Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахабанын улуу күнү жакын»

«Жахабанын улуу күнү жакын»

«Жахабанын улуу күнү жакын»

«Жахабанын улуу күнү жакын, абдан жакын, абдан шашып келе жатат» (Сепания 1:14, «ЖД»).

1, 2. а) Ыйсанын жолдоочулары кайсы өзгөчө күндү күтүүдө? б) Кандай суроолорго жооп алышыбыз керек жана эмне үчүн?

КЫЗ үйлөнүү үлпөтү өткөрүлө турган күнүн кубаныч менен күтөт. Кошбойлуу келин перзентинин жарык дүйнөгө келер маалы жакындаган сайын, күн санай баштайт. Жумушунан чарчап-чаалыккан адам өргүүсүнүн эртерээк башталышын самайт. Бул адамдардын кандай жалпылыгы бар? Баары тең өзгөчө күндү — жашоосуна олуттуу таасир эте турган күндү — күтүүдө. Алар күчтүү, ошол эле учурда, бири-бириникинен айырмаланган сезимдерге чулганат. Акыр-аягы, алардын күткөн күнү келет, ошондуктан алар ага даяр болууну каалашат.

2 Анын сыңарындай, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары өзгөчө күндүн — Жахабанын улуу күнүнүн — келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышат (Ышайа 13:9; Жоел 2:1; 2 Петир 3:11, 12). Жахабанын күнү деген эмне жана анын келиши адамзатка кандай таасир этет? Ага даяр экенибизди кантип аныктай алабыз? Бул суроолорго жооп алуу азыр абдан маанилүү. Себеби Ыйык Китептин: «Жахабанын улуу күнү жакын, абдан жакын, абдан шашып келе жатат»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин далилдер тастыктап турат (Сепания 1:14, «ЖД»).

«Жахабанын улуу күнү»

3. «Жахабанын улуу күнү» деген эмне?

3 «Жахабанын улуу күнү» деген эмне? Ыйык Жазмадагы Жахабанын же «Теңирдин күнү» деген сөз айкашы Кудайдын душмандарын жазалап, улуу ысмын даңктаган өзгөчө убактарга байланыштуу колдонулган. Жүйүттүн жана Иерусалимдин ишенимсиз элинин, ошондой эле Бабыл менен Мисирдин зөөкүр тургундарынын үстүнөн Жахабанын өкүмдөрү ишке ашканда, аларга «Теңирдин күнү» келген (Ышайа 2:1, 10—12; 13:1—6; Жеремия 46:7—10). Бирок «Жахабанын улуу күнү» али алдыда. Ал «күн» — Жахаба өзүнүн ысмына тил тийгизгендерди жазага тарта турган күн. Ал «Улуу Бабылдын», жалган диндин дүйнөлүк империясынын, талкаланышы менен башталып, Шайтандын каардуу дүйнөсү Армагедон согушунда толугу менен жок кылынганда аяктайт (Аян 16:14, 16; 17:5, 15—17; 19:11—21).

4. Жахабанын тез жакындап келаткан күнүнөн адамдардын көбү эмне үчүн коркууга тийиш?

4 Ошол тез жакындап келаткан күндөн адамдардын көбү, ал күндүн маанисин түшүнөбү, жокпу, коркууга тийиш. Эмне үчүн? Себебин Жахаба Сепания пайгамбар аркылуу мындай деп түшүндүрөт: «Ал күн — каардын, кайгы менен кысымчылыктын, кыйроо менен бүлгүн-чапкындын, караңгы менен туңгуюктун, булут менен мунарыктын... күнү». Кандай гана коркунучтуу көрүнүш! Андан тышкары, пайгамбар айткандай, Жахаба: «Мен адамдарды кысымга алам... анткени алар Теңирге каршы күнөө кылышты»,— дейт (Сепания 1:15—17).

5. Эмне үчүн миллиондогондор Жахабанын күнүн чыдамсыздык менен күтүүдө?

