Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба адилеттикти орнотот

Жахаба адилеттикти орнотот

Жахаба адилеттикти орнотот

«Кудай Өзү тандап алган, Өзүнө күнү-түнү жалынган адамдарды коргобойбу [«тандалгандары үчүн адилеттикти орнотпой коёбу», «ЖД»]?» (Лука 18:7).

1. Кимдерди көргөндө ишенимиң бекемделет жана эмне үчүн?

ДҮЙНӨ жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү Кудайга көп жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткан ишенимдештери менен баарлашуудан чоң кубаныч алышат. Андай ишенимдүү биртуугандарды сен да билесиңби? Балким, чөмүлтүлгөнүнө көп жыл болгон, жыйналыш жолугушуусун дээрлик калтырбаган улгайган апа эсиңе түшөттүр. Же жашы өр тартып калса да, кабар айтуу кызматына ондогон жылдардан бери жума сайын жигердүү катышып жүргөн эркек биртууганды эстейттирсиң. Андай берилген биртуугандардын көбү жакында Армагедондун сөзсүз келерине бекем ишенет. Ооба, алар дагы деле адилетсиз дүйнөдө жашап жатканына карабай, Жахабанын убадаларына болгон ишенимин бекем сактоодо жана «акырына чейин чыдоого» чечкиндүү (Матай 24:13). Жахабанын ошондой берилген кызматчыларынын көрсөткөн терең ишеними жыйналыштагылардын баарын бекемдейт (Забур 146:11).

2. Кандай жагдай бизди капалантат?

2 Бирок кээде алардан кескин айырмалангандарды көрөбүз. Бир канча жылдар бою кызмат кылып келген айрым Күбөлөр ишеними бара-бара алсырап отуруп, акыры, Кудайдын эли менен байланышпай калган. Чогуу кызмат кылып жүргөн ишенимдештерибиз Жахабаны таштап кеткенде, биз, албетте, капаланабыз. Ошондуктан «жоголгон койлордун» ар бирине оторго кайтып келүүгө чын жүрөктөн жардам бергибиз келет (Забур 118:176; Римдиктерге 15:1). Анткен менен бизди төмөнкү эки айырмачылык ойлондурбай койбойт: эмне үчүн бирөөлөр ишенимде бекем турса, башкалары алсырап кетет? Көптөргө Жахабанын убадаларына болгон ишенимин сактоого эмне жардам берет? «Жахабанын улуу күнү» жакындап келатканын этибар албай калбоо үчүн ар бирибиз эмне кылсак болот? (Сепания 1:14, «ЖД»). Бул суроолорго жооп алыш үчүн Луканын Инжилинде камтылган бир көрсөтмөлүү мисалды талкуулап чыгалы.

«Адам Уулу келгенде» жашагандарга берилген эскертүү

3. Жесир аял менен сот жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдан өзгөчө кимдер пайда алышат жана эмне үчүн?

3 Лука 18-бөлүмдө Ыйсанын жесир аял менен сот жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалы жазылган. Ал мындан мурунку макалада талкууланган тажаткан дос жөнүндөгү мисалга окшош (Лука 11:5—13). Бирок жесир аял менен сот жөнүндөгү мисалдын алдындагы аяттар көрсөткөндөй, ал мисалдан, өзгөчө, «Адам Уулу» Падышалык бийлиги менен келген маалда жашап жаткандар пайда алат. «Адам Уулу» 1914-жылы келген (Лука 18:8) *.

4. Луканын 18-бөлүмүндөгү көрсөтмөлүү мисалды келтирер алдында Ыйса эмне тууралуу кеп кылган?

