда анын майланган ишенимдүү жолдоочулары, үч жарым жылдан кийин, 1918-жылы жазында тирилтиле баштаган деп айтууга болобу? Кызыктуусу, ошондой да болушу мүмкүн. Ыйык Китепте бул жөнүндө айкын айтылбаса да, мындай ырастоо биринчи тирилүү Машайак такка отургандан көп өтпөй эле башталганын көрсөткөн аяттарга карама-каршы келбейт.

13. Биринчи тирилүү Ыйса такка отурганда эле башталган деп айтууга 1 Тесалоникалыктарга 4:15—17-аяттар кандайча жардам берет?

13 Пабыл мындай деген: «Теңирдин келишине чейин өлбөй тирүү жүргөн биз өлгөндөрдөн озуп кетпейбиз. Анткени буйрук берилгенде, башкы периштенин жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, Теңир Өзү асмандан түшүп келет. Адегенде Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар тирилишет. Андан кийин тирүү жүргөн биз алар менен бирге Теңир менен абада жолугушуу үчүн, булут үстүндө асманга көтөрүлөбүз. Ошентип, түбөлүккө Теңир менен болобуз» (1 Тесалоникалыктарга 4:15—17, «ҮН»). Грек тилиндеги түпнускада «Теңирдин келиши» деген сөздөр «Теңирдин катышуусу» деген маанини туюнтат. Бирок Пабылдын Машайактын катышуусунун аягы жөнүндө айтпаганына көңүл бурсаңар. Андыктан Машайактын катышуусуна чейин өлгөн майлангандар, анын катышуусу учурунда жерде жашап жаткан майлангандардан мурун тирилтилишмек. Бул биринчи тирилүү Машайак бийлик жүргүзө баштагандан тартып, азыр да улантылып жатканын билдирет (1 Корунттуктарга 15:23). Алардын баары бир убакта эмес, убакыттын өтүшү менен тирилтиле берген.

«Алардын ар бирине ак кийим берилди»

14. а) Аян китебинин 6-бөлүмүндөгү пайгамбарлыктар качан аткарыла баштаган? б) Аян 6:9да эмне сүрөттөлгөн?

14 Аян китебинин 6-бөлүмүндөгү далилдерди да карап чыгалы. Ал жерде Ыйса ак ат минген жеңүүчү Падыша катары сүрөттөлгөн (Аян 6:2). Ошондой эле согуштардын дүйнөлүк масштабда болору (Аян 6:4), ачарчылык кеңири кулач жаяры (Аян 6:5, 6), адамзатты айыккыс жугуштуу оорулар каптаары айтылган (Аян 6:8). Бул пайгамбарлыктар дүйнө жүзү боюнча 1914-жылдан тартып аткарыла баштаган. Бирок аткарылып жаткан дагы бир пайгамбарлык бар. Аян китебинде айтылган курмандык чалынуучу жайга көңүл бурсак. Ал жерде: «Мен курмандык чалынуучу жайдын алдынан Кудайдын сөзү үчүн жана өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү үчүн өлтүрүлгөн адамдардын жандарын көрдүм»,— делген (Аян 6:9). «Дененин жаны [же өмүрү] — каны»,— деп айтылат Ыйык Китепте. Андыктан курмандык чалынуучу жайдын алдындагы «жандар», ынталуулук, тайманбастык менен күбөлөндүргөнү үчүн өлтүрүлгөн Ыйсанын ишенимдүү кызматчыларынын төгүлгөн канын билдирет (Лебилер 17:11).

15, 16. Аян 6:10, 11-аяттар эмне үчүн биринчи тирилүүгө тиешелүү экенин түшүндүр.

15 Абылдын каны сыяктуу эле, азапкеч катары өлгөн Ыйсанын ошол жолдоочуларынын каны да адилеттүүлүктү талап кылып, «боздоп жатат» (Башталыш 4:10). «Алар үндөрүн бийик чыгарып, мындай деп кыйкырып жатышты: „Ыйык жана чыныгы Эгедер, качанкыга чейин сот жүргүзбөйсүң, качанкыга чейин биздин каныбыз үчүн жер үстүндө жашагандардан өч албайсың?“ Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: „Кызматташтарыңар менен бир туугандарыңар да силердей болуп өлтүрүлүп, белгиленген санды толуктаганга чейин дагы бир аз убакыт тынчтана тургула“,— деп айтылды» (Аян 6:10, 11).