5 Ал эми миллиондогон башка адамдар Жахабанын күнүн чыдамсыздык менен күтүүдө. Эмне себептен? Анткени алар ошол күнү адил адамдар боштондукка чыгып, куткарыларын, Жахаба даңазаланып, анын улуу ысмы ыйыкталарын билет (Жоел 3:16, 17; Сепания 3:12—17). Адам үчүн ал коркуп күтөр же чыдамсыздык менен күтөр убак болобу, көбүнчө анын азыр кандай жашоо өткөрүп жатканына көзкаранды. Сен ал күндүн жакындап келатканына кандай карайсың? Аны тосуп алууга даярсыңбы? Жахабанын күнүнүн келишине аз калганын билгениң күнүгө туура жашоо өткөрүүгө түрткү берип жатабы?

«Акыркы күндөрү... шылдыңчылдар келет»

6. «Теңирдин күнүнө» адамдардын көбү кандай карайт жана ага Кудайдын эли эмне үчүн таң калбайт?

6 Жагдайдын кескин иш-аракет кылууну талап кылып жатканына карабай, жер калкынын басымдуу бөлүгү «Теңирдин күнү» чукулдап калганын этибар албайт. Алар анын жакында келерин эскертип жаткандарды шылдыңдап күлүшөт. Буга Кудайдын эли эч таң калбайт. Анткени алар элчи Петирдин жазган эскертүүсүн билишет. Ал мындай деген: «Баарынан мурда, акыркы күндөрү өздөрүнүн дене кумарлары боюнча иш кылган шылдыңчылдар келерин билип койгула. Алар: „Анын келем деген убадасы кана? Ата-бабаларыбыздын деле көзү өтүп кетти, башында кандай болсо, азыр деле баары ошол бойдон“,— деп айтышат» (2 Петир 3:3, 4).

7. Убакыттын тардыгын унутпоого эмне жардам берет?

7 Бизге андай терс маанайга каршы туруп, убакыттын тардыгын унутпоого эмне жардам берет? Петир: «Силерди туура ой жүгүртүүгө чакырууга аракет кылдым. Ыйык пайгамбарлар аркылуу буга чейин айтылып келген сөздөрдү, Теңирдин жана Куткаруучунун элчилер аркылуу берген осуяттарын унутпооңорду каалайм»,— деп жазган (2 Петир 3:1, 2). Пайгамбарлык эскертүүлөргө кулак каксак, «туура ой жүгүртө» алабыз. Балким, биз андай эскертүүлөрдү көп ирет уккандырбыз, бирок азыр ошол эскертүүлөргө көңүл буруу болуп көрбөгөндөй маанилүү (Ышайа 34:1—4; Лука 21:34—36).

8. Эмне үчүн көптөр Ыйык Китептеги эскертүүлөрдү четке кагышат?

8 Эмне себептен айрымдар эскертүүлөрдү четке кагышат? Петир минтип кошумчалайт: «Ошондой ойлогондор асман менен жердин башында эле Кудай сөзү аркылуу суудан жана суу аркылуу жаратылганын билгилери келишпейт. Бирок байыркы дүйнө топон суу аркылуу жок болгон» (2 Петир 3:5, 6). Ооба, Жахабанын күнүнүн келишин каалабагандар бар. Алар кынык алып алган жашоо мүнөздөрүн эч нерсе бузушун каалабайт жана өзүмчүл жашоо өткөргөнү үчүн Жахабанын алдында жооптуу болгусу келбейт. Петир айткандай, алар «өздөрүнүн дене кумарлары боюнча» жашайт.

9. Нух менен Лоттун убагында адамдар кандай маанай чагылдырган?

9 Ал шылдыңчылдар Жахабанын мурун адамзаттын иштерине кийлигишкенин көңүлгө алгысы келбейт. Ыйса Машайак менен элчи Петир эки окуяны — «Нух пайгамбардын убагында» жана «Лоттун убагында» болгон окуяларды — айтып өткөн (Лука 17:26—30; 2 Петир 2:5—10). Топон суунун алдында жашагандар Нухтун эскертүүлөрүнө көңүл бурушкан эмес. Ошо сыяктуу эле, Содом менен Амор шаарлары талкаланарда да Лот болочок күйөө балдарына «тамашалап жаткандай көрүнгөн» (Башталыш 19:14).