4 Көрсөтмөлүү мисал келтирер алдында Ыйса Падышалык бийлиги менен келгенинин далили «асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса», ошондой кеңири байкаларын айткан (Лука 17:24; 21:10, 29—33). Анткен менен «акыркы мезгилде» жашагандардын көбү ал ачык-айкын далилге көңүл бурбайт (Даниел 12:4). Эмне үчүн? Алар, Нухтун жана Лоттун күндөрүндө жашаган адамдардай болуп, Жахабанын эскертүүлөрүн кулагынын сыртынан кетиришет. Ал кездерде адамдар алаамат келгиче «ичип-жеп, соода-сатык жүргүзүп, жер иштетип, үй куруп өмүр сүрө» беришкен (Лука 17:26—29). Алар кадимки тиричиликке байланыштуу иштерге баш-оту менен кирип, Кудайдын эркин этибар албай коюшкандыктан, өмүрүнөн айрылышкан (Матай 24:39). Бүгүнкү күндө да адамдар, жалпы жонунан, күндөлүк иштер менен эле алек болуп, азыркы каардуу дүйнөнүн акыры жакындап келатканынын далилине көңүл бурушпайт (Лука 17:30).

5. а) Ыйсанын эскертүүсү кимдерге тиешелүү жана эмне үчүн? б) Айрымдардын ишеними эмнеден улам алсырап калган?

5 Ыйса атүгүл анын шакирттери да, Шайтандын дүйнөсүнүн таасирине алдырып, «буюмдарын алыш үчүн... артка кайрылышы» мүмкүн экенин айтып тынчсызданган (Лука 17:22, 31). Чын эле, азыр да чындык жолунан чыгып кеткендер бар. Алар бир канча жылдар бою Жахабанын каардуу дүйнөнү жок кылар маалын күтүп келишкен. Бирок Армагедон алар күткөн убакта келбегендиктен, ындыны сууп калган. Натыйжада Жахабанын сот күнүнүн жакында келерине болгон ишеними алсырай баштаган. Алар кызматын мурдагы жигердүүлүк менен аткарбай, бара-бара дүйнөгө таандык максаттардын артынан түшүп, рухий иштерге аз убакыт бөлүп калган (Лука 8:11, 13, 14). Өкүнүчтүүсү, убакыттын өтүшү менен алар «артка кайрылып» кеткен.

Дайыма тиленүүнүн зарылдыгы

6—8. а) Жесир аял менен сот жөнүндөгү мисалды айтып бергиле. б) Ыйса ал мисалды эмне үчүн колдонгон?

6 Жахабанын убадаларынын аткарыларына болгон ишенимибизди бек сактоо үчүн биз эмне кылсак болот? (Эврейлерге 3:14). Ыйса, шакирттерине Шайтандын каардуу дүйнөсүнө кайрылып кетпөөнү эскерткенден кийин, ушул өңдүү суроо берген.

7 Лука Ыйсанын «дайыма сыйынуу жана чөкпөө жөнүндө мындай үлгү-насаат аңгеме айтып бергенин» жазган. «Бир шаарда,— дейт Ыйса,— Кудайдан коркпогон, адамдардан уялбаган сот болуптур. Ошол эле шаарда бир жесир аял бар экен. Аял сотко кайра-кайра келип: „Менин каршылашымдан корго“,— деп өтүнөт. Бирок сот көпкө чейин анын өтүнүчүн аткаргысы келбейт. Акыры ал өз ичинен: „Кудайдан коркпосом да, элден уялбасам да, бул жесир аял мага тынчтык бербегендиктен, аны коргоюн. Ал келе берип, мени тажатпасын“,— дейт».

8 Бул мисалды айтып бергенден кийин, Ыйса аны эмне үчүн колдонгонун минтип түшүндүрөт: «Адилетсиз соттун эмне дегенин уктуңарбы? Кудай Өзү тандап алган, Өзүнө күнү-түнү жалынган адамдарды коргобойбу [«тандалгандары үчүн адилеттикти орнотпой коёбу», «ЖД»]? Создуктурса да, аларды коргойт. Силерге айтып коёюн, аларды тез эле коргоого алат [«алар үчүн адилеттикти орнотууга шашат», «ЖД»]. Бирок Адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним таба алар бекен?» (Лука 18:1—8).

«Каршылашымдан корго»

9. Жесир аял менен сот жөнүндөгү мисалда кандай ой баса белгиленген?