16 Ак кийимдер курмандык чалынуучу жайдын алдында кан толгон көлчүктөргө берилиши мүмкүнбү? Жок. Ал кийимдер каны төгүлгөндөргө, курмандык чалынуучу жайдын алдындагыларга, берилген. Алар Ыйсанын ысмы үчүн өз өмүрүн курмандыкка берип, азыр рухий жаратуу катары тирилтилишкен. Муну кайдан билсек болот? Аян китебинин мындан мурунку бөлүмдөрүнөн: «Жеңген адам ак кийим киет. Мен анын ысымын өмүр китебинен өчүрбөйм»,— дегенди окуйбуз. Андан сырткары, 24 аксакалдын да «үстүлөрүнө ак кийим, баштарына алтын таажы кийип» отурганын эске алсак (Аян 3:5; 4:4). Демек, согуш, ачарчылык, жугуштуу оорулар башталгандан кийин, курмандык чалынуучу жайдын алдындагы каны төгүлгөн 144 000дин мүчөлөрү асманга тирилтилип, каймана мааниде ак кийим кийишкен.

17. Ак кийим алгандар кандай мааниде «бир аз убакытка тынчтана» турушу керек?

17 Тирилтилгендер «бир аз убакыт тынчтана турушу» керек. Алар Кудайдын өч ала турган күнүн чыдамдуулук менен күтүүгө тийиш. Себеби алардын «кызматташтары» — Ыйсанын жердеги майланган жолдоочулары — кыйынчылыктарга карабай өздөрүнүн берилгендигин көрсөтүшү зарыл. Кудай сот жүргүзө турган убак келгенде, тирилгендердин «тынчтана турган» убактысы аяктайт (Аян 7:3). Дал ошондо алар Ыйса Машайак менен бирге Кудайды тааныбагандарды, ошондой эле Ыйсанын бейкүнөө жолдоочуларынын канын төккөндөрдү жазалоого катышышат (2 Тесалоникалыктарга 1:7—10).

Биз үчүн кандай мааниге ээ?

18, 19. а) Биринчи тирилүү азыр болуп жатат деп эмненин негизинде айта аласың? б) Биринчи тирилүү жөнүндө алган түшүнүгүң сага кандай таасир этүүдө?

18 Кудай Сөзүндө биринчи тирилүүнүн качан башталганы так айтылбаса да, анын Ыйса бийлик жүргүзө баштаган убакка туш келерин айкын көрүүгө болот. Ыйса такка отурганга чейин өлгөн майлангандар биринчи болуп тирилүүгө тийиш. Ал эми Ыйса башкарып жаткан учурда өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактаган Ыйсанын майланган жолдоочулары «көз ачып-жумгуча», дароо эле күчтүү рухий жаратуу катары тирилтилишет (1 Корунттуктарга 15:52). Майлангандардын бардыгы Армагедонго чейин эле асман сыйлыгын алышабы? Биз аны билбейбиз. Бирок, Кудай белгилеген убакта, 144 000дин баары асмандагы Сион тоосунда турарын билебиз.

19 Ошондой эле 144 000дин көбү азыр Ыйса менен экени да маалым. Жерде алардын аз гана «калдыгы» бар. Бул Кудай сот жүргүзө турган мезгил тездик менен жакындап келатканынын айкын далили эмеспи?! Жакында Шайтандын дүйнөсү талкаланат. Андан кийин Шайтан туңгуюкка камалат. Ошондо жер үстүндө тирилүү башталат жана Кудайга ишенимдүүлүгүн сактаган адамдар Ыйсанын курмандыгынын негизинде Адам жоготкон жеткилеңдикке жетишет. Ошентип, Жахабанын Башталыш 3:15те жазылган пайгамбарлыгы кереметтүү түрдө аткарылат. Азыркы убакта жашап жатканыбыз биз үчүн кандай гана чоң сыймык!

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Машайактын 1914-жылы Падыша катары такка отурганына байланыштуу далилдерди Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» аттуу китептин 215—218-беттеринен табууга болот.

^ 10-абз. 24 аксакал асмандагы Ыйсанын майланган жолдоочулары экенин Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» (ор.) деген китептин 77-бетинен билүүгө болот.

Түшүндүрө аласыңарбы?

Төмөнкү аяттар «биринчи тирилүү» качан башталганын аныктоого кандайча жардам берет?

Аян 12:7; 17:14;

Аян 7:13, 14;

1 Корунттуктарга 15:23; 1 Тесалоникалыктарга 4:15—17;

Аян 6:2, 9—11.

[Изилдөө суроолору]