10. Эскертүүлөргө кулак какпагандарга Жахаба кандай карайт?

10 Азыр да адамдардын маанайы ошондой. Бирок эскертүүлөргө кулак какпагандарга Жахаба кандай караарына көңүл бурсаңар: «Мен... өздөрүнүн ачыткысынын үстүндө отуруп алып, ичинен „Теңир жакшылык да, жамандык да кылбайт“ дегендерди жазалайм. Алардын байлыгы олжого кетет, үйлөрү ээн калат: үйлөрдү салышат, бирок ал үйлөрдө жашашпайт, жүзүмдүктөрдү отургузушат, бирок алардын шарабын ичишпейт» (Сепания 1:12, 13). Адамдар күндөлүк иштеринин артынан түшүп, «эл катары» жашоого умтула бериши ыктымал. Бирок алар канчалык жан үрөп иштешпесин, эмгегинин үзүрү узакка созулбайт. Эмне себептен? Анткени Жахабанын күнү күтүлбөгөн жерден келет. Ошондо топтогон байлыгы аларды куткара албайт (Сепания 1:18).

Ал күндү күт

11. Кайсы эскертүүнү акылыбызда бек сакташыбыз керек?

11 Биз тегерегибиздеги ыймансыз адамдардан айырмаланып, Хабакук пайгамбардын айткандарын акылыбызда бек сакташыбыз керек. Ал мындай деген: «Көрүнүш белгилүү бир мезгилге таандык, ал акыркы күн жөнүндө айтат, алдабайт. Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт [«кечикпейт», «ЖД»]» (Хабакук 2:3). Атүгүл, ал күн биздин жеткилеңсиз көзкарашыбыз боюнча создуктурулуп жаткандай сезилсе да, Жахаба убадасын кечиктирбей аткарарын унутпашыбыз зарыл. Анын күнү адамдар күтпөй турган убакта, туура өз убагында келет (Марк 13:33; 2 Петир 3:9, 10).

12. Ыйса айрымдарга байланыштуу кандай эскертүү берген, ал эми ишенимдүү шакирттери алардан эмнеси менен айырмаланган?

12 Жахабанын күнүн күтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп жатып, Ыйса шакирттеринин айрымдары да убакыттын тардыгын унутуп каларын эскертип өткөн. Ал алар жөнүндө мындай деген: «Кулу жаман чыгып, „Кожоюнум жакында келбейт“,— деп ойлоп, жолдошторун уруп-сабап, шарапкорлор менен ичип-жей баштаса, кулдун кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал ойлобогон убакта келет да, аны... жазалайт» (Матай 24:48—51). Ал эми ишенимдүү жана акылдуу кул тобу убакыттын тардыгын эч качан эстен чыгарган эмес. Алардын сергектигин сактап, даяр турушканын көргөн Ыйса «өзүнүн бүт мал-мүлкүн ал кулга ишенип тапшырган» (Матай 24:42—47).

Тезинен иш-аракет кылуунун зарылдыгы

13. Ыйса шашылыш иш-аракет кылуунун зарылдыгын кантип баса көрсөткөн?

13 Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларына тезинен иш-аракет кылуу маанилүү болгон. Алар «Иерусалимди аскерлер курчап алганын көргөндө», шаардан тез аранын ичинде качып чыгышы керек эле (Лука 21:20, 21). Ал окуя б.з. 66-жылы болгон. Ыйса: «Ким үйдүн үстүндө болсо, ал үйүнөн бир нерсе алуу үчүн түшпөсүн. Ким талаада болсо, ал кийимдерин алуу үчүн, артка кайтпасын»,— деген. Муну менен ал ошол убакта жолдоочуларынын токтоосуз чара көрүүгө тийиш экенин баса көрсөткөн (Матай 24:17, 18). Тарых тастыктап тургандай, Иерусалим ортодо дагы төрт жылча талкаланбай турган. Анда эмне себептен Ыйсанын жолдоочулары, анын айткандарына тил алып, тезинен — б.з. 66-жылы эле — шаардан чыгып кетүүгө тийиш болгон?