9 Бул көркөм мисалдагы негизги ой эки каармандын сөзүнөн да, Ыйсанын айткандарынан да айкын көрүнүп турат. Жесир аял: «Каршылашымдан корго», — деп жалбарышы менен адилеттиктин орнотулушун каалаарын көрсөткөн. Ал эми сот: «Коргоюн»,— деген, демек, адилеттикти орнотууга макул болгон. Ыйса болсо: «Кудай... коргобойбу?» — деген суроосу аркылуу Кудайдын адилеттикти сөзсүз орноторун жана аны ишке ашырууга шашарын баса белгилеген (Лука 18:3, 5, 7, 8). Анда Жахаба адилеттикти качан орнотот?

10. а) Биринчи кылымда адилеттик качан орнотулган? б) Кудайдын азыркы кызматчылары үчүн адилеттик качан жана кантип орнотулат?

10 Биринчи кылымда, б.з. 70-жылы, Иерусалим менен анын ийбадатканасы талкаланганда «элди жазалай турган күндөр» келген (Лука 21:22). Бүгүн Кудайдын эли үчүн адилеттик «Жахабанын улуу күнүндө» орнотулат (Сепания 1:14, «ЖД»; Матай 24:21). Ал маалда Жахаба «Кудайды тааныбагандарды жана... Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди [Ыйса аркылуу] жазалап», элин «кордогондорго... кордук көрсөтөт» (2 Тесалоникалыктарга 1:6—8; Римдиктерге 12:19).

11. Жахаба адилеттикти орнотууга кандайча «шашат»?

11 Ыйсанын Жахаба адилеттикти орнотууга «шашат» деген ынандыруусун кантип түшүнүшүбүз керек? Кудайдын Сөзүндө Жахаба «көпкө чыдаса» да, маалы келгенде адилеттикти тез эле орнотуп коёру көрсөтүлөт (Лука 18:7, 8; 2 Петир 3:9, 10). Нухтун убагында Топон суу каптап келгенде ыймансыздар токтоосуз түрдө жок кылынган. Ошол эле өңдүү, Лоттун убагындагы бузуку адамдар асмандан от жааганда кырылып, жок болушкан. Ыйса: «Адам Уулу келген күнү да ошондой болот»,— деген (Лука 17:27—30). Бул ирет да ыймансыздар «күтүлбөгөн жерден өлүмгө дуушар болушат» (1 Тесалоникалыктарга 5:2, 3). Ошондуктан Жахаба Шайтандын дүйнөсүнө адилеттик талап кылгандан бир күн да ашык өкүм сүрүүгө жол бербейт. Биз буга толук ишенсек болот.

Жахаба адилеттикти орнотот

12, 13. а) Сот менен жесир аял жөнүндөгү мисалдан эмнени билебиз? б) Жахаба тиленүүлөрүбүздү угарына жана адилеттикти орноторуна эмне үчүн шектенбейбиз?

12 Ыйсанын жесир аял менен сот жөнүндөгү мисалы дагы башка маанилүү жактарды ачып берет. Ал мисалды келтирген себебин түшүндүрүп Ыйса: «Адилетсиз соттун эмне дегенин уктуңарбы? Кудай өзү тандап алган... адамдарды коргобойбу?» — деп сураган. Албетте, Ыйса ал мисалы менен Жахабаны ага ишеним арткандарга адилетсиз соттой мамиле кылат дегиси келген эмес. Кайра, жолдоочуларына ал сот менен Жахабанын абдан айырмаланарын көрсөткөн. Алар эмнеси менен айырмаланат?

13 Ыйса айткан сот киши «адилетсиз» болгон, ал эми «Кудай — адилеттүү сот» (Забур 7:12; 32:5). Сот келген аялдын жагдайына эч кандай кызыгуу көрсөткөн эмес, Жахаба болсо ар бир адамга жекече кызыгуу көрсөтөт (2 Жылнаама 6:29, 30). Сот киши жесирге жардам бергиси келген эмес, Жахаба болсо кызматчыларына жардам берүүгө даяр, ал эмес, дилгир (Ышайа 30:18, 19). Мындан биз эмнени билебиз? Адилетсиз сот жесирдин өтүнүчүн угуп, ишин адилет карап берсе, Жахаба өз элинин тиленүүсүн андан бетер укпайбы да, алар үчүн адилеттикти сөзсүз орнотуп бербейби?! (Накыл сөздөр 15:29).

14. Кудайдын сот күнүнүн жакындап келатканына эмне үчүн ишенбей калбашыбыз керек?

14 Ошондуктан Кудайдын сот күнүнүн келерине ишенбей калгандар олуттуу ката кетирет. Эмне үчүн? «Жахабанын улуу күнү» жакындап келатканына ишенбей калышы менен алар, чынында, Анын берген убадаларын сөзсүз аткарарына шектенерин көрсөтүшөт. Бирок Кудайдын ишенимдүү экенине шектенүүгө эч кимибиз акысызбыз (Аюб 9:12). Андыктан өзүбүзгө: «Мен да ишенимдүү бойдон каламбы?» — деген суроо беришибиз орундуу. Ыйса да жесир аял менен сот жөнүндөгү мисалынын аягында ошондой суроо көтөргөн.

«Жер үстүнөн ишеним таба алар бекен?»

15. а) Ыйса кандай суроо берген жана эмне үчүн? б) Биз эмне жөнүндө ойлонушубуз керек?

15 Ыйса мындай кызыктуу суроо берет: «Адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним [«ошондой ишеним», «ЖД», шилтеме] таба алар бекен?» (Лука 18:8). «Ошондой ишеним» деген сөз айкашы Ыйсанын жалпы эле ишенимди эмес, өзгөчө — жесир аялдыкындай — ишенимди айтканын көрсөтөт. Ыйса суроосун жоопсуз калтырган. Муну менен ал шакирттерине өз ишениминин сапаты тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү бергиси келген. Чын эле, алардын ишеними алсырап отуруп, мурдагы калтырган нерселерине кайрылып баруу коркунучу пайда болгонбу? Же алар жесир аялдыкындай ишенимге ээ беле? Бүгүнкү күндө биз дагы: «„Адам Уулу“ менин жүрөгүмдөн кандай ишеним табат?» — деп ойлонуп көрүүгө тийишпиз.

16. Жесир аял кандай ишенимге ээ болгон?

16 Кудайдын адилеттикти орнотконун өз көзү менен көрө тургандардын арасында болгубуз келсе, биз жесир аялдыкындай ишенимге ээ болууга тийишпиз. Анын ишеними эмнеси менен өзгөчөлөнгөн? Аял ишениминен жазбай, сотко кайра-кайра келип: «Менин каршылашымдан корго»,— дей берген. Ал адилетсиз соттон адилеттикти орнотуп берүүнү сурагандан чарчаган эмес. Ошол сыяктуу, Кудайдын кызматчылары да азыр Жахабанын адилеттикти орнотор убагы келерине, аны өзүлөрү ойлогондон көбүрөөк күтүүгө туура келсе да, эч шектенбесе болот. Мындан сырткары, алар Кудайдын убадаларынын аткарыларына болгон ишенимин талыкпай тиленүү, Жахабага «күнү-түнү жалынуу» менен көрсөтүшөт (Лука 18:7). Чынында, адилеттиктин орнотулушун сурап тиленбей калган ишенимдешибиз Жахабанын өз кызматчыларынын жыргалчылыгы үчүн иш-аракет кыларына ишенбээрин билдирет.

17. Талыкпай тиленүүгө жана Жахабанын сот күнүнүн келерине болгон ишенимибизди бек сактоого кандай негиздер бар?