14, 15. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Иерусалимдин курчалганын көргөндө, эмне үчүн тезинен иш-аракет кылышы керек эле?

14 Ооба, Римдин аскери Иерусалимди б.з. 70-жылына чейин талкалаган эмес. А бирок ошол төрт жыл ичинде шаарда калуу өтө кооптуу болгон. Ал кезде зордук-зомбулук күч алып, киши өлтүрүү боло жүргөн ишке айланган. Бир тарыхчы ошол маалда Иерусалимде өкүм сүргөн абалды мындай деп баяндайт: «Канды суудай агызган жарандык согуш тутанып, аза бойду дүркүрөткөн мыкаачылыктар жасала баштаган». Жашыраак эркектер колуна курал алып, «мекенин коргош үчүн» аскерге чакырылган. Алар күнүгө аскердик машыгуулардан өтүп турушкан. Ал эми жалпы коомдун иш-аракеттерин колдобогондор чыккынчы катары каралчу. Эгер Ыйсанын жолдоочулары шаардан кетүүгө шашылбаса, өмүрүн чоң тобокелге салмак (Матай 26:52; Марк 12:17).

15 Эске аларлык нерсе, Ыйса Иерусалимдегилерди эле эмес, Жүйүт аймагындагыларды да качууга чакырган. Бул абдан маанилүү болгон, себеби Римдин аскерлери Иерусалимден чегинип кеткени менен, бир нече айдан кийин кайра кайтып келишкен. Адегенде б.з. 67-жылы Галилея басып алынган. Кийинки жылы Жүйүт жергесине таандык аймактар биринин артынан бири каратылып алына берген. Ошондуктан шаардын чет-жакасындагы айылдардын баары улуу кайгыга кабылган. Ал эми Иерусалимден качып чыгуу барган сайын оордой берген: шаардын дарбазалары катуу кайтарылган. Андан сырткары, өмүрүн сактап калууга далалат кылгандардын баары Рим тарапка өткүсү келгендер катары каралган.

16. Каргашалуу убакта аман калыш үчүн Ыйсанын алгачкы жолдоочулары эмне кылышы керек эле?

16 Булардын баарын эске алсак, биз Ыйсанын эмне үчүн токтоосуз иш-аракет кылуу зарыл экенин баса белгилегенин түшүнөбүз. Ыйсанын жолдоочулары өз кызыкчылыктарынан кечүүгө даяр болууга жана байлыктын артынан түшүүдөн сактанууга тийиш болчу. Алар Ыйсанын эскертүүлөрүнө кулак кагып, колунда «болгон нерсесинин баарынан баш тартууга» даяр турушу керек эле (Лука 14:33). Дароо тийиштүү иш-аракет кылып, Иордандын башка өйүзүнө качып кеткендердин баары куткарылган.

Убакыттын тардыгын эстен чыгарбоо

17. Убакыттын тардыгын эмне үчүн эстен чыгарбашыбыз керек?

17 Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардан биздин акыркы күндөрдүн акырында жашап жатканыбыз айкын көрүнүүдө. Азыр убакыттын тардыгын эстен чыгарбашыбыз өзгөчө маанилүү. Мисалы, тынч убакта, өмүрү кылдын учунда тургандай сезилбегендиктен, жоокер салгылаш жүрүп жаткан маалдагыдай даяр турбайт. Бирок салгылаш башталды деген белги күтүүсүздөн берилип калса, ал сергек, сак турбаганы үчүн өмүрүнөн ажырап калышы мүмкүн. Рухий жактан биз да ушундай жагдайда болуп калышыбыз ыктымал. Убакыттын тардыгын эстен чыгарып койсок, ар кандай «чабуулдардын» мизин кайтара албай калабыз жана Жахабанын күнүнүн келиши биз үчүн күтүлбөгөн окуя болот (Лука 21:36; 1 Тесалоникалыктарга 5:4). Эгер кимдир бирөөлөр «Теңирден баш тартып» кетишкен болсо, азыр аны кайра издөөнүн убагы (Сепания 1:3—6; 2 Тесалоникалыктарга 1:8, 9).