17 Жесир аялдын өзгөчө жагдайынан бизде талыкпай тиленүүгө орчундуу негиздер бар экени көрүнүп турат. Анын жагдайы менен биздин жагдайды салыштырып көрөлү. Жесир аял сотко, эч ким үндөбөсө да, бара берген. Ал эми Кудайдын Сөзү бизди «туруктуулук менен сыйынууга» же тиленүүгө көп ирет чакырат (Римдиктерге 12:12). Жесир аял өтүнүчүнүн орундатыларына толук ишенимдүү боло алган эмес. Ал эми Жахаба бизди адилеттикти орноторуна ынандырат. Өзүнүн пайгамбары аркылуу ал мындай деген: «Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт» (Хабакук 2:3; Забур 96:10). Жесирдин сотко, сөзү өтүмдүү болуш үчүн, жанына коштоп барар эч кими болгон эмес. Биздин болсо күчтүү жардамчыбыз бар. Ал — «Кудайдын оң жагында отурган... биз үчүн арачылык кылган» Ыйса (Римдиктерге 8:34; Эврейлерге 7:25). Жесир аял, жагдайы оңой эместигине карабай, соттон, ишин адилет карап берерине үмүттөнүп, жалынып жардам сурай берсе, анда биз Жахабанын сот күнү сөзсүз келип, адилеттик орнооруна болгон ишенимибизди бек сактоого ого бетер чечкиндүү болушубуз керек эмеспи?!

18. Тиленүү ишенимибизди канткенде бекемдейт жана адилеттиктин орнотулушун канткенде көрөбүз?

18 Жесир аял жөнүндөгү мисалда тиленүү менен ишенимдин тыгыз байланышта экени жана талыкпай тилене берсек, ишенимибизди алсыратуучу таасирлерге каршы тура аларыбыз көрсөтүлөт. Бирок тиленүү менен гана ишенимибизди сактап калабыз деп ойлоо — жаңылыштык (Матай 6:7, 8). Биз толугу менен Кудайдан көзкаранды экенибизди түшүнүп тиленгенибизде гана Кудайга жакындап, ишенимибиз бекемделет. Куткарылуу үчүн ишеним талап кылынат, ошон үчүн Ыйса шакирттерин «дайыма сыйынууга жана чөкпөөгө» чакырган (Лука 18:1; 2 Тесалоникалыктарга 3:13). «Жахабанын улуу күнүнүн» келиши, албетте, биздин тиленүүлөрүбүзгө көзкаранды эмес: ал күн тиленсек да, тиленбесек да келет. Бирок Кудайдын адилеттикти орнотконун өз көзүбүз менен көрөр-көрбөөрүбүз, анын согушунда аман калар-калбаарыбыз ишенимибизге жана тиленүү менен чындык жолунда жүрүшүбүзгө көзкаранды экени шексиз.

19. Кудайдын адилеттикти орноторуна толук ишенерибизди кантип далилдейбиз?

19 Жогоруда айтылгандай, Ыйса: «Адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним [ошондой ишеним] таба алар бекен?» — деп сураган. Бул суроого кандай жооп чыгат? Учурда Жахабанын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ишенимдүү кызматчылары тиленүүсү, чыдамдуулугу жана туруктуулугу менен ошондой ишенимге ээ экенин далилдешүүдө. Андыктан Ыйсанын суроосуна «ооба» деп жооп берүүгө болот. Шайтандын дүйнөсү ар тараптан адилетсиздик көрсөтүп жатса да, биз Кудайдын тандап алгандары үчүн адилеттикти орноторуна толук ишенебиз.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бул көрсөтмөлүү мисалдын канчалык маанилүү экенин толук түшүнүү үчүн Лука 17:22—33-аяттарды окуп чыккыла. Лука 18:8деги суроону түшүнүүгө Лука 17:22, 24, 30-аяттардагы «Адам Уулу» жөнүндөгү маалымат жардам берет.

Эсиңердеби?

• Ыйсанын жолдоочуларынын айрымдарынын ишеними эмнеден улам алсырап калган?

• Жахабанын сот күнү келерине эмне үчүн шектенбесек болот?

• Талыкпай тиленүүгө кандай негиздер бар?

• Талыкпай тиленүү ишенимибизди бек сактоого кандайча жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Учурда миллиондогондор Кудайдын адилеттикти орноторуна бекем ишенишет