18, 19. Жахабанын күнүнүн келишин акылыбызда бек сактоого эмне жардам берет?

18 Элчи Петир бизди «Кудайдын күнүнүн келишин... күтүүгө» же акылыбызда бек сактоого чакырган. Ан үчүн эмне кылышыбыз керек? Биринчиден, «ыйык... такыбаа» жашоо өткөрүшүбүз керек (2 Петир 3:11, 12). Бул Жахабанын күнүн чыдамсыздык менен күтүүгө жардам берет. Жогорудагы аятта «күтүү» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «тездетүү» деген маанини туюнтат. Биз, албетте, Жахабанын күнүнүн келишин тездете албайбыз. Бирок ал күндү күтүп жатканда Кудайга кызмат кылуу менен алек боло берсек, убакыт батыраак өткөндөй сезилет (1 Корунттуктарга 15:58).

19 Кудай Сөзүнөн окугандарыбыз, андагы эскертүүлөр тууралуу ой жүгүртүү ал «күндүн келишин жан-дилибизден каалоого», «ар качан күтүүгө» өбөлгө түзөт (2 Петир 3:11, 12, «Инжил», Уилям Баркли). Бул эскертүүлөрдү камтыган бир катар пайгамбарлыктарда Жахабанын күнүнүн келиши жөнүндө айтылгандан сырткары, Теңирди күткөндөр сансыз бата алары да баса көрсөтүлгөн (Сепания 3:8).

20. Кайсы эскертүүнү жүрөгүбүзгө бекем түйүшүбүз керек?

20 Азыр ар бирибиз үчүн Сепания пайгамбардын чакырыгын жүрөгүбүзгө бекем түйүүнүн убагы. Ал мындай деген: «Силерди Теңирдин жалындуу каары каптаганга чейин, силерге Теңирдин катуу каары төгүлө турган күн келгенге чейин, өзүңөрдү изилдегиле! Жердеги бардык момундар, Теңирдин мыйзамдарын аткаргандар, Теңирди издегиле. Адилеттикти издегиле, момундукту издегиле. Балким, силер Теңирдин каары төгүлгөн күнү аман каларсыңар» (Сепания 2:2, 3).

21. 2007-жылы Кудайдын эли эмне кылууга чечкиндүү?

21 Ошондуктан 2007-жылга «Жахабанын улуу күнү жакын» деген аяттын жылдык аят катары тандалып алынышы кандай гана орундуу! Кудайдын эли ал күндүн «абдан жакын, абдан шашып келе жатканына» шектенбейт (Сепания 1:14). Ал күн кечикпейт (Хабакук 2:3). Эмесе келгиле, Жахабанын күнүн күтүү менен бирге, сергек болуп, кайсы убакта жашап жатканыбызды эстен чыгарбай, бул пайгамбарлыктардын акыркы аткарылышына аз эле убакыт калганын унутпайлы!

Жооп бере аласыңарбы?

• «Жахабанын улуу күнү» деген эмне?

• Көптөр убакыттын тардыгын эмне үчүн этибар албайт?

• Ыйсанын алгачкы жолдоочулары эмне себептен тезинен иш-аракет кылууга тийиш эле?

• Канткенде убакыттын тардыгын унутпайбыз?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Нухтун убагындагыдай эле, Жахабанын иш-аракет кылышы шылдыңчылдар үчүн күтүлбөгөн окуя болот

[10-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары «Иерусалимди аскерлер курчап алганын көргөндө», тез аранын ичинде качышкан